Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    38 Бап — Акыркы Эckeptyy

    “Ошондон кийин Асмандан түшүп келе жаткан, зор бийлиги бар башка периштени мен көрдүм; анын даңкы менен жер жарык бoлyп жаткан. Ал катуу үн менен мындай деп кыйкырды: кулады, улуу шаар Вавилон кулады, ал жиндердин турак алган жери, бардык таза эмес жиндердин турак жайы, бардык арам жана жийиркеничтүү куштардын тура турган жери бoлдy”. “Жана Асмандан башка үндү мен уктум, Ал мындай деди: Менин элим, бул шаардын күнөөлөрүнө катышпоо жана кырсыктарына кабылбоо үчүн, аң-дан чыккыла” (Аян. 18:1,2,4).УК 541.1

    Бул аят, Аян Китебинин 14-бапында экинчи периштенин, вавилондун кулашы жөнүндөгү жарыясын кайрадан кайталап, Вавилон деген ат менен бириккен ар кандай жыйындарга, кирип кеткен жамандыктарын, бул кабар биринчи ирээт 1844-жылы айтылгандан баштап, эскертет. Бул жерде диний агымдардын үрөйдү учураарлык абалы баяндалган. Ар бир чындыктан баш тартуулар, биротоло өз ишенбестиктеринде калуусу үчүн, адамдарды ого бетер кайгыга салып, алардын жүрөгүн ого бетер карайтат. Кудайдын бир Осуятын талкалоо максатында, Анын эскертүүлөрүнө каршы чыгышып, аны бекем сактагандарды куугунтуктаган абалга бармайынча, алар токтолушпайт. Кудайдын Сөзүн жана Анын элин жек көрүү менен, алар Машаякты дагы барк алышпайт. Качан жыйындар спиритизмдин окутуусун кабыл алышканда, күнөөкөр дене үчүн эч кандай тыюу салуулар жок болот, жана эң жаман жамандыктарды жашырып турган динди, сыртынан гана кабыл алуу өнөкөткө айланат. Спиритизм көрүнгөн ишенимди кабыл алуу, азгыруучу рухтарга жана “жиндердин окутууларына” жол ачып, жыйындарды жамандык кылган периштелердин бийлик жүргүзгөндүгү билинет.УК 541.2

    Пайгамбарлыкта белгиленген Вавилон жөнүндө, мындай деп айтылат: “Анын күнөөлөрү Асманга чейин жеткен, жана Кудай анын адилетсиз иштерин эске алды” (Аян. 18:5). Ал өзүнүн мыйзамсыздыгынын көргөзөт, жана өлүмдүн босогосунда тургандыгын билдирет. Бирок Вавилондо, Кудайдын ишенимдүү адамдары бар, жана Анын сот иштери жүргүзүлө элек-тең мурда, алардын күнөөлөрүнө катышып жана “алардын дартына чалдыкпаш” үчүн, алаp ал жактан чыгарылышы керек. Ошондуктан, Асмандан түшкөн, жана өзүнүн даңкы менен жерди жаркыратып, жана катуу үн менен Вавилондун күнөөсүн эскерткен периште катары символдонгон кыймыл, көтөрүлүшү керек. Бул кабарга байланыштуу мындай деген чакырык айтылат: “Менин элим, андан чык”. Бул кабар үчүнчү периште менен бирдикте, жер тургундарына кайрылган акыркы эскертүү бoлyп саналат.УК 541.3

    Бул дүйнөнү коркунучтуу аяктоо күтүп жатат! Кудайдын Мыйзамдарына каршы, жер шаарынын бийликтери биригишет, жана өздөрү чыгарган мыйзамдардын негизинде, “кичинелерди жана чоңдорду, байларды жана жакырларды, эркин адамдарды жана кулдарды, - бардыгын” (Аян. 13:16), Мыйзамдан баш тартууга, жана жалган ишембини сактап, жыйындын жоболорун сактаганга мажбурлайт. Ким аларга баш ийгиси келбей, мамлекеттик бийликтердин жазасына кабыла турган болсо, акыры өлүмгө та-тыктуу, деп жарыяланышат. Жана экинчи жагында, ким аны бузса Кудайдын каары боло тургандыгын эскертип турган, ишемби күнүндө тынчтыкта болууну талап кылган, Кудайдын Мыйзамы.УК 542.1

    Бардык нерсе ачык жазылган: ким Кудай Мыйзамын тебелесе, жана адамдардын көрсөтмөлөрүнө баш ийсе, ал айбандын мөөрүн алат; ал өзү ишенимдүү болууну каалаган бийликтин белгисин алууну каалаган. Асман мындай деп эскертет: “Ким айбанга жана анын түрүнө табына турган болсо, жана анын белгисин колуна же чекесине алатурган болсо, анда ал Кудайдын ачуусунун шарабын - Анын каарына толтурулган ынак шарабын ичет; ал отто жана күкүрттө, Ыйык периштелердин жана Козунун алдында түбөлүк кыйналат” (Аян. 14:9,10).УК 542.2

    Бирок, ар бир адамдын аңсезимине жана абийирине чындык жеткирилмейинче, жана андан баш тартуу болмоюнча, эч бир адамга Кудайдын каары төгүлбөйт. Көпчүлүк адамдар, учурдун кабарын али угуша элек. Алар төртүнчү Осуяттын талабынын маанисин эч качан түшүнүшкөн эмес. Ар бир адамдын жүрөгүн окуп, жана бардык жанданууларды, алдын ала билген Кудай, чыныгы изилденген адамдын, бул айлакер окутуунун айланасындагы болгон ушул суроого, алданып калуусун каалабайт. Адамдар, бул буйрукту билбестиктен эле кабыл ала беришпейт. Ар бир адам, өз эрки менен чечим кабыл алуусу үчүн, жарык толук сунушталышы керек.УК 542.3

    Ишемби күн, ишенимдүүлүктү текшере турган сынак бoлyп коюлган, анткени ал, соккуга кабылган эң башкы суроо. Качан чечүүчү саат келгенде, Кудайга кызмат кылган адамдар менен, Кудайга кызмат кылбаган адамдардын ортосунда, ачык айырма болуусу керек. Мамлекеттин мыйзамы боюнча сактала турган жалган ишемби менен, Кудай койгон чыныгы ишембинин орто-сундагы айырмачылык белги, Кудайга карата болгон ишенимдүүлүктүн күбөлөндүрүүсү катары коюлат. Жердик бийликтин чыгарган мыйзамын колдонгон адамдар, айбандын мөөрүн кабыл алышса, ким Кудайдын Бийлигине ишенимдүүлүк көргөзүү үчүн, Анын белгисин тандап ала турган болсо, Кудайдын мөөрүн кабыл алат.УК 542.4

    Бул мезгилге чейин, үч периштенин кабары камтылган чындыкты тараткан адамдарды, жөн гана дүрбөлөң салуучу адамдар деп эсептешкен. Алардын, Кошмо Штаттарда дин жактоо болбой тургандыгы, жана Жыйын мамлекет менен биригип, Кудайдын Парызын сактагандарды куугунтукка ала тургандыгы жөнүндө айтылган эскертүүлөр, негизсиз, жөнү жок сөздөр, деген атка конгон. Жана текебердик менен, бул мамлекет динди жактап келген, жана мындан наары дагы жактай берет, деп айтылган. Бирок жек-шемби күнүн кастарлоо милдеттүү түрдө болушу керектиги жөнүндөгү суроо, кенири таратылып, жана бул окуянын болушуна күмөн санагандар үчүн, чыныгы далил бoлyп келе жатат, башта oй жүгүртүүгө дагы мүмкүн болбогон, үчүнчү периштенин кабары, өз таасирин тийгизүүдө.УК 543.1

    Ар бир муундарга, Кудай дүйнөдөбү же Жыйындабы, күнөөнүн айыбын ачыш үчүн, Өз кызматчыларын жиберген. Бирок адамдар кулакка жагымдуу кабарды угууну жакшы көрүшөт, ал эми таза, өтүп кетпей турган чындыктар, кабыл алынбайт. Көпчүлүк реформаторлор, өз иштерин баштаганда, кылдаттык менен күнөөнүн айыбын эл жана Жыйын арасында ачып башташкан. Жана өздөрүнүн таза жашоосунун үлгүсү менен гана, адамдарды Мукаддастын окутуусуна алып келээрине үмүттөнүшкөн. Бир кезде Ыйык Рух Илия пайгамбардын үстүнө түшүп, жана аны, адилетсиз падышанын жана Кудайдан баш тартып кеткен калайык калктын күнөөлөрүнүн айыбын ачыш үчүн жибергендей, алардын үстүнө дагы Кудайдын Руху түшкөн. Реформа-торлор, жарыялаганды каалабаса дагы, Мукаддастын ачык жазылган окутууларын насааттабай коё алышкан эмес. Алар чындыкты жарыялоо үчүн шыктанышкан, жана адамдарга келе турган коркунуч туурасында ачык айтышкан. Арты коркунучтуу боло турганына карабастан, алар ооздоруна Кудайдын руху гана салган сөздөрдү айтышты, жана адамдар бул эскертүүлөрдү кабыл алууга мажбур болушкан.УК 543.2

    Yч периштенин кабары дагы, ушундайча насаатталат. Качан бул кабарды катуу жарыялай турган мезгил келгенде, Теңир, Ага кызмат кылуу үчүн өздөрүн арнаган, момун жүрөктөр аркылуу аракеттенет. Бул иштин эмгекчилери, кабар айтууга өздөрүнүн алган билимдери аркылуу эмес, Кудайдын Рухунун майлоосу менен гана даяр болушат. Касиеттүү аракет кылуунун аркасында жетеленгендиктен, ишенимдин жана сыйынуунун каармандары, Теңир алардын оозуна эмне сала турган болсо, ошону гана жарыялашат. Жана вавилондун күнөөлөрү ашкереленет. Мамлекеттик бийлик менен бирге, жыйындардын чыгарган токтомдору, спиритизмдин келиши менен, папалык кыймылдын кескин таратылып кетиши, - бардыгынын иши ашкереленет. Жана алар таң калуу менен, Кудай аркылуу Асмандан келген чындыктан баш тарткан Вавилон — бул жыйын экендигин билишет. Качан адамдар өздөрүнүн баштагы окутуучуларына: “Бул ушундайбы?”, деген суроо менен кайрылышканда, алардын кызматчылары аларга, бoлyп көрбөгөндөй жакшы нерселерди айтышып, алардын oйгонгон абийирин жана коркунучтарын басууга болгон аракеттерин жасайт. Бирок көпчүлүк адамдар, бир гана адамдардын айткандарына канагаттанып калбастан: “Теңир мындай дейт”, деген тыянактуу жооп угууну каалашат. Жана ошондо, жыйындардын белгилүү дин кызматчылары, байыркы кездеги фарисейлер сыяктанып, өздөрүнүн тилин алгысы келбеген адамдарга каарданышып, үчүнчү периштенин кабарын, шайтандыкы, дешип өкүм чыгарышат. Жана алар күнөөнү, жаман тилдүүлүктү жактырган адамдарды өздөрүнө тартып, Кудайдын кабарчыларын куугунтукка алышат.УК 543.3

    Бул күрөш чоңойгондуктан, Кудайдын адамдары, тебеленген Кудайдын Мыйзамдары жөнүндө көбүрөөк ойлонушканын көргөн шайтан, убакытын бекерге кетирүүнү каалабайт. Бул кабардан чыккан күч, анын каршылаштарынын ачуусун абдан келтирүүдө. Жана өздөрүнүн койлорунан чыныгы жарыкты жашыруу максатында, динчил адамдар, адамдардыкынан жогору күч көргөзүүтө аракет жасашат. Бул күндөлүктүү турмуштагы суроолорду, кандай гана болбосун, талкалоого аркеттер жасалууда. Жыйын жардам сурап мамлекеттик бийликтерге кайрылышып, папалык кыймыл менен протестанттар, чындык менен күрөшүүгө биригишет. Качан жекшемби күнүн милдеттүү түрдө сактоо бекемделгенде, Кудайдын Мыйзамдарың сактаган адамдарга карата, куугунтуктар башталат. Аларды өз ишениминен ажыратуу үчүн, бирин акчалай салык салуу, түрмөлөргө камоо менен коркутса, башкаларын бийлик берип, жана башка наамдарды тапшыруу менен алаксытышат. Бирок алар солкулдабастан: “Биздин адашууларыбызды, Ыйык Жазуунун негизинде далилдеп бергиле”, дешет. Мындай сөздөрдү, керектүү мезгилинде Лютер дагы айткан. Сотко тапшырган адамдар, чындыкты коргоо үчүн, ишенимдүү сөз айтышат, жана аларды угуп турган кээ бир адамдар дагы, Кудайдын бардык Парыздарын сактоону чечишет. Мына ушундайча, башкача жагдайда чындыктын кабарын уга албай турган, миңдеген адамдарга жарык жаркырап тиет.УК 544.1

    Кудайдын Сөзүнө өз эрки менен баш ийүүнү каалагандык, козголоңчулук катары бааланат. Шайтан сокур кылгандыктан, атаэнелер өздөрүнүн чындыкка ишенип жаткан балдарына, катаал жана кайрымы жок мамиле жасашат; мырзалар - өздөрүнүн Мыйзамды сактаган кызматчыларын кысымга алышат. Бир тууган адамдар, бирибирине каймана карашып, бөлөк болот, балдарды ата-энелеринен жана баш паанегинен ажыратат. Элчи Павелдин: “Ыйса Машаякта такыбаа бoлyп жашоону каалагандардын бардыгы, куугунтукка алынат” (2Тим. 3:12), деген сөздөрү, иш жүзүндө аткарылат. Чындыкты жактаган адамдар, ишембинин ордуна жекшемби күндү кастарлоодон баш тарткандыктан, алардын кээ бирлери түрмөлөргө салынып, башкалары - алыска айдалуу үчүн айыпталышат; үчүнчүлөрү менен, кул сыяктуу мамиле жазашат. Азыркы мезгилде мындай бoлyy мүмкүн эместей сезилип турат, бирок, Кудайдын Рухунун кармап турган Күчү адамдарды калтырганда, алар шайтандын бийлигинин алдында калышып, Кудайдын Жазууларын жек көрүшөт, жана көп нерселер өзгөрөт. Качан адам жүрөгүндө, Кудайдан коркуу, жана аны сүйүү болбой турган болсо, анда ал жүрөк абдан карайганданкарайат.УК 545.1

    Качан толкун жакындаганда, үч периштенин кабарына ишенген, бирок, угулган чындык кабар аркылуу касиетке бата албаган көпчүлүк адамдар, өз көз караштарынан баш тартышып, жана анын душмандарынын катарын толтурат. Дүйнө менен байланышып, жана анын рухун кабыл алгандыктан, алар ар бир нерселерге дүйнөдөгү ишенбеген адамдар сыяктуу карашат, жана сынак башталганда, алар жеңил жол тандап алууга даяр. Бир кезде чындыкка сүйүнгөн, зээндүү жана ажарлуу адамдар, болгон күчү менен башкаларды азгырып, жана аларды адашууга алып кирүүгө аракеттенишет. Мындай адамдар, баштагы өздөрүнүн боордошторунун каардуу душманы бoлyп калышат. Качан ишембини сактаган адамдар, өз ишеними боюнча сотко тапшырылганда, бул баш тарт-кан адамдар, аларды жамандаган жана айыптаган, шайтандын аракетчил куралы бoлyп саналышат. Өздөрүнүн жалган айыптоолору жана oй жүгүртүүлөрү менен, алар баштагы боордошторунун башчыларына каршы көтөрүлөт.УК 545.2

    Сынак мезгилинде, Теңирдин кызматчыларынын ишеними сьшалат. Алар, Кудайга гана карашып, жана Анын Сөздөрүнө таянуу менен, эскертүүчү кабарды ишенимдүүлүк менен алып жүрүшкөн. Жана алардын сөз айтуусуна дем берип, Кудайдын Руху алардын жүрөгүн башкарган. Кудайдан шыктангандыктан, алар касиеттүү ынтаалануу менен, өз милдеттерин аткарышат, жана Теңир аркылуу тапшырылып берилген Сөздөрдү, өз акырын ойлонбостон, адамдарга жарыялашат. Алар өздөрүнүн жердеги кызыкчылыктары үчүн кам көрүшкөн эмес, жана өз кадырын жада калса өмyрүн дагы сакташпады. Жана каршы толкун, жамандоолор алардын үстүнө түшө турган болсо, кээ бир коркунучка ка-былган адамдар, мындай сөздөрдү айтууга даяр болушат: “О, эгерде биздин айткан сөздөр, эмнеге алып келе тургандыгын биле турган болсок, албетте, биз бир дагы сөз айтпайт элек!” Кыйынчылыктардын акыры көрүнгөн жок. Шайтан аларды өзүнүн кыйын сынактары менен курчап алган. Алар кабыл алган иш, алардын колунан келбей тургандай сезилди. Аларды өлүм коркунучу күтүп турат. Баштагы чаң басылып калган, бирок ошондой болсо дагы, алар эми артка кайрыла алышпайт. Ошондо алсыз бoлyшyп, алар Кудайга кайрылышкан. Жана алар айткан ар бир сөз аларга эмес, бирок аларга ушул эскертүүлөрдү айтууга буйрук Бергендин Өзүнүкү, экендигин билишти. Теңир алардын жүрөгүнө чындыкты салып койгон, жана алар ал сөздөрдү айтпай коё алышкан эмес.УК 545.3

    Жана баштагы мезгилдерде дагы, Кудайдын адамдары ушул сыяктуу сынактарды баштарынан өткөрүшү керек болгон. Уиклиф, Гус, Лютер, Тиндаль, Бакстер, Уэсли, бардык окутуулар Мукаддас аркылуу текшерилишин талап кылышкан, жана Ыйык Жазууга каршы болгон нер-селердин бардыгынан, баш тартууга алар даяр экендигин айтышкан. Бул ишенимдин каармандарын болуп көрбөгөндөй зөөкүрдүк менен куугунтукташкан, ошондой болсо дагы, алар чындыкты жарыялоону токтотушкан жок. Жыйындын ар бир мезгилдеги тарыхы, ошол кездеги Кудай элинин муктаждыгына жооп берген өзгөчө чындыктар менен жарыяланган. Жана ар бир айтылган чындык, өзүнө көрө албастык жана каршылык жолу салып турду, ал эми анын жарыгын тараткан адамдар, сынактарга жана куугунтуктарга кабылышкан. Эң эле кайгылуу учурда, Теңир Өз элине, өзгөчө чындык жиберет. Жана ким аны насааттабаганга батынсын? Ал Өзүнүн кызматчыларына, бул дүйнөгө акыркы ырайымдуу чакырык салууну бурук кылат. Жана алар унчукпай отура алышпайт, бир гана өлүм аларды токтотпосо. Машаяктын жарчылары кийинки боло турган коркунучтары жөнүндө oйлонушу керек эмес. Алар өз милдетин аткаруулары зарыл, ал эми калганын Кудайга тапшырышы керек.УК 546.1

    Качан каршылаштык жогорку деңгээлге жеткенде, Кудайдын кызматчылары, бул кыйын бурулушту өздөрү алып келген сыяктанып, түйшүккө батышат. Бирок алардын абийири, Кудайдын Сөздөрү, алар туура иш жасагандыгын айтат, аларга каршы сынактар токтотулбаса дагы, алар аны көтөрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Күрөш кызыгандан-кызып, жана курчугандан курчуйт, жана кыйын кырдаалда, алардын ишенимдери жогорулайт. Алар мындай деп күбөлөндүрүшөт: “Биз, Кудай Сөзүн бурмалап, жана Анын ыйык Мыйзамдарың бөлө албайбыз, бирин маанилүү деп, ал эми башкасын - бул дүйнөгө жагынуу үчүн, көп деле кажети жок, дебейбиз. Биз кызмат кылган Теңир, бизди куткарып алуу үчүн, Күчтүүлүк кылат. Машаяк жердеги күчтөрдү жеңип чыккан, жана жеңилип калган күчтөрдөн биздин коркушубуз керекпи?”УК 546.2

    Куугунтук кандай абалда көрүнбөсүн, - бул, шайтан жок боло электе жана ишенгендер тирүү күчкө ээ бoлyп тургандагы, принциптин өнүгүшү. Бир дагы адам, караңгылыктын рухунун каршылыктарын жолуктурбастан, Кудайга кызмат кыла албайт. Олжосун тартып алып жаткан сыяктанып, мындай адамдарды шайтандын шабырлары, бардык жагынан курчап турат. Жамандыкка берилген адамдар, жиндерге болгон азгырылуулары менен кошулуп, аларды Кудайдан ажыратууга, болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Ал жасаган аракеттери иш жүзунө ашпай калганда, алар күч менен абийир үнүн жапканга аракеттенишет.УК 547.1

    ЬІйса Машаяк Асмандагы Касиеттүү Жайда, адамдар үчүн Жактоочулук кызматын аткарып жатканда, башкаруучулар жана калайыккалк, Ыйык Рухтун кармап турган таасирин сезишет. Жана ал кармануу, бир нече мезгил жердин мыйзамдарында кармалып турат. Эгерде ал мыйзамдар жок болгон болсо, анда жердин абалы азыркыга Караганда, алда канча ыйлай турган абалда болот эле. Көптөгөн эл башчылары шайтан-дын куралы бoлyп турса да, ар кайсыл элдердин жетекчилеринин арасында, Кудайдын кызматчьшары дагы болот. Душман өз кол алдындагыларды, бар-дык жагынан Кудайдын ишине тоскоолдук кылуу үчүн колдонсо, Теңирди кастарлаган мамлекеттин кээ бир жетекчи адамдары, ыйык периштелердин таасири астында, алардын максатына каршы, тоскоолдук кылуу ишин аткаруусун токтотпойт. Мына ушун-дайча, көп сандаган чындык үчүн күрөшүүчүлөр, жамандыктын толкунуна туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Шайтандын жолдоочуларынын каршылык көргөзүүлөрү токтолуп, үч периштенин кабары, өз ишин аягына чыгарылат. Акыркы эскертүүлөр, азыр Теңир аракеттенип жаткан бийлик башындагы адамдарга таасирин тийгизип, жана алардын кээ бирлери, кайгы мезгилинде, Кудайдын эли тарапка өтүшөт.УК 547.2

    Уч периштенин кабарына кошула турган Периште, өз даңкы ме нен, бүт жер жүзүн жарык кылышы керек. Бул пайгамбарлык сөздөр, бүт дүйнө кошула турган жумуш туурасында кабарлап, жана бoлyп көрбөгөндөй күчү менен айырмаланат. 1840-1844-жылдардагы Адвентистердин кыймылы, Кудайдын Күчү көрүнүп турган, даңктуу көрүнүш эле; биринчи периштенин кабары, жарчылар аркылуу бардык жерде таратылган, жана кээ бир мамлекеттерде, XVI - кылымдагы Рефомациядан бери көрүнбөгөн, динге болгон кызыгуулар келип чыккан; бирок үчүнчү периште аркылуу таратыла турган эскертуучу кабарды тарата турган кыймыл, Рефомациянын учурундагы кабардан, алда канча ашып түшөт.УК 547.3

    Бул аткарыла турган иш, Ыйса Ма-шаяк көтөрүлүп Кеткенден кийинки Элүүнчү күндө болгондой, улуу болот. Жакшы Кабарды таратаардын алдында, Ыйык Рух түшкөндөгү үрөөн өнүп чыгуусу үчүн “эрте жааган жамгырдай”, түшүмдүн жетилиши үчүн дагы, ошол сыяктуу “кечки жамгыр жаайт”. “Демек, ошентип тааныйбыз, Тенирди билүүгө аракеттенебиз; Анын келишитаңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгырдай жерди ным кылып сугарат” (Ос. 6:3). “Жана ошондон кийин мындай болот: Мен ар кандай жандарга өз Рухумду куям”. “Жана ким Теңирдин Ысымын чакырса, куткарылат” (Иоил. 2:28; Ап. Иш. 2:17,21).УК 548.1

    Жакшы Кабардын улуу иши аяктаар алдында, Кудайдын Күчү анын башталышындай көрүнүшү керек. Эрте жааган жамгырда аткарылган пайгамбарлыктар, кечки жамгыр мезгилинде дагы аткарылышы анык. Бул, Петр даамын татып көргөн, “кубаныч мезгили”, жана ал мындай деген: “Демек, силер күнөөлөрүнөр кечирилиши үчүн, тoбo кылгыла дагы Кудайга кайрылгыла, анан жыргал замандар силерге Теңирден келсин, Ал силерге арналып берилген, Ыйса Машаякты жиберген” (Ап. Иш. 3:19,20).УК 548.2

    Кудайдын кызматчылары, жар-кыраган жүзү менен, жүздөрүндө ыйыктыктын мөөрүн алып жүрүшөт, жана Асмандан келген кабарды, жердин бардык булуңбурчуна жеткирүүгө шашылышат. Бул эскертүүчү кабарды миндеген үндөр, ар-тараптан жар салышат. Көп сандаган кереметтер көргөзүлөт, оорулар айагышат, белгилер жана жогорку күчтөр, ишенүүчулөрдү коштоп жүрөт. Шайтан дагы улуу кереметтерди жасай баштайт, “жердеги адамдардын алдына, Асмандан от дагы түшүрөт” (Аян. 13:13). Ошондо жер тургундарына, акыркы чечим кабыл алууга туура келет.УК 548.3

    Бул кабар адам акылы менен эмес, Кудайдын Рухунун жардамы менен таратылат. Далилдер азыртадан эле бериле баштаган. Миссионерлер аркылуу таратылган китептер, азыр өз таасирин берип жатат, бирок көпчүлүк, чындык жүрөгүн черткилеген адамдарга, баарын толук түшүнүү үчүн, бир нерселер кедерги бoлyп жатат. Азыр болсо, жарыктын нурлары бардык жерге кирип, чындык ачык-айкын билинүүдө, жана аларды байлап турган нерселерди, Кудайдын уулдары чечип жатышат. Жана аларды токтотуу үчүн, бир туугандык байланыштар, жыйындардын алдындагы милдеттер алсыздык кылат. Бардыгынан чындык алда канча баалуу бoлyп калат. Чындыктын каршылаштарынын бириккен күчүнө карабаcтан, көп сандаган адамдар, Теңир тарапка өтүшөт.УК 548.4

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents