Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    21 Бап — Кабыл Алынбаган Эскертүүлөр

    Уильям Миллер жана анын жак-тоочулары, Машаяктын Келиши жөнүндөгү чындыкты, бир гана максат менен насаатташкан - адамдарды сот күнүнө даярдоо. Алар христиан жыйындарын ойготууга аракеттенишкен, алардын көңүлүн чыныгы үмүткө буруп, чыныгы ишенүүчүнүн жашоосу, эч нерсеге алмаштыргыс тажрыйба экендигин билгизишти. Албетте, жаңы кайрылган адамдар менен иштешишип, аларга Кудайга кайрылуунун жана тoбo келтирүүнүн маанилүү экендигин билгизген. «Алар, адамдарды кандайдыр бир топко же партияга кирүүгө үндөшкөн эмес, бирок кандай топтор жана партиялар болсо, ошолордун арасында, алардын тартип жана уюштуруу суроолоруна тийишпестен, чындыкты түшүндүрүү үчүн эмгектеништи».УК 340.1

    «Менин эмгектерим, - деди Миллер, - кандайдыр бир жаңы окутууну уюштуруу, же бир диний уюмга кедерги келтирип жана башкасын жогору көтөрүү үчүн, арналган жок. Менде бир гана максат болгон: бул, баары үчүн ийгилик алып келүү. Машаяк менен тезирээк жолугушуу жөнүндөгү кабар, бардыгын кубандырат болушу керек, деп oйлогом. Жада калса, мени менен өз көз карашын бөлүшө албагандардын өзү дагы, бул чындыкты кабыл алгандан кийин, менден кем эмес сүйүп калышат дегем. Бөлөк-бөлөк чогулуштарды уюштурам, деп дагы ойлонгон эмесмин. Менин бир гана каалоом, - адамдарга, Кудайга кайрылууга жардам берүү, сот күнүнүн келе жаткандыгын элдерге эскертүү, жана жакындарымды, Теңир менен жоолугушуу үчүн, өз жүрөктөрүн даярдоону жарыялоо. Көпчүлүк Кудайга кайрьшган адамдар, менин эмгектерим аркылуу, ар кандай жыйындарга биригишкен» 314Блисс, 328-бет..УК 340.2

    Бир нече убакыт Миллердин эмгектерине, жакшы мамиле кылышкан, анткени бул эмгектер жыйындын өсүшүнө жакшы пайда келтирген. Бирок, башка кызматчылар жана жыйын жетекчилери, адвентистердин окутууларын кабыл албагандыктан, буга карата болгон кызыгууларды кандай дагы болбосо, басып салууну каалашты. Алар кафедрада гана Кудайга акаарат келтирбестен, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндө насаат айтылган жерлерге барып катышууга, өз мүчөлөрүнө тыюу салган. Жалпы өткөрүлүүчү жыйындарда, бул үмүт жөнүндө эскертүүлөр катуу көзөмөлгө алынган. Ошондуктан, чыныгы ишенүүчү адамдар, өтө кыйын жагдайга кабылышты. Өз жыйындарына ишенимдүү болгондуктан, алар андан бөлүнгүлөрү келген жок. Бирок алардан, Кудай Сөзүнүн күбөлөндүрүүлөрүн жашырып, жана - пайгамбарлыктар жөнүндө oй - жүгүртүүгө тыюу сала баштагандарын көрүшкөндө, Кудайга ишенимдүүлүк менен, бул коюлуп жаткан талаптардын, биримдиги жок экендигин көрүштү. Эми алар, Кудай Сөзүндөгү күбөлүктөрдү басып салууну каалаган жыйынды, Машаяктын Жыйыны катары эсептеше алышкан жок. Алар өз жыйындарынан чыгуудан башка жол, табыша алышпады. Жана 1844-жылдын жайында 50 миң ишенүүчү адамдар, өз жыйындарын таштап кетишкен.УК 340.3

    Ушул эле мезгилде, Кошмо Штаттардын көп сандаган жыйындарында, олуттуу өзгөрүүлөр бoлyп өттү. Көп деген жылдар аралыгында, жыйындарда акырындык менен токтолбостон дүйнөлүк ырым-жырымдарга кирүүлөр боло берди, жана руханий абалы төмөндөдү. Бирок 1844-жылы бардык жыйындарда, төмөн түшүүлөр шыр билинген. Бул төмөндөөлөрдүн себебин эч ким билбегени менен, газеталарда жана чыныгы Жыйында бул себептер ачык жарыяланган.УК 341.1

    Филадельфияда өткөн пресвитерандык чогулушта, шаардагы чоң жыйындардын бир насаатчысы Барнс мындай деп айткан, мен «жыйырма жылдан бери кызмат кылам, жана акыркы Кече Тамак өткөргөнгө чейин, бир адам кайрылбаган күн болгон эмес. Азыр болсо, же жанданган, же кайрылган адам жок; жыйын мүчөлөрү ырайымда өсүүсүн токтотушту, жана бир дагы адам, өз өмүрүнүн кызыкчылыгын ойлонуп, менин кабинетиме кирбей калды. Ишканалар, комерциялар жана өнөр жайлар өсүп-өнүккөн сайын, руханий абал төмөндөгөндөн төмөндөгөндө. Бардык диний уюмдарда, ушундай эле абал көрүнүүдө»315“Жыйын журналы”, 23-май 1844-жыл..УК 341.2

    Ошол эле жылдын февраль айында, Оберлиндеги колледждин профессору Финней мындай деген: ”УК 341.3

    Өлкөдөгү жалпы протестант жыйындарында, же илең-салаңдык, же бул жүз жылдыктын ичиндеги, адеп-ахлак мүнөзүндөгү бардык жасалган реформаларга карата, душмандык көрүнүп тургандыгын моюнубузга алышыбыз керек. Кээ бир нерселер жөнүндө айта албайбыз, бирок алар аз гана, биз чындык жөнүндө эмне айта алабыз: жыйындар токтоп калышты, бардык жерде руханий көңүл чөгүүлөр байкалууда, бул жөнүндө диний прессалар дагы, бүт мамлекет боюнча айтып жатат. Жыйындардын көпчүлүк мүчөлөрү моданын кyлy бoлyп бара жатышат, күнөөлүү кумарларга, бийлерге жана оюн-зоокторго катышууда... Булардын аныгын эсептөөнун зарылдыгы жок, чындык өзү жөнүндө өзү жарыялап жатат. Жана Жыйындар биздин көз алдыбызда бузулуп бара жаткандыгын көргөнүбүздө, бул жоопкерчилик биздин үстүбүздө экендигин, кантип айтпай коё алабыз. Алар Кудайдан алысташты, жана Кудай дагы алардан алыстады”.УК 341.4

    “Руханий телескоп”журналынын бир адабиятчысы, минтип жазган: “Биз азыркы учурда бoлyп жаткандай, руханий жыгылуунун күбөсү бoлyп көргөн эмеспиз. Чындыгында Жыйын ойгонуп, ушул бактысыздыктын cебебин издеши керек, анткени ар бир Кудайды сүйгөндөр, бул нерселерге бактысыздыкка мамиле кылгандай, мамиле кылышпаcа болбойт. Чыныгы кайрылган адамдар менен, тамырланып калышкан орой күнөөкөрлөрдү cалыштырып, бизге эрксизден мындай деп айтууга туура келет: Кудай ырайым кылганын токтотуп койдубу? Чын эле ырайымдын эшиктери жабылып калганбы?”.УК 342.1

    Жыйындын ушундай абалга кириптер бoлyп калгандыгын, бир канча cебептер менен түшүндүрүп кетсек болот. Руханий караңгылык адамдардын жана жыйындардын үcтүнө түнөрүп түшүп жатат, бул, аларды Теңир Асман ырайымынан ажыратып койгондуктан эмес, - бул, Кудайдан келген жарыкка маани бербей, жана андан баш тарткандыктан, бoлyп жатат. Бул чындыкты далилдей турган салыштырма, - Машаяктын учурундагы Иудей элдеринин тарыхы бoлyп саналат. Алар дүйнөлүк кам көрүүлөргө берилип кеткендиктен, Кудайды жана Анын Сөздөрүн унутуп калышкан; алардын аң-сезимдери карайып, куру убаракeрчиликке кириптер болушкандыктан, алардын жүрөгүндө орун, бир гана жердеги кумарлар үчүн гана калган. Ошондуктан алар, Машаяктын Келиши жөнүндө билишпей түркөйлүккө кабылышкан. Жана өз текеберликтеринде жана ишенбестиктеринде, - Куткаруучудан баш тартышкан. Бирок ошонун өзүндө дагы, Кудай, Иудей элин караңгылыкта, куткаруудан куру калтырып койгон жок. Бирок чындыктан баш тартуу менен, алар Асман Белегин кабыл алууга болгон каалосун жоготушкан. Алардын үстүнө тийген жарык караңгылыкка айланганча, алар “караңгыны жарык, ал эми жарыкты караңгы”дешкен. Жана бул караңгылык канчалыктуу көзгө сайса көрүнгүз болчу!УК 342.2

    Шайтан ар-дайым ушундай максат менен аракеттенет - адамдарды бир гана диний жөрөлгөлөрдү аткарууга ундөп, жана кылына турган адилеттикти унутууга мажбурлайт. Жакшы Кабардан баш тартуу менен иудейлер, байыркы жол-жобо эрежелерди тырышкандык менен аткарууну уланта беришкен, жана өздөрүн улуттук артыкчылыктарын баркташып, Теңир аларды таштап кеткендигин, моюндарына албай, коюша алган жок. Даниил пайгамбардын пайгамбарлыктары, Машаяктын Келишин жана Анын өлүмүн так айтып кетсе дагы, аларды изилденүүнү алар каалашкан жок, жана акырында, ким ушул убакыттарды далилдегиси келгендерди, раввиндер наалат айтуу менен жек көрүшкөн. Өздөрүнүн руханий сокурлуктарында, жана тoбo келтирбегендиги менен, Из-раил эли кийинки кылымдардын аралыктарында, сунуш кылынган куткарылууга маани бербестик менен кала беришти. Жакшы Кабардын салтанаттуулук менен эскерткен улуу чындыктарына, эч кандай көңүл бурбастан, Асмандан келген жарыктан баш тартышты.УК 342.3

    Кайсыл жерде ушул сыяктуу илең-салаңдыктар көрүнө турган болсо, ал жердин жемиштери дагы ошондой эле болот. Ким өзүнүн жоопкерчилигин, өз жаратылыш сапаттарына дал келбегендиктен гана басып cалcа, акыр аягында жакшы менен жамандын, айырмачылыктарын билбей калат. Ошондо аң-сезим мокоп, абийир уктайт, жүрөк карайып, жана жан дүйнө Кудайдан алыcтайт. Эгерде Жыйын, жек көрүү менен Кудайдын чындыктарынан баш тарта турган болушса, анда ал карангылыкка кабылат; ишеним жана сүйүү муздап, жана келишпестик, мамиле үзүлүү бийлик жүргүзөт. Качан Жыйын мүчөлөрү, өз күчтөрүн дүйнөлүк нерселерге жумшай турган болсо, күнөөкөр адамдар, өз тoбo келтирбегендиктеринде, карайганданкарайат.УК 343.1

    Аян Китебиндеги 14-баптагы биринчи периштенин кабары, Кудайдын cотунун сааты жөнүндө айтат, жана адамдарды Кудайдан коркуп жана Ага табынууга чакырат, бул кабар бул дүйнөнүн таасиринен, ишенгендерди сактап калуу үчүн, жана алардын руханий көздөрүн ачып, болуп жаткан Кудайдан баш тартууларды көргөзүүгө арналган. Ушул кабар менен, Теңир Жыйынга эскертүү жиберген, жана ал кабар, аларды Кудайдан ажыратып жаткан жамандыкты, түп тамырынан жок кылмак. Эгерде алар Асмандан келген кабарды кабыл алышкан болсо, жана Теңир алдында өз жүрөктөрүн момун кылып, жана Аны менен жоолугушууга даярданган болушса, анда Кудайдын Руху жана Күчү, алардын арасында көрүнмөк. Ошондо Жыйын, апостолдордун күндөрүндөгүдөй ишенимде жана сүйүүдө чогуу болушмак, ал күндөрү ишенгендердин “жүрөктөрү да, жан дүйнөлөрү да” бир болушкан, жана “Кудайдын Сөздөрүн ынтаалуулук” менен айтышты, ошондо “Теңир, күн сайын куткарылгандарды Жыйынга кошуп турду” (Ап. Иш. 4:32,31; 2:47).УК 343.2

    Эгерде Кудай уулдары, Кудай Сөзүнүн барактарынан жаркырап турган жарыкты, кабыл алыша турган болушса, элчи жазгандай, Машаяк сыйынган биримдикке жетишмек: “Силердин наамыңарга татыктуу, бир үмүткө чакырылгандай, дене бирөө, жана Рух бирөө; Теңир бирөө, ишеним бирөө, сууга чөмүлдүрүү бирөө” (Еф. 4:4,5).УК 343.3

    Адвентистердин кабарын кабыл алгандар, ушундай улуу алкышка ээ болушкан. Алар ар кандай жыйындардан чыгышкан, бирок, алгачында тосуп турган тоскоолдуктар ажыратылды, ишеним жөнүндөгү суроолордогу бөлүнүпжарылуулар, чан сыяктуу сапырылды; жер үстүндө болот деген далилсиз миң жылдык падышачылык, калтырылды; Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү туура эмес көз караштарды жеңип чыгышты; текебердик жана дүйнөлүк кызыгуулар - жоюлду; таарынычтар - кечирилди; жүрөктөр, жакшы баарлашуудан толукшуп турду, жана адамдар арасында сүйүү жана кубаныч орун алды. Эгерде ушул окутуулардын негизинде, Кудайга кайрылган адамдардын арасында, мындан мурдараак өзгөрүүлөр байкалган болсо, анда ошол кезде келгендердин бардыгында, чыныгы өзгөрүүлөр болоору шексиз эле.УК 343.4

    Бирок, жалпысынан жыйындар бул эскертүүлөрдү кабыл алышкан эмес. Алардын дин кызматчылары “Израил үйүнүн сакчылары” сыяктанып, Ыйсанын Келиши жөнүндөгү белгилерди биринчилерден болушуп таанышмак, бирок, пайгамбарлыктардын күбөлөндүрүүлөрүн да, мезгилдин белгилерин дагы биле алышпады. Жердеги үмүттөр жана даража сүйүүчүлүккө умтулуу, алардын жүрөктөрүн толтуруп, ал эми Кудайга болгон сүйүү жана Анын Сөздөрүнө болгон ишеним салкындаган, жана алар качан, Экинчи Келүү жөнүндөгү кабарды угушканда, бул алардагы ишенбестикти жана түркөйлүктү ого бетер күчөткөн. Адвентистердин тараткан кабарлары көпчүлүгү карапайым, жана жогорку билимсиз адамдарга таратылгандыктан, бул насааттарга көңүл бурулган эмес. Байыркы мезгилдегидей эле, Кудай Сөздөрүнүн ачык-айкын күбөлөндүрүүлөрүнө, суроо менен жооп беришти: “Башчылардын же фарисейлердин арасынан кимдир бирөө, ишенип калдыбы?” Жана пай-гамбарлык мезгилдерге негизделген далилдерди жокко чыгаруу менен, көпчүлүк адамдар, пайгамбарлыктарды изилдөөдөн баш тартышкан, жана пайгамбарлык Китептер жабык, ошондуктан аларды түшүнүү кыйын дешкен. Көпчүлүгү , өз дин кызматчыларына ишенүү менен, эскертүүлордү угуудан баш тартышкан, башкалары чындыкты билишсе дагы, “синагогадан чыгып калуудан” коркушкандыктан, ачык кабыл алуудан коркушту. Теңир аркылуу жиберилген, Жыйынды сьшоо жана тазалоо үчүн жиберилген кабар, Машаякка караганда, дүйнөлүк жыргалчылыктарды издегендердин саны канчалыктуу көп экендигин, көргөздү. Аларды Асманга тартуу үчүн болгон аракеттерге Караганда, жердик нерселерге байлануу, алда канча күчтүү бөлдү. Алар өздөрүнө дүйнөлүк даанышмандыкты кабыл алышып, жана жүрөктөрдү сыноочу чындыктын кабарынан баш тартышкан.УК 344.1

    Биринчи периштенин эскертүүчү кабарын кабыл алуудан баш тартуу менен, адамдар өздөрүн ондоо үчүн Асман аркылуу дайындалган нерселерден куру калышты. Чыныгы Күбө алардын жашоосундагы, аларды Кудайдан ажыратып турган нерселердин бардыгынан ажыраткысы келген, бирок алар, жек көрүү менен Андан өз жүздөрүн тескери бурушуп, дүйнөлүк нерселер менен, баштагысынан дагы катуу досгошуп, кеңеш түзө башташты. 1844-жылы жыйындар кабылып калган, баш тартуу жана руханий караңгылыктардын коркунучтуу себеби, мына ушунда болгон.УК 344.2

    Аян Китебинин 14-баптарында, биринчи периштенин артынан, экинчи периште мындай деп айтканын окуйбуз: “Кулады, улуу шаар Вавилон кулады, анткени ал, өзүнүн бузукулук шарабынан бардык элдерди ичирген”. “Вавилон” деген сөз, “вавил” деген сөздөн келип чыккан, анын мааниси, “аралаш”, “тартипсиздик”. Ыйык Жазууда бул сөз, диний баш тартууларды жана бардык жаңылышууларды билдирет. Аян Китебиндеги 17-бапта, Вавилон аял катарында сүрөттөлөт - бул символ, жыйындарды түшүндүрөт: Таза аял, кемчиликсиз таза Жыйынды билдирген, ал эми, бузулган аял - Кудайдан баш тарткан жыйынды түшүндүргөн.УК 345.1

    Машаяк менен Анын Жыйынынын ортосундагы ыйык жана бекем мамиле, Мукаддаста күйөө колукту катарында сүрөттөлүп берилет. Тенир Өзүн, Өз эли менен салтанаттуу осуятта байлаган. Ал, алардын Кудайы болууга, ал эми алар, Анын эли болууга жана бир гана Ага таандык экендигине убада беришти. Теңир мыдай дейт: “Жана сени менен Мен түбөлүккө никелешем, сени менен Мен чындык, укук, ырайымдык жана боорукердик негизинде никелешем” (Ос. 2:19). Жана дагы: “Мен силер менен айкалышкам” (Иер. 3:14). Жана элчи Павел дагы, ушул окшоштукту Жаңы Осуятта колдонуп мындай дейт: “Себеби мен силерди таза колукту катарында Машаякка берүү үчүн, бир күйөөгө никелеп койдум” (2Кор. 11:2).УК 345.2

    Жыйындардын туруксуздугу, качан ал Машаякка ишенүүсүн токтотуп койгон болсо, жана жердеги жыргалчылыктарга байланса, никенин бузулгандыгына салыштырылат. Кудайдан алыстаган Израилдин күнөөсү, ушундайча сүрөттөлүп берилген. Жана алар баш тарткан, Кудайдын улуу сүйүүсү, төмөндөгүдөй жүрөк толкуткан сөздөр менен сүрөттөлөт: “Жана Мен сага ант берип, биримдик түздүм дейт Кудай Теңир, жана сен Меники болдуң”. “Жана сен өтө эле сулуу болдуң, жана падышалык атак-даңкка жеттиң. Жана өзүңдүн сулуулугуңдун урматына даңкың элдер арасына тарады, себеби, Мен сага кийгизген эң сонун жасалганын натыйжасында, сулуулугуң артып, эч кемтиксиз болдуң, - дейт Кудай Теңири... Бирок сен өз сулуулугуңа таянып, даңкыңан пайдаланып, бузуктук кыла баштадың”. Бирок, чын-чынына келгенде, аялы жүүзү каралык менен өз жан жолдошуна арам ойлуулук кылган сыңары, Израил тукуму, силер дагы Maгa ошондой арам ойлуулук кылдыңар, дейт Теңир” (Иез. 16:8,13-15; Иер. 3:20).УК 345.3

    Жаңы Осуятта дагы, Кудайдын ырайымынын ордуна, дүйнө менен достошуп кеткен ишенүүчулөргө, элчи ушул сыяктуу сөздөр менен кайрылат: “Бузулгандар жана бузукулук кылгандар! Дүйнө менен болгон достук Кудайга кастык экендигин билбейсицерби? Демек, кимде-ким дүйнө менен дос болгусу келсе, ал Кудайдын душманы болот” (Жакып 4:4).УК 346.1

    17- баптагы, аял (вавилон) “кара кочкул жана кызылга кийинип, алтын, бермет, кымбат баалуу таштар менен кооздолгон; жана өзүнyн бузуктугунун ыпыластары жана жийиркеничтер менен толтурулган алтын чөйчөк өз колунда кармап алган; жана анын бешенесине бир ысым жазылган; жашыруун сыр: улуу Вавилон, жердеги бузук аялдардын жана жийиркеничтүү нер-селердин энеси”. Пайгамбар айтат: “Бул аялдын, касиеттүүлөрдүн жана Ыйсанын күбөлөрүнүн канына тоюп турганын мен көрдүм”. Жана Вавилон мындайча көргөзүлөт “жердеги падышалардын үстүнөн бийлик кылган улуу шаар” (Аян. 17:4-6,18).УК 346.2

    Христиандардын падышалары, көп деген жылдар баш ийип келген бийлик, - бул Рим. Кара кочкул жана кызыл, алтын бермет, жана асыл таштар - булардын баары, римдин улуулугун жана текебердигин сүрөттөйт. Жана башка эч кандай бийлик туурасында, “ыйыктардын канына тойгон”, - деп айта албайсың. Бир гана Рим өзүнүн үрөйдү учурган катаалдыгы менен, Машаяктын жолдоочуларын куугунтуктаган. Вавилон андан тышкаары “жердеги падышалар” менен, мыйзамсыз байланышкандыгы туурасындагы күнөө менен айыпталат. Иудейлердин жыйыны, Теңирден алыстап, бутпарастар менен биргелешип кеткендиктен, бузукулук кылган бoлyп саналган. Жана Рим дагы, жердеги падышалардан жардам сурагандыктан, ушул сыяктуу эле бузукулук кылып, жана айыптоого кабылган.УК 346.3

    Вавилон “бузулгандардын энеси” катарында сүрөттөлүп айтылган. Бул жерде айтылган кыздар, анын окутуусун карманып, жана жолжобо эрежелерин сактагандар, жана анын жолун жолдоп, жердегилер менен мыйзамсыз байланыштарды түзүү үчүн, Кудайдын ырайымын жана чындыгын курмандыкка чалышты. Аяндагы 14-бапта, Вавилондун кулашы жөнүндө айтылган, бул, башта таза жүрүшүп, бирок кийинки мезгилдерде бузукулуктүн жолуна түшүп кеткен, диний уюмдарга таандык. Бул кабар, сот жөнүндөгү айтылган кабардан кийин жарыялангандыктан, ал акыркы мезгилге таандык бoлyп эсептелет. Ошондуктан, бул кабар бир гана римдик-католик чиркөөсүнө гана таандык эмес, анткени бул чиркөө, көп деген жүз жылдар аралыгында, жийиркеничтин ичинде жүргөн. Андан тышкаары, Аян Китебиндеги 18- бапта, Кудайдын элине, вавилондон чыгууга чакырык салынып жатат. Ушул аяттын айтуусуна кара-ганда, көпчүлүк Кудайдын уулдары, баштагысындай эле вавилондо калып жатат. Ыйса Машаяктын жолдоочуларынын көпчүлүк бөлүгү, кайсыл диний уюмга таандык? Албетте эч күмөнсүз протестант жыйындарына. Реформациянын жаңыдан аткан таңында, бул жыйындар Кудай жана чындык тарапта болушкан, жана Анын алкыштоолору аларды коштоп жүргөн. Жада калса, дүйнөдөгү ишенбеген адамдар дагы, Жакшы Кабардын көрсөтмөлөрүн кабыл алуунун аягы, жакшылык менен аяктаарын көрүп турушкан. Израил пайгамбары мындай деп айтат: “Жана өзүңдүн сулуулугундун урматына, даңкың элдер арасында тарады, себеби, Мен сага кийгизген эң сонун жасалганын натыйжасында, сулуулугуң артып, эч кемтиксиз болдуң, дейт Кудай Теңири”. Бирок алар, бир кезде Израил өзүнө каргыш жана өлүм тандап алган, күнөөлөрдү жана жагымдуу нерселерди, тандап алышты, - алар адилетсиздердин каадасалттарын карманууга жана алар менен достошууга аракеттенишкен. “Бирок сен өз сулуулугуңа таянып, даңкыңан пайдаланып, бузуктук кыла баштадың” (Иез. 16:14,15).УК 346.4

    Көпчүлүк протестанттар жыйындары, римдин өрнөгүн алууда, “жердик падышалар” менен мыйзамсыз кеңеш түзүшүп, - мамлекеттик жыйындар муну, мамлекеттик бийликке байланыштыруу үчүн кылышса, ал эми башка диний уюмдар, дүйнөгө жагынуу үчүн кылышууда. Жана “Вавилон” деген сөз, б.а. “аралашуу”, бул жыйындарга дал келип отурат. Алар өз окутууларын Ыйык Жазууларга негиздедик дегени менен, алар көп сандаган секталарга бөлүнүшүп, өз oй-жүгүртүүлөрүндө, бири-бирине карама-каршы турушат.УК 347.1

    Римден бөлүнгөн жыйындар, дүйнө менен күнөөлүү байланыш түзүп коюп тим болбостон, анын башка дагы жийиркенерлик, сапаттарын кабыл алышкан.УК 347.2

    Бир католик жазуучусу, мындайча oй-жүгүртөт: “Эгерде римдиктердин чиркөөсү, ыйыктарды кастарлоо менен, жалган кудайларга табынуусу менен күнөөлүү болсо, ал эми анын кызы, англиялык жыйын, ошол эле күнөөгө айыптуу, алар Марияга арнаган он жыйын ачса, Машаякка арнаган бир гана жыйын ачат” 316Ричард Чаллонер; “Каголикгерге наса-ат”, алгы сөз. 21.22-бет..УК 347.3

    Доктор Хопкинс өзүнүн “1000 жылдык падышалык”, деген баракчасында, мындай дейт: “Машаякка каршы рух жана анын иштери, бир гана римдиктердин жыйындарына гана таандык, деп айтууга эч кандай негиз жок. Анткени Машаякка каршы рух протестант жыйындарында дагы, ыйыктыктан жана адеп-ахлактын тазалыгынан алыc, ишин жасап жатат” 317Семюэль Хопкинс, Чыгармалар 2-том, 328-бег..УК 347.4

    Пресвитериандык жыйындын римден бөлүнүп кеткендиги жөнүндө, доктор Гутри мындай деп жазат: “Биздин жыйын 300 жыл илгери, Рим дарбазасынан, колуна ачык Мукаддас кармап, жана өз туусун көтөрүп, “Ыйык Жазууларды изилдегиле”, деген өз ураанын айтып чыккан”. Андан кийин ал, көп түрлүү мындай суроо берет: “Биздин жыйын вавилондон таза бoлyп чыктыбы?” 318Томас Гутри, “Иезекиил Китебиндеги Жакшы Кабар”, 237-бет..УК 347.5

    “Англиялык жыйын, - дейт Сперджен, - каада-салттарга берилип кеткендей сезилген, ал эми андан бөлүнүп кеткендери, өз кезегинде, философиялык ишенбестикке берилип кетишти. Биз көп нерселерди күткөндөр, биринин артынан бири, ишенимдин негизинен баш тартышты. Англия өз ичинде Кудайсыздыкка толгондугун, мен кайрадан-кайра билип турдум, жана кафедрага чыгып алып, мен чыныгы христианмын, дегенге батынышат”УК 348.1

    Бул улуу баш тартуулар кантип башталды эле? Алгачкы Жыйын, Жакшы Кабардын чындыктарынан алыстап кетиши, кандайча бoлдy? Жооп бирөө: бутпарастарды ишенимге киргизүү аракетинде, жыйын бутпарастардын жөрөлгөлөрүн колдоно баштаган. Элчи Павел өз кезинде мындай деп айткан: “Мыйзамсыздыктын жашыруун сыры, азыр аракеттенип жатат” (2Фес. 2:7). Элчилердин мезгилинде Жыйын, өз тазалыгын кынтыксыз сактап келген. Бирок, “ІІ-жүз жылдыктын аягында, көп деген жыйындар өзгөрүлө баштады: баштагыдай жөнөкөйлүк байкалбай калды, жана билинбегендик менен, ишенимдүү шакирттер өлө баштап, алардын ордун, жаңы кайрылган башка муундагы адамдар ээлешкен... алар бардыгын өздөрүнүн билгениндей жасай башташкан” 319Роберт Робинсон, “Жыйындагы изилденуу”, 6-бап, 17-пар, 51-бет.. Жаңы кайрылган адамдарды кармап калуу үчүн, христиандык жогорку көрсөтмөлөр төмөндөтүлдү, “жана бутпарастардын чоң агымдары Жыйынга агып кирди, жана өздөрү менен кошуп өз жөрөлгөлөрүн, каада-салттарын жана кызыгууларын ала киришкен” 320Гавази, “Лексиялар” 278-бет.. Качан христиан жыйындары көпчүлүк адамдар тарабынан кабыл алынып, жана мамлекеттик бийликтин колдоосуна татыктуу болгондон кийин, ал көпчүлүк адамдар аркылуу үстүртөн гана кабыл алынган., көпчүлүгү сырткы көрүнүшүнөн гана христиан болгондору менен, чындыгында “жашыруун өз жасалма кудайларына табынган, чыныгы бутпарас бойдон калышкан” 321ошол эле жерде..УК 348.2

    Өздөрүн протестанттык деп эсептеген ар бир жыйында, ушундай нерселер бoлyп жаткан жокпу? Качан алардын негизин курган, чыныгы реформанын руху менен жетектелген адамдар, дүйнөдөн кайтканда, алардын иштерин улантуучулар, “бардыгын өздөрүнүн көз карашына бурушкан”. Өз аталарынын ишенимдерине карманышкандыктан, жана бардык чындыктарды кармануудан баш тартышкандыктан, реформаторлордун муундары өз момундуктары, жана керт башынын кызыкчылыктарын ойлобогондугу, жана бул дүйнөдөн баш тарткандыктары менен, өз аталарына окшошо алышпады. Ушундайча “баштагы тазалык жок бoлyп кетти”. Мамлекеттик агым Жыйынга кирип келип, “өз каада-салттарын, жөрөлгөлөрүн жана кызыгууларын киргизди”.УК 348.3

    Тилекке каршы! Машаяктын жолдоочуларынын дүйнө менен болгон бул байланышы, “Кудайга карата душмандык” бoлyп, азыркы мезгилде бекемделип жатат. Жалпы адамдар аркылуу кабыл алынган жыйындар, бүт дүйнө боюнча, Мукаддастагы сылыктыктан, өз керт башынын камын көрбөгөндүктөн, жөнөкөйлүктөн жана таакыбалыктан, алыстап кетишти! Джон Уэсли, акча каражатын туура пайдалануу жөнүндө, мындай деп айтат: “Бир дагы тыйыныңарды көз кумарыңарды кандыруу үчүн, кымбат баалуу кийимдерге, кереги жок жасалгаларга, сарп кылбагыла. Өз үйүңөрдүн жасалгалары үчүн, кымбат баалуу эмеректер үчүн, кымбат баалуу сүрөттөр үчүн, жана алтын шылдырактарга ж.б.у.с. бир дагы тыйыныңарды сарп кылбагыла. Өз текебердигиңерге жол бербестен, адамдардын суктанууларына жетүүгө аракеттенгиле... Сен өзүң жөнүндө гана кам көрө тyрган болсоң, адамдар балким сени жакшы дешээр. Жана сен ак кийим жана падыша кийиминдей кийимдерди кийинип жүргөнүндө, албетте көпчүлүк адамдар сенин жүрүшүндү жана сенин берешендигинди, меймандостугунду макташаары шексиз. Бирок, алардын мактоолорун мынчалык кымбат баага сатып алба. Теңирдин кубаттоосуна ыраазы болгондук алда канча артык” 322Уэсли. Чьи армапар. 50-насаат “Акчаны пайдалануу”.. Бирок, биздин кездеги көп сандаган жыйындарда, бул насааттарга көңүл бурулбай калган.УК 349.1

    Дүйнөдөгү көп сандаган адамдар, тигил же бул диний ишенимдерге карманышууда. Башкаруучулар, саясатчылар, мыйзам чыгаруучулар, окумуштуулар, соодогерлер Жыйындарга бир гана максат менен киришет, коомчулуктун сый-урматына ээ бoлyy, жана өздөрүнүн керектүү каражаттарынын жакшырышы максатында. Өздөрүн ишенүүчү адамдарбыз деп жарыялоо менен, алар өздөрүнүн көрүнбөгөн иштерин жаап жашырышат. Ар-кандай диний уюмдардын күчтүүлүктөрү байлыкка жана бай жыйын мүчөлөрүнүн таасирине байланыштуу. Көп адамдар жүргөн көчөлөрдө, өтө кооз чоң ибадатканаларды тургузушат, жана кымбат баалуу кийимдерди кийинишкен, моода кубалашкан келгиндерге толтурушат. Көпчүлүктү суктандырган өзүнө тарткан дин кызматчыларга, көп сандагы каражат төлөшөт, жана андан күнөөлөрдү айыптабаган насааттарды күтүшөт, анын насааттары сылык жана музыканын коштоосу менен болуусун каалашат. Ушундайча кимдин күнөөлөрү белгилүү болгондор, жыйындын тизмесине илинишип, ал эми алардын жасаган күнөөлөрү, адилеттиктин маскасына жашырынат.УК 349.2

    Азыркы мезгилдеги христиандардын коомчулукка болгон мамилеси жөнүндө, көрүнүктүү бир жазуучу, мындай деп жазат: “Жыйын билинбегендик менен, мезгилдин рухуна баш ийүүгө аргасыз бoлдy, жана өз кызматтарын азыркы сурнычтарга негиздешкен. Жыйын азыркы мезгилдерде, динди кызыктыруучу кылуу аракеттери үчүн, болгон күчтөрүн жумшоодо”. Нью - Йорктогу “Индепендент” журналы методистер жөнүндөгү өздөрүнүн оюн мындайча билдирет: “Кудайдан корккон адамдар менен Кудайды тааныбаган адамдардын анча-мынча айырмачылыгы, өчүп бара жатат. Эки тараптагы тырышчаак адамдар, алардын ортосундагы ар-кандай айырмачылыктар, жүрүм-турумдар жана көңүл ачуулар өчүп жок болушу үчүн, болгон аракеттерин жумшоодо. Диндин таанымалдыгынын өсүүсү, анын артыкчылыктарын пайдалангылары келген адамдардын аркасында гана жогорулоодо, бирок алар өздөрүнүн ишенүүчүлүк мил-деттерин аткаргылары келишпейт”.УК 350.1

    Ховард Кросби мындай дейт: “Машаяктын Жыйыны, Кудайдын каалоосун ушунчалык аз гана актап жаткандыгы, бизди катуу ойго салат. Байыркы иудейлер дагы, бутпарас адамдар менен тыкыз баарлашууда болгондуктан, Кудайга жана Анын чындыктарына өз салкындыгын көргөзүшкөн... ошондой эле азыркы мезгилдеги Машаяктын Жыйыны дагы, адилетсиз дүйнөлүк адамдар менен достошууга аракет кылгандыктан, таакыба өмүрдөгү Кудайдын көрсөтмөлөрүн беришип, алардын ордуна Кудайды тааныбаган коомчулуктун үрп-адаттарын кабыл алып жатышат. Алар көпчүлүк учурларда, таакыба болуп көрүнүшөт, өздөрүнүн маңызы жана руху боюнча, Кудайдын аяндарына, Анын ырайымынын өсүшүнө каршы” 323“Дени сак христианин: жыйыша чакырык”, 141,142-бет. Дүйнөлүк көңүл ачуулардын агымынан, жакшы иштерди жасоо, өзүнүн кызыкчылыктарынан баш тартуу, Машаяк үчүн өзүн курмандыкка арноо сапаттары, жокко чыгарылууда. Энди болсо, качан каражат керек болгондо, эч кимди курман чалууларга чогулта албайсың. Албетте жок! Жарманкелер, кыялдануулар, сот иштери, театрга байланыштуу майрамдар - адамдардын көңүлдөрүн ачуу үчүн гана өткөрүлүүдө”.УК 350.2

    Губернатор Висконсина Уошборн өзүнүн жыл сайын өткөрүлө турган чакырыктарында 1873-жылы 9-январда мындай деп айткан: “Карта ойноочуларды өстүрүп жаткан мектептерди жабуу үчүн, кандайдыр бир мыйзам талап кылынып жатат. Бул жамандык бардык жерге таратылып кетти. Жада калса жыйындар дагы шайтандын иштерин аткарууда. Жакшылык үчүн уюштурулган концерттер, жана лотереялар, аукциондор, сыйлык пакеттери жана башкалар - булардын бардыгы, бел оорутпай акча табуунун жолдору. Ушул жакшылык иштерине деп, өз соодаларын кылган кадырлуу адамдар, түшкөн каражаттар жакшы иштерге барат, дешип өз абийирлерин сооротушат. Штаттын жаштары, ушул кумарлуу оюндардын аркасында, коркунучтуу сапаттарга ийкемдүү бoлyп калгандыгына, таң калууга болобу?”УК 350.3

    Бардык христиандык жыйындар, дүйнө менен ынтымакташып, аларга жакындоодо. Роберт Аткинс, өзүнүн Лондондо айткан насааттарында, Англияда өкүм сүрүп алган, руханий төмөндөөнүн караңгылыктарынын көңyл чөгөрүүчү абалын, мындайча сүрөттөйт: “Чыныгы таакыба адамдар жер үстүнөн жоголуп бара жатат, жана бул нерселерди эч бир адам жүрөгүнө туюнган жок. Христиандыкты кабыл алган ар-кандай жыйындар, биздин мезгилдерде, дүйнөлүк жашоо менен аралашып кетишкен, жердик жыргалчылыктарды жактырышып, жана көрүнүктүү болгулары келишет. Машаяк менен бирге азап тартууга чакырылгандар, кичинекей бир жемеге туруштук бере алышпай солкулдашат... Ар бир жыйындын эшиктеринде “баш тарткандар, баш тарткандар”, деп жазылып турат. Жана эгерде алар ушуну сезише турган болсо, анда дагы үмүт болмок, бирок - аттигин ай! Алар катуу үн чыгарышып, мындай дешкен: “Биз байбыз, биздин жакшы кыла турган иштерибиз арбыйт, жана биз эч нерсеге муктаж болбойбуз” 324Экинчи Келуунун библиотекасы, № 39-трактат..УК 351.1

    Вавилондун улуу күнөөсү, “бардык адамдарды өз кумарлуу шарабынан ичиргендигинде”. Бул табак, жалган окутууларды, бул дүйнөгө алып келип маc кылган, Вавилондун өз мыйзамсыздыгында тапкан, жана бул дүйнөнүн атактуулары менен болгон байланышуулары. Дүйно менен болгон достук, ишенимди кыскартат, жана ал адамдар бул дүйнөгө, Кудай Сөзүнүн ачык талаптарына карама-каршы келген, өлтүрүүчү окутууларды таратышат.УК 351.2

    Рим адамдардан Мукаддасты жаап-жашырышкан, жана Анын ордуна, адамдарга өз доктриналарын сунуштаган. Реформациянын урматына, адамдарга Кудай Сөзү кайтарылып берилди. Бирок азыркы жыйындар, Ыйык Жазуунун ордуна, ишеним негиздерине жана жыйындын жөрөлгөлөрүнө ишенүүгө чакырып жатышкан жокпу? Чарльз Бичер протестант жыйындары жөнүндө сөз кылып жатып, буларды байкаган: “Алардын окутууларын айыптаган ар бир сөз аларды ардантып турат. Алар бул жагынан, чиркөөнүн ыйык аталары сыяктуу, сезгич келишет, жана ар бир азап чегүүчүлөр аркылуу айтылган сөздөрдү, калчылдамайынча уга алышкан эмес... Протестантардын ар түрдүү багыты, бири-биринин колдорун, жана өздөрүн ушунча ийгиликтүү байлаштырып койгондуктан, алардын арасына барып эч ким насаатчы боло албайт, андыктан ага Мукаддастан тышкаары, башка китептерди дагы кабыл алуусу зарыл... Ошондуктан, алар, бир кезде Рим кылгандай, өз доктриналарынын авторитетин жогору баалашып, ал эми Мукаддасты жашырышат, деп айтсак, аша чапкандай болбойбуз, бирок муну алар, жымсалдоо менен жасашат” 325Индиана штатындагы Форд-Уэйнде айтылган “Мукаддас бардык керект\ диний ишенимди камтыйт”,.УК 351.3

    Качан ишенимдүү окутуучулар Кудай Сөзүн түшүндүрө башташканда, ушул эле мезгилде билимдүү адамдар жана дин кызматчылар пайда бoлyшyп, Кудай Сөзүн биле тургандыгын эскертишет, жана түшүнүктүү окутууларды, жалгандык менен талкуулашып, чындыкты издегендерди жолдорунан бурушат. Эгерде дүйнө, вавилондун шарабына маc болбой турган болсо, анда көпчүлүк адамдар Кудайга кайрылышып, жана Кудайдын ачык жана белгилүү чындыктарын кабыл алышмак. Бирок диний окутуулар, түшүнүксүз жана чырмалыш болгондуктан, адамдар эмнеге ишенерин билишпей калышат. Кайрыла элек дүйнөнүн күнөөлөрү, жыйындардын эшик алдында жатат.УК 352.1

    Аян Китебинин 14-баптагы экинчи периштенин кабары, биринчи жолу 1844-жылдын жайында насаатталып айтылган, ал кезде бул кабар, руханий төмөндөөгө кабылган, жана эскертүүлөр бардык жерлерде четке кагылган, Кошмо Штаттардын жыйындарына багытталган. Бирок, бул экинчи периштенин кабары, 1844-жылы өз толуктугуна жеткен эмес. Ал учурда жыйындар, адвентистердин кабарын кабыл албагандыктан, адеп-ахлагы жагынан төмөндөөлөргө кабылган эле. Бирок бул жыгылуулар менен баары бyтүп калган жок. Өз учуру үчүн берилген өзгөчө чындыктардан баш тартуу менен, алар төмөндөгөндөн төмөндөдү. Бирок азыр: “Кулады... Вавилон кулады, анткени ал өзүнүн бузукулук кумарлары толтурулган шарабынан бардык элдерге ичирген”. Ал али бул нерселерин жасап бүтө элек. Бул дүйнөгө биргелешүү жана чындыкта сыналуучу илеңсалаңдыктар руху, баштагысындай эле протестант жыйындарында бекемделип жатат, жана буларды, экинчи периште айыптап жатат. Бирок баш тартуу, өзүнүн туу чокусуна жетише элек.УК 352.2

    Ыйык Жазуу мындай деп эскертет, Машаяктын Экинчи Келишинин алдында, шайтан “бардык күчү, белгилери жана жалган ажайыптары менен, жана жок болуучуларды алдаган бардык адилетсиз азгырыктары менен болот. Себеби, алар өзүн куткара турган чындыкты сүйүүдөн баш тартышты”. Алар “адашуунун аракети менен, жалгандыкка ишенишет” (2Фес. 2:9-11). Баштагы айтылган нерселер толугу менен аткарылганча, христиандардын жыйындары дүйнө менен толук бириккенче, Вавилон акырына чейин кулабайт. Жыйындар акырындык менен жаралып жатат, жана Аян Китебиндеги 14-баптагы 8-аяттагы кабар - бул келечекке таандык.УК 352.3

    Вавилон деп аталган жыйындар, руханий караңгылыкка түшүп, Ку-дайдан алыстап кетсе дагы, алардын арасында Машаякты чын жүрөгүнөн изденген, анын жолдоочулары көп. Азыркы мезгилге арналган чындыктар жөнүндө, көпчүлүгү али угуша элек. Көпчүлүк адамдар, өздөрүнүн мурдагы ээлеген ордуларына канагаттанган эмес, толук жарыкты көрүүгө суусап жатышат. Алар, өздөрү бoлyп жатышкан жыйындардан, Машаяктын элесин издеп жатышат. Жана бул жыйындар Машаяктан уламдан улам алыстаган сайын, жана дүйнө менен болгон байланыштары күчөй баштаганда, жыйын мүчөлөрүнүн айырмачылыктары байкала баштайт, жана акыры, бөлүнүү башталат. Кудайды барынан мурда жакшы көргөндөр, “Кудайдын ордуна - ыракат сүйүүчү, алар такыбаа көрүнүшөт, бирок такыбаалыктын кудуретинен баш тарткан” адамдар менен калууну каалашпайт (2Тим. 3:4,5).УК 352.4

    Аян Китебинин 18-баптагы аяттарында, үч жолу берилген эскертүүлөрдөн баш тартуулардын мезгилиндеги Жыйындын кабылган абалы жөнүндө айтылат, жана ошондо, Вавилондо калган Кудайдын элине, ал жерди калтыруу буйрулат. Бул дүйнө үчүн берилген акыркы кабар, жана ал өзүнүн дайындалган ишин аткарат. Ошол кезде “чындыкка ишенбегендер, бирок жалгандыкты сүйүүчүлөр” (2Фес. 2:12), өз жалгандыгында жана адашууларында калышат. Жана Аны кабыл алууну каалагандардын бардыгынын жүрөгүндө, чындыктын жарыгы жаркырайт, жана Вавилондо болгон бардык Кудайдын уулдары, “Андан чык, Менин элим” (Аян. 18:4), деген кабарга, өз көңүлдөрүн бурушат.УК 353.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents