Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    22 Бап — Аткарылган Пайгамбарлыктар

    Машаяктын Келиши сунушталган, 1844-жылдын жаз айлары өтүп кетти, - жана Анын Келишин ишеним менен күткөндөрдүн кээ бири, күмөн саноо жана ишенбестикти баштарынан өткөрүштү. Дүйнө бул адамдарды, алдоонун курмандыктары деп санашкан, бирок алар үчyн Кудай Сөзү, баштагысындай эле сооронуунун булагы бoлyп кала берди. Көпчүлүк адамдар Жазууларды изилдөөнү улантышып, өз ишенимдеринин негизин текшеришип, жана толук жарыкка чыгуу максатында, пайгамбарлыктарды кайрадан окуй башташкан. Алар таянган, Мукаддастын күбөлөндүрүүлөрү, алар үчүн белгилүү дагы ишенимдүү дагы эле. Бoлyп жаткан белгилер, Машаяктын Келишинин жакындыгын айгенелеп турган. Күнөөкөрлөрдүн кайрылгандагы, жана кайрылгандардын руханий кайрадан жаңыруулары, Кудайдын өзгөчө алкыштары, бул кабар Кудайдан экендигин далилдеп турду. Ошол кездеги ишенүүчүлөр, өздөрүндөгү болгон көңүл калууларды түшүндүрө албагандыгы менен, ушул мезгилдердин бардыгында аларды, Кудай Өзү жетелеп жүргөндүгүн билип турушту.УК 354.1

    Машаяктын Келиши жөнүндөгү пайгамбарлыктар менен бирге, Ыйык Жазууда чечкинсиздикте жана белгисиздикте жүргөн адамдар үчүн дагы, атайын насаат жазылып калтырылган. Ал насааттар, азыркы мезгилде түшүнүксүз бoлyп турган, жана түшүнүүгө кыйын нерселер, келечекте түшүнүктүү бoлyп калаары, жөнүндө айтылган.УК 354.2

    Бул үзүндү, Аввакум пайгамбардын Китебинде жазылган: “Мен күзөттө, мунара үстүндө туруп, өзүмдүн ичимдеги Теңирдин эмне айтаарын билиш үчүн, жана өзүмдүн даттануума эмне жооп алуумду андаш үчүн, байкоо салып турдум. Жана Тенир мага жооп берди да мындай деди: окуучу оңой окуш үчүн, көргөн аянынды лоок - тактага ачык жазып кой. Анткени көргөн аян белгилүү бир мезгилге таандык, акыр максатын айтып турат, жана алдабайт; кечендесе да күтө тyр аны, себеби ал ишке ашпай койбойт, алынып ташталбайт. Мына текебер жан тынч ала албайт, ал эми таакыба жан өз ишениминде аман калат” (Авв. 2:1-4).УК 354.3

    “Окуучу оңой окуш үчүн, көргөн аяныңды лоок - тактага ачык жазып кой”, деген Теңирдин буйругу, Чарльз Фичаны 1842-жылы, Даниил пайгамбардын жана Аян Китептерине, пайгамбарлык схеманы даярдоого түрткү берди. Бул схеменын чыгарылышы, Аввакум пайгамбар аркылуу берилген пайгамбарлыктын аткарылышы катары көрcөтүлгөн. Бирок ал пайгаммбарлыкта, аяндын аткрылышы кечигип жаткандыгын эч ким байкаган эмес. Бардык элдик көңүл калуулар болгондон кийин, Ыйык Жазуунун ушул аяттары өзгөчө мааниге ээ болгон: “Көргөн аян белгилүү бир мезгилдерге таандык, акыр максатын айтып турат, жана алдабайт; кечендесе дагы күтө тyр аны, себеби ал ишке ашпай койбойт... таакыба жан өз ишениминде тирүү калат”.УК 354.4

    Иезекиил пайгамбардын пайгамбарлыктарынын кээ бир жерлери дагы, ишенген адамдар үчүн, күч жана сооронуу болгон. “Жана ошондо мага Теңирдин Сөзү бoлдy. Адам уулу! “Көп күндөр өткөн, жана ар кандай пайгамбарлык эскирген”, - деген Израил жеринде силерде эмне деген макал? Бирок аларга айт: ар түрдүү пайгамбарлыктын аткарылышы жакын... Мен айтам: Менин айткан Сөзүм аткарылат, кийинкиге калтырылбайт”. “Израил үйү мындай дейт: “Ал көргөн пайгамбарлык көрүнүш көп кундөрдөн кийин ордунан чыгат, жана ал алыскы заман жөнүндөгү пайгамбарлыкты айтат”. Ошондуктан аларга айт; Кудай Тенири мындай дейт: Менин Сөзүмдүн бири да эми кийин ки мөөнөткө калтырылбайт, бирок Мен айткан Сөз ордунан чыгат дейт, Кудай Тенир” (Иез. 12:21-25,27,28).УК 355.1

    Теңирди күткөн адамдар, башынан аягына чейин Билгендин Өзүнө, көп деген кылымдар мурда, алардын көңүл калууларын алдын ала билип, жана аларга сооротуучу жана үмүт берүүчү Сөздөрдү айтып кеткендиги үчүн, ишеним менен кубанычка батышты. Эгерде, аларды Кудай Сөзүнө чыдамдуулук менен ишенип жана күткөнгө үндөгөн, Ыйык Жазуунун ушул аяттары болбогондо, анда алардын ишенимдери, ошол сынак сааттарында, ордунан козголмок.УК 355.2

    Матфейден жазылган Ыйык Инжилдеги, 24-бапта жазылган он кыз жөнүндөгү үлгүлүү аңгеме дагы, адвентистерге түздөн түз таандык. Ошол эле бапта, шакирттердин акыркы мезгилдин белгилерин сураган суроосуна, Машаяк жооп бергенде, дүйнөнүн жана Жыйындын тарыхын айтып берип, Өзүнүн Биринчи жана Экинчи Келишинин ортосундагы окуяларына, алардын көңүлдөрүн бурган. Тактап айта турган болсок: Иерусалимдин талкаланышы; Жыйын папалык жактоочулар жана дүйнөлүк адамдар аркылуу дагы куугунтукталары, жана тарта турган азаптары; күндүн жана айдын тутулуусу, жылдыздардын кулашы. Андан кийин, Ал Өзүнүн Келиши жана Падышалыктын орнотулушу жөнүндө, жана Анын Көрүнүшүн күтүшкөн эки топ кулдар жөнүндөгү үлгүлүү аңгемелерин айтты. Ал эми 25-бап мындай сөздөр менен башталат: “Ошондо Асман Падышалыгы, он кызга окшош болот”. Бул жерде акыркы мезгилдеги жыйындар туурасында сөз бoлyп жатат, жана бул 24-баптын аягында эскертилип кеткен. Бул улгулуу ангемеде, Кудай элинин башынан өткөрө тургандары, чыгыш элдеринин үйлөнүү тоюнун негизинде көргөзүлгөн.УК 355.3

    “Ошондо Асман Падышалыгы, колдоруна чырак кармашып, күйөө келишин күтүп чыккан, он кызга окшош болот. Алардын бешөөсү акылдуу жана бешөөсү акылсыз болуучу. Акылсыздар чырактарын алышып, май куюп алышкан жок... жана күйөө кечиккендиктен, баары үргүлөп уктап кетишти. Бирок түн ортосунда, “мына күйөө келди, аны тосуу үчүн чыккыла”, - деген кыйкырык бoлдy”.УК 356.1

    Биринчи периштенин кабарында айтылган, Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабар, бул жерде күйөөнүн келиши менен салыштырылган. Теңир Келет деген кабар менен узатылган Реформация, кыздардын пайда болушун билдирет. Бул үлгүлүү аңгемеде дагы, 24-баптагыдай эле эки топ адамдар көргөзүлгөн. Баары чырактарын алышты, Мукаддасты жана анын жарыгы менен, Күйөөнү күтүү үчүн чыгышкан. Бирок, акылсыздары, чырактарын алганы менен, өздөрү менен кошуп май алышкан жок”, “акылдуулары болсо, өз чырактары менен кошуп, идишке май куюп алышты”. Жана бул адамдар Кудайцын ырайымына жана Ыйык Рухтун күчүнө ээ болушкан, жана Анын Сөзү, алар үчүн, “шам чырак, жана жолуна тийген жарык” эле. Кудайдан коркуу менен алар, Кудай Сөздөрүн изилдешкен, анкени чындыкты билүү үчүн аракет кылышкан, жана өз өмүрлөрүнүн жана жүрөгүнун тазалыгы үчүн, чын жүрөктөн аракеттенишкен. Алар өз тажрыйбаларында көп нерселерди баштарынан өткөрүшкөн, жана алардын азап чеккен Кудайга жана Анын Сөздөрүнө болгон ишенимдери, көңүл калууларда жана кечигүүдө, солкулдабай тyргандай бoлyп дайындалган. Башкалары болсо, “чырактарын алышып, жана куйганга май алышкан жок”. Бул адамдар, өздөрүнүн минуталык жандануулары менен аракет кылышкан. Салтанаттуу кабар, алардын денесинде коркунуч туудурду, бирок алар өз бир туугандарынын ишенимдерине таянышкан, өздөрү чындыкты толук билишкен эмес, жана жүрөгүндө аракеттенген ырайымдын күчүн сезишкен жок. Алар, жакында боло турган сыйлыкка жетүү үчүн, кубанычтуу үмүткө толушуп, Теңирди тосуу үчүн чыгышкан, бирок, көңүл калууларцы жана кечигүүлөрдү баштарынан өткөрүүгө даяр эмес болу-учу. Качан сынак мезгили келгенде, алардын ишенимдери кайтып, жана чырактары өчүп калган.УК 356.2

    “Жана күйөө кечиккендиктен, баары үргүлөшүп жана уктап калышты”. Күйөөнун кечиккендиги, Теңирдин Күнүн күткөндүктү билдирет, жана көңүл калуулар, кечигүүлөрдү чагылдырган. Ошол белгисиз мөөнөттө, жарым жартылай кайрылган адамдар, үстүртөн ишенген адамдар, адвентистердин кабарына кызыгууларын токтотушкан, жана күрөшүүдөн баш тартышкан, бирок кимдин ишеними Мукаддасты изилдөө менен бекемделген болсо, аскада бекем турушкан, жана көңүл калуунун эч кандай толкундары аларды солкулдата алган жок. “Yргүлөшүп жана баары уктап кетишти”башкалары, эч кандай эмгек кылбастан өз ишенимдерин жоготушса, берки бирөөлөрү - чыдамдуулук менен, толук жарыкты күтүшкөн. Бирок түнкү сынакта, алар дагы, бир канча убакыт өз умтулууларын жана ишке берилгендиктерин жоготушкан. Жарым жартылай кайрылган жана үстүртөн ишенген адамдар, өз бир туугандарынын ишенимдерине энди таяна алышпай калды. Ар бир адам, жалгыздыкта жыгылат же турат.УК 356.3

    Бул мезгилде фанатизм дагы байкала баштады. Кээ бир өздөрүн, кабардын тырышчаак келгиндерибиз деп эсептегендер, өмүрүнүн ката кетиргис жетекчиси болгон Кудайдын Сөздөрүнөн баш тартышты, жана Рухтун жетегиндебиз дешип, өздөрүн сезимдердин, таасирлердин жана кыялдардын бийлигине тапшырышты. Кээ бирлери өздөрүнүн көрө албастыгы менен, аларды эрчигиси келбеген адамдардын баарын айыптай баштаган. Көпчүлүк адвентистер, бул адамдардын фанатикалык көз караштарын кабыл алышкан жок, ошондой болгон күндө дагы, чындыкты көлөкө каптап калды.УК 357.1

    Шайтан мына ушундайча, Кудайдын ишине жолтоолук кылып, аны талкалагысы келди. Адвентистердин ойлору көп сандаган адамдарды тынчсыздандырды: жана миндеген адамдар Кудайга кайрылышып, ал эми ишенимдүү адамдар, кечиккен мезгилдерде дагы, талыкпастан чындыкты жарыялап турушкан. Караңгылыктын мырзасы чоң жоготууларга учурады, жана Кудайдын иштерин жаман атты кылыш үчүн, ал чын жүрөктөн ишенген адамдарды дагы Машаяктын Келишине күмөн санатып, аларды түшүнбөстүктө калууга түрттү. Адвентистердин ишенимин жаман атты кылыш үчүн, шайтандын шабырлары, бардык жаңылыштыктарды колдонууга даяр эле, жана ушул каталарды жана жаман иштердин бардыгын, ашыра чаап сунуштоого аракеттенишкен. Экинчи Келүүгө ишенгендер канчалыктуу көп болгон сайын, ошончолук азгырыктын бийлигинде калышып, аларды бардык жыйындардын өкүлдөрү катары көргөздү.УК 357.2

    Шайтан “бир туугандарды айыптоочу” бoлyп саналат, ал адамдарды, Кудайдын уулдарынын каталарын жана жаңылыштыктарын издегенге мажбурлайт, ошентип адвентистердин жасаган жакшы иштери дагы көңүл бурулбастан кала берет. Теңир куткарылган адамдардын үcтүнөн эмгектенген сайын, азгыруучу абдан күжүрмөндүк менен өз аракеттерин күчөтөт. Качан Кудайдын уулдары Кудайдын алдына келип турушканда, алардын араcына шайтан дагы келип кошулат. Ар бир диний жандануулар башталган сайын, Кудайдын Жыйынына, жүрөгү толук кайрылбаган жана терең ойлонууну билбеген адамдарды, түртүп киргизет. Качан мындай адамдар чындыкты жарым жартылай кабыл алышып, ишенген адамдардын катарына кошулушканда, ал, алар аркылуу али чындыкта толук бекемделе элек адамдарды, өзүнүн бузулган көз караштарына, үндөөгө аракет кылып турат. Бир дагы адам, Кудай элинин катарында, Кудай Үйүндө жүргөндүгү үчүн гана, чыныгы ишенүүчү бoлyп кала албайт, шайтан ар-дайым ишенүүчүлөрдүн салтанаттуу чогулуштарына, өз куралдарынын бейнесинде катышып турат.УК 357.3

    Кудай эли, Асман Турагына бара жаткан ар бир кадам жер үчүн, караңгылыктын мырзасы күрөшүп келүүдө. Жыйындын бардык баштан өткөргөн тарыхында, бир дагы жандануу кедергисиз, жакшынакай өткөн эмес. Элчи Павелдин күндөрүндө дагы ушундай болгон. Элчи кайсыл гана жерде жыйын уюштурбасын, ал жерде ишенимди кабыл алышып, бирок аларды жаңылыштыкка үндөгөн адамдар табылып турган, жана ал жалгандыктар чындыкка болгон сүйүүнү өчүрүү коркунучун туудурган. Ар-кандай фанатиктердин айынан Лютер дагы көп сандаган кыйынчылыктарга кабылган. Алар Кудай биз аркылуу аракеттенет дешкен, жана ушул себептен алар өз ойлорун, Ыйык Жазуудан жогору коюшкан. Ишенимде же Кудай менен баарлашууда тажрыйбага ээ болбогон көпчүлүк адамдар, ушул жаңы окутуучулар аркылуу азгырылышып, шайтандын жактоочулары бoлyшyп, Кудай Лютер аркылуу курган нерселердин бардыгын талкалашкан. Жана бир тууган Уэслилер, жана башка реформаторлор, өздөрүнүн үлгүлүү таасирлери менен, бул дүйнө үчүн алкыш бoлyп калышты. Алар ар бир баскан кадамында, алар үчүн салынган азгыруучунун тузагына кабылышкан, бул тосулган тоскоолдуктар, туруксуз, толук жанданбаган, ар-кандай фанатизм менен булганган адамдар аркылуу келген.УК 358.1

    Уильям Миллер фанатиктерди эч качан жактырган эмес. Ал дагы өз учурунда Лютер сыяктуу, ар бир рух Кудай Сөзү менен текшерилиш керек, деп айткан. “Биздин күндөрүбүздө шайтан - дейт Миллер, - кээ бир адамдардын акылдарын ээлеп алган. Адамда кандай рух жашап жаткандыгын, биз кантип билебиз? Мукаддас мындай деп жооп берет: “Аларды өз жемишинен билип аласыңар”. Рухтар абдан көп, ал эми бизге аларды сынап көрүү буйрулган. Бизге жакшы, адилетүү, жана таакыба жашоо үчүн аракет кылууга мүнкүндүк бербеген рух, Машаяктын Руху эмес. Фанатизмдин бардык учкундары - шайтандын иштери экендигине, мен күндөнкүнгө ишенип бара жатам. Биздин көпчүлүгүбүз, толук касиеттүү болуга аракеттенгендиктен, чындыкка каршы келген адамдардын каада-салттарына кайрылышат, булар, бул жөнүндө ойлонбогон адам сыяктуу маанисиз” 326Блисс. 236,237-бет.. “Адаштыруучу рух бизди чындыктан алыстатат, ал эми Кудайдын Руху бизди чындыкка алып келет. Бирок силер мын-дай деп айтасыңар, адам адашууда жүрсө дагы, чындык жөнүндө oйлоно алат. Ал кандай чындыкка ээ? Буга бизде мындай жооп бар: Рух менен Сөз экөө ажырагыс. Эгерде адам өзүн Кудай Сөзү менен текшерип көрүп, өз мүнөзүнүн Кудай Сөзүнө шайкеш келгендигин тапса, анда ал чындыка ээ болдум, деп айтса болот; бирок ал, аларды башкарган рух, Кудай Мыйзамына жана Сөзүнө бириге албай турган болсо, анда ал, шайтандын торуна түшүп калбашы үчүн, сак болуусу талап кылынат 327“Адвентистин жарчысы жана мезгил белгилери”, 8-том, № 23, 15-январь 1845-жыл.. Мен, бир чын жүрөктөн чыкан сөздөн, оор улутунгандан, жана көздөн аккан жаштан, христиан дүйнөсүндө бийлик кылып жаткан ызы-чууга Караганда, көбүрөөк ички дүйнөнүн тазалыгына ээ болгом” 328Блисс, 282-бег..УК 358.2

    Реформациянын күндөрүндө, фанатизмге каршы күрөшкөндөрдү, анын душмандары фанатизмге берилген, дешип айыпташкан. Адвентистердин кыймылына каршы тургандар дагы, ушундай эле иштерди кылышкан. Фанатиктердин туура эмес талкууларына ыраазы болушпай, алар чындыкка таптакыр жакындабаган ойлоп тапкан баяндарды айтышкан. Бул адамдар көрө албастык жана түркөйлүктүн таасири алдында аракеттеништи. Машаяк эшик алдында деген кабар, алардын тынчын алган. Бул кабар чындык бoлyп калбасын деп алар коркушкан, жана ошол эле мезгилде, бул андай эмес деп ишенишкен - алардын адвентистерге жана алардын ишенимдерине болгон, душмандыгынын жашыруун сыры, мына ушунда.УК 359.1

    Эгерде адвентистердин катарына, бир нече фанатиктер кошулган болсо, анда бул Кудайдан эмес деп ойлоонун кажети жок, анткени Павелдин жана Лютердин мезгилдеринде дагы фанатиктердин болуусу, алардын ишин кыскарта алган эмес. Ошондуктан Кудай эли уйкусунан ойгонуп, тoбo келтирүү жана реформа ишине киришүүсү зарыл; чындыктын Машаякта кандай экендигин билүү үчүн, Ыйык Жазууларды изилдөөгө киришсин; өздөрүн толугу менен Кудайга арнашсын, ошондо, - шайтан баштагысындай эле сергек жана аракетчил душман, экендигин билүүгө дилилсиз жана кемчиликсиз калышпайт. Бардык айла-амалын колдонуу менен, ал өз күчүн көрсөтүп, өз падышалыгындагы жыгылган периштелеринин бардыгын чакырат.УК 359.2

    Фанатизмдин жана бөлүнүп - жарылуунун көрүнүүсү, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү кабардан эле башталган жок. Ал, 1844-жылы жайында, адвентиcтер эмне кыларын билишпей күмөн cанап турганда башталган. Биринчи периштенин кабары жана “түн ичиндеги кыйкырык” фанатизмдин жана бөлүнүүнүн күчтөрүн кармап турган. Бул салтанаттуу кыймылдын катышуучулары, бир ниетте болушкан; алардын жүрөктөрү өз жакындарына жана жакында көрүүгө үмүттөнүшкөн, Ыйсага болгон сүйүүгө толуп тyрган. Ишенимдеги жана кастарлап күтүүдөгү бирмирдик, аларды ар бир карама-каршы тааcирден сактап турган, жана шайтандын соккуларына коргонуч болгон.УК 360.1

    “Жана күйөө кечигип, баары үргүлөшүп жана уктап кетишти. Бирок түн жарымында “мына күйөө келе жатат, аны тосуу үчүн чыккыла”, деген кыйкырык угулду. Ошондо берки кыздардьш баары турушуп, өз чырактарына май куюшту” (Мф. 25:5-7). 2300 күндүк пайгамбарлыктагы мезгил, 1844-жылдын күзүндө аяктамак, жана бул мезгил аяктаганда, Жазуу боюнча: “Мына күйөө келе жатат”, деген кабар жарыя кылынган. Артаксеркстин Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу биздин доорго чейинки 457жылы чыкканда, ошол жылдын жазында эмес, күзүндө буйрук күчүнө кирген. Жана 457-жылдын күзүнөн баштап эсептей турган болсок, 2300 жыл 1844-жылдын күзүндө аяктамак.УК 360.2

    Байыркы Осуяттагы көрсөтмөлөр дагы, Жазууда айтылган “касиеттүү жайдын тазалануусу”, күзүндө аткарылуусу керек болуучу. Машаяктын Биринчи Келишине тийиштүү болгон көрсөтмөлөрдүн аткарылгандыгынан, бул суроолор, баштагыдан дагы ачык жана белгилүү бoлyп калды.УК 360.3

    Пасха курмандык козусун курмандыкка чалуу, Ыйса Машаяктын өлүмүнүн көлөкөсү болгон. Элчи Павел мындай дейт: “Анткени биздин Пасха, биз үчүн курмандыкка чалынган Машаяк” (1 Кор. 5:7). Теңирге алынып келинген биринчи түшүмдүн тангагын силкилдетүү, Машаяктын тирилишинин белгиси бoлyп эсептелет. Машаяктын жана Анын элинин бардыгынын тирилиши жөнүндө, элчи Павел мындай деп жазган: “Биринчи Машаяк, андан кийин Ал келгенде, Машаякка таандыктар” (1 Кор. 15:23). Жыйын башталардын алдында, биринчи бышкан таңгакты алып силкилдеткен сыяктуу, куткарылгандардын тирилишинде Кудайдын кампасына алынып келе тургандардын биринчиси, Машаяк бoлyп эсептелет.УК 360.4

    Бул белгилер болуусу менен эле эмес, мезгилдери менен дагы так аткарылган. Иудейлердин биринчи айынын он төртүнчү күнү, оң беш кылым аралыгында, пасхага арналган курмандык козусу союлуп турган, Машаяк дагы Өз окуучулары менен, пасханы өткөрүү менен Кече Тамак эрежесин калтырган, жана бул “бул дүйнөнүн күнөөсүн Өзүнө жүктөп алган, Кудайдын Курмандык Козусу”, катары, Анын өлүмүнүн символу болмок. Ошол эле түнү Ал, адилетсиз адамдар аркылуу колго түшүрүлүп, керилген жана өлтүрүлгөн. Жана эгин таңгагынын силкилдетүү символу катары, Машаяк үчүнчү күнү өлгөндөн кайрадан тирилди, жана “өлгөндөрдүн Биринчиси”, тириле турган адилеттүүлөрдүн Башкысы катары, “биздин кордолгон денебизди”, “Анын даңктуу Денесине ылайыктуу” өзгөртөт (Флп. 3:20,21).УК 360.5

    Экинчи Келүүгө тийиштүү болгон, символдуу кызматтар дагы, баштагыдай эле өз учурунда аткарылып, иш жүзүнө ашмак. Мусанын мыйзамы боюнча, касиеттүү жайдын тазаланышы, же куткарып алуучу улуу Күн, иудейлердин жетинчи айынын онунчу күнү, бoлyп турган (Лев. 16:29-34). Улуу дин кызматчы, түгөл Израил үчүн куткарып алуу кызматын өткөргөндөн кийин, касиеттүү жайды иудейлердин күнөөлөрүнөн тазалап, калайык-калктын алдына чыгып, жана аларды алкыштаган. Ушул сыяктуу эле, Машаяк дагы күнөөлөрдү жана күнөөкөрлөрдү жок кылуу үчүн, жер үстүн тазалап, Өз элине өлбөй турган түбөлүктүү өмүр тартуу кылат, дешип миллериттер дагы эсептешкен. Жетинчи айдын онунчу күнү - улуу куткарылуу Күнү, касиеттүү жайды тазалоо убактысы.УК 361.1

    1844-жылы бул күн 22-октябрда болуп өткөн. Теңирдин Келиши ушул күнү белгиленген болуучу. Бул баш-та эсептелген, Келүү күзүндө болот деген күнгө дал келген. Чыгарылган жыйынтык талашсыздай сезилди.УК 361.2

    Матфейден жазылган Ыйык Инжилдеги 25-бапта жазылган үлгүлүү аңгемедеги, күйөөнүн келиши, күтүү жана уктоо мезгилдери менен байланышкан. Жана бул дагы, Байыркы Осуяттагы сүрөттөөлөргө жана пайгамбарлыктарга шайкеш келип турган. Ишенген адамдар, өз жыйынтыктарында ишенимдүү болушкан, жана “түн ортосундагы кыйкырык”, миндеген периштелер аркылуу жарыяланган.УК 361.3

    Бул кыймыл, деңиздин чоң толкүнү сыяктанып, өлкөнүн барына жайылып кетти. Кабар шаарданшаарга, кыштактардан-кыштактарга, өлкөнүн бардык булуң-бурчуна чейин, Кудай эли Теңирди күтүү үчүн ойгонгончо, таратыла берген. Ушул жарыктын күчүнүн алдында, фанатизмдин көрүнгөн жарыктары, күн чыгардын алдында таңкы үшүк таратылган сыяктанып, таратылып жок болгон. Күмөн саноо жана билбестиктер жоготулуп, үмүт жана эр жүрөктүүлүк, адамдардын жан дүйнөсүндө орун алган. Адамдарды кармап туруучу Кудай Рухунун жана Сөзүнүн таасиринин жоктугунан пайда болуучу, түшүнбөстүктөрдөн качып кутулууга мүнкүндүк бoлдy. Байыркы мезгилдеги, Кудайдын айыпты ачкан кулдарынын аркасында, Израил эли баштарынан өткөргөн жандануулар сыяктуу, бардык нерселер ошол мезгилдерди ойго салган сыяктуу сезилет. Бул бардык мезгилдеги, Кудайдын иштерине мүнөздү. Эч ким ичтеринен кытмыр күлө алышкан жок, адамдар өз жүрөктөрүнүн тереңине көз чаптырышты, өз күнөөлөрү үчүн тoбo келтиришип, жана дүйнө менен болгон байланыштарын үзүшкөн. Өздөрүн, Теңир менен жолугушууга даярдоо үчүн аракеттенип, алар Асманга карата тырышып сыйынган сыйынууларын узатышып, жана толугу менен өздөрүн Кудайга арнашкан.УК 361.4

    Бoлyп жаткан нерселерди баяндап Миллер мындай дейт: “Адамдар анча деле чоң кубанычка көргөзө албай тургандай сезилген, бул кубанычты бир гана Асман менен жердегилердин баары биригип, айтып бере алгыз жана данктуу мезгилге сактап турган сыяктанган. Шандуу үн чыгаруулар жок - анткени бардыгы Асмандан акыркы периштенин сурнай үнүн күтүп турушат. Ырчылар дагы үндөшпөйт - алар дагы, периштелердин үнүнө кошулушуп, Асманда жаңыруучу ырды күтүп жаткандай... Эч ким карамакаршы ойлорду айтышпайт, анткени бардыгында бир жүрөк жана бир гана oй” 329Блисс. 270.271-бет..УК 362.1

    Дагы бир ошол мезгилдин күбөсү мындай деп жазган: “Бул кыймыл бардык жерде, жүрөктү терең текшерип чыгууга, жана Улуу Кудай алдында өзүн жоошутууга түрткү берген. Дүйнө менен болгон байланыш кайратын жоготту, карама-каршылык жана душмандык сүрүлүп чыгарылды, күнөөлөр үчүн тoбo келтирилген, жана бардыгы терең кайгыруу менен Кудай алдында тизе бүгүшүп, кечирип жана кабыл алуу үчүн, өтүнүп жатышат. Дуйнө мындай өзүн кемсинтип жана тoбo келтирүүнү, эч качан көргөн эмес. Иоил пайгамбар аркылуу айтылгандай, Кудайдын улуу Күнүнүн жакындашы, адамдардын кийимдерин эмес, жүрөктөрүн жыртууга түрткү берди, жана Кудайга орозодо, озондоп ыйлоо менен кайрылууга жардамдашты. Теңир Захария пайгамбар аркылуу айткандай, Анын уулдарына ырайымдын жана мээрмандыктын Руху төгүлгөн: “Жана алар теше сайып салгандын Өзүн көрүшөт дагы, жана Ал жөнүндө ыйлашат”, жана Теңирди күткөндөр өз жүрөктөрүн момун кылышкан” 330Блисс, “Адвентистердин калканы жана байкоосу”, 1-том. 271 -бег, январь 1845-жыл..УК 362.2

    Элчилердин күндөрүнөн баштап, бир дагы диний кыймылда, адамдар ушул 1844-жылдын күзүндөгүдөй бoлyп, адамдык алсыздыктан, жана шайтандын азгырыктарынан эркин боло алган эмес. Жада калса азыр дагы, бул окуядан бир канча жыл өтүп кетсе да, бул ишке катышкан жана чындыкта бекемделген адамдар, ушул ак-баталуу кыймылдын касиеттүү таасирин сезишип, жана ал Кудайдан болгондугун эске салышат.УК 362.3

    “Мына күйөө келе жатат, жана аны тосуп алуу үчүн чыккыла”, деген кыйкырык чыкканда, күтүп турушкандар “турушуп жана өз чырактарына май куюшту”; жана алар өтө тырышкандык менен Кудай Сөзүн изилдешкен. Көңул калгандарды кубаттап, жана аларды кабарды кабыл алууга камдоо үчүн, Асмандан периштелер жөнөтүлгөн. Бул иш адамдардын даанышмандыгынан же окумуштуулугунан эмес, бирок Кудайдын Рухунун аракети боюнча алдыга жылган. Биринчилерден бо-лушуп бул кабарды, билимсиз жана жөндөмдүүлүгү жок адамдар эмес, билимдүү жана жөндөмдүү адамдар угушуп, кабыл алышкан. Фермерлер өз талааларында али чогултулбаган түшүмдөрүн калтырышты; кол өнөрчулөр - өз шаймандарын калтырышып, Кудайдын эгин талаасына эскертүүчү насаат айтуу үчүн, чыгышты. Ал эми кимдер башта Кудай иштерин башкарган болушса, акыркылардын бири бoлyп, бул кыймылга кошулган. Жыйындар бул кабардын алдында, өз эшиктерин жабышкан, жана аны кабыл алышкандан кийин, өз жыйындарын калтырышкан. Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгү, “түнкү кыйкырык”, экинчи периштенин кабары менен кошулуусун каалаган, жана ага чоң күч дем бергиси келген.УК 362.4

    “Мына, күйөө келе жатат”, деген кабар, далил талап кылган эмес, анткени Мукаддастын ачык жана белгиленген күбөлөндүрүүсүнө негизделген. Бул кабар адамдардын жанынын үстүнөн, чоң бийликке ээ болгон. Алар күмөн саноолорго жана түшүнбөстүккө, орун калтырган эмес. Машаяктын Иерусалимге салтанаттуу киришинде адамдар, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан ал жерге чогулушуп, жана Машаякты узатып бара жаткан элдерге кошулушуп, Елион тоосун көздөй бет алышкан, бoлyп жаткан салтанаттын бардыгын кабыл алышып, “Теңирдин атынан келе жатканга Осанна!” (Мф. 21:9), деген кыйкырыктарга кошулган. Ушул сыяктуу эле адвентистердин кыймылына дагы, ишенбеген адамдар дагы кошулушкан - бирөөлөрү кызыккандыктарынан келишсе, башкалары көңүл ачуу үчүн келишти: бирок, тигилери да, булары да, “Мына, күйөө келе жатат”, деген кабардын жеңиштүү күчүн сезишкен.УК 363.1

    Ошол кезде адамдар күчтүү ишенимге ээ болушкандыктан, алардын сыйынууларына жооп катары - сыйлыксыз калбай турган, ишеним алууга дагы мүмкүнчүлүктөрү болгон. Чындыкты кабыл алууга суусаган адамдардын үстүнө Рух, какыраган жерге жамгыр тийген сыяктуу, түшкөн. Өзүнүн Куткаруучусун бетме-бет көрүүгө үмүттөнгөн адамдар, бoлyп көрбөгөндөй кубанычка ээ болушкан. Сооротуучу жана бийлик жүргүзүүчү Кудайдын Руху, жүрөктөрдү башкарды, жана Анын алкыштары, чындыктын ишенимдүү катышуучуларынын үстүнө, ашыгы менен төгүлдү.УК 363.2

    Бул кабарды кабыл алгандар, ошол күндүн жакындашына этияттык менен даярданышып, Теңирге жолугушууга үмүттөнгөн күнгө, жакындашкан. Ар бир аткан таңда, алардын алгачкы милдети, Кудай кабыл алды бекендигине ынануу болуучу. Алар баары бирдикте, бири-бири үчүн чын жүрөктөн сыйынышкан. Кудай менен баарлашуу үчүн алар ээн жерлерге барышкан, жана талааларда, тоолордо, ырайым жөнүндөгү сыйынуулар Аcманга угулуп турду. Жердеги зарыл нанга караганда, Куткаруучунун кубаттоосу, алар үчүн зарыл болгон, жана алардын жүрөктөрүн бир нерсе капаланткан болсо, алардын жүрөктөрүнө кайрадан тынчтык орномоюнча, алар тынч ала алышкан эмес. Өздөрүндө баарын кечирүүчү ырайымды сезгендиктен, алар өздөрү абдан сүйгөндүн Өзүн көрүүнү самашкан.УК 363.3

    Жана кайрадан аларды көңүл калуулар күтүп турган. Белгиленген мөөнөт өтүп кетти, бирок Куткаруучу көрүнгөн жок. Анын Келишин алар ишеним менен күтүшкөн, жана эми болсо алар Мария кабылган абалга кабылышты, ал дагы мүрзөгө келип, кепиндин ачык калганын көрүп, ыйлап мындай деген: “Менин Теңиримди алып кетишти, Аны кайсыл жака койгонун билбей жатам” (Ин. 20:13).УК 364.1

    Бул кабар балким чындык бoлyп калбасын, деп сак-сактап корккондуктан, мезгил бир нече убакытка чейин, ишенбеген адамдарды кармап турду. Качан белгиленген убакыт өтүп кеткенде, алардагы бул сезим шыр эле жок бoлyп кеткен жок. Башталышында алар, Машаякты күтүшкөн адамдардын көңүл калууларына, салтанат кура алышпады. Бирок Кудайдын каарынын бир дагы белгиси болбогондон кийин, алардын сак-сактыгы жоголду, жана алар Кудайдын ишенимдүү уулдарын шылдындап кордоолору башталган. Бир канча убакыт мурунураак Машаяктын Келишине ишенебиз деген адамдар, өз ишенимдеринен баш тартышты. Өзүнө көбүрөөк ишенгендери, өз текебердигинде уялышып, бул дүйнөдөн качып кетүүнү каалашкан. Жунус пайгамбар сыяктуу, алар Теңирди айыпташып, өз өлүмдөрүн тилешкен. Ал эми өз ишенимдерин, Кудай Сөзүнө эмес, бирок кимдир бирөөнүн оюна негиздегендер, эми кайрадан өз oйлорун өзгөртүүгө даяр эле. Кудайга акаарат айтуучулар, өз тараптарына алсыз жана коркок адамдарды тартышып, эми эч кимди күтпөйбүз жана күтө турган эч ким жок деп, баса айтып жатышты. Убакыт өтүп кетти, ал эми Теңир Келген жок, жана дүйнө башта кандай болсо, дагы миң жыл ошондой тура берет.УК 364.2

    Чыныгы ишенүүчү адамдар, Ма-шаяктын Ысымынан бардыгына кайрымдуу болушту, жана баштагысындай эле Анын жакындыгын сезип турушту. Акыркы эскертүүнү бул дүйнөгө жарыялагандан кийин, Өзүнүн Куткаруучусу жана ыйык периштелер менен, жакында жолугуша тургандыгына үмүттөнүштү, жана бул кабарды кабыл алууну каалабаган топтон алыстоогo аракет кылышкан. Алар чын жүрөгүнөн минтип сыйынышкан: “Кел, Ыйса Теңир, батыраак кел!” Бирок Ал келген жок. Эми кайрадан үстүлөрүнө турмуштагы кыйынчылыктардын оор жүгүн алып, жана шылдындарды, жемелерди баштан өткөрүп жана бул дүйнөнүн акылсыздыктарына чыдоо керек. Алардын ишенимн жана чыдамдуулугу, чындыгында коркунучтуу сынакка кабылмак.УК 364.3

    Бирок бул көңүл калуулар, Ма-шаяктын Биринчи Келишиндеги шакирттердикинен оор болгон жок. Качан Ыйса салтанат менен Иерусалимге кирип бара жатканда, шакирттер Аны эми Дөөттүн тактысына отуруп, Израилди баскынчылардан бошотот, деп oйлошкон. Текебер үмүткө жана кубанычтуу мезгилге толукшуп, алар өз Падышасына өтө чоң урмат-сый көргөзүүгө аракет кылышкан. Көпчүлүгү , килемдин ордуна Анын алдына өз кийимдерин төшөгөн, башкалары болсо, пальма бутактары менен желбиретишип, ага сый көргөзүп жатышты. Кубанычка толгон адамдар минтип үн жаңыртып жатышты: “Дөөттүн Уулуна Осанна!” Жана ачууланган жана тынчсызданган фарисейлер, Ыйсадан шакирттеринди үндөбөгүлө деп айт, дешип талап кылганда, Ал мындай деп айткан: “Эгерде алар үндөбөй турган болушса, анда мындагы таштар үн жаңыртышат” (Лк. 19:40). Пайгам-барлык орундалышы керек бoлyyчу. Шакирттер Кудайдын эрки боюнча иш жасашты, бирок аларды катуу көңүл калуулар күтүп турган. Бир нече күн өткөндөн кийин эле, алар Өз Куткаруучусунун өлүмүнө жана Анын көмүлүшүнө күбө болуп калышты. Эми бир дагы жакшы максат жана үмүт аткарыла албайт, жана алардын күтүүсү Машаяк менен бирге өлүп калды. Бир гана Машаяк жеңиштүүлүк менен мүрзөдөн чыккандан кийин гана, бoлyп өткөн нерселердин бардыгы пайгамбарлыктарда айтылгандыгын, алар билип калышты, “Машаяк азап чегип, жана өлгөндөн кайра тирилүү керек” (Ап.Иш. 17:3).УК 365.1

    Бул окуя боло электен 500 жыл мурда, Захария пайгамбар аркылуу Теңир мындай деп айткан: “Кубанычтан шаттан, Сион кызы, салтанат кур Иерусалим кызы; мына сенин Падышаң адилеттүү жана куткаруучу жоош көңүлү менен, ургаачы жана жаш эшекке, атап айтканда, унаа эшегинин баласына минип, сага келе жатат” (Зах. 9:9). Ыйса сотко жана өлyмгө бара жат-кандыгын шакирттер алдын ала билишкенде, бул пайгамбарлыкты орундатууга алардын күчү дагы жетмек эмес.УК 365.2

    Ошол сыяктуу эле Миллер жана анын жактоочулары дагы пайгамбарлыкты аткарышып, Кудай Сөзүндөгү дүйнөгө таандык кабарды таратышты. Эгерде алар, күткөндөрдү күтө түрган көңүл калуулар жөнүндөгү пайгамбарлыкты, толугу менен билишкен болсо, анда алар аткара турган иштер аткарылбай калмак. Биринчи жана экинчи периштенин кабары керектүү мезгилде орундатылды, жана Теңир аркылуу белгиленген иш аткарылды.УК 365.3

    Дүйнө бул кыймылга көз чаптырып турду, эгерде убакыт өтүп кетсе жана Машаяк Келбей кала турган болсо, анда адвентистердин окутуулары токтолуп калат. Көпчүлүгү бoлyп өткөн сынактарга туруштук бере алышпай өз ишенимдеринен баш тартышса дагы, башкалары ага туруштук беришкен. Адвентистердин кыймылынын көрүнүктүү жемиштери: момундук, өзyн текшерүүгө ийкемдүүлүк, жана бул дүйнөлүк кызыгуулардан баш тартуу, өмүрүн өзгөртүү - булардын бардыгы, бул кабар Кудайдан экендигин, абдан көркөмдөп күбөлөндүрүп турган. Алардын Экинчи Келүү жөнүндөгү кабарды таратуусуна, Ыйык Рух түрткү болгондугун, бирөө тана алабы? Пайгамбарлык мезгилдерди санап чыгууну алар ката деп, эсептешти беле? Алардын пайгамбарлык мезгилдерди талкуулаганын, эң эле кылдат каршылаштары дагы, туура эмес деп айта алмак эмес. Ыйык Жазууну кылдаттык менен изилдешкендиктен, алардын акылын Кудайдын Руху жарык кылып, жана алардын жүрөгүн Анын ысык сүйүүсү башкарган, окутуудан баш тарта алышкан жок. Эң эле катуу сындоолорду жана диний окутуучулардын каардуу көрө албастыгын баштан өткөрүп, философтордун оюна туруштук берген чындыктан, алар баш тарта алышабы? Окумуштуулардын кысмака алып баш тартууларына, бал тилдүү жемелерине, шылдың жана кемсинтүүлөргө чыдаган адвентистерди, бардык коомчулуктар ушундайча кабыл алышкан.УК 366.1

    Чынында эле күтүп жаткан окуя болбой калды, бирок бул нерселер, Кудай Сөзүнө ишенгендикти солкулдата алмак эмес. Качан Жунус пайгамбар, 40 күндөн кийин Ниневия шаары кыйратылып жок болот, деп көчөмө-көчө жарыялаганда, Ниневиялык тургундардын жашоосунун өзгөрүлгөндүгүн, Теңир көргөн, жана сынак мезгилин узарткан: чынында эле Жунус пайгамбардын насааттары Кудайдан болгон, жана шаар дагы Анын эрки менен сынакка кабылган. Теңир ошол сыяктуу эле, бул дүйнөгө сот жөнүндө эскертүү кабарын бергендигин, адвентистер билишкен. “Бул кабар - дешкен алар, - уккандардын жүрөктөрүн сынаган, жана бирөөлөрүн Кудайдын Күнүн тосуп алууга каалоосун ойготсо, башкалары үчүн бул кабар, Кудай көрүп турган жек көрүүчүлүктү жараткан... Бул кабар адамдарды эки топко бөлдү, жана Теңир белгиленген убакытта Келе турган болсо, кайсыл жакта бoлyп кала турган-дыгын билүү үчүн, өз жүрөктөрүн кароого мүмкүндүк берген; Анын Келишинде, алар минтип айтууга даярбы: “Мына Ал - биздин Кудайыбыз, Ага биз таянганбыз, жана ал бизди куткарды”. Же болбосо, алар аскаларга жана тоолорго кайрылышып, алар Козунун каарынан сактап калуу үчүн, өздөрүнө түшүүсүн өтүнүшөбү. Ошондуктан Кудай Оз элин мына ушундайча сынаган. Ал алардын ишенимин билгиси келди, Ал Өзү аларды коюну каалаган негизде, алар сынак саатында тура алышабы; жана бул дүйнөлүк кызыгуулардан баш тартып, жана Кудай Сөзүнө толук таяна алышабы” 331“Адвентистин жарчысы жана мезгил белгилери”, 8-том, № 14, 13-ноябрь 1844-жыл..УК 366.2

    Бардыгы Кудайдын эрки менен бoлдy, деп ишенген адамдардын сезимдери жөнүндө Миллер мындай деп айткан: “Эгерде мен, ушул эле далилдерди билүү менен, кайра жашоого мүмкүндүк ала турган болсом, анда Кудай алдында жана жакындарымдын алдында дагы чынымды айта турган болсом, мен өтүп кеткен жол менен кайрадан өтөт элем”. “Анткени мен билем, менде эч кимдин каны жок. Мен кимдир бирөөнүн айыптоосуна кабылып калбашым үчүн, болгон аракетимди жасадым. Мен эки жолу көңүл калууга кабылганым менен, - дейт бул Кудайдын адамы, - мен аягына чейин кулай элекмин... Менин Машаяктын Келишине болгон ишенимим, баштагыдай эле бекем. Мен көп жылдар олуттуу ойлонуудан кийин, өзүмдүн милдетим деп эсептеген нерселерди гана жасагам. Эгерде мен жаңылган болсом, өз жакындарымды сүйүп, жана Кудай алдында өз эркимди аткарууга аракет кылгандыгыман гана жаңылгам”. “Бир нерсени мен жакшы билем - мен өзүм жакшы ишене албаган нерсе жөнүндө насаат айткам, жана менин жанымда Кудай бар болуучу; Анын Күчү менин эмгектеримде билинип турат, жана ушундайча көп деген жакшы иштер аткарылган. Биздин азыркы кездеги насаатыбыздын аркасында, миңдеген адамдар Ыйык Жазууларды окуп жатышат, жана Машаяктын тазалоочу Канынын аркасында, Кудай менен элдешишти. Мен эч качан бул дүйнөнүн белгилүү адамдарынан ырайым күткөн жокмун, жана дүйнөнүн көрө албастыгына жеңилген эмесмин. Жана мен азыр дагы, аларга жагынууну каалабайм, бул алардын ачуусун келтире тyрган болсо дагы, мен өзүмдүн милдетиме ишенимдүү бойдон калам. Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгүнө, менин өмүрүмдү жоготуу зарыл боло турган болсо, мен өз өмүрүмдү сактап калуу үчүн аракеттенбейм жана калтаарыбайм” 332Джеймс Уайт, “Уильям Миллердин өмүрү”, 315-бет..УК 367.1

    Кудай Өз элин калтырган жок; Анын Руху баштагысындай эле, берилген жарыктардан алаңгазарлык менен баш тарткандарды ээрчибеген, жана адвентистердин кыймылына тил тийгизбеген адамдар менен, бoлyп турду. Кыйналгандар жана кыйын абалда турган адамдар үчүн, Эврейлерге жазылган Катта мындай эскертүүчү жана кубаттоочу сөздөр бар: “Демек, үмүтүңөрдү калтырбагыла, анын абдан сонун сыйлыгы бар. Кудайдын каалоосун аткарып, убадаланганды алуу үчүн, силерге чыдамкайлык керек; анткени, аз эле, аз эле калды, жана Келе Турган келет, токтолбостон келет. Такыбаа жан өз ишениминде аман жүрөт; ал эми ким олку-солку болсо, аны Менин жаным жакшы көрбөйт. Биз болсо, жок бoлyy үчүн олку-солку бoлyп тургандардан эмеспис, бирок жанды куткаpуу үчүн ишенимде турабыз” (Евр. 10:35-39).УК 367.2

    Машаяктын Келиши жакын деген сөздөрдөн, бул сооротуулар, акыркы мезгилдеги Жыйындарга айтылгандыгы көрүнүп турат: “Анткени, аз эле, аз эле калды, жана Келе Турган келет, токтолбостон келет”. Бул жерде, кичине кечигүү үчүн, Теңир келбей тургандай көрүнгөндүгү жазылган. Бул насааттар, өзгөчө адвентистердин тажрыйбасына дал келет. Бул сөздөр айтылган элдердин ишенимдерин кемедей кыйроо коркунучу күтүп турган. Алар Кудайдын Сөздөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн артынан баруу менен, Кудайдын эркин аткарышкан. Ошондой болсо дагы, алар өздөрү кабылып калган сынактарга байланыштуу болгон, Теңирдин оюн түшүнө алышкан эмес. Аларды Кудай эмне себептен ушул жолдор менен алып жүрүп отурганын алар биле алышпады, жана чын эле Кудайдын жетегинде бара жаткандыгына дагы шектенишкен. Бул мезгилдерге төмөнкү сөздөр дал келген: “Такыбаа өз ишениминде тирүү калат”. Качан “түн ортосундагы кыйкырыктын” жарыгы алардын жолун жарык кылганда, алар пайгамбарлыктар ачылганын көрдү, ал эми бат аткарыла баштаган жышаан белгилер, Машаяктын Келиши жакындыгын билдирген; жана алар өздөрүн көрүнүктүү жерде тургандай сезишкен. Бирок эми, көңүл калуулардын жана көңүл чөгүүлөрдүн жүгүнүн алдында, алар бир гана Кудайга жана Анын Сөзүнө ишенүү аркылуу гана, туруштук бере алышмак. Акылдан ажыраган дүйнө мындай деп айткан: “Силерди алдап койду; өз ишенимиңерден баш тартып, адвентистердин кыймылы - шайтандан деп айткыла”. Бирок Кудай Сөзү мындай деген: “Ал эми ким олку-солку болсо, аны Менин жаным жактырбайт”. Эми, кабарды коштоп жүргөн ишенимден кайтуу, Кудай Рухунун күчүнөн баш тартуу, Кудайдан баш тартуучулукту жана өлүмдү билдирген. Элчи Павелдин бул сөздөрү алардын ишенимин бекемдеген: “Демек, үмүтүңөрдү калтырбагыла, анын абдан сонун сыйлыгы бар. Силерге чыдамкайлык керек... Анткени, аз эле, аз эле калды, жана Келе Турган келет, ток-толбостон келет”. Алар бир гана жападан жалгыз жол менен, Кудайдан бир жолу алган жарыкты сактап баруулары керек болгон, жана жаңы жарыкты алуу үчүн, Анын убадаларына бекем ишенип, Кудай Сөзүн изилдөө менен, чыдамдуулукта жана сергектикте күтүү зарыл.УК 368.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents