Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    7 Бап — Лютердин Римден Бөлүнүүсү

    Жыйынды, папанын караңгылыгынан, жеткилең, жана тазараак жарыкка чыгарууга чакырылган, адамдардын арасында, эң эле көрүнүктүү оорунду ээлегени Мартин Лютер бoлyп эсептелет. Мартин Лютер, Кудайдан коркуудан башка коркууну билбеген, демилгелүү, жалындуу жана ишенимдүү, Ыйык Жазуудан башка ишенимдин негизин кабыл албаган, өз мезгилиндеги жарчылардан болгон. Ошондуктан Кудай ал аркылуу, Жыйынды кайра тазалоочу жана дүйнөнү агартуучу улуу ишин аткарууну каалаган.УК 104.1

    Жакшы Кабардын биринчи жарчылары сыяктуу эле, Лютер дагы, кедейликтен алынып чыккан. Өзүнүн бала кездеги курагын, Лютер немец дыйканынын, жөнөкөй үйүндө өткөргөн. Анын атасы, кен казган жердеги оор жумуштарда иштеп, анын окуп алуусуна жардам берген. Ал, уулу билим алып, чоңойгондо юрист болсо деген ниетте эле, бирок Кудай аны, жүз деген жылдар тургузулуп келе жаткан, улуу Кудай үйүнүн курулушчусу катары пайдаланат. Кыйынчылыктар, жек көрүндүлүк, жана катаал тартип, чексиз Даанышман, Лютерди жашоонун башкысына үйрөтүп даярдаган мектеп бoлyп калды.УК 104.2

    Лютердин атасы чечкиндүү, бетке айткан жана чынчыл киши болгон; Ал өтө оор басырыктуу бoлyп, тунук жана жеткилең акылы менен айырмаланып турган. Ал, арты эмне болооруна карабаcтан. өз милдетине ишенимдүүлүгүн сактаган. Анын тунук өй жүгүртүүсү, монахтарга ишенбестикти туудуруп, аларга карата көз карашы терс эле. Лютер өз атасынын макулдугу жок эле, монастырга кирип окуп алгандыгы үчүн, ал Лютердин кылганына абдан ачууланат, эки жылдан кийин гана, уулу менен элдешип, бирок, анын көз караштары мурдагысынан өзгөрүүсүз кала берген.УК 104.3

    Лютердин атаэнелери, өз балдарынын тарбиясына жана окуусуна өзгөчө көңүл бурушат. Алар, балдарынын аң сезиминде, Кудайды таануу сезимдери калуусуна аракеттенишип, аларда чыныгы ишенген адамдардын сапатын өстүрүүнү каалашкан. Атасы көбүнчө, Мартин Кудай жөнүндө билип, жана Анын чындыктарын жарыяласа экен деп, уулунун көзүнчө көбүрөөк сыйынган. Ушул ата - знелер, өздөрү үчүн кыйын эмгекти талап кылганына карабаcтан, өз балдарынын адеп - ахлак, акылынын жогорулашы үчүн түгөл мүмкүнчүлүктү колдонушту. Өздөрүнүн чечкиндүүлүгү жана бекемдиги менен, алар кээде өтө тырышкандыктан, реформатор бала күнүндө, атаэнелери жаңылып жаткандыгын дагы көргөн, бирок ушул тарбиялар, талкууга Караганда, кубаттоого татыктуу эле.УК 104.4

    Лютер, жаш кезинен окуган мектеп, тартипти өтө катуу талап кылгандыктан, кээде балдарды аябаcтан урушкан. Анын атаэнелери кедей болгондуктан, башка шаарга окууга тапшырганда, ал көпчүлүк учурларын, тамак таап иштоо менен өткөргөн, үйдөн - үйгө кыдырган, ошондуктан көп учурларда ачка жүргөн. Ошол караңгы убактардагы диний адамдын кебин кийген ырымжырымдардын көптүгү, жаш баланын жүрөгүн коркунучка толтурган болуучу. Ал жатканда, коркунучтуу келечек жөнүндө ойлонуп, жүрөгү тынчтык тапкан эмес, Кудайды жазалоочу катары көрүп, аяганды билбеген Казы катары элестеткен, Анын боорукердигин көз алдына келтире алган эмес.УК 105.1

    Жана көп сандаган ушуга окшогон санааларга, күрөшүүлөргө карабастан, Лютер токтолбостон, жо-горку адеп -ахлакка, жана жеткилең акылдуулукка умтулуп алдыга жылган, анткени анын жан дүйнөсүнүн каалаганы ошол болуучу. Ал ар бир нерселерди кунт коюу менен кабыл алып жатты, анын акылынын терең кабыл алуусу, үстүртөн берилген окутууларга канагаттанган жок, бирок мааниси терең жана олутту нерселерди билүүгө гана умтулган.УК 105.2

    Качан ал 18 жаш курагында, Эрфурттагы университетке тап-шырганда, анын жашоо жагдайы, баштагыга Караганда, бир кыйла жакшырып калган. Лютердин эмгекти сүйүүчү жана үнөмдүү атаэнеси бул кезде, бир нече акча каражат чогултуп коюшкандыктан, алар эми өз баласына жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Мектептен кийинки калтырылган таасир, терең oй жүгүрткөн, жакшы адамдар менен жоолугушуп суйлөшкөндөн кийин, кичинеден кала баштаган. Эң мыкты жазуучулардын чыгармаларын тырышчаактык менен окуп, өз акылын, oй жүгүртүүлөрүн тереңдетип, даанышмандардын даанышмандыгын өзүнүн менчилигине айланткан. Мурдагы окуган жериндеги, мугалимдер аркылуу жасалган тартиптин катаалдыгына карабаcтан, сейрээк учуроочу жөндөмдүүлүктү көргөзгөн, ал эми азыр болсо, билим алуу үчүн ылайыктуу шарт курулгандыктан, анын аң-сезими мурдагысынан дагы тезирээк жетиле баштады. Эң сонун, анын тунук акылы, жана элестетүүлөрү, туура oй жүгүртүүсү, жана тырышчаактыгы, акыры өз жолдошторунун арасында, биринчи орунду ээлегенге жардам берди. Кылган иштериндеги тартиптүүлүгү, аны жогорку oй жүгүрткөн билимге байытып, кабыл алуусу курчуду, жана ушул сапаттар, акыры ага, турмуштагы ички дүйнөнүн күрөшүндө жардам берген.УК 105.3

    Лютер Кудайдан корккондуктан, анын көздөгөн макcаттарынын ишке ашууcуна, жана андан эки жака кыйшайбай түз жүрүшүнө жардам берип, Теңир алдында момун кылды. Ал өзүнүн, Теңир алдында муктаждыгын ардайым сезип тургандыктан, Кудайдын жардамын сурап, ар күнкү жашооcун сыйынуу менен баштаган, анын жүрөгү ар -дайым өз Кудайына кайрылып, жашоосунда колдоп турган. “Жакшы сыйынуу, - тапшырманын жарымын жаттап алганга караганда, жакшыраак - деп ал көп айткан” 45Д Обинье 2-китеп, 2-бап..УК 106.1

    Бир жолу Лютер университеттин китепканасынан китеп карап жатып, латын тилинде жазылган Мукаддас Китебин таап алат. Буга чейин ал эч качан мындай китеп көргөн эмес, жана анын бар экенин дагы билбеген. Жалпы өткөрүлүүчү дин кызматтарда, Жакшы Кабардын кээ бир үзүндүлөрү гана окулгандыктан, ал, толук Мукаддас Китеби ушул экен деп ойлогон. Ал эми азыр болсо, ал өзү, толук Мукаддас Китебин биринчи жолу көрдү. Лютер таң калуу менен аярлап, Ыйык Жазуунун беттерин ача баштады; жүрөгү тикилдеп батбат согуп, муундары калтырап, өмүр Сөзүн биринчи жолу окуду, жана кез - кезде токтой калып, улутунуп мындай деп айтып жатты: “О, эгерде Кудай, менин өзүмө ушундай Китеп берсе кана!” 46ошол эле жерде.. Асман Периштелери аны курчап, Кудайдын тактысынан чыккан жарыктын нурлары, ага чындыктын кенчин ачып берди. Ал ар - дайым Кудайды таарынтып алуудан корккон, ал эми азыр болсо, мурда өзү сезбеген күнөөкөр абалын, терең сезип түшүндү.УК 106.2

    Күнөөлөрүнөн кечирим алып, жана Кудай менен тынчтыкка ээ болууну ушунчалык эңсегендиги, анын монастырга баруусуна, түрткү болгон. Монастырда аны, эң эле кыйын жумуштарга жумшашып, жана жумуштан кийин кайыр сураганга жиберишкен. Ал учурда Лютер, жакшылыктын жана урмат сыйдын кадырына жетүүнү каалаган куракта эле, жана ушул кулчулук тагдыр, анын жараланган жан дүйнөсүн, ылдый тебелеген, бирок ал, ушунун баары менин кылган күнөөлөрүмдүн айынан деп түшүнгөндүктөн, бул басырынууну чыдамкайлык менен көтөргөн.УК 106.3

    Күндөлүктүү турмушундагы аракеттенип тапкан бош убакытынын барын, жада калса уйкуга жана тамак ичүүгө арналган, кичинекей убактысын дагы, китеп окууга жумшаган. Баарынан дагы анын талабын ынандырган, анын Ыйык Жазууну изилдеген убакыттары эле. Ал Мукаддас Китебинин, монастырдын дубалында чынжыр менен бекитилип турганын көрүп, ал ошол жерге көбүрөөк токтоочу. Ал өзүнүн күнөөкөр экенин канчалык көп сезген сайын, ошончолук көбүрөөк өз иши менен, кечирим жана тынчтык алууга аракеттене баштады. Өзүнүн жаман адеттерин калтырууга, монахтык тил алуу менен жете албаган болсо, анда ал адеттерди орозо кармап, кадыр түн тосуп, өз денесин сабап кыйналуу менен калтырууга аракеттенип, жетүүнү каалаган. Ал Кудайдын кечиримине, жана өз жүрөгүнун тазалыгына ээ бoлyy үчүн, болгон аракетин жасап, эч нерсе аны токтото алган жок. “Мен чынында эле өтө таакыба монах элем, - бул уюмдун аткара турган жол жобо эрежелерин, андан дагы тагыраак аткарууга аракет кылуучумун. Эгерде кандайдыр бир монах, өз кылган иши менен Асман Падышалыгына жетүүгө укук ала тyр-ган болсо, анда эч күмөнcүз, ошол укукка мен ээ болмокмун... Менин ошол мезгилим дагы бир нече убакыт созула турган болсо, анда мен өзүмдү сөзсүз өлүмгө чейин алып бармакмын, - деп, ал аягында айткан” 47ошол эле жерде. 3-бап.. Өз эрки менен көп нерселерден баш тарткандыктан, ал алдан тайып, башы айланган, тарамышы тартылып карышууларга кабылды, жана алардан өмүрүнүн аягына чейин арыла алган эмес. Бирок, бул болгон аракеттерине карабаcтан, анын чындыкты издеп кыйналган жан дүйнөсү, тынычтык таба алган жок. Ошентип анын, акыры өзүнүн ишенимиңен толук үмүтү үзүлдү.УК 106.4

    Качан Лютер, баары бүттү деген тыянака келип, көңүлү чөгө баштаганда, Кудай ага жакын жардамчы жана жолдош жиберет. Таакыба Штаупиц, Лютерге Кудай Сөзүн түшүнүүгө жардамдашты; анын өзүндөгү жаман ойдон алагды кылып, Кудай Мыйзамын бузгандыгы үчүн, тынчтык бербеген жан дүйнөсүн өйүгөн санаадан арылууга түрткү берет, жана анын көңүлүн, күнөөлөрдү кечирүүчү Куткаруучу - Ыйсага бурат... “Өз күнөөлөрүндүн айынан, туталаныл жата бербестен, Куткаруучунун кучагына кел. Бир гана Ага таянып, жана Анын жашоосунун адилеттигине моюн сун, жана Анын өлүмү, сөз жок куткарып ала турганына ишен... Кудай Уулуна баш ий. Сенин, Теңир алдында ырайым табышың үчүн, сага ишенимдүүлүк берүү үчүн, Ал адам кебин кийинген. Аны суй, анткени Ал ириде сени сүйгөн” 48Д Обинье 2-китеп, 4-бап.. Ушул ырайымдын кабарчысы, ушинтип аны жоошутту. Жана анын сөздөрү, Лютерге каталангыз таасир калтырды. Тамырланып калган жаман адеттер менен болгон, узакка созулган күрөшүүнүн аягында, ал кай-радан чындык жөнүндө түшүнүк алып, жана анын жаны жай таппаган абалына, тынчтык орноду.УК 107.1

    Лютер дин кызматчылык наам алгандан кийин, Виттенбергдеги университетке, окутуучу бoлyп иштөөгө, аны чакырышты. Ал жерде ал, Мукаддас Китебин жазылган нукура тилинде, изилдөөнү уланткан. Ошого байланыштуу эле, анын угуучулары өздөрүнө, Забур, Инжил жана арналып жазылган Каттардан ачылыштарды алышып кубанышты. Анын досу жана үйрөтүүчүсү болгон Штаупиц, аны кафедрадан Кудай Сөзүн насааттап айтууга ынандырган. Кудай атынан элге кайрылууга ылайыксызмын деген, Лютердин ою аны сөз айтуудан артка тартты. Бирок көпкө чейин ички дүйнө менен болгон күрөштөн кийин гана, өз досторунун талабын оорундатууга бел байлайт. Ал мезгилде Лютер, Мукаддасты жакшы түшүнүп калган, жана Кудайдын ырайымы анын ичинде эле. Анын сөзгө чечен бал тилдүүлүгү, аны угуучуларды өзүнө тартты: ачып берген чындыктын ачык айкын күчү, мээге cиңип, анын жандандырып берген деми, алардын жүрөгүнө жеткен.УК 107.2

    Лютер баштагысындай эле, Рим чиркөөсүнүн ишенимдүү уулу болуп кала берди, жана келечекте, анын иши өзгөрүлөрүн, ал билген жок. Кудай Өзүнүн каалоосу боюнча, аны Римге жөнөттү. Римди көздөй жөө баруу менен, ал алдынан чыккан монастырларга кайрылып карайт. Бир италиядагы монастыр өзүнүн өтө кооздугу, байлыгы жана жогорку салтанаттуулугу менен, аны таң калтырды. Мамлекеттин казынасынан каражат алуу менен, монахтар өтө жыргалчылык, жана молчулукта жашашып, баалуу кийимдерди кийишкен, жана эң жакшы тамактарды жешкен. Ушунун барын Лютер, өзүнүн жокчулукта, жана тарчылыкта жашаган жашоосу менен салыштырып, ичинен кайгыга батып, ички дүйнөсү толук дүрбөлөңгө кабылды. Ар - кандай жаман oй санаалар, анын жан дүйнөсүн ээлеп алды.УК 108.1

    Акыры ал жети тоонун артында жайгашкан, эңсеп жүргөн шаарын алыстан көрдү. Жүрөгүнөн толкундангандыктан, Лютер жер кучактап суналып жүздөмөндөп жыгылды да: “Мен сага ысык салам айтам, касиеттүү Рим!” 49Д Обинье 2-китеп, 6-бап., - деп үн катты. Шаарга кирээри менен, ал шаар ичин кыдырып, чиркөөлөргө кирди, монахтардын жана дин кызматчылардын сөздөрүн угуп, ар кандай кереметтер жөнүндө таалыкпастан сөз курду, жана монастырда өткөрүлүүчү, баардык диний жол - жобо эрежелерге катышып жүрдү. Айланадагы өзүн курчаган сүрөттөр, өзүнүн жарабаган көрүнүштөрү менен, ага жаккан жок. Жана, баардык диний даражадагы адамдардын арасында, мыйзамсыздык оорун алганын, ал өз көзү менен көрдү. Прелаттардын жада калса, диний эрежелерди өткөрүп жаткандагы, обу жок тамаша куруп Кудайга акаарат келтиргендери, анын жан -дүйнөсүн туталантып, кыжырын келтирген. Калайык калктын арасында, жада калса монахтардын арасындагы бoлyп жаткан бузукулукту, жана ысырапкорчулукту, ал көрдү. Баардык жерден, адилеттиктин ордуна жамандык көрүнүп турду. “Римде жасалып жаткан күнөөлөрдү, жана уяттуу иштерди, көз алдыга элестетип көрүү өтө кыйын; ал нерселерге ишенүү үчүн, мунун баарын көз менен көрүп, кулак менен угуу керек. Бул жерде мындай деген макал айты- лып жүрөт: “Эгерде тозок бар боло турган болсо, анда ошол тозоктун үстүнө Рим курулган. Бул жер, баардык күнөөлөр агып чыгуучу, тупсүз туңгуюктун өзү” - деп, ал өз кол жазмаларынын биринде жазган” 50ошол эле жерде. 2-китеп, 6-бап..УК 108.2

    “Пилаттын тепкичи”, деп аталган секичеден, ким тизелеп чыга турган болсо, ага баардык күнөөлөрү кечирилет, деп папа буйрук чыгарган. Анын айтуусу боюнча, биздин Куткаруучу, римдиктердин жогорку сотунан чыкканда, ушул тепкич менен жогору чыккан, анан капысынан, кандайдыр бир керемет күч менен, Иерусалимден алынып, римде пайда болгон. Бир жолу Лютер, өзүнүн момундугу менен ошол тепкичтен жогору чыгып бара жатканда, күндүн күркүрөгөнүндөй болгон, мындай деп айтылган үндү угат: “Адилеттүү өз ишеними менен аман калат” (Рим. 1:17). Ушул үндү угаар менен, төбө чачы тик туруп, Лютер ордунан тура калды дагы, кылып жаткан ишинен уялгандыктан, ал жерден шаша түшүп кетти. Ошол күндөн баштап, Ыйык Жазуудагы ушул аят, анын кулагында жаңырып чыккан жок. Ал, адам өз кылган иштери менен эч качан куткарыла албай турганын, жана бул жөн гана адамдык алдоо экендигин көрдү, жана Машаяктын кылган иши үчүн, Ага гана ар - дайым ишенүү зарыл экендигин түшүндү. Эми гана, папалык окутуунун адашууга алып бара жаткандыгын көрүү үчүн, анын руханий көзү ачылды. Качан ал, римдик окутуудан баш тартканда, бүт жүрөгү менен баш тарткан, жана ошол мезгилден тартып, папалык жыйындан биротоло бүт байланышын үзүп чыкканга чейин, алыстагандан алыстай берди.УК 109.1

    Римден кайтып келгенден кийин Лютер, Виттенбергдеги университетте дин аалымынын докторлугун алган. Эми ал, өз убакытын кененирээк бөлүштүрүп, өзү кастарлаган Ыйык Жазууну көбүрөөк изилдөөгө мүнкүнчүлүк алды. Жана ал өзүнө, өзүнүн калган өмүрүнүн баарында, тырышчаактык менен Кудай Сөзүн аткарууга, жана Аны ишенимдүүлүк менен насааттап айтууга, папанын койгон эрежелерин, буйруктарын аткарбоого, салтанаттуу ант берди. Эми Лютер жөнөкөй эле монах, же диний аалымынын профессору болбостон, Ыйык Жазуунун көрүнүктүү жарчысы, жана чындыкка суусап чаңкаган, Кудайдын койлорун кайтаруу үчүн чакырылган адам эле. Христиандардын окуусунун башаты, бир гана Ыйык Жазуу болуш керек деп, ал ишенимдүү жар салды. Бул айтылган сөздөр, папалык бийликтин негизги үңгүсүна, өз кыйратуучу соккусун берди, анткени бул сөздөрдө, Реформациянын өмүргө керектүү чындыктары бар болуучу.УК 109.2

    Кудайдын Сөзүнүн үстүнөн, адамдардын чыгарган окутуулары өтө бийик көтөрүлүп кеткендигин, Лютер көргөн. Мыйзамсыз адамдардын, маанисине түшүнбөй эле чыгарып алган oйжүгүртүүлөрүнө, жана адамдардын аң - сезиминде, көп мезгилден бери орун алып жашап калган окутууларды ашкерелеп, жана аларга ишенимдүү сокку урду. Бул окутууларга сокку уруп, андан баш тартуу менен, Лютер ал окутуулар жөн гана маанисиз эле эмес, зыяндык алып келүүчү окутуу экендигин көргөзгөн. Ушундай кылуу менен гана, ал өзүнүн угуучуларын жалган oй жүгүртүүчүлүктөн, жана диний насааттардан, пайгамбарлар жана элчилер аркылуу берилген түбөлүктүү чындыкка бурууга аракет кылган.УК 109.3

    Анын өтө баалуу сөздөрү угулган, жана көңүл бурулган жерлерде, ушул чогулган калың журт үчүн, анын айткан насааттары кандай баалуу эле! Калайык калк ушул күнгө чейин, мындай cөздөрдү угуп көргөн эмес. Куткаруучунун сүйүүсү жөнүндөгү Жакшы Кабарды, жана Анын күнөөлөрдү кечирип, тынчтык берүү үчүн төккөн ыйык Каны тууралуу белек, - адамдардын жүрөктөрүнө кубаныч салып, аларда өлбөй турган чыныгы үмүт жандандырды. Виттенбергде жанган жарыктын нурлары, жердин алыcкы бурчтарына чейин жетип, акыркы күндүн уламданулам жакындап келе жаткандыгын көргөзүп турду.УК 110.1

    Бирок жарык менен караңгылыктын эч кандай ынтымагы болбойт. Чындык менен жалгандыктын ортосунда бoлyп жаткан күрөш токтолбостон уланып келүүдө. Бир нерсени колдоо, башкасына каршы күрөшүп, жана аны кабыл албагандыкты билдирет. Бул туурасында биздин Куткаруучу мындай деп айткан: “Мен дүйнөгө тынчтык алып келүү үчүн эмес, бирок кылыч алып келүү үчүн келдим” (Мф. 10:34). Лютер өзүнүн реформатордук кызматын аткаруусунан бир нече жыл өткөндөн кийин, мындай деп жазган: “Кудай мени жөн гана жетелеп жүргөн жок - Ал мени алдыны көздөй түртүп жатат, Ал мени кызыктырып бара жатат. Мен эми өзүм билгендей эле жүрө албайм. Мен тынчтыкта жашагым келет, бирок мени эмнегедир эң эле түнөргөн толкундоолор, жана таң калтыруулар коштоп бара жаткандыгын көрүп жатам” 51Д Обинье, 5-китеп, 2-бап.. Эми аны чыныгы майдан талаасы күтүп турган эле.УК 110.2

    Католик чиркөөлөрү Кудайдын ырайымын сатып, өз капчыктарын толтурушкан. Алардын курмандык чалчу жайларынын жанында акча алмаштыруучу столдор туруучу, жана айланага сатуучулар менен сатып алуучулардын үндөрү жаңырып турган. Римде ыйык Петрдун ибадатканасын тургузуу үчүн деген шылтоо менен, папа аркылуу бүт элдер үчүн, күнөөнүн кечирилгендиги тууралуу грамоталар сатылып; күнөөлөр акча төлөө менен гана кечирилген. Кудайдын Ыйык Ысы-мын даңктоо үчүн курула турган ибадаткана, кылмыштуу жол менен курулуп, мыйзамсыз акча каражатына, - бурчтун негизи болгон ташты тургузууну каалашкан! Бирок римдин ийгилиги үчүн колдонула тyрган каражат, анын даназалуулугуна, жана солкулдабас күчүнө каршы үйрүлүп тийген катуу сокку бoлyп калды. Папанын кылган аракееттери, анын чечкиндүү жана күчтүү душмандарынын көтөрүлүүсүнө жол берип, римдин жогорку даражалуу адамынын башындагы үч тиштүү таажысын, жана отурган тактысын солкулдата турган, улуу күрөш башталды.УК 110.3

    Германиядагы күнөөнү кечирүү үчүн сатылган грамоталарга башчылык кылган Тецел аттуу төрө, башында Кудай Мыйзамынын, жана жалпы адамдардын мыйзамынын алдында күнөөлү деп табылган адам болуучу. Бирок ал, өзү айыптуу болгон жазадан куткарылып, папанын кызыкчылыгы жана абийирсиздиги үчүн дайындалган жумушту аткара баштайт. Өз абийирин жеп, ырым - жырымга көнгөн элге, ал өзү эч качан көрбөгөн тамсилдерди айта баштаган. Эгерде ошол кезде, Кудай Сөзү адамдарга жеткиликтүү болгон болсо, анда аларды мынчалык бат эле алдап коюу кыйын болмок. Ошондуктан Мукаддас Китеби элдерден жаап жашырылган, анткени андай кылуу менен гана римдиктердин чиркөөсү адамдарды башкарып, өздөрүнүн текебер башчыларынын бийлигин жана байлыгын көбөйтө алышмак 52Джон Гизелер, “Жыйындардын тарыхы боюнча кыскача жолдомолор”, 4-том, 1-бөлум, 5-параграф..УК 111.1

    Кайсы гана шаардын дарбазасынан кирээри менен, Тецелдин алдында, бир жарчы мындай деп үн салып турган: “Кудайдын, жана ыйык атанын ырайымы эми силердин дарбазаңардын алдында” 53Д Обинье. 3-китеп, 1-бап.. Жана калайык калк, бул ыйманын жеген калпычыны, Асмандан түшүп келген, Кудайдын Өзү сыяктуу кадырлап тосуп алып турушту. Чиркөөнүн ичинде соода сатык башталып, Тецел ушул күнөөлөрдү кечирүү үчүн чыгарылган грамоталарды, эң эле кымбат Кудайдын Өзүнөн түшкөн белек сыяктуу, жогору көтөрүп сунуштаган. Ал мындай деп түшүндүргөн, эгерде кимде - ким ушул күнөөнү кечирүү грамотасын ала турган болсо, анын ээсине, азыркы эле эмес, келечектеги күнөөлөрү кечирилет, жана жада калса, “ага тoбo кылбай деле койсо болот” 54ошол эле жерде.. Андан тышкаары, бул күнөөлөрдү кечирүү грамоталары, деп айтты ал, тирүүлөрдү гана куткаруу күчүнө ээ болбостон, өлгөндөрдү дагы куткара тyрган күчкө ээ, менин кутучамдагы акча тыйындарынын шыңгыраган үндөрү угулаар менен, маркумдардын жаны шыр эле бейишти көздөй, Асманга алынат 55Халенбах, “Реформация тарыхы”, 1-том, 96-бет..УК 111.2

    Качан Симон ысымдуу бир сыйкырчы элчилерге, керемет жасоо үчүн, акча сунуштап күч сураганда, Петр ага мындай деп жооп берген: “Күмүшүң сени менен бирге жок болсун, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алам дегенсиң” (Расул 8:20). Бирок Тецелдин сунуштары миңдеген адамдар аркылуу кабыл алынып жатты. Анын казынасына алтын жана күмүш, суу сыяктуу агылып келе баштады. Акчага сатып алууга мүмкүн болгон куткарылуу, күнөөкөр адамдан талап кылынган тoбo келтирүүгө, жана күнөө менен ар - дайым күрөшүүнү талап кылган ишенимге Караганда, алда канча жеңилдик кылды.УК 111.3

    Католик чиркөөсүндөгү диний аалымдар, жана таакыба адамдар, кечирим грамотасы жөнүндөгү окутууларга каршы чыгышты, жана Кудайдын аяндарына, туура oй жүгүртүүлөргө карама — каршы келген чечимдерге, көпчүлүгү ишенишкен жок. Бир дагы прелат, адилетсиздик менен сатылып жаткан соода жолуна каршы, эч нерсе айта алышкан жок, бирок көпчүлүк адилеттүүлүктү каалаган терең oй жүгүрткөн адамдар, ичтеринен бушайман болушуп, мындай деген суроолорго токтолушкан. Эмне Теңир жыйынды Өз тандалган куралдары аркылуу тазалабайбы?УК 112.1

    Папалык чиркөөнү дагы деле жактап, анын ишенимдүү мүчөсү бoлyп саналган Лютер, кечирим грамоталарын саткан соодагерлерди көрүп, төбө чачы тик турду, жана алардын Кудайга карата болгон акаараты, анын кыжырын кайнатты. Анын жыйынынын көпчүлүк келгиндери дагы, ушул кечирим грамоталарын сатып алышып, анын алдында көптөгөн күнөөлөрүн айтышып, толук кечирим алууга үмүттөнүшкөн, аны менен алар кайра жаңы жашоону каалашкан эмес, бирок күнөөлөрдөн кечирүүчү грамотага ээ болгондугуна мактанышты. Лютерге алардын келтирген тoбo кылуулары жаккан жок, жана ал аларга, чыныгы тобо келтирип, жашооңорду оңдобой турган болсоңор, анда өлүмгө кабыласыңар деди. Алар айраң-таң калуу менен, кайрадан Тецелге келишип, алардын диний насаатчысы, алардын тoбo келтирүүлөрүн кабыл албай жаткандыгын айтышып даттанышты, ал эми кээ бир чечкиндүү адамдар болсо, акчаларын кайра кайрып берүүсүн талап кылышты. Бул жоруктар монахтын ачуусун абдан келтирди. Ал каардануу менен, көпчүлүктүн жүрө турган жерлеринде от жактырып, “касиеттүү кечирим берүүчү грамоталарга каршы, ким күмөн санай турган болсо, ал бузуучулардын баарын ошол отко жагуу үчүн, пападан уруксат кагаз алгандыгын” 56Д Обинье, 3-китеп, 4-бап., билдирген.УК 112.2

    Ошондо Лютер, чындык үчүн тайманбастан өз күрөшүн баштады. Ал кафедрада айткан насааттарында, адамдарды жалгандыктан сак болуулары жөнүндө, туюндура баштады. Күнөөнүн баардык жийиркеничтерин ачып, адамдарга, ар бир киши өз кылган иши менен актала албастыгын, же күнөөсүн жецилдетип, боло турган жазадан кутула албай тургандыгын, окута баштады. Күнөөкөргө куткарылуу алып келе турган бир гана Кудай алдында тoбo келтирүү, жана Машаяктын Курмандыгын кабыл алуу. Машаяктын ырайымын акчага сатып алууга болбойт, - бул, акы төлөнбөй турган, бекер берилген белек. Лютер андан тышкаары, күнөөлөрдү кечирүүчү грамоталарды сатып албагыла, андан көрөкчө, биз үчүн курман болгон Куткаруучуга ишеним менен карагыла, деп кеңеш берди. Ал өзүнүн башынан өткөргөн окуялары менен бөлүшүп мындай деди, мен өзүмдүн кемсинип, жана кордолуу жолум менен куткарылууга ээ болом деген элем, бирок, качан мен өз күчүмө таянбаcтан, Машаякка ишеним менен Караганда гана, жан дүйнөмө тынчтык, жана кубаныч алдым.УК 112.3

    Тецел баштагысындай эле, кокурайган кесирдүүлүгү менен, өзүнүн соода ишин уланта берди, жана Лютер ушул кыянаттыктын бетин ачуу үчүн, ага каршы чечкиндүүлүк менен, чыгып cүйлөй баштады. Жана көп убакыт өтпөстөн ага, ушул айыпты ачуу үчүн, ыңгайлуу шарт келди. Виттенберг чиркөөсүндө көп cандаган олуя деп аташкан өлгөн адамдардын катырылган денелери болгон, жана аларды чоң майрам учурларында, элдердин алдыларына чыгарышкан, жана ким чиркөөгө келип өз күнөөлөрү жөнүндө тoбo кылып күнөөлөрүн моюндарына ала тyрган болсо, күнөөлөрү кечирилген. Мындай күндөрү жалпы калайык калк, бүтүндөй чогулушкан. Мына “баардык касиеттүүлөрдүн” күнү, деп аталган майрам дагы жакындап келди. Ушул майрам учурунда Лютер дагы, калың элге кошулуп, чиркөөнү көздөй бет алды, жана анын эшигине, күнөөлөрдү кечирүү грамотасына каршы жазылган 95 пикирлүү баракты кадап койду. Жана ал элге кайрылып мындай деп айтты, ушул жазылган пикирлерди, өз каршылаштарымдын алдында, университетте жактоого даярмын.УК 113.1

    Бул жазылган 95 пикирлүү барак, көпчүлүк адамдардын көңүлүн өзүнө бурду. Баары аны кайра - кайрадан окуп жатышты. Шаарда дагы жана университетте да чоң толкундоолор башталды. Лютердин пикиринде, мындай деп жазылган, папага, жана башка эч бир адамга күнөөлөрдү кечирүү үчүн бийлик берилген эмес, жана күнөө үчүн жазаны эч ким өзгөртө албайт. Бул нерселердин бардыгы, адамдардын ырым - жырымына негизделген, жеңил жол менен алдап акча табуунун ыкмалары. Бул жалгандыкка ким ишене турган болсо, ошол жандарды кыйратып жок кылуу үчүн арналган, шайтандын кытмыр иштери. Лютер дагы бул нерселерди тастыктап далилдеди, Жыйындын эң чоң байлыгы, Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар, жана Ал аркылуу берилген Кудайдын ырайымы ар бир адамга, чын жүрөктөн издеп, жана тoбo келтирип, ишеним менен кайрыла тyр-ган болсо бекер берилет.УК 113.2

    Лютердин пикирлери, чындыктын душмандарын уйгу - туйгу ойго салды, бирок алардын бири дагы бул пикирлерди кабыл алууга батыныша алган жок. Бир нече күн өткөндөн кийин, түгөл Германия мамлекети, Лютер көтөргөн суроолор тууралуу кабардар болушту, андан көп өтпөстөн, бул жөнундө түгөл христиан дүйнөсү сез кыла башташты. Таакыба католиктер, болуп жаткан мыйзамсыздыкка жана чиркөөдөгү ээлеп калган жамандыктарга, кайгыруу мемен карашкан, бирок, ага каршы эмне кылуу керек экендигин билишкен эмес, эми Лютердин пикирлерин кубануу менен окушуп, ал пикирлерден, Кудайдын Yнүн угуп жатышты. Алар бул пикирлерден, римдик тактыдан чыгып жаткан, мыйзамсыздыктын агымын токтотууну каалаган, Кудайдын ырайымдуу Колун көрүштү. Көрүнүктүү төрөлөр менен казылар жашыруун ичтеринен кубанычка батышты, анткени, алардан чечим кабыл алууну талашкан, текебер папанын бийлиги, чектелүү бoлyп калмак.УК 113.3

    Бирок күнөөнү сүйгөн, ырым - жырымды жакшы көргөн калайык калк, алардан өздөрүн жаап жашырган алдоолорду алып салбасын деп коркуу менен, саксакташып чындыкка чыгуудан сестеништи. Ал эми ачууланган диний жетекчилер, күнөөлөрдү колдоп, өздөрүнө түшүп турган маяна акчалардан куру кала тургандыгын сезишип, кыжырлары кайнаган. Өздөрүнүн орунсуз аракет кылуулары менен, өздөрүнүн окутууларын колдоо үчүн, түгөл диний кызматкерлер чогулушту. Эми реформатор, өзүнүн эң эле каардуу душмандары менен жоолугушмак. Кээ бирлери аны, кызыл кандуу, шашкалак адам катары көрүшүп айыпташты. Башкалары болсо, аны, өзун өзү билген ээнбаш адам катары айыпташып, анын кылган иштери, Кудайдын каалоосу боюнча эмес, анткор жасалма текебердик, жана эрдемсинүүлуктү көргөзүп жатат дешти. Аларга жооп кылып Лютер мындай деп жазган, “Кандайдыр бир жаңы oй - максатты сунуш кылган адам текебер сыяктуу сезилет, эми ал эмне , бөлүп - жарууну ойготуучу бoлyп калабы? Эмне себептен Машаяк, жана калган башка азап тартуучулар, өлүм жазасына берилди эле? Анткени аларды дагы, ошол кездеги акыл — ойго, туура эмес иш кылгандыктары үчүн, өтө чоң текебер катары карашкан, Алар, ошол кездин каада - салт, жана түшүнүк башчыларына кеңешпестен эле, өз жаңы oймаксаттарын алдыга чыгарып сунушташкан”.УК 114.1

    Жана дагы ал мындай деп жазды: “Мен эмнени кыла турган болсом, адам акылы менен кылбайм, бирок менин кылган иштерим, Кудайдын каалоосу менен болот. Эгерде бул иштер Кудайдан боло турган болсо, анда ким ал иштерди токтото алат? Ал эми бул кылына турган иштер Кудайдан болбой турган болсо, анда ал иштерди ким алдыга түртүп жылдыра алат? Менин эрким эмес, алардын да, жана баарынын эрки эмес, Асмандагы Ыйык Атабыз, Сенин гана эркиң болсун” 57ошол жерде, 6-бап..УК 114.2

    Ушул иштерде Лютер, Кудайдын колдоосу менен болсо дагы, ал үчүн алдыда кандуу кармашуулар күтүп турду. Ага карата болгон душмандарынын жекирүүсү, бурганактаган суу агымындай удургуп тийди, жана албетте, бул нерселердин баары, анын максатын туура эмес талкуулагандыктан, жана анын кадыр баркына жана анын иштерине, берген баалары өтө төмөн, калыcсыздык бoлyп,ушунун баары түп орду менен, дайынсыз жок боло албады. Калайык - калктын, чиркөөлөрдүн, ошондой эле окуу жайлардын жетекчилери, аны менен кошо Реформация ишинде, биргелешип жардамдашат, деп ал ишенген. Жогорку коюлган төрөлөрдөн аны кубаттаган сөздөр, жана колдоолорду укканда, аны түшүнгөн адамдар бар экендигине, ал чексиз чоң кубанычка батып, жүрөгү тынычтыкка толду. Лютер, чыныгы Жыйынга, жаңы күндүн таңы атаарына чын жүрөктөн ишенген. Бирок көп узабастан эле бардык ушул кубаттоолор, жемелөөгө жана уятка калтырууга айланды. Көптөгөн мамлекеттин жана чиркөөлөрдүн башчылары, Лютердин жазган пикирлери туура экендигине ишенишкен, бирок алар, көп убакыт өтпөстөн, бул пикирлерди ким кабыл ала турган болсо, жашоолорунда чоң өзгөрүү бoлyп кетээрин билип калышты. Калайык - калкта боло турган реформа, же болбосо кандайдыр бир агартуу, бул баарына үстөмдүк кылуучу Римдин баркын төмөн түшүрүү бoлyп саналган; ошондуктан, папанын ак сарайындагы молчулук, жана анын казынасына келип түшүп жаткан каражаттын, токтоп калуу коркунучу бар экендиги, айдан ачык болгон. Андан тышкаары, адамдарды өз алдынча ойлонууга, жана жападан жалгыз үмүт алар үчүн, бир гана Машаякта экендигин билдирүүгө жол берүү, папанын тактысын солкулдатып, бул бийликтегилердин баркын түшүрүп, акыры аларды түп ордунан жок кылмак. Мына ушундай oй - максат аларда жашагандыктан, Кудай аларга сунуштаган туура жолду, кабыл алуудан алар баш тартышкан. Аларды агартуучу, чындык жолго чыгарууга дайындалган адамдан баш тартуу менен, алар Машаякка жана чындыкка каршы чыгышкан.УК 114.3

    Өз башына түшкөн оор жүктү ойлонгондо, кээде Лютердин муундарын калтырак басуучу: анткени ал, бул дүйнөнүн зор күчүнө, жалгыз өзү каршы турган. Кээде аны мындай деген күмөн саноолор дагы бийлеген, жыйын башчыларына каршылык кылуумда, чын эле мени Кудай колдоп жатты болду бекен? “Жердин падышалары, жана түгөл дүйнө алдында титиреп турган, папанын улуулугуна каршы чыккандай, мен киммин? Жана мен, алгачкы эки жылдын ичинде, кандай кордуктарды көргөндүгүмдү эч ким биле албайт, - деп ал өзү жазган” 58ошол жерде.. Бирок ушундай болсо дагы, ал толугу менен көңул коштукка түшкөн жок. Качан андан, адамдык колдоолор таптакыр алынып калганда, ал бир гана Кудайга карап, жалгыз гана Анын Кудиреттүү Колунун Күчүнө таянган.УК 115.1

    Өзү менен oйтилеги бир адамга кайрылып, Лютер мындай деп жазган: “Ыйык Жазуунун түшүнүктөрүнө, биз тырышкандык менен жасаган аракетибиз, же кандайдыр бир жөндөмдүүлүгүбүз менен жетише албайбыз. Андыктан, сенин алгачкы милдетиң бул бoлyy керек, - Кудайдан жалынып сыйын, анткени Ал, Өзүнүн Улуу Ырайымы менен, Өз Сөзүнүн чыныгы маанисин ачып берсин. Кудай Сөзүнүн туура чечмелөөчүсү, ушул Сөздүн, Чыныгы Авторунун Өзү болуусу зарыл, жана Ал Өзү мындай деп айткан: “Жана баардыгы Кудай аркылуу үйрөнө алышат”. Бир нерсеге өз күчүң менен жетем деп, эч качан oйлобо; өз акылың дагы медер кылба; бир гана Теңирге таянып, жана Анын Рухунун таасирине моюн сун. Менин бул айтылган сөздөрүмө, ушунун баарын өз башынан өткөргөн адам катары ишен” 59Д Обинье, 3-китеп, 7-бап.. Өз мезгилиндеги адамдарга, салтанаттуу чындыкты жарыялоого чакырылган ар бир адам, ушул айтылган сөздөрдөн, өздөрү үчүн абдан керектүү пайдалуу сабак алса болот. Анткени бул чындыктар, шайтандын, жана өздөрүн кандайдыр бир тамсилдер менен соороткон адамдардын, ачуусун абдан келтирет. Жамандыктын күчтөрү менен күрөшүүдө, адамдык акылмандык жана даанышмандык өтө эле алсыз.УК 116.1

    Качан Лютердин душмандары, каада - салттарга жана адамдык эрежелерге, же папа койгон кандайдыр бир нерселерге таяныша турган болсо, анда реформатор Мукаддаска, бир гана Мукаддаска кайрылган. Эрежелердин жана жалган ишенимдердин, ачууланган кулдары, Ыйык Жазуудан келтирилген далилдерге эч нерсе деп, жооп бере алышкан эмес, ошондуктан алар, иудейлер Машаяктын Канын төгүүгө куштар болгон сыяктуу эле, анын канын төгүүгө куштар болушкан. “Римдин жактоочулары, - бул адам, элди дүрбөлөңгө салып, бузуучу адам! - деп кыйкырышкан. - Бул ниети бузук жалганчыга, бир саат эле жашоого мүмкүнчүлүк берүү, чиркөөнүн иштерин сатып жибергендик менен барабар. Дарга аны самап ыйлап турат!!!” 60оінол жерде, 9-бап.. Бирок Лютер,алардын каарынын курмандыгы болмок эмес. Анткени ал , Кудай ага тапшырган ишти аягына чейин чыгаруусу керек эле, жана ошондуктан аны Асман периштелери коргоп турду. Ошондой болсо дагы, Лютерден өтө баалуу жарык алган кээ бир адамдар, шайтандын көрө албастыгынын буюмдары болуп калышты, жана акыр аягында, чындык үчүн коркпостон, азап тартууга дагы, өлүмгө дагы барышкан.УК 116.2

    Лютердин окутуулары, Германиядагы баардык терең oй жүгүрткөн адамдардын көңүлүн, өзүнө бурду. Анын айткан насааттары, жана кол жазмалары, миндеген адамдардын аң, - сезимдерин ойготуучу, жарык алып келген. Көп деген узак жылдар, кыймылсыз, өлүк формалдуулуктун туткунунда бoлyп келген Жыйын, эми тирүү ишенимге жеткендей, орду толуктала баштады. Адамдар, католицизмдин ырым - жырымдарына берилүү менен, ар күн сайын, өз ишенимдерин көбүрөөк жогото башташкан. Ошентип, жалган ой - жүгуртүүлөрдүн кишендери акырындык менен талкалана баштады. Кудай Сөзү, эки миздүү курч кылыч сыяктуу, адамдардын жүрөгүнө жол салып бара жаткандыгын, Лютер ар бир окутууларында, жана кол жазмаларында көргөзүп жатты. Бардык жерде, руханий жарыкты көздөй умтулуу, жана кыймыл - аракеттер байкалып турду. Адилеттикти самап эңсеген адмдар көбөйгөндөн көбөё башташты. Буга чейинки жүз жылдыктардын аралыгында, ушуга окшогон кыймыл - аракеттер, эч качан болгон эмес. Ушунча көп деген жылдар, ырым - жырым, каада -салттарга, жер үстүндөгү дин кызматчыларга, таянып көнүп калган калайык - калк, эми, алар үчүн айкаш жыгачта керилген Машаякка, ишеним менен тoбo келтирип, кайрыла башташты.УК 116.3

    Ушул жандануулар, папанын койгон дин кызматчыларын, өтө чоң чочулоолорго алып келди. Жалгандыкка ундөөчу катары айыпталгандыктан, Лютерди Римге келтирилсин деген жарлык жарыяланды. Бул буйрукту угушкан Лютердин жоро жолдоштору, абдан кооптонушуп, чоочулашты. Анткени бул, Ыйса Машаяктын атынан канга боёлушуп кыйналган, ыпылас каапырлардын шаарында, өздөрүнүн досун эмнелер күтүп тургандыгын, алар жакшы түшүнүшкөн. Анын Римге баруусуна каршы болгондуктан, Лютер керектүү суроолорго, Римге барбастан, ушул Германияда туруп эле, жооп берсин,дешип, анын жолдоштору талап кылышты.УК 117.1

    Алардын койгон талаптары акыры канагаттандырылып, жана Лютердин жалгандыкка үндөөчү деп айыпталган ишин угуу үчүн, папанын грамотасын алган, папа дайындаган адам, Германияга келет. Папанын өкүлү, кандай гана болбосун, “Лютерди айыптап, жана аны камоо керек эле”. Эгерде Лютер тил албастык кылып каршылык көргөзө турган болсо, жиберилген прелат аны кайрадан оюнан баш тарттыра албай турган болсо, анда “түгөл Германияга, аны жана анын жолдоочуларын, душман катары жарыялап, куугунтуктамак, каргыш жарыяланып, жада калса чиркөөдөн чыгарышмак” 61Д Обинье. 4-китеп, 2-бап.. Андан тышкаары, папа өзүнүн жиберген өкүлүнө, жалгандыкты таптакыр түп - тамырынан жок кылуу үчүн, императордон башка ким гана болбосун, анын ээлеген ордуна карабастан, Лютердин жана аны колдоочулардын чагымчы oй - пикирине кошула тyрган ар кимди, чиркөөдөн чыгарып, Римдин калыс сотуна тапшыруу керек, деген жарлык берди.УК 117.2

    Ушул нерселердин бардыгы, папанын чыныгы жан дүнүйөсүн, жана анын ким экендигин баяндап турган. Ушул жазылган баяндамаларда, чыныгы христиандык жүрүм - турумдун, же эң эле жөнөкөй адилеттиктин, кичине дагы тагы көрүнгөн эмес. Лютер, Римден өтө алыста жашап жана эмгектенген, ага карата тергөө иши башталаардын алдында, ал өз oй - пикирин түшүндүрүп берүүгө дагы убакыты болгон эмес, ошондой болсо дагы, бир эле күндө аны жалгандыктын жарчысы катары айыпташып, ошол эле күнү, ал үчүн тергөө иши башталып, аны күнөөлүү деп табышкан, жана ага карата өкүм жазасы буйрулган. Жана ушунун баары, өзүн “касиеттүү ата” кылып өз алдынча эле жарыялаган, чиркөөнүн жана мамлекеттин жападан жалгыз гана, күнөөсүз, эң жогорку авторитети делген адам аркылуу жасалды!!!УК 117.3

    Ушул мезгилде Лютер, чыныгы жолдоштун кеп - кеңешине, жана анын колдоосуна муктаж болгондуктан, Кудайдын колдоосу менен, Виттенбергке Меланхтон ысымдуу адам келтирилди. Өзү жаш, тартынчаак, момун Меланхтон, өзүнүн терең ой - жүгүртүүсү менен, көп нерселерге терең түшүнүп, бал тилдүүлүгү менен айырмаланып, өз тазалыгы, жана ачык айкындыгы менен, көпчүлүк адамдардын көңүлүн, жана сый - урматын өзүнө бурган. Анын ашкан жөндөмдүүлүгү, өзүндөгү жумшак жана сьшайы мүнөздөрүнө, эч кандай кедерги келтирген эмес. Көп убакыт өтпөстөн, ал Жакшы Кабардын ишенимдүү жолдоочуларынын бири, жана Лютердин өтө кымбат досу, жана жардамчысы бoлyп калды, - анын сыпайычылыгы, кунт коюучулугу, жана сөзүнө турган тактыгы, Лютердин эр жүрөктүүлүгүн, жана чечкиндүүлүгүн, кынтыксыз толуктап турду. Алардын биргелешип кылган кызматы, Лютерге өтө чоң дем берип, таяныч болду, жана Реформациянын ишине жаңы, күч кошкондугу тез эле байкала баштады.УК 118.1

    Лютердин ишин карай турган казылык орун, Аугсбург калаасында белгиленди, жана Лютер ал жакты көздөй жөө жалаң сапар тартты. Анын жолдоштору ага, жолдо сени өлтүрүп коюулары мүнкүн, ошондуктан сен ал жакка азырынча барбай эле коё тyр, андан көрөкчө убактылуу Виттенбергден башка жакка кетип, тааныштардын үйлөрүндө бир нече убакыт боло тyр, -деген кеңеш беришип, аны көндүрүүгө арекет кылышты. Бирок ал, Кудай ага буйруп берген ишти таштап кетүүнү каалаган жок. Анын айланасын курчаган кандай гана каардуу толкун болбосун, эч нерсеге карабастан, чындыктын жактоочусу бoлyy керектигин, ал жакшы түшүнгөн. Ал өзү жөнүндө мындай деп айткан: “Мен Иеремия сыяктуу, - талашып тартышып, жана жаңжалдашканды жактырган адаммын” (Иер. 15:10 карайбыз). Бирок мени канчалык кысымга алып коркутушса, мен ошончолук кубанычка батам... Алар менин кадыр баркымды, жана абийиримди азыртадан эле булгап коюшту. Алар үчүн бир гана нерсе, менин алсыз денем гана калды. Мейли, менден аны дагы алып тынышсын: аны менен алар, менин өмүрүмдү бир гана саатка кыскарта алышат. Ким Машаяктын Сөзүн, ушул дүйнөгө жарыялоону каалай турган болсо, капысынан боло турган өлүмгө, ар - дайым даяр туруусу зарыл” 62ошол эле жерде, 4-бап..УК 118.2

    Лютердин Аугсбургка келгендиги жөнүндөгү кабар, папанын дайындаган өкүлүнө чоң кубаныч туудурду. Бардык дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган, чаң тополоң чыгарган жалгандыкты таратуучусу, Римдин кол алдында калгандай сезилип, колго түшкөн олжону коё бербөө максатында, папанын өкүлү болгон аракетин жасоону чечти. Реформатор, өзүн коргоо грамотасын алганга дагы мүнкүнчүлүгү болгон жок. Анын жолдоштору, папанын өкүлүнө коргоо грамотасы жок кирбей туруусун өтүнүштү, жана ал грамотаны императордон алуу үчүн, өздөрү болгон аракеттерин жасай башташкан. Келген өкүл, Лютерди айткан оюнан баш тарттырууга мажбурлап, жана ага көнбөй турган болсо, Римге алып барып, ал жерде, Гус менен Иеронимдин энчисиндей энчи берүүгө үмүттөнгөн. Прелатка сатылган адамдар, Лютерге, ага коргоо грамотасы жок эле кире бер, анткени ал өтө ырайымдуу, дешип аракеттеништи. Бирок императордун колдоосу болгон грамотасыз, папанын өкүлүнө кирбей тургандыгын реформатор баса белгилеп, чечкиндүү түрдө баш тартты.УК 119.1

    Ошондо Лютердин душмандары, ага боорукердик жана кичи пейилдик менен, түшүндүрүүгө аракет жасай башташты. Лютер менен жоолугушканда, папанын өкүлү аны менен достук мамиледе кеп курду, бирок анын, чиркөөнүн буйруктарына толугу менен баш ийип, эч кандай каршылык көргөзбөстөн, өзүнүн окутууларынын ар бир жол — жобосунан, жана койгон далилдеринен түгөл баш тартуусун талап кылды. Бирок ал, өзү сүйлөшүп жаткан адамды толук баалап биле алган жок. Ага жооп берип жатып Лютер, өзүнyн чиркөөнү кадырлай тургандыгын, жана чындыкка умтулгандыгын, жана өзүнүн окутууларынын ар бирине толук маалымат берип жооп берээрин, жана аларды ар бир университеттин жетекчилерине кароого бере тургандыгын айтты. Жана ошондон кийин, өз окутууларындан баш тарт деген талаптарды, кайрадан карап чыгууларын, жана аларды жакшылап талдоолорун талап кылып, алардын сунуштарын четке чыгарды.УК 119.2

    Лютерге, бир гана нерсени кайрадан кайталап жатышты: “Баш тарт, баш тарт!” Реформатор болсо, Ыйык Жазууга таянуу менен, чындыктан баш тарта албай тургандыгын баса белгиледи. Прелат Лютердин койгон далилдерин четке кагуу үчүн алсыз болгондуктан, аны бир урушуп, бир жемелеп, же болбосо куйтулук менен көндүрүүгө аракет кылып, чиркөнүн аталары айткан сөздөрдү, жана жол - жобо эрежелерди каардануу менен талкуулап, реформаторду бир дагы сөз айттырбаска, болгон аракетин жасады. Ушул сыяктуу сөздөрдөн эч кандай тыянак чыкпасына түшүнгөндөн кийин, кагаз жүзүндө түшүндүрүп берүү үчүн, акыры Лютер, каалашпаса дагы берүүгө аргасыз болгон уруксаг кагаз алды.УК 119.3

    “Ушул укукка ээ бoлyy менен, айьшталган адам эки эсе пайдага ээ боло алат, - деп жазат Лютер, өзүнүн досуна: барынан мурда, жазылып берилген кат, ар кандай калыстардын колуна тийиши ыктымал, жана, экинчиден болсо, өзүнүн эмне айтканын билбеген буркулдаган, өзүнүн тенсинбеген сөзү менен бизди басырынтууну каалаган, бийлик башындагы адамды, абийири айыптабай турган болсо, балким ага коркунуч туулушу үчүн, мүнкүнчүлүк бар.” 63Мартин, “Лютердин емуру жана до-ору”, 271,272-бет..УК 120.1

    Лютер кийинки жолугушуусунда, Ыйык Жазуунун көп сандаган аяттарынан алынган, кыска жана нуска гана, талкуулоолор менен жооп берди. Ушул жазылган баяндамаларын үнүн чыгарып окуп туруп, Лютер кагазды, бул сөздөрдүн бул ишке эч кандай тиешеси жок деп, өзүнүн оюна жакындаткысы келбей койгон кардиналга сунуштады. Жана Лютер, жандануу менен бул прелаттын эмнеге ишенгендигин ачык айтып, мындай деди, - чиркөөнүн окутууларына, жана жол - жобо эрежелерине ишенем дегени менен, алардын бардык токтомунан, өзү баш тартып жатат.УК 120.2

    Лютердин койгон аныктамалары эч кемчиликсиз болгондуктан, прелат өзүн кармана албастан, каарданып мындай деп кыйкырып жиберди: “Баш тарт! Эгерде баш тартпай турган болсон, мен сени Римге калыстардын колуна жөнөтөм, алар өз иштерин жакшы билишет. Мен сени, жана сенин жактоочуларынды, жада калса сага жан тарта турган адамдардын баарын чиркөөдөн чыгартып салам”. Жана боюн көтөрүп, мындай деп кошумчалады: “Баш тарт, же болбосо, экинчи менин көзүмө көрүнбө” 64Д Обинье 4-китеп, 8-бап..УК 120.3

    Баш тартуу туурасында эч кандай сөз болбосун дегендигин билдирүү менен, Лютер ошол замат, өз жолдоштору менен ал Жерди таштап чыгып кетти. Ал эми кардинал, иштин мындай бoлyп аяктаарын күткөн эмес. Мен Лютерди коркутуу жана күч менен баш ийдирем, деген өйдө, кардинал өзүн жубаткан болуучу. Бирок минтип, иштин баары тескери айланып онунан чыкпай калгандыктан, өзүнүн ызалануусун, өз жардамчыларынан жаап жашыра алган жок.УК 120.4

    Лютердин кайраттуулук менен берген жооптору, изсиз калтырылган жок. Бул жоолугушуунун катышуучулары, талашып тартышкан эки адамдын кылык - жоругун, чындыкка болгон мамилесин, жана ар биринин күчүн баамдашып, таразалоого мүмкүнчүлуктөрү болушту. Кандай гана таң калаарлык карамакаршылык! Жөнөкөй, сыпайы, жана бекем салмактуу реформатор, Кудайдын Күчүнө таянып, жана чындыкты жактаган; ал эми папанын жиберген өзүн өйдөсүнгөн, даражалуу, жана текебер, терең oй жүгүртө билбеген өкүлү, Ыйык Жазуудан эч кандай далилдерди келтире албастан, мындай деп гана кыйкырган: “Баш тарт! Болбосо Римге жөнөтүлүп, ал жерде өзүңө тиешелүү жазанды аласың!”УК 120.5

    Лютерде коргоо грамотасы болгондугуна карабастан, аны камакка алуу коркунучу туулуп турган. Лютердин Аугсбургда эми жүрүүсүндө, эч кандай натыйжа жок экендигин түшүнүшкөн анын достору, аны тезинен, Виттенбергке барууга мажбурлашты. Кандай дагы болбосун, өтө кылдаттык менен сактануу зарыл эле. Жана түн ичинде, магистр сунуштаган бир жол көрсөтүүчү менен, ат минип Лютер Аугсбургду таштап кетти. Капалуу oй-санаалар курчап алган реформатор, караңгы жана эч ким жок шаардын көчөлөрү менен, жүрүп олтурду. Анын каардуу, жана канкор душмандары, аны өлтүрүүнү каалашып, анын ар бир кадамын андып жүргөндүгүн ал сезип турган. Эми ага карата коюлган тузактардан, ал бошонуп кутула алат болду бекен? Так ушул жашоонун минуталары, ал үчүн кайгынын жана эң күчтүү тырышып сыйынуунун минуталары эле. Мына ошентип ал, шаар курчоосунун дарбаза алдына да келип жетти. Кокусунан дарбазалар ачылып, ал өзүнүн узатып жол көргөзгөн адамы менен бирге, эч кандай тоскоолсуз дарбазадан өтүп кетти. Өздорунун коопсуз экендигин сезгенден кийин гана, алар аттарын теминишип, чапкан бойдон жөнөштү, Рим прелаты бул жөнүндө угуп кабардар болгон мезгилде, алар небак узап кетишкен. Ошентип, шайтан жана анын колдонгон адамдары, ийгиликке жетишпей, олжолорун колдон чыгарышты. Алардын олжосу катары кармап турушкан адам, алардын колунан, чымчык капастан учкан сыяктуу, көздөн кайым болду.УК 121.1

    Лютердин качып кеткендиги жөнүндөгү кабарды уккан прелат, өтө каарданып, дендароо болду. Анткени, бул чиркөөнүн тынчын алган адамды, өз oй - максатынан баш тарттыруу, ага жакшы сый -урмат алып келээрин билген, эми болсо, үмүттөнүп күткөн кубанычтуу сезим, минтип уяттуу кайгыга айланып олтурат. Ал өзүнүн баардык ачуусун, Саксондордун аймагын караган Фридрихке, реформаторду айыптап, жана аны Фридрих Саксондон кубалап, Римге жөнөтсүн, деген катында толук жазып чыгарган.УК 121.2

    Ал эми Лютер болсо, өз кезегинде, прелат же папа Ыйык Жазуунун негизинде, анын адашуусун далилдеп берүүсүн талап кылды, эгерде алар, чын эле анын адашуусун далилдей турган болсо, ал өзүнүн жазган иштеринин барынан баш тарта тургандыгы жөнүндө, салтанаттуу түрдө ант бере тургандыгын айтты. Ушул бoлyп жаткан нерселердин барында, Теңир аны ушул улуу ишке татыктуу кылып дайындагандыгы үчүн, Кудайга ыраазычылыгын айтууну токтоткон жок.УК 121.3

    Аймактын башчысы Лютердин окутуусу менен али кенен таанышып көрө элек болуучу, бирок аны реформатордун сөзүндөгү ачык айкындык жана көрүнүп турган күч таң калтырды, ошондуктан, бул ишти толугу менен далилдеп чыкмайынча, аны толук коргоого алууну чечти. Прелаттын кайрылган кайрылуусуна, жооп катары ал мындай деп жазып жиберди: “Сиз, доктор Мартин Лютердин Аугсбургка келгендиги үчүн, кубанып ыраазы болушуңуз керек. Сиз аны түшүндүрүп кайтаруунун ордуна, өз оюнан баш тарттырууга мажбурларыңызды, биз билген эмеcпиз. Биздин мамлекеттеги бир дагы окумуштуу адам, Мартин Лютердин окутуулары динге карама - каршы, христиандарды бузуучу же жалгандыкка үгүттөөчү, деп арызданышкан эмес”. Жана мамлекеттин башчысы, Лютерди Римге жөнөтүүдөн же болбосо өз аймагынан тышка чыгаруудан баш тартты65ошол эле жерде, 10-бап..УК 121.4

    Жалпы коомчулуктун, адеп - ахлагын жана жан ооруткан абалын Фридрих көрүп турган. Жашоону кайрадан жаныртып реформалоого чоң муктаждык бар экендиги айдан ачык болуучу. Эгерде адамдар Кудайдын эркин аткарышса, жана өз абийирлери менен чындыкка шайкеш иш кыла турган болушса, анда кылмыш иштерине каршы мынчалык көп каражат сарпталбастыгын, Фридрих жакшы түшүнгөн. Лютердин кылган эмгектери, мына ушул багыт боюнча, жакшы иштерге негизделгендиктен, ал өз ичинен, чиркөөдөн өзгөртүүчү салкын жел пайда боло баштагандыгына, жа-шыруун кубанды.УК 122.1

    Лютер университеттин профессору катары дагы, көптөгөн ийгиликке жетишип жаткандыгы, ал үчүн жашыруун эмес эле. Лютер өз тезистерин, касиеттүү жайдын эшигине кадап койгондугуна бир жыл гана убакыт өткөндүгүнө карабаcтан, сыйынуу жайына, майрам күндөрү келген зыяратчылардын саны, кескин түрдө көбөйө баштаган. Римдеги мурдагы келгиндердин саны азайып, казынага түшүүчү акча каражаттары дагы төмөндөдү, бирок, Виттенберг өз казынасын толтуруп жатты, - эми анын казынасын толтурган, ар кандай ыйыктарга сыйынган зыяратчылар эмес, бирок ошол жердеги университеттин студенттери эле. Лютердин жазган чыгармалары, Германиядагы эле адамдардын көңүлүн Ыйык Жазууга бурбастан, - башка мамлекеттеги адамдардын дагы көнулун өзүнө бургандыктан, ар кайсы мамлекеттин жаштары, Виттенбергдеги университетке окуу үчүн келишкен. Жаштар Виттенбергке жакындаганда, аны биринчи жолу көрүү менен, “колдорун Асманга көтөрүшүп, башта Сиондон чыккан жарык эң эле алыcкы өлкөлөргө жетип жаткан сыяктуу, бул шаардан дагы чыгын жаткан чындыктын жарыгы, башка жактарга тарап жаткандыгы үчүн, Кудайга ыраазычылык айтып жатышты” 66ошол эле жерде, 3-китеп, 10-бап..УК 122.2

    Ошондой болсо дагы, Лютер католицизмдин окутууларынан биротоло баш тартып кеткен жок. Бирок, ыйык чындыктарды, папанын окутуулары жана койгон көргөзмө шарттары менен салыштырып жатып, өз ичинен айраң таң калды. “Мен папанын буйруктарын окуп жатып... папа Машаяктын душманыбы же элчисиби, биле албай таңданып турам, - анткени папанын документтеринде Машаяк ушунчалык ушакталып жана керилген” 67ошол эле жерде, 5-китеп, 1-бап.. Бирок ушундай мезгилде дагы Лютер, Рим чиркөөсүнүн мүчөсү болуп жүрө берди, жана качандыр бир убакта, андан бөлүнүп калаарын билген эмес.УК 122.3

    Лютердин жазган чыгармалары, жана анын окутуулары, түгөл христиан элдеринде таратылды. Анын oй - максаттары Швейцарияда жана Голландияда дагы, өсүп оно баштады. Анын чыгармалары, Францияга жана Испанияга дагы, өзүнүн даңгыраган жолун салды. Ал эми Англияда болсо анын окутуулары, өмүр сөзү катары кабыл алынды. Чындык андан тышкаары Белгия жана Италияга дагы сүңгүп кирди. Миндеген адамдар, өздөрүн өлүмгө алып баруучу тоскоолдуктардан арылтып, жарык жашоону көздөй ишеним менен үмүттөнүшүп, кубанычка батышкан.УК 123.1

    Лютердин койгон талаптары, Римди ого бетер кыжырланта баштады, жана кээ бир католик чиркөөсүнүн күйөрмандары, аларга кошулуп кээ бир католик университеттеринин окумуштуулары, мындай деген талаптарды коё баштаган, ким ушул чагымчы адамды өлтүрө турган болсо, ал киши күнөө кетирген бoлyп эсептелбейт. Бир жолу реформаторго, чөнтөгүндө катылган тапанчасы бар бир бейтааныш адам жакындап келип, эмнеге сен жалгыз келе жатасың? - деп сурайт. Лютер ага мындай деп жооп берди: “Менин өмүрүм Теңирдин колунда, - Ал менин Күчүм, жана менин Калканычым, ал эми адам мага эмне кыла алат?” 68ошол эле жерде, 6-китеп, 2-бап. Ушул сөздөрдү угаар менен, алиги бейтааныш адамдын жүзү кубара түштү дагы, Асмандан түшкөн периштени көргөн сыяктуу, ал жерден тезинен кетип калды.УК 123.2

    Рим Лютерди кантип жок кылуунун амалын издеп, болгон аракетин жазаган, бирок аны Теңир Өзү колдоп турду. Анын окутуулары - “кепелерде, монастырларда... төрөлөрдүн ак сарайларында, университетте, падышанын заңгыраган ак сарайында”, таратылып, ар бир жерлерден аны колдой турган адилеттүү адамдар, табылып турду 69ошол эле жерде..УК 123.3

    Лютер, Густун жазып калтырган эмгектери менен таанышкандан кийин, богемиялык реформатор, ал өзү ушунча жылдар издеп жүрүп таап, жана ошол жөнүндө шарияттап насааттап жүргөн, адам бир гана ишеним менен куткарылат, деген түшүнүктү жазгандыгын далилдеген. “Биз Павел, Августин, жана мен, Густун жактоочулары болгондугубузду байкабаптырбыз!деп айткан. Андан нары ал өз сөзүн мындай деп улантат: -“Мындан 100 -жыл мурда жазылган чындыкты өрттөп жибергендиги үчүн, Кудай алдында жер кагышка калды!” 70Уайли. 6-китеп, 1-бап.УК 123.4

    Германиянын императоруна, жана даражалуу төрөлөрүнө кайрылуу менен, баарын христиандык реформацияга чакырып, папа туурасында мындай деп айткан: “Өзүн Машаяктын жер үстүндөгү орун басарымын деп эсептеген адамдын, жада калса императордон дагы байгерчилик турмуш сүрүп жаткандыгын көрүү, кандай гана үрөйдү учураарлык жийиркенич. Эмне ушул адам, жупуну жүргөн Машаяк Ыйcага, же болбосо, жөнөкөй Петрга окшошобу? Папа - жер үстүн башкаруучу! - деп айтып жатышат. Бирок, Өзүн Кудайдын Өкүлү катары тааныштырган Машаяк, мындай деп айткан: “Менин падышылыгым, бул дүйнөдөн эмес”. Эмне, өкүлдүн ээлиги, ез Мырзасынын ээлигинен жогору боло алмак беле?” 71Д Обинье, 6-китеп, 3-бап.УК 124.1

    Ал эми университеттер жөнүндө, ал мындай деген: “Эгерде, университетте Ыйык Жазуу, ынтаалуулук менен изилденбей турган болсо, ал эми жаштар Анын айткан насааттары менен жүрбөсө, анын дарбазалары, тозоктун дарбазасы бoлyп калаарын ойлоп, абдан корком. Ыйык Жазуу кастарланып, жана изилденбеген жерге, өз балдарын берүүгө, мен эч кимге кеңеш бербес элем. Кандай гана окуу жай болбосун, кунт коюу менен Ыйык Жазууларды окубай турган болсо, анда ал жер жаштардын адеп - ахлагын төмөндөтпөй койбойт” 72ошол эле жерде..УК 124.2

    Ушул кайрылуулар, түгөл Германияга чагылган сыяктуу бат эле тарап, жана калайык - калк арасында, улуу жандануу жандандырды. Көпчүлүк адамдар, Реформация туусунун алдында жактап турууга, умтулгандыгы көрүнүп турду. Ал эми Лютердин каршылаштары болсо, андан өч алууну самагандыктан, ал үчүн кандайдыр бир чара колдонуу керектигин айтышып, папага кайрылып жатышты. Жана анын окутууларына наалат айтуу үчүн, чечим кабыл алынды. Реформаторду, жана анын жактоочуларына ойлонуп туруп , өз чечимдеринен баш тартууга 60күн убакыт белгиленди, жана эгерде, ушул койгон маалыматтын ичинде, кимде - ким өз ишенимиңен баш тартпай турган болсо, анда ал адамдардын баарын чиркөөдөн чыгарып салабыз, - деп коркутушту.УК 124.3

    Бул жарлык, Реформация үчүн өтө катаал, жана чечүүчү кадам эле. Көптөгөн жүз жылдар аралыгында, Римдин чиркөөдөн чыгарып сала турган өкүм жазасы, эң эле күчтүү бийлик башындагы адамдарга чейин, чоочулатып коркутуп келген; бул коркутуулар улуу империяларды кайгыга, жана бүлгүнгө учуроогo алып келген. Ким бул каргышка кала турган болсо, ага жек көрүү, жана жийиркенүү менен карашкан; Алар бул дүйнөдө өздөрүн жалгыз сезишип, жолдошторуна чейин жоготууга учурашкан; аларга, оор кылмышкер катары мамиле кылышып, жана аларды жапайы айбан сыяктуу, адамдарды тукурушкан; Өзүнүн үстүнө келе турган, үрөйдү учуруучу толкундун жамандыктарын, Лютер жакшы билген, бирок, Машаяктын колдоосуна жана жардамына таянуу менен, ал ишенимдүү бойдон калууну туура деп тапты. Ишенимдүү жана эр жүрөктүү азап тартуучу катары, ал мындай деп жазган: “Мен эмне болоорун билбейм, жана билгим дагы келбейт... Кандай гана сокку келбесин, мен өзүмдүү токтоо сезем... Эгерде Кудайдын эрки жок, бир дагы дарактардын жалбырагы жерге түшпөй турган болсо, андан бетер биз, биз үчүн Кудайдын көрүп жаткан камкордугун унутпашыбыз керек. Кудайдын Сөзү үчүн курман бoлyy жеңил, анткени Сөздүн Өзү, денеге айланып, биз үчүн курман болгон. Эгерде биз Аны менен бирге курман боло турган болсок, анда Аны менен бирге тирилебиз, бизден мурда, Ал башынан өткөргөндөрдү, биз дагы башыбыздан өткөрө турган болсок, албетте Ал болгон жерде, түбөлүктүү биз дагы болобуз” 73ошол эле жерде, 9-бап..УК 124.4

    Качан папа аркылуу жазылган кат Лютерге келгенде, ал мындай деп айткан: “Бул катты жалганчы жана каапыр адамдын каты сыяктуу, менин көргүм келбейт... Анткени бул кат, Машаяктын Өзүн айыптап жазган кат... Мен ушул жакшы иш үчүн, кичине азап тарта турганыма, кубанып жатам. Мен өзүмдү азыр гана эркин адам сыяктуу сезип турам, анткени папа чыныгы - Машаяктын душманы экендигине көзүм жетти, жана ал олтурган такты - шайтандын өзүнүкү” 74ошол эле жерде..УК 125.1

    Римдин чыгарган токтомдору өтө коркунучтуу болгон. Зындан, кыйноолор жана кылычтап өлтүрүүчү жазалар, адамды баш ийдириш үчүн, күчтүү куралдар бoлyп эсептелген. Алсыз жана жалган ишенимдеги адамдар, папанын буйругунун алдында калтаарышып турушкан. Жана Лютер бул нерселерди өзү жактырып, бел байлаганына көпчүлүк адамдар ишенишпей, Реформация иши үчүн берүүгө жан таттуу, дешкен. Мына ошентип реформация ишинин бүтөөр күнү дагы, келип калган сыяктуу сезилген.УК 125.2

    Бирок Лютер, баштагысындай эле эр жүрөктүүлүк менен кайраттанып турду. Акыры Рим Лютерди чиркөөдөн чыгарууга буйрук берди, жана ал эмне кылаар экен, же өз ишенимиңен баш тартабы же өз жанын кыйып тынабы дегенсип, бардыгы күтүп турушту. Бирок Лютер, коркуунун ордуна Римге каршы жооп катары айыптоо айтып, жана көпчүлүктүн көзүнчө, Рим чиркөөсүнөн биротоло бөлүнө тургандыгын жарыялады. Универ-ситеттин көптөгөн студенттеринин, окумуштуу адамдардын, жана шаар тургундарынын алдында, папанын жазган катын, жана анын жазган мыйзамдарын, токтомдорун, жана папанын авторитетин күбөлөндүргөн атайын документтеринин барын өрттөп жиберди. “Жөнөкөй адамдардын аң - сезиминен чындыкты түп ордунан жок кылуу максатында, менин душмандарым, менин китептеримди өрттөп жиберишкен, ал эми азыр болсо, алардын ушул кылган иштерине жооп катары, мен дагы алардын китептерин өртөп жатам. Эми чыныгы күрөш баштала турган болду. Ушул мезгилге чейин мен папаны жөн гана акылына келсин деп тынчын алган эмесмин. Эми мен ушул ишти Кудайдын ысымынын урматына баштап жатам, жана ал башталган иш менин эрким менен эмес, бирок Анын Күчү менен аяктайт” 75ошол эле жерде, 6-китеп, 10-бап..УК 125.3

    Лютер өз иштерине, карама - каршы эскертүүлөрдү жиберген, өз душмандарына каршы, айыптоо иретинде мындай деп жазган: “Мени Кудай Өзү чакырганын ким билет; ошондуктан алар мени жек көрүү менен, Кудайдын Өзүн жек көрүп жаткандыгын сезишип, коркуулары зарыл эмеспи? Египеттен чыкканда Муса өзү жалгыз болуучу; Ахавтын падышалык кылган күндөрүндө, Илия жалгыз болгон; Иерусалимде Исаия дагы жалгыз болду; Иезекиил - Вавилондо жалгыз болгон... Кудай эч убакта, дин кызматчыларды же дагы бир башка көрүнүктүү адамдарды пайгамбарлыкка чакырбаган, бирок Ал, көзгө көп илинбеген, жөнөкөй адамдар-ды тандап алган; Ал эми бир жолу, жөнөкөй гана койчуман Амосту тандаган. Өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, бул дүйнөнүн даражалуу адамдары бoлyп эсептелген падышаларды, төрөлөрдү, дин кыз-матчыларды жана окумуштуу адамдардын айыбын ачкан, адилеттүү адамдар, ар бир муундардын арасында чыгып турган... Мен өзүмдү пайгамбармын деп айтып жатканым жок, мен болсо жалгыз, алар болсо көп, ошондуктан коркуп турууларын эскертип жатам. Менин оозум менен Теңир сүйлөп жаткандыгын мен билем, ал эми алардын арасында Кудай жок” 76ошол эле жерде..УК 126.1

    Ошондой болсо дагы, Лютердин Рим чиркөөсүнөн ички дүйнөсүнүн күрөшүүсүз биротоло бөлүнүп кетүүсү, оңойго турган жок. Ошол мезгилде ал мындай деп жазган: “Эне сүтүндөй, кичинемден бери колдонуп келген ишенимимди калтырып салуу, чынында эле кандай кыйын. Ыйык Жазуу мен тарапта болсо дагы, папаны Машаяктын душманы экендигине толук ишенүү үчүн, жана мен кабыл алган нерселердин тууралыгына бекемделүүмдө, мен канча деген кайгыларды, өз башымдан өткөргөн жокмун! Менин жан дүйнөм кандай гана жанчылып туталанган жок! Папага ишенген бир дагы адамдын оозунан чыкпай турган, бир суроону мен канча жолу өзүмө өзүм бердим: “Эмне бир эле сен акылдуу бoлyп, ал эми калган адамдардын бары адашып жатышабы? А балким сен өзүң жаңылышып, өз окутууларың менен башка адамдарды дагы, түбөлүктүү өлүмдү көздөй алып бара жаткан болсоң, анда кандай бо-лот?” Акыры Машаяк Өзү, Өзүнүн Күнөөсүз Сөзү аркылуу, мени ушул күмөн саноолордон арылтмайынча, мен өзүм менен өзүм, жана азгырык менен күрөшүп келдим” 77Мартин, 372,373-бет..УК 126.2

    Папа Лютерди, эгерде ал өз ишениминен баш тартпай турган болсо, чиркөөдөн чыгарып салам, деп коркуткан, жана минтип өз коркутуусун иш жүзүндө аткарды. Реформаторду Рим чиркөөсүнөн биротоло кууп салуу жөнүндөгү, акыркы чечим жазылган жаңы кат, Лютерге жана аны жолдогон адамдарга карата жазылган катаал каргыштарга толгон. Мына ушундан кийин гана, улуу күрөш болгон күчү менен жалындап жанды.УК 127.1

    Күрөш - бул , Кудай өз мезгилиндеги адамдарга насаат айтуу үчүн дайындаган адамдардын үлүшү болуп саналат. Лютердин күндөрүндө, чындык өзгөчө маанилүүлүгү менен, анын мезгилине ылайыктуу насаатталган, ал эми азыркы мезгилде, чындык биздин мезгилге ылыйыктуу бoлyп, Жыйындарга таратылып жатат. Ушул мезгилдердин бары, Кимдин каалоосу менен бoлyп жатса, Ал Өзү, ар кандай кырдаалда, ар кандай иштерди, өз жашаган шартына ылайыктуу кылып адамдарга тапшырып турат. Эгерде ал адамдар, өздөрүнө тапшырылган иштерди баалай турган болсо, алардын алдында өтө чоң чындыктын мейкиндиктери ачылары шексиз. Бирок эмнегедир биздин мезгилдеги адамдар, Лютер менен күрөшкөн папанын адамдарынан артык билгилери келишпейт. Жана биздин мезгилде дагы, байыркы мезгилдеги адамдар сыяктуу эле, Кудай Сөзүнө Караганда, адамдар чыгарган жол жобо, эреже мыйзамдарына көбүрөөк көңүл бурушат. Ошондуктан, биздин мез-гилдеги адамдар, реформаторлордун күнүндөгүгө Караганда, биздин күндөрүбүздө, чындыкты кубануу менен кабыл алышат, дешип ойлонушпасын. Анткени, чындык менен адашуунун, Машаяк менен шайтандын ортосундагы бoлyп жаткан Улуу Күрөш, биздин жер планетасынын тарыхы бүтүп бара жаткан мезгилинде, баштагыга Караганда алда канча күчөгөндөн күчөйт.УК 127.2

    Ыйса Өз шакирттерине мындай деп айткан: “Эгерде силер бул дүйнөлүк боло турган болсоңор, анда бул дүйнө өзүнүкүн сүймөк; бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан, жана силерди Мен тандап алгандыктан, бул дүйнө силерди кабыл албайт. Мен силерге айткан, кул өз мырзасынан жогору болбойт, - деген сөздү эстегиле. Эгерде Мени куугунтуктаган болушса, анда силерди дагы кубалашат: эгерде Менин айткан Сөздөрүмдү кабыл алышкан болушса, анда силердин сөзүңөрдү дагы кабыл алышат” (Ин. 15:19,20). Андан тышкаары, биздин Куткаруучубуз, мындай деп ачык айтат: “Силер жөнүндө бардык адамдар жакшы сөздөрдү айтып турушса, анда силерге кайгы. Алардын аталары дагы, жалган пайгамбарларды ошентип макташкан” (Лк. 6:26). Азыркы дүйнөнүн башкарган руху, баштагы мезгилдегидей эле, Машаяк Рухуна карама - каршы. Жана алардан мурдагы адамдар, түшүнгөн сыяктуу эле, Ыйык Жазуунун маанисин, көп адамдар түшүнө беришпейт. Чындыкка каршы болгон эрежелер өзгөрүлүүcү мүмкүн, душмандык дагы ачык айкын бoлyп көрүнбөшү ыктымаал, бирок чындыкты көрө албастык мезгилдин акырына чейин жоголбостон улана берет.УК 127.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents