Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    40 Бап — Кудай Элинин Куткарылуусу

    Качан, Кудайдын Мыйзамдарын сактаган адамдар, элдик мыйзамдардын коргоосунан ажыратылып калганда, ар-кайсыл мамлекеттерде, аларды кыйратып жок кылуу максатындагы кыймыл башталат. Жана буйрукта көгөзүлгөн мезгил жакындаганда, адамдар бул топту жок кылуу үчүн сөз бекитишет. Каршы чыгып сүйлөгөн үндү биротоло жок кылуу максатында, бир түндө чечүүчү сокку берүүгө чыгышат.УК 567.1

    Түрмөдө, токойлордогу жашыруyн жерлерде жана тоолордо жүргөн - Кудайдын эли, коргоо үчүн Ку-дайдан жардам сурап кайрылышат, алардын айланасында, аларды өлтүрүү максатында бардык жерде куралдуу топтор уюшкан. Жана ушул саатта, алардын Кудай Теңири кийлигишип, аларды куткарып алуу үчүн чыгат. . Ал айтат: “А, силерде ыйык майрамдын түнүндөгүдөй ырлар ырдалат, Теңирдин тоосуна, Израилдин аскасына чыгып бара жаткандай, жүрөгүңөргө кубаныч толот. Жана Теңир эбегейсиз добушу менен, Өз үнүн жаңыртып, каарданган каруу-булчуцу менен, оттой жалмаган жалынын каптатат, бороон удургутуп, ташкын ташытып, таш жаадырат” (Ис. 30:29,30).УК 567.2

    Кыйкырык ызы-чуу, мыскылдап каргоо менен, жин даарыган калың топ өз олжосуна кол салууга даяр болушканда, көзгө сайса көрүнбөгөн караңгы түндөн дагы караңгылыгы күч болгон, түн пайда болот, жана жерди чулгайт. Анан Асмандан Кудайдын Тактысынан жаркырап чыккан кок желе сыяктанган жарык, ар бир сыйынып жаткан топтун үстүнө тийет. Каарданган адамдар, коркокндуктан селейип катышат. Жана шылдыңдаган үндөр басылган. Адамдар, өздөрүн эмне мынчалыктуу кыжырын кайнаткандыгын билбей дагы калышкан. Жакындап келе жаткан коркунучтан үрөйлөрү учуп, Кудайдын Келишиминин символун карап, жана жан чыдагыс жарыктан кантип кутулсак деген, бушаймандык менен алек болушат.УК 567.3

    Кудайдын уулдарына, ачык жана музыкадай жагымдуу: “Шаттангыла!”деген үн угулат. Жана, алар көздөрүн Асманга чаптыруу менен, убаданын кок желесин көрүшөт. Каптап турган калың караңгылык алардын алдында тарап, алар Степан сыяктанып, Асманга карап, Анын ачылып турганын, жана Тактыда Отурганды, Анын жанындагы Адам Уулун көрүүгө мүмкүндүк алышат. Анын Кудуреттүү Денесинде, азап тарткандагы жаракаттардын тагы бар, жана Ал, Атадан жана ыйык Периштелерден минтип сурайт: “Ата! Сен Maгa бергендердин брдыгы, Мен болгон жерде, Мени менен алардын дагы болуусун каалайм” (Ин. 17:24). Жана кайрадан жеңиштин шаттык үнү угулат: “Келе жатышат! Ыйыктар, айыпсыздар жана булганбагандар келе жатышат! Алар, Менин чыдамкайлык Сөздөрүмдү сакташкан; алар эми ыйык периштелердин арасында жүрүшөт” Жана ишенимде бекем болгон, кумсарган жана ээриндери титиреген адамдардын ооздорунан, жеңиштин кубанычтуу кыйкырыгы жаңырат.УК 567.4

    Түн жарымында, Кудай Өзүнүн элин куткаруу үчүн Өз күчүн көргөзөт. Күн жаркырагандан жаркырайт. Кереметтер жана белгилер, биринин артынан бири болуп өтөт. Кайырдин адамдар, бул көрүнүштөрдү үрөйлөрү учуу менен карашса, адилеттүүлөр болсо, өздөрүн куткаруучу белгилердин артынан, салтанаттуу кубаныч менен барышат. Жана жаратылышта бардыгы өзүнүн жүрүшүн өзгөртүп койгон сыяктуу. Дарыялар токтогон. Калың кара булуттар бири-бири менен кагышууда. Будуң-чаң болгон Асман алдындагы ажайыптардын ортосунда, айтып жеткире албагандай даңктын жүлгөсү; ал жактан көп суунун шаркыраганындай: “Аткарылды!” (Аян. 16:17) - деген Кудайдын Үнү угулуп жатат.УК 568.1

    Бул Yндөн, Асман менен жер титиреп турду. “Зор жер титирөө бoлдy, адамдар жер үстүндө жашагандан бери болбогондой, ушунча катуу жер титирөө бoлдy” (Аян. 16:18). Асман ачылып жана жабылып жаткан сыяктуу сезилет. Кудайдын Тактысынан, Кудайдын даңкынын жарыгы чачырап турат. Тоолор, шамалга ыргалган камыш сыяктуу кыймылдайт, жана аскалардын чачырандысы тyш тарапка чачырап жатат. Жакындап келе жаткан чоң толкyндyн добушундай добуш айлананы жаңыртат. Тынчсызданган деңиз ташкындап турат. Өздөрүнүн кыйратуучу ишин аткарып жаткан жиндер сыяктанып, бороондун дуулдаганы улам жогорулагандан жогорулоодо. Түгөл жер үстү, толкун сыяктуу көтөрүлүп кайра түшүп турду. Жана анын бети чар тарапка бөлүнүп ачылып жатты, жараканын ичинин учу-кыйры көрүнбөйт. Аралдар жок бoлyп, тоолор тегизделди. Доолуланган толкундар, Содом сыяктуу бузулган жакынкы шаарларды чайкап кетти. Жана улуу Вавилон “Кудайдын каары толтурулган табакты ичүү үчүн”, Кудай аркылуу эске алынган. Чоңдугу бир талант (36,5кг) болгон мөндүрлөр (19,21 аят), өз кыйратуучу ишин аткарууда. Бул дүйнөнүн даражалуу адамдары, өз ысымдарын чыгаруу үчүн, көп байлыктарын жумшаган кооз имараттар, алардын көз алдыларында, тегизделди. Түрмөлөрдүн дубалдары талкаланып, ишеним үчүн камалган Кудайдын адамдары андан бошотулду.УК 568.2

    Мүрзөлөр ачылып, “жана жер топурагына айланып уктап жатышкан көп сандаган маркумдар, бири түбөлүктүү өмүр алуу үчүн, башкалары түбөлүктүү кыйроо үчүн тирилишкен” (Дан. 12:2). Жана үчүнчү периштенин кабарына ишенип өлгөн адамдар, Кудайдын Мыйзамын аткарган адамдар менен бирге, Кудайдын тычтык Келишимин угуу үчүн, мүрзөлөрдөн кубанып турушту. Жана “Аны жанчкан адамдар дагы тирилишкен” (Аян. 1:7). Булар, Машаяктын азаптарынан кумар алгандар, андан башка дагы, Анын чындыктарынын жана Анын элинин абдан каардуу каршылаштары, тил алчаактар жана Машаякка ишенимдүү адамдар көрө турган, Анын Даңкын жана Бийлигин көрүү үчүн, ордуларынан тургузулган.УК 569.1

    Калың кара булут, дагы деле Асманды жаап турат, бара-бара каар-данган Кудайдын Көзү сыяктанып, күн дагы көрүнө баштады. Асманда чартылдаган чагылгандар, жер үстүн оттуу кепин каптап тургандай көрүнөт. Күндүн күркүрөгөн үнүн баскан, адилетсиздердин ала турган энчисин айтып жаткандай, үрөйдү учурган добуш угулат. Алардын маанисин бардыгы эле түшүнө беришпейт, бирок жалган окутуучулар, булар эмнени тyшүндүрүп жаткандыгын жакшы билишет. Жакында эле, Кудайдын элине өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшүп, жана аларга карата орой мамиле кылган адамдар, эми болсо, коркконунан титирешип, ооздоруна сөз келбей үрөйлөрү учуп калган. Алардын озондогон үндөрү, бoлyп жаткан жаратылыш добуштарын басып кетип жатты. Жиндер Машаяктын Кудуретин сезишип, Анын Күчүнүн алдында титиреп турушту, адамдар болсо жерде сойлоп, Анын ырайым кылуусун өтүнүп, зарлап жатышты.УК 569.2

    Байыркы пайгамбарлар, Теңир көргөзгөн Анын Күнүн көрүшүп, мындай деп айтышкан: “Ыйлагыла; анткени Теңирдин Күнү жакын, Эң Жогоркунун кыйратуучу Күчү сыяктанып келе жатат” (Ис. 13:6). “Теңирдин коркунучунан жана Анын улуу даңкынан качып, зоокага бар жана жерге жашын. Адамдардын кокурайган көз караштары шылкыйып калат, адамдык бийик ар-намысы төмөндөп, ал күнү бир гана Теңирдин даражасы бийик болот. Анткени бардык адамдардын текебердигине, теңсинбегендигине, аябай мактангандыгына каршы, Аалам Теңиринин жазалоочу Күнү келет, ошондо алар кордолот” (Ис. 2:10-12). “Ал күнү адамдар жүгүнүш үчүн, өздөрү жасап алган буркандарын, күмүш кудайларын жарганаттар менен момолой чычкандарга таштайт, Коркунучтуу Теңир Өз Улуу Даңкы менен Келип, ал жерди кыйрата баштаганда, корунган эл, аскалардын жаракаларына, тоолордун капчыгайларына качып кетиш үчүн, өз буркандарын ыргытышат” (Ис. 2:20,21).УК 569.3

    Булуттардын арасынан жылдыз жаркырайт, жана анын жарыгы, каптаган калың карангылыктан, өзгөчө жарык бoлyп жаркырайт. Ал, ишенимдүү Кудайдын уулдарына үмүт берет, ал эми Кудай Мыйзамын бузуучулар, бул жарыктан Кудайдын дайындап койгон каарын көрөт. Ким Машаяк үчүн бардыгынан баш тарткан болсо, азыр коопсуздукта, Кудайдын жашыруун баш калкасында бoлyп тургандай. Алар сыналышкан, жана түгөл чындыктан баш тарткан дүйнөнүн алдында, өздөрү үчүн Өлгөндүн Өзүнө өз ишенмдерин көргөзүшкөн. Өлүм алдында дагы адил жана абийирдүү болгон адамдарда, бо-луп көбөгөндөй өзгөрүүлөр болот. Алар капысынан, жинге айланган адамдардын караңгылык, жана коркунучтуу зөөкүрдүгүнөн кутулат. Алардын кумсарган, коопсузданган, жүдөгөн өндөрү, азыр болсо, ишеним жана сүйүүнүн нуру менен жаркырайт. Алардын үндөрү, жеңиштин ыры менен кошулат: “Кудай биздин сыйынтыбыз жана кубатыбыз, ааламатта тез жардам; ошондуктан жер титиресе да, тоолор козголуп деңизге чөксө да, биз коркпойбуз. Алардын суулары шарылдап, толкундары көтөрүлө берсин, алардын толкундары тоолорду тирей берсин” (Забур. 45:2-4).УК 570.1

    Бул бекем ыйык ишенимдин сөздөрү Кудайга жетип жатканда, булуттар таратылат, бoлyп көрбөгөндөй, калың булуттан кийин, Асман жылдыздары жаркырайт. Асмандын ачык дарбазасынан, Ас-мандагы Шаардын жарыгы чыгат. Анан Асманда, эки таш лоокторду бирге кармаган Кол көрүнөт. Пайгамбар мындай дейт: “Асман Анын чындыгын жарыялап жатат; анткени бул Калыс, Кудай Өзү(3абур. 49:6). Кудайдын адилеттиги болгон - Ыйык Мыйзам, күн күркүрөп, чагылган чартылдаганда, Синай тоосунда өмүрдүн эрежеси катары жарыяланган, эми болсо, адамдар алдына Сот Таразасы катары коюлат. Жана Кол бириккен таш лоокторду ачканда, отту калем менен жазылган Асманда Он Осуят көрунөт. Бул Сөздөр ачык болгондуктан, ар бир адам аны окуй алат. Акыл курчуп, жалгандыктын жана жок нерселерге ишенүүнүн карангылыгы тарайт, жана жердин бардык тyргундарынын көз алдында, кыска, түшүнүктүү жана Кудуреттүү Кудайдын Он Осуяты ачылып берилет.УК 570.2

    Кудайдын ыйык талаптарын аткаруудан баш тарткан адамдардын, көңүл чөгүүлөрүн жана коркунучун, айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Кудай аларга Өз Мыйзамдарын берген; алар, Аны менен өз мүнөздөрүн салыштырып, жана өз жаман адеттерин таап алууга, жана тoбo келтирип, оңолууга мүмкүнчүлүктөрү бар болуучу, бирок, бул дүйнөгө жагынууну каалашып, алар Кудайдын Мыйзамдарын барк алышкан жок, жана башкаларды дагы ошондой окутушкан. Алар, Кудайдын адамдарын, ишемби күнүн булгап бузууга мажбурлаган. Эми болсо аларды, ошол өздөрү аткаргысы келбей койгон Кудайдын Мыйзамы айыптап жатат. Yрөй учураарлык коркунуч менен, аларга карата куткарылуу жок экендигин, алар билишет. Кимге кызмат кылуу керектигин алар өздөрү тандап алышкан. “Ошондо адилеттүү менен арамзаанын, Кудайга кызмат кылган менен, Ага кызмат кылбагандын ортосундагы айырманы, кайтадан көрөсүң” (Мал. 3:18).УК 570.3

    Кудай Мыйзамынын душмандары - динкызматчылардан тартып жөнөкөй адамдарга чейин - чындык жана өз милдеттери жөнүндө, эми башкача түшүнүшөт. Төртүнчү Осуят ишемби, Тирүү Кудайдын мөөрү экендигин, алар өтө кеч билип калышты. Алар өздөрү карманган негиз, жалган ишембинин чыныгы максатын, эми гана билишкен. Кудайга каршы күрөшкөндүгү, аларга азыр маалим бoлдy. Диний окутуу-чулар, бейиштин дарбазасына бара жатабыз дешип, аларды өлүмгө алып келишкен. Диний кызматтарды аткарган адамдардын жоопкерчилиги кандай жогору экендиги, жана алардын ишенимсиздигинин акыры кандай боло тургандыгы, Кыямат Күндө гана билинет. Ар бир жоготулган адамдын чыныгы баасын биз түбөлүктө гана биле алабыз. Кудай: “Менден оолак кет, жаман кул!”деп айткан адамдардын энчиси, кандай гана кайгылуу.УК 571.1

    Асмандан, Машаяктын Келээринин саатын айткан, жана ишенимдүү бойдон калган адамдар менен Келишим түзгөн Кудайдын Добушу угулат. Чагылган бoлyп жаткандагы күндүн күркүрөгөнү сыяктанып, бул Yн жердин бардык булуң-бурчуна жетет. Кудайдын адамдары, өз жүзүн Асманга каратып, ар бир айтылган Сөздү угушат. Алардын жүзү, Муса пайгамбар тоодон түшүп келе жатканда, жүзү жаркырап келгендей, Кудайдын Даңкына жаркырап турду Аларды кароого адилетсиз адамдар батына алышкан жок. Кудайдын ыйык ишембисин сактап, Ага тил алчаак болгондорду, бактылуу деп жарыялаган жеңиштин үнү жаңырып жатты.УК 571.2

    Чыгыштан капысынан анчалыктуу чоң эмес кара булут пайда болду. Бул булут Куткаруучуну курчап тургандыктан мунарыктай сезилет. Бул Адам Уулунун белгиси экендигин, Кудайдын эли билишет. Жымжырттыка батуу менен, анын жерге жакындап келе жаткандыгын карап турушту, ал барган сайын жарыгыраак бoлyп, негизи жалмап кетүүчү от сыяктанып агарган булутка айланды, жана булуттун алдында келишимдин көк желеси пайда бoлдy. Мына, Ыйса Кудуреттүү Жеңүүчү катары түшүп келе жатат. Азыр Ал, шылдың жана кайгынын ачуусун ичип жаткан “азап тартуучу адам эмес”, Бул Асман менен жердин Жеңүүчүсү, тирүүлөрдүн жана өлгөндөрдүн Соттоочусу, “Ишенимдүү жана Чыныгы, Ал адилдик менен соттоп жана Согушуучу”; “жана Анын артынан Асман аскери ээрчиди” (Аян. 19:11,14).УК 571.3

    Сан жетпеген ыйык периштелер, Асмандагы даңтоо ырын ырдашып, алар дагы Ыйсаны коштоп келе жатышат. Түгөл Асман ыйыктарга толгон, алардын саны “миң-миңдеп жана сансыз түмөндөп” саналат. Бул көрүнүштү толук баяндап берүү үчүн, адамдардын калеми өтө алсыз; жана өлө турган пенде, анын сулуулугун жана улуулугун толук биле албайт. “Анын Улуулук шаңы Асманды жаап, Анын атагы жер үстүнө толду. Анын жаркырашы күндүн жарыгындай” (Авв. 3:3,4). Качан булут ылдыйлаганда, бардыгы өмүр Мырзасын көрүштү. Эми анын Ыйык Чекесинде, тикенек таажы эмес, Анда даңктын сулуулугу орногон. Анын жүзүнүн жарыгы, түшкү тийген күндөй жаркырак. “Анын санында жана кийиминде: “падышалардын Падышасы, жана үстөмдүк кылуучулардын Теңири” (Аян. 19:16), деп жазылган.УК 572.1

    Анын катышуусунда, Андан баш тарткандардын “бардыгынын жүзү кумсарган”, жана түбөлүктүү жазанын коркунучу каптаган. “Жүрөк кайгырып, тизе титирейт; бардыгынын ичи чыдатпай ооруйт, бардыгынын өңү карарган” (Иер. 30:6; Наум. 2:10). Адилеттүүлөр жүрөгү зырпылдашып мындай үн жаңыртышат: “Ким туруштук бере алат?” Ушул сөздөрдөн кийин, периштелердин ыры токтоп, тынчтык өкүм сүрдү. Мына ошондо Ыйсанын мындай деген Үнү угулду: “Силерге Менин ырайымым жетиштүү”. Адилеттүүлөрдүн жүзүнө кубанычтын нуру тамып, ар бир жүрөктү шаттануу толтурду. Жана периштелер баштагыдан дагы бийигирээк үнүн созушуп, жерге улам жакындаганданжакындай берди.УК 572.2

    Пдышалардын Падышасы, от курчалган булутка турду. Асман кагаз сыяктуу түрүлөт; жер титиреп, ар бир тоо жана арал ордунан козголот. “Кудайыбыз Келе жатат, Ал унчукпай Келе Жаткан жок: Анын алдында бардыгын жалмаган от, жана Анын тегерегинде катуу бороон. Ал Асман менен жерге, Өз элин соттоо үчүн, чакырык салып жатат” (Забур. 49:3,4).УК 572.3

    “Жердеги падышалар жана төрөлөр, байлар, миңбашылар жана күчтүүлөр, ар бир кул жана эркин адам, үңкүрлөргө жана капчыгайларга бекиништи, анан тоолорго жана таштарга айтышты: үстүбүзгө кулап, Тактыда Отургандан жана Курмандык Козунун каары нан бизди калкалагыла; анткени Анын каарынын улуу Күнү келди, ким буга чыдай алаар экен?” (Аян. 6:15-17).УК 572.4

    Баягыдай шылдыңдап жана мыскылдоолор жоголгон. Жалган сүйлөгөн ооздор басылган. Курал жарактардын каңгыраганы басылып, жоокерлердин кыйкырыгы жана кармашуунун чуулганы токтогон...УК 572.5

    Бир гана сыйынуунун, ыйлоонун жана озондоонун үндөрү угулат. Бир кезде мыйыгынан күлүп шылдыңдаган ооздордон мындай үндөр угулуп жатты: “Каардын улуу Күнү келди, ким ал Күнго туруштук бере алат?” Адилетсиз адамдар, өздөрү баш тартып кетишкен Кудуреттүүнүн Жүзүн көрбөгөнгө аракеттенишип, таштардын жана тоолордун, өздөрyнүн үстүнө түшүүсүн суранышат.УК 572.6

    Өлгөндөрдү тирилтип жаткан бул YH, аларга тааныш. Канча жолу Ал аларды, терең кайгырып, боорукердик менен тoбo кылууга чакырган. Канча жолу жүрөктү зырылдаткан жалынуучу - Достук, Бир туугандык жана Куткаруучулук YH, аларга кайрылды эле! Анын ырайымынан баш тарткандар үчүн, башка эч бир үн, мынчалыктуу айыптап кайрылган эмес: “Кайрылгыла, өз жаман жолдоруңардан кайрылгыла; эмне үчүн силердин өлүшүңөр керек?” (Иез. 33:11). О, эгерде бул YH аларга бейтааныш болсо кана! Ыйса мындай дейт: “Мен чакырдым эле силер тил албай койдуңар; Өз Колумду сундум эле, назар салган эч ким болбоду; жана Менин кеңештеримдин бардыгын, силер четке кактыңар, айыбыңарды ачканымды кабыл албадыңар” (Yл. Аң. 1:24,25).Укпаса дагы чакырык салган, ийгилик алууну алар каалабаган бул YH, алардын баш тарткандыктарын эстерине салат, жана ала турган кубаныч аркылуу, алар өз ойлорунан бардык жамандыкты тазалоого мүмкүндүк алышмак.УК 573.1

    Ыйса Машаяктын мезгилинде, Аны кордоп шылдыңдаган адамдар дагы, ошол жерде болушат. Алар зирилдешип, эми гана Ыйса Машаякты, каргап жаткан дин кызматчынын алдында айткан: “Мындан ары, Адам Уулу Кудуреттүүнүн оң жагында Отурганын, жана Асман булуттарынын арасында Келе жат-кандыгын көрөсүңөр” (Мф. 26:64), деген Сөздөрүн, эстерине салышкан. Эми алар Анын данкка бөлөнүп Келе жаткандыгын көрүштү, жана дагы Анын Кудуреттүүнүн жанында Отурганын көрүшөт.УК 573.2

    Ал бир кезде, Өзүн Кудайдын Уулумун деп айтканда, шылдындап күлгөн адамдар, эми тилден калышкан. Бул жерде өзүнүн падышалык даражасы менен, өз жоокерлерине Ага падышалык кийим кийиндирип мыскылдаган, текебер Ирод дагы бар. Жана Анын Ыйык Чекесине, тикенек таажыны батыра кийгизип салышкан, жана колуна падышанын аса таягын карматып, урматтуу падыша, дешип кумарланып күлүшкөн адамдар дагы турушат. Анын Жүзүнө түкүрүшкөн адамдар, эми кирээрге жер табышпай, Анын Кудуретинен кайда качып кетишээрин билишпестен, чар тарапка качып жатышты. Жана Анын Денесиндеги жаракаттарга, мык кагып, жана найза менен капталга сайган адамдар, коркунуч менен карап жатышты.УК 573.3

    Голгофадагы болгон окуяны, дин кызматчылар жана журт башчылары эстерине тушүрүшүп, көз алдынан ошол картина күнү бүгүнкүдөй агылып жатты. Жана алар, шайтандын колдоосу менен, Кудуреттүүгө башын чайкагандыгын жана өздөрүнүн айткан сөздөрүн коркуу менен эстешет: “Башкаларды куткарган, ал эми Өзүн куткара албайт! Эгерде Ал Израилдин Падышасы боло турган болсо, айкашкан жыгачтан түшсүн, жана биз Ага ишенип калалы; Ал Кудайга таянган: эгерде Ал Кудайга керек болсо, азыр Аны куткарып алсын, көрөлү” (Мф. 27:42,43).УК 573.4

    Алар дагы, Куткаруучунун жүзүм багуучулар жөнүндөгү айткан үлгүлүү аңгемелерин эстешип жатышты, ал жумушчулар жүзүмдүктү, өз кожоюнуна бергиси келген эмес, анын жиберген кызматчыларын сабашып, жана анын уулун өлтүрүшкөн. Жана өздөрү чыгарган чечим: эми кожоюн келип “бул зөөкүр адамдарды жаман өлүмгө буюрат”, деген өкүм, эми минтип өз баштарына келип жаткандыгын билишти. Жана коркунучтан чыккан: Ал - Кудайдын Уулу! Чыныгы Машаяк! - деген үндөр угулуп жатты. Бул озондогон үндөр, бир кезде Иерусалимдин көчөлөрүн жаңырткан: “Аны керип ташта! Аны керип ташта!”деген үндөрдөн алда канча катуу угулуп жатты. Алар, падышалардын Падышасынын Жүзүнөн, жер титирегенден пайда болгон жаракаларга кире качып жатышты, бирок ал дагы, аларды Анын Жүзүнөн калкалап кала алган жок.УК 574.1

    Чындыктан баш тарткан адамдардын жашоосунда, абийири ойгоно турган мезгил болот, жана көз алдыдан кылган жаман иштер сызылып өтөт, жана жамандыкты сезип тургандай болот. Бирок, ушул кайгырууларды, “Алаамат бороондой каптап, кырсык бурганактай буй кылгандагы” (Yл. Аң. 1:27), кайгыруу менен салыштыруу мүмкүн эмес. Машаякты жана Анын ишенимдүү элин кыйратууга кумарланаган адамдар, эми өздөрүнүн үстүнө келген Анын Даңкын көрүп жатышат. Ыйыктардын: “Мына Ал, биздин Кудайыбыз! Биз Ага ишенгенбиз, жана Ал бизди Куткарып алды!” (Ис. 25:9), деген шаңдуу жаңырыктары, алардын үрөйүн учуруп турду.УК 574.2

    Солкулдаган жердин, чартылдаган чагылгандын артындагы күндүн күркүрөгөн үнүнөн, топуракка айланган ыйыктарды чакырган, Кудай Уулунун Үнү угулуп жатты. Ал ыйыктардын мүрзөлөрүнө карап, Колун Асманга көтөрүп мындай деди: “Ойгонгула, ойгонгула, топуракка айланып уктап жаткан адамдар тургула!” Жана бул үндөн жер үстүндөгү адамдардын бары угушуп, ойгонушту. Жана ар бир уруудан, улуттан, жана элден ойгонгон адамдардан, жер титиреди. Жана тирилген адилеттүү адамдар, даңкка толушуп мындай деп шаңданышты: “Өлүм! Сенин найзаң кайда? Тозок! Сенин жеңишиң кайда?” (1 Кор. 15:55). Мына ошондо, өлүп тирилген адилеттүүлөр менен өлбөй калган адилеттүүлөрдүн, үндөрү кошулуп, Кудайды даңкташат.УК 574.3

    Мүрзөлөрдөн турган адамдардын сырткы кебетеси, өлгөнгө чейинки абалындай эле. Тирилгендердин арасында бир гана Адам, башкалардан бой жагынан айырмаланат, Жана Кудай Уулунан бир аз эле кичирээк. Мына ушунун өзүнөн эле, адамдардын тукуму абдан майдаланып кеткендиги көрүнүп турат. Бирок бардык тирилген адамдардын жүзү, түбөлүктүү жаш, сулуу бoлyп өзгөргөн. Башталышында Адам, Кудай түcпөлүндө мүнөз жагынан эле окшошпостон, башка туру жагынан дагы окшошуп жаратылган. Жасалган күнөө, адамдагы Кудайдын түcпөлүн жоготуп койду, бирок, ошол жоголгон нерселерди кайрып берүү максатында Машаяк жерге Келген. Жана Ал, биздин күнөөгө баткан денебизди, Өзүнүн Даңктуу Денесиндей кылып өзгөртөт. Адамдын күнөөгө толуп бузулган, өлүмгө татыктуу денеси, эми өлбөс жана көрктүү бoлyп калды. Эми кайра-дан Эдем Багында жоготуп койгон өмүр дарагынан даам татуу менен, алар кайрадан өз калыбына келгенче өсүшөт (Мал. 4:2), жана алардын акылы дагы жогорулап, баштагы калыбына келтирилет. Күнөөнүн жана каргыштын тактары тазаланып, Машаякта ишенимдүү болгон адамдар “биздин Теңирдин сулуулугунда” бoлyшyп, акылында, жанында жана денесинде, Теңирдин жеткилең түcпөлүн чагылдырышат. О, кандай таң калаарлык куткаруу! Ал жөнүндө канча көп oй жүгүртүлгөн, жана канчалыктуу узак ишенишкен; кубанычтуу үмүт менен күтүшкөн, бирок аягына чейин толук түшүнө алышкан эмес.УК 574.4

    Тирүү калган адилеттүү адамдар, “көз ачып жумган убакыттын аралыгында” өзгөрүлүшөт. Алар, Кудайдын Үнү угулгандан кийин даңкка бөлөнүшкөн, эми болсо, өлбөстүктүн кебин кийинишип, Теңирди абада тосуп алуу үчүн көтөрүлүшөт. Периштелер “Анын тандагандарын төгөрөктүн төрт бурчунан чогултушуп”, энелерге алардын өлгөн ымыркайларын колдоруна көтөрүп келишет. Бир кезде өлүм ажыратып калган достор, эми эч качан ажырабаш үчүн жоолугушат, жана шаттануу менен, бардыгы бирге Кудайдын Ыйык Жайына көтөрүлүшөт.УК 575.1

    Булут арабалардын канаттары бар, алардын буттары тирүү, качан булут арабалар асманды көздөй сапар алганда, алардын дөңгөлөктөрү “Ыйык!” дешcе, канаттары дагы “Ыйык!” деп жатышты. Жана көп сандаган периштелер дагы: “Ыйык! Ыйык! Ыйык Ааламдын Теңири!”деп үн жаңыртышты. Качан арабалар Жаңы Асмандагы Иерусалимге жакындаганда, куткарылган адамдар: “Теңирге даңк болсон!” -деп катуу үн жаңыртып жатышты.УК 575.2

    Кудайдын шаарына кирээрдин алдында, Куткаруучу Өз жолдоочуларына, жеңиштин урматы үчүн, Падышалык мураска татыктуу болгондугунун белгисин берип турду. Өз Падышасынын тегерегине төрт бурчтуу бoлyп кас катар тизилген ыйыктар. Анын Жүзү сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн толуктугу менен жаркырайт. Ушул сан жетпеген куткарылган адамдардын жүзү, бир гана Ага бурулган, “Анда ар бир адамдардын элеси бар... жана анын Өңү.. адам уулдарындай”. Ар бир куткарылган адамдарга өз ысымдары жазылган таажы берилди (Аян. 2:17), жана “Теңрдин ыйыгы!” - деп жазылган. Жана алардын ар бирине, пальма бутактары жана жаркыраган арфалар берилди. Ошол жердеги кубулжуган музыканы башкарып жаткан периштелер, арфа дабышын чыгарганда, ар бир кол анын кылдарын тартканды билди, жана өтө мукамдуу үн жанырып турду. Ар бир жүрөктүн толукшуганын айтып берүүгө болбойт, жана бардык үндөр даңкка жана ыраазычылыкка толгон: “Бизди cүйүп, биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн Каны менен Жууганга, жана бизди Өзүнүн Атасы Кудайга падышалар жана дин кызматчылар Кылганга, даңк жана урмат болсун! Оомийин!” (Аян. 1:5,6).УК 575.3

    Куткарылгандардын алдында - ыйык Шаар. Ыйса ал Шаардын берметтен жасалган дарбазаларын Өзү ачат, жана ал дарбаза аркылуу чындыкта ишенимдүү болгондор киришет. Күнөөгө батканга чейинки Адамга берилген Бейишти, алар өз көздөрү менен көрүшөт. Ошондон кийин гана, өлүмгө татыктуу адамдар үчүн биринчи жолу угулган, музыкадан дагы жагымдуу, мындай деген үн угулат: “Силердин күрөшүңөр бүттү”. Менин Атам алкагандар, келгиле, дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышалыкты кабыл алгыла”.УК 576.1

    Куткаруучунун Өз шакирттери үчүн сыйынган сыйынуусу, эми гана аткарылды: “Сен Maгa бергендердин, Мен болгон жерде алардын дагы болуусун каалайм”. “Өз Даңкынын алдына кемчиликсиз, кубантып тургуза ала Турган” (Иуд. 24) Машаяк, Өзүнүн Атасына, Өз Каны менен куткарылгандарды тyргузуп, мындай деп айтат: “Мына Мен, жана Сен мага берген Менин балдарым”. Сен Maгa бергендерди, Мен сактадым”. О, куткарып алган сүйүүнүн керемети! Чексиз Кудуреттүү Ата, куткарылган адамдарды көрүп, жана алардын жүздөрүнөн Өз түспөлүн көргөндө, кандай салтанаттуулук Асманды курчайт; күнөөнүн каргышы жок болгон, жана адамдар кайрадан Кудай менен биригишкен!УК 576.2

    Чексиз сүйүүсү менен, Ыйса Өзүнүн ишенимдүүлөрүн, өз Теңиринин кубанычына кирүүгө чакырат. Даңктын Падышалыгында, Өзүнүн кыйналган Өлүмү менен куткарылгандарды көрүп, Куткаруучу кубанычка батат. Жана өздөрүнүн сыйынуусу, эмгеги сүйүүсү жана өзүн курман кылуулары менен, Машаякка алып келишкен адамдарды көрүшкөндө, куткарылган адамдар дагы өз кубанычын Куткаруучу менен бирге бөлүшөт. Жана бардыгы тычтыктын жайында, өз алган таажыларын Ыйсанын Бyт алдына чечишип, Анын жасаган керемет иштери үчүн, түбөлүктүү даңкташат.УК 576.3

    Качан куткарылган адамдарды Кудайдын Шаарына кирүүгө чакырганда, аба кубаныч менен шаттыкка толот. Эки Адамдын жоолугуша турган мезгили келди. Кудайдын Уулу Өз Кучагын жайып, Өзү жараткан, бирок ал, күнөөгө батуу менен Өз жаратуучусуна каршы чыккан, жана Анын Денесине кыйынчылыктын тагын түшүргөн, адамзааттын түпкү атасын кучактоого даяр. Анын Колундагы мыктардын тагын көргөндө, Адам Анын Кучагына шыр эле жүгүрүп бара албады. Бирок, момундук менен Анын бүт алдына жыгылып, мындай деген сөздөрдү айтты: “Курмандыкка чалынган Козу, даңкка татыктуу!” Кут-каруучу аны ордунан өйдө көтөрүп, жана анын үйү бoлyп, ал жашаган Бейишти көрүүгө, аны чакырды.УК 576.4

    Бейиштен кубулгандан кийин, Адам жер үстүндө кайгыда жашаган. Ар бир үзүлгөн жалбырак, ар бир чалынган курмандык, жана жакшынакай түстөн төрөлгөн бузулган жүздүү балдар, бузулбаган мүнөздөн жаратылган терс аяк мүнөздөр, ушунун бардыгы анын кылган күнөөсүн эсине салып турган. Мыйзамсыздыктардын көбөйгөндүгү анын абийирин айыптаган, ал токтотууну каалап, мыйзамсыздыктарды айтканда, ал кылынган иштер үчүн, анын өзүн бoлyп жаткан жамандыкка айыптуусуң, дешип күнөөлөшкөн. Өзү кылган мыйзамсыз иши үчүн, ал миң жылга жакын убакыт аралыгында айыпталды. Жана өзү кетирген күнөөсүн чын жүрөгүнөн моюнуна алып, убадаланган Куткаруучунун аркасында тирилүү алаарына ишенген. Кудайдын Уулу ошол кылынган күнөөдөн адамдарды алып чыкты, жана элдештирүү кызматынын аркасында, Адам кайрадан алгачкы бийлигине кайтарылып келди.УК 577.1

    Бакытка батып, ал качандыр бир кезде суктанып караган, жана алардын жемиштеринен алып жеген дарактарды, кайрадан караганга мүмкүнчүлүк алды. Бир кезде карап кам көгөн жүзүмдүктөргө, көз салды; жана кубаныч менен караган гүлзаарларды көрдү. Бoлyп жаткан нерселердин чындык экендигин ал түшүнөт, жана бул, калыбына келтирилген Бейиш Багы экендигин көрдү; жана ал куулуп чыккандагыдан дагы, кооз бoлyп көрүнүп турду. Куткаруучу аны өмүр дарагына алып келип, анын жемишинен үзүп, Адамга жеш үчүн берди. Жана Адам арт жагына кылчая кароо менен, өзүнүн көп сандаган тукуму, Бейиш багында экендигине, жүрөгү кубанды. Мына ошондо ал, өзүнүн башындагы жаркыраган таажысын чечип, Ыйсанын бyт алдына таштады да, Анын төшүнө жөөлөнүп, Анын кучагына кирди. Ал өз манжалары менен алтын арфанын кылдарына колун тийгизип, жеңиш ырынын мукамдуу добушуна кошулуп үн жаңыртты: “Курмандык бoлyп Өлгөн, бирок кайта тирилген Козу, татыктуу, татыктуу, татыктуу!” Адамдын бардык үй-бүлөсү, башындагы таажыларын алышып жерге коюшту да, Анын алдында ийилип таазим кылып жатышты.УК 577.2

    Бул жоолугушууну, адам кулаганда ыйлашкан, жана Ыйса жеңип Чыкканда кубанышып шаттанган, жана башка ишенген адамдарды Анын Ысымынын Атынан өлүмдөн куткарган периштелер дагы, карап турушат. Алар эми куткаруу ишинин аяктаганын көрүштү, жана алардын Кудайды даңктаган ырлары мукамдуу угулат.УК 578.1

    Тактынын алдындагы, Кудайдын Данкы менен жалтыраган отко аралашкан айнек деңизде, “айбанды жана анын түрүн, анын белгисин жана анын санынын белгисин женген адамдар” (Аян. 15:2) чогулушкан. Сион тоосунда Козу менен бирдикте, “Кудайдын үндүү аспаптарын кармаган, жерде куткарылган жүз кырк төрт миң адам” турду, алардын ойногон мукамдуу музыкасы, көп суунун шаркырагындай. Алар Тактынын алдында, ошол жүз кырк төрт миң адамдан башка эч ким жаттай албаган “жаңы ырды” ырдап жатышты. Бул ыр, Муса менен Козунун куткаруу ыры. Бул ыр тажрыйбаны баштан өткөргөндөрдүн ыры. андай тажрыйбаны алардан башка эч ким көргөн эмес, алар “Козунун артынан, ал кай жакка барбасын, артынан баргандар”. Бул адамдар жер үстүндөгү тирүүлөрдүн арасынан тартылып алынышкан - “Кудайдын жана Козунун тyн уулдары” (Аян. 15:2; 14:2-5). Алар “улуу кайгыдан келишкен”, адам жаралгандан бери бoлyп көрбөгөндөй кыйын күндөрдү баштарынан өткөргөндөр; Жакыптын кайгылуу күндөрүндө, Жакыптын зарлуу түнүн бирге көрүшкөн; Кудайдын акыркы Сот мезгилинде, алар Жактоочусу жок жашашкан. Бирок алар куткарылышты, “анткени өз кийимдерин Козунун Каны менен жуушуп, агартып алышты...” (Аян. 7:14). Кудай алдында “алардын ооздору жалган айткан эмес; алар булганышкан жок” (Аян. 14:5). “Мына ошондуктан алар, Кудайдын Тактысынын алдында болушат, жана Анын Ибадатканасында кызмат кылышат, жана Тактыда Отурган ошолордун арасында жашайт, алар эми эч качан ач болушпайт, чаңкап суусашпайт, Күндүн ысыгында же башка бир жалында күйүшпөйт: себеби Тактынын ортосунда турган Козу аларды кайтарып, мүрөктүн суусунун булактарына алып барат, жана Кудай алардын көздөрүндөгү ар-кандай жашты аарчыйт” (Аян. 7:15-17).УК 578.2

    Бардык кылымдарда, тандалган Кудай уулдары сынактын каардуу мектебин өтүшкөн. Алар жердеги тар жол менен жүрүшүп, кайгынын алкымында тазаланышты. Ыйсанын Ысымынын урматына, алар кыйынчылыктарды, жек көрүүлүктү жана жалган айыптоолорду баштарынан кечишкен. Алар оор жүктү артынуу менен Машаяктын артынан күрөшүп жүрүп турушкан. Алар өздөрүнүн кызыкчылыктарынан баш тарткандыгын билдиришип, көңүл калууларга кабылды. Өздөрүнүн алган тажрыйбаларынан, күнөөнүн оордугун билип, анын алып келген айыптоолорун сезишти, жана аны жийиркенич менен кароого үйрөнүштү. Күнөөдөн куткаруу үчүн алынып келген Курмандыктын чексиз баасын түшүнүү менен, алар өз жолунда момун бо-лушуп, жүрөктөрү, күнөөгө батпаган жаратылыштар түшүнө албай тургандай, кубанычка жана даңкка толушкан. Алардын сүйүүсү чексиз, анткени аларга көп кечирилген. Ма-шаяктын кайгыларына кошумча болуу менен, алар Анын Даңкын дагы бирге бөлүшө алышат.УК 578.3

    Кудайдын мураскорлору там башынан түшүп, жашыруун жерлерден чыкты, эшафоттордон, тоолордон түшүп, чөлдөрдөн, жер алдыларынан жана деңиз тереңдиктеринен көрүндү. Жерде жашаганда алар “каарданууларга, кемчиликтерге жана кайгыга чыдашты”. Миллион деген адамдар мүрзөгө шылдың бoлyп киришкен, анткени шайтандын азгырыгына баш ийүүдөн баш тартышкан. Бирок азыр “Калыс... Кудай Өзү” (Забур. 49:6). Азыр жердин чечими каралып жатат. “Кудай Теңир Өз элинен айыпты алып салган” (Ис. 25:8). “Жана аларды, Теңир аркылуу куткарылган ыйык эл деп аташат”. Жана Ал аларга, “күл ордуна - жасалга, ый ордуна - шаттык, кайгылуу көңүл ордуна - сонун кийим берилет” (Ис. 62:12; 61:3), - деп убада берди. Булар азыр, кыйналып жудөгөн, чачыраган жана куугунтукталган адамдар эмес. Эми алар, Теңир менен түбөлүктүү болушат. Азыр болсо алар, бул дүйнөнүн даражалуу адамдары кийбеген кийимдерге чулганышкан. ЖердегиУК 579.1

    падышалардын чекелерин жасалгалаган таажыдан алда канча көрктүү таажылар, аларга берилди. Даңктын Падышасы, алардын жүзүнөн көз жаштарын аарчыган, жана кайгырууга эч кандай себеп жок. Пальма бутактарын булгалоо менен алар таза, мукамдуу, жагымдуу ырларды ырдашты; жана алардын ыры Асманды жаңыртып мындай деген сөздөр менен коштолот: “Тактыда Отурган биздин Кудайдын жана Козунун Куткаруусу келди!” Жана бардык Асман тургундары бир үндөн мындай деп жооп беришет: “Оомийин! Биздин Кудайыбызга алкыш, даңк, экимет, шүгүрчүлүк, абийир, кубат жана бекемдик кылымдардан - кылымдарга арта берсин!” (Аян. 7:10,12).УК 579.2

    Бул дүйнөдө биз, таң калаарлык куткаруу планын толук түшүнө албайбыз. Өзүбүздүн чегерилүү акылыбыз менен, айкашкан жыгачта жоолуккан уят менен даңктын, өмүр менен өлүмдүн, адилеттүүлүк менен ырайымдын, айырмачылык тарын билүүгө аракет кылабыз, бирок, ошондой болсо дагы акылыбыздын болгону менен аракет жасай турган болсок, Голгофада эмне болгондугунун маанисин толук түшүнө албайбыз. Куткарып алган Сүйүүнүн узундугун жана туурасын, тереңдигин жана бийиктигин, биз өтө эле үстүртөн айтабыз. Куткарып алуу планы, куткарылган адамдар билип калдык деген күндө дагы, толук билинбейт, би-рок, түгөнбөгөн түбөлүктүү өмүрдө дагы, ачылып турган жаңы ачылыштардан, алар таң калууларын токтотушпайт. Азап, кайгы жана азгырыктар түгөнөт, анткени алардын себеби алынып ташталат, бирок, Кудайдын эли, алардын куткарылуусунун баасы канча экендигин, ардайым ачык түшүнүп турушат.УК 579.3

    Машаяктын айкашкан жыгачы, куткарылгандар үчүн, бүтпөгөн кылымдар бою билим алуунун жана данктоонун куралы бoлyп кала берет. Даңкталган Машаякта алар, Керилип Жаткан Машаякты көрүшөт. Өзүнүн керемети менен белгисиз дүйнөлөрдү жана алардагылардын бардыгын Жараткан - Кудайдын Сүйүктүүсү, Асмандын Улуулугу, калкалоого арналган Периштелер кызмат кылып табынгандын Өзү, - кулаган адамзаатты көтөрүү үчүн, Өзүн жоошутту; Ал Өзүнүн Yстүно, күнөөнүн айыбы менен уятын жүктөп алды; жана Ата, Анын үстүндөгү өлгөн дүйнөнүн кайгысы жок ,бoлyп жана Голгофада Анын Өлүмү менен жок кылынмайынча Андан Өз Жүзүн жашырганда, Ата менен ажырашууну баштан өткоргөн; бардык дүйнөлөрдү Жараткан, бардык нерселердин үстүнөн Соттоочу, адамдарды сүйгөндүктөн Өзүн жоошутту - бул болсо, түгөл Ааламдын тандануусун токтотпойт. Өздөрүнүн Куткаруучусун, жана Анын Жүзүнөн көрүнүп тyрган Атанын түбөлүктүү Данкын кароо менен, куткарылган адамдар өз сүйүүсүн мындай деген ыр менен билдирип турушат: “Курман Болгон, жана Өзүнүн Кымбат, Баалуу Каны менен, Кудай алдында Куткарып алган Козу татыктуу, татыктуу!”УК 580.1

    Айкашкан жыгачтын жашыруүн сыры, башка жашыруун сырларды ачып берет. Голгофага негизделген Теңирдин сапаттары, башта биздин үрөйүбүздү учуруп, биздин жүрөгүбүздү коркунучка салган болсо, азыр өзүнүн бардык толуктугу жана сулуулугу менен көрүнөт. Ырайым, мээрим жана ата-мекендик сүйүү, албетте ыйыктык, адилеттүүлүк жана күч менен кошулат. Жана Анын Тактысынын Улуулугуна көз чаптыруу менен, Теңирдин ырайымдуулугу кандай жогору көтөрүлгөндүгүн көрөбүз, жана ошондо гана бизге: “БИЗДИН АТАБЫЗ” деп кайрылган сөздөрдүн мааниси түшүнүктүү болот.УК 580.2

    Жана, Өзүнүн Даанышмандыгында чексиз Болгондун Өзү, Өз Уулун Курмандыкка бергенден башка Куткарылуу болбой тургандыгынын сырын, бары көрүшөт. Бул Курмандыктын сыйлыгы, жер үстүндө ыйыктардын, бактылуулардын жана өлбөй турган жандардын жашап тургандыгын көрүү. Биздин Куткаруучубуздун, жамандыктын күчү менен күрөшүүсүнүн жыйынтыгы, Кудайдын түбөлүктүү Даңкындагы куткарылгандарга берилген кубаныч, бoлyп саналат. Ар бир адамдын баалуулугу ушунчалык жогору, Ата Өзү Берген Бааны анчалыктуу Улуу деп эсептебейт, жана Машаяк Өзү дагы, Өз Улуу Курмандыгынын жемиштерине “ыраазы бoлyy” менен карайт.УК 580.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents