Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    30 Бап — Адам Жана Шайтандын Ортосундагы Душмандык

    “Жана сени менен аял арасын кас кылам, сенин тукумуң менен анын тукумун өч кылам; ал сенин башыңды жанчат, сен анын согончогун чагасың” (1 Муса. 3:15). Адам күнөөгө баткандан кийинки, Кудайдын шайтанга карата чыгарылган өкүмү, акыркы күндөргө чейин камтылган, жер тургундарынын бардыгы катыша турган “улуу күрөш” жөнүндөгү пайгамбарлык дагы болуп эсептелет.УК 454.1

    Кудай мындай дейт: “Мен кас кылам”. Бул кастык адамга көрүнө тургандай бoлyп жүргүзүлбөйт. Качан адам Кудайдын мыйзамын бузганда, анын жаратылышы күнөө менен булганып калган, жана ал эми шайтан менен бирдикте кызмат кыла баштады. Албетте күнөөкөр адам менен, күнөөгө азгыруучунун ортосунда эч кандай душмандык болушу мүмкүн эмес. Тигил дагы, бул дагы , Кудайдын чындыгынан баш тартышып күнөөлү бoлyп ка-лышты. Жана ошол мезгилден тартып улуу чагымчыл, ага азгырылгандар анын ишин жасаганда гана тынч албаса, өз тынчтыгын жоготуп койгон. Ошондуктан күнөөгө баткан периштелер менен адилетсиз адамдар, мыйзамсыз келишимде биригишип турушат. Эгерде Теңир бул көрүнүштөргө кийлигишпей турган болсо, анда шайтан менен адам биргелешип Асманга карата күрөшүүгө чыгышмак.УК 454.2

    Асманга каршы күрөшүүгө кенешчилерди табуу максатында, шайтан адамдарды, бир кезде периштелерди азгырган сыяктуу, азгырып кетти. Шайтан жана анын периштелери дагы Машаякты абдан жек көрүшкөн; башка бардык суроолордо алардын көз караштары келишкен эмес, Ааламдын Падышасы менен гана күрөшүү аларды бириктирип турган. Бирок шайтан аял менен анын, анын тукуму менен аялдын тукумунун ортосундагы кастык болоору жөнүндөгү кабарды укканда, анын адамзаатты бузуу аракеттеринен эч нерсе чыкпай калгандыгын, жана адамдар эми ага карата каршылык көргөзө тургандыгы жөнүндө, күч аларын түшүндү.УК 454.3

    Шайтандын адамдарга карата болгон душмандыгы күчөнгөндөн -күчөнүүдө, анткени Машаяк адамдарга Кудайдын ырайымын жана сүйүүсүн алууга жардам берди. Ошондуктан ал, Кудайдын куткарып алуу планына тоскоолдук кылгысы келип, Анын кадырына көлөкө салат, жана Анын Кол иштеринин түрүн бузуп, булгайт; Асман тyргундарын кейитет жана жер тургундарын кайгыга салат. Жана ал, ушул жасалып жаткан жамандыктардын бардыгы, Кудайдын адамдарды жараткандыгында, деп айыптайт.УК 454.4

    Машаяк адамдардын жан дүйнөсүнө тартуулаган ырайым, шайтанга айыгышкан душман кылат. Бул өзгөртүүчү ырайымсыз жана жаңыртуучу күчсүз, адам биротоло шайтандын туткунунда, кул жана берилген кызматчы бoлyп, өз кожоюнунун буйруктарын кыйшаюсуз аткарууга даяр болмок. Бирок берилген жаңы негиздер, адамдын күнөөлү тынчтыгын бузуп, аны күрөшүүгө тартат. Машаяк адамга, баскынчы жана зөөкүргө каршы туруу үчүн, күч тартуулайт. Жана ошондо гана адам күнөөгө болгон тартылуусун калтырып, аны жек көрө баштайт; башта кабыл алып алган кумарды жеңет, - ошону ме-нен ал, анда жогорку күч аракеттенип жаткандыгын көргөзөт.УК 455.1

    Машаяктын Руху менен, шайтандын рухунун ортосундагы келишпес карама-каршылыктар, Машаякты дүйнө кандай кабыл алгандыгында, өзгөчө ачык көрүнгөн. Ал, бул дүйнөгө байлык менен келбегендигинен гана, Иудейлер Аны кабыл албай койгон эмес. Алар, бул көрүнө турган артыкчылыктарды жаап коё турган, Анда күч бар экендигин дагы көрүшкөн. Машаяктын Тазалыгы жана Ыйыктыгы, мыйзамсыздардын көрө албастыгын жандандырды. Анын Өз керт башын ойлобогон жана Кудайга болгон чексиз берилгендиги, бул текебер жана атак данкты сүйгөн калкка, ар-дайым жеме бoлyп тyрду. Бул нерселер, Кудайдын Уулуна болгон душмандык мамилени туудурган. Адилетсиз адамдар менен шайтан жана анын шабырлары биригишкен. Баш тартуучулуктун бардык күчү жана кайраты, чындыктын Коргоочусуна каршы күрөшүүгө аттанган.УК 455.2

    Ошондой эле душмандык, Машаяктын жолдоочуларынын арасында дагы көрүнүп турду. Күнөөнүн жийиркенич экендигин билип, жана Асмандын жардамы менен, азгырыкка каршы күрөшүүгө аракет кылгандардын бардыгы, шайтандын жана анын жактоочуларынын ачуусун келтирет. Чындыктын таза негиздерине болгон көрө албастык, анын коргоочуларына карата уюштурулган куугунтуктоолор жана айыптоолор, жер үстүндө күнөөкөрлөр жана күнөө бoлyп жаткан мезгилде, улантыла берет. Машаяктын жолдоочулары менен шайтандын кызматчыларынын ортосунда, эч кандай келишимдүүлүк болушу мүмкүн эмес. Айкаш жыгачтагы азгыруулар, бүгүнкү күндө токтоп калган жок. “Ким Ыйса Машаякта такыбаа бoлyп жашагысы келсе, баары куугунтукка алынат” (2 Тим. 3:12).УК 455.3

    Шайтандын жактоочулары, Кудайдын Башкаруучулугуна каршы болгон, өз бийликтерин жана падышалыгын бекемдеп чыңдоого ар-дайым аракет кылып келүүдө. Бул үчүн алар, Машаяктын жолдоочуларын азгырып жана алардын Кудайды таштап кетүүсүнө болгон аракегтерин жасашат. Алар өз жолбашчысы сыяктанышып, бул максатка жетүү үчүн, Ыйык Жазу-уларды бурмалашып, туура эмес талкуулашууда. Шайтан, Кудайды жамандагысы келгендей, алар дагы Кудай элини жамандаганга аракеттенишет. Машаякты өлтүргөндөрдү жетелеп келген ошол эле рух, Анын жолдоочуларын өлтүргөндөрдү кубатташат. Ушунун бардыгы алгачкы пайгамбарлыкта, алдын ала айтылган: “Жана сени менен аялдын ортосун кас кылам, сенин тукумуң менен, анын тукумун өч кылам”. Бул пайгамбарлык акыркы мезгилдерге чейин созула берет.УК 456.1

    Мындай майдан үчүн, шайтан бардык күчүн үрөп, күрөшкө өзүнүн бардык аскерин салат. Эмне себептен ал, чыныгы каршылыкты жоолуктура албайт? Эмнеге Машаяктын аскери мынчалык илеңсалан, көңүл коош? Анткени алар, өз жаратылышында Машаяктан алда канча алыc, жана Анын Рухуна толгон эмес. Күнөө алар үчүн, алардын Теңирине болгон сыяктуу, жийиркеничтүү жана жагымсыз бoлyп көрүнбөйт. Алар шайтанга, Машаяк көргөзгөндөй, чечкиндүү жана туруктуу каршылык көргөзө албай жатышат; алар жамандыктын өлтүрүүчү абалын, жана күнөөнүн айлакердигин биле алышпай жатышат, анткени, караңгылыктын мырзасын таанууда жаңылышат. Шайтандын жасаган соккулары керектүү тоскоолдук ала элек, анткени анын күчү жана айлакердиги, жана Машаякка жана Анын жолдоочуларына каршы жасалып жаткан улуу майдан туурасында, бизге толук маалым эмес. Азгырык жөнүндө көптөр, өтө көптөр көп жаңылышат. Алар, алардын душманы - бул өз периштелерине бийлик жүргүзгөн, жана Машаякка каршы адамдардын куткарылуусу үчүн, ар-кандай пландарды ойлоп тапкан, белгилүү аскербашчысы экендигин билишпейт. Ишенген адамдар жада калса Жакшы Кабардын кызматчылары дагы, шайтандын тымызын жасаган иштери жөнүндө аз айтышып, кээде гана аларды эскере кетишет. Алар, анын ар-дайым жасап жаткан иштерин жана ийгиликтерин күбөлөндүрүүнү, көңүлүнө алышпай жатышат. Жана адамдар анын көп сандаган айлакер иштерине маани беришпестен, жана анын бар экендигине дагы кабатыр болушпастан калышууда.УК 456.2

    Адамдар анын иштерин билбестик менен жүргөн мезгилде, бул каардуу душман алардын ар бир кадамында аңдуу салат. Ал, алардын үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишет; аны бардык шаар көчөлөрүнөн жолуктурууга болот; ансыз сыйынуу чогулуштары, мамилекеттик кеңештер, соттук чечимдер өткөрүлбөйт; ал бардык жерге кийлигишип турат, адамдарды чуулганга салып, жолдон чыгарат, жанды дагы, денени дагы талкалайт, үйбүлөнү бузуп, жана көрө албастык туудурат, кастык, эрегишүүчүлүк, козголоңчулук жана өлүм алып келет. Ал эми ишенген адамдар, ушунун бардыгын боло турган нерселер катары кабыл алышып, мунун бардыгы Кудай аркылуу бешенеге жазылып калган, деп эсептешет.УК 456.3

    Ал ар дайым, Кудай элин басып алууну каалап, аларды бул дүйнөдөн бөлүп турган тоскоолдуктарды талкалоодо. Байыркы Израил, бутпарастар менен болгон тыюу салууларга жакындагандыктан, күнөөгө батышкан. Ошол сыяктуу азгырыктардан азыркы кездеги Израил дагы, алыc эмес. “Көрүнбөгөн Кудайдын Кебетеси болгон Машаяктын даңкы жөнүндөгү Жакшы Кабардын жарыгы аларга тийбеш үчүн, бул дүйнөнүн кудайы, ишенбегендердин акылын кор кылды” (2Кор. 4:4). Ким Машаякка чын жүрөгүнөн берилбесе, алардын бардыгы шайтандын кызматчылары болуп саналаат. Эгерде адам жүрөгүнө чындыктын жарыгы кирбеген болсо, ал сөзсүз түрдө күнөөгө тартылат, жана аны жылмалап, жаап жашырууга умтулат. Ал эми жүрөгү жацырган адам күнөөнү жек көрөт, жана ага чечкиндүү түрдө каршылык көргөзөт. Качан ишенген адамдар, адилетсиз жана ыймансыз адамдардын жыйынын жактыра турган болсо, анда ал ошону менен өзүн коркунучка кириптер кылат. Шайтан кылдат жана жашыруун тузактарынын жардамы менен, чындык нерселерден алардын көзүн жабат. Жана алар, коомчулук аларга жамандык таасирин берип жатышкандыгын билишпестен, аларга мүнөзү, сөзү жана жасаган иштери боюнча окшошо башташат, көздөрү жамандыкты көргөнгө жараксыз бoлyп, чындык менен жалгандыкты ажыратып билүү жөндөмдүүлүгүн жоготушат.УК 457.1

    Дүйнөлүк адеттерди кабыл алуу менен, Жыйын дүйнөнү Машаякка жакындаткандын ордуна, дүйнөгө жакындап бара жатат. Күнөөгө карата болгон жакындык, анын жийиркеничин жоготот. Ким шайтандын кызматчылары менен баарлашууну каалай турган болсо, көп узабастан алардын кожоюну менен баарлашуудан дагы коркпой калышат. Качан биз өз милдетибизди аткарып жатып, Даниил пайгамбар падыша сарайында сынакка кабылгандай, сынала турган болсок, анда Теңир бизди коргоп кала тургандыгынан күмөн санабасак дагы болот; бирок, эгерде биз азгырыкты көздөй өзүбүз бара турган болсок, эртедир же кечтир, жыгылаарыбыз анык.УК 457.2

    Азгырык көпчүлүк учурда, кимди күнөөнүн кyлy деп күмөн санабаган адамдар аркылуу, көп аракеттенет. Таланттуу жана билимдүү адамдар албетте кадырлуу жана сыйлуу болушат, бул артыкчылыктар, Кудайдын жоктугун толуктап жана Теңирдин ырайымына ээ болтурган сыяктанып сезилиши мүмкүн. Талант жана маданият чындыгында Кудайдын белектери бoлyп саналат, бирок биз алар менен такыбаалыкты табабыз дей турган болсок, эгерде бул сапаттар, адамдарды Кудайга жакындатуунун ордуна, аларды Кудайдан ажырата турган болсо, анда ал сапаттар каргыш жана адаштыруучу бoлyп калат. Көпчүлүк адамдар, жогорку маданияттуулук жана абдан жакшы адат, адамдын Машаякка жакындыгы жөнүндө күбөлөндүрөт, деп түшүнүшөт. Бул терең жаңылыштык. Ушул сыяктуу сапаттар ар бир Машаякка ишенген адамдарды жасалгалап турушу керек, анткени алар, чыныгы динге карата ийгилик алып келүү үчүн жакшы кызмат кылат, бирок бул сапаттар Кудайга арналышы зарыл, антпей турган болсо, булар жамандыкка алып баруучу күч болуп калат. Кээде, жөндөмдүү, жогорку маданияттуу, коомчулуктун бузукчулугунан өзүн карманган адам, шайтандын абдан такшалган курч куралы бoлyп калышы дагы мүмкүн. Алдамчы таасир жана мындай адамдын үлгүсү, билимсиз жана маданиятсыз адамдарга Караганда, Машаяктын коркунучтуу дуг маны кылат.УК 457.3

    Чыныгы сыйынуу жана Кудай менен баарлашуудан Сулайман пайгамбар, бүт дүйно суктанып жана таң кала турган даанышмандыкка жеткен. Бирок, качан ал күчтүн Булагынан баш тартып кеткенде, жана бир гана өзүнүн акылына таяна баштаганда, азгырыктын курмандыгы бoлyп калган. Жана ушул даанышман падышага берилген жөндөмдүүлүк, адамдардын өмүрүн талкалоочу куралга айланган.УК 458.1

    Шайтан ар-дайым адамдардын акылын көр кылууга аракеттенет, бирок Машаяк жолун жолдогон адамдар өз күрөшүн адамдар менен эмес, “бирок караңгы кылымдын бийлик башындагыларына, Асман алдындагы жаман жиндерге каршы” (Еф. 6:12), жүргүзүп жатышкандыгын ар-дайым билип турушу керек. Көп кылым мурдараак бизге мындай эскертүүлөр айтылып калтырылган: “Эстүү болгула, сергек болгула, себеби душманыңар шайтаң, айкыруучу арыстандай, кимди жутуп жиберсем деп издеп жүрөт” (1 Петр. 5:8). “Шайтандын арамза иштерине каршы туруу үчүн, Кудайдын бардык куралына жамынгыла” (Еф. 6:11).УК 458.2

    Адамдын күндөрүнөн тартып, биздин күндөргө чейин, адамдардын душманы зордогондон, өлтүргөндөн жана талкалагандан чарчап чаалыга элек. Эми ал, өзүнүн Жыйын менен боло турган акыркы салгылашуусуна даярданып жатат. Ким Машаяктын артынан ээрчий турган болсо, бул таалыкпаган душман менен салгылашууга чыгышат. Ишенген адам канчалыктуу Кудай Түcпөлүнө окшошууга аракеттене турган болсо, анда ал, шайтандын мээлеген бутасы бoлyп калаары шексиз. Машаяктын Ысымынын урматына кызмат кылууга аракеттенген ар ким, азгырыктын кытмыр иштеринин айыбын ачып, элчи Павелдин, Кудайга кызмат кылуу улуу момундукка байланыштуу “көптөгөн көз жаш жана азгырыктар менен”, деген күбөлөндүрүсүнө кошулушат.УК 458.3

    Шайтан, Машаякка эң эле кытмыр жана күчтүү сынактар менен келген, бирок ар-дайым жеңилүүгө кабылган. Ыйса болсо, биздин ийгилигибиз үчүн салгылашкан: жана Ал аркылуу жетишкен жеңиштер, бизге дагы жeңүүчү болууга жардам берет. Машаяк Ага ким жардам сурап өз колун суна турган болсо, аларга жардам көргөзөт. Адам азгырыкка баш ийүүнү каалабай турган болсо, ал адамды жеңип алууга күчү жетпейт. Ал, адамдын эркинин үстүнөн бийлик кылып, жана аны күнөө кылууга мажбурлай албайт. Ал адамга ар-кандай кыйынчылык алып келгени менен, аны булгап салууга күчү жетпейт. Машаяктын жеңиши менен жанданышып, Анын жолдоочулары эр жүрөктүүлүк жана кайраттуулук менен, күнөө жана шайтанга каршы күрөшүүсү зарыл.УК 459.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents