Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    4 Бап — Валдендер

    Папанын бийлиги орногон узак мезгилдеги караңгылыкта, чындыктын шамы толугу менен өчүп калган жок. Ар бир жүз жылдыктын ичинде, Машаякты, Кудай менен адамдарды элдештирген жападан жалгыз Элдештирүүчү катары, ишенип ка-был алган Кудайдын күбө адамдары табылып турушкан. Алар Ыйык Жазууну, өмүрдүн жалгыз эрежеcи деп эсептешип, чыныгы ишембини ыйык тутушкан. Бул адамдарга дүйнө канчалыктуу карыз экенин, адамзаат толук түшүнүп биле албайт. Аларды жалгандыктын жарчыcы катары маскаралашкан, алардын ой жүгүртүүлөрү күмөн cаналып тепселенген, алардын кол жазма эмгектери жашырылган, жана алардын мааниси бурмаланган. Ошого карабастан, алар тукумдан - тукумдарга кыйшаюсуз өз ишенимдерин, келе жаткан муундарга толук тазалыгы менен, ыйыктыкта арнап калтырышкан.УК 51.1

    Римдиктердин башкарууcундагы, караңгылык каптаган Кудай элинин тарыхы, Асман Жазмаларында толугу менен жазылып калтырылды, ал эми адам жазмаларында, ал окуялар өтө жакыр көргөзүлүп жазыл-ган. Биз эмне, ишенимдүү Кудай уулдарынын баяны жөнүндө окуганыбызда, алардын зөөкүр куугунтуктоочуларынын иштери жөнүндө эле окумак белек! Римдиктердин саясаты, атайын коюлган маалыматтарга ким каршылык кылса, аны туп тамырынан жок кылуу эле. Мейли бул адам болсун, же алардын чыгармасы болсун, өздөрүнүн окутуусуна каршы болсо, ал бардыгын ойрондотмок. Папанын жолжоболорун барк албай, ага күмөн санамдык көргөзүү, бай адам болобу, же кедей адам болобу, таанымаал адам болобу, же жөнөкөй адам болобу, бардыгына бирдей, өмүрүнөн айрылуу үчүн, жетишиктүү эле. Бөлүп жаргандар үчүн болгон катуу мамилелеринин ар бир изин, Рим тазалоого аракеттенген. Папанын соборлорунда, куугунтукка байланыштуу болгон китеп, кол жазмаларды, бирин калтырбастан өрттөп жок кылуу жөнүндөгү токтом кабыл алынды. Ал мезгилде китеп басып чыгаруучу шаймандар болгон эмес, ошондуктан китептер көлөмдүү жана сактоого ыңгайсыз болуп, аз санда болгондуктан, алар римдиктердин чиркөөсүнүн жетек-чилери аркылуу бат эле, жок кылынып турган.УК 51.2

    Римдик юрисдикциясынын (сотко тиешелүү иш) чегинен алыc турган, бир дагы жыйын, өз айып эркиндиктерин көпкө колдонуша алышкан жок. Качан папа күч кубатка ээ болоору менен, анын ой-максатына каршы болгондордун баарына өз колун салды, жана акырындык менен, биринин артынан бири, римдик бийликке бардык жыйындар баш ийе башташты.УК 52.1

    Улуу Британияда Машаяк жолун жолдоочулар, өтө эрте уюмдалган. Британдыктар Жакшы Кабарды биринчи жүз жылдыкта эле кабыл алгандыктан, римдиктердин баш тартуу ыкмасы, аларга эч каандай таасирин бере албады. Бутпараc императорлор тараптан болгон куугунтуктоолор, ушул алыcкы аймактагы жээктерге жетсе дагы, Британдык жыйындар, Рим тараптан алган, алгачкы белек ушул болуучу. Машаяк жолун жолдогон, куугунтукта жүргөн көптөгөн адамдар, Англиядан качышып, өз коргонучун Шотландиядан табышкан. Бул жерден чындык Ирландияга да кирип, жана бардык жерде жылуу жумшак кабыл алынып жатты.УК 52.2

    Сакcтар, Британияны баcып алгандан кийин, бутпарастык ал жер-де дагы, бийликке жана басымдуулукка ээ болуп калды. Жеңип алган тарап, өз кулдарынан бир нерсени окуп үйрөнүү маскаралык катары эсептелгендиктен, Машаяк жолун жолдогон адамдар тоолорго, жана эч ким бара албаган саздуу жактарга, кетүүгө аргасыз болушту. Бирок ошондой болсо дагы, убактылуу жашырылган жарык, бүлбүлдөп өчкөн жок. Жүз жыл убакыт өткөндөн кийин, бул жарык Шотландияда ушунчалык жаркырагандыктан, анын нурлары алыcкы мамлекетке чейин жеткен. Ирландиядан, таакыба Колумба деген адам, өз жандоочулары менен чыгып, ар кайсыл мамлекетте чачыраган Кудайдын уулдарын, Жунус деп аталган жал-гыз аралга чогултуп, ал жерди миссионерлердин (динди үгүттөөчү киши) ордосуна айлантышкан. Ошол Жакшы Кабар таратуучу адамдардын арасында, Ыйык Жазууда айтылган ишембини, ыйык сактаган адам бар эле, жана ал аркылуу чындык, ошол жердеги адамдар үчүн, табылгы болуп калды. Жунус аралында миссионерлерди даярдоочу мектеп ачылып, ал жерден окуп бүткөн адамдар, бир гана Шотландияга, Англияга эле эмес, жана дагы Германия, Швецарияга, жада калса Италияга чейин жөнөтүлдү.УК 52.3

    Бирок Рим өз назарын Британияга буруп, аны өзүнө бурууну чечти. VIжүз жылдыкта католик миссионерлери, сакс бутпарастарын, өздөрүнө кайрып көндүрүү аракетинде эмгектене башташкан. Текебер варварлар (маданиятсыз адам) аркылуу, алар жакшы кабыл алынгандыктан, жыйынтыгында миндеген саксондор, римдиктердин динин кабыл алышты. Өз иштерин кеңейтүү үчүн, папанын элчилери, жана римдиктердин динин кабыл алган сакстар, алгачкы кылымдагы Машаяктын окутууларын колдонгон ишенүүчү адамдар менен кагылышып кетишкен. Алардын ор-тосундагы айырмачылык, шыр эле көзгө илинди! Акыркылары токтоо жана момун эле. Алардын каршылаштары текебер, кокурайма жана ырымчыл болушса дагы, Ыйык Жазуунун окутуулары, алардын мүнөздөрүнөн жана жүрүш турушунан чагылдырылып турган. Римдик эмиссар (жашыруун тапшырма менен жиберилген киши), бул диний коомдор, папанын жогорку бийли-гин кабыл алуу керектигин үгүттөп талап кылды. Бирок Британдыктар, момундук менен гана, бардык адамдарды сүйөрүн жана тынчтыкта жашоону каалашарын, ошондой болсо дагы, папа өзүн Жыйын башчысымын деп, жарыялай албай тургандыгын, ошондуктан аны, ар бир Машаяк жолун жолдогон адамдарды кастарлагандай гана, кастарлай тургандыгын билдиришти. Аларды Рим тарапка тартуу үчүн бир нече аракеттер жасалса дагы, бул токтоо ишенүүчүлөр, римдик элчилердин текеберлигине танданышып, өз сөздөрүндө бекем турушкан, жана Машаяктан башка, биздин мырзабыз жок деп, жооп беришкен. Мына ошондо гана папанын чыныгы руху көрүндү. Римдик элчи мындай деп жарыялады: “Эгерде силер, силерге тычтык алып келген бир туугандарды кабыл алууну каалабай турган болсоңор, анда албетте, силерге согуш алып келе турган, душманды кабыл аласыңар. Эгерде силер, саксондорго өмүр жолун көрсөтүү үчүн бизге кошулуп бирикпей тур-ган болсоңор, анда силер алардан ойрондотуучу сокку аласыңар”. Жана бул коркутуулар, жөн гана айтылган эмес. Ыйык Жазуунун ишенимине күбө болгондорго кар-шы, мыкаачылык, кан төгүү, жалган айыптоолор жүргүзүлө баштады, акыры Британиядагы жыйындарды талкалашты, жана папанын бийлигине баш ийүүгө мажбурлашты.УК 52.4

    Рим империясына көз каранды болбогон мамлекетгерде, Машаяк жолун жолдогон адамдар, коп деген жүз жылдар өмүр сүрүшкөн, аларга папанын саясаты таасир берген эмес. Айланасында бутпарастар курчап тургандыктан алар,албетте мезгил мезгили менен, алардын таасирине кабылышкан, бирок Ыйык Жазууларды өз ишенимдеринин негизи кылып коюп алгандыктан, алар чындыктын көпчүлүгүн сакташкан. Алар, Кудай Мыйзамы өзгөртүлбөстүгүнө ишенишип, Кудайдын төртүнчү Осуяты катары, ишембини ыйык сакташкан болуу-чу. Мындай жыйындар орто Африкада, жана Азиядагы Армениянын кээ бир кыштактарында бар болгон.УК 53.1

    Бирок, папанын бийлигине чечкиндүү карама-каршылык көргөзгөндөрдүн арасында, бирин-чи орунду Валдендер ээлешет. Папа өз тактысын бекемдеген өлкөдө, алар, өздөрүнө бекем каршылашкан элдерди жоолуктурду. Пъемонтто, өздөрүнүн көз кааранды эместигин, жүз жылдар аралыгында бекем сактап, Рим акыры жеңип алганга чейин, өз ишенимдерин бузулуудан, жана жалгандыктан крмап турушкан. Римдик диктат (талабын күч менен таңууло саясаты) менен болгон күрөштүн натыйжасыз аяктагандыгынан, бул жыйындын жетекчилери, папанын бийлигин кабыл алууга макул болушту. Ант-кени алар, бүт дүйнөнү баш ийдирип алгандай сезилген. Бирок, па-панын жана анын прелаттарынын бийлигине, баш ийүүдөн баш тарткан адамдар дагы болушту. Алар, өз Кудайына ишенимдүү бойдон калууну каалашып, жана өз ише-нимдерин жөнөкөй жана тазалыкта сакташкан. Мына ошентип бөлүнүү пайда болду. Байыркы ишенимди жактоочулар чачырады: бирөөлөрү өздөрүнүн Алпы аймагын калтырышып, чындыктын туусун башка өлкөлөрдө көтөрүп кетишкен бол-со; башкаалары алыcкы өрөөндөргө жана тоодогу коктуларга барышып, өздөрүнүн Кудай алдында айыбын сезишип, Кудайга кызмат кылууну улантышкан.УК 53.2

    Валдендик Машаяк жолун жол-догон адамдар аркылуу таратылган, көптөгөн жүз жылдар аралыгында сакталып келген окутуу, римдиктердин жалган окутууларынан өзгөчө айырмаланган. Алардын дини, чыныгы ишенүүчүлөр негиз кылып кармаган, Кудай Сөзүнө негизделген болуучу. Өз кепелеринде сан сактаган, бул дүйнөдөн бөлүнүп калышкандай өздөрүн сезишкен, ар күнкү ырыскысын мандай терин тамызып тапкан, мал багып, жүзүмдүктөрдө иштешкен, бул токтоо мээнеткеч адамдар, римдиктерден айырмаланган окутууну өздөрү ойлоп табышкан эмес. Алар, жалгандыктан алыc болгон жаңы ишеним чыгарышкан жок - алардын ишеними, аталардан калган мурас болуучу. Элчилердин Жыйынынын ишенимине, “касиеттүүлөргө бир жолу берилген ишенимге” (Иуд. 3), алар байланган. Дуйнонун борборунда падышадай орногон, текебер иерархия (баcкычтан баcкычка мансаптарды бөлүү) эмес, Машаяктын чыныгы Жыйыны, чындыктын кенчин сактаган, Кудайдын Өз элине тапшырган көрсөтмөлөрүн, өз кезегинде дүйнөгө тапшырып берген, “чөлдөгү жыйын” эле.УК 54.1

    Чыныгы Жыйынды, римден бөлүп турган өзгөчө себептин бири, бул чыныгы ишембиге болгон, алардын жек көрүүчүлүгү эле. Пайгамбарлыкта алдын ала айтылгандай, папалык окутуу чындыкты жерге кулатты. Кудай Мыйзамы чан сыяктуу сапырылды, ошол эле мезгилде адамдардын жолжобо, көнүмүш адеттери туу сыяктуу көтөрүлүп бийиктеди. Папанын бийлигинин алдында калган жыйындар, алгачкы мезгилден тартып эле, жекшемби (аптанын биринчи күнү) күнүн ыйык тутууга зордолгон. Коомчулуктун арасында орун алган жалгандыкка жана жалган ишенимдерге кабылгандыктан, кээ бир Кудай элинин арасындагы адамдар дагы, ишемби күнүн сактагандан кийин, жекшемби күнү дагы иш кылуудан өз колдорун токтотушкан. Бирок бул көрүнүш папаны кабатыр кылбай койгон жок. Ал эми, жекшемби күнүн майрамдоону гана талап кылбастан, адамдарды ишемби күнү иштөөгө мажбурлады, жана бул күндү ыйык сактагандар үчүн, өкүм жазасы чыгарылып, катаал айыптаган. Жана ошондуктан, Рим бийлигинен алыста, куугунтукта жүрүү менен гана, Кудай уулдары, Кудай Мыйзамын ээн эркин аткара алышмак.УК 54.2

    Европада алгачкы жолу Валден-дер, Ыйык Жазууну которууну ишке ашырышты. Реформациянын (диний кыймыл) башталаарынан жүз жылдар илгээри эле Валден-дер, Ыйык Жазууну өз тилдеринде окуганга мүмкүнчүлүк алышкан. Аларда чындык өзгөрүүcүз болгондуктан, ошол чындык аларды, көрө албастыкка жана куугунтукка каршы турууга жардам берген. Алар Рим чиркөөсүн, Аян Китебинде жа-зылган Вавилон деп жарыялашып, өз баштарын тобокелге салышып, алардын өлтүрүүчү тааcирине, эр жүрөктүүлүк менен каршы турушкан. Коп убакытка созулган куугунтук, кээ бир ишенүүчүлөрдү баш ийдирүүгө мажбурлап, чындыктын башкы максаттарынан баш тарттырды, ошондой болсо дагы башка бирлери чындыкты эрдик менен коргошкон. Чындыктын жарыгы түнөргөн көп деген кылымдар, Валдендер римдиктердин жогорку бийлигине моюн сунбай, иконаларга (жасалма сүрөттөөлөр) табынуудан баш тартышып, ишемби күндү ыйык сактоону улантышты. Өтө каардуу сыноолордун ичинде, алар өз ишенимдерин таза сакташкан. Найзаларга сайылып, инквизаторлордун койгон отуна өрттөнсө дагы, алар, Кудай Сөзүнүн тазалыгында, Кудайды урматтап бекем турушту.УК 55.1

    Валдендер, аскасы заңгыраган бийик чокулуу тоолордун арасынан өздөрүнө жай табып, жана ошол жерлер, бул эзилип куугунтукталган адамдар үчүн, көптөгөн жүз жылдар баш калка болуп, кызмат кылды. Жана ушул түнөргөн, караңгы орто кылымдардын ичинде, ошол жерде чындыктын жарыгы күн нурундай жаркыраган.УК 55.2

    Кудай Өз эли үчүн, заңгыраган касиеттүү жайларды тургузган, жана ал жерге тапшырылган жо-горку чындык, ошол жерге шайкеш эле. Ал эми, бул ишенимдүү куу-гунтукталган адамдар үчүн, Нагыз Өзүнүн, өзгөрүлбөс адилеттиги бо-луп, тоолор кызмат кылды. Бул улуу тоолор, Кудай уулдарын өз чокуларынын башына чыгарып, аларга, эч өзгөрүүнүн көлөкөсү да болбогон Кудайдын керемет иштерин ачып берген, жана ушул байыркы бекем зоокалардай эле, Кудай Сөзүнүн бекемдигин далилдеген. Кудай ушул улуу тоолорду жараткан, жана аларды бекем кылып орнотту, эми Кудайдын улуу Күчүcүз, эч кимдин бул тоолорду ордунан жылдырууга кудирети жетпейт. Ушул тоолордой эле, Кудай Өзү, Өз Мыйзамын бекемдеди - ал Мыйзамдар, Анын Асмандагы жана Жердеги башкаруусунун негизи. Адам баласы, өз колу менен, өз жакынынын өмүрүн кыйып салышы мүнкүн, бирок, тоолорду ордунан алып, аларды деңизге жылдыра албаган сыякгуу эле, Анын эркин аткарууга аракет кылгандар үчүн берилген, Нагыз Өзүнүн бир дагы Осуятын, же бир дагы көрсөтмо убадаларын өзгөртүү үчүн алар өтө эле алсыз. Кудайдын Мыйзамына болгон бекемдиги боюнча, Кудайдын кызматчылары, түбөлүктүү бекем, солкулдабай турган, ушул тоолордой бекем болуусу абзел.УК 55.3

    Тоолор жана аларды айланта курчап турган өрөөндөр, ушул жолоочу адамдарга, Кудайдын Жаратуучу Күчүн, жана Анын коргоочу камкордугун, ар дайым эскертип турган. Ушул үндөбөгөн жаратылыштан, алар, ар-дайым Нагыз Өзү келип турганын баалап үйрөнүшкөн. Алар, өз башына түшкөн мүшкүл үчүн, нааразылык билдиришкен эмес, жана ушул ундөбөгөн тоолордун арасында, өздөрүн жалгыз сезишкен жок. Адамдардын мыкаачылыгынан, жана каарынан коргонуч, жана тынычтык тапканы үчүн, алар Кудайга, ушул баш калка жай үчүн, ыраазычылыгын билдиришкен. Алар, Кудайга эми эркин кызмат кыла алабыз, деп кубанышкан. Алар дайым, өз душмандары аркылуу куугунтукталгандыктан, алар ушул улуу тоолордун артында, ишенимдүү коргонуч табышты. Алардын, Кудайды даңктаган үндөрүнүн жаңырыгы, ушул бийик зоолордон угулуп тургандыктан, римдин аскерлеринин, бул даңктоо кубанычты токтотууга күчтөрү жеткен жок.УК 56.1

    Машаяктын, ушул жолдоочуларынын такыбаалыгы, жалындуу, жөнөкөй жана таза болгон! Алар, чындыктын көрсөтмөлөрүн, үйлөрүнө, жерлерине, досторуна, жакындарына, жадакалса өздөрүнүн өмүрлөрүнө караганда жогору баалашкан. Жана ушул көз карашты алар, жаштардын жүрөктөрүндө орнотуу үчүн чын ниеттен аракеттенишкен. Өспүрүмдөрдүн алгачкы күндөрүнөн эле, Ыйык Жазуунун чындыктарын ачышып, жана Кудай Мыйзамына, кастарлуу мамиле жасоо керектигин үйрөтө башташкан. Ыйык Жазуунун Кол жазмалары көп болбогондуктан, Анын баалуу Сөздөрүн оозеки жатташкан, жана көпчүлүгү, Байыркы жана Жаңы Осуяттын көп аяттарын, жатка айтышкан. Кудай жөнүндө ой жүгүртүү, жаратылыштын кооздугу жана күндөлүктүү жашоонун жөнөкөй ак баталары менен, коштолуп бекемделген. Кичинекей өспүрүмдөр Теңирди, баардык жакшылыкты тартуу кылган Кам Көрүүчү катары баалаганга үйрөтүшкөн.УК 56.2

    Жөнөкөй, камкордук көрүүчү ara-энелер, өз балдарын эстүүлүк менен сүйүшкөн, жана ошндуктан аларды, керт башынын кызыкчылыгынан баш тартууга үйрөтүштү. Бул балдарды сынактар, ажырашуулар, балким кордук менен өлтүрүлүүчү өлүм күтүп тургандыгы айгене эле. Алар кичинесинен кыйынчылыктарга чыдоого, насааттарга көңул бурууга, жана өз алдынча ойлонуп, иш кылууга үйрөтүшкөн. Кичине кезинен алар, жоопкерчилик эмне экенин билишип, өз cөздөрүндө оорундуу cүйлөөнү, жана даанышмандыкты үндөбөй түшүнүүнү окушкан. Анткени одоно айтылган оорунсуз бир сөз, душмандын кулагына жете турган болсо, ал сөздү айткан киши эле эмес, анын жүздөгөн бир туугандарын, өлүм коркунучу күтүп тургандыгы калетсиз эле. Чындыктын душмандары, өз дининде бекем турган адамдарды, өз олжосун көздөгөн карышкырлар сыяктуу, андуу салышкан.УК 56.3

    Чындык үчүн Валдендер, өздөрүнүн жердеги жыргалчылыгынан баш тартышты. Ошондуктан өз нандарын иштеп табууда аларга чыдамдуулук менен, зооругуп мээнеттенүүгө туура келген. Алар тоодогу айдоого мүнкүн болгон, муштумдай жерлерди дагы калтырбастан иштетишип, акыры тоо боорундагы иштетилген жерлер, алардын мээнеттерин актаган. Өз керт башынын кызыкчылыгынан баш тартуу, үнөмдөп үйрөнүү алардын тарбиясынын бир бөлүгү болгондуктан, алардын балдары бул нерселерди, жалгыз гана мурас катары кабыл алышкан. Балдарды, Кудай силерди жыйнактүү жана тартиптүү көргүсү келет, деп окутушкан. Ошондуктан алар, өз каалоолорун, таман акы, мандай тери менен гана тырышчаактык, этияттык жана ишеним менен гана канагаттандырышмак. Бул үйрөтүүлөр кыйын жана жагымдуу эмес эле, бирок пайдалуу болуп, ар бир алсыз адам муктаж болгон мектеп болуп кал-ды. Бул жерди Теңир, Өз балдарын тарбиялап өстүрүү үчүн арнаган. Өспүрүмдөрдү бул жерде, бир гана керт башынын кызыкчылыгынан баш тартууга, жана мээнеттенүүгө гана үйрөтүп тим болбостон, алар-дын аң сезимин жогорулатуу үчүн дагы, зор чара көрүлгөн. Адамдын бардык жөндөмдүүлүгү Кудайдан, ошондуктан адамдар өз жөндөмдүүлүктөрүн, Кудайга кыз-мат кылуу үчүн пайдалануусу за-рыл, деген ой-пикирди, алардын аң сезимине киргизишкен.УК 57.1

    Валдендер жыйыны, элчилердин мезгилиндеги жыйынды, өз тазалыгында, жана жөнөкөйлүгүндө түшүнүшкөн. Папанын жана анын жандоочуларынын башкаруусунан, баш тартуу менен, алар Ыйык Жа-зуунун жетегинде болуп, бузулбаган алгачкы өмүр Булагы деп, Ыйык Жазууну таанышкан. Алардын кызматкерлери, римдиктердин текебер дин кызматкерлеринен айырмаланышып, өз Окутуучусунун үлгүсүн колго алышкан, “Ал Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн келбеди, бирок башкаларга кызмат кылуу үчүн келген”. Алар, Кудай үйүрүн кайтарышып, аларды майсандүү шиберлерге, жана Анын Тирүү Сөздөрүнүн булактарына алып барышты. Бул дүйнөнүн улуулугу жана мактанычы болгон, өтө кооз ибадатканаларда эмес, тоо этектеген көлөкөлөрдө, Алпы өрөөндөрүнүн ичинде, же коркунуч мезгилдеринде үңкүрлөрдө, Машаяктын кызматчыларынын ооздорунан, сооронуучу сөздөрдү угуп ырахатка батышкан. Кызматчылар, бир гана Жакшы Кабар таратуу менен гана алек болушпастан, орулууларды карашып, балдарды окутушуп, адашкандарга жардам беришкен. Түшүнбөстүк чыкпасына аракеттенишип, ошону менен бирге бардыгынын ортолорунда, бир туугандык сүйүү жана биримдик өкүм сүрүү үчүн камкордук көрүшкөн. Бейкуттук мезгилинде алар, өз ишениминдеги бир туугандарынын тартуулары менен өмүр сүрүшсө, кыйын кырдаал боло турган мезгилдерде, Павел сыяктуу, “чатыр жасоочу” болушуп, ар кимиси өз жөндөмдүүлүгүнө жараша, өз нанын таап жегенге даяр болушкан.УК 57.2

    Жаштар, үйрөтүүчү насаатчылардан таалим тарбия алышкан. Алардын жалпы билим алуусуна бурулганы менен, эң биринчи кезектеги сабак, бул Ыйык Жазууну изилдеп, үйрөнүү эле. Матфейден жана Жакандан жазылган Жакшы Кабар, андан тышкары, көп деген каттар жатка айтылган. Кээ бир кол жазмалар, Ыйык Жазууларды толу-гу менен камтыган болсо, башкаларыкыскача кол жазмалар болуп, Кудайдын Сөзүн түшүндүрүүгө жөндөмдүү болгон кишилер ар-кылуу, жеткиликтүү жөнөкөй түшүндүрмөлөр менен толуктанган. Өздөрүн, Кудайдан жогору койгон адамдар аркылуу, ушунча көп убакыт жашырылып коюлган чындык-тын кенчи, мына ушундайча жарыкка чыкты.УК 58.1

    Токтоолук менен чарчап чаалыкпастан, кээде үңкүрлөрдүн түпкүрүндө ирең-бараң жарыктын бүлбүл нурунда, аят артынан аят, бап артынан бап которулуп, Ыйык Жазуу жазылып жатты. Ушул эмгектин акырындык менен жылышынан, Кудайдын эрки, таза алтын сыяктуу, жаркырап көрүнгөн. Бул эмгек үчүн, оор сыноолорду баш-тан өткөрүү, аны дагы, бул эмгекке шериктеш болгондорго, андан дагы жаркыратып жандандырды.УК 58.2

    Папа жана анын жардамчылары аркылуу, шайтан, Кудай Сөзүн, бузууга жана жалган ишенимдердин алдына тебелеп көөмүп салууга, бүт күчүн жумшап аракеттенсе дагы, Кудай Сөзү, ушул түнөргөн караңгы орто кылымдардын аралыгында бузулбастан, таң калаарлык таза сакталган. Бул, анткени Ал өзүндө адамдын эмес, бирок Кудайдын мөөрүн алып жүргөндүгүндө. Адамдар бетпактыкка салышып жымсалдап, жөнөкөй Кудай Сөздөрүнүн маанисин бурмалоого аракет кылышса дагы, Кудай Сөзү, суу үстүндө калкып жүргөн кеме сыяктуу толкундардан, Өзүн жоготууга аракеттенип жаткан коркунучтардан, кысылып чыгып жатты. Алтындын кенчи жер алдында көмүлүп, жана аны, талыкпастан издегендерге гана табылгандай, Ыйык Жазууда дагы, ким чын ниетинен издеген жөнөкөй, жана сыйынууну самаган инсандарга гана ачылып бериле туган чындыктар бар. Кудай Муккадас Китебин, ар кандай жаштагы адамдар окуй турган Китеп кылып койгон, жаштар жана жашы өр тарткандар дагы, ар дайым Аны изилдеп окуусу зарыл. Өз Сөзүн Ал, Өзү жөнүндө адамдарга ачып берүү үчүн берген. Биз окуп жеткен ар кайсы чындыктын түшүнүктөрү, Ааламдын Автору болгон Кудайдын сапаттарын ачып көргөзөт. Ошондуктан Ыйык Жазууну окуу, адамдарды, Өз эркин билдиргиси келген, Жаратуучу менен тыкыз байланышта болууга үндөйт. Ыйык Жазуубул, Кудай менен адамдардын ортосун байланыштырып, баарлаштыруучу, курал.УК 58.3

    Валдендер, Кудайдан коркуу, бул даанышмандыктын башталышы экендигин билишсе дагы, адамдар менен баарлашып, таанышуу, жакшы иштерди жасоо, алардын аң-сезимин жогорулатып, кабыл алуусун өркүндөтөрүн унутушкан жок. Кээ бир жаштар, тоодо окуп бүтүрүшсө дагы, Франция жана Италиядагы окуу жайларга жөнөтүлүп, өздөрүнүн Алпы тоолорундагы билимден дагы кененирээк, ой жүгүртүүлөргө, терең көз чаптырууларга ээ болушкан. Алар, ал жактардан бузулууну көрүшүп, сыноолорго кабылышкан, шайтан-дын мыкаачы тыңчылары менен кезигишип, кылдаттык менен жасалган каталарды, жана адашууларды киргизип, үйрөтүүгө аракеттенгендигине күбө болушкан. Бирок, алардын кичинекей кезинде алган тарбиясы, ушул нерселердин баарына каршы турууга мүнкүнчүлүк берди.УК 59.1

    Окуган окуу жайларында, алар, эч кимге толук ишенип өз жашы-руун сырын ача алышкан эмес. Оздөрүнүн өтө жогору болгон байлыгыЫйык Жазуунун кол жазмаларын, алар өз кийимдерине катып, сактап жүрүшкөн. Ар-дайым өздөрүндө талыкпаган эмгегинин жемишин алып жүргөндүктөн, көптөгөн айлар өтүп, адам чындыкты кабыл алууга даяр болгондо гана, мүмкүнчүлүк табылаар менен, алар Ыйык Жазуунун айрым аяттары менен башкаларды тааныштырууга аркеттенишкен. Бул жаш адамдар, бала күнүнөн жакшы тарбиялангандыктан, өз милдеттерин жакшы түшүнүшүп, жана ал милдеттерин ишенимдүүлүк менен аткарышкан. Ушундай жол менен, бул окуу жайларында, көпчүлүк адамдар чындыкка кайрылышып, ал турсун, чындыктын негиздери, түгөл окуу жайга таралып кеткен учурлар дагы болгон, өздөрүнүн сак-сактыгына карабастан, папанын жетекчилери, өздөрү айткандай, “жалган окутууну” ким тараткандыгын дагы, таба алышпай калышкан.УК 59.2

    Машаяк Руху -бул, миссионердик рух. Жаңыланган жүрөктүн алгачкы каалоосу, бул башка адамдарды дагы Куткаруучуга алып келүү. Мына ушундай эле Рух, валдендик ишенүүчүлөрдү дагы башкарган. Кудай алардан, чындыкты тазалыкта гана сактоону эмес, андан дагы жогорку нерсени талап кылып жаткандыгын түшүнүшкөн, - алардын үстүнө, караңгыда жүргөндөргө жарык алып баруу жоопкерчилиги жүктөлгөндүгүн билишкен. Жана, Кудай Сөзүнүн кудиреттуу күчү менен, алар, римдиктердин чиркөөсүнүн кулдугундагы жүргөн адамдарды бошотууга аракеттеништи. Валдендик дин кызматчылар миссионер болууга тарбияланышкан, жана Кудайдын эгин талаасында эмгектенүүнү каалаган ар бир адамдан, Жакшы Кабар таратуучу жөндөмдүүлүк талап кы-лынган. Өз мекениндеги диний коомго жетекчи бoлyy үчүн, ар бир дин кызматчы адам, башка аймакта Жакшы Кабар таратып, кеминде үч жыл эмгектенүүсү керек эле. Мындай ыкма, адамдан, керт башынын кызыкчылыгын ойлоодон, жана өзүн аёдон баш тартууга үйрөтүп, ошол коркунучтуу мезгилде, кызматчы болууга даярдаган, эң жакшы ыкма болгон. Ошол кезде үстүлөрүнө кол коюп сыйынган, ыйык кызматка даярдалган жаш адамдар, көз алдыларына жердеги бакыбат жашоону кастарлоону элестете алышкан эмес, бирок текерисинче, баш тарткан, коркунучтарды, жана алдыдагы зөөкүрдүк менен өлтүрүүлөрдү көрүшкөн. Бул Жакшы Кабардын элчилери, Ыйса Өз шакирттерин жибергендей эле, экиэкидин жөнөтүлгөн. Ар бир жаш адамды, бир жөндөмдүү өтөмөл адам ээрчиткен, ал адамга жаш жигит баш ийип, айткандарын аткарган, өтөмөл адам дагы, жаш адамдын окуусуна көңүл буруп, жоопкерчиликтүү болгон. Бул адамдар ар дайым бирге басып жүрө алышкан эмес, бирок батбат жолугушуп сыйынышкан, кеңешкен, ушундайча биринин ишенимин бири бекемдеген.УК 59.3

    Эгерде бул элчилер, өз келген максаттарын түздөн -түз эле, айта турган болушса, анда жеңилүүгө учурамак, ошондуктан алар, өздөрүнүн чыныгы оймаксатын, кылдаттык менен пайдаланышкан. Ар бир жиберилген кызматчы, ар кандай жөндөмдүүлүккө ээ болушуп, Кудай үчүн болгон эмгегин, бул дүйнөнүн иштерине жашырышкан. Көпчүлүк учурда алар, соодагерчилик менен айланышып, кездеме, майда буюм бечкектерин сатып колдонушту. “Жибек буюмдарын, кол өнөрчүлүк буюмдарын алып келишип, жана ошолордун аркасында, миссионерлерди кабыл албай турган жерлерге кирүүгө мүнкүнчүлүк алышкан”. Аң сезиминде алар, Кудайга кайрылышып, адамдарга алтын, алмаздан дагы кымбат нерсе сунуш кылууга, даанышмандык бере көр, деп тиленишкен. Ал эми жашыруун жерлерде, алар Мукаддастын кол жазмаларын колдоруна алышып, сатып алуучулардын көңүлүн өздөрүнө бурушкан. Кээ бир учурларда, Ыйык Жазууга кызыгуулар табылып кала турган болсо, миссионер-лер кубануу менен аларга, Ыйык Жазуунун айрым бөлүктөрүн белек кылып беришкен.УК 60.1

    Ушул элчилердин эмгеги, өз тоолорунун этегиндеги түздүктөрдө башталган, андан кийин гана алыcкы аймактарга таратылган. Алардын Үйрөтүүчүсү кийип жүргөндөй аларда дагы жупуну күрмө, жылаң аяк, чоң, шаарлар аркылуу өтүшүп, өтө алыcкы жерлерге дагы барышкан. Жана бардык барган жерлерине алар, кымбат үрөөн сээп жатышты. Жаңы диний коомдор уюшуп, жана чындык азап чеккендердин каны менен күбөлөндүрүлгөн. Ушул ишенимдүү адамдар аркылуу чогултулган, өтө коп адамдардын жемишин, Кудайдын Улуу Күнү айкын кылып ачат. Кудай Сөзү билинбестен жана үндөбөстөн Өзүнө жол ачып, аркайсы жердеги адамдардын жүрөгүндө жана үйүндө кубанычтуулук менен кабыл алынып жатты.УК 61.1

    Ыйык Жазуу, валдендерге Кудайдын адамдар менен болгон өткөндөгү мамилесин, жана азыркы учурдагы алардын жоопкерчилигин, жана милдетин гана ачып бербестен, аларга боло турган коркунучтарды жана даңкты ачып берген. Алар, баарынын бүтөрүнө жакын калганына ишенишип, жана Ыйык Жазууну көз жаштарын көлдөтүү жана cыйынуу менен окушкандыктан, Анын өтө кымбат окутуулары, алардын жүрөгүнө кирип, жана куткаруучу чындыкты башкалар менен бөлүшүүнү, өз милдеттери катары кабыл алышкан. Ыйык Барактарда жазылган куткаруу милдети, алар үчүн ачыкайкын болгондуктан, алар Ыйсага ишенүү менен сооронуу, үмүт, тынчтык табышты. Качан бул жарык алардын аң-сезимин жаркыратып, жана жүрөктөрүн кубанычка толтургандыктан, алар ушул жарыктын нурларын, папанын адаштырган караңгылыгында жүргөн ар кимге жеткирүүнү самашкан.УК 61.2

    Көпчүлүк адамдар, папанын жана анаын дин кызматчыларынын бийлиги астында жүрүшүп; күнөөлөрүнөн кечирим алуу аракеттери, текке кетип жаткандыгын алар көрүшкөн. Куткарылууга адам, бир гана өз кылган иштерине жараша ээ болот, деген окутууга үйрөнүп калгандыктан, адамдар ар-дайым өздөрүн карашкан. Өз күнөөлөрү жөнүндө ойлоп, Кудайдын каарынан корккондуктан, алар, өз жанын жана денесин жабыркатып алсырашкан, бирок эч кандай тынчтык тапкан эмес. Мына ушундайча, Кудайга жүрөгү ачык адамдар, римдиктердин окутуусунан жабыр тартышкан. Миндеген адамдар өз досторун калтырышып, монастырларга (монахтар чогуу турган жай) кетишти. Өз абийирлерин кайракайра орозо кармоо менен, өз денелерин жаракаттантуу менен, муздак сыз тактайларда уйкусуз түндөрдү өткөзүү, жана алыcкы ыйык деп эcептелген жерлерге зыяратка баруу, эң эле катаал азаптарга макул бoлyy менен, тазалоого аракеттенишкен.УК 61.3

    Валдендер ушул алсыраган адамдарга, Өмүр Нанын бepүүнү самашып, Кудайдын убадасында катылган, Куткарылуу үчүн болгон жападан жалгыз Жол,Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды ачып берүүнү эңсешкен. Кудай Мыйзамын бузуп, иш менен куткарыласыңар, деген окутууну алар жалган деп далилдешти. Адам өз иштери менен куткрылат деген окутууга ишенүү, адамдарды Машаяктын чексиз сүйүүсүнөн тосуп турат. Ыйса Машаяк Өзүн, адамдар үчүн Курмандык катары берип, курман болгон, ошондуктан күнөөгө баткан адамзаат, Кудай ал-дында өз иши менен мактана алмак эмес. Өлүп жана тирилген Машаяктын иши, Машаяк жолун жолдогон адамдардын негизи болуп саналат. Ар бир адамдын Машаякка болгон көз карандылыгы, жана байланышы, биздин дененин мүчөлөрү денеге таандык болгондой, - же болбосо жүзүм, жүзүм сабагына таандык болгондой, бирибирине байланыш болуусу зарыл.УК 62.1

    Папанын руханий окутуулары адамдарга, Кудайдын жана Машаяктын мүнөздөрүн каардуу, аяганды билбеген, өтө караңгы кылып элестетти. Адамдар, дин кызматчылар жана ыйыктар болбосо, Куткаруучу Машаяк менен, элдеше албай тургандай өздөрүн сезишти. Жана өз аң сезимдери Кудай Сөзү менен тазаланган адамдар, калайык калкка, Ыйсаырайымдуу, жана сүйгөн Куткаруучу, жана Өз Колун сунуп, каалаган ар кимди, Өзүнө чакырып жаткан, түйшүктөн, кайгыдан, күнөөнүн кулдугунан арылтууга аркеттенген, Мээрман экенин түшүндүрүүнү каалашкан. Алар, адамдар үчүн тосулган , шайтандын тоскоолдуктарын жок кылууга аракеттенишкен. Бул тоскоолдуктардан адамдар, Кудайдын убадаларын байкашпай, өз алдынча күнөөдөн арылуу үчүн, жана кечирим тынчтык алуу үчүн, Кудайга түздөнтүз кайрыла алышкан эмес.УК 62.2

    Валден миссионери, Инжилдин баалуу чындыктары менен, кубанычтуулукта бөлүшкөн! Кылдаттык менен көчүрүлүп жазылган Ыйык Жазуунун баптарын, өз угуучуларына этияттык менен тааныштырган! Өз өмүрлөрүндө Кудайды жазалоочу Сот катары гана көрүп келишкен күнөөкөр адамдарга, тобо келтирүүчү үмүт берүүал адам үчүн, жүрөк толтурган кубаныч эле. Титиреген ээриндери менен, көздөрүнө жаш толтуруп, алдыларында тизе бүгүп, өз боордошторуна, күнөөкөр адамдардын жалгыз үмүтү тууралуу, айтып түшүндүргөн. Жана чындыктын жарыгы, көптөгон кайгыдагы адамдарга жетип, алардагы кайгырткан караңгы туманды тараткан. Адилеттиктин нуру, көп жүрөктөрдү өзүнүн дарыгер жарыгы менен айыктырды. Көпчүлүк учурларда, угуучулардын өтүнүчү боюнча, Ыйык Жазуунун кээ бир аяттары, бир канча ирээт кайталанып окутулган, анткени адамдар өз уккандарына ынануу керек эле. Көбүнчө бул сөздөр кайра кайталануучу: “Ыйса Машаяктын Каны... бизди ар кандай күнөөлөрүбүздөн тазалай алат”. “Жана ээн талаада Муса жылаанды жогору көтөргөндөй, ошондой эле Адам Уулу жогору көтөрүлүшү керек, аны менен Ага ишенип калган ар ким өлбөсүн, бирок, түбөлүк өмүргө ээ болсун” (1 Ин. 1:7; Ин. 3:14,15).УК 62.3

    Ушундай кылуу менен гана адамдар, римдиктердин алдоосунан куткарылышкан. Күнөөкөр үчүн периштелердин, же болбосо адам-дардын орточу болуп туруусу, акылсыздык экенине көпчүлүк адамдар түшүнүштү. Качан гана чыныгы жарык, аларды жаркыратып ачылганда, алар кубануу менен мындай дешкен: “Машаяк менин Дин Кызматчым; Анын Каны -менин Курмандыгым; Анын курмандык чалчу жайы - менин тобо келтирүүчү жайым”. Алар толугу менен Ыйсанын жасаган эмгегине таянышып, бул сөздөрдү кайталашкан: “Ишенимсиз болуп, Кудайга жагуу мүмкүн эмес”. “Себеби Асман астында бизди куткарыш үчүн, адамдарга берилген башка эч бир ысым жок” (Евр. 11:6; Ап. Иш. 4:12).УК 63.1

    Кээ бир күмөн санаган байкуш адамдар үчүн, Кукаруучунун сүйүүсү, жете алгыз өтө кыйын сыяктуу сезилген. Бул ачылыштар, адамдарга абдан чоң жеңилдик бергендиктен, алардын үстүнө түшкөн жарык, аларды Асманга алып кеткен сыяктуу абалда болушту. Алар өз колдорун, Машаяктын Колуна ишенимдүүлүк менен коюшуп, алардын буттары Кылымдардын Аскасына бекемделди. Өлүм коркунучу эми аларды коркута алган жок. Эгерде өздөрүнүн Куткаруучусунун Ысымын даңазалай турган болсо, зынданга салынса дагы, отко жагылса дагы, барына кайыл эле.УК 63.2

    Кудай Сөзү, чындыкка жана жарыкка умтулган көпчүлүк адамдарга, же кээде жалгыз жарым адамдарга, жашыруун жерлерде окутулган. Көп мезгилдерде, түнү бою окууга туура келген. Кээ бир убакта, угуучулардын таң калуусу, толкундануусу өтө жогору болгондуктан, Жакшы Кабардын жарчысы окуганын токтотуп, катышып жаткан адамдарга, толугу менен, куткаруу Кабарын туюнууcуна мүмкүнчүлүк берип турган. Көп учурда мындай деген суроолор берилип турду: “Чын эле Кудай, менин курмандыгымды кабыл алабы? Ал мага ырайым көргөзөбү? Ал мени чын эле кечиреби?”. Жана жооп катары мындай сөздөр угулган: “Баардык мээнеткечтер, жана түйшүк тарткандар, Maгa келгиле, жана Мен силерди сооротом” (Мф. 11:28).УК 63.3

    Бул адамдардын жүрөктөрүн касиеттүү кубанычтын агымы толтургандыктан, алар Ыйсанын Ысымын даңазалап, даңкташкан. Бул кубанычка толгон адамдар, өз үйлөрүнө кайтышканда, өздөрүнүн эмне болгондугун, жана чыныгы, Тирүү Жолду кантип табышкандарын, башкалар менен, жан дилинен бөлүшкөн. Ыйык Жазуунун Сөздөрүндө кудиpeттүү Күч болгондуктан, чындыкты издеп суусагандар үчүн, журөкке жете турган из калтырган. Бул сөз уккан адамдарды бекемдеп чыңаган, Кудайдын Уну эле.УК 63.4

    Чындыктын жарчысы өз жолун уланткан, жана анын токтоо жана жаркын элеси, жанданган шыктануусу, калган адамдардын арасында көпкө айтылып турду. Көбүнчө адамдар, ал кайдан келип, жана кайда бара жаткандыгын сурашчу эмес. Сөз айтуунун алгачкы учурларында, адамдар толукшуган болсо, ал эми аяк жагында ыраазычылыкка жана кубанычка толгондуктан, андан башка эч нерсе сурашкан эмес. Качан аны, даам сызып кетүү үчүн бир үйгө чакырышканда, ал сылык гана, башка дагы адашкан койлорго шашып бара жаткандыгын билдирген. “Балким бул, Асмандан келген периште эмеспи?” - дешип, таңдануу менен биринен бири сурашкан.УК 64.1

    Жана көпчүлүк учурларда, өз жүрөктөрүнө чындыктын үрөөнүн сееп кеткен адамдар менен, алар эч качан жоолугушкан эмес. Ал андан наары, башка мамлекеттерге жөнөгөн, же өз өмүрүн, кайсыл бир жердеги зындандарда аяктаган, же болбосо чындык жөнүндө күбөлөндүрүп жаткан жеринен кармашып, өлтүрүп тынышкан. Бирок алар аркылуу калтырылган Сөз, тирүү бойдон кала берген. Ал Сөз Өз ишин адамдардын жүрөгүндө аткарган, жана кыямат кайымдагы Сот күнүндө, ушул иштин жыйынтыгы билинет.УК 64.2

    Валдендик миссионерлер, шайтандын падышалыгына кирип тургандыктан, караңгылыктын күчү ар-дайым сакчылыкта аңдып турду. Карңгылыктын мырзасы, чындыктын ар бир кадамын аңдыгандыктан, өз кол астындагыларга коркунучтун жышаанын туудурган. Папанын койгон бийлик башындагы адамдары, бул токтоо, жөнөкөй жолоочулаган жарчылардын иштери, алар үчүн кайгы алып келип жаткандыгын билишкен эле. Эгерде, чындыктын Жарыгына, жерди жарык кылууга жол берише турган болушса, анда жердеги алдамчылыктын калың булуту тарамак, адамдар өздөрүн курчаган булуттан арылганда, алардын ойлору бир гана Кудайда болмок, ал эми акыр аягында, римдин кадыр баркы Жоголуу коркунучу туулмак.УК 64.3

    Байыркы Коомдун ишенимин сактап келген, бул адамдардын өмүр сүрүүсү, римдиктердин жалгандыгын айгенелеп турган, жана өтө катаал, жырткычтык менен куугунтуктоонун себеби ушул эле. Алардын Мукаддас Китебинен баш тартпай коюшу дагы, римдиктер чыдай алгыс шылдың болуп эсептелди. Жана римдиктер, валдендерди жер үстүнон жок кылып салууну, туура деп тапты. Кудайдын уулдарына каршы крестовый походдор (согуштук аттануулар) башталып, аларды тынчтыкта жашаган тоолуу мекенинен ажыратышты. Аларды инквизиторлор бардык жерде куугунгукка алышып, жана Каиндин канкор колу, Авелди өлүмгө кыйгандай кайгы, уламдан улам кайталанды.УК 64.4

    Алардын түшүмгө бай эгин талаалары, ардайым жок болуп жатты; алардын үйлөрү жана жыйындары быт-чыты чыгып талкаланды, жана бир кездеги гүлдөгөн талаа, жана мээнеткеч калктын турган жайы, азыр болсо какыраган чөлгө айланды. Жырткыч айбан канга тойгон сайын кутургандай, папанын жолун жолдогон адамдардын дагы, өз курмандыктарынын кыйналганын көргөн сайын, каары күчөй баштады. Өз ишенимдеринин тазалыгын тастыктаган, чындыктын күбөлөрүнүн көпчүлүгүнө, тоолордо, жана түздүктөрдө, чытырман токойлордо жана аска боорундагы үңкүрлөрдө, куугунтук жасалды.УК 65.1

    Баардыгына жек көрүмчү болгон, кичинекей калктын адепахлагы кемчиликсиз болгон. Жада калса валдендердин душмандары дагы, булар тынчтыкты сүйгөн, токтоо, такыбаа адамдар, деп күбөлөндүрүшкөн. Алардын жасаган кылмышы, папа талап кылгандай, Кудайга кызмат кылбай койгондугунда. Жана ушул кылмышы үчүн алар, шайтан жана анын эли аркылуу ойлоп табылган эң эле мыкаачы, басырынтуу менен кемсинтилип кордолушкан.УК 65.2

    Акыры Рим ушул жек көрүмдүү коомду жок кылууну чечти, жана папа, аларды адаштыруучу, өлүмгө татыктуу деген кат жазып жөнөттү. Аларда, жалкоо же алдамчы маскарапоз, жана адеп-ахлагы жагынан бузулган деген айыптоолор жок эле: алар үчүн мындай деп жарлык жарыяланган, “алар такыба жана ыйык болуп көрүнүшөт”, жана “чыныгы үйүрдөгү” койлорду адаштырып жатышат. Папа дагы мындай деп кошумчалады, эгерде баш ийбей турган болсо бул, “жамандыкты ойлогон, жийиркеничтүү жек көрүмчү сектаны”, “уулу жылаанды кандай жанчып тебелей турган болсо”, дал ошондой тебелегиле. Ушул айтылган сөздөрүнүн баары, Асман Китептерине жазылып, жана Сот күнүндө алар өзүнө каршы күбө боло тургандыгын, ушул кокурайган башкаруучу сезди болду бекен? “Муну силер Менин бул бурадарларымдын эң кичинелеринин бирөөнө кылганыңар менен Maгa кылдыңар” (Мф. 25:40).УК 65.3

    Бул жазылган кат баардык чиркөөлөрдү, жалганчыларга каршы крестовый походко кошулуусуна чакырды. Бул өтө мыкаачы жаман ишке коп адамдарды чогултуу үчүн, папа бул жүрүшкө катышкан адамдарды төмөнкү иштеринен куткарып бошотмок; “чиркөө аркылуу көпчүлүккө жана жеке адамдарга, жүктөлгөн жазалоолордон жана айыптоолордон, коюлган анттарынан куткарылмак: мыйзамсыз түрдө бир нерсе алып айыпталса, ал кайра ага мыйзамдуу түрдө берилет; жана ким, жок дегенде бир адаштыруучуну өлтүрө турган болсо, анда ага бүт күнөөлөрү кечирилет. Бул кат, валдендер менен түзүлгөн баардык келишимдерди жокко чыгарды; эч ким аларга, кандайдыр бир жардам берүүcүнө тыюу салынган, жана ким жардам берүүнү каалаcа, алардын олжолорун басьш алууга укук берилди”. Ушул катта папа жетектелген рух айдан ачык көрүнгөн. Бул үндөн Машаяктын үнү угулбастан, ажыдаардын арылдаган уну угулуп турду.УК 65.4

    Папанын жетекчилери, улуу тараза ченем болгон - Кудайдын Мыйзамы менен, жетектелбестен, бирок өздөрү түзүп чыгарган мыйзам аркылуу, бардыгын ага баш ийдирүүгө мажбурлашты. Анткени римдин эрки ушундай эле. Эң эле коркунучтуу кайгылар башталды. Бузулган, Кудайга акаарат келтирген, дин кызматчылар жана прелаттар, шайтандын иштерин аткарып жатышты. Алардын жүрөктөрү ырайымдуулукту билген эмес. Машаякты кердирген, жана элчилерди өлтурткөн, өз учурупда Машаяк жолун жолдогон адамдарга каршы канкор Неронду түрткөн рух, азыр дагы Кудайдын сүйгөн элин жок кылуу үчүн аттанды.УК 66.1

    Ушул Кудайдан корккон калк, көптөгөн жүз жылдар аралыгында, чыдамдуулук жана туруктуулук менен, Куткаруучусун даңкташып, оор куугунтуктоолорду баштарынан өткөрүшкөн. Крестовый походдогуларга жана айыпсыз кан төгүүлөргө, эч кандай каршылык көрсөтүшпөстөн, алар өз жарчыларынын жардамы аркылуу, баалуу чындыкты тарата беришти. Кудайдын уулдарын, ууландырышып жана өлтүрүп жатышты, бирок алардын кандары себилген үрөөндөрдү сугарып, жана ал үрөөндөр өнүп жемиш алып келип жатышты. Ушинтип, Лютер төрөлгөнгө чейин жүз жылдар аралыгында, валдендер Кудай жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен. Ар кайсы өлкөгө тарап кеткендиктен алар, Рефомация (диний кыймыл) урөөнүн себишкен, бул Уиклифтин мезгилинде өнүп, Лютердин күндөрүндө бутактаган. Ал акыркы күндөрдө дагы, ким “Кудайдын Сөзү жана Ыйса Маша-яктын күбөлүгү үчүн” (Аян 1:9), баарын көтөрүүгө даяр болсо, ошолор аркылуу сакталып калат.УК 66.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents