Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    9 Бап —Цвингли Жана Швейцарияда Болгон Реформация

    Реформация иштерин иш жүзүнө ашыруу үчүн, курал тандоодо, Теңир, Жыйынды жаңы уюштургандагы, oй - макcаты менен калтырган. Асмандагы Чыныгы Окутуучу, бул дүйнөнүн улуу адамдары бoлyп эсептелген, кадырлаганга жана калп мактаганга көнүп калган, белгиүү жана бай адамдарынын арасын аралап чыкты. Өздөрүнүн бийик даражаларына, жана башкаларга Караганда жогору тургандыктарына барктанышып, алар жөнөкөй адамдардын муктаждыгын эч убакта сезишмек эмес, жана Момун, Назареттик Машаяктын, жумушчулары дагы боло алышпайт болуучу. “Мени ээрчип жүргүлө, Мен силерди адам кармоочу кыламын” (Мф. 4:19), - деген сөз, билими жок галилеялык адамдарга айтылган. Булар өтө эле жөнөкөй, жана ар бир нерсени билүүгө аракеттенген, адамдар болгон. Алар ошол мезгилдин жалган окутууларын канчалык аз биле турган болсо, ошончолук Машаяк аларды, Өз кызматы үчүн даярдай алмак. Улуу Реформация күндөрүндө дагы, ушундай болду. Ал окутуунун үстүндө, чынчыл жана жөнөкөй, өзүнүн кадыр - баркына манчыркабаган, текебер эмес, жалгандыкка берилгендиктен жана чиркөө окутууларынан алыc болгон адамдар, турушкан. Кудайдын планы, ар - дайым жөнөкөй адамдарды, улуу иштерге даярдоо, болуп эсептелет. Мындай учурларда, атак - даңк жана ийгилик, адамдарга эмес, бирок, “Өзүнүн каалоосу боюнча, иш жүргүзүүнү каалаган”, ал аркылуу аракеттенген, Кудайдын Өзүнө жазылат.УК 154.1

    Саксондук тоодо эмгектенген адамдын үйүндө, бул дүйнөгө Лютер келген болсо, андан бир нече аптадан кийин, Алпы тоолорунун арасында жайгашкан малчынын уй - бүлөсүндө, Ульрих Цвингли, бул жарык дүйнөгө көз жарды. Цвингли өсүп чоңойгон чөйрө, жана аны курчаган, ага алгачкы тарбия берген, анын келечектеги иштей турган иштерине, абдан чоң өбөлгө түзгөн. Улуу жана өтө кооз аймакта чоңоюп өскөндүктөн, ал бала күнүнөн тартып эле, Кудайдын Улуулугуна жана Кудуреттүүлүгүнө, суктануу менен чоңойгон, жана анын аң - сезиминде, Анын кереметтери уялаган. Өзүнүн туулган жериндеги адамдардын, мындагы жасап кеткен улуу иштери, жаш жүрөктү суктандырып, алар женүндө кабардар эле. Анын Кудайдан корккон таакыба апасы, ага бала күнүнөн эле, Ыйык Жазууларда калтырылган, жана көп сандаган диний жана уламыштардын болгон окуяларынан ага айтып, анын бала жүрөгүн жакшы иштерге дайындады. Улуу уруу аталарынын, жана пайгамбарлардын жасаган керемет иштерин, жана төрөлгөн Бала жөнүндөгү, Периштелердин малчыларга келгендиги, жана Голгофадагы азап Чегүүчү жөнүндөгү кабарларды, ал кичинесинен эле кызыгуу менен угуп, жүрөгүнө кабылдады.УК 154.2

    Цвинглинин атасы, Мартин Лютердин атасы сыяктуу эле, өз баласынын билимдүү болуусун каалаган, жана өспүрүм кезинде эле, ага өзүнүн өсүп чоңойгон тоолу аймагын, таштап кетүүгө туура келген. Ал бат эле, ынтаалануу менен билим ала баштады, жана анын ата - энелери, анын келечектеги , жогорку билими жөнүндө ойлонууга туура келди. Швейцариядагы өтө жакшы мектептердин бири бoлyп эсептелген, Берндагы мектепке, аны он үч жашында, жөнөтүүгө туура келет. Бирок ал жакта аны коркунучтар күтүп турган, аз жерден анын тагдырын талкалап коюу коркунучу дагы бoлyп өттү. Ал жердин монахтары Цвинглини, монастырга киргизүүгө, болгон аракеттерин жасашкан. Доминикалык жана францискалык монахтык бир туугандар, бири - бирине өтө атаандашкандыктан, ар бири өз тарабына, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды чогултууга умтулушкан. Ушул максаттардын аркасында, монахтар өз чиркөөлөрүн болушунча кооздоп, көп сандаган диний жол - жобо эрежелерин өткөрүшкөн, бардыгына белгилүү болгон, өлгөн кишилердин арбактарына табынуу, жана керемет жасоочу иконаларды колдонушкан.УК 155.1

    Берндагы доминикандыктар билишкен - эгерде, бул таланттуу жаш өспүрүмдү өз тараптарына тарта турган болсо, анда, келечекте атак - даңкта, жана акча дагы, суу сыяктуу агылып келмек. Жаш кездеги жалындаган сергектик, аратордук жөндөмдүүлүк, адабий жана музыкалык, акындык талант, бул уюмдун өсүп өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, андан тышкаары, анын кирешесин дагы жогорулатмак. Ошон-дуктан монахтар, куулук жана эки жүздүүлүк менен, Цвинглини өз монастырларына тартууга, болгон аракеттерин жасашты. Лютер өзүнүн студенттик күндөрүндө, монахтардын сунуш кылган кийимдерине чулганып, биротоло өзүн көмгөн, жана Кудайдын кийлигишүүсү болбогондо, ал бул дүйнө үчүн биротоло жок болмок. Цвингли болсо, мындай коркунучтан оолак болду. Монахтардын ойлогон ойлору, Цвинглинин атасына маалим болот. Ал болсо, эч качан анын баласы, монахтардыкындай бекерпоз жашоону өткөрүүсүн каалаган эмес. Өз баласынын өмүрү, коркунучтун кылда учунда калгандыгын ал билгендиктең, анын дароо эле, өз үйүнө кайтып келүүсүн буйрук кылат.УК 155.2

    Цвингли өз атасынын айткандарына моюн сунду, бирок ал, өз туулган жеринде көпкө калган жок, жана өз окутуусун улантуу үчүн, Базел шаарына жөнөп кетти. Ал жерден ал, биринчи жолу, Кудайдын ырайымы жөнүндөгү, Жакшы Кабарды уккан. Байыркы тилдерди окуткан Виттембах, грек жана еврей тилдерин окуп жүрүп, Ыйык жазуулар менен таанышат, жана ал аркылуу, Кудайдын Улуу Жарыгы, анын окуткан студенттерине дагы таратыла баштаган. Ал, жаш адамдарга, чындык деген эмне экендигин, ойчул жана диний адамдардын окутуусунан дагы алда канча жогору болгон, сөздөрдү айтып берген. Бул байыркы чындыктын, нукура мааниси, күнөөкөр адамдардын күнөөсүнөн куткара турган, бир гана Ыйса Машаяктын, айкашкан жыгачтагы өлүмү бoлyп саналат. Бул айтылган сөздөр, Цвингли үчүн, таңкы алгачкы тийген жарык бoлyп калды.УК 156.1

    Андан көп убакыт өтпөстөн Цвингли, биринчи буйрук алып, Базел шаарын таштап кетти. Анын биринчи жолку карамагына алган жыйыны, Алпы тоолорундагы өз айылына жакын жер болду. Цвингли дин кызматчы деген даража алгандан кийин, “ал, Кудайдын чындыктарын изилдөөгө, чын ыкласы менен киришкен; анткени, Машаяк кимге өз короосундагы койлорун кайтарууну тапшырса, ал көп нерсени билүүсү зарыл, - деп жазган, анын бир замандашы” 114Уайли, 8-китеп, 5-бап.. Ал Ыйык Жазууларды канчалык көп окуган сайын, ошончолук Мукаддастын чындыктары менен, римдин адаштыруучу окутууларынын айырмасын, көбүрөөк биле баштады. Жана ал өзүн Кудай сөзүнө арнап, - жападан жалгыз күнөөсүз жана туруктуу, Башкаруучуга тапшырган. Жана бул Китеп, Өзүнүн Сөздөрүнө, Өзү жооп бере тургандыгын түшүнгөн. Ал Ыйык Жазууга, мурда берилген талкуулоолорду издеген эмес, жана аны кандай болсо ошондой түшүнүү, өзүнүн бирден - бир улуу милдети экендигин билген. Ыйык Жазууларды изилдеген мезгилдеринде, Ыйык Рухтан башка эч кимге жардам сурап кайрылган жок, жана изденген бардык адамдарга, терең сыйына турган болсо, ачылып берилерин түшүндү.УК 156.2

    “Цвингли мындай деп айткан: Ыйык Жазууларды бизге, адам эмес, Теңир Өзү берген, жана барын агартууну каалаган Кудай, Өзунөн чыгып жаткан нерселерди түшүнүүгө, сага жардам бере алат. Кудай Сөзүндө... жаңылыштык болбойт; Ал адамдарга Өзүн ачып берет, адамдарды куткарылуунун толуктугу жана ырайым менен жарык кылып, аны Теңир алдында сооротот, жана адам өзү жөнүндө унутуп, Кудайга кайрылуусу үчүн, аны момун кылат”. Бул айтылган сөздөрдү, Цвинглинин сүргөн өмүрү далилдеп турган. Акырында, ошол кездеги аны ойлондурган нерселер туурасында, ал минтип жазган: “Качан мен өзүмдү, Ыйык Жазууларды изилдегенге арнаганда, мен башынан окуп үйрөнгөн философия, жана курулай баш катырган окутуулар, ар бир учурда мени жолдон чыгарып турду. Акыры мен минтип айттым: Сен өзүң, ушул жалгандыктарды калтырып, жана Кудай Сөздөрүнүн маанисине, Анын айткандарын аткаруу менен, көңүлүндү бура аласың”. Мен Теңирден Өз жарыгыңды мага жибере көр, деп жалынып сурандым, жана ошол күндөн тартып, мен Ыйык Жазууларды, жеңил түшүнө баштадым” 115ошол эле жерде, 6-бап..УК 156.3

    Өз окутууларын, Цвингли Лютерден алган эмес. Бул окутуулар Машаяк берген окутуулар эле. “Эгерде Лютер Машаяк жөнүндө насаат айтып жаткан болсо, анда ал мен кылган нерселерди гана кылып жатат, - деп айткан швейцариялык реформатор. Maгa Караганда ал, Машаякка көп сандаган адамдарды алып келди. Бирок бул өтө чоң маанилүү эмес. Мен Машаяктын Ысымынан башка, эч кандай ысым жөнүндө, насаат айткым келбейт; мен - Жакшы кабардын жоокеримин, жана менин жападан жалгыз Үйрөөтүүчүм, - бул Машаяк. Биз Лютер экөөбүз бир дагы жолу, кат жазышкан жокпуз. Эмнеге? Анткени баары, биз бири - бирибиз менен сүйлөшпөстөн, Машаяк жөнүндө, бир oйдo насаат айтып жаткандыгыбызды, жана Кудай Руху, Өз Сөзүнө Өзү каршы айтпастыгын, түшүнүшсүн” 116Д Обинье, 8-китеп, 9-бап..УК 157.1

    1516- жылы Цвинглини, Эйнзидельндагы монастырга, дин кызматчы кылып чакырышты. Ал жерде, ал римдин бардык мыйзамсыздыктары менен таанышып, реформатор болуу керек эле, жана өзүнүн Алпы тоолорунан алыстыкта, өз замандаштарынын аң - сезимдерине,күчтүү таасир калтырмак. Эйнзидельндагы ыйык деп саналган нерcелердин арасында, эң эле көрүнүктүүсү, керемет күчкө ээ болгон деген, Мария кыздын сүрөтү, бoлyп эсептелген. Монастырдын дарбаза алдында, мындай деген сөздөрдү окууга болмок: “Бул жерде, күнөөлөрдөн толугу менен арылса болот” 117ошол эле жерде, 5-бап.. Марияга табынуу үчүн, бул жерге зыяратчылар агылып келип турушкан, бирок, бир жылда бир болучу, бул иконаны ыйыктоо майрамында, бул жерге зыяратчылар, бир гана Швейцариядан эле эмес, Франция, Германиядан дагы өтө көп санда келишкен. Бул бoлyп жаткан нерселерге, өтө жаны кейигендиктен, Цвингли бул руханий караңгылыкта, жалгандыкка ишенип, сокур бoлyп жаткан адамдарга, Жакшы Кабар кандай эркиндик тартуулай тургандыгын айткан.УК 157.2

    “Башка жерге Караганда, бул жерге Кудай көбүрөөк келет деп, эч качан ойлобогула, - деди ал. Силер кайсы гана жерде болбосоңор, Теңир силердин жаныңарда, жана силерди угуп турат... Маанисиз иштер, көп убакыт жасаган зыяратчылык, курмандык чалуулар, иконалар, жана Марияга же башка ыйыктарга зарлап чакырык жасоолор, силерге Кудайдын ырайымын берет, деп ойлойсуңарбы? ... Силердин cыйынууңардагы көп сөздөрдөн, кандай пайда болот? Өтө кооз кийимдерге чулгангандыктын, жана узун кийимдердин, алтын жип менен тигилген бyт кийимдердин, кереги эмне? ... Теңир ар бир адамдын жүрөгүн карайт, ал эми биздин жүрөктөрүбүз, андан алда канча алыcта”. “Ал дагы мындай деп айткан: Бир жолу айкашкан жыгачка чыгып көтөрүлгөн Машаяк, - ага ишенген адамдар үчүн, калган бардык кылымдардын аралыгында, куткарып алуучу Курмандык бойдон кала берет” 118ошол эле жерде..УК 157.3

    Көпчүлүк угуучуларга мындай сөздөр, көп деле жага берчи эмес. Алардын ушунча кыйналып келген зыяратчылыктарын мааниси жоктугун угуу, алар үчүн өкүнүчтүү болуучу. Алар Машаяк аркылуу келе турган, эч нерсе төлөбөстөн бериле турган, күнөөлөрдү кечирүү жөнүндө түшүнө алышкан эмес. Рим аркылуу аларга берилген, Асманга алып баруучу жол, аларды толук канагаттандырган, андан жакшы нерсени изденүү, - аларды коркутуп турган. Өздөрүнүн куткарылуусу туурасындагы түйшүктү, өздөрүнүн жүрөгүнун тазалыгын издеп аракеттенгенче, папага же анын дин кызматчыларына, тапшырып коюу алда канча жеңил болуучу.УК 158.1

    Ыйса Машаяк аркылуу, күнөөлөрдөн кечирим алуу кабарын, кубануу менен кабыл алышкан, башка адамдар дагы табылган. Рим чиркөөсүнүн жол - жобо эрежелери, жүрөк каалаган тынчтыкты адамдарга алып келген эмес, жана ошондуктан алар, өз күнөөлөрүнө кечирим берип, ырайым кылат дешип, Ыйса Машаяктын Канын ишеним менен кабыл алышкан. Алар өздөрүнө берилген баа жеткиз жарык жөнүндө, башкаларга дагы айтуу үчүн, үйлөрүнө кубаныч менен кайтышкан. Чындык айылдан айылга, шаардан шаарга таратылып, Марияга табынуу үчүн келген зыяратчылардын саны, кескин төмөндөдү. Келип жаткан каражат дагы төмөндөп, анан акыры, Цвинглинин кирешесин дагы азайтты. Бирок бул нерселер, аны кубанычка салды, анткени жалгандыктын жана фанатизмдин (өз пикирин жактоочулук, жана ага берилгендик), сыйкыр күчтөрү өз кубатын жоготуп жаткан.УК 158.2

    Чиркөө башчылары Цвинглинин кылган иштерин байкап турушту, бирок алар, азырынча анын иштерине кийлигишкен жок. Реформаторду өз тараптарына тартуу иштерин улантышып, алар аны алдоо менен, сатып алууну көздөп жүрүштү. Ошол убакыттарда болсо, чындык адамдардын жүрөктөрүнө, уламдан - улам тереңдеп кире берди.УК 158.3

    Эйнзидельндеги Цвинглинин жасаган иштери, жакында ал баштай турган, улуу иштерге аны дайындаган. Эйнзидельнде үч жыл убакыт өткөргөндөн кийин, ага Цюрихтеги собордо, дин кызматчылык орун сунуш кылышты. Бул Швейцариядагы, эң эле көрүнүктүү шаарлардын бири болгон, жана ушул жерден, Цвинглинин жалпыга берген тааcири, анын атагын алыcкы аймактарга таратмак. Бирок, Цвинглини өздөрүнө Цюрихке чакырышкан диний адамдар, кандайдыр бир жаңы эрежелерден cактанышкан, жана ага шайкеш келе турган, анын милдеттерин белгилешкен.УК 158.4

    “Сен собордун каражатын жогорулата турган, кандай гана нерсе болбосун, аларды аткарышың керек. Кафедрадан насаат айтып жатканыңда, же адамдардын тoбo кылып кечирим сурагандарын кабыл алганыңда, сен келген адамдарга, ондуктарын жана тартууларын түгөл бойдон алып келип туруусун, жакшылап айтып түшүндүрүп турушуң керек, анткени алар ошондой кылуу менен, өздөрүнүн чиркөөгө болгон сүйүүсүн көргөзүшcүн. Андан тышкаары сен, чогулган орукчан адамдардан, зыярат кылып келгендерден, жана дагы чиркөөнүн башка жол - жобо эрежелеринен, чиркөөнүн кирешесин жогорулатышың зарыл. Ал эми Теңирдин Кече Тамагын өткөзүү, насаат айтуу, жана адамдар үчүн камкордук көрүү, - деп сөзүн улантты анын насаатчылары, - бул нерселердин баары, дин кызматчынын милдети бoлyп саналат. Бирок сен, бул иштерди өзүндүн жардамчыңа таңуулайсың, өзгөчө, насаат айтууну. Ал эми Теңирдин Кече Тамагын, сен даражалуу адамдарга гана, сага сунуштай турган болсо өткөзөсүң; эч качан, бардык нерселерге эле катыша бербе” 119Д Обинье, 8-китеп, 6-бап..УК 159.1

    Бул насааттарды Цвингли үнчукпастан угуп турду да, жана ага ушундай маанилүү жерге кызмат кылууга аны чакырышкандыгы үчүн, аларга ыраазылык билдирди, андан кийин, ал өзүнүн кыла турган кызматына карата болгон көз карашын, мындайча айтып түшүндүрүп кетти. “Машаяктын жашоосу, - деди ал, - адамдардан көп убакыттар жашырылып турган. Мен, Матфейден жазылган Ыйык Инжилден, насаат айтам... Ыйык Жазууга таянуу менен гана, анын тереңдигин түшүндүрөм, кээ бир жерлерин биздин өмүр менен салыштырып, Теңир менин аң - сезимимди ачсын деп, күн сайын, тырышып сыйынам. Мен бир гана, Теңирдин жана Анын Руханий Уулунун Ысымынын дацкталышы үчүн, адамдардын келечекте куткарылышы, жана аларды чыныгы ишенимге салуу үчүн, талыкпастан кызмат кылам” 120ошол эле жерде.. Цвинглинин көз карашы кээ бир дин кызматчыларга жага берген жок, жана алар Цвинглиге акыл айтып туура түшүндүрүүгө аракет кылышты, бирок ал, алардын бардык угүттөсүнө, жана алардын жаңы көз караштагы жемелерине назар салбастан, Жыйын башынан эле колдонуп жаткан негиздерди колдоноорун, баса белгиледи.УК 159.2

    Цвингли насааттаган чындыкка болгон кызыгуулар, көп жерлерде жанданып калган болуучу; эми болсо аны угуу үчүн, көп адамдар келе башташты. Жада калса көп мезгилдерден бери, жыйынга кеелбей калган адамдар дагы келишип, анын айткан насааттарын угушкан. Цвингли өзүнүн кызматын, Жакшы Кабардын маанисин түшүндүрүү менен баштады. Ал адамдарга Ыйса Машаяктын, жандандырган жашоосундагы окуялары, жана Анын өлүмү, окутуусу жөнүндө, окуп берип, аларды түшүндүрүп жатты. Жана бул жерде дагы, Эйнзидельндегидей эле, ал Кудай Сөзүн, жападан жалгыз, адамдардын куткарылуусу үчүн, зарылдыгын, жана Машаяктын өлүмү, Кудай арнаган Куткаруучу Курмандык экендигин насааттады. “Мен силерди, - куткарылуунун чыныгы Булагы болгон Машаякка, - бир гана Машаякка алып келүүнү каалайм, - деди ал” 121ошол эле жерде.. Насаатчынын айланасына бардык даражадагы адамдар чогулушту, алардын арасында окумуштуу адамдар, мамлекеттик ишмерлер, эң кызкасы, кол өнөрчү жана карапыйым адамдар да болушкан. Алардын баары, аны кызыгуу менен кунт коюп угушкан. Цвингли бир гана, Кудай адамдарга ыйгарган белек жөнүндө гана айтпастан, ал ошол мезгилдеги бoлyп жаткан мыйзамсыздыктарды, жана бузукулуктарды, коркпостон жекирип, айыптаган. Көптөгөн адамдар, чогулуштан чыккандан кийин Кудайга ыраазылык айтышып, Аны даңкташкан. “Бул адам, чындыктын жарчысы, - дешкен алар. Ал биздин Мусабыз бoлyп, бизди египеттегидей караңгылыктан алып чыгарат”.УК 160.1

    Бирок башталышында, мындай колдоолор менен башталганы менен, Цвингли карама - каршылыктар менен, кагылышпай койгон жок. Монахтар болсо,анын окутуусун айыптап, жана анын жасаган иштерин, токтотууну чечишти. Бири ага күлсө, экинчиси, аны кемсинтип коркуткан. Бирок Цвингли, мунун барына чыдаган, жана минтип кайталаган: “Эгерде биз күнөөкөрлөрдү, Машаякка кайрый турган блосок, анда көп нерселерге көзүбүздү жумушубуз керек” 122ошол эле жерде..УК 160.2

    Ошол кездерде, Реформация иштери, күтүүсүздөн колдоого ээ болгон. Лукиан аттуу бир адам, Цюрихке Лютердин кээ бир жазган чыгармаларын алып келет. Ал Базелдеги, Реформация oй - максаттарын жактаган, жана бул чыгармаларды сатып тарата турган болсо, бул чыгармалар, чындыкты таратуу үчүн көп деген каражат алып келээрин көздөгөн, бир адам аркылуу жиберилген. “Ал Цвинглиге мындай деп жазды: Эгерде мен жиберген, менин элчим акылдуу боло турган болсо, анда өзүң чеч, кааласаң ал швейцариянын баарын кыдырып, щаардан шаарга, кыштактардан кыштактарга, жада калса, Лютердин чыгармаларын үйдөн үйгө таратсын, өзгөчө бул дүйнөнүн адамдары үчүн жазылган, Теңирдин сыйынуусунун маанисин түшүндүргөн чыгармаларды таратсын. Бул жөнүндө канчалык көп адамдар биле турган болсо, ошончолук көп чыгарма таратылат” 123ошол эле жерде.. Жарык мына ушундайча, өлкөгө кирип келген.УК 160.3

    Качан Теңир, түркөйлүктүн жана жалган ишенимдердин кишендерин талкалай турган болсо, шайтан адамдарды, түпсүз караңгылыкка жетелеп, күнөөнүн чынжырларын бекемдөө үчүн, өзүнүн жасаган жаман иштерин, тырышкандык менен жасоого аракеттенет. Ошол мезгилдерде, ар кайсы өлкөлөрдө, Ыйса Машаяктын Каны аркылуу, кечирим жана куткарылуу алууга боло тyргандыгын айтышкан адамдар болушкан, бирок Рим дагы жөн эле олтура бербестен, өзүнүн соодасын күчөтүп, адамдарга акча аркылуу кечирим бере тургандыгын сунуштады.УК 161.1

    Ар бир күнөөнүн өз баасы болгон, ошондуктан адамдар көп күнөө кылышкан, алардын кылган кылмыштары, чиркөөнүн казынасын гана толуктаган. Ушундай болгондуктан, эки топ түзүлгөн: бири кунөөлөрду акча менен кечирүүнү сунуштаса, ал эми экинчи топ, күнөөлөр бир гана Машаяк аркылуу кечириле тургандыгын сунуштаган. Рим күнөө кылууга мүмкүнчүлүк берип, жана аны өздөрүнүн чөнтөгүн толтуруу үчүн пайдаланган; ал эми реформаторлор болсо, күнөөнү айыптап, жана адамдарга, Куткаруучу жана күнөөлөрдөн Арылтуучу Машаяктын төккөн Ыйык Канын сунушташкан.УК 161.2

    Германияда кечирим берүүчү грамоталарды сатуу, доминикалык топко тапшырылып берилген, жана ал топту адилетсиз Тецел жетектеген. Ал эми Швейцарияда болсо, мындай кечирим кагаздарын сатуу, францискандык топко тапшырылган, аны Самсон ысымдуу италиялык монах, жетектеген болуучу. Самсон чиркөө үчүн, Германия жана Швейцарияда өтө көп каражат чогултуп, чиркөөнүн жакшы кызматчысы катары таанылган, жана папанын казынасын толтурган. Эми болсо, ал Швейцарияда өз ишин улантып, кембагал адамдарды талап тоноп, ал эми бай адамдардан чоң каражат алган. Бoлyп жаткан реформа, кечирим кагаздардын сатылуусуна жолтоо бoлyп, ал сатылып жатса дагы, мурдагысындай көп каражат алып келбестен, казынанын кирешесин кыскарткан. Самсон өзүнүн сата турган кагаздары менен коңшулаш шаарда жүргөн мезгилде, Цвингли али Эйнзиделнде болуучу. Реформаторго бул туурасында билдиришери менен, ал Самсонго жолтоо бoлyy үчүн, шашылыш жолго чыкты. Бирок алар жолугушкан эмес, Цвингли анын иштерин, ушунчалык айыптагандыктан, ал бул шаарды таштап, Швейцариянын башка шаарларына, кыдырып кагаздарын сатуу үчүн кетип калган.УК 161.3

    Цюрихте Цвингли, кечирим кагаз-дарын саткан адамдарга каршы сөз айтуусун, ынтаалуулук менен уланта берди. Жана Самсон өз товарларын сатуу үчүн бул шаарга жакындаганда, шаар башкармасынын өкүлү, ага бул шаардын босогосун аттабагандыгына кеңеш берди. Ар кандай ыкмага cалып cурануу менен, Самсон шаарга кирүүгө мүнкүнчүлүк алды, бирок тилекке каршы ал жерде, бир дагы өзүнүн кечирим берүү грамоталарын сата алган жок. Аны ал жерден айдап жиберишти, жана ал жакын аранын ичинде Швейцарияны таштап кетип калды.УК 161.4

    1519 - жылы Швейцарияда, түнөргөн өлүм, - деп аталган келте оорусу каптаганда, Реформация өзгөчө күч алып жанданган бoлyyчу. Өлүм менен тикеме - тике жоолугушкандыктан, көп деген адамдар, акчага сатын алган болбогон бир кагаздардын, эч кандай пайда келтирбестигин билишкен. Ар бир адам, өз ишеними үчүн туруктуу кармана турган негиз издеп суусаган. Цвингли дагы бул дартка чалдыкпай койгон жок. Анын акыбалы ушунчалык оор болгондуктан, аны өлөт деген кабар бат эле тарап кетти. Бирок ушул сынак саттарында дагы реформаторду, үмүт жана эр жүрөктүүлүк таштап кеткен жок. Ал Машаяктын куткарып алуучу Курмандыгына, бардыгында ишеним менен таянып, көз алдынан Голгофадагы айкаш жыгачты кетирген эмес. Өлүмдүн араандай ачкан оозунан суурулуп алынгандан кийин, ал Жакшы Кабарды баштагысынан дагы жандануу менен, насааттай баштады, жана анын оозунуан чыккан сөздөр, эбегейсиз чоң күчкө ээ бoлyп турган. Өздөрүнүн өлүм алдында жаткан насаатчысын, тирүү көргөндөрүнө, адамдар кубанышып, аны шаттануу менен куттуктап жа-тышты. Ооруларга жана өлгөн адам-дарга кам көргөндүктөн, алар Жакшы Кабардын башта билбеген өтө чоң баасын, сезип билишти.УК 162.1

    Ыйык Жазууну изилдөө менен Цвингли, чындыкты жана анда камтылган нерселерди, баштагыдан дагы терендеп түшүнө баштаган, жана бул чындыктардын адамды жандандырган күчүн, баштагыдан толук сезип турду. Анын көбүрөөк кайрылган насааттары, адамдардын күнөөгө батышы, жана ал күнөөдөн адамдарды чыгаруу планы эле. “Биз Адамда,деп айткан ал, - өз мыйзамсыздыгыбыздын оор жүгүн артынып, тукумдун бузулушуна жана айыпка калгандыгыбыз менен, өлөбүз”. “Машаяк... биз үчүн түбөлүктүү куткарылуу алып келди... Анын тарткан азабы... бул адамдарды айыктыруу үчүн, жана ким Ага бекем жана бузулгус ишеним менен карай турган болсо, аларга Кудайдын Адилеттүү Сотун тапшыруу үчүн, түбөлүк Курмандык”. Ушуну менен бирге Цвингли, мындай деп белгилеген, Кудайдын ырайымы адамдарга, күнөө кылуу үчүн эркиндик бербейт: “Кайсыл жерде Кудайга болгон ишеним бар боло турган болсо, ал жерде Кудай бар; ал эми кайсыл жерде Кудай болсо, ал жерде, жакшы иштерди кылуу үчүн, каалоо күчтүү болот” 124Д Обинье, 8-китеп, 9-бап..УК 162.2

    Цвиглинин айткан насааттарына карата кызыгуу, абдан жогору болгондуктан, өтө чоң жыйын залы, көпчүлүк анын сөздөрүн угууну каалаган адамдарды батыра алган эмес. Адамдар өздөрүнө канча кабыл ала турган болсо, ал ошончо гана чындыкты аларга ачып берип турган. Башталышында ал, адамдарга коркунуч алып келе турган, жана алардын ырым - жырымына тийиштүү болгон суроолорго көп кайрылган эмес. Анын алгачкы иши, адамдардын жүрөктөрүн, Машаяктын чындыктарна жакындатуу болгон; Анын сүйүүсү менен аларды жибитип, жана Анын жашоосу менен, аларды жандандырган. Качан алар, Жакшы Кабардын чындыктарын кабыл ала баштаганда, алардын ырымжырымга жана жалган ишенимге болгон көз караштары, өзүнөн өзү жоголгон.УК 162.3

    Акырындык менен, Реформация иштеринин негиздери, Цюрихтеги адамдардын аңсезимдерин бийлеп алды. Буга кабатыр болгон каршылаш тарап, аларга чечүүчү сокку берүү үчүн биригишкен. Вормста виттенбергтик монах, императоргo жана папага “жок” -деп жооп бергенине бир жыл убакыт өткөн, жана азыр болсо Цюрихтегилердин баары, папанын кылган кысымдарына каршы чыгууга даяр турушууда. Цвинглиге болгон кол салуулар тыйылган жок. Папалык уюмдарда, кээ бир мезгилдерде, Жакшы Кабардын жарчыларын, отко жагып өрттө улантылып турду, бирок бул нерселер дагы, алар үчүн жетишиксиз болуп сезилди: бул үчүн, ушул жалган окутууну таратып жаткан адамдын оозун жабуу зарыл болду. Констанцтык епископ, өзүнүн үч өкүлүн, Цюрихте боло турган кеңешке жиберет, ал жерде Цвинглини, адамдарга чиркөөнүн мыйзамдарын бузуучу окутууну таратып жатат, жана жалпы жааматтын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууну каалайт, деген айыптоолор менен аны айыпташкан. “Эгерде чиркөөнүн авторитети жоголо турган болсо, -дешкен алар андан наары, - анда бул толук кыйроого алып келет”. Цвингли аларга мындай деп жооп берген: мен Цюрихте төрт жылдан бери Жакшы Кабар жөнүндө насаат айтып жүрөм, “эми болсо бул шаар, өлкөдөгү эң эле тынч шаарлардын бири”. “Мына ушундан улам, - Жакшы Кабар жалпы коомчулуктун коопсуздугу үчүн, керектүү экендиги байкалбай турабы?” 125Уайли, 8-китеп, 11-бап..УК 163.1

    Епископтун жиберген өкүлдөрү, чиркөөсүз эч кандай куткарылуу болбой тургандыгын айтышып, буга кеңеш мүчөлөрүн көндүрүүгө аракеттенишкен. “Бул айыптоолор силерди чоочулатпай эле койсун. Чыныгы Жыйындын Негиздөөчүсү, -Ошол эле Аска Таш, Машаяк Өзү, Ал Симонду, Петр деп атаган, анткени ал, Машаякты ачык кабыл алган болуучу. Бардык урууларда, ар бир адам, Ыйсага чын жүрөктөн ишене турган болсо, Аны Куткаруучу катары кабыл алат. Куткарылууга мүмкүн болгон чыныгы Жыйынды, мына ушундай адамдардын тобу түзөт” 126Д Обинье, 8-китеп, 11-бап.. Жана ушул кеңештин жыйынтыгында, епископтун бир өкүлү, реформаторлордун ишенимин кабыл алган. Чогулган кеңеш, Цвинглиге карата болгон кандайдыр бир каршы чечим кабыл ала алышкан жок, жана Рим буга каршы чара колдонуу үчүн, кийинки соккуга даярданып жатты. Өз душмандарынын ойлогон ойлору жөнүндө, уккандан кийин, реформатор мындай деп айтты: “Мейли алар өз иштерин жасаша беришсин, толкуган толкун аскага келип урунганда, аска ал толкундан канчалыктуу коркуп турган болсо, менин дагы алардан коркуум, мына ушундай” 127Уайли, 8-китеп, 11-бап.. Папанын жактоочуларынын болгон аракеттери, алар каршы чыгып күрөшүп жаткан иштин, алдыга жылышына гана өбөлгө түзгөн. Чындык өз таратылуусун уланта берди. Германиядагы реформация кыймылынын жактоочулары, Лютер дайынсыз жок бoлyп кеткендигине капаланып калышкан болуучу, ал эми азыр болсо, Швейцариядагы бoлyп жаткан жандануу кыймылын уккандыктан, алардын өчкөн руху кайрадан тирилди.УК 163.2

    Реформациянын көз караштары Цюрихте тарала баштагандыктан, адамдардын жашоосундагы өзгөрүүлөр даана көрүнө баштаган: кылмыш кылуулар кескин төмөндөгөн, жалпы коомчулукта келишимдүүлүк жана ирээттүүлук, орун ала баштады. “Биздин шаарда тынычтык орун алды, - деп жазган Цвингли, - бул жерде уруш -талаш, көрө албастык, эки жүздүүлүк, бөлүнүп - жарылуулар жок. Ушул сыяктуу келишкендиктер, Теңирден жана Ал тартуулаган, ты-нычтык жана бейпилдик берүүчү окутуулардан келбегенде, кайдан келсин?” 128ошол эле жерде, 15-бап..УК 164.1

    Реформациянын жетишип жаткан жеңиштери, папанын жактоочуларын, мурдагысынан дагы жандуу, жана жүрөктөрүн карайттуу менен, аларды жок кылуу үчүн чечим кабыл алууга үндөдү. Лютерди жана анын Германиядагы жолдоочуларын куугунтуктагандан, көп ийгиликке жетише албагандыктан, алар реформаторлорду, өздөрүнүн куралдары менен жок кылууну чечишти. Жана өз ишенимдерин эл алдында коргоочу чогулуш өткөрүшүп, ал жерге Цвинглини чакырышты, жана талам талашууда, анын өткөрүлө турган орду, калыс тобу, папалык окутууга жеңиш алып бере тургандыгы көздөлгөн. Эгерде алар Цвинглини өздөрүнүн уюштурган чогулушуна тарта турган болсо, - анда алар аны, эч качан өз колдорунан чыгармак эмес. Алар мындай деп кеңеш жүргүзүшкөн: эгерде биз алардын жетекчисинин оозун жаба турган болсок, анда бул кыймыл тез эле кыйроого дуушар болот. Бирок бул ойлорун алар, терең жаап жашырышкан.УК 164.2

    Бул талам талаш чогулушу, Баденде бoлyп өтө турган болду, бирок Цвингли бул чогулушка келген жок. Цюрих шаарынын кеңеши, папанын жактоочуларынын арам oйлорун түшүнүшкөндүктөн, алардын өз уюмдарында, Жакшы Кабардын жарчыларын отко өрттөгөндүгүн эске алышып, өздөрүнүн насаатчысын, өз өмүрүн тобокелдикке салуусуна, жол беришкен жок. Ал Цюрихте папанын кайсыл гана өкүлү болбосун жолугушууга даяр эле, ал эми, чындык үчүн азап чегүүчүлөрдүн каны төгүлгөн Баденге баруу, өз өлүмүн көздөй баруу менен бирге болгон. Реформация-нын кызыкчылыктарын Эколампадиус жана Хаммер коргочолоду, ал эми римдиктердин диний окутууларын, белгилүү доктор Экк жана көп сандаган окумуштуулар , жана прелаттар колдогон.УК 164.3

    Цвингли бул бoлyп өткөн таламтартыштарга катышпаса дагы, анын таасири бул жерде сезилип турду. Папанын өкүлдөрү, секретарларды өздөрү тандап коюшкан, ал эми калгандары бул жердеги сөздөрдү жаза турган болушса, аларды өлүм коркунучу менен коркутушту. Бирок ушуга карабаcтан Цвингли, бoлyп жаткан Бадендеги чогулуштан күн сайын, так маалымат алып турду. Бул таламтартыш чогулушуна катышып жаткан бир студент, күндө кечинде, ал жердеги эки жактын карымкатнашын, бирин калтырбастан жазып турган. Башка эки адам, бул жазылган маалыматтарды, Эколампадиустан Цюрихке жеткиришип турушту. Аларга карата жооп кылып, реформатор өзүнүн каалоолорун жана кеңештерин айтып тyрду. Ал түнүндө аларга жооп жазып, ал эми таңында студенттер, Баденди коздой сапар тартып турушту. Шаар дарбазасындагы турган сакчыларга шектүү бoлyп көрүнүп калбас үчүн, алар уй канаттуулары салынган себеттерди баштарына коюп, эч кандай тоскоолдуксуз шаарга кирип жатышты.УК 165.1

    Цвингли өзүнүн айыгышкан душ-мандары менен. Мына ушундайча күрөш жүргүзгөн. “Түнкүсүн уктабастан ойлонуп жазган каттарын, Баденге жөнөтүп, ал өз душмандары менен, бетмебет сүйлөшүп олтурганга Караганда, көбүрөөк иш жасаган, -деп жазат Миконий” 129Д Обинье, 11-китеп, 13-бап..УК 165.2

    Папанын өкүлдөрү, жакында боло турган жеңиштен үмүттөнгөндөй, бул Баденде боло турган чогулушка, өтө көрктүү кийимдерди кийинишип, жана кымбат баалу чынжыр жана шакектерди тагынышып келишкен. Алар кымбат асыл буюмдарга чулганышып, ичкен тамактары дасторкону түркүн -түрлүү даамдарга толгон, ичкен ичимдиктери баалуу, диний милдеттериндеги түйшүктөрүн шаан -шөкөт, жана ар кандай көңүл ачуулар менен жеңилдетишкен. Алардын жанында реформаторлор канчалыктуу айыр-маланган, адамдардын көз алдында, жакыр адамдардан кичине гана айырмаланып турушкан! Алардын жөнөкөй тамак аштары, алардын аз эле убакыттарын алган. Эколампадиус токтогон үйдүн кожоюну, анын бөлмөсүнө баш багып, ар учурда анын же сыйынып, же окуп жаткан жеринен көргөн. Ал таң калуу менен, “бул жалгандыкты тараткан адам,өтө эле таакыба адам экен”- деп айтууга мажбур болгон.УК 165.3

    Талам- тартыш чогулушу бoлyп жаткан мезгилде, “менменсинген текебер Экк, өзүнө даярдалган бийик жана кооздолгон кафедрага чыкса, анын каршысында, чала сүрүлгөн, ага oлтyрyy үчүн берилген жыгач тактайдын үcтүндө, жөнөкөй Эколампадус, өзүнүн жупуну кийимии менен олтурду” 130ошол эле жерде. Өзүнүн текебердиги жана бакылдаган добушу, Эккти эч качан өзгөрткөн эмес. Ал эми анын тагынган алтындарынын жаркыраганы, жана анын даражасы, аны андан бетер көтөрүп турган, - анткени бул ишенимдин коргоочусуна өтө көп сандаган белектер убада кылынган болуучу. Качан анын кооз сүйлөгөн далил сөздөрү бүткөндө, ал калган сөздөрүн, кемсинтүү жана каргыш аралашкан сөздөр менен уланткан.УК 166.1

    Жөнөкөй жана өз күчүнө таянууну билбеген Эколампадиус, талаштардан качып, жана өз сөздөрүндө салтанаттуу түрдө мындай деп далилдеп турган: “Мен Кудай Сөзүнөн башка, эч кандай таразаны кабыл ала албайм” 131ошол эле жерде.. Ал жай жана сылык сүйлөсө дагы, андан солкулдабаган терең эрк жана толук даанышмандык көрүнүп турган. Римдик диний жетекчилер, өз көнгөн адеттери боюнча, чиркөөнүн жол -жобо мыйзамдарына жана үрпадаттарыннын авторитеттерине кайрылышса, реформатор Ыйык Жазууга бекем карманып турду. “Көнүмүш үрпадеттер,- деди ал, - эгерде алар, мыйзам конституциясында жазылган болбосо, Швейцарияда чоң күчкө ээ боло албайт; ал эми ишеним жөнүндө суроо боло турган болсо, анда биздин конституциябыз, Мукаддас бoлyп эсептелет” 132ошол эле жерде..УК 166.2

    Бул талам -тартыш чогулушунун катышуучуларынын айырмачылыктары, отурган адамдарга, жашыруүн боло алган жок. Реформтордун жумшак жана токтоолук менен айткан, ачык жана тыянактуу талкуулары, өзүн көтөргөн мактанчаак Экктин каардуу талкууларына, элдин жийиркенич менен кароосуна түрткү болду.УК 166.3

    Бул чогулуш он сегиз күнгө созулган. Чогулуш бүткөндөн кийин, папанын жактоочулары, жеңиш биз тарапта калды дешип, өздөрүн барктоо менен айтышкан. Көпчүлүк бул чогулушка чакырылган депутаттардын колдоосу менен, Рим жеңишке жетишти дешип жарыялашып, чогулуштун өкүлдөрү,Цвингли жана башка реформаторлор, чиркөөдөн чыгарылат, деген чечим чыгарышкан. Бирок чындыгында ким жеңишке жетишкендиги, акыры белгилүү бoлyп калды. Баденде болуп өткөн таламтартыш чогулушу, протестантизмдин таратылышына чоң түрткү берди, жана аз эле убакыт өтөрү менен, Базел жана Берн сыяктуу чоң шаарлар, Реформация тарапка өтүп келишкен.УК 166.4