Go to full page →

Кудай Мыйзамы Байыркы Осуят УК 402

Менин алдымда башка кудайларың болбосун. УК 402.2

Асмандагынын, жердегинин жана жерден төмөн суудагынын эч нерсесин сүрөттөп, жасалма кудай жасаба. УК 402.3

Аларга жүгүнбө да кызмат кылба; анткени Теңир, сенин Кудайың Мен. Мени жек көргөндөрдүн балдарын, аталарынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын, УК 402.4

Жана Мени сүйгөндөр менен Менин Осуяттарымды сактагандардын миңинчи муунуна чейин ырайым кылуучумун. УК 402.5

Теңириндин, Өз Кудайыңдын атын жөн эле атай бербе; анткени курулай эле Анын Атын чакыргандарды Теңир жазасыз калтырбайт. УК 402.6

Ыйык кармап, ишемби күндү эсте. УК 402.7

Алты күн иштеп бардык жумушунду бүткөр. УК 402.8

Ал эми жетинчи күн-Теңириндин, Кудайыңдын ишемби күнү; ал күнү өзүң да, балаң да, кызың да, күлүң да, күңүң да, малың да, үй үндө жүргөн келгин да эч жумуш кылбасын. УК 402.9

Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн; ал эми жетинчи күнү тыныгып эс алган. Ошондуктан, Теңир ишемби күндү алкап ыйык кылып койгон. УК 403.1

Теңириң, Өз Кудайың, сага арнаган жердеги жашоо күндөрүң узак болсун үчүн, атаң менен энеңди сыйлап эскере жүр. УК 403.2

Киши өлтүрбө. УК 403.3

Бузуктук кылба. УК 403.4

Уурдаба. УК 403.5

Жакын кишиңе жалаа жаап, жалган күбөгө өтпө. УК 403.6

Жакын кишиңдин үйүнө көз артпа; жакын кишиңдин аялын, кyлyн, күңүн, өгүзүн, эшегин, жакыныңда эмне болсо, эңсеп ачкөздүк кылба. УК 403.7

2 Муса. 20:3-17 УК 403.8