Go to full page →

Кудай Мыйзамы Жаңы Осуят УК 403

“Кудай Теңириңе табын да жалгыз Ага кызмат кыл” Мф. 4:10 УК 403.9

“Балдарым! Өзүңөрдү буркандардан сактагыла”. “Демек, биз Кудайдын тукумунан бoлyп, Кудай, адамдын чеберлиги жана ойлоп тапканы менен кебете - кешпир алган алтын, күмүш, же ташка окшош деп эсептегенибиз болбойт. 1 Ин. 5:21; Ап. Иш. 17:29 УК 403.10

“... Кудайдын Атын жана анын үйрөтүүсүн жамандоо болбосун”. 1 Тим. 6:1 УК 403.11

“Качуу күнүңөр кышында же ишемби күнү болбосун деп сыйынгыла”. Мф. 24:20 УК 403.12

“Ишемби күн адам үчүн, ал эми адам ишемби күн үчүн жаралган эмес; ошондуктан Адам Уулу ишембинин дагы Мырзасы”. Мк. 2:27,28 УК 403.13

“Анткени, жетинчи күн жөнүндө бир жерде мындай деп айтылган: “Өзүнүн бардык иштеген ишинен Кудай жетинчи күнү эс алды”... Ошондуктан, Кудайдын эли үчүн ишемби тынчтыгы алдыда калып жатат. Анткени, Кудай Өзүнүн иштеринен эс алгандай, ким Анын тынчтыгына кирсе, ал өзүнүн иштеринен эс алат”. Евр. 4:4,9,10 УК 403.14

“Анткени, Ал аркылуу баары жаратылган, Асмандагысы да, жердегиси да” Кол. 1:16 УК 403.15

“Атаң менен энеңди сыйла” Мф. 19:19 УК 403.16

“Өлтүрбө” Рим. 13:9 УК 403.17

“Бузукулук кылба” Мф. 19:18 УК 403.18

“Уурдаба” Рим. 13:9 УК 403.19

“Жалган күбөгө өтпө” Рим. 13:9 УК 403.20

“Ач көз болбо” Рим. 7:7 УК 403.21