Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    13 Бап — Нидерланддагы Жана Скандинавиядагы Реформация

    Нидерландияда папалык бийликке каршы, чечкиндүү протест жарыялоону, эрте баштаган. Лютерден 700жыл мурда эле, эки епископ папага кайраттуулук менен каршы чыгат, алар Римде бoлyy менен, “касиеттүү тактыда” отургандын, чынында ким экендигин, жана анын чыныгы сапатын көрүшкөн. “Кудай Өз Жыйынын түбөлүккө бекиткен; Аны Өзүнүн колуктусу жана падыша айымы кылып алды; Ал ага таажы кийгизип, колуна бийлик таягын берген... ал эми сен, ууру сыяктуу, бул бийликти өзүң менчиктеп алдың. Сен ибадатканада Кудай сыяктуу отурасың; сен өз үйурүңө койчуман болгондун ордуна, койлордун арасындагы карышкыр сыяктуу болдуң... сен өзүңдү бизге ишенимдүү епископ катары көргөзгүң келет, бирок өзүңдү, бийликти күч менен тартып алган адам сыяктуу көргөзөсүң... Сен өзү айткандай, кызматчылардын кызматчысы болушуң керек, бирок мырзалардын мырзасы болгуң келет... Сен Кудайдын көрсөтмөлөрүн жек көрөсүң... Ыйык Рух, жер үстүндөгү бардык жыйындарды жаратат... Биз тургундары бoлyп саналган, Кудай Шаары, асманга чейин жетип турат; Ал Шаар, пайгамбарлар Вавилон деп атаган шаардан чоң; ал өзүн Кудайдаймын деп эсептейт, жана ал Асманга чейин өзүн көтөргөндүктөн, өз даанышмандыгына мактанат, жана мындай кылууга, эч кандай укугу жок богондугуна карабайт, мен эч качан жаңылбайм, жана жаңылган эмесмин, деп эсептейт” 207Герард Брандт, “Кичи мамлекеттердеги Реформациянын тарыхы”, 1-китеп, 6-бет..УК 218.1

    Ушул айтылган протестерди, кылымдардан - кылымдарга жаңы адамдар кайталап, айтып келишкен. Ар - кандай ат менен таанылган, жана көп деген мамлекетти ысымдары кыдырып чыккан бул биринчи окутуучулар, валдендик миссионерлердин рухунда эмгектенген, бардык жерге чындыкты насаатташып, жана Нидерландияга чейин барышкан. Алардын окутуусу бат эле таратылып кетти. Алар валдендиктердин тилинен, Ыйык Жазууну голландиялыктардын тилине которушту, «жана бул, көп сандаган адамдарга көптөгөн пайда алып келет дешкен. Анткени бул Китепте эч кандай жеңил ойлуулук, эч кандай тамсил, тамаша, шылдың, куйтулук жок, бирок бир гана чын-дыктын Сөздөрү бар эле; албетте мында дагы өзүнүн татаалдыктары кездешет, бирок баардык корутундусу, жакшылыкка жана ыйыктыкка үйрөтүп, ар бир адам үчүн жеткиликтүү»208ошол эле жерде, 1-китеп, 14-бет.. Байыркы ишенимдин доcтору XII - кылымда, ушинтип жазышкан.УК 218.2

    Куугунтуктар башталды, бирок кыйнаганга, жана отко жакканга карабаcтан, чындыкка ишенгендердин саны улумданулам көбөйө берди. Жана алар, диний суроолор боюнча, кынтыксыз авторитет, бир гана Мукаддас деп, баса белгилешкен, жана “бир дагы адамды мажбулап ишендирүү мүмкүн эмес, бирок насаат айтуу менен гана, ишенимге келтирсе болот” 209Мартин, 2-том, 87-бет..УК 219.1

    Лютердин окутуулары. Нидерландияда жакшы топурактарды тапты, жана ал жакта, Жакшы Кабарды таратуу үчүн, ачык айкын жана ишенимдүү анын жактоочулары табылган. Менно Симонс Голландиянын бир аймагынын тургуну эле. Римдик - католиктик чиркөөнүн ишенимине ишенимдүү, жана кол коюлуп сыйынган насаатчы болгондуктан, ал Мукаддасты билген дагы эмес, жана окугусу дагы келген жок, анткени Аны окусам, жалгандыктын торуна кабылып калам, деп чоочулаган. Качан ал, сөздөрдү жүзөгө ашыруу жөнүндөгү суроого келип кадалганда, булар шайтандан келип жаткан ойлор деп, мындай ойлордон сыйынып, жана тoбo келтирип кутулууга болот, деп ойлогон. Бирок мунун бардыгы куру бекер убара болуучу. Бир нече убакыттар өткөндөн кийин, ал Жаңы Осуятты жана Лютердин кол жазмаларын окуп көрөт, жана жыйынтыгында, реформатордук ишенимди кабыл алган. Дагы бир жолу, ал бир кишинин жазасына күбө болот, ал кишини, кайрадан чөмүлүү алгандыгы үчүн гана башын кесип салышкан. Бул көрүнyш, ага кайрадан Ыйык Жазууну карап, жаш балдарды сууга чөмүлдүрүү жөнүндө, изилдөөгө түрткү болду. Ыйык Жазуудан, жаш балдарды сууга чөмүлдүрүү жөнүндө бир дагы далил табылган жок, тескерисинче, чөмүлдүрүлүү алуу үчүн, тoбo кылуу жана ишеним талап кылына тургандыгы айтылгандыгына ал толук түшүндү.УК 219.2

    Менно Рим чиркөөсүн таштап кетти, жана өзүнүн калган өмүрүн, өзү кабыл алган чындыктарды таратууга арнаган. Германияда дагы, Нидерландияда дагы, түшүнүгү жок тополоң чыгара турган, коомчулуктyн бекемдигин бузуп, заалимдикке жана тынчсыздыкка алып келүүчү окутууларды тараткан, фанатиктер аз эмес болуучу. Бул кыймылдын акыры, жамандыкка алып келээрин Менно жакшы түшүнгөн, жана бул жалган oй жүгүрткөн, фанатиктердин маданиятсыз пландарына карата, ал жигердүүлүк менен, күрөш жүргүздү. Көп деген адамдар бул тополоң салган окутууларга, алды менен ишенишкен, акыры өздөрүн өлүмгө алып баруучу адашуудан баш тартышты. Андан тышкаары, байыркы христиандардын жолун жолдогон адамдар дагы болушкан, алар валдендердин тукумдарынан эле. Менно өз ишин ушул адамдардын арасында баштайт, - жана анын иштери чоң ийгиликке жетишкен.УК 219.3

    Ал өзүнүн жубайы жана балдары менен, кыйынчылыктарды жана жокчулукту баштарынан өткөрүп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жыйырма беш жыл саякаттап жүргөн. Ал түгөл Нидeрландияны жана түндүк Германияны кыдырып, жөнөкөй адамдардын арасында көбүрөөк эмгектенген, жана аларга алыска бара турган таасир калтырган. Менно бал тилдүү болгондуктан, жана көп сандаган билимге ээ болбосо дагы, ак ниет, боорукер жана сезгич адам болгон. Бул өтө олуттуу жана чыныгы таакыба адам болуучу, ал адамдарды окуткан чындыктарды, өз өмүрүндө колдоно билген, ошндуктан көп деген адамдардын ишенимине кире алган. Анын жолдоочулары, ар - кайсыл жакка тарашып, көптөгөн кыйынчылыкка дуушар болушкан. Аларды фанатик — мюнстериттер менен чаташтыргандыктан, алар көбүрөөк жапа чегишкен.УК 220.1

    Нидерландияда башка өлкөлөрдө болбогондой катуу куугунтукка карабастан, чындык кабыл алынгандай, эч жерде реформатордук кыймыл жалпы кабыл алынган эмес. Германияда Карл V Реформацияга тыюу салган, жана анын жолдоочуларынын баарын отко жагып жок кылмак, бирок Германиянын төрөлөрү кайраттуулук жана эр жүрөктүүлүк менен бул бийликке каршы турушкан. Ал эми Нидерландияда анын бийлиги күчтүүрөк болгон, жана ал жакта куугунтуктоо жана эзүү үчүн буйруктар, токтолбостон чыгып турган. Мукаддасты окуу, жана Аны насааттоо, жана ал жөнүндө айтуу, ушунун баары өзүңө отко жагылып өлүүчү өлүмдү алып келүү бoлyп эсептелген. Кудайга сүрөттөр тартылбаган жерлерде сыйынуу, Кудайды даңктап ырдоо, - булар дагы өлүмгө татыктуу кылмыштар бoлyп саналган. Ушундай нерселерди жасап, жана өз кылган нерселеринен баш тартып өкүнгөн болсо дагы, баары бир өмүрүнөн ажыратышкан. Эркек адамдарды, башын кылыч менен алып ташташса, аялдарды тирүүлөй жерге көмүшкөн. Карл Vнин жана Филиппа IIнин падышалык кылган мезгилинде, миндеген адамдар өлүмгө берилген.УК 220.2

    Бир жолу инквизициянын алдына бир үй - бүлөнү алып келишти, аларды жол — жобо эрежелерине катышпай, үйүндө сыйынгандыктары жөнүндө айыпташкан. Качан, уй - бүлөсүндө бoлyп жаткан Кудайга кызмат кылуулары жөнүндө, уй - бүлө мүчөсүнүн эң эле кичинекей мүчөсүнөн сурашканда, ал бала митип жооп берген: “Биз тизелеп отуруп алып, Кудай биздин акылыбызды тазалап, күнөөлөрүбүздү кечире көрсүн деп сыйынабыз; биз өзүбүздүн падышабыз үчүн дагы, анын башкаруусунда жакшылык бoлyп, өзү бактылуу болсун деп сыйынабыз; биз өзүбүздүн шаар башчыларыбыз үчүн дагы, аларды Кудай колдосун деп сыйынабыз” 210Уайли, 18-китеп, 6-бап.. Ушул сөздөр көп деген казыларды ойго салды, бирок акырында, ушул кичинекей баланын атасын, жана бир агасын, өрттөп өлтүрүүгө тапшырышкан.УК 220.3

    Куугунтуктоочулардын каары, ишенүүчүлөрдүн ишеними менен бирдей бoлyп турду. Бир гана эркек адамдар эмес, бирок назик аялдар жана жаш селкилер дагы, солкулдагыс каармандык көргөзө алышкан. “Айымдар, жалындын ичинде күйүп жаткан өз жубайларынын жанынан алыc кетишпей, кубаттаган сөздөрдү айтышып, же даңктоо ырын ырдашып, аларды кубатташкан”. Тирүүлөй жерге көөп салышкан жаш селкилер, өз уктоочу бөлмөсүнө жаткан сыяктуу, өздөрүн алып турушту; Баш кесе турган секичеге, же өрттөп өлтүрө тyр-ган жайларга чыгып бара жытышкандар, өздөрүнүн эң эле жакшы кийимдерин кийинишип, өлүмгө эмес, бирок куткарылуу таажысын алууга бара жаткандай, өздөрүн көргөзүшкөн” 211ошол эле жерде..УК 221.1

    “Ошол кездердегидей эле, бyтпарастар дагы Жакшы Кабарды жок кылууга аракеттенгенде, христиандардын төгүлгөн кандары, касиеттүү урөөн болгон” 212Тертуллиан, “Апология”, пар 50.. Куугунтук, чындык жөнүндө күбөлөндүргөн адамдардын санын улумдан - улам өстүрүп турду. Па-палык бийликти, жылдан - жылга, адамдардын токтолбогон кайраттуулугу, ачуусун келтирип, өзүнүн коркунучтуу иштерин улантууну күчөткөн, бирок ушунун бардыгында, эч кандай натыйжа чыгара алган жок. Акырында, адилеттүү Вильгельм Оранскийдин жетектөөсү менен болгон, элдик революциядан кийин, Голландия Кудайга кызмат кылууга эркиндик алган.УК 221.2

    Франциянын түздүгүндө, жана Голландиянын жээктеринде жайгашкан, Пьемонта тоолорунда, Жакшы Кабар таратууда, анын шакирттеринин каны төгүлгөн. Бирок түндүк мамлекеттерде Жакшы Кабар, тынчтык жол менен жеңишке жетишкен. Скандинавияда реформаторлордун ишенимин, Виттенбергден өз үйлөрүнө кетип бара жаткан студенттер алып келишкен. Лютердин жазган кол жазмалары дагы, жарык таратууда өзүнүн чоң салымын кошкон. Түндүктүн жөнөкөй жана чыйраак адамдары, өмүр берүүчү Мукаддастын таза окутууларын кабыл алуу үчүн, римдин ырым - жырымга толгон, шаан - шөкөттүү бузулган окутууларынан баш тартышты.УК 221.3

    “Даниянын реформатору” Таузен, карапайым адамдардын үйбүлөсүндө туулган. Бул бала, кичинесинен жөндөмдүү болгон; ал билим алууну абдан самаган, бирок анын ата-энеси анын окуусуна төлөгөнгө каражаты болгон эмес, ошондуктан ага монастырга кирүүгө туура келген. Баланын терең түшүнүүсү, тырышчаактыгы жана акниеттиги, монастырьдын башчысына жагып калат. Билим текшерүүдө, ал келечекте чиркөөгө пайдасын тийгизе турган, өз таланттуулугун көргөзөт. Жана ага Германиядагы же Нидерландиядагы бир университете, билим берүү үчүн чечим кабыл алынган. Жана жаш студентке кайсыл жерде окуй тургандыгын өзү тандап алуусун сунушташкан, бирок алардын бир гана сунушу, Виттенбергден башкасын тандоо болду. Болочоктогу Кудай Сөзүн талкуулоочу адамга, жалган окутууларды кабыл алган жерлерден алыc бoлyy зарыл, - дешип монахтар кеңеш беришет.УК 221.4

    Таузен окуу үчүн Кельнге сапар тартты, ал мезгилде жана азыркы күнгө чейин бул шаар папалык кыймылдын коргонучу бoлyп келет. Көп убакыт өтпөстөн анын устаттарынын жок нерселерге ишенүүсү, анын жийиркеничин туудурду. Ушул мезгилдерде Таузен Лютердин чыгармалары менен тааныша баштаган. Ал бул чыгармаларды таң калуу менен окуп, жана ушул реформаторду көрсөм, жана аны менен кеңешcем дегенде, эки көзү төрт болду. Албетте мындай жосун өзүнүн чонойгон монастырындагы жетекчисинин аброюн тушүрө тyр-гандыгын, жана анын колдоосунан ажырата тургандыгын, жакшы билген. Бирок көп убакыт өтпөстөн, чечим кабыл алынды, жана бир нече мезгилден кийин Таузен, Виттенбергдеги университеттин студенти бoлyп калды.УК 222.1

    Данияга кайрылып келгенден кийин, ал кайрадан өз монастырына барат. Бирок анын лютерандык окутууну жактагандыгын, ал жерде эч ким билген эмес; ал өзүнүн жашыруун сырын эч кимге ачкан жок, бирок, өз жолдошторунун арасында талам -тартыш болбош үчүн, аларды акырындык менен, таза жана ыйык ишенимге багыттаган. Ал аларга Мукаддасты ачып, анын чыныгы маанисин түшүндүрдү, жана акырында аларга - Ыйса Машаяк, куткарылуу жана күнөөдөн кутулуу ишинде, жападан - жалгыз үмүт экендигин, ачык айта баштаган. Таузен Рим чиркөөсүн жактоодо, абдан чоң салымын кошот деп ойлогон, жана аракеттенген чиркөөнүн башчысынын каары, абдан коркунучтуу болду. Таузенди тезинен башка монастырга которушуп, аны ал жерде, сакчылардын катуу көзөмөлү астында, бир бөлмөгө камашты.УК 222.2

    Ал жерде дагы бир нече монахтар өздөрүн, протестантпыз деп жарыялагандыктары, анын жаңы жердеги башкаруучуларынын үрөйүн учурат. Өз бөлмөсүнүн тешиктеринен Таузен өзүнүн жолдошторуна, чындык жөнүндө таратып турган. Эгерде бул даниялык чиркөөнүн аталары, жалган окутууларды тараткан адамдарга, чиркөө кызматчылары кандай мамиле жасоо керек экендигин билишкенде, анда Таузен, ал учурда тирүү отурмак эмес, жана анын үнү биротоло басылмак; бирок аны кайсыл бир зынданга салып салуунун ордуна, аны чиркөөдөн чыгарып, кууп салышкан. Эми алар Таузен үчүн алсыз эле. Ошол кездеги падышанын буйругу боюнча, жаңы ишенимди кабыл алгандарга коргоо көргөзүлмөк. Таузен өзүнүн насаат иштерин ачык айта баштады. Анын алдында чиркөөнyн эшиктери ачылып, жана көп сандаган адамдар анын сөзүн угуу үчүн чогулушкан. Башкалар дагы ушундай эле Кудай Сөзүн таратышкан. Даниялыктардын тилине которулган Жаңы Осуят, жакшы кабыл алынып тартыла баштады. Бул ишти токтотууга жасалган папалык аракеттер, кайра анын таратылып жайылуусун күчөттү, жана көп убакыт өтпөстөн, Дания протестанттардын ишенимин кабыл ала тургандыгын жарыялаган.УК 222.3

    Швециядагы жаш адамдар, виттенбергдеги агып чыккан тирүү булактын сууларына ичип канышкандыктан, ушул бекер берилген белектер менен, өз замандаштарына бөлүшкөн. Оребрудагы темир устанын уулдары, Олай жана Лаврентий Петрилер, Лютер жана Меланхтондун жетегинде, окуп үйрөнүшкөн, жана өз кезектеринде, чындыкты өз мекенине ынтаалуулук менен насааттап таратышкан. Улуу реформаторго окшоп, Олай өзүнүн ынтаалуулугу жана бал тилдүүлүгү менен адамдарды жандандырса, Лаврентий Меланхтон сыяктуу ойчул жана салмактуу болуп, окумуштууларга көбүнчө окшошуп турган. Чындыкты жарыя кылууда, эки бир тууган тең, чыныгы таакыбалыкка, жана диний окууларды билүүдөгү жөндөмдүүлүккө ээ бoлyшyп, эр жүрөктүүлүк көргөзүшкөн. Бирок папалык жактоочулар дагы колун сунуп жатып калышкан жок. Католик дин кызматчылары аларга, түркөйлүү жана ырым-жырымга ишенген адамдарды тукурушкап. Олай Петри, көп жолу атайын өлтүрүү үчүн дайындалган адамдардын колуна кабылган, жана ошончо жолу ал, ал ажалдан араңдан зорго кутулуп чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Андан тышкаары, падыша дагы бул реформаторлорго жакшы мамиле жасап, аларды коргочолоп туруучу.УК 223.1

    Рим чиркөөсүнүн эзүүсүнүн астында калуу менен, калайыккалк өлбөстүн күнүн көрүп, жакырлыкка кабылышкан. Ыйык Жазуулардан ажыраган эл, сырткы ырым-жырымдарга жана көрүнгөн нерселерге гана үйрөткөн, жана аң-сезимди тазарта албаган динге ээ бoлyшyп, адамдар өздөрүнүн ата-бабалары сыйынып келген, буттарга табынышкан. Мамлекет бири-бирине каршылаш партияларга бөлүнүшүп, ар-дайым уланып жаткан күрөшүүлөр, жалпы жакырланууга алып келген. Жана падыша Реформацияны мыйзамдуу түрдө киргизүүнү каалап, жана бул римге каршы каармандык менен күрөшүүчү, мамлекетке жардамчы адамдарга, ар тараптан колдоо көргөзүп турган.УК 223.2

    Падышанын жана Швециянын башында турган адамдардын катышуусунда, Олай Петри католик дин кызматчылары менен болгон талам-тартыштарда, реформатордук кыймылды, улуу даанышмандык менен колдоду. Чиркөө аталарынын окутуулары, Ыйык Жазууга негизделе турган болсо гана, алардын окутууларын киргизүүгө болот, деп ал баса белгилеген; Анткени Мукаддаста ишенимдин негизги талаптары, түшүнөөрлүк жана жеткилеңдүү түрдө жазылып берилген, ошондуктан аны бардык адамдар түшүнө алышат. Машаяк минтип айткан: “Менин окутуум - меники эмес, бирок Мени Жибергендики” (Ин. 7:16). Жана элчи Павел дагы мындай деген, эгерде ал, Кудайдан кабыл алган нерселерден башканы насааттаган болсо, анда ага каргыш (Гал. 1:8). “Анда кантип, - деди реформатор, - башкалар, өз жоболорун, куткарылууга керек баштангансып, өздөрү каалагандай коюп алып жатышат?” Чиркөөнүн койгон көрсөтмөлөрү, Кудайдын Осуяттарына каршы чыга турган болсо, анда алар эч кандай күчкө ээ боло албастыгын, ал далилдеди, жана улуу протестантизмдин негизги талабы болгон, ишенимдин жана өмүрдүн эрежеси болгон “Мукаддас, жана бир гана Мукаддас”, деп баса белгиледи.УК 224.1

    Бул күрөш көп адамдарга маалым болбосо дагы, “Реформациянын аскериндеги, катардагы адамдардын турмушун ачып берет. Алар өз айланасына ызы-чуу чогулткан, билимсиз фанатиктер болгон эмес. Жок, дагы бир жолу айтабыз жок. Алар Кудай Сөздөрүн терең изилдеп түшүнүшкөн, жана Мукаддас берген курал менен, кантип колдонуу керек экендигин жакшы билишкен. Алардын түшүнүгү жөнүндө айта турган болсок, алар өз мезгилинен алда канча алдыга кетишкен. Эгерде биз, өз көңүлүбүздү, жаркыраган билим берүүчү Виттенберг жана Цюрих сыяктуу борборлорго бура турган болсок, анда ал жерде албетте, Лютер жана Меланхтон, Цвингли жана Эколампадиус сыяктуу белгилүү адамдар, булар эл башчылары болушкан, жана алар сейрек учурай турган акылга ээ бoлyшyп, жана улуу чындыктын иштерин жаратышкан, деп айтышат. Бирок алардын артынан ээрчип жүргөн адамдар алардан айырмаланышкан. Ооба, албетте ушундай, келгиле эми биз өз назарыбызды, көп деле белгилүү болбогон Швециянын окуяларына, Олай жана Лаврентий Петри сыяктуу жөнөкөй адамдарга буруп көрөлүк. Бул жерден биз эмнени таба алабыз?... Булар Мукаддастын чындыктарын билишкен, Кудай Сөздөрүн талкуулаган окумуштуу адамдар, алар Жакшы Ка-бардын чындыктарына ээ бoлyшyп, жана римдин теологиясынын жана алардын эң эле окумуштуу адамдарынын үстүнөн жеңишке жетишкендер” 213Уайли. 10-китеп, 4-бап..УК 224.2

    Ушул сыяктуу башта эскертилгендей талкуулардан кийин, швед падышасы протестанттардын ишенимин кабыл алып, бир нече убакыт өткөндөн кийин парламент дагы, анын артынан жолдоп ушул ишенимге келди. Олай Петри Жаңы Осуятты швед тилине кoтoрyп, жана падышанын жардамы менен, бир туугандар толук Мукаддасты которууга киришкен. Ушинтип швейцариянын эли биринчи жолу Ыйык Жазууну өз тилдеринде окууга мүмкүнчүлүк алышкан. Парламент дагы мындай чечим кабыл алды, мамлекеттин бардык аймактарында, жыйын башчылары Ыйык Жазууларды түшүндүрүп беришсин, жана балдарды мектептерде, Мукаддас окууга үйрөтүшсүн.УК 224.3

    Инжилдин кастарлуу жарыктары акырындык жана ишенимдүүлүк менен, караңгылыктын түркөйлүктөрүн жана ырымжырымдарын, тарата баштады. Римдиктердин эзүүсүнөн кутулгандан кийин, мамлекет бoлyп көрбөгөндөй жогорулукка жана өсүүгө жетишишкен. Швеция протестантизмдин беш бурчтуу сепили бoлyп калды. Бул улуу коркунучтардан жүз деген жылдар убакыт өткөндөн кийин, баштагы бул анча чоң эмес жана алсыз мамлекет, отуз жыл болгон согушуудан алсырыган Германия мамлекетине, өз жардам колун сунган даражага жеткен. Кайрадан түгөл Түндүк Европа мамлекеттерин, римдин заалимдиги басын ала турган сыяктуу сезилип турду, бирок шведдерцин аскери, Германияга карата болгон папалык топтун баскынчылыгын токтотууга, жана бул мамлекетте - протестанттардын, - жана кальвинистердин, - жана лютерандардын диний окутуусун жактоолорду колдоого, Реформацияны кабыл алган мамлекеттердин, дин эркиндигин кайрып берүүгө жардамдашкан.УК 225.1