Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    36 Бап — Боло Турган Кyрош

    Улуу Күрөштүн башталышында эле Асманда, шайтындын максаты, Кудайдын Мыйзамын жок кылуу бoлyп саналган. Жана ушул максаты менен ал, өз Жаратуучусуна каршы чыккан, жана ошонун айынан Асмандан куулуп, ошол күрөшүүсүн жерде дагы улантып келет. Анын көөшүргөн максатынын негизи - адамдарды азгыруу, жана аларды Кудайдын Мыйзамдарың бузууга мажбурлоо. Бул бардык Мыйзамды бузууга жетишеби, же бир эле Мыйзаммды бузабы, алардын жыйынтыгы бир. Бир эле нерседе күнөө кетире турган болсо, бардык Мыйзамга маани бербегендик бoлyп эсептелет; ал өзүнүн таасири жана үлгүсү менен, мыйзамсыздыкты жактап жатат, жана “бардыгына күнөөлү бoлyп калат” (Жакып. 2:10).УК 522.1

    Кудайдын Жазууларына, көрө албастыктын көлөкөсүн таштоону каалап, шайтан Ыйык Жазуунун окутууларын бурмалады, жана жыйынтыгында миндеген Ыйык Жазууга ишенген адамдар, адашуунун бийлигинин алдында калышкан. Чындык менен жалгандыктын ортосундагы бoлyп жаткан акыркы кармаш - бул кылымдарды карыткан күрөштүн акыркы бөлүгү, бул адамдардын чыгарган мыйзамдары менен Кудайдын Жазмаларынын, Ыйык Жазуудагы чыныгы дин менен аталардын жана ойлоп тапкан диндердин ортосунда бoлyп жаткан күрөш.УК 522.2

    Чындыкка жана адилеттике каршы күрөштө биригип жатышкан күчтөр, азыркы учурда чечкиндүү аракеттенип жатышат. Биз үчүн өзүнө өтө жогору баа менен - азап тартуу жана төгүлгөн кан менен жол салган Кудай Сөзү, канчалыктуу барк алынбай жатат! Мукаддас барына жеткиликтүү бoлyп калды, бирок кээ бир адамдар гана аны, өмүрдүн жетекчиси катары, чын ниетинен кабыл алышкан. Ишенбестик үрөйдү учураарлык деңгээлде дүйнөгө эле эмес, бирок Жыйындарга дагы таратылып кеткен. Машаяк жолун жолдогон адамдардын ишениминин негизи болгон окутуулардан, көпчүлүгү баш тартууга чейин барып жатышат. Жандандырылган калем сап менен жазылган жердин жаралышы, адамдардын күнөөгө батышы; элдешүү; Кудай Мыйзамынын бузулгустугу - иш жүзүндө ушунун бардыгынан, толук болбосо дагы, бөлүк-бөлүгү менен, көп Машаяк жолун жолдогон адамдар аркылуу баш тартылып жатат. Миндеген адамдар өздөрүнүн акылына жана эркине мактанууcу менен, Мукаддаска тынбастан ишенүүнү, кемсинтилүү катары эсептешет. Мукаддасты жана анын маанилүү чындыктарын сындоо, жана аны аллегориялык жол менен талкуулоо, алар аркылуу зээндүүлүктү жана Сөздү терең билгендик катары далилденип, бааланат. Көптөгөн дин кызматчылар, окумуштуулар жана мугалимдер, Кудайдын Мыйзамы өтүп кеткен, жана Анын бузулбастыгына али ишенүүнү улантып жатышкан адамдар, кандай шордуу жана күлкүгө гана татыктуу адамдар, дешет.УК 522.3

    Чындыктан баш тартуу менен адамдар анын Башатынан баш тартышууда. Өз буттары менен Кудайдын Мыйзамдарың тебелешип, алар Мыйзам Берүүчүнүн Авторитетин талкалап жатышат. Жалган окутуулар жана теориялар менен жасалма кудайларды жасоо, аны таштан же жыгачтан жасаган сыяктуу эле оңой нерсе. Кудайдын сапаттарын жалган кылып көгөзүү менен, шайтан адам-дарга, Ал жөнүндө тетири түшүнүк берүүгө аракеттенет. Көпчүлүк адамдар Кудайды алып ташташып, философияны өздөрүнүн жактаган нерсеси кылып алышкан, жана анча-мынча гана адамдар тирүү Кудайга, Ал Өз Сөзүндө, Ыйса Машаякта жана жаратылыш иштеринде кандай ачылса, ошондой ишенишет. Миңдеген адамдар жаратылышты кудай кылып алышкан, жана ошол эле мезгилде Жараткандан баш тартышат. Ар кандай эрежелер менен болсо дагы, азыркы Машаяк жолун жолдогон адамдарда, Илия пайгамбардын мезгилинде Израил элинде кеңири таратылган сыяктуу, жасалма кудайларга табынуу, кеңири таралып кетти. Менменсинген акылдуу адамдардын, философтордун, саясатчылардын, журналистердин, колледжтердин, университеттердин, кээ бир диний уюмдардын кудайы, финикиялык күн кудайы ваалдан кичине гана артыгыраак.УК 523.1

    Христиан дүйнөсү аркылуу кабыл алынган адашуулардын бири дагы, Асмандын авторитетине орой айтылбайт, акылдын таламдарына дагы карама-каршы келтирилбейт, адамдарга, эми Кудайдын Мыйзамынын анчалыктуу деле мааниси жок, деген гана окутуу менен, өз күчүн жандандырып келет. Ар бир өлкөнүн өз мыйзамдары бар, жана анын ар бир тургуну аларды аткарып, жана сыйлоого милдеттүү; бир дагы мамлекет мыйзамсыз өлкө боло албайт, эми Асман менен жердин Жаратуучусунун, Өзү жараткан нерселерин башкаруу үчүн, Мыйзамы жок дегенди элестетип көрөлү? Көрүнүктүү кызматчылардын бири, бардык адамдардын алдында угуза, мамлекетти ирээтке келтирген жана анын тургундарынын укугун сактаган мыйзамдардын кереги деле жок, алар адам эркиндигин чегерип жатат, жана ошондуктан аларды аткаруунун деле мааниси жок, деп айтты деп коёлу - кандай дейсиңер, мындай адам кафедрада көпкө чейин тура алабы? Бирок мамлекеттик мыйзамдарды барк албагандык, түгөл Ааламды башкаруучу Кудайдын жазган Мыйзамдарың тебелегенден, жогору кылмыштууракпы?УК 523.2

    Мамлекет мыйзамды өзгөртүп, өз тургундарына өз каалаганындай иш жасоого жол берди, дегенди күтүү, түгөл Ааламдын Башкаруучусу, күнөөкөрлөрдү айыптап жана адилеттүүлөрдү актай турган, Өз Мыйзамын жок кылып, дүйнөлөрдү Мыйзам таразасыз калтырды, дегенге Караганда, ишенээрлик нерсе. Кудайдын Мыйзамдарын барк албагандык эмнеге алып келе тyргандыгын силер билесиңерби? Мындай тажрыйба алгандар дагы өткөн. Францияда атеизм бийлик кылганда, кандай кайгылуу кездерди өткөрүшкөн! Ошондо дүйнөнүн бардыгына, Теңирдин бийлигинен бошонуу менен, биз өтө каардуу канкордун кол алдында, калып кала тургандыгыбыз белгилүү болгон. Качан адилеттиктин таразасы алынып таштала турган болсо, ошондо караңгылыктын мырзасына, анын падышалыгын жер үстүндө орнотуу үчүн, жол ачылып берилет.УК 524.1

    Кудайдын алдын ала жазып калтырган нерселеринен баш тартыла турган болсо, ал жерде күнөө орун албагандай, ал эми адилеттик - өзүнө тартып турган сыяктанат. Ким Жаратуучуга баш ийүүдөн баш тартса, өзүн башкаруу үчүн жөндөмдүүлүгүн жоготот. Алардын өлтүрүүчү окутуусу, өз жаратылышында эркиндикти сүйгөн, тил албаган жаш жүрөктөн орун алып, акыры жыйынтыгында коомчулукта, мыйзамсыздык жана ээн баштык өркүндөйт.. Женил ойлуу адамдар, Кудайдын талаптарына баш ийген адамдарды шылдың кылышканда, көпчүлүк адамдар шайтандын азгырууларына берилишип, аларга кошулат. Алар, бутпарастардын үстүнө түшкөн Кудайдын каарын алуу максатында, күнөөнүн жана бузукулуктун жолуна багыт алышат.УК 524.2

    Ким адамдарды, Кудайдын Мыйзамдарына жеңил ойлуулук менен мамиле кылууга үйрөтө турган болсо, козголоңдун үрөөнүн сееп жатат, жана эртеби же кечпи алардын үстүнө жамандыктын толкуну урунат. Кудай Мыйзамдарынын токтотуп турганын алып таштасаңар, жана көп узабастан адамдардын чыгарган мыйзамдары дагы, аткарылбай калат. Жараткан, адепти буза турган жалгандык, көрө албастык иштерин айыптагандыктан, адамдар өздөрүнүн жердеги сүйгөн жашоосун өзгөртүп турган Анын көрсөтмөлөрүн талкалоого даяр, бирок, бул Жазууларды алып таштагандыктын акыры, алар үчүн күтпөгөн олуттуу окуя бoлyп калат. Эгерде Мыйзамды аткаруунун кажети деле жок боло турган болсо, аны бузгандан коркуунун эмне кереги бар? Жана ошондо, адам менчиги коркунучка кабылат. Адамдар өз коңшуларынын мүлкүн басып алышат, жана ким күчтүү боло турган болсо, ал эң бай адам бoлyп калат. Өмүргө болгон урматсый жоготулат. Жубайлардын бири-бирине берген анты аткарылбай калмак. Күчтүү адам каалай турган болсо, өз жакынынын аялын тартып алмак. Төртүнчү Осуят менен кошулуп бешинчи дагы жок кылынмак. Эгерде өздөрүнүн бузулган каалоолорун аткаруу үчүн зарыл боло тyрган болсо, балдар өз ата-энелерин өлтурүүдөн дагы кайра тартышпайт болуучу. Өсүп өнүккөн дүйнө, каракчылардын уюмуна жана мыкаачы өлтүргүчтөрдүн дүйнөсүнө айланмак; жер үстүнөн тынчтык, бейпилдик жана бакыт биротоло жок болот эле.УК 524.3

    Адамдар Кудайдын Мыйзамдарын аткарбай деле койсо болот, деген окутуулар, азыртадан эле адеп-ахлактыктын милдетин алсыздантып, жана бузукулукка жол ачып жатат. Мыйзамсыздык, ысырапкорчулук жана бузулгандык, бизге агып кирип келе жатат. Көп сандаган үй-бүлөлөрдүн арасында, шайтан өзүн ишенимдүү алып жүрөт. Өзүн Машаяк жолун жолдогон адаммын дегендердин үйүндө, анын туусу жогору көтөрүлүп, көрө албастык, күмөн саноо, эки жүздүүлүк, арасы алыстоо, эрегишүү, душмандык, сатып коюучулук, жаман денелик кумарларга берилгендик өкүм сүрүүдө. Биргелешкен өмүрдүн негизи боло турган, диний системанын бардык көрсөтмөлөрү жана окутуулары, кайсы убакытта болсо да чачырап кете турган морт буюм сыяктанып калган. Эң эле көрүнүктүү кылмышкерлер, коомчулуктун таштандылары, өз кылган кылмыштары менен түрмөлөргө жатышып, көпчүлүктүн көңүлүнө толо турган адам бoлyп келишүүдө - аларга, кандайдыр бир баатырдык кылып келген сыяктанып, белектер берилет. Алардын өмүрүнө жана жа-саган жамандыктарына көп көңүл бурулат. Жасалган жийиркеничтүү жамандыктар басылып чыгарылып - ушундай зомбулукка жана алдоого башкалар дагы кошулуп жатышат, жана шайтан өзүнүн тозокулук пландарынын аткарылып жаткандыгына, кубанычы коюнуна батпай кубанууда. Бузукулуктун курчушу, себепсиз, маанисиз өлтүрүүлөр, өзүн кармай албагандык жана бардык деңгээлдеги, формадагы мыйзамсыздык, кимдин жүрөгүндө Кудайдан коркуу бар боло турган болсо: бул жамандыкты кантип токтотууга болот? — деген суроо, аларды ойготушу керек.УК 525.1

    Калыстар сатылышып жатат. Адамдарды дүнүйөкордүк, жана бийликтеги адамдардын кумарларга болгон сүйүүсү улантылууда. Тостоолуктун жоктугу көп сандаган адамдардын акылын түнөрттү, жана шайтан алардын үстүнөн толук бийликке жетишип алган. Адилеттиктин коргоочулары, жеп ичкен төмөнкү адепсиз адамдарга айланды. Аракечтик, аягы суюктук, көрө албастык, шерменделик - ушунун бардыгы, “мыйзам сактоочу” бoлyп коюлган адамдардын арасында орун алган. “Ошондуктан актоочу өкүм артка чегинип, чындык да алыстап кетти, анткени акыйкат аянтта мүдүрүлүп, адилеттүүлүк үйгө кире албай калды” (Ис. 59:14).УК 525.2

    Папалык бийликтин мезгилинде өсүп-өнүккөн жамандык жана руханий маанисиздик, Ыйык Жазууну басып салуунун качып кутулгус жыйынтыгы бoлyп саналган, бирок биздин күндөрдө, Жакшы Кабардын толук жарыгы тийип, жана дин эркиндиги бoлyп турганда - Кудай Мыйзамдарынан баш тартуунун кенен таратылып кетишинин себебин, кайдан издесек болот? Эми шайтан, дүйнөнү Ыйык Жазуудан ажыратып салууга күчү жетпей калганда, ошол эле максатына жетүү үчүн, ал башка чараларды көрүүгө аракет кылып жатат. Мукаддаска болгон ишенимди жоготуу, Мукаддастын өзүн жок кылган сыяктуу эле кызмат аткара алат. Кудай Мыйзамын аткаруунун кажети деле жок, деген ишенимди киргизүү менен, ал адамдарды, башта угуп көрбөгөндөй бoлyп, күнөө кылууга кириптер кылып жатат. Жана азыр дагы баштагы кылымдардагыдай эле, Жыйын аркылуу аракеттенип, жашоого өз максатын киргизүүнү улантат. Азыркы кездеги белгилүү болгон жыйындар, Ыйык Жазууда ачык жазылган, алар үчүн мааниси жок чындыктарды угуудан баш тартышты, жана аларды бурмалоо максатында жүрүп жаткан күрөшүүлөрдө, алар аркандай мүмкүнчүлүктүү талкуулоолорду беришет, акыры скептицизм-дин жана ишенбестиктин үрөөнүн себишет. Түбөлүктүү тозокто кыйналуу туурасындагы окутуулар, Мукаддаска болгон ишенимден адамдарды алыстатты. Ыйык Жазуу адамдардан төртүнчү Осуятты аткарууну талап кылгандыктан, алар аны аткаруу керектигин түшүнө башташкан, жана алар үчүн аткаруyнyн кереги жок болгон Осуяттан аларды бошотуу максатында, таанымал болгон окутуучулар, Кудайдын Мыйзамын аткаруунун, таптакыр кереги жок, дешет. Ушундайча алар, бир эле мезгилде ишембини жана башка Мыйзамдарды четке ыргытышкан. Ишембини жана башка Мыйзамдарды бузган кыймылды кеңейтүү үчүн, жалпы коомчулукту төртүнчү Осуятты аткаруудан баш тартууга чакыруу, жетишиктүү болуп саналат. Диний насаатчылардын окутуулары, кайырдиндикке, спиритизмге жана Кудай Мыйзамын жек көрүү менен кароого эшик ачты, Жана азыр Машаяк жолун жолдогон адамдардын арасында бoлyп жаткан мыйзамсыздыктарга, бул адамдар чоң жоопкерчиликтүү бoлyп жатышат.УК 526.1

    Бирок ушул эле адамдар, тез аранын ичинде таратылып жаткан бузулууларга, ушул ишемби күнүн сактап жаткан адамдар себепкер, жана бардыгы жекшемби күнүн сактай турган болсо, коомчулуктагы адеп эрежелери жакшырмак, деп баса белгилешет. Бул талаптар, өзгөчө башка өлкөлөргө Караганда ишемби жөнүндөгү чындык көп таратылган Америкада, көбүрөөк жарыяланууда. Бул жерде жекшемби күнүн сактаган адамдар, адеп-ахлак, жүрүмтурум жагынан жогору саналып, өздөрүн, коомчулуктун эң жакшы жашоосу үчүн, күрөшүүчүлөрдүн алдындагылары катары эсептешет; ал эми ким аларга кошулуудан баш тарта турган болушса, анда аларды өзүн өзү тыюунун, реформанын душмандары дешет. Бирок, жалгандыкты бекемдөөгө бурулган кыймыл, жакшы иштердин аркасында биригишүүдө, алардын иштеринен жамандыкка өбөлгө түзүп жатышат, деп айтууга болбойт. Ууну тамакка аралаштыруу менен биз аны билгизбей коё алабыз, бирок бул билинбегендик, анын өлтүрүүчү касиетин жоготуп коё албайт. Тескерисинче, ал баштагыдан дагы коркунучтуу бoлyп калат, анткени жагымдуу тамак, эч кандай күмөн саноо туудурбайт. Шайтандын айлакердик ыкмасынын бири, чындыкка жалгандыкты аралаштырып, аны билинбегендей порцияда берүү. Жекшемби күнүн сактаган адамдар, башка адамдар муктаж болгон, Ыйык Жазуунун негиздерине келише алган, реформа иштерин жактоо максатында чыгыша алат, бирок ошол эле мезгилде, Кудайдын кулдары кошула албай турган, Кудайдын Мыйзамдарына каршы келген талаптар сунушталат. Кудайдын Мыйзамдарың, адамдардын талаптары менен алмаштырууну каалагандарды, эч нерсе жактай албайт.УК 526.2

    Эки улуу адашуулар жандын өлбөй тургандыгы жана жекшемби күндүн ыйыктыгы - адамдарды шайтандын колуна тапшырып берет. Биринчиси, адамдарды спиритизмге жакындатса, ал эми экинчиси болсо, протестанттарды Рим менен бириктирет. Кошмо Штаттардын протестанттары, алгачкылардан бoлyшyп, туңгуюуктун артынан спиритизмге өз колдорун сунушат; анан алар Римдин колун кармоо аракетинде, ушул туңгуюктан аттап өтүшөт; жана ушул үч кеңештин таасири аркасында, биздин өлкө Римдин жолу менен, абийир эркиндигин талкалашып жөношөт.УК 527.1

    Азыркы мезгилдеги спиритизм, көбүрөөк жана теренирээк формалдуу христиандарга окшошууну үйрөнүп алган, бул анын азгыруусуна абдан чоң күч берүүдө. Шайтан өзү дагы, азыркы эреже жана адептерге жанашып жатат: ал жарыктын периштеси бoлyп көрүнөт. Спи-ритизмдин аркасында кереметтер жасалып, оорулар аягышат, жана башка көп сандаган ажайып иштер көргөзүлөт. Жана рухтар өздөрүнүн Мукаддаска болгон ишенимин айтышып, жана жыйындардын окутууларына сый көргөзгөндүгүн бекемдегендиктен, алардын кылган иштери, Кудайдын Күчү көрүнүп жаткандай кабыл алына баштайт.УК 527.2

    Машаяк жолун жолдогон адамдар менен, кайырдин адамдардын ортосун бөлүп турган чек, болоорболбос гана билинип турат. Жыйын мүчөлөрү дүйнө сүйгөн нерселерди сүйүшөт, жана ар-дайым аларга кошулууга даяр, жана шайтандын жасаган аракети ал экөөн бириктирүү, ошону менен өз ишин бекемдөөнү каалап, бардыгын спиритизмге тартат. Католиктер, жасалган кереметтерди, чыныгы Жыйындын белгилери, деп эсептешкендиктен, бул таң калаарлык ажайыптардын күчү менен, ушул жалгандыкка алданышат; протестанттар дагы ишенимдин калканын ыргытуу ме-нен, ушул жалгандыкка алданышат. Католиктер, протестанттар жана дүйнөлүк адамдар - бардыгы такыбаалыктын кебин кийинишип, анын күчүнөн баш тартышат, жана бул кеңешке, бүт дүйнөнү Кудайга кайрып, көптөн бери күтүп келген миң жылдык падышалыкка алып баруучу, улуу кыймыл катары карашат.УК 527.3

    Спиритизм аркылуу шайтан өзүн бардык адам тукумуна , жакшылык кылуучу, ооруларды аяктырган болуп көрүнөт, жана ошону менен дүйнөгө жаңы жогорку диний системаны сунуштап жатат, бирок чындыгында ал, талкалоочу катары аракет жасайт. Анын азгырыгы миндеген адамдарды өлүмгө тартууда. Токтоно албагандык, адам-дарды акылынан ажыратып, аларды бузулгандыкка, кан төгүүгө жана башка үрөйдү учурган жамандыктарды кылууга, түрткү берүүдө. Шайтан күрөшүүдөн өтө чоң кумар алат, анткени бул күрөш адамдардын жүрөгүндө, эң эле кумарлуу каалоолорду жандандырат, жана канга боёлгон, жамандыкка малынган өз курмандыктарын, түбөлүккө алып кетет. Анын максаты элди -элге чабыштыруу, анткени мындай кылуу менен ал, адамдардын аң-сезимин Машаяктын Келишине даяр бoлyyдан алаксытып турат.УК 528.1

    Өлүмгө баруучу жандардын түшүмүн чогултуп алуу максатында, шайтан жаратылыш кубулуштары менен дагы аракеттенет. Ал жаратылыштын сырларын билип алган, жана анын ар-кандай өзгөрүүсүнө, Теңир ага уруксат беришинче өзгөртүп, ошого бардык күчүн жумшоодо. Качан ага, Аюб пайгамбарды кыйнаганга уруксаат бергенде, кандай тездик менен анын малдары, үйү, кызматчылары, балдары жок боло баштады - бир кырсыктын артынан экинчиси келип жатты! Кыйратуучудан, бир гана Кудай, Өз жаратылышын сактап жана коргочолой алат. Бирок Машаяк жолун жолдогон адамдар жек көрүү менен, Кудайдын Мыйзамдарынан баш тартышты, жана Теңир эми Өзү эскерткен нерселерин жасоого мажбур бoлyп турат: ким, Анын Мыйзамдарына жана окутууларына каршы чыгып, жана башкаларды дагы ушундай кылууга мажбурлап жаткан болсо, аларды коргогонун токтотуп, жерди Өз алкыштарынан ажыратат. Кимдерди Кудай коргочолобогон болсо, алар шайтандын бийлик алдында калышат.Ал алардын бирин бакыбат жашатып, башкаларына болсо, көп сандаган тоскоолдуктарды, кайгыларды алып келет, аны менен ушул кайгылардын барына Тенир айыптуу деп үйрөтөт.УК 528.2

    Адамдарга улуу дарыгер бoлyп көрүнүү менен, жана ошондойчо алардын бардык кеселдерин сакайтуyнy каалап жаткандай бoлyп, ал аларга оору жана кайгы алып келүүдө жана көп сандаган шаарлар кыйроогo учуратылып жатат. Ал азыр дагы ушул өзүнүн кызматы менен алек. Бөөдө кырсыктар, жерде жана сууда бoлyп жаткан кайгылар, талкалоочу өрттөр, каарданган бороондор, үрөйдү учурган суунун толкундары, мөндүрлөр өзүнүн катуу шамалы менен; суу каптоолор, чоң добулдар, жер титирөөлөр, цунамилер (өтө чоң толкундар) - ар-кандайча өз күчтөрүн көргөзүп жатат. Алар түшүмдөрдү кыйратышат, жана анын артынан ачкачылык жана кайгы ээрчип келүүдө. Ал абаны ар-кандай жугуштуу оорулар менен булгап, жана анын айынан көп сандаган адамдар ооруга чалдыгууда. Ушул сыяктуу кыйратуучу кайгылар, көбөйгөндөнкөбөйүп, талкалагандан-талкалап жатат. Адамдар жана жаныбарлар дагы өлүмгө кабылышууда. “Жер зарлап, кайгыга батты; Аалам кайгырып соолуду; жер жүзүндөгү эл үстүнө көтөрүлгөндөр шылкыйып калышты, жана жашагандардын астында жер булганып кетти; анткени алар Заң Мыйзамды бузду, парыздарды өзгөртүштү, түбөлүк Осуятты бузушту” (Ис. 24:4,5).УК 529.1

    Андан кийин улуу жалганчы, бул бoлyп жаткан кайгылардын бардыгына, Кудайдын Осуяттарын аткарып жатышкан адамдар себепкер бoлyп жатат, деп адамдарды ишендирүүгө аракеттенет. Теңирге каарданышкан күнөөкөр адамдар, өздөрүнүн үстүнө түшкөн кайгылар үчүн, Кудайдын Мыйзамдарына ар-дайым ишенимдүү болушкан, Мыйзам бузуучулардын алдында жемеленип келишкен, адамдарды айыпташат. Жана жекшемби күнүн кастарлабаган адамдар, Кудайга акаарат келтирип жатышат, деген чакырыктар чыга баштайт; жана бул күнөө, ушул кайгылардын болушуна себепкер болууда, жалпы адамдар жекшембини ыйык тутушмайынча, бул кайгылар токтолбойт; ишемби күнүн ыйык сактап жатышкан адамдар, жекшемби күнүн сактагандарга урмат көргөзүшпөй, адамдарды будуң-чаң кылышып, Кудайдын ак баталарынан ажыратышууда, деген айыптоолор болот. Мына ушундайча, бир кезде Кудайдын адамына карата айтылган айыптоо, кайрадан кайталанат: “Качан Ахав Илия ны көргөндө, Ахав ага мындай деп айтты: Израилди дүрбөлөңгө салып жаткан сенсиңби? Жана Илия пайгамбар мындай дейт: мен Израилди дүрбөлөңгө салган жерим жок, сен жана сенин үй-бүлөң, Теңирдин буйруктарынан баш тартып, ваалга кызмат кылганыңар менен, ушуну кылып жатасыңар” (ЗПад. 18:17,18). Жана жалган айыптоолор менен каарданган адамдар, чыдамын жоготyшyп коюшканда, алар Кудайдын эли менен, Израил Илия пайгамбарга кылгандай мамиле кылышат.УК 529.2

    Спиритизм аркылуу көрүнө тyрган ажайыптардын күчү, адамдарга Караганда, Кудайга баш ийүүнү каалаган адамдарга карата багытталат. Алардын руху, жекшембини сактоодон баш тарткан адамдардын жаңылыштыгын айтып, аларды ишендирүү үчүн, силер Кудай аркылуу жиберилген адамдарсыңар, мамлекеттин мыйзамына Кудайдын Мыйзамы сыяктуу эле баш ийүү керек, деп ишендирет. Алар, бул дүйнөнүн адилетсиздиктери үчүн туталанышат, жана ошол эле мезгилде, жекшемби күнүн бузгандык ушундай жамандыктарга алып келип жатат, деп окутушкандарды колдошот. Ушул сыяктуу күбөлөндүрүүлөрдү кабыл албай койгон адамдарга карата, алардын түшүнбөстүгү кандай чоң болот!УК 530.1

    Ушул улуу күрөштө, шайтан, Кудайдын эли менен, Асмандагы чыккан козголоңдо жасаган аракеттериндей, аракеттерди жасап көргөзөт. Башталышында ал, Кудайдын Башкаруучулугун бекемдөөнү каалап жаткандыгын айткан, ошону менен аны жок кылуу максатында, бардыгын жашыруун жасаган. Жана өзү умтулган нерселер үчүн, ишенимдүү периштелерди айыптаган. Ушундай айыптоолор, римдиктердин чиркөөсүнө дагы таандык. Ал өзүн Асмандын жер үстүндөгү өкүлүмүн деп, ошол эле убакга өзүн Кудайдан жогору коюп жана Анын Мыйзамдарын өзгөртүүнү каалаган. Римдин башчылык кылып турган убагында, Жакшы Кабарга карата өз ишенимдүүлүктөрүн көргөзгөн, жана азаптуу өлүмгө дуушар брлгон адамдарды, жалган окутууларды тараткандар жана кылмышкерлер, деп жарыялашкан; аларды шайтан менен байланышта, деп айыпташкан; аларды шерменде кылуу үчүн, кандай гана чара көрүлгөн эмес, жана аларды эң эле көрүнүктүү кылмышкер адамдардын алдына чыгарышып, айыпташкан. Биздин күндөрдө дагы ушундай болот. Кудайдын Мыйзамдарың кадырлаган адамдарды жок кылуу максатында, бул адамдарды мыйзам бузуучу катары көргөзүүтө, жана Кудайга акаарат келтирген, бул дүйнөгө кырсык алып келип жатышкан адамдар катары булгоо үчүн, шайтан болгон аракетин жасайт.УК 530.2

    Кудай эч качан адамдардын эркин жана алардын абийирин мажбурлап зордобойт: шайтан болсо, тескерисинче, өзүнө башка жол менен адам-дарды кайрый албай турган болсо, алардын үстүнөн зомбулук жана коркутуучу чара колдонот. Коркутуу жана күч колдонуу менен, ал адам-дардын абийирин талкалагысы келет, жана ушундайча өзүнө табындырууга жана урматтоого жетишүүнү каалайт. Бул максатка жетүү үчүн, ал мамлекеттик жана диний бийликтерди колдонот, жана аларга Кудайдын Мыйзамдарына каршы мыйзамдарды чыгарууну үйрөтөт.УК 530.3

    Ыйык Жазуудагы ишембини сактаган адамдар, мыйзамдын жана тартиптин душмандары, жалпы коомчулуктун адебин бузуучулар, бузулгандыкты жана тартипсиздикти алып келүүчүлөр, деп жарыяланат. Аларга, жер үстүнө Кудайдын өкүмү чыгып жаткандыгынын, башкы себеби катары карашат. Алардын ишенимдүүлүгү жана берилгендиги, тоң моюн жана баш ийбеген, бoлyп жарыяланган. Аларды бийликке нааразылык келтиргендер катары айыпташат. Кудайдын Мыйзамдарын аткаруунун кажети жок, деп айтышкан жыйындардын кызматчылары, кафедрадан мамлекеттин мыйзамдарын аткарууга ар бир адам, Кудайдын көрсөтмөлөрүн аткаргандай эле милдеттүү, дешет. Мыйзамдарды сактаган адамдар, мыйзам чыгаруучу чогулуштарда жана адамдардын сотунда, жалаа жабылып жана айыпталышат. Алардын айткан сөздөрү бурмаланат, жана алардын бардык жасаган иштери жана ойлору, эң жаман деңгээлде талкууланат.УК 530.4

    Кудайдын Мыйзамдарынын күбөлөндүргөн Ыйык Жазуунун ачык далилдерин, протестант жыйындары кабыл албай койгондуктан, кимдин ишенимин Ыйык Жазуу аркылуу жок кыла алышпаган адамдардын, үнүн жабууга аракеттенишет. Алар муну моюнуна албаган күндө дагы, ким өз абийиринин буйругу менен жүрбөсө, башка хри-стиан дүйнөсү менен бирдикте, папалык майрам күнүн ыйык тутууну кабыл алышыт.УК 531.1

    Бардык адамдарды жекшемби күнүн сактоого күч, каражат жана ишендирүү колдонуу менен мажбурлоо үчүн, жыйындардын жана мамлекеттердин башчылары биригишет. Кудайдын Авторитетин жок кылуу, зордоо таразасы менен толтурулат. Саясатчылардын саткындыгы, адилеттике жана чындыкка карата болгон cүйүүнү жок кылат; Жада калса эркин Америкада башкаруучулар жана мыйзам чыгаруучулар, коомчулукка жагынуу үчүн, элдердин талабын аткаруу максатында, жекшемби күнүн сактоо милдеттүү түрдө болушуна кол коёт. Көп сандаган адамдардын каны менен жеңишке жетишкен адам абийири, жерге тебеленет. Бул келе жаткан күрөштөн, биз пайгамбардын айткандары аткарылып жаткандыгын көрө алабыз: “Ошондо ажыдаар аялга абдан ачууланып, аялдын уругунан болгон, Кудайдын Парыздарын сактаган жана Ыйса Машаяктын күбөлүгүн кармаган башкалар менен, урушууга жөнөдү” (Аян. 12:17).УК 531.2