Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    26 Бап — Реформа Иши

    Исаия пайгамбар, акыркы күндөрү адамдар ишемби күнүн майрамдоого келише тургандыгы жөнүндө, алдын ала айтып кеткен: “Теңир мындай дейт: укукту сактагыла жана чындыкты кармангыла; анткени Мен куткара турган учур да, Менин чындыгымдын аяны дагы жакын калды. Муну кылган жигит, жана муну бекем карманган адам баласы, ишембини булгагандан сактап, жана эч бир кыянаттык кылбас үчүн, өз колун жамандыктан коргогон адам бактылуу”. “Жана Теңирге кызмат кылыш үчүн, Анынын Ысмын жакшы көрүп, Анын күлү болуш үчүн, Ага келип кошулган, ыйык ишембини булгагандан сактап, Менин Осуятымды бекем кармаган бөтөн уруктардын уулдарын, Мен Өзүмдүн Ыйык Тоомо алып чыгам, жана Менин сыйына турган Yйүмө аларды киргизип, кубанычка бөлөйм” (Ис. 56:1,2,6,7).УК 407.1

    Бул айтылган сөздөр, Машаяк жолун жолдогон адамдардын мезгилине таандык: “Чачырап кеткен Израилдыктарды жыйнаган Кудай Теңир мындай дейт: анын чогулгандарынын үстүнө, Мен башкаларды дагы жыйнап берем” (Ис. 56:8). Бул жерде, Жакшы Кабар, бутпарас элдерин дагы чогулта тургандыгы айтылып жатат. Жана ким ишембини сактап кадырлай турган болсо, алардын ар бири үчүн алкыштоолор убадаланган. Ошондуктан төртүнчү Осуят, Машаяктын айкашкан жыгачтагы өлүмүнөн, тирилүүсунөн жана Асманга көтөрүлүп кетүүсүнөн кийин дагы, жана Анын кызмтчылары, бардык адамдарга куткарылуу кабарын жарыялаган мезгилдерде дагы, улана бере тургандыгы айтылган.УК 407.2

    Ошол эле пайгамбардын оозу ар-кылуу, Теңир мындай деп буйрук берет: “Менин шакирттеримдин көз алдында, күбөлүктү бууп, аянды бекем бекит” (Ис. 8:16). Кудай Мыйзамынын Мөөрү - бул төртүнчү Осуят. Бир гана ошол Осуятта, Мыйзам Берүүчүнүн Аты жана Даражасы жарыяланып айтылган. Бул Мыйзам мындай деп бекемдейт: Теңир Асман менен жердин Жаратуучусу, ошондуктан Ага , башкалардан жогору урмат көргөзүү керектиги аныкталган. Мындан башка Осуяттардын биринде дагы, Кимдин бийлиги менен Мыйзам берилгендиги, айтылган эмес. Качан папалык бийлик ишембини өзгөрткөндө, Мыйзамдан Мөөр алынып ташталган. Машаяктын шакирттеринин башкы милдети, төртүнчү Осуяттын өз даражасын кайтарып, аны Жаратуучунун Эстелик үчүн койгон күнү катары кастарлап, Анын бийлигин жогору көргөзүү.УК 407.3

    “Мыйзамдарга жана аяндарга кайрылгыла”. Ар кандай көп доктриналарды жана теорияларды таанып билүү үчүн, Кудай Мыйзамы жападан жалгыз тараза бoлуп эсептелет, жана ал аркылуу ар-кандай окутуулар, теориялар жана ойлор, текшерилип турат. Пайгамбар мындай деп бaca белгилейт: “Эгерде алар, бул сөздөр айткандай айтпай тураган болсо, анда аларда чындык жок” (Ис. 8:20).УК 408.1

    Дагы мындай деген буйрук берилет: “Токтолбо, катуу үн сал; сурнай сыяктуу өз үнүндү жогорулат, жана Менин элимдин мыйзамсыздыктарын, жана Жакыптын үйүнүн — күнөөлөрүн көргөз” (Ис. 58:1). Бул сөздөр, мыйзамды билбеген дүйнөгө айтылган жок, мыйзамсыздыктарды жекирүү менен, Теңир “Менин элим” деп, атаган элге кайрылган. Андан наары мындай деген сөздөр айтылат: “Өз Кудайынын заңмыйзамын таштабай, адилеттүү иш кылып жаткан сыяктуу, алар ар күнү Мени издешет, Менин жолумду билгилери келишет; алар Менден чындыктын укутары тууралуу сурашат” (Ис. 58:2). Бул жерде көргөзүлгөн адамдар, сыртынан адилеттүү жана Теңирге кызгануу менен кызмат кылып жаткан сыяктанышат, бирок, жүрөктердүн үстүнөн Бийлегендин Өзү, аларды катаал айыптап жатат, анткени алар - Кудайдын көрсөтмөлөрүн тебелеп жатышат.УК 408.2

    Пайгамбар, адамдар барк албай жаткан көрсөтмөлөр жөнүндө мындай дейт: “Жана кылымдар бою ээн жаткан чөлдөргө сенин тукумдарың отурукташат: сен көп укум-тукумдардын негизин калыбына келтиресиң. Сени урандыны түзөөчү, эл үчүн жолун кайта баштоочу деп айтышат. Эгерде сен ишембинин урматына, Менин ыйык күнүмдө, өз иштериңди аткаруудан өз бутуңду токтотуп кармай турган болсоң, ишембини жыргал күнүм десең, аны Теңирдин ыйык күнү деп, ардактай турган болсоң, жана өзүңө жаккан иштерди кылбай, сенин оозуң маңызсыз сүйлөбөсө: анда сенин Теңирде кубанычың болот” (Ис. 58:12-14). Бул пайгамбарлык биздин күндөргө дагы таандык. Ишемби күндү өзгөртүү менен, римдик бийлик, Кудай Мыйзамына жарака келтирди. Бирок, Кудайдын көрсөтмөлөрүн калыбына келтире турган мезгил дагы келип жетти. Жарака кайрадан бүтөлүшү керек, жана көп деген муундар үчүн негиз кайрадан тургузулат.УК 408.3

    Адам, Жаратуучусу аркылуу ыйыкталып, тынчтыкка белөнгөн, ишемби күндү, бир гана күнөөсүз мезгилинде бейиш багында эле эмес, өзүнүн бактылуу мекенинен куулуп кеткенден кийин дагы, тoбo кылып ыйык сактаган. Ишемби бардык уруу аталары аркылуу дагы, Авелден баштап, адилеттүү Нух, Ыбраайым, жана Жакып аркылуу дагы ыйык сакталып келген. Качан тандалган эл египеттиктердин кулдугу астында, жасалма кудайлардын астында жүргөндө, көпчүлүк адамдар Кудай Мыйзамынын маанисин жоготушкан, бирок качан Теңир Израил элин кулдуктан бошоткондо, чогулган көп сандаган адамдардын алдында, Өз эркин адамдар түшүнүп, жана кылымдар бою Андан коркуп жана баш ийип туруусу үчүн, Ал өзүнүн Мыйза-мын салтанаттуу түрдө жогорулатып жарыялаган.УК 408.4

    Ошол күндөн тартып, биздин күндөргө чейин, жер үстүндө Кудай Мыйзамын таанып билүү бoлyп келе жатат, жана төртүнчү Осуяттын буйругу боюнча ишемби күн ыйык сакталууда. Бирок “күнөө адамы” Кудайдын ыйык күнүн тебелендиге калтырса дагы, анын күндөрүндө ишембини ыйык сактаган ишенимдүү адамдар, табылып турган. Жек көрүүлөргө жана куугунтуктарга кабылгандыгына карабастан, ишенимдүү Кудайдын уулдары, Кудайдын Мыйзамдарынын бузулбастыгын, жана жаратылуунун тынычтыгы катары, ишембини ыйык сактоо, адамдардын бузулгуз милдети экендигин, далилдешкен.УК 409.1

    Бул чындыктар, Аян Китебинин 14-бапында айтылган “түбөлүктүү Жакшы Кабар” менен байланыштуу, жана Машаяктын Жыйынынын, анын Келишинин алдында айырмалап турган белгиси бoлyп эсептелет, анткени таратылган үч түрдүү кабардын аркасында, Кудайдын Парыздарын сактап, Ыйсага болгон ишенимди карманышкан адамдар чогулушат. Ал кабар, Машаяк Келээринин алдында айтыла турган, акыркы кабар бoлyп саналат. Анткени бул кабар айтылып бүтөөрү менен, пайгамбарга көрунгөн сыяктанып, Адам Уулу Асмандан Өз даңкында, жер үстүндо Өз орок маалын аткаруу үчүн Келет.УК 409.2

    Ким касиеттүү жай жөнүндөгү жарыкты кабыл алып, жана Кудай Мыйзамынын бузулбастыгына ишенген болсо, өздөрүнө ачылып берилген чындыктын сулуулугун жана келишимдүүлүгүнө таң калышып, кубанычка батышат. Алар бардык адамдар менен, чындыктын кымбат жарыктары менен бөлүшкүлөрү келгендер, жана бул жарыкты адамдар кубаныч менен кабыл аларына ишенгендер. Бирок аларды бул дүйнөгө карама-каршы коё турган чындыктар, көпчүлүк Машаяк жолун жолдогон адамдарданбыз дегендердин, көңүлүн көтөргөн дагы жок. Анткени төртүнчү Осуятка баш ийүү, адамдардан курмандыкты талап кылган, бирок тилекке каршы көпчүлүк адамдар, бул курмандыкка макул болуудан баш тартышты.УК 409.3

    Качан төртүнчү Осуяттын талаптары сунушталганда, көпчүлүк адамдар, дүйнөлүк адамдардай oй жүгүртүшкөн. Алар мындай деп айтышты: “Биз ар-дайым жекшемби күнүн сактап келгенбиз, жана бул күндү биздин аталарыбыз, көпчүлүк боорукер, такыбаа адамдар сакташкан, жана адилеттүү бойдон көз жумушту. Жана эгерде алардын кылгандары туура болсо, анда биз дагы бул туурасындагы суроодо, өзүбүздү туура алып бара жатабыз. Анткени ишемби күнүн сак-тоо, бизди бул дүйнөдөн өзгөчөлөп турат, жана ошондуктан биз, аларга эч кандай өз таасирибизди тийгизе албайбыз. Жана жекшемби күнүн сактаган бул дүйнөнүн адамдарына каршы, ушул кичинекей ишемби күнүн сактаган адамдар эмне кыла алмак эле? Ушул сыяктуу далилдер менен иудейлер дагы, өздөрүнүн Машаяктан баш тарткандыгын актагылары келишкен. Алардын аталары Кудайга курмандык алып келишкенде, аларды Тенир кабыл алган, анда эмне себептен, ошол эле жол менен жүрүп жатышса дагы, алардын балдары куткарылуу ала алышпай жатышат? Лютердин мезгилинде дагы папанын жактоочулары минтип айтышкан, чыныгы христиандар католик бойдон өлүп жатышкандыктан, бул дин чыныгы куткарылууга алып баруучу дин бoлyп саналат. Ушул сыяктуу oй жүгүртүүлөр, руханий жашоо жана ишеним үчүн, олуттуу тоскоолдук бoлyп эсептелет.УК 409.4

    Көпчүлүк адамдар мындай дешти, жекшемби күнүн сактоо - көптөгөн жүз жылдар аралыгында, жыйындарда кеңири таратылып жаткан, туруктуу доктрина жана жобо. Бул далилдер, ишемби андан алда канча илгери, биздин жердин жаратылышынан бери сакталып келе жаткан, жана Кудай аркылуу ыйыкталган далилдер аркылуу, четке кагылууда. Качан таңкы жылдыздардын ырдаган мезгилинде, жана жер негизделип жатканда Кудай уулдарынын кубанычка батып жатканында, ошондо ишемби күнү кошо негизделген (Аюб. 38:6,7; 1 Муса. 2:13). Мына, эмне себептен ишемби күнүн сактоо зарыл - ал адамдардын бийлигинин, жана адамдардын үрп-адаттарынын аркасында бекемделген эмес. Ал, Кудай аркылуу негизделген, жана Анын Түбөлүктүү Сөздөрү, биздин бул күндү ыйык сактообузду талап кылат.УК 410.1

    Адамдар, ишемби өзгөртүлгөн деген сөздөргө, көңүл бура башташканда, ошол мезгилдеги атактуу жыйындардын кызматчылары, ойгонуп келе жаткан адамдардын акылын кайрадан уктатыш үчүн, Кудай Сөзүн бурмалап түшүндүрө башташкан. Жана ким өз алдынча Ыйык Жазууларды окубаган болсо, алардын каалоолоруна төп келишкен, ушул окутууларды чын ниетинен кабыл алышкан. Көпчүлүк адамдар, адамдардын каада - салттарына жана жыйындардын аталарынын далилдерине кайрылуу менен, чындыкты жок кылууга болгон аракеттерин жасашты. Кудай Сөздөрүндөгү чындык менен куралданган жөнөкөй адамдар, каармандык менен окумуштуулардын бардык соккуларына каршы турушту, жана өздөрүнүн бал тилдүү, билимдүү пикирлери, кайдагы бир жөнөкөй адамдардын чындыктарына каршы, эч кандай туруштук бере албагандыгына, абдан ызаланышып ачууланышкан, ошол эле мезгилде, аларга абдан таң калышкан. Жана ким Ыйык Жазуулардын жетегинде болсо, алардын алдында, окумуштуулардын даанышмандыгы алсыз бoлyп, туруштук бере албайт .УК 410.2

    Көпчүлүк адамдар, Кудай Сөздөрүнө таянбастан туруп, бир кезде Машаякты жана Анын элчилерин айыпташкандай, өздөрүнүн ойлорунда бекем турушуп, мындай дешти: “Эмне себептен биздин улуу адамдар, бул ишемби туурасындагы суроого жооп бере алышпайт? Силердики эле туура бoлyп, ал эми бул дүйнөнүн башка Кудай Сөзүн талкуулоочу адамдары, адашып жатышы мүмкүн эмес”.УК 411.1

    Ушул сыяктуу oй-пикирлерди четке кагуу үчүн, Ыйык Жазуунун окутуулары менен, жана Кудайдын бардык кылымдарда, Өз элине жасаган мамилелерин билдирип тyрган тарыхка кайрылуу, жана аны менен кеелишүү жетишиктүү болмок. Теңир ар-дайым, Өзүн угуп жана Өзүнө баш ийген, жана керектүү мезгилдерде, чындыкты бурмалабастан ачык айткан, жана күнөөнүн бетин ачкандан коркпогон адамдарды гана колдонот. Реформа иштерин жүргүзүүдө, окумуштуу жана жогорку бийликтеги адамдарды Теңир өтө сейрээк тандап алат, анткени өз теорияларына, жана ачылыштарына көбүрөөк ишенген адамдар, Теңирден окуп үйрөнүүгө өз муктаждыктарын анчалык деле көп сезе беришпейт. Бир гана ким өз муктаждыгын Даанышмандыктын Булагынан издеген болсо, ошол адам гана, Ыйык Жазууну түшүнүп, жана Аны түшүндүрө алат. Кээ бир мезгилдерде чындыкты таратуу, билимсиз адамдарга тапшырылат, - алар көп нерсени билбегендиктен эмес, бирок Кудай алдында окуп үйрөнүүдө өз текебердиги жоктугунан болот. Алар Машаяктын мектебинен окуп үйрөнүшүп, өз момундуктарынын жана тил алчаактыгынын аркасында, улуу деген наамга жетишишет. Жана Кудай аларга Өз чындыктарынын билимин ишенгендиктен, алардын алдында жердик атак-даңк, жана улуулуктар караандабагандай, урмат көргөзө алат.УК 411.2

    Көпчүлүк адвентистер касиеттүү жай жана Кудайдын Мыйзамы жөнүндөгү чындыктардан баш тартышкан, дагы көпчүлүктөрү туура эмес карама-каршы көз караштарды кабыл алышкандыктан адвентистердин кыймылдарынан чыгып кетишкен. Дагы башкалары Машаяктын Келиши жөнүндөгү мезгилди туура эсептеп чыгабыз деген максатта, адашууга кабылышкан. Касиеттүү жай жөнүндөгү суроону жарык кылган жарык, аларга бир дагы пайгамбарлык мезгил Маша-яктын Экинчи Келишине чейин созулбай тургандыгын, жана бул Келүүнүн так мөөнөтү жазылбагандыгын билдирген. Бирок жарыктан тетири бурулуу менен, алар кайракайра Машаяктын Келээр мөөнөтүн белгилешип, ар бир учурда көңүл калууларга кабылышты.УК 411.3

    Качан Фессалоникадагы жыйында, Машаяктын Келиши жөнүндөгү суроого туура эмес түшүнүктөр пайда боло баштаганда, элчи Павел алардын үмүтүн Кудайдын Сөзүнө байланыштуу, кылдаттык менен карап чыгууларына өз кеңешин берген. Жана пайгамбарлыктарды, Машаяктын Келишинин алдындагы боло турган жышаандарга байланыштуу, карап чыгууларына кеңеш берген, жана алар ошол мезгилде Анын Келишин күтүүгө эч кандай негиз жок экендигин айткан. “Жана силерди эч ким эч кандай азгырбасын” (2Фес. 2:3) - деп аларды эскерткен. Эгерде алар, Ыйык Жазууга негизделбеген үмүткө ишене берише турган болушса, анда бул аларды албетте качып кутула албай турган, туура эмес аракеттерге алып келмек, жана ишенбеген адамдардын шылдың кылууларынын аркасында, көңүл чөгүүлөргө кабылышмак, жана куткарылуу үчүн зарыл болгон чындыкка күмөн санашмак. Элчинин фессалоникалыктарды эскерткен эскертүүсү, акыркы мезгилдеги жашап жаткан адамдар үчүн дагы өтө маанилүү сабак болуп эсептелет (2Фес. 2:3). Көпчүлүк адвeнтистер мындай деп oй жүгүртүшөт: Теңир баланча саатта Келет деген нерсеге ишенбегендик, даярдануу ишине илең-салаңдык көргөзгөндүктү күбөлөндүрөт. Бирок алардын жаңыдан ойгонуп келе жаткан үмүтү суу сепкендей өчүп жаткандыгы, жана ишенимдери кайра-кайра соккуга кабылгандыгы, алардын пайгамбарлыктагы улуу чындыктарды кабыл алууга жөндөмсүз кылып салаары анык.УК 412.1

    Биринчи кабарда жарыяланган соттун белгиленген бир мезгили, Теңирдин буйругу боюнча көргөзүлгөн. Бул кабар негизделген пайгамбарлыкта айтылган 2300 күн 1844-жылы аяктагандыгы, эч кандай шек туудурушу мүмкүн эмес. Жана бул пайгамбарлык мезгилдин башына жана аягына кайра-кайра жаңы мезгил коё бергендик, адамдарды чындыктан көңүлүн калтырып эле тим болбостон, бардык пайгамбарлыктарга скептикалык мамиле кылууну жандандырат. Экинчи Келүүнүн мөөнөтү канчалыктуу бат-бат коюла турган болсо, жана ал туурасында көбүрөөк насаатталса, бул ошончолук шайтандын ойлогонун жогорулатат. Качан белгиленген мөөнөт келгенде, бул убакытты айткан адамдардын адресине карата, ал шылдың жана табалоолорду жандандырат, жана 1843-1844-жылдардагы башталган адвентистердин кыймылына, өз көлөкөсүн ыргытат. Ал эми өз адашууларында бекем турган адамдар, акыры алыскы келечекке таандык бир убакытты белгилеп табышат. Ошондо алар алдоочу абалга кабылышып, жана көп сандаган адамдар ушул алдоолорго берилип ишенишкендиктен, бир нерсени өзгөртүүгө мүмкүн болбой калган мезгилге чейин калып калышат.УК 412.2

    Байыркы Израилдин тарыхы, ад-вентистердин Жыйынынын үстүнө түшкөн сынактын, үлгүсү бoлyп са-налат. Кудай адвентистердин кыймылындагы Өзүнүн адамдарын, Израил уулдарын Египеттен кандай алып чыгып жүргөн болсо, ошондой эле алып жүрдү. Алардын дагы ишенимдери, Израил элинин Кызыл деңизде көңүл калууларга кабылган сыяктуу, көңүл калууларга кабылган. Эгерде алар, өткөн мезгилдерде жетелеген Нагыз Өзүнүн кудуретине таянышкан болушса, анда Теңир сунуштаган жолду көрүүгө мүмкүндүк алышмак. Эгерде 1844-жылдагы кыймылга катышкан адамдар, үчүнчү периштенин кабарын кабыл алышып, жана аны Кудайдын Рухунун жардамы менен жарыялашкан болсо, анда Теңир алар аркылуу улуу иштерди жасамак. Жер үстүнө жарыктын чоң агымдары агылмак. Жер тургундары мурда эле эскертүү кабарын алышып, иштин акыркы кызматы аяктап, жана Машаяк Өз элин куткарып алуу үчүн Келип калмак.УК 413.1

    Израил эли кырк жыл чөл үстүндө жүрсүн деген, Кудайдын эрки эмес эле; Ал аларды түз эле Ханаан жерине, ал жерде алар адилеттүү жана бактылуу жашашы үчүн, алып барууну каалаган. Бирок алар “өз ишенбестиктеринин айынан кирбей калышты” (Евр. 3:19). Аларды ишенбестик жана Кудайдан баш тарткандык кыйраткан, жана Ханаан жерине башка муундар гана кирүүгө мүмкүндүк алышты. Ушул сыяктуу эле, Машаяктын Келиши дагы Кудайдын эркинен тышкаары кечиктирилип жатат, жана адамдар бул күнөөгө жана кайгыга толгон дүйнөдө, көп мезгилдерге чейин калууда. Аларды Кудайдан ажыратып турган алардын ишенбестиктери. Алар өздөрүнө тапшырылган милдегти аткаруудан баш тарткандыктан, бул кабарды жарыялоо үчүн башка адамдар дайындалган. Бул дүйнөгө боору ооругундыктан, Машаяк Өз Келишин кечиктирип жатат, анткени Ал, Кудайдын каары жер үстүнө төгүлө электе күнөөкөрдүн эскертүүчү кабарды угуп, бейиштен калканыч жай таап калуусун каалайт.УК 413.2

    Бүгүнкү күндөрдө дагы, өткөн мезгилдегидей, күнөөнү жана адашууну жемелеген чындыктын насааты, каршылыкты алып келүүдө. “Ар бир жамандык кылуучулар жарыкты жаман көрүшөт, жана айыбы ачылып калбаш үчүн жарыкка келбейт” (Ин. 3:20). Көпчүлүк адамдар өз көз караштарын Ыйык Жазуунун негизинде түшүндүрүп бере албагандыктан, аны кандай гана болбосун жактап калгылары келишет, жана жалгандыкка толгон чындыктарын коргочолошот. Бул рух бардык мезгилдерде байкалып келген. Илия пайгамбар, Израилди дүрбөлөңгө салып жатат деген айыпка кабылган, Иеремияны - саткын дешкен, элчи Павелди - ибадаткананы булгаган, деп айыпташкан. Жана ошол байыркы мезгилден бери, азыркы күндөргө чейин, чындыкка ишенимдүү адамдар бузуучулур, жалгандыкты таратуучулар жана бөлүп жаруучулар, деп аталып келүүдө. Жана ишеними алсыз көп сандаган адамдар, туура пайгамбарлык сөздөрдү кабыл алуу максатында, коомчулуктун айыбын ачкан адамдарга карата болгон айыптоолорду, талдабастан эле кабыл алыша берет. Мындай жосун улам жогорулагандан жогорулайт. Жана мамлекеттин мыйзамдары Кудай Мыйзамына карама -каршы келе турган мезгилдер болоорун, Ыйык Мукаддас ачык айтып эскертип кетет, жана ким Кудайдын Мыйзамын ээрчий турган болсо, дүрбөлөң салуучу катары эсептелип, жек керүүгө жана жазага татыктуу болот.УК 413.3

    Чындыктын жарчысынын милдети эмнеде? Адамдар кабыл албагандыктан, жана алардын кыжырын кайнаткандыктан, ал чындыктын насаатын айтуудан баш тартышы керекпи? Жок, ал биринчи реформаторлор сыяктуу, каршылык болгондугу үчүн эле, Кудай жөнүндө күбөлөндүрүүсүн калтырып койбошу керек. Ыйыктар аркылуу күбөлөндүрүлүп келген ишеним, кийинки муундарга жакшылык алып келүү үчүн тарыхка кирген. Ыйыктыктын жана солкулдабаган бекемдиктин үлгүлөрү, бүгүнкү күндө Кудай жөнүндө күбөлөндүрүүгө чакырылган адам-дардын жүрөктөрүнө, дем берип келүүдө. Алар ырайымды жана чындыкты өздөрү үчүн гана кабыл алышкан эмес, бирок алар аркылуу бүт жер жүзүн Кудайды таануу жарыгы, капташы керек. Ушул муундардын арасындагы Өз кызматчыларына, Кудай жарык берди бекен? Ооба, жана алар бул жарыкты дүйнөнүн бардыгына таратуусу зарыл.УК 414.1

    Байыркы мезгилде, Өзүнүн Атынан сүйлөгөн бир пайгамбарга Теңир мындай деген: “Ал эми Израил үйү сени угушпайт, анткени алар Мени угууну каалашкан жок”. Ошондой болсо дагы Ал мындай деп айткан: “Алар угушабы, же угушпайбы, Менин Сөздөрүмдү аларга айт, анткени алар тежик” (Иез. 3:7; 2:7). Жана биздин күндөрдө Кудай Өз кызматчыларына мындай деген сөздөр менен кайрылат: “Сен сурнай сыяктуу үнүндү созолонт, жана Менин элимдин мыйзамсыздыгын , жана Жакыптын үйүнүн - күнөөсүн көргөз” (Ис. 58:1).УК 414.2

    Чындыктын жарыгын кабыл алган ар бир адам, Кудай Сөзү айтылган Израилдин пайгамбары сыяктуу, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша каардуу жана коркунучтуу жоопкерчилик алып жүрөт: “Эми сени адам уулу, Мен Израил үйүнө сакчы койдум, сен Менин Оозуман чыккан Сөздү угуп, , аларды Менин Атыман акылыңа келтиресиң. Мен мыйзамсызга: “мыйзамсыз! Сен ажалыңдан өлөсүң”, деп айтканымда, бирок мыйзамсызды эскертип, анын баскан жолу жөнүндө эч нерсе айтпай турган болсоң, анда бул мыйзамсыз адам өз күнөөсү үчүн өлөт, бирок анын канын сенин колуңан төлөтөм” (Иез. 33:7,8).УК 414.3

    Көпчүлүк адамдарга чындыкты кабыл алып жана аларды жарыялоо, аларга ыңгайсыз болгондуктан, жолтоолук кылат; алар шылдың кылууларга чыдай алышпайт. Мына бул, чындыкка каршы болгон жалгыз гана шылтоо бoлyп эсептелет. Бирок бул шылтоо, эч качан Машаяктын чыныгы жолдоочуларын кармай алган эмес. Алар чындык бардык адамдар аркылуу кабыл алынсын деп, күтүп тура беришпейт. Өз милдеттерин сезгендиктен алар, элчи Павел сыяктанышып “биздин убактылуу жеңил азап тартканыбыз, бизге түбөлүктүү жана эсеп жеткис даңкты жаратат”, деп эсептешип, жана байыркы пайгамбар менен бирдикте “Жана Машаяк үчүн кордуктуу болууну, ал Египеттин асыл таштарына Караганда, өзү үчүн маанилүү байлык эсептеген адамдардан болушкан” (2Кор. 4:17; Евр. 11:26).УК 415.1

    Ким өз жүрөгүнун тереңинде бул дүйнөгө байланган болсо, - өз диний ишенимине карабастан, диний маселеден саясий маселеге өтүшөт, ишенимде бекем тура алышпайт. Бизге болсо, чындык үчүн чындыкты кабыл алуубуз керек, ал эми калган нерселерди Кудайга тапшырабыз. Өзүнүн улуу өзгөрүлүүлөрү менен дүйнө, ишениминде бекем турган ишенимдүү жана эр жүрөк адамдарга милдеттүү. Ушундай адамдар, биздин күндөрдө дагы реформа жарата алышат.УК 415.2

    Теңир мындай дейт: “Жүрөгүндө Менин Мыйзамым турган, чындыкты билген эл, Maгa кулак салгыла! Адамдардын акаарат айтканынан коркпогула, элдин жамандаганынан сестенбегиле. Анткени аларды күбөө, кийимди жегендей жейт, курт аларды жүн жегендей жейт; Ал эми Менин чындыгым түбөлүк калат, Менин куткаруум укумдантукумга болот” (Ис. 51:7,8).УК 415.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents