Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    33 Бап — Алгачкы Улуу Азгырык

    Адам тарыхынын баштапкы таңында, шайтан биздин биринчи ата-энебизди азгырууга аракет кылат. Асманда козголоң чыгарган, жана жердин тургундарын дагы, Кудайдын Башкаруусуна карата болгон күрөштө, өзүн колдоп туруусун каалаган. Адам менен Обо Кудай Мыйзамына моюн сунгандыктан абдан бактылуу эле, жана бул өмүр, Кудайдын Мыйзамдары жанды эзип жана Теңир жараткандарды кубанычтан ажыратат, деген шайтан-дын Асмандагы оюна карама-каршы келип турган. Андан тышкары, адилеттүү жубайларга кандай жай даярдалгандыгын көргөндө, анын ичинде көрө албастык күч алды. Жана аларды күнөөгө батырып, Кудайдан ажыратып, аларга берилген жерди ээликке алып, Жогоркунун Падышалыгына каршы күрөшүүчү падышалыкты орнотууну каалады.УК 477.1

    Эгерде шайтан, өзүнүн чыныгы сапатын көргөзө турган болсо, анда шыр эле каршылыкка кабылмак, анткени бул коркунучтуу душман туурасында, Адам менен Обого эскертүүлөр айтылган; бирок ал өз максатын жашырып жана ошол ар-кылуу ийгиликке жетишиш үчүн, көмүскөдө аракеттенди. Орточу кылып, ошол кездеги кооз жаныбар бoлyп эсептелген жылаанды пайдалануу менен, ал Обого кайрылат: “Чын эле Кудай силерге, бейиштеги дарактардын жемишинен жебегиле деп айттыбы?” (1 Муса. 3:1). Эгерде Обо жылаан менен сүйлөшүүнү токтото турган болсо, анда эч нерсе болмок эмес, бирок ал аны менен сүйлөшүп, анын айлакер торуна кабылды. Жана азыр дагы көпчүлүк адамдар, ушундайча ага жеңилип берүүдө. Алар Кудайдын Мыйзамдарынан күмөн санашат, талашыптартышат; Кудайдын эркине баш ийүүнүн ордуна, алар шайтандын ойлоп тапкандары бoлyп эсептелген, адамдардын теорияларына ишенишет.УК 477.2

    “Аял жылаанга айтты: биз түркүн дарактын жемишинен жей алабыз, бейиштин ортосундагы бир гана даракка тийбегиле, жемишинен жебегиле, өлүп каласыңар, деген Кудай. Жылаан айтты аялга: жок, силер өлбөйсүңөр; бирок , ал дарактын жемишин жеген күндөн тартып көзуңөр ачылып, жакшы менен жамандыкты тааныган Кудай сыяктуу болооруңарды билген экен Кудай” (1 Муса. 3:2-5). Шайтан, адамдардын Кудайдай бoлyп, жана даанышмандыкка толуп, жетишүүнүн жогорку секисине чыга тургандыгын айтат. Обо ушул азгырыкка алданып калды, андан кийин күнөөгө Адамды дагы алып кирди. Кудай аны айтайын деген эмес, деген жылаандын сөзүнө алар ишеништи; алар, өз эркиндигин Кудай басып жатат дегенсип, өз Жаратуучусунан күмөн санашты, ал эми Анын Мыйзамынын чегинен чыгуу менен, алар жогорулап улуу даанышмандыкка ээ болушмак.УК 477.3

    Бирок Адам күнөө кылаары менен: “Ошол жемиштен жеген күнү өлөсүңөр”, деген сөздөрдүн маанисин түшүндү. Шайтан айткандай, ал жаратылыштын жогорку секичесине чыктыбы? Эгерде бул ушундай боло турган болсо, анда Кудайдын Мыйзамын бузуу жакшы бoлyп, ал эми шайтан адамдарга жакшылык алып келүүчү бoлyп калмак. Бирок Теңирдин чыгарган чечими мындай эмес экендигин, Адам билип калды. Күнөөнүн жазасы катары, ал алынган жерге кайра бара тургандыгын адамга, Кудай аткан: “Анткени сен топураксың, топуракка кайра айланасың” (1 Муса. 3:19). Шайтандын айткан: “Жана силердин көзүңөр ачылат”, деген сөзү, Адам менен Обонун, Теңирдин тилин албастан, кетирген каталарына карата гана, көзү ачылгандыгын билдирди. Алар жамандыкты таанышып, жана тил албастыктын ачуу жемиштерин татышкан.УК 478.1

    Эдем багында, жемиши өмүрдү түбөлүктүү узарта турган, өмүр дарагы өскөн. Эгерде Адам Кудайга ишенимдүү бойдон кала турган болсо, анда ал өмүр дарагына барууга мүмкүнчүлүк алып, түбөлүктүү жашай бермек. Бирок ал күнөө кылуу менен, бул мүмкүндүктөн ажыратылды, жана өлө турган бoлyп калды. Кудайдын чыгарган: “Сен топурактан алынгансың, жана топуракка кайра айланасың”, деген өкүмү, анын өмүрүнүн токтой тургандыгын билдирет.УК 478.2

    Тил алчаак боло турган болсо бериле турган түбөлүктүү өмүрдү, күнөө кетиргенден кийин Адам жоготкон. Адам өзү ээ боло албаган нерсени өз тукумуна мурас кылып калтыра алмак эмес, эгерде Кудай Өз Уулун Курмандыкка берип, ага өлбөс жашоону тартуулай турган болбосо, күнөөгө баткан адам тукумунда эч кандай үмүт калмак эмес. “Ошентип өлүм бардык адамдарга өттү, анткени анда баары күнөөгө батышкан”, бирок Машаяк “өмүрдү жана өтпөс немени Жакшы кабар аркылуу келтирген” (Рим. 5:12; 2Тим. 1:10). Өлбөс өмүр бир гана Машаяк аркылуу берилет. Ыйса мындай дейт: “Уулга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ болот; ал эми Уулга ишенбеген адам өмүрдү көрбөйт” (Ин. 3:36). Сунуш кылынган шарттарды аткара турган болсо, анда ар бир адам ушул баа жеткис алкыштарга ээ боло алат. “Ар-дайым жакшы иштерде даңкты, абийирди жана өлбөстүктү издегендер” (Рим. 2:7), түбөлүк өмүр алышат.УК 478.3

    Ал эми, адамга түбөлүк өмүр, тил албастыктын аркасында убада кылгандын өзү, жалганчы болгондугу ачылып калды. Жылаандын “өлбөйсүңөр” деген сөзү, жан өлбөйт деген биринчи насаат бoлyп эсептелет. Бирок, шайтандын авторитети менен негизделген ушул сөздөр, түгөл Машаяк жолун жолдогон жыйындарда жаңырып келет, жана көп сандаган адамдар, биздин түпкү атабыз сыяктанып, ушул сөздөрдү кубануу менен кабыл алышууда. “Күнөө кылган жан өлөт” (Иез. 18:20), деген Кудайдын буйругу, бузулган түрдө мындайча талкууланат: “Күнөө кылган пенде өлбөйт, бирок түбөлүк жашайт”. Адамдар кандай гана сокур ишенүү менен шайтандын сөздөрүнө ишенип, жана Теңирдин Сөздөрүнө ушунчалык чоң ишенбестиктерин көргөзүп жаткандыктарына, таң калбай коё албайбыз.УК 479.1

    Эгерде күнөө кетиргенден кийин, адам өмүр дарагына барууга укук алган болсо, ал түбөлүк жашамак, жана ушундайча күнөө түбөлүктүү бoлyп калмак. Бирок оттуу кылыч кармаган периште, өмүр дарагын көздөй баруучу жолду, кайтаруу үчүн коюлган (1 Муса. 3:24). Жана Адамдын тукумунун бирине дагы, өмүр бере турган, бул чектен өтүүгө жол берилген эмес. Ошондуктан өлбөй турган күнөөкөр жок.УК 479.2

    Бирок күнөөгө адамдар баткандан кийин, шайтан өзүнүн шабырларына, адамдарга алардын жаңы өлбөй тургандыгын, жана күнөөкөр түбөлүктүү тозокто куйкаланып кыйналат, деп айттырууга буйрук берген. Азыр болсо, караңгылыктын мырзасы, өзүнүн жактоочулары ар-кылуу иштеп, Кудайды өч алуучу зөөкүр катары көргөзүп, Ага ким жакпай турган болсо, аларды тозоктун отуна таштап, жана Анын алдында түбөлүктүү кыйналып туруусун жактыра тургандыгын айтат.УК 479.3

    Түгөл адамзаатка жакшылыкты тартуулаган Жаратуучуну - ушул улуу душман, өз сапаттары менен курчагысы келип турат. Катаалдык - бул шайтандын сапаты. Кудай Өзү Сүйүү; жана Ал аркылуу жаралгандардын бардыгы, алгачкы козголоңчу дүйнөгө күнөө сееп кетмейинче, таза, ыйык жана эң эле жакшы болгон. Адамдарды күнөө кылууга азгырып жаткан душман, эгерде максаты иш жүзунө аша турган болсо, анда аны өлтүрүп тынат - бул шайтандын нагыз өзү. Адамды өзүнө имерип алгандан кийин, ал өзүнүн талкалоочу азгырык ишин уланта берет; Жана анын курмандыктарынын өлүмү, ага канчалыктуу кубаныч алып келип жатат! Эгерде анын эрки боло турган болсо, ал өз торуна түгөл адамзаат тукумун кармап алмак. Эгерде Кудайдын колдоп туруучу Күчү болбогондо, бир дагы адам тукуму куткарылууга үмүт алышмак эмес.УК 479.4

    Бир учурда биздин түпкү аталарыбызды азгырган сыяктанып, бүгүн дагы ошол ыкмасы менен адамдарды азгырып келүүдө, - аларды өз Жаратуучусуна болгон ишенимден кайтарып, жана Анын Башкаруусундагы Даанышмандыгына күмөн саноого, анын көрсөтмөлөрүнүн калыстыгы жоктугуна үйрөтүүдө. Шайтан жана анын карамагындагылар, өздөрүнүн зөөкүрдүгүн жана тил албастыгын жаап-жашыpyy үчүн, Кудайды өздөрүндөй кылып көргөзүп жатышат. Улуу жалганчы, өзүнө гана таандык болгон зөөкүрдүктөрү менен, биздин асмандагы Атабызды айыптаганга аракет кылууда. Мына ушундай адилетсиз башкаруучуга баш ийбегендигинин айынан Асмандан кубаланып жүргөндүгүн айтып, өзүн запкы жеген курмандык катары көгөзгүсү келет. Ал, адамдар андан алып гана ырахаттана бере турган, эркиндик тартуулап, - Кудайга жана Анын зуулум иштерине окшошпой турган, жүрөгү жумшак башкаруучу болорун, сунуштайт. Жана бул жагынан ал, адамдарды азгырып, жана аларды Кудайдын туура жолунан алып кетүүгө мүнкүнчүлүк алууда.УК 479.5

    Өлгөн күнөөкөр адамдар, өзүнүн жердеги жашап өткөн кыска өмүрүндөгү кылган иштери үчүн, түбөлүктүү кыйналып жатышкандыгы жөнүндөгү окутуулардын адилеттиги, биздин түшүнүгүбүздөгү эле, сүйүү жана ырайым менен дал келишпейт. Бирок бул окутуулар көпчүлүк жыйындарда окутулуп, ишенимдин символу катары кабыл алынып келүүдө. Бир атактуу Кудай Сөзүнүн доктору мындай деп айтат:УК 480.1

    “Тозоктун отунда кыйналып жаткандардын көрүнүшү, адилеттүүлөрдүн түбөлүктүү бактысын бекемдейт. Качан алар, ал жактан өзү сыяктуу туулган жана ошондой эле денеге ээ болгон адамдарды көрүшкөндө, жана өзүнүн кадырлуу экендигине салыштыруу менен, алар өздөрүн кандай бактылуу экендигин сезишет”. Башка Кудай Сөзүн талдоочу мындай деп айткан: “Күнөө кылган идиштердин үстүнөн чыгарылган өкүм, түбөлүктүү ишке ашкандыктан, алардын кыйналганынын түтүнү, ырайым тапкандардын алдында түбөлүккө көтөрүлөт, жана алар тигил тарапка өтүүнүн ордуна: “Омийин, Аллилуйа, Сага даңк, Теңир! - деп айтышат”.УК 480.2

    Ыйык Жазуунун кайсыл барактарынан ушундай окутууларды табууга болот? Куткарылган адамдар Асманда, боорукердик, жан ачыган жана адамдарды жакшы көрүү сапатынан, ажырап калышмак беле? Жок, дагы бир жолу жок; Кудайдын Китебинде мындай окутуунун бири дагы жок. Балким, ушундай ойлорду сунуштап окутуп жатышкан адамдар, билимдүү жада калса ак-ниет дагы болушу мүмкүн, бирок алар шайтандын айлакердигине алданып калышкан. Ал, аларды Ыйык Жазуулардын кесе айтылган жерлерин туура эмес талкуулаганга үндөйт, Мукаддастагы Теңирге эмес, бирок өзүнө таандык болгон коркутуу жана зөөкүрдүктөрдү, таптырууга аракет кылат. “Мен тирүүмүн, дейт Кудай Теңири: күнөөкөрдүн өлгөнүн каалабайм, бирок күнөөкөр өз жолунан бурулуп аман калганын каалайм. Бурулгула, арам жолуңардан кайткыла; Израил үйү силер эмне үчүн өлүшүңөр керек?” (Иез. 33:11).УК 480.3

    Эгерде биз, тозоктун отунда кармап турганда, Теңирге күнөөкөрлөрдүн кыйналгандары, озондоп ыйлагандары жагымдуу, деп ойлой турган болсок, Ал үчүн мындай азап тарттыруулардын мааниси эмне? Чексиз Сүйүүнүн Кулагынын алдында, ушул озондоп ыйлаган музыка жагымдуу болушу мүмкүнбү? Мындай деп айтылган ойлор дагы бар, күнөөкөрлөрдүн түбөлүк кыйналып тургандыгы, түгөл Ааламдын тынычтыгын бузган күнөөгө карата болгон, Кудайдын жек көрүүчүлүгүн күбөлөндүрүп турат. Кандай гана Ку-дайга акаарат келтирүүчүлүк! Анда, Кудайдын күнөөгө карата болгон жек көрүүчүлүгү, анын түбөлүктүү болуусуна себептүүбү? Эгерде мындай Кудай Сөзүн талкуулаган адамдарга ишене бере турган болсок, куткарылуудан үмүт жок, ар-дайым боло бере турган кыйналуулар, бул курмандыктардын ачуусун келтирет, Кудайга акаарат айттырат, жана өз айыбынын оордугун жогорулаткандан жогорулата берет. Бүтпөй турган кылымдар аралыгындагы алардын күнөөлөрү көбөйгөндөн көбөйүп, Кудайдын даңкын даңазалоого түрткү бере албай калат.УК 481.1

    Түбөлүктүү кыйналуу жөнүндөгү жалган окутууларды өзү менен кошо ала келген жамандыкты таразалоого, адам акылы жөндөмдүү эмес. Сүйүүгө, боорукердикке, өтө жогорку жан тартууларга толгон Мукаддастын окутуулары, жалган көз караштарга толуп жана жамандык менен боёлгон. Шайтандын, биздин Теңирибизди кандай жалгандыктар менен көргөзүп жаткандыгын эске ала турган болсок, анда биздин ырайымдуу Жаратуучубуздан коркуп жана Аны жек көргөндөргө, таң калууга болобу? Ушул сыякгуу үрөйдү учурган Кудай жөнүндөгү окутуулар, жыйындардын кызматчылары аркылуу бүт дүйнөгө таратылып, миңдеген жана миллиондогон скептиктер менен кайырдиндерди, жаратып жатат.УК 481.2

    Түбөлүктүү кыйналуу жөнүндөгү теория - улуу бузуку аял бардык элдерди ичирип маc кылган, Вавилондун жийиркеничтүү шарабы, жалган окутуулардын бири (Аян. 14:8; 17:2). Машаяктын кызматчылары ушул жалган окутууларды кабыл алып, жана аны таратып жаткандыгы, чынында эле жашыруун бoлyп саналат. Алар, ал окутууну, жалган ишембини алгандай эле, Римден алышкан. Ушундай көз караштарды улуу жана ак-ниет адамдар тараткандыгы чындык, бирок алар, бизге төгүлгөн жарыктын агымдары ме-нен жаркыраша элек болчу. Алар өз мезгилинде жаркыраган жарык үчүн гана жоопкерчиликтүү; биз болсо, биздин күндөрүбүздө жарык бoлyп жаткан жарык үчүн, жоопкерчилик алып жүрөбүз. Эгерде биз Кудай Сөзүндөгү күбөлөндүрүүлөрдөн баш тарта турган болсок, жана жалган окутууларды, биздин аталарыбыз колдонуп келгендиги үчүн гана кабыл ала турган болсок, анда Вавилонго карата чыгарылган өкүм, биз үчүн чыгарылган бoлyп эсептелет, анткени биз анын жийиркеничине толтурулган шарапты ичип жатабыз.УК 481.3

    Түбөлүктүү кыйналуу жөнүндөгү окутууларга нааразы болгон көп сандаган адамдар, карама-каршы тараптагы жалгандыктарга кабылышат. Ыйык Жазуу билдирген Теңир, ырайымдуулукка жана сүйүүгө толгондугун көрүшөт, жана Ал Өзүнүн жараткандарын түбөлүктүү тозоктyн отунда күйүп туруусуна жол бербейт дешет, жана мындай деген жыйынтык чыгарышат, акыры бардык адамзаат куткарылат. Көпчүлүк адамдар, Мукаддастагы камтылган коркутууларды көрүшүп, тил алчаак бoлyy үчүн гана колдонулган нерсе катары кабыл алышып, бирок анын жашоодо аткарыла тургандыгына ишенишпейт. Күнөөкөр, Кудайдын талаптарын барк албастан, өз күнөөлүү кумарлары менен жашай берип, жана Теңирдин ырайымына ээ болобуз деп ойлошот. Кудайдын ырайымын кабыл алып, жана Анын Адилеттүүлүгүн билгилери келбеген, мындай окутуулар, денедеги адам үчүн жагымдуу, жана адилетсиз адамды андан дагы мыйзамсыздыгында адепсиз кылат.УК 482.1

    Жалпы адамдардын куткарылуусуна ишенүү Ыйык Жазууну, өзүнүн өлүмгө алып баруучу окутуулары менен булгай тургандыгын көргөзүү үчүн, алардын өздөрү айткан сөздөргө гана кайрылуубуз жетишиктүү. Универсалистердиндин кызматчысы, бөдө кырсыкка кабылган Кудайга ишенбеген жаш адамдын көмүү ишине катышып жатып, Ыйык Жазуудан Дөөт пайгамбарга тийиштүү болгон аятты ачып, “Анткени Амнондун өлүмү жөнүндө тынчып калды” (2Пад. 13:39), деген сөздөрдү окуп коёт.УК 482.2

    “Менден көп ирээт мындай деп сурашат, - деп айтты бул дин кызматчы, - мисалы: аракечтиктин айынан, ким өзүнүн кылмышынан булганган канын жуубай калса, же мынабу ишенимден ырахат таппай кетип калган жигитке окшогон адамдар, бул күнөөкөр дүйнөнү таштап кетсе аларды эмне күтөт? Ыйык Жазуу ушундай үрөйдү учурган муктаждыктарды ачып берип жаткандыгына биз толук канагаттанабыз. Амнон эң эле күнөөкөр адам болгон; ал тoбo келтирбеген кылмышкер болуучу; жана аны маc бoлyп жаткан жеринде өлтүрүшүп кетишкен. Дөөт Кудайдын пайгамбары эле. Жана анын уулун тигил дүйнөдө эмне күтүп жаткандыгын - жакшылыкпы же кайгыбы, ал жакшы билген. Анын жүрөгүндө кандай сезим бoлдy? “Жана Дөөт падыша Авессаломду куугунтуктаганын токтотту; анткени Амнондун өлүмү жөнүндө тынчып калды”УК 482.3

    Бул аяттардан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Биз бул жерден ачык жана айкын, сооротуучу, ырайымдуу, Ааламда акыры тынчтык жана тазалык өкүм сүрө тyрган божомолду, көрө тургандыгыбыз белгилүү. Ал өзүнүн уулунун өлгөнүн көрүп тынчтанып калды. Кандайча? Эмне себептен? Анткени пайгамбарлык көз караш менен Дөөт пайгамбар алдыда боло турган даңктуу келечекти көргөн, анткени анын уулу ар-кандай азгыруулардан бошотулду, күнөөнүн кулдугунан кутулуп, жана анын берүүчү таасиринен тазаланды; толук ыйык жана берилген адам бoлyп, ал Асманга алынган жана кубанычка бөлөнгөн рухтардын арасына кошулган. Анын жалгыз гана кубанычы, анын сүйүктүү уулу, Ыйык Рухтун илеби уруп, жана анын кайгырган жанын жогорулатты, анын аң-сезими Асмандык сүйүү жана даанышмандыкка ачылат, ал түбөлүктүү тынчтыкта жана кубанычта Асмандагы ата мекенинде жашашы керек.УК 482.4

    Жана бизге, Асмандагы куткарылуу биздин бул дүйнөдөгү кылган ишибизге жараша болбой тургандыгы, бизге айкын боло баштады; Ал биздин жүрөгүбүздүн өзгөрүүсүнө, сырткы ишенимибизге, кандайдыр бир динди кабыл алгандыгыбызга, байланыштуу эмес”.УК 483.1

    Мына ушундайча Машаяктын жалган күбөлөндүрүүчүсү, бир кезде Эдем багында жылаан айткан сөздөрдү айтып, кайталады: “Жок, өлбөйсүңөр... силер ал жемиштен жеген күнү, силердин көзүңөр ачылат, жана силер Кудай сыяктуу бoлyп каласыңар”. Ал, эң эле көнүгүшүп калган күнөөкөрлөр, - киши өлтүрүүчүлөр, каракчылар, ойноштук кылып бузулгандар - өлгөндөн кийин жакшынакай өмүрдө түбөлүктүү жашай берет, деп айткан.УК 483.2

    Ыйык Жазууну мынчалыктуу бурмалаган бул дин кызматчы эмнеге өз сөздөрүн негиздеди бoлдy экен? Алдын ала Көргөндүн эркине Дөөт пайгамбар моюн сунган жалгыз гана үзүндүгө. “Жана Дөөт падыша Авессаломду куугунтуктоосун токтотту: анткени Амнондун өлүмү жөнүндө тынчтанып калды” (2Пад. 13:39). Мезгил кайгынын жана жоготуунун курчтугун жумшартты, жана анын ойлору өлгөн уулунан тирүүсүнө бурулган, анткени ал, өз жасаган кылмышынын айынан адилеттүүлүк менен боло турган жазадан коркуп, жан талашып качып жүргөн. Жана ушул аяттагы күбөлөндүрүүлөр башкача бурмаланып берилип жатат, анткени Амнон өз карындашын зордуктагандан кийин өлүп, шыр эле жакшы жайга, тазаланып жана агарып, күнөөсүз периштелердин үйбүлөсүнө кошулган! Ооба, бул албетте кулакка жагымдуу, денеге таандык жүрөктөрдү жубатуучу, ойлоп табылган окуя. Бул ойлоп табылган окутуу шайтандыкы, жана ал өз жемишин алып келүүдө. Эгерде адамдарды мына ушундайча насааттай турган болсо, күнөө жана жамандыктар баркталып жаткандыгына таң калуунун кажети барбы?УК 483.3

    Жана өз рухунда ага жакын болгон көптөгөн башка адамдар, ушул жалган үйрөтүүчү сыяктуу окутуп жатышат. Ыйык Жазуудан бир нече аят алышып жана аны башкы мазмундан бөлүшөт, жана эч нерсе менен байланышпай калган ушундай аяттарга туура эмес талкуулолорду беришип, Жазууга негизделбеген окутууларды чыгарып, Анын маанисин бурмалашат. Маc бoлyп жаткан Амнон бейиште жүрөт деп, далилдегенге аракеттенген күбөлөндүрүү, - адам чыгарган гана тыянак, бул Ыйык Жазуунун ачык айткан, аракечтер Кудай Падыша-лыгына мураскор боло албайт деген аяттарына каршы келет (1 Кор. 6:10). Мына ушундай жол менен бардык скептиктер жана күмөн санагандар, ишенбегендер, чындыкты жалгандыкка айландырышат. Жана көп сандаган адамдар, ушул сыяктуу oй жүгүртүүлөр менен алданышып, өз кыялдарында өздөрүн сооротушуп, эч кандай коркунуч аларды коопсуздандырбагандыктан уктап калышууда.УК 483.4

    Эгерде, чынында эле бардык адамдар өлгөндөн кийин шыр эле Бейишке бара турган болушcа, анда биз өмүргө Караганда өлүмдү көбүрөөк тиленет болуучубуз. Бул жалган окутуу көп сандаган адамдарды өз жанын өзү кыйыуга мажбурлаган. Качан биз кайгы, кыйынчылык жана көңүл калууларга кабылганыбызда, өз өмүрүбүздүн жибин үзүп салуу жеңил сыяктуу сезилип, түбөлүктүү бакыттын дүйнөсүнө барууга умтулабыз.УК 484.1

    Теңир Өз Сөзүндө, Анын Мый-замдарын бузуу жазага татыктуу экендиги жөнүндө, тана алгыз да-лилдерди калтырып койгон. Эгерде кимде-ким, күнөөкордүн кылган ишине жараша тиешесин берүү үчүн, Теңир өтө эле ырайымдуу, деп ойлоно турган болсо, анда ага Голгофадагы айкашкан жыгачты кароого туура келет. Айыпсыз Кудай Уулунун өлүмү, “күнөө үчүн жаза - өлүм”, экендигин күбөлөндүрөт, Кудай Мыйзамын бузган ар ким, адилеттүү тиешесин алышы керек. Күнөөсүз Машаяк биз үчүн күнөөлү бoлyп калды. Ал Өзүнө биздин мыйзамсыздыгыбызды алды, жана Асмандагы Ата Андан, Өз Жүзүн бурган. Жана Анын Жүрөгү муну көтөрө алган жок, Ал өлдү. Бул Улуу Курмандык күнөөкөрлөрдүн куткарылышы үчүн, алынып келген. Адам башка эч кандай жол менен, күнөө үчүн бериле турган жазадан кутула албайт. Жана ушунчалык баа жеткис Курмандык аркылуу бериле турган куткарылуудан баш тарта турган болсо, анда айыпты жана күнөө үчүн бериле турган жазаны өзү алып жүрүшү керек.УК 484.2

    Универсалистердин дин кызматчысы Асмандагы ыйык периштелер менен бирге жайгаштырып койгон, тoбo келтирбеген кайырдин адамдар жөнүндө Ыйык Жазуу эмне дегенин, дагы бир жолу карап көрөлү.УК 484.3

    “Чаңкагандарга, тирүү суунун булагынан, бекер эле суу берем”. Бул берилген убада, ким чаңкап суусагандар үчүн гана. Ким чыны менен өмүр суусун ичүү үчүн суусап издеп жүрүшсө, жана башка эч нерсе жөнүндө ойлонушпаса, алар алышат. “Жеңген бардыгына мураскор болот, жана Мен анын Кудайы болом, ал болсо Maгa уул болот” (Аян. 21:6,7). Бул жерде, биз көрүп турандай шарт берилген: бардыгына мураскор болуу үчүн, биз күнөө менен күрөшүп, жана аны жеңишибиз керек.УК 484.4

    Теңир Исаия пайгамбар аркылуу мындай дейт: Эмне жакшы экендигин адилеттүүгө айткыла: анткени ал өз иштеринин жемишин татат; ал эми мыйзамсызга кайгы; анткени ал өз колу жасаган иштери үчүн жазаланат” (Ис. 3:10,11). “Күнөөкөр жүз ирет жамандык кылса да, жана кылган ишинде туруп калса да, - дейт даанышман Сулайман, - Кудайдан корккондор, жана аны урматтагандар жыргалга бөлөнөөрүн мен билем, ал эми арамзаага жакшылык болбойт” (Yг Кит. 8:12,13). Жана элчи Павел мындай деген: “Бирок сен өз көктүгүң менен, тoбo келтирбеген жүрөгүң менен, Кудайдын каары, жана чындыктын жазасы пайда болоор күнгө, өзүң-өзүңө каар чогултуп жатасың. Ал ар кимге кылган ишине жараша тиешесин берет”. “Жамандык кылган ар адамдын жанына кайгы жана коркунуч болот” (Рим. 2:5,6,9).УК 485.1

    “Эч кандай бузуку же ыпылас, же бурканга табынуучу ач көз Машаяктын жана Кудайдын падышалыгына мураскор боло албайт” (Еф. 5:5). “Бардыгы менен тынчтыкта жана ыйыктыкта болууга аракет кылгыла, ансыз эч ким Кудайды көрө албайт” (Евр. 12:14). “Анын Парыздарын сактагандар бактылуу, алар өмүрдүн дарагына укуктуу болушат жана шаардын дарбазасы менен киришет. Сыртта болсо - иттер жана сыйкырчылар, бузуктар жана эр өлтүргүчтөр, бурканга табынуучулар жана бардык жалгандыкты сүйүүчүлөр” (Аян. 22:14,15).УК 485.2

    Кудай адамдарга Өзүнүн сапаты жана күнөөгө кандай карай тyргандыгын ачып берген: “Теңир пендесин сүйгөн Теңир, эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу акыйкат Кудай, миңдеген тукумга мээримин сактай турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган” (2Муса. 34:6,7). Кудай Аны сүйгөндөрдүн бардыгын сактайт, ал эми адилетсиздерди жок кылат” (Забур. 144:20). “Ал эми мыйзамсыздардын бардыгы талкаланат; адилетсиздердин акыры кыйроо” (Забур. 36:38). Теңир козголонду биротоло жок кылуу үчүн, Өз Күчүн жана Бийлигин колдонот; бардык карала турган соттор, Кудайдын кам көрүүчү, ырайымдуу, көпкө чыдамдуу мүнөзүнө топ келише тургандай адилеттүү бoлyп өткөрүлөт.УК 485.3

    Теңир эч кимди мажбурлабайт, жана эч кимдин эркин басырынтпайт. Ага кулдай бoлyп баш ийип туруу, эч кандай канагаттануу бербейт. Ал, Өз Колу менен жаратылгандар Аны сүйүү менен кызмат кылуусун каалайт, анткени Ал сүйүүгө татыктуу. Ал адамдардын өз эрки менен угуусун каалайт, анткени аларга Анын даанышмандыгын, адилеттигин, жана боорукердигин таанып билүү берилген. Жана Ал жөнүндө туура түшүнүк алган адамдардын бардыгы, Аны cүйүшүп, Анын сапаттарына таң калуу менен, Ага ыкталышат.УК 485.4

    Теңир Өз үлгүсү менен бизге үйрөткөн боорукердик, ырайымдуулук жана сүйүү негиздери, Кудайдын жаратылышын толугу менен ачып көргөзөт. Машаяк дагы мындай деп айткан: Атамдан алган нерселерди гана силерге үйрөтүп жатам, жана башка эч нерсе жөнүндө силерди окутканым жок. Кудайдын Башкаруусундагы негиздер, “өз душмандары нарды сүйгүлө” деген, Куткаруучунун осуяттары менен тыкыз байланышта бoлyп турат. Кудай Өзүнүн адилеттигин адилетсиз адамдар үчүн, жана бардык Ааламдын жакшылыгы үчүн, жана Кудайдын соту боло турган адамдардын ийгилиги үчүн көргөзгөн. Кудай адамдарды Өзүнүн Мыйзамынын жана адилеттигинин негизинде, бактылуу кылгысы келет. Ал аларды, Өз сүйүүсүнүн белгилери менен курчап койгон. Аларга Өз Мыйзамын билүүнү берип, алардын үстүнө Өз ырайымын төгөт, бирок алар Анын сүйүүсүн жек көрүшүп, Анын Мыйзамын жана ырайымын күлкүгө алышууда. Андан ар-дайым белектерди кабыл алып, алар бардык жакшылыктарды Берүүчүнү маскаралап жатышат; алар Кудайды сүйүшпөйт, анткени Кудай алардын күнөөлөрүн жактырбай тургандыгын билишет. Алардын тоң моюндугуна Теңир, көпкө чыдамдуулук менен мамиле кылат, бирок алардын ырайым алдындагы күндөрү бүтөөр мезгил келет. Козголоң чыгаргандарды Ал күч менен Өз жагына таргабы? Жана Өз эркин аткартуу үчүн, аларды күч менен зордойбу?УК 486.1

    Ким шайтанды өзүнүн башкаруучусу кылып шайлап алган болсо, жана анын бийлигинин алдында кызмат кылса, Кудайдын бет алдында турууга мүмкүнчүлүк ала алышпайт. Алардын бешенесинде, текебердиктин, жалгандыктын, бузукулуктун жана зөөкүрдүктүн мөөрү басылган. Эмне алар, жер үстүндө көрө албастан жек көрүү менен мамиле кылышкан адамдар менен бирдикте түбөлүк Асманда болушат бекен? Чындык эч качан жалганчыга жагымдуу болбойт; момундук, кокурайма текебердик менен бирге жашай албайт; тазалык - бузукулук менен, чексиз сүйүү - өзүмчүлдүк менен ынтымакташпайт. Жер үстүндөгү өз кызыкчылыктары менен алек болгон адамдарды, Асманда кандай кубаныч күтмөк эле?УК 486.2

    Өз өмүрүн Кудайга тил албастык менен өткөргөн адам, капысынан Асманга алынып, ыйык жеткилендикти, кубанычтан жаркыраган адамдарды, ар бир ысымда сүйүү деп жазылган жазууларды, Кудай менен Курмандык Козуну даңктаган ыр күүлөр токтолбогон чөйрөнү, Тактыда Отургандан тынбай чыгып турган жарыктын куткарылган адамдарга төгүлүп жаткан-дыгын, карап тура алабы? Кимдин жүрөгү, Кудайга, чындыкка жана ыйыктыкка карата болгон көрө албастыкка толгон болсо, ошолор ушул ыйык жаратылыш менен бирдикте, Кудайды даңктаган ырларды ырдашабы? Кудайга жана Курмандык Козуга, алар даңк айтышты беле? Жок, дагы бир жолу жок. Алар өз мүнөздөрүн Асманга карата калыптандырышсын деп, аларга көп деген жылдар сыналуучу мөөнөт берилген; бирок алар өздөрүн тазалыкты жакшы көрүү үчүн үйрөтүшкөн жок; алар ошентип Амандын тилин үйрөнүшкөн эмес, ал эми азыр болсо өтө кеч бoлyп калды. Кудайга каршы туруу менен сүргөн өмүр, аларды Асманга жараксыз кылып койду. Анын тазалыгы, ыйыктыгы жана тынчтыгы алар үчүн кыйноо бoлyп, ал эми Кудайдын даңкы - жалмап кетүүчү от болгон. Алар ушунун бардыгын көтөрө алмак эмес, жана алардын бир гана максаты бар болуучу: бул ыйык жайдан качуу. Алар, өздөрү үчүн өлгөн Кут-каруучунун Жүзүнөн качуу үчүн, өлүмгө дагы даяр болушкан. Жана бул адилетсиз адамдардын тиешесин, өздөрүнүн тандаган нерселери гана берет. Алар өз эрки боюнча өздөрүн Асмандан калтырышты, ал эми Кудай болсо, баштагысындай эле адилетүү бoлyп, аларга кыйынчылык алып келе турган жерге аларды киргизбейт.УК 486.3

    Топон суунун мезгилиндегидей бoлyп, Кыямат Күндүн оту, Кудайдын мыйзамсыздарга карата чыгарган өкүмү болот. Күнөөкөр адамдар Кудайга баш ийүүнү каалашкан жок. Алардын эрки нааразылыкта эле, жана качан жашоо бүткөндө, адамдардын оюн өзгөртүү мүмкүн эмес; Мыйзамсыздыктан тил алчаактыкка кайрылуу үчүн, жана көрө албастыктан - сүйүүгө өтүү үчүн, өтө кеч бoлyп калган.УК 487.1

    Адам өлтүрүүчү Каиндин өмүрүн сактоо менен, Кудай бул дүйнөгө, өлтүрүүчүнү түбөлүк коюп койсо, ал эмне кыла тургандыгын көргөзгөн. Өзүнүн таасири дана үлгүсү менен, Каин өзүнүн бардык тукумун күнөөкөрлүккө алып кеткен, жана акырында “жер үстү Теңирдин Коз алдында бузулуп, зуулумдукка толду” (1 Муса 6:11), жана “алардын жүрөк ойлору, ар бир мезгилде жамандык эле” (5аят).УК 487.2

    Дүйнөгө болгон кам көрүүчүлүгү менен, Нух пайгамбардын күнүндө Кудай жер тургундарын жок кылды. Ошол эле, жамандыкка толгондугy үчүн, Теңир Соддом тургундарын жок кылган. Жамандыкты жасоочулар, эки жүздүү азгырыктары менен, адамдардын колдоосун жана жан ачыгандыгын пайдаланышат, ошондой кылуу менен козголоңчулукка, ар-дайым башкаларды жазгырып турушат. Каиндин, Нух пайгамбардын, Ыбраайым пайгамбардын жана Лоттун күндөрүндө дагы ушундай болгон, жана биздин мезгилдерибизде дагы ушундай бoлyп жатат. Түгөл Ааламга Боору ооругандыктан Кудай, акыры Анын ырайымынан баш тарткан адамдарды биротоло жок кылат.УК 487.3

    “Анткени күнөө үчүн жаза - өлүм, ал эми Кудайдын белеги - биздин теңирибиз Ыйса Машаяктагы, түбөлүктүү өмүр” (Рим. 6:23). Түбөлүк өмүр адилеттүүлөрдүн энчиси боло турган болсо, өлүм адилетсиз адамдардын ала турган үлүшү. Муса пайгамбар Израил элине мындай деп айткан: “Мына, мен силерге бүгүн өмүр менен жакшылыкты, өлүм менен жамандыкты сунуш кылдым” (5Муса. 30:15). Бул жердеги айтылыи жаткан өлүм, Адамдын энчисине берилген өлүм эмес, анткени түгөл адамзаат өз мыйзамсыздыгынын жазасын алып жатат. Бул жердеги айтылган, түбөлүк өмүр менен карама-каршы коюлган, “экинчи өлүм”.УК 488.1

    Адам атанын күнөөсүнүн айынан, түгөл адам тукуму өлө турган болуп калышкан. Бардыгы бирдей эле мүрзөгө барат. , бирок, башка жагынан, куткарып алуу планы, ошол мүрзөдөн куткарылуу алып берет. “Өлгөндөрдүн, адилетүүлөрдүн жана адилетсиздердин тирилүүсү” (Ап. Иш. 24:15), болот. “Адам атада бары өлгөн болсо, Ыйса Машаякта бардыгы тирилүү алышат” (1 Кор. 15:22). Бирок, тириле турган ушул эки топтун ортосунда, чек коюлган. “Мүрзөлөр ичинде жаткандардын бары, Кудай Уулунун үнүн уга тyрган мезгил келет, жана жакшылык кылгандар өмүргө тирилишет, жамандык кылгандар болсо айыпталуу үчүн тирилишет” (Ин. 5:28,29). “Биринчи тирилүүгө катышкан адамдар бактылуу жана касиеттүү: алардын үстүнөн экинчи өлүм бийлик кыла албайт” (Аян. 20:6). Бирок, ким тoбo келтирип жана ишеним аркылуу кечирим албаган болсо, өз мыйзамсыздыгы үчүн жазаланышы керек, “анткени күнөө үчүн жаза - өлүм”. Алар узактыгы жана татаалдыгы боюнча, өз жасаган иштерине жараша ар-кандай жаза алышат, андан кийин аларга экинчи өлүм келет. Өз адилеттүү жана ырайымдуу негиздеринин аркасында, Кудай күнөөкөрдү, анын күнөөсүнөн куткара албайт, Ал аны өлүмгө ыйгарат, анткени ал, өз кылган иштери менен, өмүргө татыксыз экендигин көргөзгөн. Жандандыруучу Сөз мындай дейт: “Аз калды арамза анткор такыр жоголот, кайда деп аны карайсың, ал болсо өз ордунда жок”. Жана алар - такыр болбогон сыяктанышат” (Забур. 36:10; Авд. 16). Адилетсиздик жана уят менен алар курчалгандыктан, түбөлүктүү өлүмгө ыйгарылат.УК 488.2

    Күнөө өзүнүн бардык кайгылары жана азаптары менен, мына ушундайча акырына чыгат. Забурда мындай деп жазылган: “Бутпараска каның кайнады, ыймансыздарды жайладың, алардын атын кылымдан-кылымга эстегис кылып өчүрүп салдың. Душмандын куралы калбай калды, шаарларын талкаладың, алар эстен чыгып, жер менен жексен бoлдy” (Забур. 9:6,7). Иоанн аян алганда түбөлүктүү өмүрдөгү, ырдалып жаткан ырдын бирде кубулжуган гана добушун уккан. Асмандагы жана жердеги бүт жаратылгандар Кудайга даңк айтып жатышты (Аян. 5:13). Бул мезгилде, Кудайга акаарат келтирип озондогон, тозоктун отунда кыйналган, куткарылган адамдардын ырларына жолтоо болгон, бир дагы жан болбойт.УК 488.3

    Адамдын жанынын өлбөй тyргандыгы жөнүндөгү окутуу, адамдардын өлгөндөн кийин акыл -эсин жоготпой тургандыгын билдирген, бул болсо, Ыйык Жазуунун окутууларына каршы келет. Бул көпчүлүкккө таанымал болгон окутуу боюнча, Асмандагы куткарылган адамдар, жерде бoлyп жаткан нерселердин бардыгына, өзгөчө өздөрүнүн жакындарынын жана досторунун жашоосуна көз салып турат. Бирок, Асманда куткарылган адамдар, өз жакындарынын кыйналып жапа чеккендерин, алардын жасап жаткан күнөөлөрүн, кайгырууларын көрүшүп, өздөрүн бактылуу эсептешеби? Бул окутуу, жан адамды таштап кетери менен, тoбo келтирбеген адамдар тозоктун отунда кыйналып куйкалана берет, деген жийиркеничтүүлүгү менен, туура эмес, бoлyп саналат! Өз жолдоштору өлүмгө даярданбагандыктан, аларды тозоктун оту күтүп жаткандыгын карап тургандардын жаны, канчалыктуу кайгыга толуп жатат бoлдy экен! Ушундай жанды туталанткан ойлоргo баткан көп сандаган адамдар, акылынан ажырап калышкан.УК 489.1

    Бул суроолор туурасында Ыйык Жазуу эмне деп жооп берет болду экен? Дөөт пайгамбар, адам өлгөндөн кийин өз акылын жоготуп коё тургандыгын айткан. “Анын руху чыгат, жана ал өз топурагына кайтат; ал күнү анын бардык oйлогон ойлору жок болот” (Забур. 145:4). Сулайман пайгамбар дагы ушул ойду бекемдеп мындай деп айткан: “Жана алардын сүйүүсү да, алардын жек көрүүсү да, алардын демилгеси да жок болот, мындан нары жер үстүндө бoлyп жаткандардын бардыгына алар катышпайт”. “Сен колуңдан келген кыла турган иштеринди алыңдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мүрзөдө жумуш жок, oй жүгүртүү да, билим да акылмандуулук дагы жок” (Yг. Кит. 9:6,10).УК 489.2

    Качан Езекия падыша сыйынганда, жана анын сыйынуусуна жооп берилип, анын өмүрү дагы он беш жылга уланганда, падышы ыраазычылык билдирип Кудайга Анын ырайымдуулугу үчүн, дантап мындай деп айткан: “Сени тозок даңктабайт, ажал сени мактабайт, Сенин акыйкатыңан мүрзөдө жаткандар үмүт кылбайт, азыркы мен сыяктуу тирүү жан гана Сени даңктайт” (Ис. 38:18,19). Азыркы таанымал болгон окутуулар, өлгөн адилетүүлөр азыр Асманда Кудайды даңктап жатышат дешет, бирок Езекия өлүмдөн мындай жакшы ийгилик көргөн эмес. Анын айткан сөздөрү, Дөөт пайгамбардын төмөнкү сөздөрүнө дал келет: “Өлүмдө Сен жөнүндө ойлонуу жок: мүрзөдө ким Сени даңктайт?” “Теңирди өлгөндөр, жана мүрзөдө жаткандардын бардыгы даңктай алышпайт” (Забур. 6:6; 113:25).УК 489.3

    Элчи Петр, Элүүнчү күнү Ыйык Рух түшкөндө мындай деген, Дөөт пайгамбар өлдү жана анын мүрзөсү азыркы күнгө чейин бизде турат”. “Анткени Дөөт Асманга көтөрүлгөн эмес” (Ап. Иш. 2:29,34). Дөөт падыша мүрзөдө калган, жана бул, өлгөн адилеттүүөр азыр Асманга көтөрүлө электигин билдирет. Машаяктын тирилгендигине байланыштуу, боло турган тирилүүдө гана Дөөт пайгамбар Кудайдын жанына алынып барат.УК 490.1

    Элчи Павел мындай деп айткан: “Анткени , эгерде өлгөндөр тирилбей турган болсо, анда Машаяк дагы тирилген эмес; эгерде Машаяк тирилбеген болсо, анда биздин ишенимибиздин мааниси жок; силер али өз күнөөңөрдөсүнөр; анда Машаякта өлгөндөр дагы жок болушкан” (1Кор. 15:16-18). Жана эгерде төрт миң жыл аралыгында өлгөн адилеттүүлөр Асманга көтөрүлгөн болушса, тирилүү болбой турган болсо, Машаяктагылар дагы жок болушкан, деп кантип айтат? Анда эч кандай тирилүү үчүн үмүт калмак эмес.УК 490.2

    Азап чегүүчү Тиндаль өлгөндөрдүн абалы жөнүндө мындай деп айткан: “Алардын азыр, Машаяк жана Кудайдын тандалган периштелери бoлyп жаткан, даңктын толуктугунда бoлyп жат-кандыгын мен кабыл албайм. Менин ишенимим муну менен кошула албайт, эгерде мындай боло турган болсо, боло турган тирилүү жөнүндө насаатты айтуунун кажети жок” 342Уильям Тындейл, 1534-жылы чыга-рылган “Жаңы Осуятка сөз башы”, “Англиялык реформаторлор — Тыпдейл, Фрит, Барнс”, деген китенке кочурулуп басылган, 349-бет.. Өлбөй турган окутууларга үмүт арткандык, Ыйык Жазуунун кайрадан тирилүү жөнүндөгү чындыктарын барк албагандыкка алып келгендигин, моюнга албай коюу мүмкүн эмес. Бул негизги oй максат Адам Кларк аркылуу дагы мындай деп белгиленген: “Кайра тирилүү жөнүндөгү окутуулар алгачкы Машаяк жолун жолдогон адамдардын арасында, азыркы кездеги адамдарга Караганда көбүрөөк пайдаланылган! Эмне себептен мындай бoлдy? Элчилер бул окутууларга өтө чоң маани беришкен, жана өздөрүнүн келген адамдарына, бул аркылуу кубат беришип, жана алардын ишенимдерин бекемдешкен. Ал эми алардын жолдоочулары биздин күндөрүбүздө, кайра тирилүү туурасында көп айтышпай калышкан. Алгачкы Машаяк жолун жолдогон адамдар, аларга элчилердин айткандары боюнча, буга болгон ишеними жогору болгон, ал эми биздин мезгилдеги Машаяк жолун жолдогон адамдардын ишеними, аларга айткандардын сөзү боюнча бoлyп жатат. Жакшы Кабарда эң эле көрүнүктүү орунду, кайра тирилүү жөнүндөгү окутуу ээлейт, азыркы айтылып жаткан насааттарда, эң эле маани берилбей калганы, ушул окутуу бoлyп саналат” 343ІКор. 15-бапка комментарий, 13-пар..УК 490.3

    Жана мындай жагдай, кайра тирилүү жөнүндөгү даңктуу чындык, биротоло караңгыга камап салган мезгилге чейин улантыла берди, жана Машаяк жолун жолдогон адамдар аны жок кылып алуу коркунучуна кабылышкан. Бир таанымал диний жазуучу, элчи Павелдин сөздөрүн (1 Фес. 4:13-18) талкуулап, мындай деп айткан: “Адилетүүлөрдүн өлбөй тургандыгы жөнүндөгү окутуу, практикалык жашоодо сооронуу жана ыңгайлуу шарт түзөт, биздин аңсезимибизден Теңирдин Экинчи Келиши жөнүндөгү окутууну биротоло сүрүп чыгарат. Биз өлгөндөн кийин Теңир бизди алып кетүү үчүн Келет, жана биз ошого абдан үмүттөнүп жатабыз. Өлгөндөр азыр даңкка барып калышкан. Алар, сот жана түбөлүктүү бакыт жөнүндө жарыялай турган, сурнай үнүн күтүшпөйт”.УК 490.4

    Бирок качан Ыйса Машаяк Өз шакирттерин таштап кеткени жатканда, алар жакында Ага бара тyр-гандыгын айткан эмес. “Мен силер үчүн жай дайындаганы бара жатам, - деди Ал, жана барып силерге жай даярдагандан кийин, кайрадан Келем, жана силер дагы Мен болгон жерде болуш үчүн, силерди Өзүмө алам” (Ин. 14:2,3). Жана элчи Павел мындай дейт: “Себеби, башкаруучу добушта, эң жогорку Периштенин добушунда жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, теңир Өзү Асмандан келет, жана Машаяктагы өлгөндөр адегенде тирилишет; андан кийин биз, тирүү калгандар, Теңирди абада тосуп алууга алар менен бирге алынып, булуттарда болобуз, анан Теңир менен дайыма болобуз”. Жана мындай деп кошумчалайт: “Демек, ушул сөздөр менен бириңерди-бириңер жубаткыла” (1 Фес. 4:16-18). Биз жогоруда айтып кеткен универсалистердин жыйынынын дин кызматчысынын айткан насааттары менен, ушул айтылып кеткен сооротуулар, кандай карама-каршы жайгашкан! Ал өзүнүн жанында турган кайгырган өлгөн адамдын жакындарын, эч кандай күнөөлөрүнө карабастан, өлгөн адамдар Асманга, периштелердин тобуна кабыл алына тургандыгын айткан. Элчи Павел болсо, өз боордошторуна, мүрзөлөрдүн ооздору ачылганда боло турган тирилүү жөнүндө айтат, “Машаякта өлгөн адамдар” түбөлүктүү өмүр үчүн тирилишет.УК 491.1

    Адам Жыргал жайга барардын алдында, анын өмүрү жана мүнөзү, кылдаттык менен каралып чыгышы керек, ар бир адамдын иши Кудай аркылуу текшерилет. Бардыгы китептерде жазылган ишине жараша тиешесин алышат. Элчи Павелдин төмөнкү сөздөрүнө көңүл буралы: “Анкени Ал, бир күндү белгиледи, ал күндө Ааламды, Өзү алдын ала белгилеген Эркек аркылуу, адилеттик менен соттойт; Аны кайра тирилтип, бардык адамдарга далилдейт” (Aп. Иш. 17:31). Бул жерде элчи Павел, аалам үчүн белгиленип, келечекте боло турган мезгил жөнүндө, ачык айтып кеткен.УК 491.2

    Иуда дагы ушул мезгил туурасында мындай дейт: “Жана өз абийирин сактабаган,бирок өз үй-жайын таштап кеткен периштелерди, улуу жазалоо күнү үчүн, караңгылыктын астында түбөлүк кишенделүүгө кармап турат”. Андан наары ал, Енох пайгамбардын сөздөрүн мындайча айткан: “Мына Теңир көп сандаган Өзүнүн ыйык периштелери менен, бардыгынын үстүнөн өкүм чыгарыш үчүн келе жатат” (Иуда. 6,14,15). Иоанн дагы мындай деген: “Жана Тактынын алдында турган өлгөндөрдү, улууларды жана кичинелерди мен көрдүм; китептери ачылды... жана өлгөндөр китепте жазылгандай, өздөрүнүн иштерине жараша соттолду” (Аян. 20:12).УК 491.3

    Бирок, өлгөн адамдардын бири Асманда кубанып жатышса, калгандары тозокто кыйналып жатышса, анда келечекте боло турган соттун эмне кереги бар? Бул суроолорго карата болгон Кудай Сөзүнүн окутуулары, ачык-айкын, жана аларды эң эле жөнөкөй адамдар окуп түшүнө алышат. Бирок ушунчалык көп таралган ушул теориялардан, терең oй жүгүрткөн жана олуттуу мамиле кылган кишилер, эмне табышат бpлдy экен? Жана тергоо соту бүткөндө адилеттүү адамдар: “Жакшы, кайрымдуу жана ишенимдүү кул экенсиң! Аз нерседе сен ишенимдүү болгонсуң, көптүн үстүнөн сени коём, мырзаңдын кубанычына кир”, деген сөздөрдү, азыр алар Аны менен болсо, кантип угушсун? Адилетсиз адамдар тозоктун түгөл бурчунан, бардык жердин Калысынын чыгарган мындай: “Каргышка калгандар Менден оолактап түбөлүктүү тозоктун отуна кеткиле” (Мф. 25:21,41), деген өкүмүн угуу үчүн, чогулушабы? Кандай гана коркунучтуу мыскылдоолор! Кудайдын Даанышмандыгына жана Адилеттигине карата болгон кандай мыскылдуу шек келтирүүлөр!УК 492.1

    Жандын өлбөй тургандыгы жөнүндөгү теорияны, Рим бутпарастардан алышып, Машаяк жолун жолдогон адамдардын динине киргизишкен. Бул окутууну Мартин Лютер “римдиктердин кый чогултулган, тантырак тамсилдери” 344Петавель, “Олбөстукк туураеындагы маселе”, 225-бет., деп атаган. Реформатор, Сулайман пайгамбардын, “өлгөн адамдар, өз өмүрү өткөндөн кийин эч нерсе билишпейт”, деген сөздөрүн талдап, мындай деп жазат: “өлгөн адамдар эч нерсе сезбей тургандыгын далилдеген, бул Ыйык Жазуунун дагы бир аяты. Ал жерде милдет, илим, билим жана даанышмандык сезимдери жок. Ошондуктан Сулайман пайгамбар, алар эч нерсе сезбестен уктап жатышат, деген. Алар үчүн күндөр, жылдар өтүп жаткандыгы билинбейт, жана алар ойгонушканда, бир көз ирмем гана убакыт уктагандай болушат” 345Мартин Лютер, “Ѵгутчунун Кигебине талкуулоо”, 152-бет..УК 492.2

    Ыйык Жазуунун бир дагы жеринен адамдар өлгөндөн кийин, адилеттүүлөр сыйлык жана адилетсиздер - жаза алышат, деген далилди таба албайбыз. Бир дагы пайгамбар, бир дагы уруу аталары, бизге мындай түшүнүк калтырган эмес. Бул туурасында Машаяк дагы, жана Анын элчилери дагы эч кандай билдирүү беришпеген. Ыйык Жазуу, өлгөндөр шыр эле Асманга көтөрүлбөй тургандыгын күбөлөндүргөн. Алар жөнүндө, бардыгы тирилгенче уктап жаткандар, деп гана айтылган (1 Фес. 4:14; Аюб. 14:10-12). Качан, алтын боо айрылып, күмүш чынжыр үзүлгөндө (Yг. Кит. 12:6), адамдын бардык oйжүгүртүүлөрү жок болот. Мүрзөгө баргандар, үндөбөгөндөрдүн өлкөсүндө. Алар эми Асман алдында эмне бoлyп жаткандыгын билишпейт (Аюб. 14:21). Чарчапчаалыккан адилеттүү үчүн, бактылуу эс алуу! Убакыт узун болобу, же кыска болобу алар үчүн көз ирмем мезгил. Алар уктап жатышат, жана Теңирдин сурнайы аларды ойготот. “Тез көз ачып жумганча, акыркы сурнайдын үнүндө өзгөрүлөбүзсебеби, сурнай үнү чыкканда, өлгөндөр кайра чирибей турган бoлyп тирилет, а биз өзгөрүлөбүз, себеби, бул өтмө дене түбөлүк денеге жамынуу керек; бул өлө турган дене, өлбөй турган денеге жамынуу керек. Бул өтмө дене түбөлүк денеге жамынганда, жана өлө турган дене өлбөй турган денеге жамынганда: “Ажалды жеңиш жутуп алды”, деп жазылган сөз ишке ашат” (1 Кор. 15:52-54). Өздөрүнүн терең уйкуларынан ойгонгон адамдар, өз жашоолорун өлүм менен үзүлгөн убакыттан башташат. Алардын акыркы аң-сезиминде калгандары, ажал менен күрөшүү болгон. Алардын акыркы ою, алар мүрзөнүн бийлигинин алдына бара жаткандыгы эле. Качан алар мүрзөлөрдөн турушканда, алардын биринчи кубанычтуу ою, “Өлүм! Сенин найзаң кайда? Тозок! Сенин женишиң кайда?(55 аят) - деген жеңиштүү ураандарга кошулат.УК 492.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents