Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    25 Бап — Кудай Мыйзамынын Бекемдиги

    “Жана Асманда Кудай Үйү ачылды, жана Анын келишиминин сандыгы Анын Yйүндө пайда бoлдy” (Аян. 11:19). Кудайдын Мыйзам сандыгы, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүндө, касиеттүү жайдын экинчи бөлүгүндө турган. “Асмандагынын үлгүсү жана көлөкөсү” болгон, жердеги кызматтарда, бул бөлүм касиеттүү жайды тазалоо үчүн болгон улуу куткаруу Күндө гана ачылган. Ошондуктан, Асманда Кудайдын Үйү ачылды, жана андан Мыйзам сандык корунду, деген сөздөр, 1844-жылы Өз кызматынын бүтүрүүчү ишин аяктоо үчүн, Машаяктын Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө киргендигин, көргөзүп турган. Машаяк Өз кызматын Ый-ыктардын Ыйыгы бөлүгүндө баштаганда, ким ишеним аркылуу Улуу Дин Кызматчыны эрчиген болсо, алар Анын Мыйзам сандыгын көрүшкөн. Касиеттүү Жай жөнүндө oй жүгүртүү менен, алар Куткаруучунун бoлyп жаткан кызматтарындагы өзгөрүүлөрдү көрүштү, жана Ал Өз кызматын Кудайдын Мыйзам сандыгынын алдында, Өз Канынын урматына, күнөөкөрлөрдү кечирүү кызматын аткарып жаткандыгын, түшүнүштү.УК 391.1

    Жердеги Мыйзам сандыктын ичинде, Кудайдын Осуяттары жазылган, эки таш лооктор турган. Сандык, Мыйзам лооктору, анын баалуулугу жана андагы Кудайдын Осуяттарын, сактай турган, жай бoлyп эсептелген. Качан Асманда Кудайдын Үйү ачылганда, Анын Мыйзам сандыгы көрүнгөн. Асмандагы Касиеттүү Жайдын, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүгүнүн ичинде, Кудайдын Мыйзамдары, кастарланып сакталып турат, - бул Мыйзамдар, Синай тоосунда, чагылган чартылдап күн күркүрөгөндө, тоонун башында, Теңирдин Өз Колдору таш лоокторго жазып берген Мыйзамдар эле.УК 391.2

    Асмандагы Касиеттүү Жайдын ичиндеги Кудайдын Мыйзамы, Муса пайгамбарга таш лоокторгo жазып берген, жана ал Тоорат Китебине жазып түшүргөн Мыйзамдардын Нускасы болуучу. Ким ушул суроолордун маанилүүлүгүн түшүнгендөр, Кудай Мыйзамынын бузулгус бекемдигине ишенишкен. Жана Куткаруучусунун Сөздөрүнүн Күчүн, баштагыдан жогору түшүнүшкөн: “Асман менен жер өтүп кетмейинче, бардыгы аткарылмайынча, Мыйзамдын бир дагы ариби, жана бир дагы сызыгы өтүп кетпейт” (Мф. 5:18). Кудайдын Мыйзамы, Анын эркинин аяндары катары, Анын Мүнөздөрүнүн чагылдырылышы бoлyп, “Асмандагы чыныгы Күбө”, бoлyп саналат. Андан бир дагы Осуят, бир дагы арип, бир дагы сызык алынып ташталган эмес. Забурда мындай деп айтылат: “Сенин Сөздөрүң Тенир, Асманда түбөлүккө бекемделген”. Анын бардык Оcуяттары чындык, “кылымдардан-кылымдарга бекем...” (Забур 118:89, 110:8).УК 391.3

    Он Осуяттын ортоcундагы төртүнчү Осуят, жаратылыштын башталышында эле жарыяланган: “Ыйык сактап, ишемби күндү эсте. Алты күн иштеп бардык жумушунду бүтүр; ал эми жетинчи күн - Тенириңдин, Кудайыңдын ишемби куну: ал күнү өзүң да, балан да, кызың да, күлүң да, күнүң да, малыңда, үйүндө жүргөн келгин да эч жумуш кылбасын. Анткени Теңир алты күндө Асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын Жаратып бүткөн; ал эми жетинчи күнү тыныгып эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күндү алкап, ыйык кылып койгон” (2Муса 20:8-11).УК 392.1

    Кудайдын Сөздөрү жөнүндө oй жүгүрткөндөрдүн жүрөктөрүнө, Кудайдын Руху Өзүнүн ыйык таасирин калтырган. Алар, билбегендигинен, Жараткандын белгилеген тынчтык күнүн бузуп жатышкандыгы жөнүндөгү ойдон, алысташа алышкан эмес. Кудай аркылуу ыйыкталган күндүн ордуна, аптанын биринчи күнүн майрамдоого эмне себеп болгондугун билүү үчүн, алар кайрадан изилденишкен. Жана Ыйык Жазуудан, ишемби күндү алмаштыруу, же төртүнчү Осуятты жоюп жок кылуу жөнүндө, эч кандай далилдей турган негиз табышкан жок. Жетинчи күнгө берилген алгачкы алкыштоо, эч качан кайрадан өз күчүн жоготуп койгон эмес. Кудайдын эркин чын жүрөктөн билүүгө аракет кылгандыктан, Анын Осуяттарын бузгандыгы үчүн, алар өздөрүн айыптуу эсептешти, жана жүрөктөрүндө терең кайгыруулар пайда бoлдy. Ошондо, Кудайга болгон Өз ишенимдүүлүгүн дилилдеш үчүн, алар Кудайдын ыйык күнүн ыйык сактоого киришкен.УК 392.2

    Алардын ишенимдерин бузуу үчүн, ар-кандай көп сандаган аракеттер жасалган. Эгерде, жердеги касиеттүү жай Асмандагынын үлгүсү боюнча жасалса, анда Мыйзам сандыктын ичинде сакталган Кудайдын Осуяты дагы, Асмандагы Касиеттүү Жайдын ичиндеги Мыйзам сандыктагы сакталып турган Чыныгы Мыйзамдын үлгүсү экендиги бардыгына белгилүү эле. Ас-мандагы Касиеттүү Жайдын талабы боюнча чындыкты кабыл алуу, жердеги Кудайдын Мыйзамдарынын талаптарын кабыл алуу бoлyп саналган, ошондуктан төртүнчү Осуят боюнча, ишемби күнүн дагы ыйык сактоо, алардын милдети эле. Машаяктын Асмандагы Касиеттүү Жайдагы жасап жаткан кызматын көргөзүп турган, Ыйык Жазуунун келишимдүү талкууларына каршылык көргөзүү, мына ушуга байланыштуу болгон. Теңир Өзү ачып койгон эшикти, адамдар жаап коюну каалашты. Бирок, “ачса - эч ким жаба албаган, жапса - эч ким ача албагандын” Өзү, мындай деп айтат: “Мына, Мен сенин алдында эшикти ачтым, жана эч ким аны жаба албайт” (Аян. 3:7,8). Машаяк эшикти ачты, башкача айтканда Өз кызматын Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүндө баштады, жана Асмандагы Касиеттүү Жайдын ачылган эшигинен чыккан жарык, жер үстүнө төгүлдү. Жана төргүнчү Осуят, Асмандагы Касиеттүү Жайда сакталып турган Мыйзамдын - бир бөлүгү экендигин баары көрүштү. Кудай эмнени белгилеп койгон болсо, аны адам эч качан өзгөртө албайт.УК 392.3

    Машаяктын элдештирүү ишин, жана Кудайдын Мыйзамынын бекем экендиги жөнүндөгү жарыкты кабыл алгандар, Аян Китебиндеги 14-бапта ушул чындыктар берилгендигин билишти. Бул бапта, Машаяктын Келишине жер тyргундарын даярдоо үчүн берилген, үч эскертүү камтьшган. “Анткени Анын сотунун сааты келди”, деген сөз, Машаяктын адамдарды куткаруу ишинин, аяктагандыгын билдирет. Бул жерде, Машаяк Өзүнүн кызматын аяктап, Өз элин алып кетүү үчүн келген убакытка чейинки, адамдарга айтыла турган чындыктар камтылган. 1844-жылы башталган тергөө сот иштери, ар бир тирүү жана өлгөн адамдардын тиешесин берүү иши чечилгенче, улантылып турат. Жана ал мезгил, сынак убакыты аяктаганга чейин улантылат. Адамдар сот алдында турууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн, эскертүүчү кабар аларга мындай дейт: “Кудайдан корккула, жана Аны даңктагыла”, “Асманды жана жерди, деңиздерди жана булактарды Жаратканга табынгыла”. Бул эскертүүлөрдү кабыл алуунун эрежеси мындай деп айтылган: “Мында, Кудайдын Парыздарын сактаган жана Ыйсага ишенимди кармаган касиеттүүлөрдүн, чыдамкайлыгын көргөзүш керек” (Аян. 14:12). Сотко даярдануу үчүн, Кудайдын Мыйзамдарын сактоо зарыл. Ушул Мыйзамдар сотто, мүнөздөрдүн таразасы бoлyп кызмат кылат. Элчи Павел мындай деп айтат: “Мыйзам алдында күнөө кылгандар, Мыйзам аркылуу айыпталат... Кудай адам-дардын жашыруун иштерин, Ыйса Машаяк аркылуу жазалайт”. Жана ал мындай дейт: “Ал эми Мыйзамды кармангандар, акталышат” (Рим. 2:12-16). Кудайдын Мыйзамдарын сактоо үчүн ишеним керек, анткени “ишенимсиз бoлyп Кудайга жагуу мүнкүн эмес”. “Эмне ишеним менен болбой турган болсо, ал күнөө” (Евр. 11:6; Рим. 14:23).УК 393.1

    Биринчи периште мындай деп чакырык кылат: “Кудайдан корккула, жана Аны даңктагыла”, жана Ага Асман менен жердин Жаратуучусу катары баш ийгиле. Мүнү жасаш үчүн, алды менен Кудайдын Мыйзамдарына моюн cунуу керек. Даанышман Сулайман мындай деп айтат: “Кудайдан корк, жана Анын Осуяттарын бекем сакта, анткени адамдарга керектүүнүн баары ушунда” (Yг. Кит. 12:13). Анын Осуяттарына баш ийбегендик менен, Кудайга кызмат кылып жагынуу мүмкүн эмес. “Биз Кудайды сүйгөндүгүбүздү, Анын Парызларын сактап жүргөнүбүздөн билебиз”. “Ким Мыйзам угуудан өз кулагын четтетсе, анын сыйынганы дагы арам” (1 Ин. 5:3; Ул. Аң. 28:9).УК 393.2

    Биз Кудайга гана табынышыбыз керек, анткени Ал - Жаратуучу, жана бардык жаратылыш, Ага гана өздөрүнүн жашап жаткандыгы менен, милдеттүү. Мукаддаста Кудай адамдардан, алардын Ага табынып баш ийүүсүн талап кылган, жана ошол эле жерде Анын Жаратуучу Күчү айтылып кетет: “Бардык элдердин кудайлары - жасалма нерселер, ал эми Теңир Асмандарды жараткан” (Забур 95:5). “Мени силер кимге окшоштуруп, кимге салыштырып жатасыңар? - дейт Ыйык Теңир. Көздөрүңөрдү чоң ачып, Асман бийиктиктерине карап көргүлө, аны Ким жаратты?” “Анткени Асманды Жараткан Теңир мындай дейт: Ал - Кудай, жерди жараткан жана аны пайда кылган... Мен - Теңирмин, жана башкасы жок” (Ис. 40:25,26; 45:18). Забурда мындай деп айтылат: “Теңирдин Кудай экенин, жана Ал бизди жаратканын, биз - Аныкы экендигибизди билгиле”. “Келгиле сыйыналы, жыгылалы, биздин Жаратуучу Теңирдин бет алдында, тизебизди бүгөлү” (Забур 99:3; 94:6). Ал эми ага Асманда табынышкан Ыйык периштелер, өз баш ийүүлөрүн мындай сөздөр менен билдиришет: “Теңир, Сен даңкты, урмат жана кубат алууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың” (Аян. 4:11).УК 394.1

    Аян Китебинин 14-бапында, Жаратуучуга табынуу керек экендиги жөнүндөгү чакырык айтылган, жана пайгамбарлык дагы, үч периштенин эскертүүчү кабарын кабыл алгандыктан, Кудайдын Парыздарын сактаган адамдар жөнүндө баяндайт. Төртүнчү Осуятта мындай деп ай-тылган: “Жетинчи күн - ишемби, сенин Кудай Теңириң үчүн... Анткени Теңир, алты күндө Асман менен жерди, деңизди жана анда жашагандын баарын жаратып бүткөн; ал эми жетинчи күнү тыныгып эс алган. Ошондуктан, Теңир ишемби күндү алкап, ыйык кылып койгон” (2 Муса 20:10,11). Ишембиге байланыштуу Теңир дагы мындай дейт: “Бул - бирикме белги... ошентип, Мен - силердин Кудай Теңириңер экендигимди билгиле” (Иез. 20:20). Мына ошол себептен: “анткени Теңир алты күндө, Асманды жана жерди жараткан, ал эми жетинчи күнү тыныгып эс алган” (2Муса 31:17).УК 394.2

    “Ишемби Жаратуунун эстелиги катары маанилүү, анткени ал бизге, Кудайга чыныгы кызмат кылып табынгандыгыбызды, ар-дайым эскертип турат”, анткени Ал - Жаратуучу, ал эми биз болсо - Анын жаратылышыбыз. “Ишемби сыяктуу, бардык кызмат кылууларды бириктирген негиз жок, анткени ал, бул чындыктарды көңүлгө толоорлук кылып көргөзүп турат. Кудайга кызмат кылуунун себеби, бир гана ишемби күнү эмес, бирок толугу менен алып келгенде, Кудай менен Анын жаратылышынын ортосундагы, айырмачылыкты билдирип тypyyчy, негиз бoлyп саналат. Бул улуу чындык эч качан эскирбейт, жана аны эч убакта унутууга болбойт” 333Эндрюс, “Ишемби тарыхы”,27-бап..УК 394.3

    Бул чындыктарды ар-дайым адамдарга билдирип туруу үчүн, Кудай ишембини Бейиш багында белгилеп койгон, жана ошол мезгилден тартып, биз Теңирге Жаратуучу катары табына турган болсок, анда ишемби Кудайдын Жаратуучу экендигин эскертип туруучу, белги бoлyп саналат. Эгерде бардык адамдар ишемби күнүн ыйык сактай турган болушса, анда адамдардын ою, жана сезимдери өз Жаратуучусуна кайрылып, жер үстүндө бир дагы бутка табынган, жана Кудайды тааныбаган адам болмок эмес. Ишемби күнүн ыйык сактоо - “Асман менен жерди, деңиздерди жана булактарды жараткан” Чыныгы Кудайга карата ишенимдүүлүктү көргөзүү. Кудайга табынып жана Анын Парыздарын сактоого арналган, эскертүүчү кабар, өзгөчө төртүнчү Осуятты сактоо зарыл экендигин, эскертип турат.УК 395.1

    Yчүнчү периште каардуулук менен, жалгандыкка берилип кеткендерге карата айткан эскертүүчү кабарындагы адамдар, Кудайдын Парыздарын сактап, жана Ыйсага болгон ишенимди карманган адамдардан, кескин айырмаланып турат: “Ким айбанга жана анын түрүнө табынса, жана анын белгисин чекесине же колуна ала турган болсо, анда ал, Кудайдын каары толтурулган шарапты ичет” (Аян. 14:9,10). Бул кабарды туура түшүнүү үчүн, бул символдорду туура талкуулоо дагы зарыл. Айбан жана анын түрү, белгиси деген өзү, эмнени билдирет?УК 395.2

    Бул символдор берилген пайгамбарлыктар, Аян Китебинин 12бапында, Машаякты төрөлгөндө өлтурүүнү каалаган ажыдаарды сүрөттөгөн, аяттарда башталган. Ажыдаар андан тышкаары шайтан деп дагы аталат (Аян. 12:9). Ал Иродду, Куткаруучуну өлтүрүүгө мажбурлаган. Бирок шайтандын, Машаякка жана Анын элине каршы биринчи кылымдагы күрөшүүсүндөгү эң чоң куралы, бутпарас динин тутушкан Рим империясы бoлyп эсептелген. Ошондуктан ажыдаар биринчи шайтанды сүрөттөгөнү менен ал, бутпарас римдин дагы символу болуп саналат.УК 395.3

    Аян Китебинде (13:1-10) аяттарында ажыдаар “өз күчүн, тактысын жана улуу бийлигин” берген башка дагы илбирске окшош айбан, сүрөттөлгөн. Бул символ, көпчүлүк протестанттардын айтуусу боюнча, папалык кыймылды көргөзүп турат, алар мурас катары, байыркы Рим империясынан күч, такты жана бийлик алышкан. Илбириске окшогон айбан жөнүндө мындай дейт: “Текебер сүйлөгөн, жана Кудайды жамандаган ооз айбанга берилген”. “Жана Кудайды жамандоо үчүн, Анын Ысымына, Анын жашаган Жерине, жана Асманда жашагандарга тил тийгизүү үчүн, ал оозун ачты; жана бардык уруунун, эл-дин, тилдин, тукумдун үстүнөн ага бийлик берилди” (Аян. 13:5-7). Бул пайгамбарлык, Даниил пайгамбардын Китебиндеги 7баптагы, анча чоң эмес мүйүзгө туура келет, жана күмөнсүз эле папалык кыймылды көргөзүп турат.УК 395.4

    “Жана ага кырк эки ай, аракет кылуу үчүн бийлик берилди”. Жана пайгамбар мындай дейт: “Мен, анын бир башынын өлөсөлүү болуп жараланганын көрдүм”. Жана дагы: “Ким туткундаса, ал өзү туткунга кабылат, жана ким кылыч ме-нен өлтүрсө, ал өзү дагы кылычтан өлөт”. Кырк эки ай - бул, Даниил пайгамбардын Китебиндеги 7бапта көргөзүлгөн 1260 күн. Ушул мезгилдин аралыгында папалык кыймыл, Кудай элин кысымга алуу керек. Бул мезгил, башкы баптардан окуп кеткенибиздей, 538-жылы папанын жогорку бийлигин далилдеген буйрук күчүнө киргенде башталыг, 1798-жылы папа, франциялык аскерлердин аркасында туткунга алынып кеткенде аяктаган; папалык бийлик өлөсөлүү жаракат алган, жана “ким туткундаса, өзү туткунга кабылат”, деген пайгамбарлык ордунан чыккан.УК 396.1

    Андан наары дагы бир символ кездешет. Пайгамбар мындай дейт: “Жана мен, жерден чыгып келе жаткан башка бир айбанды көрдүм; анын козунукундай болгон эки мүйүзү бар эле” (Аян. 13:11). Жана бул айбандын көрүнүшү, жана анын пайда болушу, бул символдогу көргөзүлгөн эл, биринчиден айырмаланган, башка эл экендигин билдирген. Дүйнөөнү башкарган, улуу падышалыктар, Даниил пайгамбарга жырткыч жаныбарлар кебетесинде көргөзүлгон, алар, “ас-мандагы төрт шамал сыяктуу... улуу деңизде”, салгылашып жатышты (Дан. 7:2). Аян Китебинин 17-бапында, суулар “адамдар жана калктар, уруулар жана тилдер” (Аян. 17:15) экендигин, периште айтып берет. Ал эми шамал болсо, душмандыктын символу. Суу үстүндөгү салгылашып жатышкан асмандагы төрт шамал, бирин бири басып алган согуштарды, жана революцияларды билдирет, жана алардын жардамы менен, падышалыктар бийликке ээ болушкан.УК 396.2

    Бирок, козунукундай муйузу бар айбан, “жерден” чыгып келди. Мындай символ менен сүрөттөлгөн калк, башка бир элдин сүрүп чыгаруусунан эмес, - эч ким басып албаган аймакта, акырындык жана тынчтык менен көтөрүлүп келген. Бул калк, адамдар жашап “элдер, адамдар жана уруулар, тилдер” баскынчылык кылган жерден пайда болбогон. Аны жер шаарынын түндүк жагынан издеп таба алабыз.УК 396.3

    1798-жылы Жаңы Жарыкта, кайсыл улут бекемделип жана жогорулаган, улуу держава болууга убада берип, дүйнөнүн көнүлүн өзүнө бурган? Бул символду талкуулоодо, эч кандай күмөн саноолор туулган эмес. Ушул пайгамбарлыкка - бир гана эл шайкеш келе алат — жана ал эл, катасыз Кошмо Штаттар болуп эсептелет. Бул ойлор, жада калса пайгамбардын айткан сөздөрү, бул мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн чагылдырышкан тарыхчылардын жана ойчулдардын ооздорунан дагы, айтылып келген. Айбан “жерден чыгып келе жаткан”. Грек тилиндеги “чыгып келе жатат”, деген сөздүн түздөн-түз мааниси “өсүү же өсүмдүк сыяктуу өсүп көтөрүлүү”, дегенди билдирген. Биз көргөндөй, бул калктын көтөрүлүүсү, буга чейин адамдар каптабаган аймакта болуусу тийиш. Көрүнүктүү адабиятчы, Кошмо Штаттардын өсүшүн мындай деп жазган: “Yрөөн сыяктуу, биз үндөбөстөн өстүк жана империяга айландык” 334Таунсенд, “Эски менен салыштырылган Жаңы Жарык”, 462-бет.. Европадагы журнал 1850-жылы, Кошмо Штаттарды күтүүсүздөн “пайда болгон” жана “үндөбөстөн, күн сайын күчкө жана текебердикке толуп келет” 335“Дублиндин калкы”., деп жарыялаган. Эдуард Эверт, өзүнүн - ушул улутту негиздеген уруу аталары жөнүндөгү сөзүндө - мындай деп айткан: “Алар, өздөрүнүн Лейдендик жыйыны, абийири менен иш кылышы үчүн, обочолонгон, тыныч, коопсуз жай издешти бoлдy бекен? Карагылачы, мына бул чалкыган көз жетпеген мейкиндиктерди, алар тынчтык жолу менен гана басып алышкан, жана ал жерлерге, айкашкан жыгачтын туусун көтөрүштү!” 3361824-жылы 22-декабрдагы Массачусетс штатындагы Плимут шаарында айтылган сөз, И-бет..УК 397.1

    “Анын козунукундай болгон эки мүйүзү бар болчу”. Козунукундай болгон мүйүз, анын жаштыгын, айыпсыздыгын жана жумшактыгын көргөзгөн, бул дүйнөлүк аренага 1798-жылы чыга турган калк, пайгамбарга көргөзүлгөн Кошмо Штаттарга, бардык жагынан шайкеш келет. Падышалардын динге болгон кысымдарынан, жана диний адамдардын куугунтуктарынан качышкан Машаяк жолун жолдогон адамдар, биринчилерден бoлyшyп Америкага качып барышкан көп сандаган адамдардын арасында, диний жана мамлекеттик эркиндикте, өз мамлекеттеринин фундаментин курууга аракет кылгандар болгон. Жана алардын көз караштары, көз карандысыз Декларация колдоогө алынып, “бардык адамдардын укугу бирдей”, жашоого да, эркиндикке жана бакытка умтулууда дагы бир укуктуу, деген чындыкты көтөрүшкөн. Кабыл алынган Кон-ституция, адамдар добуш берүү менен шайлаган адамдар, мыйзам кабыл алып, жана аны калыс сотко тапшыра тургандыгына, кепил болот. Андан тышкаары ар бир адамга, өз абийиринин шартына жараша, Кудайга кызмат кылуу эркиндиги берилди. Бул мамлекеттин негизи бoлyп, протестантизм жана мамлекеттик көрсөтмөлөр эсептелген. Анын гүлдөп өнүгүүсүнүн негизги cебеби, мына ушунда болгон. Жер шаарынын бардык тарабындагы кысымга алынган хриcтиандар, бул мамлекетке кызыгуу жана үмүт менен карап жатышты. Жана миллион дегендер анын жээгин көздөй умтулушкан.УК 397.2

    Бирок, козунун мүйүзүндөй болгон мүйүзү бар айбан, “ажыдаардай бoлyп сүйлөдү”. “Ал биринчи айбандын алдында анын бардык бийлиги менен аракеттенип, бүт жерди жана жерде жашагандарды, өлөcөлүү жараcы айыккан биринчи айбанга таазим кылууга зордоп жатты... кылычтан жарадар болгон, жана тирилген айбандын жасалма түрүн жасагыла, деп айтат” (Аян. 13:11-14).УК 398.1

    Козунукуна окшогон мүйүз, жана ажыдаардын үнүндөй болгон үн, бул мамлекеттин жарыялаган негиздери менен, жасаган аракеттердин эки башка болгондугун билдирет. Анын “үнү”, анын мыйзам чыгаруучу жана сот органдарынын аракетин, көргөзүп турган. Жана ушул аракеттер, анын баштапкы негизинде коюлган эркиндиктин жана тынчтыктын көрсөтмөлөрүнө, карама-каршы келген. Пайгамбарлыкта айтылган “ал ажыдаар сыяктуу сүйлөйт”, жана “биринчи айбандын бийлиги менен аракеттенет”, деген сөздөр, куугунтуктар жана эрксиздикти билдирген, жана мамлекет илбирс сыяктуу, ажыдаар жана айбанга окшоп, эркиндикти жоготкон. Ал эми, эки мүйүзү бар айбан, “жердегилердин бардыгын, жана аларда жашагандарды, биринчи айбанга табынууга зордоду”, деген сөз, анын папалык кыймыл менен биригип кеткендигин билдирет, бул мамлекет өз тургундарына, папанын жол - жобо эрежелерин жана токтомдорун, мажбурлап киргизе тургандыгы айтылган.УК 398.2

    Мындай аракеттер, бул мамлекеттин, эркиндик үчүн кабыл алынган, жана бир маанилүү Декларациясына жана көз карандысыз Конституциясына, каршы турган. Америка мамлекетин курган адамдар, Жыйынды мамлекеттик бийликтен тышкаары кылуу үчүн, акылдуулук менен кам көрушкөн, жана бул аларды куугунтуктан, жана көз каранды болуудан сактаган. Конституциянын кароосу боюнча, “Конгресс динге бир нерсени жүктөө, жана анын эркин күбөлөндүрүлөрүнө тыюу салуучу, кандайдыр бир мыйзамдарды колдоно албайт”, жана “АКШда, бир адамды кандайдыр бир мамлекеттик даражага дайындай турган болсо, анын карманган динин териштирүү менен жүрбөшү керек”. Кандайдыр бир динге адамдарды мамлекет тарабынан зордоо, адам эркиндигин бузган, өтө чоң ката бoлyп эсептелет. Бирок, ушундай жол менен жүрбөгөндүк символдуу түрдө так көргөзүлгөн. Козунукундай мүйүзү бар айбан, анын сыртынан таза, айыпсыз жана момундугун билдиргени менен, сүйлөгөнү ажыдаардай болгон.УК 398.3

    “Жер тургундарына, айбандын түрүп кабыл алууну үндөп жатты”. Бул айтылган сөздөрдүн мааниси, мыйзам чыгаруучу бийлик калайык-калктын карамагында экендигин билдирет, жана бир гана Кошмо Штаттар ушул күбөлөндүрүүгө туура келе тургандыгы пайгамбарлыкта так айтылган.УК 399.1

    “Айбандын түрү”, деген эмне”? Жана ал кандайча калыптанат? Бул түр, биринчи айбанды сүрөттөгөн башка айбан аркылуу даярдалат. Бул түрдүн негизги маанисин түшүнүү үчүн, биз чыныгы айбандын өзгөчөлүгүн жакшы билишибиз керек, башкача айтканда папалык кыймылды.УК 399.2

    Качан баштапкы Жыйын Жакшы Кабардын тазалыгын жана жөнөкөйлүгүн жоготуп койгондо, бутпарастардын жоболорун жана каада-салттарын кабыл алышып, адам-дардын абийиринин үстүнөн бийлик кылууга аракеттенишип, дүйнөлүк адамдардан колдоо издешкендиктен, алар Кудайдын Рухунан жана Күчүнөн айрылышкан. Жыйынтыгында папалык кыймыл келип чыккан, жана ал кыймыл мамлекеттик бийликтин үстүнөн карап тургандыктан, көп нерселерди өз кызыкчылыктары менен колдонушкан, өзгөчө “адаштыруучулардан” өч алууга аракеттенишкен. Кошмо Штат айбан-дын түрүн кабыл алышы үчүн, диний башчылар мамлекеттик бийликтин үстүнөн карап туруу керек эле, жана алардын иштерин өз кызыкчылыктарында пайдалана алмак.УК 399.3

    Бардык мезгилдерде Жыйын, мам-лекеттик бийликке ээ бoлyy менен, ким алардын окутууларына каршы болсо, ошолорду жазалоо үчүн бийлик колдонушуп келген. Римдин жолун жолдоп кеткен протестант жыйындары, дүйнөлүк бийликтеги адамдар менен келишим түзүшкөн, ошону менен адам абийирин чегерүүнү каалашкан. Биз мындай иштерди, англиялык жыйындан көрө алабыз, алар дагы көп жылдар аралыгында, башка ишенимдеги адамдарды кубалашкан. XVIчы жана ХѴІІ-чи кылымдардын аралыгында, мамлекеттик жыйындын окутуулары менен макул болуша албагандыктаң, миңдеген диний кызматчылар, өз жыйындарын таштап кетүүгө аргасыз болушкан, жана көптөгөн жыйын мүчөлөрү көп сандаган акча айыбын төлөөгө аргасыз болушту, түрмөлөргө камалышты, кыйналып жана азаптуу өлүмгө кабылышты.УК 399.4

    Жыйындын баш тартып кеткендигинин айынан, алар мамлекеттик бийликтерден колдоо издешкен — ушундайча папалык кыймылдын - айбандын пайда болуусуна шарт түзүлөт. Элчи Павел мындай деп айтат: “Анткени адегенде ишенимден чегинмейинче, жана күнөөлүү адам көрүнмөйүнчө, ал күн келбейт” (2Фес. 2:2,3). Ушундан улам, Жыйындын чындыктан баш тартышы, айбандын түрүн жасоо үчүн шарт түзүп бере тургандыгын, биле алабыз.УК 399.5

    Мукаддас, Машаяктын Келишинин алдында, алгачкы күндөрдѳ болгон сыяктанып, руханий салкындоолор боло тургандыгын, айтат. “Акыркы күндөрдө оор мезгилдер келээрин билишиң керек. Анткени, адамдар өзүмчүл, акчаны cүйүүчү, менменсинген, текебер, жаман тилдүү, ата-энесине баш ийбеген, ыраазы болбогон, арамза, кас болушат; келишпес, ушакчы, өзүн-өзү кармай албаган, катаал, жакшылыкты сүйбөгөн, чыккынчы, бетпак, кокурайма, Кудайдын ордуна - ыракат (эркек - аял жандуулукту) cүйгөн болушат, алар такыбаа көрүнүшөт, бирок такыбаалыктын кудуретинен баш тартышат” (2Тим. 3:1-5). “Рух болсо ачык айтат, акыркы мезгилдерде кээ бирөөлөр ишенимден чегинип, алдоочу рухтарга жана жиндердин окутууларына көңүл бурушат” (1 Тим. 4:1). Шайтаң “бардык күчү, белгилери жана жалган ажайыптары менен болот”. Жана бардык кабыл албагандар “өзүн куткара турган чындыкты сүйүүдөн баш тартышты”, жана “ошондуктан, алар жалган нерселерге ишенишсин деп, Кудай аларга алдоочу кубат - аракет жиберет” (2Фес. 2:9-11). Качан ушул сыяктуу адилетсиздиктер, өкүм сүрүп калганда, жыйынтыгы алгачкы кылымдагыдай бoлyп калат.УК 399.6

    Көпчүлүк адамдар, протестант жыйындарында көп сандаган доктриналар болгондуктан, бир окутууга келүү, мүмкүн эмес, деп айтышат. Бирок, көп жылдар аралыгынын ичинде, протестант жыйындарында, бирдикке умтулуу үчүн олуттуу жана аракеттүү иштер болуп келүүдө. Жыйындарда мындай бирдикти орнотуу үчүн, Мукадцастын көз карашы боюнча канчалыктуу чоң маанилүү болсо дагы, бири-бирине каршы келе турган суроолорго, кайрылуунун кереги жок болот.УК 400.1

    Чарльз Бичер, 1846-жылы насаат сөз айтып жаткан мезгилинде, мындай деген: “протестант жыйындарынын кызматчылары, бардыгын адамдык гана коркуу менен жасап жатышат, алардын жашоосу, кыймыл аракеттери, жана дем алганы дагы, бузулган чөйрөгө таандык, жана өздөрүнүн адамдык жаратылышына баш ийишип, чындыкты айтуудан айбыгышып, баш тарткан бийликтердин алдында, баш ийишүүдө. Эмне Рим менен дагы ушундай болгон жок беле? Биз анын жолу менен бара жаткан жокпузбу? Жана биз алдыбызда эмнени көрүп жатабыз? Дагы бир бүт Дүйнөлүк собор! Бүт Дүйнөлүк келишим! Христиандык кеңеш, жана бардыгы үчүн бир гана доктрина!” 337Индиана штатындагы Форд-Уэйн ша-арында айтылган “Мукаддасмына ишенимдин символу”, деген насаат, 1846-жыл 22-февраль. Качан ушул келишим иш жүзунө ашканда, ошондо күч колдонуу үчүн, бир гана кадам калат, анткени бул, толук бирмирдикти сактоону талап кылат.УК 400.2

    Качан Кошмо Штаттардагы чоң жыйындар, өздөрү кабыл алыша турган доктриналардын жанында чогулушканда, мамлекетке өз таасирлерин тийгизе баштайт, анткени өздөрү койгон көрсөтмөлөрдү жана өздөрүнүн уюмдарын колдоо максатында аракеттенишет, ошондо Америкадагы протестант жыйындары, римдик папалык кыймылдын түрүн кабыл алган бoлyп эсептелет, жана андан башка ишенимге киргендерди мамлекет тараптан кубалоо, жана жазалоо башталат.УК 400.3

    Эки мүйүздүү айбан - чондорду жана кичинелерди, байларды жана кедейлерди, эркин адамдарды жана кулдарды - айбандын түрүн кабыл алдыруу үчүн, “оң колуна же чекесине белги салынат, ошентип, кимде бул белги же айбандын ысмы же анын ысмынын саны болбосо, ошолордун эч кимисинде сатууга же сатып алууга уруксат жок” (Аян. 13:16,17). Yчүнчү периштенин эскертүүчү үнү мындай дейт: “Ким айбанга жана анын түрүнө табына турган болсо, жана анын белгисин колуна же чекесине кабыл алса, анда ал, Кудайдын каары толтурулган шарабын ичет”. Бул эскертүүчү кабарда айтылган “айбан”, эки мүйүздүү айбан бардык элдерди ага табынууга мажбурлаган - биринчи айбан, ал илбириске окшош (Аян. 13) - папалык кыймыл. “Айбандын түрү”, бул баш тартып кеткен протестантизм, алар өз доктриналарын адамдарга зордук менен мажбурлоо үчүн, мамлекеттик бийликтерге кайрылышып, дүйнөлүк аренага чыгат. Дагы, “айбандын белгиси” деген суроону талкуулоо гана калат.УК 401.1

    Айбанга жана анын түрүнө табынбоо үчүн, пайгамбарлыкта мындай деп жазылган: “Мында, Кудайдын Парыздарын сактаган жана Ыйсага болгон ишенимди карманган, касиеттүүлөрдүн чыдамкайлыгын көргөзүш керек”. Кудайдын Парыз-дарын сактаган адамдар , айбанга жана анын түрүно табынуудан ушундайча сактанып кала турган болсо, анда Кудайдын Парыздарын сактагандар бир тарапта, ал эми аны бузгандар экинчи тарапта бoлyшyп, Кудайга жана айбанга табынган болуп, экиге бөлүнүшөт.УК 401.2

    Айбандын жана анын түрүнүн башкы өзгөчөлүктөрү, Кудайдын Парыздарын бузгандыгында. Даниил пайгамбар чоң эмес мүйүз, башкача айтканда папалык кыймыл жөнүндө, мындай деп айтат: “Алардын майрамдары менен Заңмыйзамдарын алып таштоону тилек кылат” (Дан. 7:25). Жана элчи Павел, өзүн Кудайдан жогору койгон ушул эле бийликти, “күнөө адамы”, деп атаган. Ошентип, бир пайгамбарлык экинчисин толуктап турат.УК 401.3

    Бир гана Кудай Мыйзамдарын өзгөртүү менен, папалык кыймыл өзүн Кудайдан жогору койгон, жана ушул бузулган мыйзамдарды, ким билип туруп аткара турган болсо, ушул өзгөрүүнү алып келген бийликке, урмат - сый көрсөткөн бoлyп саналат. Папалык мыйзамга баш ийген адам, Кудайдын бийлигинин ордуна папанын бийлигин кабыл алган бoлyп эсептелет.УК 401.4

    Папалык кыймыл Кудайдын Мыйзамын бузууга аракет жасады. Жасалма нерселерге табынууга тыюу салынган, экинчи Осуят, Мыйзамдардын арасынан алынып ташталды, ал эми төртүнчү Осуят, жетинчи күи бoлyп саналган — ишембинин ордуна, аптанын биринчи күнүн майрамдоону киргизген. Папалык жактоочулар ушундай кылуу менен, экинчи Осуят, биринчинин ичинде камтылган дешет, жана биз Мыйзамды башта Кудай аркылуу кандай берилсе, ошондой кылып жеткирип жатабыз, деп бышыкташат. Бирок пайгамбар мындай өзгөрүү жөнундө айтнан эмес. Бул жердеги бoлyп жаткан сөз, атайын ойлонуп туруп, жасалган иш жөнүндө: “майрамдары менен Заңмыйзамдарын алып таштоону тилек кылат”. Төртүнчү Осуяттын бузупгандыгы, пайгамбарлыктын аткарылышы бoлyп саналат, анткени ушундай кылуу менен, римдик - католик чиркөөсү өзүн Кудайдан жогору коюп, Кудайга гана таандык болгон, бийликке умтулган.УК 401.5

    Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылып табынышкан адамдар, төртүнчү Осуятты кастарлаганы менен айырмаланышкан, анткени ал Кудайдын Жаратуучу Күчүн далилдеп, адамдар тараптан бир гана Ал, дантоого татыктуу экендигин, билдирген. Айбанга табынган адамдар, Жаратуучунун эстелик үчүн койгон күнүн талкалоого аракет кылгандыктары менен айырмаланышып, жана ошол эле мезгилде римдиктер тараптан коюлган мыйзамды жогору көтөрүшөт. Папа өзүнүн талаптарын алгачкы жолу көтөргөндө, жардам суроо менен, мамлекеттик бийликке кайрылып, аптанын биринчи күнүн “Теңирдин күнү” катары, адамдардын ыйык сактоосун, мажбурлоого өтүнгөн. Бирок Мукаддас, Теңирдин күнү - жетинчи күн экендигин, аптанын биринчи күнү эмес экендигин ачык айтат. Машаяк мындай деп айткан: “Ошондуктан Адам Уулу ишембинин дагы Мырзасы экен” (Мк. 2:28).УК 402.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents