Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    23 Бап — Касиеттyy Жай Деген Эмне?

    Адвентистердин ишениминин негизи жана уңгусу бoлyп, Ыйык Жазуунун төмөндөгү жери эсептелет: “Эки миң үч жүз кеч жана таң өткөнчө болот; жана ошондо гана касиеттүү жай тазаланат” (Дан. 8:14). Машаяктын Келишине ишенген бардык ишенүүчүлөргө, бул сөздөр тааныш болгон. Миндеген ооздор, бул сөздөрдү өз ишенимдеринин символу катары, айтып жүрүштү. Алдын ала айтылган окуяда, алардын эң жакшы үмүттөрү жана күтүүлөрү негизделген. Бул пайгамбарлык мөөнөт, 1844-жылдын күзүндө аяктай тургандыгы белгилүү болгон. Башка христиан дининдеги адамдар сыяктуу эле, адвентистер дагы касиеттүү жай бул жер, же анын кандайдыр бир бөлүгү, деп түшүнүшкөн. Алар касиеттүү жайдын тазаланышы, Кыямат Күндө от менен жердин тазаланышы дешкен, жана бул Машаяктын Келишинде аткарыла тyр-гандыгын билишкен. Ушул жерден, Машаяк жер үстүнө 1844-жылы келет, деген тыянак чыккан.УК 369.1

    Бирок белгиленген мөөнөт өтүп кетти, Машаяк келген жок. Ишенген адамдар Кудай Сөзү жаңылышпай тургандыгын билишип, пайгамбарлык туура эмес талкууланган, бирок, катасы кайсыл жерде катылды бoлдy экен? - деген суроо туулган. Кээ бир адамдар, карама-каршылыктын байлоолорун кесип таштоону каалашкандыктан, алацгазарлык менен 2300 күн, 1844-жылы бүтпөй калды деп бекемдешти. Бирок муну далилдөө мүмкүн эмес болучу, Машаяк Аны күткөн мезгилде келбей калды дегенге гана такалмак. Эгерде пайгамбарлык күндөр 1844-жылы аяктаган болсо, анда Машаяк касиеттүү жайды (жерди) от менен тазаламак, Ал келбей калгандан кийин, бул күндөр али бүтө элек, дешти.УК 369.2

    Мындай жыйынтыккакелүү-баштагы пайгамбарлык эсептөөлөрдү жокко чыгаруу бoлyп саналмак. 2300 күн Артаксеркстин Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу күчүнө киргенде, М.Ч. 457-жылдын күзүндө башталган. Эгерде ушул убакытты санактын башына коюп карай турган болсок, анда Даниил пайгамбардын Китебиндеги (9:2527) айтылган окуя, көргөзүлгөн мөөнөткө алып келип жатат. 2300 күндүн 69 аптасы, же 483 жылы, Машаяк Эгебиздин сууга чөмүлүп, Ыйык Рух менен майланган М.К. 27-жылга алып келет, бул мөөнөт дагы туура. 70-аптанын жарымында Машаяк өлтүрүлүшү керек. Сууга чөмүлгөндө үч жарым жыл өткөндөн кийин, 31-жылы Машаякты керишти. 70 апта же 490 жыл, иудейлер үчүн белгиленген мөөнөт болгон. Ушул убакыт өткөндөн кийин, иудейлер Машаяктан биротоло баш тартышып, Анын шакирттеринин үстүнөн куугунтук cалышкан: жана М.К. 34-жылы элчилер бyтпарастар га Жакшы Кабар таратуу үчүн кайрылышты. 2300 күндөн 490 жылды алып салсак, дагы 1810 жыл калат. Эгерде 34-жылга 1810 жылды кошyп санасак, анда биз 1844-жылга келебиз. Периште айткандай “ошондо касиеттүү жай тазаланат”. Пагамбарлыктын башкы бөлүктөрү, өзүнүн белгилинген мезгилдеринде аткарылган.УК 369.3

    Бул паигамбарлыкты эсептөөдө, бир гана мөөнөтүнөн башкасы, ачык жана байланышып тургандай; 1844жылы көзгө көрүнгөн, касиеттүү жайдын тазаланышы катары кабыл ала турган, кандайдыр бир окуя болгон жок. Пайгамбарлык мөөнөт 1844-жылы аяктады деген далилди жокко чыгаруу, бардыгын биротоло чаташтыруу, дегенди билдирмек, жана жаңылыштыгы жок аткарылып келе жаткан пайгамбарлыктардан баш тартуу, бoлyп саналмак.УК 370.1

    Бирок улуу адвентистердин кыймылында, Кудай Өз элин башкарып турду. Бул ишти Анын күчү жана даңкы багыттап, адвентистердин чындыгы, фанатикалык адашуу жана жалгандыкта маскараланган бойдон калышына, Кудай жол берген жок. Кудай Өз Сөзү түшүнүксүз жана белгисиз бoлyп калуусун каалабады. Көпчүлүк адамдар, баштагы пайгамбарлык мөөнөттөрдүн талкуулоолорун кабыл алуудан, жана бул кыймылдын тууралыгынан баш тартышканы менен, башкалары болсо, Ыйык Жазуу аркылуу акталган, Кудайдын Руху менен күбөлөндүрүлгөн, өз ишенимдеринен баш тартышкан эмес. Пайгамбарлыктардын талкууларынан алар чыныгы негиз алгандыктарына, алар ишенишкен, эми алар, өздөрү алган чындыктарды калтырбоо, өз милдеттери деп билишти, жана кабыл алган багытта, Ыйык Жазууну изилдөөнү улантышкан. Алар өз чыгарган тыянактарын кайра-кайра сыйынууда текшеришип, жана өз каталарын габуу үчүн, Мукаддасты кайталап окуп чыгып жатышты. Пайгамбарлык мөөнөттөрдү изилдөөдө, эч кандай туура эместикти таппагандан кийин, алар касиеттүү жайга салыштырмалуу суроого, өз көңүлдөрүн бурушту.УК 370.2

    Бардык адамдар колдонуп жүргөн, жер, бул касиеттүү жай деген ойду, Мукаддастан изилдешип, алар таба алышкан жок, бирок касиеттүү жайдын - анын түзүлүшүн, жайгашкан жерин жана андагы аткарылган кызматтардын, толук түшүндүрмөлөрүн табышты. Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрү белгилүү жана толук болгондуктан, күмөн саноолорго, эми орун калган жок. Элчи Павел Еврейлерге жазган Катында мындай дейт: “Биринчи Келишимде да Кудайга кызмат кылуу жөнүндө, жана жердеги ыйык жайы жөнүндө көрсөтмөлөр болгон; анткени сырткы ак ордо курулган, анда шамдал, үcтөл жана багышталган нандар болгон; бул бөлмө “ыйык” деп аталат. Экинчи көшөгөнүн артында “Ыйыктын Ыйыгы”, деп аталган ак ордо бар эле, анда жыттуу чайыр күйгүзүү үчүн алтын чөйчөк, жана бардык жагынан алтын менен капталган Мыйзам сандык болгон. Бул сандыкта манна менен толтурулган алтын идиш жана Аарундун гүлдөгөн таягы жана Келишимдин лооктору турган. Ал эми сандыктын үстүндө даңктын периште сүрөттөрү, алар капкак (ырайым тактасынын) үстүнө канаттарын жайып турат” (Евр. 9:1-5).УК 370.3

    Павел айткан касиеттүү жай, Кудайдын буйругу боюнча, Анын жердеги боло турган Жайы, Муса аркылуу курулган касиеттүү чатыр болгон. “Жана Maгa арнап касиеттүү жай курушсун, жана Мен алардын арасында жашайм” (2Мус. 25:8), - Мусага, тоодо Кудай аны менен сүйлөшүп жаткандагы буйрук, мына ушундайча жаңырган. Израилдиктер чөл үстүндө жолоочулап жүрүшүп, бир жерден экинчи жерге которулушкан, жана касиеттүү чатыр дагы ушуга ылайыкталып жасалган, бирок ушуга карабастан, анын курулушу керемет болгон. Анын дубалдары тактайлардан болуп, анын үстү калың алтын менен капталган жана күмүш кадоолор менен бекемделген, анын чатыры териден тартылган. Чатырдын үстүнө тартылган чатыр иштетилген кайыштан бoлyп, анын ичи ичке жибектен периштелердин сүрөттөрү токулуп кооздолгон. Чатырдын алдында курмандык өрттөөчү жай, ал эми касиеттүү чатыр эки бөлүкө бөлүнгөн - Ыйыктардын жана Ыйыктардын Ыйыгы бөлүгүнө. Алар көшөгө менен тосулуп, ушундай эле көшөгө, кире беришти жана биринчи бөлүктү дагы жаап турган.УК 371.1

    Биринчи бөлүмдө, башкача айтканда Ыйыктардын бөлүмүндө, түштүк тарабында, бөлмөнү күн да, түн да жарык кылып турган жети шам салына турган шамдал турган; жана түндүк тарабында, арналган үстүндө нандар коюлган стол болгон, ал эми Ыйыктар менен Ыйыктардын Ыйыгын бoлyп турган көшөгөнүн алдында, жыт түтөтүү үчүн арналган алтын курмандык жай турган, ал жерден күнүнө жыттуу түтүн менен кошуп, Израилдин Кудайга болгон сыйынуулары угулуп турду.УК 371.2

    Ыйыктардын Ыйыгы бөлүгүндө, кымбат жыгачтан жасалып, сырты алтын менен капталган Мыйзам сандык турган, анын ичинде, Кудай Өз Колу менен жазып берген Улуу Мыйзамындагы Он Осуят жазылган эки таш лооктор бар эле. Мыйзам сандыктын үстүндөгү өтө кооз капкак, ырайым тактасы деп аталган. Анын эки жагында периштелер түшүрүлгөн, жана алар таза алтындан жасалган. Периштелердин ортосунда ырайым булутунун ичинен, улуу дин башчыга Кудайдын даңкы ачылып турган.УК 371.3

    Качан Израил эли Ханаан жерине жайгашканда, бул касиеттүү чатырды, Сулайман пайгамбар салдырган ибадаткана менен алмаштырышкан. Бул таштан тургузулган өтө чоң жана кооз ибадаткана эле, ал эми түзүлүшү баштагы чатырдын үлгүсү болгон. Бул ибада кананын 70-жылы римдиктер аркылуу талкаланганга чейинки абалы, мына ушундай бoлдy, албетте, Даниил пайгамбардын мезгилинде, талкалангандыгын эске албаганыбызда.УК 372.1

    Мyкаддас белгилегендей, бул жер үстүндөгү тургузулган жалгыз гана ибадаткана бoлyп саналат. Элчи Павел, бул биринчи Келишимдеги касиеттүү жай, деп айтат. Ал эми Жаңы Осуятта Касиеттүү жай жокпу?УК 372.2

    Ыйык Жазууну изилденүүчүлөр, кайрадан Еврейлерге жазылган Катка кайрылышып, элчи Павелдин сөздөрүнөн, экинчи, же Жаңы Осуяттагы Касиеттүү жайдын бар экендигин көрүштү: “Биринчи Келишимде дагы Кудайга кызмат кылуу жөнүндө жана жердеги ыйык жайы жөнүндө көрсөтмөлөр берилген”. “Дагы” деген сөздөн Павел башта деле ушул жөнүндө эскертип кеткендиги көрүнүп турат. Жана бул баптын алдындагы бапты окушуп, алар бул сөздөрдү окушту: “Биз айтып жаткандардын эң маанилүү бул; Асмандагы улуулук Тактынын оң жагында отурган Дин Башчыбыз бар; ал ыйык Жерде адам эмес, Кудай жараткан чыныгы Күбөлүк Ордосунда кызмат кылат” (Евр. 8:1,2).УК 372.3

    Бул жерде Жаңы Осуяттагы Кубөлүк Ордо жөнүндө сөз бoлyп жатат. Биринчи күбөлүк чатыр адам аркылуу тургузулган; аны Муса орноткон, ал эми экинчи Жаңы Осуяттагы Күбөлүк Ордо, адам эмес, Кудай аркылуу тургузулган. Биринчисинде жердеги дин кызматчылар кызмат өтөшкөн, ал эми экинчисинде, биздин Улуу Дин Башчыбыз болгон Машаяк, Кудайдын оң жагында отуруп кызмат кылып жатат. Бир күбөлүк чатыр жерде болгон болсо, экинчи Күбөлүк Ордо - Асманда.УК 372.4

    Андан наары. Муса аркылуу тургузулган күбөлүк чатыр, Теңир көргөзгөндөй бoлyп жасалды. Ал мындай деп буйруган: “Уй-жайдын, ордонун үлгүсүн, анын буюмдары менен идиштеринин үлгүсүн, Мен сага көргөзгөндөй жасагыла”. Бул буйрук кайрадан минтип кайталанган: “Абайла, аларды сага тоодо көргөзгөн үлгүдөй жаса” (2Муса. 25:9,25). Жана элчи Павел биринчи күбөлүк ордо, “азыркы мезгилдин кебетеси менен, тартуулар жана курмандыктар алынып келтирилет”; анын бөлүктөрү “Асмандагынын үлгүсү болгон”; мыйзам боюнча тартууларды алып келген дин кызматчылар, “Асмандагынын үлгүсүнө жана көлөкөсүнө” кызмат кылышат. “Себеби, Машаяк чыныгы ыйык Жайдын кебетеси болгон, кол менен жасалган ыйык жайга кирген жок, бирок азыр биз үчүн Кудайдын алдында туруу үчүн, Асмандын Өзүнө кирди” (Евр. 9:9,23; 8:5; 9:24).УК 372.5

    Машаяк биз үчүн кызмат кылып жаткан, Асмандагы Касиеттүү Ордо, Муса үлгү алып жерге курган күбөлүк ордонун, өтө чоң Асмандагы Нускасы, бoлyп эсептелет. Жердеги касиеттүү ордонун курулушун, Теңир Өзү жандандырып жасаткан. Кылынган бул иштин көркөмдүүлүгү, Кудайдын даанышмандыгы катышкандыгын билдирет. Алтын шамдалдын жети шаманасын жаркыратып тургандыктан, касиеттүү ордонун дубалдары таза алтындан тургузулган сыяктуу сезилген. Багышталган нандар турган үстөл жана жыт түтөтүүчү курмандык жай, тазаланып сүрүлгөн таза алтын сыяктанып жаркыраган; көшөгөнүн үстү жагы, көгүлтүр, кара кочкул жана кызкылтым жиптер менен саймаланып түшүрүлгон периштелердин сүрөттөрү,УК 373.1

    касиеттүү ордонун көркүн, жогорку деңгээлде ачып турган. Экинчи көшөгөнүн артында ыйык Шахина (ырайым тактасы) турган, бул Кудай-дын даңкынын көзгө көрүнүп тура турган жери; улуу дин кызматчыдан башка эч ким, бул жакка кире турган болсо, тирүү калтырылмак эмес.УК 373.2

    Жердеги касиеттүү ордонун жаркырап жанып турушу, Машаяк биздин Жактоочубуз катары, Кудайдын Тактысынын алдында кызмат кылып жаткан, Асмандагы Ордонун даңкын, адамдардын көз алдына элестетип турган. Падышылардын Падышасы турган Жайда, миңминдегендер Ага кызмат кылып, сандаган-түмөндөгөндөр алдында турушкан (Дан. 7:10), Ыйык Ордо, Түбөлүктүү Тактынын даңкына толгон, Анын жаркыраган сакчылары болгон периштелер, беттерин кастарлоо менен жаап турушту, - ушунун бардыгы, адам колу менен тургузулган имараттардын, эң эле кооздугу болгон Иерусалимдеги ордодо, - кичинекей гана бoлyп чагылдырылып турган. Андан тышкаары, жердеги ордо жана андагы жасалып жаткан кызматтар, адамдардын куткарылуусу үчүн аткарылып жаткан Асмандагы Ордонун маанилүү чындыктарын жарыялайт.УК 373.3

    Асмандагы Касиеттүү Ордонун бөлүктөрү, жердеги ордонун эки бөлүгү менен, бизге көргөзүлгөн. Качан Элчи Иоаннга, Асмандагы Кудайдын Ордосу аян бoлyп көргөзүлгөндө, ал ал жактан, “Тактынын алдында жети шамдал жанып турганын көрдү” (Аян. 4:5). “Андан башка периште келип, колуна жыттуу чайыр түтөтүүчү алтын чөйчөк кармап, курмандык чалчу жайга келип турду; ага көп жыпар берилген, аны ал бардык касиеттүүлөрдүн сыйынуулары менен, Тактын ал-дындагы, алтын курмандык чала турган жердин үстүнө коюш керек эле” (Аян. 8:3). Пайгамбарга биринчи бөлүктү көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди, жана ал жерден, “жанып турган жети шамдалды” жана “алтын курмандык чалчу жайды” көргөн, булар жердеги касиеттүү ордодо, алтын жети шамдык шамдал, жана жыт чыгаруучу курмандык чалчу жай, бoлyп сүрөттөлөт. Кайрадан “Кудайдын Касиеттүү Үйү ачылды” (Аян. 11:19), жана ал, анын ички “Ыйыктардын Ыйыгы” бөлүгүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал жерден ал, Муса үлгүсү боюнча курган, жердеги ордодогу Кудайдын Осуяттары жазылган эки таш лоок турган, Мыйзам cандыктын нускасы болгон, Мыйзам Сандыкты көрөт.УК 373.4

    Ушул суроолорду кунт коюу менен изилдөөдө, Асманда Касиеттүү Ордо бар экендигинин, тана алгыз далилдери билинген. Муса, ага көргөзүлгөн Ордонун үлгүсү боюнча, жердеги ордону тургузган. Жана Павел дагы еврейлерге жазган Катында, жердеги ордо Асмандагынын үлгүсү болгон дейт, жана Иоанн дагы, Ордону Асмандан көргөндүгүн айтат.УК 374.1

    Асмандагы Ордодо, Кудайдын турган Орду, Анын Тактысы адилеттикте жана калыстыкка негизделген. Ыйыктардын Ыйыгында, бардык адамзаат сынала турган, чындыкгын улуу таразасы болгон Анын Мыйзамдары сакталып ту-рат. Кудайдын Мыйзамдары тyрган Мыйзам сандыктын үстүндө капкак бар - бул ырайым тактысы, Машаяк Өз Канынын урматына, күнөөкөрлөр үчүн сураныч кызматын өтөп жатат. Калыс сот менен ырайымдын келишими, адамзаатты куткаруу планында, мына ушундайча сүрөттөлгөн. Мындай келишимдүүлүктү, бир гана Чексиз Даанышман сунуштай алмак, жана аны иш жүзүнө ашырыш Чексиз Күчтүн Колунан келмек, - бул келишим, түгөл Асман Жааматын таң калтырып жана шаңга бөлөйт. Жер деги ордодогу периштелердин жүзү ырайым тактысына карап тyрган абалы, түгөл Асман тургундары, адамзааттын куткарылуусуна өз назарларын салып жаткандыгын билдирген. Бул, периштелер кирип көрүүнү каалаган, ырайымдын жашыруун сыры, - Кудай кантип, күнөө кылган адамдарды кечирип жана күнөөлү адамдар менен баарлашып турса, кандайча адилеттүү боло алат; Машаяк кандайча өлүм түпкүрүнөн адамдарды чыгарып, Кудайдын алдында түбөлүктүү болуусу үчүн, күнөөнү билбеген пе-риштелер менен бириктирип, жана аларды Өзүнүн булганбаган адилеттик кийимине кийиндирет.УК 374.2

    Машаяктын адамзаат үчүн Жактоочу болгондугун, Захария пай-гамбардын Китебинен окуй алабыз. Пайгамбар мындай дейт: “Ал Теңирдин Үйүн тургузат, жана атак-даңкка бөлөнөт, такка отурат, Өзүнүн тагына отуруп үстөмдүгүн жүргүзөт; Өз тагында Ал Дин Кызматчы дагы болот жана Экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши жүрөт” (Зах. 6:13).УК 374.3

    “Ал Теңирдин Үйүн тургузат”. Машаяк Өзүнүн курмандыгынын жана элдештирүүчү кызматынын урматына, бир эле мезгилде, Кудай Жыйынынын Негиздөөчүсү жана Куруучусу бoлyп саналат. Элчи Павел Аны, бурчка коюлган таштын негизи деп айтат, “ал негизде бүт имарат туура түзүлүп, Тенирде ыйык үй улам өсүп, Анын негизинде силер да Рухта Кудайдын Үйү бoлyy үчүн курулуп жатасыңар” (Еф. 2:20,22).УК 374.4

    Ал “атак-данкка бөлөнөт”. Күнөөгө баткан адамзаат тукумунун даңкы, Машаякка таандык. Түбөлүк өмүрдө, куткарылгандардын мындай деген ырлары жаңырып турат, “бизди сүйүп, биздин күнөөлөрүбүздү Өз Каны менен жууганга... кылымдардан-кылымдарга даңк жана бийлик болсун!” (Аян. 1:5,6).УК 375.1

    Ал “Өз тагына отуруп алып үстөмдүк жүргүзөт; Өз тагында Ал Дин Кызматчы дагы болот”. Азыр Ал “Өз атак-даңкынын тагында” отурган жок, анткени даңтын Падышалыгы, жер үстүндө али орнотулган жок. Анын Асмандагы эдештирүүчүлүк кызматы аяктагандан кийин гана, “Кудай Ага Өз атасы Дөөттүн тагын берет”, жана Анын падышалыгынын “аягы болбойт” (Лк. 1:32,33). Азыр, “биздин ооруларыбызды Өзүнө жүктөп алган”, “биз сыяктуу күнөөдөн башка нерселердин бардыгында сыналган” Машаяк, Дин Кызматчы катарында, “сынылгандарга жардам берүү үчүн” кызмат кылып, Ата менен бирдикте, анын Тактысынын жанында отурат. “Эгерде ким күнөө кетире турган болсо, анда биздин Атанын алдында Жактоочубуз бар” (Ис. 53:4; Евр. 4:15; 2:18; 1 Ин. 2:1). Ал Өзүнүн жаракат алган, жана тешилген Денесин, Өзүнүн бузулбаган Өмүрүн, бизге ыйгарат. Анын тешилген Колдору, сайылган Кабыргалары, мыктын тактары калган Буттары - күнөөгө батып бузулуп кеткен адамдарга көргөзгөн ырайым жөнүндө айтып турат, жана биз кандай гана баа жеткис, улуу кунга сатылып алынганбыз.УК 375.2

    “Жана Экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши жүрөт”. Атанын сүйүүсү, Уулдун сүйүүсүнөн кем эмес, бул адашкан адамдарды куткаруу үчүн, чыныгы булак бoлyп эсептелет. Ыйса Өзүнүн Асманга көтөрүлүп кетеринин алдында, мындай деп айткан: “Мен силер жөнүндө Атамдан сурайм деп айтпайм: анткени Атам Өзү силерди жакшы көрөт” (Ин. 16:26,27). “Кудай Машаякта, Өзү менен дүйнөнү элдештирди” (2Кор. 5:19). Жана асмандагы Ордодо кызмат кылууда “Экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши жүрөт”. “Анткени Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн Ынтымакташ Уулун берди, Ага ишенген ар ким өлбөсүн, бирок түбөлүк өмүргө ээ болсун, деп берди” (Ин. 3:16).УК 375.3

    Касиеттүү ордо, деген эмне?деген суроого - Ыйык Жазуу так жана тыянактуу жооп кайтарат. Мукаддастагы “касиеттүү ордо” деген сөз, биринчиден Асмандагы үлгү боюнча Муса аркылуу курулган жердеги ордо чатырга, жана, экинчиден, жердеги ордо сүрөттөгөн, Асмандагы чыныгы Касиеттүү Ордону, билдирет. Машаяктын өлүмү менен, сүрөттөп кылынган кызматтар аягына чыккан. Асмандагы “чыныгы Касиеттүү Ордо”, Жаңы Осуяттагы касиеттүү жай бoлyп эсептелет. Даниил пайгамбардын Китебиндеги 8:14 пайгамбарлык, Жаңы Осуяттын мезгилинде толугу менен аткарылгандыктан, бул жердеги ордо жөнүндө бoлyп жаткан сөздөр, Жаңы Осуятка гана таандык болушу керек. 2300 күн аяктагандан кийин 1844-жылы, жер үстүндө касиеттүү ордонун жок болгондугуна, көп мезгилдер бoлyп калган. Ошондуктан “2300 гаң жана кеч өтөт; жана касиеттүү жай тазаланат”, деген сөздөр, эч күмөнсүз Асмандагы Касиеттүү Жайды көргөзүп турат.УК 375.4

    Эми эң эле маанилүү суроого жооп берүү гана калды: Касиеттүү жайдын тазаланышы деген эмне? Байыркы Осуятта, жердеги касиеттүү жай тазаланууга муктаж экендиги айтьшат. Бирок эмне, Асманда Касиеттүү Жай тазаланууга муктажбы? Еврейлерге жазылган Катта, жердеги сыяктуу эле Амандагы Касиеттүү Жай дагы тазаланууга муктаж экендиги айтылган: “Деги, бардык дээрлик нерселер мыйзам боюнча кан менен тазаланат, жана кан төгүлбөй кечирим болбойт. Демек, Асмандагынын кебетелери ушул курмандыктар менен, ал эми Асмандагы нерселердин өздөрү болсо, бул курмандыктардан жакшыраак нерселер менен тазаланышы керек” (Евр. 9:22,23), башкаача айтканда: Машаяктын баа жеткис Курмандыгы менен.УК 376.1

    Тазалануу, сүрөттөгөн кызматтардагыдай эле, чыныгы кызматтарда дагы, кан менен тазалануусу зарыл; биринчисинде - малдардын каны, ал эми экинчисинде - Машаяктын Каны. Элчи Павел, тазалануу кан менен болгондугунун себеби, кан төгүлмөйүнчө күнөө кечирилбейт, деп айтат. Күнөө кечирилиши, коё берилиши жана тазаланышы керек. Жердеби же Асманда болобу, күнөөнүн Касиеттүү Жайга тиешеси эмне? Биз буга жоопту, дин кызматчылардын сүрөттөгөн кызматтарынан ала алабыз, анткени дин кызматчылар, жердеги кызматтарын аткарышканда, “Асмандагынын көлөкөсү жана үлгүсү” боюнча, өз кызматтарын аткарышкан (Евр. 8:5).УК 376.2

    Жер үстүндөгү кызмат өтөөлөр, эки бөлүккө бөлүнгөн: Ыйыктардын бөлүгүндө, дин кызматчылар күн сайын, кызмат кылышкан, ал эми бир жылда бир жолу улуу дин кызматчы, касиеттүү жайды күнөөлөрдөн тазалаш үчүн, элдештирүү кызматын Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүндө аткарган. Күн сайын тoбo келтирген күнөөкөр, өз курмандыгын касиеттүү жайдын эшик алдына алып келген, жана колдорун курмандыктын үстүнө коюп өз күнөөлөрүн айтышкан. “Кан төгүлмөйүнчө, күнөө кечирилбейт, - дейт элчи. “Денедеги жан канда” (ЗМуса. 17:11). Кудай Мыйзамынын бузулушу, кылмышкердин өмүрүн талап кылган. Күнөөкөрдүн өмүрүн сүрөттөгөн кан, курмандык малга өтүп, дин кызматчы аркылуу Ыйыктардын бөлүгүнө киргизилип, күнөөкөр аркылуу бузулган Мыйзам турган, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүн тосуп турган көшөгөгө чачылган. Ушул эреженин аркасында күнөө, касиеттүү жайга кирген бoлyп эсептелген. Кээ бир мезгилдерде кан Ыйыктардын бөлүмунө кирбей калган, ошондо дин кызматчы, Муса Аарун уулдарына насааттагандай, бул эттен жеши керек эле: “Ал (курмандык) силерге, Теңир алдында жамаат күнөөсүн арылтыш үчүн, жана аларды тазалоо үчүн бе-рилген” (ЗМуса. 10:17). Эки эреже тең бирдей эле, күнөөкөрдүн тoбo келтирген күнөөлөрүн, касиеттүү жайга алып кирүү үчүн, бирдей деңгелде иш аткарган.УК 376.3

    Бул кызмат күн сайын, бир жыл убакыттын ичинде тынбай аткарылып турган. Израилдин күнөөлөрү мына ушундайча касиеттүү жайга киргизилди, жана алардан арылтуу үчүн, өзгөчө бир жобо аткарылган. Касиеттүү жайдын ар бир бөлүгүндө, тазалоочу кызмат өзгөчө аткарылып туруусуна, Кудай буйрук берген. “Жана касиеттүү жайды Израилдин таза эмес булганычтарынан, кылмыштарынан жана бүт күнөөлөрүнөн тазалайт”. Курмандык чалчу жайды дагы ушундайча тазалоо керек болгон: “Кандан сөөмөйү менен жети жолу илип алып чачат... жана ыпылас нарселерден тазалап, ыйык кылат” (З Муса. 16:16,19).УК 377.1

    Бир жылда бир жолу тазалануу Күнүндө, касиеттүү жайды тазалаш үчүн, улуу дин кызматчы Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирген - жана бир жылдык кызмат эрежелери ушуну менен аяктаган. Улуу тазалануу Күнүндо, касиеттүү жайдын алдына эки теке алынып келген, жана ал текелерге чүчү кулак ташталган: “бирөөсү Теңир үчүн, экинчиси коё берүү үчүн” (ЗМуса. 16:8). Теңирге арналган чүчү кулак түшкөн текени, күнөө үчүн курмандыкка чалышкан. Улуу дин кызматчы ал текенин канынан алып, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирип, ал канды Мыйзам сандыктын капкагына, жана алдына чачкан. Көшөгөнүн берки бетиндеги жыт түтөтүүчү курмандык чалчу жай дагы, ошол кан менен чачылган.УК 377.2

    “Жана Аарун эки колун тирүү текенин башына коёт дагы, Израил уулдарынын бардык айыптарын, бардык кылмыштарын, бүт күнөөлөрүн билдирет, жана аларды текенин башына жүктөп, чабарман кошуп, чөлгө жөнөтөт. Ошентип, алардын бардык айыптарын өзүнө жүктөгөн текени адам бара алгыс жерге алып барып, текени чөлгө коё берет” (ЗМуса. 16:21,22). Коё берилген теке эч качан Израил жааматына кайтып келген эмес, жана аны алып барып таштаган адам, өз кийимдерин, денесин сууга жууп, андан кийин гана жааматка келип кошулган.УК 377.3

    Бул өткөрүлүп жаткан эрежелердин баары, Израил уулдарына Теңирдин Ыйыктыгын, жана Анын күнөөнү жек көрө тургандыгын, билдирүү үчүн аткарылган. Алар, ар бир таза эмес нерселерге жологондук, адамдарды таза кылбай тургандыгын, билүүлөрү зарыл болуучу. Тазалалоо кызматы өтүп жаткан мезгилде, ар бир адам өз жүрөктөрүн текшеришип, кечирим алууга аракет кылышкан. Бул күнү, күндөлүктүү турмушка керек зарыл нан үчүн камкордук көрүү токтотулуп, жана бүт жаамат Кудай алдында, сыйынууда, орозо кармоодо, жана өздөрүн кылдаттык менен текшерип көрүүдө, өткөрүшкөн.УК 377.4

    Жердеги үлгү кызматтар, Асманда өз маанилүү чындыктарын камтыйт. Күнөөкөрдүн ордуна, курмандык малдар курмандыкка алынып келтирилген, бирок, бул чалынган курмандыктар, алардын күнөөлөрүн жууп салган эмес. Ошондуктан ал кандар, касиеттүү жайга киргизилген. Курмандыкты алып келүү менен, ар бир күнөөкөр Мыйзамдын маанилүүлүгүн сезишип, анын алдында өздөрүнүн айыптуу бoлyп калгандыгы үчүн, келе турган Чыныгы Курмандыкка (Куткаруучуга) ишенүү менен, кечирим алууга аракет кылышкан; бирок бул кандар, аларды Мыйзам айыптоолорунан толук арылткан эмес. Куткарылуу күнүндө улуу дин кызматчы, жааматтан курмандык канды кабыл алуу менен, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирген, жана Мыйзам жазылган таш лооктор салынган Мыйзам сандыктын капкагына тамызган, мына ушундай кылуу менен гана, Мыйзам талаптарын канагаттандыра алышкан. Жана, андан кийин гана, ал адамдардын ортосундагы элдештирүүчү болгондуктан, бардык күнөөлөрдү өзүнө жүктөгөн бойдон, касиеттүү жайдан чыккан. Өзүнүн колун боштондукка коё бериле турган текенин башына коюп, бул күнөөлөрдүн бардыгын, символдуу түрдө анын үстүнө жүктөгөндөн кийин, күнөөлөр текеге өткөн. Жана теке бул күнөөлөрдү алыc алып кеткенден кийин гана, күнөө адамдардан биротоло арылтылган бoлyп саналган.УК 378.1

    Бул жасалып жаткан кызматтар, “Асмандагынын көлөкөсү жана үлгүсү” болгон. Жердеги касиеттүү жайдагы символдуу түрдө жасалган кызматтардын бардыгы, Асмандагы Касиетүү Ордодо, чын эле аткарылууда. Асманга көтөрүлүп кеткенден кийин Машаяк, Асманда Өз Улуу Дин Кызматчылык кызматын, өткөрүсүн баштаган. Элчи Павел мындай дейт: “Себеби, Машаяк чыныгы Ыйык Жайдын Кебетеси болгон, кол менен жасалган ыйык жайга кирген жок, бирок азыр биз үчүн Кудайдын алдында туруу үчүн, Асмандын Өзүнө кирди” (Евр. 9:24).УК 378.2

    Дин кызматчы бир жыл маалы кызмат өтөгөн, сырттан көшөгө аркылуу бөлүнүп турган касиеттүү жайдын биринчи бөлүмү, Ыйсанын Асманга алынгандан кийинки, кылып жаткан кызматын чагылдырган. Дин кызматчынын күн сайын өткөрө турган кызматы, Кудайга арналган курмандыктарды чалуу, жана Ыйыктардын бөлүгүндөгү, Израил элинин сыйынуусу менен кошо Асманга көтөрүлүп турган жыпар жыттарды түтөтүү болгон. Машаяк дагы Асманда ошондой эле кызматын аткарып жатат, Ал Атанын алдына Өзүнүн күнөөкөрлөр үчүн төгүлгөн Канын алып келди, жана Өзүнүн бузулбаган Адилеттүүлүгүнүн жыпар жыты менен, тoбo келтирген күнөөкөр үчүн, өтүнүү сыйынуусун өткөрүүдө. Бул кызматтарды Ал, Асмандагы Касиеттүү Жайдын биринчи бөлүгүндө жасаган. Касиетүү жайдын короосуУК 378.3

    Чөл үстүндөгү касиеттүү жай, Муса аркылуу ага тоодо көргөзүлгөн үлгүдөй бoлyп жасалган (2Муса 257-8,40; Евр. 8:5).УК 380.1

    Бул касиеттүү жайдын айланасында короо болгон (кээде бул сырткы короо, деп аталган), анын айланасы ак кендирден токулган көшөгө менен курчалып, алар түркүктөргө бекитилген, жана анын туурасы 23 метр, ал эми узундугу 45 метр болгон. Короонун ичинде, өрт курмандыгын чалуучу, курмандык чалчу жай, жууна тyрган жез чылапчын жана касиеттүү жайдын өзү турган. Бул курмандык чалчу жай жез деп аталган, анткени касиеттүү жайда дагы - алтын курмандык чалчу жай орнотулган. Короонун ичиндеги курмандык чалчу жай, жезден жасалып, анын ичи бош болгон (2Муса 27:1-9). Анын бийиктиги болжолу менен 1,4 метр, ал эми узуну жана туурасы 2,3 метрди түзгөн. Бул курмандык жайга, өрттөөгө арналган курмандыктарды салышкан. Анын артында жез жуунуга арналган чылапчын турган (2Муса 30:18-21), бул жерде дин кызматчылар, касиеттүү жайга кирүүнүн алдында жуунушкан.УК 380.2

    Ыйыктар бөлүмүУК 380.3

    Жердеги касиеттүү жай (2Муса 26:1-37), байыркы чатыр сыяктуу салынган. Төрт териден жасалган жапкычтар анын чатыры болуп, жана ага алтын жалатылган көшөгөлөр анын ички бөлүмүнө көрк берген. Бул касиеттүү жайдын көлөмү болжолу менен 5,5 х 16,5 метрди түзүп, көчүрүп алып жүрүүгө ыңгайлаштырылган. Израил эли чөл үстүндө жолоочулап жүргөн мезгилдеринде, аны чачып жана чогултууга мүмкүн эле. Анын ичи көшөгө менен экиге бөлүнүп, жер үстүндөгү эң эле ыйык жай болуп саналган. Дин кызматчы күн сайын, анын биринчи бөлүгүнө кан менен кирип, жети бутактуу шамдалдын жанынан (2 Муса 25:3140), Теңирге багышталып арналган нандар турган үстөлдүн жанынан өтүп (2Муса 25:23-30), жыпар жыт түтөтүүчү, же алтын курмандык чалчуу жайга барган (2Муса 30:110), андан ар кандай жыпар жыттуу чөптөрдүн кошулмасынан чыккан түтүн, көшөгөдөн өйдө көтөрүлүп, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирип турган. Жана дин кызматчы кандын тамчыларынан көшөгөнүн берки жагына чачып, жана курмандык чалчу жайдын бурчундагы мүйүздөрүнө сүрткөн (ЗМуса 4). Бул көрүнүштөрдүн кээ бир сүрөттөлүшүн (Евр. 9:1-17) окуса болот. Биринчи же экинчи бөлүмдө турган буюмдардын бардыгы алтындан, жана алтын менен капталып жасалган.УК 380.4

    Ыйыктардын ЫйыгыУК 380.5

    Экинчи бөлүмдө, же Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүндө (2Муса 26:33, 17-22), Мыйзам сандык турган. Периштелердин ортосунда ырайым тактысында Кудайдын даңкы төгүлгөн (2Муса 25:22; 40:34). Андан ылдыйраак Мыйзам сандыктын капкагы - таза алтындан капталып, Кудайдын башкаруусунун негизи болгон, Кудайдын Өз Колу жазган (2Муса 31:18), Он Осуят жазылган таш лооктор салынган сандыкты жаап турган (5-Муса 10:2). Ушул Ыйык Мыйзамдар менен, адамдар акыркы мезгилге чейин (Аян. 12:17; 14:12), жана андан кийин дагы (Аян. 22:14; Ис. 66:22,23) жүрүүлөрү тийиштүү. Бир жылда бир гана жолу, тазалоо Күнүндө, экинчи бөлүмгө улуу дин кызматчы, - адамдардын күнөөлөрүн жана касиеттүү жайга толгон күнөөлөрдү тазалоо үчүн кирген (ЗМуса 16, өзгөчө 30-34; Дан. 8:14).УК 380.6

    Машаяк Өз шакирттеринин алдында Асманга көтөрүлүп кеткенде, алар өз ишенимдери менен Асмандагы Касиеттүү Жайды карашкан. Ал жерде, алардын үмүтү орун алган, бул туурасында элчи Павел мындай дейт: “Ал үмүт, жан үчүн кармана турган бекем жана коопсуз негиз болот, жана көшөгөнүн ички тарабына кирет. Ал жакка биз үчүн, Ыйса кирди, жана түбөлүк Улуу Дин Кызматчы наам алды... Жана Ал текелердин жана ноопаздардын каны менен эмес, бирок Өз Каны менен бир жолу Ыйык Жайга кирди да түбөлүк куткарууга ээ бөлдү” (Евр. 6:19,20; 9:12).УК 381.1

    Касиеттүү жайдын биринчи бөлүмүндө өткөрүлгөн кызматтар, он сегиз кылым аралыкты камтыган. Машаяктын Каны, тoбo келтирген күнөөкөр үчүн, аларды Ата менен жараштырууга, өз элдештирүүчү кызматын аткарды, бирок бул күнөөлөр баштагысындай эле, Асмандагы Китептерде жазылуу бойдон калган. Жердеги үлгү кызматында, бир жыл убакыт өткөндөн кийин касиеттүү жай тазаланган сыяктуу, Машаяктын адамзаатты куткаруу кызматынын аяктаар мезгилинде дагы, Асмандагы Касиеттүү Жайды тазалап, андагы бардык топтолгон күнөөлөрдөн, аны арылтуу керек болгон. 2300 пайгамбарлык күндүн бүтүшүнөн кийинки, баштала турган кызмат мына ушул эле. Даниил пайгамбардын пайгамбарлыгы боюнча, биздин Улуу Дин Кызматчы, ошол мезгилде Ыйык-тардын бөлүмүнөн, Өз кызматынын акыркы - Касиеттүү Жайды тазалоо бөлүгүн аткаруу үчүн, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирген.УК 381.2

    Байыркы мезгилде, адамдардын кyнөөлөрү ишеним аркылуу курмандык малдардын үстүнө жүктөлүп, жана алардын каны аркылуу касиеттүү жайга киргизилгендей, Жаңы Осуятта дагы, биздин күнөөлөр ишеним аркылуу Машаякка жүктөлүп, Анын Каны аркылуу Асмандагы Касиеттүү Жайга киргизилет. Жана жердеги касиеттүү жайдагы кызматта, аны күнөөдөн тазалоо менен ишке ашкан сыяктанып, Асмандагы Касиеттүү Жайдын кызматы дагы, ал жакка киргизилген күнөөлөрдөн тазалоо, же жок кылуу менен аяктайт. Бирок ким, Машаякка ишенүү жана тoбo келтирүү менен, куткарылууга ээ болорун билүү үчүн, Асмандагы Китептерди окуу зарыл. Ошондуктан Касиеттүү Жайды тазалоо, өзүнө тирүүлөрдүн жана өлгөндөрдүн иштерин териштирүү ишин камтыйт — бул тергөө соту. Бул кызматтардын бардыгы, Машаяк Өз элин куткарып алуу үчүн, “ар бир адамдын ишине жараша тиешесин берүүгө” (Аян. 22:12), келген мезгилге чейин аткарылуусу керек.УК 381.3

    Ошентип, ким пайгамбарлык сөздөрдүн жарыгын ээрчиген болсо, 2300 күн өткөндөн кийин, 1844жылы, Машаяк жер үстүнө келгендин ордуна, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө, куткаруу ишин аяктоо, жана Өзүнүн Келишине бардыгын даярдоо үчүн, кирген.УК 382.1

    Курмандыкка чалынган теке, Машаяктын Курмандык боло тyр-гандыгын кергөзгөн сыяктуу, жана улуу дин кызматчы өз кызматы менен, Машаяктын элдештирүү ишин аткаргандай, коё берилген теке дагы, күнөө туудурган, жана акыры бардык тoбo келтирген адам-дардын күнөөсү үстүнө жүктөлө турган, шайтанды сүрөттөгөн. Качан улуу дин кызматчы, күнөө үчүн чалынган курмандыктын каны аркылуу, касиеттүү жайдан күнөөнү алып чыкканда, аларды коё бериле турган текенин үстүнө жүктөгөн. Качан Машаяк Өз Каны аркылуу, Өз элинин күнөөлөрүн Асмандагы Касиеттүү Жайдан алып чыкканда, ал күнөөлөрдү Ал, шайтандын үстүнө жүктөйт, анткени Асмандагы Сот өкүмүнүн чечими боюнча, шайтан акыркы жазаны, өзүнө алып жүрүшү керек. Коё берилген текени, Израил жааматына кайрылып келбеши үчүн, алыcкы жайга алып барып ташташкан. Ошол сыяктуу эле шайтан дагы, күнөөлөрдү жана күнөөкөрлөрдү талкалагандан кийин, Кудай жана Анын элинин алдында биротоло куулуп, өз жашоосун токтотот.УК 382.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents