Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    12 Бап — Франциядагы Болгон Реформация

    Шпейердеги бoлyп өткөн протестен, жана Аугсбургта кабыл алынган Реформациянын жеңишинен кийин, көп деген жылдар, күрөшүүнүн жана караңгылыктын жылы бoлyп турду. Өз келген адамдарынын талам - тартышынан, жана күчтүү душмандарынын үстөмдүк кылып туруусунан, жабыркаган протестантизм, акыркы күндөрүн көрүп жаткандай сезилди. Миндеген адамдар, өз кандары менен чындыкты далилдеп жатышты. Элдик согуш улам, жандангандан - жанданып күйө баштаган; протестант кыймылы, өзүнүн бир жетекчиси аркылуу чыккынчылык кылынып, протестанттардын көрүнүктүү төрөлөрү, императордун колуна түштү, жана аларды туткун сыяктуу, бир шаардан экинчи шаарга жөнөтүп кыйноого салышкан. Бирок жеңишке жетиштим, деп кубанган императордун тилеги ит капкандай болду. Ал өзүнүн кармап алган олжосун кармап тура албастан, акыры ал өзүнүн, бул окутууга жол бергендигин моюнуна алат, анткени кыйратуу, анын өмүрүнүн максаты бoлyп бара жаткан. Ал өзүнүн империясын бүлгүнгө учуратып, казынасын бөксөрттү, жана жалган окутуyнy жок кылам деген аракети менен, өз өмүрүн тобокелдикке салган. Кан төгүлгөн күрөштүн аркасында, анын аскери талкаланып, казынасы түгөнүп бара жаткандыгын байкайт, жана ал муунтуп жок кылууну каалаган ишеним, баштагыдан дагы жогорулап, көбөйгөндөн - көбөйдү, көпчүлүк жерлерде, калк көтөрүлүү коркунучу туулуп турду. Карл V Эң жогорку Күч менен, күрөшүп жаткан. Кудай, “жарык болсун” десе, император болсо, караңгылык тарап кетүүсүн каалаган эмес. Анын алдыга койгон планы ойрон болду; узакка созулган күрөштүн аркасында, өз мезгилинен мурда картайып, ал өз тактысынан баш тартты, жана өзүнүн калган өмүрүн, монастырда өткөргөн.УК 193.1

    Швейцарияда, германиядагыдай эле, Реформация үчүн, караңгылыктын күндөрү башталган. Көп деген аймактарда, Реформацияны кабыл ала баштаган болсо, ал эми кээ бир аймактар, өз сокурдугу менен, Римге ишенүүлөрүн уланта беришти. Чындыкты сактоочуларды куугунтуктоо, акыры жалпы элдик күрөшүүгө алып келген. Цвингли жана көп деген анын жактоочулары, Каппел алдындагы кандуу кармашуудан каза табышкан. Ушул улуу кайгыларга танданган Эколампадиус дагы, көп убакыт өтпөстөн дүйнөдөн кайтты. Рим салтанат куруп, жана көп деген аймактарда, өздөрүнүн баштагы жоготyп алган бийлигин, кайрадан кайрып калыбына келтирип алгандай сезип турушту. Бирок, Кимдин планы түбөлүктүү болсо, Ал Өз ишин жана Өз элин унутта калтырган жок. Анын Колу алдыда боло тyрган куткарылууну даярдап жаткан. Жана башка мамлекеттерде дагы, ким Реформация ишин улантууну каалагандардын, жан дүйнөсүн жандандырып турду.УК 193.2

    Францияда, таң шооласы, Лютер жөнүндө укканга чейин эле башталган. Биринчи жарыкты кабыл алган адамдардын бири, Париж университетинин профессору, терең oй жүгүртүүчү, жана папалык кыймылды, чын жүрөктөн жактаган, жашы өтөмөл Леферв деген киши эле. Байыркы адабияттарды изилдегендиктен, ал өз назарын Мукаддаска бурат, жана Анын окутууларын, өз студенттерине сабак катары киргизет.УК 194.1

    Леферв, ыйык адамдарды абдан кадырлаган, жана чиркөөнүн уламыштарынын негизинде, ыйык жана азап тарткан адамдар туурасында, баяндама жазууну чечкен. Ушул анын улуу иши алдыга жылып калганда, Мукаддас анын иштерине чоң карама — каршылык келтиргенин көрүп, Ыйык Жазууну изилдей баштаган. Ал Китептен, чынында эле ал касиеттүү адамдардын өмүрүн тапты, бирок булар, Рим календарында катталган адамдардын өмүрү эмес болуучу. Кудай жарыгынын агымдары, анын аң - сезимин жаркыратып жарык кыла баштады. Өзүн - өзү жек көрүү пайда болгондугун сезгенине тандануу менен, ал өзүнүн баштапкы максатынан баш тартып, өзүн Кудай Сөзүн изилдөөгө арнаган. Көп убакыт өтпөстөн, ал өзүнө ачылып берилген чындыктар жөнүндө насаат айта баштаган.УК 194.2

    1512жылы, Лютер менен Цвин-глинин реформатордук иштери баштала электе, Леферв мындай деп жазган: “Кудай бизди ишеним аркылуу актап алат; бизди, ырайым боюнча гана бизге берилген адилеттик, түбөлүк өмүргө алып бара алат” 178Уайли, 13-китеп, 1-бап.. Куткарылуунун жашыруун сырлары жөнүндө oй жүгүртүп олтуруп, ал мындай дейт: “О, чындыктын таң калтырган бийиктиктери: Күүнөөсүз айыпталып, күнөөлүү акталат; Алкыштуулар каргыш алып келип, каргышка калгандар,алкыш алып келет; Өмүр өлөт, өлүм жанданат; Даңк караңгыга кабылса, ал эми абийирсиз, даңкка чулганат” 179ДОбинье, 12-китеп, 2-бап..УК 194.3

    Жана ал даңк жана куткарылуу Кудайга гана таандык, деп окуткан болсо, ошол эле мезгилде, адамдын милдети - өз Жаратуучусуннун тилин алуу, деген. “Эгерде сен, Машаяк Жыйынынын мүчөсү боло турган болсоң, - дейт ал, - анда сен Анын Денесинин бөлүгүсүң; эгерде сен, Анын Денесинин бир бөлүгү боло турган болсоң, анда сен өзүңдө, Кудай жаратылышынын толуктугун алып жүрөсүң... О, эгерде адамдар ушул артыкчылыкты сезсе кана! Анда алардын өмүрү, канчалыктуу таза, жеткилеңдүү, жана бийик болмок; анда алар , бул дүйнөнүн даңкынан канчалыктуу жийиркенич менен, баш тартышмак, анткени алардын көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, ички дүйнөсүнүн даңкына эч нерсе тең келе алмак эмес” 180ошол эле жерде..УК 194.4

    Лефеврдын окуучуларынын ара-сында, анын сөздөрүнө өз дитин бурган, студенттер дагы болушкан, жана качан алардын устатынын үнү түбөлүккө унчукпай калганда, алар көп деген жылдар, чындыкты жар салышып, таратууну улантышкан. Ушул кабарчылардын катарында, Уильям Фарель деген, адам болгон. Таакыба адамдардын үй - бүлөсүнө таандык болгондуктан, жана чиркөөнүн окутууларын ылгабастан кабыл алгандыктан, элчи Павел менен бирге, мындай деп айта алмак: “Динибиздин абдан катуу үйрөтүүсү боюнча, фарисей бoлyп жашаганымды мурунтадан эле билишет” (Ап. Иш. 26:5). Кызганчаак католик болгондуктан, ал чиркөөгө каршы чыккан ар бир адамды, жок кылууну каалаган. “Мен, ким папага сөз тийгизгенин уккан болсом, - деп жазат ал, өз өмүрүн көз алдынан өткөрүп жатып, - ач карышкыр сыяктуу, тишимди кычыратып тураар элем” 181Уайли, 13-китеп, 2-бап.. Ал дагы өзүнүн ыйыктарды кадырлаганы боюнча, чарчап - чаалыкчуу эмес, жана Лефевр менен бирге, Парижтин бардык чиркөөлөрүн кыдырып, курмандык чалынуучу жайларында сыйынып, касиетүүлөрдүн күмбөздөрүнө белектерин алып келип турушкан. Бирок бул кылынган нерселердин баары, анын жан дүйнөсүнө тынчтык алып келген эмес. Өз күнөөкөрлүгүн сезүү, көп сандаган жол - жобо эрежелерди аткарган сайын, уламдан - улам күчөнө берген. Реформатордун сөздөрү, анын кулагына, Асмандан келген добуш сыяктуу келип жетти: “Куткарылуу Кудайдын ырайымынын натыйжасында аткарылат. Айыпсыз айыпталып, ал эми кылмышкер акталат. Бир гана, Машаяктын тарткан азаптары, жана анын биз үчүн курман болгон айкаш жыгачы гана, Асман дарбазаларын ачып, жана тозоктун эшигин жаба алат” 182ошол эле жерде..УК 195.1

    Фарель чындыкты кубануу менен кабыл алды. Ал кайрылганда Павел сыяктанып, каада - салт адеттерин калтырган, жана Кудай уулдарынын эркиндигин кабыл алган. “Канкор жана жырткыч карышкырдын жүрөгүндөй болгон жүрөктүн ордуна, ага момун козунун жүрөгүндөй жүрөк берилди; ал пападан толугу менен баш тартып, өзүн бүт бойдон Ыйса Машаякка арнаган” 183ДОбинье, 12-китеп, 3-бап..УК 195.2

    Леферв, чындыктын жарыгын студенттердин арасында таратып жаткан мезгилде, Фарель дагы, башта папага ишенимдүү кызмат кылган сыяктанып, чындыкты тартынбастан эл алдында ачык айтып жарыялаган. Көп убакыт өтпөстөн, анын катарына Мец шаарынын епископу дагы кошулду. Ал католик чиркөөлөрүнүн бирден - бир жогорку коюлган адамдарынын бири бoлyп эсептелген. Андан тышкаары, өзүнүн окумуштуулугу жана жөндөмдүүлүгү менен таанымал болгон, башка дагы окyтуучулар алардын катарына кошулуп пайда боло башташты. Алар ар - дайым Жакшы Кабарды таратышып, жана көп өтпөcтөн Инжил ар кандай адамдардын жүрөктөрүн өзүнө тарта баштады, алардын арасында, кол өнөрчүлөр, жана жөнөкөй жумушчулардан, таажыдар адамдарга чейин болгон. Ошол кезде падышалык кылган айым Франциска Iдагы реформаторлордун ишенимин кабыл алган. Падыша жана падышанын энеси дагы, бир мезгилдерде жаңы ишенимге карата, жакшы мамиле кылып турушту. Жана реформаторлор, түгөл Франция жакында, Жакшы Кабарды кабыл алышат, деген ишенимде болушкан.УК 195.3

    Бирок алардын үмүтү ордунан чыккан жок. Машаяктын окуучуларын сынактар, жана куугунтуктар күтүп турган. Бирок Машаяктын ырайымы боюнча, бул нерселер алардан али жарылып турган. Алар көрүп жаткан тынчтык күндөрү, боло турган азгырыктарды, жана сынактарды ишенимдүү күтүп алуу үчүн, аларга күч чогулта турган, мезгил эле. Реформация ийгиликтүү таратылып жаткан. Мец шаарынын епископу, өз аймагына, чындыктын жарыктары диний адамдарга эле эмес, жалпы калайык калкка дагы таралышы үчүн камкордук көрүп эмгектенген. Илең - салаң, жана бузулган дин кызматчыларды алып таштап, алардын ордун билген таакыба адамдар менен алмаштырган. Кудай Сөзү адамдардын баарына жеткиликтүү болуусун епископ абдан каалаган, жана бул максаттар жакын аранын ичинде ишке аша баштады. Леферв Жаңы Осуятты өз тилинде которууга киришти, качан Виттенбергде Мукаддас немец тилинде которулганда, Мец шаарында Жаңы Осуят, француз тилинде басылып чыгып калган. Эпископ бул котормонун таратылуусуна, эмгегин дагы , каражатын дагы аяган жок. Жана аймактагы бардык адамдар, Жаңы Осуятка ээ болушкан.УК 196.1

    Суудан чаңкаган жолоочу, өз алдындагы булакка умтулган сыяктанып, бул жердеги адамдар дагы, Асмандан келген жарыкты, жандануу менен кабыл алып жатышты. Талаада же өз ишканасында, эмгектенип жатышып, адамдар Ыйык Жазуунун баалуу чындыктары жөнүндө кеп салышкан. Кечкисин болсо, көпчүлүк адамдар, өз түнөктөрүнө барбастан, чогуу Кудай Сөзүн окуу үчүн, сыйынышып жана Теңирди даңкташып, бир адамдардын үйлөрүндө чогулушкан. Мындай коомдордо, көп убакыт өтпөстөн эле, өтө чоң өзгөрүүлөр боло баштады. Өтө төмөн адамдардын уй - бүлөсүндө төрөлгөн билимсиз, жана жөнөкөй, оор жумуштарга көнгөн адамдар, Кудайдын ырайымынын Күчүнүн аркасында жогорулашып, шыктанышкан. Момун, сүйүүчү, жана таакыба адамдар бoлyшyп, алар ким Жакшы Кабарды жаңыдан кабыл алып жаткан болушса, алар үчүн, тирүү ишенимдин үлгүсү болушкан.УК 196.2

    Мец шаарында жаркыраган жарык, андан наары таратылды. Кудайга кайрылган адамдардын саны, күндөн - күнгө көбөйө баштады. Бийликти күч менен алган адамдардын каары, падыша аркылуу кармалып турду. Анткени ал, монахтарда бoлyп жаткан фанатизмге, жана алардын көп нерселерди билбегендигине, жек көрүү менен караган, бирок, акыры папанын жактоочулары, жеңишке ээ болушкан. Оттор жалындап жанды. Мец шаарынын епископуна, же баш тартуу, же отко жагылып каза бoлyy коркунучу туулду. Жана ал, өз өмүрүн сактап калуу максатында, ишенимден баш тартууну, туура деп тапты. Бирок өз кайтаруучусунун жыгылгандыгына карабастан, протестанттар калтаарыбастан бекем турду. Көпчүлүк адамдар, от жалынынын ичинен, өздөрүнүн чындыкка ишенимдүү экендигин күбөлөндүрүшкөн. Ушул момун ишенүүчү адамдардын, чындыкка болгон ишенимдүүлүгү, тынчтык мезгилинде айтылган, башка сөздөрүнө Караганда, ачык, жана тыянактуу, насаат бoлyп калды.УК 197.1

    Шылдың жана кайгынын ортосунда, бир гана жөнөкөй жана кембагал адамдар, Ыйса Машаяк жөнүндө күбөлөндүрүшкөн эмес. Ак сарайлардын ичинде, жогорку даражалуу үй-бүлөлөрдүн арасында, өзүнүн байлыгынан, ээлеген ордунан, жана жада калса өз өмүрлөрүнөн дагы, чындыкты жогору көтөрүп барктаган адамдар табылган. Падышалык таажынын ичинде, епископтордун көйнөгүнөн жана күрмөсүнөн бийик болгон, ишенимдүү рух көрүнүп турган. Луи де Беркен, өзү көрүнүктүү адамдардан болгон. Өзү кайраттуу жана өтө сылык ушул рыцарь, илимге ышкыбоз бoлyп, кылдат сыпайы жүрүм - туруму, жана жогорку адеп - ахлагы менен айырмаланган. “Ал папанын жалындуу жактоочусу болгон, - деп жазат бир жазуучу, - касиеттүүлөрдүн күмбөстөрүн калтырбастан кыдырып, насаат сөздөрдү угууну жакшы көргөн, жана анын жасаган ийгиликтери, бардык лютерандардын көңүлүн айландырган”. Бирок көпчүлүк адамдарга окшоп, ал дагы, Кудайдын алдын ала кам көргөндүгүнүн натыйжасында, Ыйык Жазуу менен таанышат дагы, аны ал жердеги таң калтырган нерсе, “римдин жол - жобо эрежелери эмес, Лютердин окутуулары табылгандыгы, бoлyп калды” 184Уайли, 13-китеп. 9-баи.. Ошол учурдан баштап, ал өзүн толугу менен, Жакшы Кабардын иштерине арнаган.УК 197.2

    “Франциядагы даражалуу адамдардын арасында, эң эле билимдүүсү”, бал тилдүү үгүтчү, эр жүрөк, терең ойлуу, ак сарайда чоң, таасирге ээ болгон, падыша жактырган Беркен, көп адамдардын айтуусу боюнча, өз мезгилинде эл журтy үчүн, татыктуу реформатор болот, деген сында болгон. Беза ал жөнүндө мындай деп айткан: “Франциска I-ни, Саксондун башкаруучусуна салыштыра турган болсок, анда Беркен экинчи Лютер болгон”. “Ал Лютерден дагы ашып түшөт”, - деп папанын жактоочулары ыйлашкан 185ошол эле жерде. Барынан дагы, андан Франциядагы папанын жактоочулары, абдан чоочулашкан. Беркенди, жалгандыкты таратат дешип, зынданга дагы салышкан, бирок аны ал жерден, падыша өзү бошотуп алган. Ошентип бул күрөш, бир нече жылдар созулду. Франциска I Рим менен Реформациянын ортосунда тургандыктан, бир мо-нахтардын каарына жол берсе, кайрадан аларды токтоткон. Папанын бийлигиндеги адамдар аны үч жолу зынданга салышканда, үч жолу тең, падыша аны ал жактан бошоткон. Падыша бул адамдын жогорку чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнө, жана таакыбалыгына байлангандыктан, аны каарданган диний жетекчилердин алдына, курмандык катары салып берген эмес.УК 197.3

    Франциядагы ага карата боло турган коркунучтардан, Беркенге айтып турушкан, жана качкындыкта өздөрүнө жай тапкан адамдар сыяктуу, анын жай таап туруусуна кеңеш беришкен. Кырдаалдын жагдайынан коркоктогон Эразм, өзүнүн жакшы окумуштуулугуна карабастан, чындыкты өз абийири, жана өмүрү менен коргоо үчүн, көңүлү көтөрүлгөн эмес, жана ал Беркенге мындай деп жазган: “Сени башка европалык мамлекеттердин бирине, элчи кылып жиберүүсүн, же Германияга саякатка жөнөтүүсүн суран; Сен Безаны, жана ага окшогондорду жакшы билесиң. Булар уу чачыратып жаткан, миң баштуу айбанга окшош. Сенин душмандарындын ысымы - сансыз көп. Жана сенин жасаган иштериң, Ыйса Машаяктын кылган иштеринен жакшыраак болгон күндө дагы, алар сени жок кылып тынмайынча, тынч ала алышмак эмес. Падышанын сени коргоп тургандыгына, көп эле таяна бербе. Кандай гана болбосун, - диний факультетте, менин абийиримди кетирбе” 186ошол эле жерде..УК 198.1

    Коркунуч күчөгөндөн күчөй баштады, бирок бул коркунучтар Беркедин кайраттуулугун, жана тырышкандыгын уламданулам жогорулатып турду. Эразмдын дипломатиялык жана өзүмчүлдүк кенешин кабыл алуудан ал өтө алыc болгондуктан, чындыкты коргоодо гана эмес — бирок жалгандыкты айыптоодо дагы, ал чечкиндүү аракет кылууну туура, деп тапкан. Жал-гандыкты таратуучу, деп папанын жактоочулары койгон айыптоолорду, ал кайрадан алардын өздөрүнүн башына түшүрдү. Анын эң эле элдеше алгыз, жана каардуу каршылаштары, Париж университетинин диний бөлүгүнүн монахтары жана окумуштуулары болгон, жана алар өлкө боюнча, руханий суроолорду чечмелөөдө, белгилүү бoлyп саналышкан. Ушул Кудай Сөзүн талкуулоочу адамдардын жазган кол жазмаларынан, Беркен 12 негизгисин алып, аларды эл алдында, “Мукаддаска карамакаршы, жана жалгандык”, - деп жарыялады, жана падышага кайрылып, анын бул таламтартышта, калыс болуусун өтүндү.УК 198.2

    Падыша, каршылаш тараптын күчүн жана даанышмандыктарын текшерип көрүү, жана текебер, өзүнөзү көтөрүшкөн монахтарды жоошутуу максатында, бул cунушту кубануу менен кабыл алып, монахтар өз коргонуусун Ыйык Жазуунун негизинде далилдеп берүүcүн талап кылды. Бирок бул курал, өздөрүнө эч кандай пайда алып келе албастыгын, монахтар жакшы түшүнүшкөн; ал эми, зындан, кыйноо, жана отко өрттөо куралдары менен, алар жакшы колдоно билишкен. Эми болсо, алардын орду алмашып калгандыктан, алар Беркенди ыргытып жиберүүнү каалаган жардын кырында, өздөрү туруп калышкандыгын билишти. Ушул кабылып калган кыйын кырдаалдан, кантип чыгуу керектигин издешип, алар эми бушайман боло башташты.УК 199.1

    “Ошол кезде, шаардын бир бурчунда турган Мария айымдын эстелиги, булганып калган болуучу”. Бул иш, шаар тургундарын чоң тынчсызданууга алып келген. Ошол жерге, кайгырган жана нааразылык билдиришкен адамдар агылып келип жатышты. Падыша дагы, бул болгон нерсеге, абдан кападар эле. Жана Беркендин душмандарына, жагымдуу жагдай туулду, жана бул жакшы шылтоо убагын колдон чыгарып жибербей, алар мындай деп айтышты: “Мына, Беркендин окутууларынын жемиштери. Жакында, бул лютерандык бизге каршы аракеттенген адамдары аркылуу: дин дагы, жана мыйзам, жана такты дагы, бир күнү кулатылат” 187ошол эле жерде..УК 199.2

    Жана кайрадан Беркен, камакка алынды. Ошол мезгилде, падыша Парижде болгон эмес, жана монахтар өз эркинче аракет кылышкан. Реформаторду кармашып сот кылышкандан кийин, анын ишине Франциска I кийлигишпес үчүн, бул буйрук жазаны тезинен иш жүзунө ашырууну каалашкан. Чак түш мезгилинде, айыпталуучуну өкүм жаза ишке аша турган жерге, алып келишти. Ал жерге көп сандаган адамдар чогулушкан; папанын курмандыгы бoлyп, Франциянын бирден - бир таакыба, жана өтө мыкты адамдарынын бири бoлyп жаткандыгын көрүшүп, кээ бир адамдар таң калуу, жана тынчсыздануу менен турушту. Келген адамдарды нааразычылык, айраң - таң калуулук, жана жек көрүүчүлүк каптап, турган адамдардын барынын жүзү кайгыга малынды. Бирок, бир гана адам таң калбастан, камырабай турган. Жапа чегүүчүнүн ойлору, бул бoлyп жаткан тополоңдон алыста эле; ал бир гана Теңирдин, жанында бoлyп тyр-гандыгын сезип турду.УК 199.3

    Беркен, өзүн алып келген кыйчылдаган арабанын үнүн дагы, өз баш кезерлеринин каардуу жүздөрүн дагы сезген жок; ал өзүн күтүп тyрган, кайгылуу өлүмдүн коркунучун дагы билбеди. Ким өлүп, жана “азыр түбөлүктүү тирүү” Болгондун Өзү; тозоктун жана өлүмдүн ачкычын Коллуна кармагандын Өзү, анын жанында болгон. Беркендин жүзүнөн, Асмандын жарыгы жана тынчтыгы көрүнүп, чагылышып турду. Өзүнүн жогорку даражалуу адамдардын катарында болгондугунан, “баркуттан плащь, жеңсиз кызгылтым кемсел, жана алтын түстөгү шым” кийинген болуучу” 188Д Обипье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы”, 2-китеп, 16-бап.. Жана бүткүл Ааламда, падышалардын Падышасы болгон Кудайдын алдында, өз ишеними жөнүндө күбөлөндүрө турган мезгил дагы келип жетти, жана анын жүзүн, жана кубанычын, бир дагы кайгынын көлөкөсү каптай алган жок.УК 200.1

    Бул бoлyп жаткан жүрүш, көп сандаган чоң көчө аркылуу өткөн, жана бардык адамдар, анын камырабаган, Асмандык жаркын жузун карап турушкан. “Калың топтун ичиндеги адамдардын, - ал касиетүү жайда, ыйык бир нерсе тууралуу oй жүгүртүп жаткан адамдарга окшош экен, - деп айткандары угулуп турду” 189Уайли, 13-китеп, 9-бап..УК 200.2

    Беркен жыгач касыкка байланып турган жеринде, элге карата бир нерсе айтып кайрылууну каалады эле, бирок монахтар, бул сөздөрдүн артынан корккондуктан, кыйкырып жиберишти. Ал эми аскерлер болсо, мылтыктарын кесеп адамдарды коркутушуп, өлүм алдындагы азап чегүүчүнүн сөздөрү угулбай калды. “Азап чегүүчүнүн өлүм алдындагы сөздөрүн жаап салгандан кийин, маданияттуу шаар бoлyп эсептелген Париждин жогорку диний бийлиги, 1529жылы, 1793жылкы франциялык кара мүртөздүктүн, жаман үлгүсүн көргөзгөн” 190ошол эле жерде..УК 200.3

    Беркенди тумчуктуруп өлтүрүп, анын денесин отко беришти. Анын өлүмү туурасындагы кабар, Фрациядагы Реформацияны жактаган адамдардын баарын, терең кайгыга салды. Бирок анын өлүмү, маанисиз бoлyп калган жок. “Биз дагы өлүмдү, кубануу менен кабыл алып, өз жүзүбүздү түбөлүккө бургубуз келет, - деп айтышкан, чындыктын күбөлөрү” 191ошол эле жерде..УК 200.4

    Мец шаарында болгон куугунтуктоолордон кийин, реформаторлордун окутуучуларына, насаат айтуу тыюу салынган, жана алар башка аймактарга багыт алышты. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Лефевр дагы Германияга кетип калды. Фарель болсо, Франциянын чыгыш тарабында жайгашкан өз шаарына, чындыкты ал жерге таратуу үчүн, кайтып келди. Бир нече убакыттан кийин, ал жерге, Мец шаарында болгон окуялар жөнүндө, кабар келип жетти. Жана ал, ушунчалык кайраттанып тараткан чындык, өз жолдоочуларын тапкан эле. Бирок, көп убакыт өтпөстөн, мамлекеттик бийликтегилер, анын оозун жабышып, шаардан кубалап чыгышты. Ачык жарыялап эмгектенүү мүмкүн эмес эле, ошон-дуктан ал, алысыраак бурчтарда жайгашкан ар бир үйгө баш багып, кыштактардан - кыштактарды кыдырып, жаш күндөрүндө, бир нече жолу жашынган, токойлордун ичинен жана үңкүрлөрдөн, өзүнө баш калкалаар жай тапкан. Кудай аны улуу сынактарга ушинтип даярдады. “Maгa эскертүү салган айкаш жыгач, куугунтук, жана шайтандын жаман oй менен тымызын иштеген иштери, - деп айтат ал, - өтө үрөйдү учураарлык жана мен көтөрө албай тургандай сезилген, бирок Теңир, - менин руханий Атам, мага ар - дайым күч берип турган, жана мен, Ал мени эч качан таштап кетпесин билем” 192Д Обинье, “ХѴІ-кылымдагы Реформа-циянын тарыхы”, 12-китеп, 9-бап..УК 200.5

    Элчилердин күнүндөгүдөй эле, куугунтук, “Жакшы Кабар таратууда чоң ийгиликтерге жетүүгө, жардам берди” (Флп. 1:12). Парижден жана Мецтен куугунтукталгандар, “тара чачырагандар, барышып сөз таратышып жүрдү” (Ап. Иш. 8:4). Жана ушундай жол менен, Франциянын алыcкы аймактарына, жарык кирип жатты.УК 201.1

    Тенир болсо, дагы көп деген адамдар Жакшы Кабарды таратуусу үчүн, кам көрүүсүн уланта берди. Париждин бир окуу жайында, терең ойлуу, токтоо бир жаш адам окуп билим алган. Ал өзүнүн бир гана сейрек учурай турган, терең акылы менен гана айырмаланбастан, бирок өзүнүн ички дүйнөсүнүн тазалыгы, жана динге берилгендиги менен дагы айырмаланган. Анын жогорку жөндөмдүүлүгү, жана тырышчаактыгы, аны бат эле колледждин сыймыгы кылып, жана көпчүлүгү, көп узабастан Жан Кальвин, Рим чиркөөсүнүн таланттуу жана кадырлуу жактоочуларынан болот, деп ишенишкен. Бирок Кудайдын жарыгынын нуру, Кальвинди курчаган, диний идеалистик философиянын жана ырым - жырымдын дубалдарын бузуп өттү. Жаңы окутуулар, анын төбө чачын тик тургузган, жана ал, бул жалгандыкты таратуучу адамдар, отко татыктуу, экендигинен күмөн санаган эмес. Бирок бир күнү кокусунан ал, бул жалган окутуу менен бетме - бет жоолугушуп калды, жана ал римдиктердин окутууларынын күчүн, протестанттардын окутууларына каршы күрөштө, сынап көрүүнү каалайт.УК 201.2

    Кальвиндин аталаш бир тууганы, Реформациянын жактоочусу бoлyп, Парижде жашаган. Бир туугандар көп жолу жоолугушуп, түгөл христиандарды толкундаттырган суроолор жөнүндө, кеп салышчу. Бул дүйнөдө, эки гана дин бар, - деди протестант Оливетан, бир динди адамдар ойлоп табышкан; анда адамдар, куткарылууну өз күчү менен, жол - жобо эрежелерди аткарышып, жана жакшы иштерди жасоо менен алууга аракеттенишет; башка дин, - Ыйык Жазууга негизделген дин, жана ал адамдарды, куткарылуу бир гана Кудайдын ырайымынын негизинде болот, деп окутат”.УК 201.3

    “Мен сенин жаңы окутууң жөнүндө, эч нерсе билгим келбейт, - деп кыйкырып жиберди Кальвин, - же сен мени, өмүр бою адашып жүрөт, деп ойлоп жатасыңбы?” 193Уайли. 13-китеп, 7-баи..УК 202.1

    Акырындык менен, анын каалоосу жана эркине каршы бoлyп, анын келип турган жаңы ойлору, аны уялта баштады. Ал өзүнчө жалгыз калганда, өз бир тууганынын сөздөрү жөнүндө көп oй жүгүртүүчү. Өзүнүн күнөөкөр экендигин сезүү, аны таштап кеткен жок; Ал кээде өзүн адилеттүү Соттун алдында, Жактоочусу жок тургандыгын көрчү. Ыйыктардын, жакшы иштерин, жана чиркөөнүн жол - жобо эрежелеринин жактоолору, - анын күнөөлөрүн жаап коюу үчүн, алсыз экендигин кээде ал сезип турган. Алдыда, тубөлүктүү кайгынын үлүшүнөн башка эч нерсе жок сыяктуу сезилген. Анын кайгысына, башка Кудай Сөзүн талдоочулардын жардамдашууну каалагандыгы, бекер эле убара болду. Анын жан дүйнөсүн, Кудай менен элдештирүүдө келтирген тoбo дагы, башка нерселер дагы, жардам бере албады.УК 202.2

    Ушундай жан дүйнөнүн күрөшүндө, Кальвин бир жолу аянтчага барып калат, ал жерде, өзү ойлогондой жалгандыкты таратуучу адамды өрттөп жатышкан. Жана ал, өлтүрүлгөн азап чегүүчүнүн жүзүнөн байкалып турган тынчтыкты көрүп, абдан таңгалат. Ушундай кыйын өлүмдүн алдында, чиркөөдөн чыгарылып ташталган (бул болсо, өлүмдөн дагы коркунучтуу, бoлyп эсептелген), ал өз ишенимин жана кайраттуулугун сактап калды, Кальвин чиркөөнүн окутууларын кылдаттык менен сактаган болсо дагы, бул болгон нерселерди, өз кайгысы жана көңүл чөгүүлөрү менен салыштырат. Жалган окутуyнy таратуучулар, өз ишенимдерин Ыйык Жазууга негиздегенин, ал билген, жана алардын кубанычынын сырын билүү үчүн, ал Ыйык Жазууну изилдөөнү чечти.УК 202.3

    Мукаддас Китебинен, ал Машаякты тапты. “О, Атаке, - Анын Курмандыгы, Сенин каарыңды ырайымдуу кылды, - деп сыйынды ал; Анын Каны менин ыпыластыгымды жууп, жана айкашкан жыгачта, менин каргышымды, Өзүнө жүктөгөн; Анын өлүмү, мени куткарып алды. Биз өз oй жүгүртүүлөрүбүзгө чөгүп бара жатабыз, бирок Сен мага, шам сыяктуу Өз Сөзүндү бердиң, жана ал Сөздөрүң, Ыйсанын жасаган иштеринен башка нерселерден, баш тартуу үчүн, менин жүрөгүмө тийди” 194Мартин, 3-том, 13-бап..УК 202.4

    Кальвинди диний даража берүүгө даярдап жатышкан. Качан ал, 12 жашка толгондо, аны чакан бир чиркөөгө, капелландык (оруканаларда, түрмөлөрдө өткөрүлүүчү) кызматка дайындашкан. Жана чиркөөнүн мыйзамы боюнча, анын чачын такыр кылып кырышат. Аны али кызматка кол коюшуп дайындашкан эмес, ошондуктан ал, дин кызматчылык милдеттерди аткара албаган. Бирок келген адамдардын арыз - муңдарын кабыл алып турган.УК 202.5

    Эми болсо, эч качан дин кызматчы болбостугун түшүнгөндүктөн, ал укук таануу изилдөөсүн улантууну каалаган, бирок көп убакыт өтпөстөн, өз өмүрүн Жакшы Кабарга арноого үмүттөнгөндүктөн, бул максатын дагы таштады. Бирок Жакшы Кабардын насаатчысынын иштери, анын үрөйүн учуруп турду: ал өз жаратылышында уяң болуучу, жана бул иштин жоопкерчилигин жакшы түшүнгөн; андан тышкаары ал, өз илим изилдөөсүн улантууну дагы каалаган. Акыры өз жолдошторунун өтүнүчүнө баш ийип, ал өз макулдугун берет. “Ушунчалык төмөнкү даражадан чыккан адам, бийик даражага татыктуу бoлyп калгандыгы, таң калыштуу, - деген ал” 195Уайли, 13-китеп, 9-бап..УК 203.1

    Кальвин өз ишин акырындык менен баштаган, жана анын айткан сөздөрү, жер үстүнө түшкөн, таңкы шүүдүрүм сыяктуу болуучу. Жакшы Кабарды жактаган, жана анын окуучуларын сактап калган, ханзаада Маргаританын коргосу менен, ал Парижди таштап, башка бир аймактык шаарга туруп калат. Ал кездерде Кальвин, жумшак жана тартынчаак мүнөзгө ээ болгон жаш улан эле. Башталышында ал, үйдөн -үйгө кыдырып жүрдү. Уй тургундары менен бирдикте, ал Мукаддасты изилдеп, жана ал жердеги адамдарга куткарылуу жөнүндөгү чындыктарды ачып берди. Бул кабарды уккан адамдар, аны башкаларга жеткиришип, көп убакыт өтпөстөн, Кальвин шаар тегерегиндеги айыл - кыштактарды дагы кыдыра баштаган. Ал ак - сарайларга да, кембагалдардын алачыктарына дагы, кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, келечекте, чындык үчүн тартынбастан күбөлөндүрө турган, болочоктогу жыйындын негиздерин тургузган.УК 203.2

    Бир нече мезгил убакыт өткөндөн кийин, ал кайрадан Парижге кайтып келет. Окумуштуу адамдардын ортосунда бoлyп көрбөгөндөй жандануулар боло баштаган. Байыркы тилдерди изилдеп үйрөнүү адамдарды, эрксиз эле Ыйык Жазууларды окууга алып келет, жана жада калса, кимдин жүрөктөрү чындык үчүн ачыла элек болсо дагы, папанын жактоочуларынын жанында, бир нече сааттап турушуп, чындык жөнүндөгү суроолорду талкуулашкан. Кальвин Кудай Сөзүн талкуулап талам - тартыштарда, башкалардан күчтүү болсо дагы, ага, бул ызы - чуу түшкөн окумуштуулардын талкууларынан дагы, жогору милдеттерди аткаруу керек эле. Адамдардын аң - сезимдери oйгоно баштаган, бул болсо, аларды чындык менен тааныштыруу үчүн, эң эле ыңгайлуу учур болгон. Университеттердин залдарында, диний талам - тартыштар бoлyп жаткан мезгилдерде, Кальвин болсо, уйдөн - үйгө кыдырып, адамдар менен чындык жөнүндө сүйлөшүп, аларга Мукаддастан айкаш жыгачта керилген Машаяк жөнүндө, айтып жүрдү.УК 203.3

    Кудайдын алдын - ала көрөгөчтүгү боюнча, Парижде дагы бир жолу Жакшы Кабар жарыяланышы керек болгон. Лефевр менен Фарельдин чакырыктары, кабыл алынган эмес, бирок бул чоң шаардын тyргундары, кайрадан Жакшы Кабар угуулары зарыл эле. Саясий жагын эсепке алганда, падыша римдиктердин Реформацияга каршы күрөшүн жактап, алар тарапка өткөн эмес. Ханзаада Маргарита болсо, Францияда протестантизм акыры салтанат курат, деген үмүтүн жүрөгүнө бекем сактады. Жана ал, реформатордук ишеним, Париж жергесинде толук таратылыш керек, деген чечим кабыл алды. Падыша жок бoлyп калган мезгилдерде, ал Жакшы Кабардын жарчыларына, шаар ибадатканаларында, насаат айтууга уруксаат берген. Качан бул насаат айтуулар, папалык дин кызматчылар аркылуу тыюу салына турган болсо, ханзаада насаат сөздөрдү өз ак - сарайында айттырды. Бир бөлмөнү, жыйын өтө тургандай кылып жасашып, жана бул жерде, күн сайын, белгиленген бир убакытта Кудай Сөзү айтылат, буга бардык даражадагы адамдар чакырылат, - деп жарыялаттырган.УК 203.4

    Бул залга күн сайын, көп сандаган адамдар келишкен. Булардын арасында көпөстөр, мамлекеттик ишмерлер, юристер жана кол өнөрчүлөр бар эле. Алар бир гана ак - сарайдын залын толтурбастан, башка бөлмөлөрдү дагы толтуруп түрyшту. Буга падыша каршы болмок турсун, алардын диний кызматтары өтүп туруу үчүн, Парижде дагы эки Жыйын ачууга уруксаат берет. Кудай Сөзү, эч качан адамдардын жүрөгүнө мынчалык чоң таасирсн тийгизген эмес. Асман өмүрүнүн руху, адамдарды жандандырып жаткан сыяктуу сезилип турду. Ичимдик ичүүлөр, бузукулуктар, душмандык жана бекерпоздуктар, токтоолук, тазалык, ирээттүүлүк жана эмгекти сүйүүчүлүк менен алмаштырылган.УК 204.1

    Бирок папалык диний адамдар уктап жатып алышкан жок. Качан падыша насаат айтканды токтоконго жол бербей койгондо, алар шаардын көпчүлүк тургундарына кайрылышып, алардын жүрөктөрүнө коркунуч туудурушкан. Алар эч нерсеге карабаcтан, адатка айланган жалган көз караштарды, фанатизмди, ырым -жырымга ишенгендигин улантуусун каалашкан. Жалган окуутуучуларга баш ийүү менен, Париж байыркы Иерусалим сыяктуу, өзүнүн тынчтыгы үчүн эмне керектигин, жана өздөрүнүн Кудайга келүү убакытын билишкен эмес. Эки жыл убакыт аралыгында, мамлекеттин борборунда, Кудай Сөзү таратылып турду, көп адамдар Жакшы Кабарды кабыл алышкандыгы менен, жалпы көпчүлүк адамдар, жарыктан баш тартышкан. Франциск I өзүнүн кандай динге болсо дагы жол берүүчүлүгүн көргөзгөн, бирок бул көргөзгөн нерселери, керт башынын кызыкчылыгын ойлогондуктан болгон, жана папанын жактоочулары, башта жоготкон бийлигин калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кайрадан жыйындар жабылып, жана кайрадан адам өрттөөчү жайлар тургузулган.УК 204.2

    Кальвин дагы деле Парижде болуучу. Тынымсыз эмгектенүү, oй жүгүртүүлөргө жана сыйынууга берилгендиктен, ал боло турган кызматка жана жарыктын таратылышына, даярданып жатты. Акыры ал дагы, шек саналуучулардын катарына илинди. Шаар бийлигиндеги адамдар, аны дагы отко тапшырууну каалашкан. Бир жолу, өзүнүн обочолонгон турак жайында, эч нерседен шектенбестен олтурган мезгилинде, ага шашылыш түрдө, жолдоштору жүгүрүп келишип, аны камаш үчүн, бул жерге адамдар келе тургандыгын айтышты. Ошол замат эшикти такылдаткан үндөр угулду. Бир минута убакытты текке кетирбеш керек эле. Бир достору офицерлерди кармап турууга аракеттенишсе, бирөөлөрү Кальвинди качырып жибериш үчүн, терезени ачышып, аны сыртка чыгарып жиберишти, жана ал, шаар четине жашынууга үлгүрөт. Реформацияга жаны ачыган бир кол өнөрчүнүн үйүндө, ал өзү үчүн баш паанек тапкандан кийин, ал ошол үйдүн кожоюнунун кийимин кийинип, жонуна кичинекей кетмен артынып, сапарга чыкты. Ал түштүк тарапты көздөй жүрүп олтуруп, ханзаада Маргаританын менчигинен, өзүнө кайрадан баш калка тапкан 196Д Обипье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы”, 2-китеп.30-бап..УК 205.1

    Бул жерде, өзүн коргогон күчтүү адамдардын арасында, ал бир нече ай убакыт жашады, жана өз адатынча, күн сайын, Кудай Сөзүн окуп, эмгектенген. Бирок аны, Францияга чындыкты таратуу керектиги жөнүндөгү ойлор эч убакта таштаган жок. Жана ал, көп убакыттар колун жазып аракетсиз жата берүүнү дагы каалабады. Бул бoлyп өткөн толкун бир аз убакыт токтоло калары менен, ал университети бар, жана жаңы окутуу жакшы маанайда кабыл алына турган, Пуатье шаарында, жаңы эмгек талаасын тапты. Бул жердин ар - кан-дай даражадагы адамдары, Жакшы Кабардын чындыктарын, кубануу менен кабыл алышкан. Кальвин ал жерде Кудай Сөзүн ачык таратып жарыялаган эмес. Бирок өзү жашап турган, башкы соттун үйүндө, жана ал кээде, ким уккусу келе турган болсо, алар үчүн, түбөлүктүү өмүрдүн Сөздөрүн, жалпы эс алуучу бакчаларда тараткан. Кийинчирээк, анын угуучулары көбөйө баштаганда, шаар сыртына чогулуу, коопсуз болот, деген чечимге келишкен. Ал жактан талдардын жалбырактары, жана асканын ташы менен, жабылып жашырылган үнкүрдөн, ылайыктуу жай табышты. Жана ал жакка, шаардан ар - кандай жол менен, билинбес үчүн, анча чоң эмес топ адамдар бoлyп келишкен. Бул обочолонгон үңкүрдө, адамдар Ыйык Жазууларды изилдешип, жана өздөрүнүн билбеген нерселерине, түшүнүк алышкан. Ошол жерде, биринчи жолу Франциянын протестанттары, Теңирдин Кече тамагын өткөрүшкөн. Жана ушул кичинекей жыйындан, бир нече ишенимдүү насаатчы адамдар чыгышты.УК 205.2

    Жана кайрадан Кальвин Парижке келет. Түгөл Франция мамлекети, Реформациянын пикирин кабыл алат, деген oй - максат, аны эч убакта калтырган эмес. Бирок, бир нече убакыт жүргөндөн кийин ал, бул жерде иштөөгө эч кандай мүмкүндүк жок экендигин түшүндү. Жакшы Кабарды таратуу, бул адам өртөөчү жайда бoлyy дегенди билдирген, жана акыры ал Германияга кетүүгө туура келди. Кайрадан протестанттар үчүн, каардуу толкун башталгандыктан, ал Франциядан арацдан зорго чыгып кетет, эгерде ал Францияда калып кала турган болсо, анда Кальвин өз башын, өз ийнинде алып журмөк эмес.УК 206.1

    Франциядагы реформаторлор, германиялык жана швейцариялык бир туугандардан кем калышпас үчүн, римдин жалгандыкка ишенүүлөрүнө каршы, тайманбаган сокку урууну, жана түгөл мамлекетти кыймылга келтирүүнү, туура деп табышты. Бир түндүн ичинде, түгөл Францияда, католик чиркөөлөрүн сынга алган, плакат кагаздары, ар — кайсыл жерлерге жабыштырылып чыккан. Бирок бул ойлонулбай жасалган кадам, күтүп турган ийгиликтин ордуна, бир гана реформаторлорго эле эмес, аларды жактаган адамдарга дагы, өлтүрүүчү кадам болгон. Папанын жактоочулары, өздөрү көптөн бери күтүп жүргөн нерселерине ээ болушту, - анткени протестанттарды биротоло жок кылуу үчүн, алар жалпы адамдарды чуулганга салат, жана бул тактыга дагы, жана мамлекеттик келишимге дагы, коркунуч туудуруучу, үгүтчүлөрдүн уюму, деген шылтоо айтууга, шарт түзүлгөн.УК 206.2

    Кимдир бирөөнүн колу, - Ре-формациянын акылсыз досу тарапта болушу ыктымал, ал эми кимдир бирөөнүкү, - анын душмандары тарапта, - бул азыр дагы белгисиз, - деген плакат, падышанын бөлмөсүнө илинип калат. Муну көргөн падышанын, эмне кылаарын билбей жүзүндөгү куту учту: бул жазылган кагаз, анын көп жылдардан бери, кадырлап жана урматтап жүргөн ырым - жырымына болгон ишенимине, катуу сокку урду. Падышанын өзүнө, ушундай одоно сөздөрдү айтып калтыргандыгы, падышаанын каарын биротоло кайнатты. Бул жосунга дең - дароо болгон падыша, бир нече убакыт, тил ооздон калып, таң калуудан, бүткөн боюн калтырак басат. Андан кийин, анын каары, кийинки айткан сөздөрүнөн байкалат: “Лютерандык деп күмөн сааналган ар бир адамды, анын даражасына карабастан кармашсын. Мен алардын баарын тукум - курут кылам” 197ошол эле жерде, 4-кигеп, 10-бап.. Чүчү кулак ташталды. Жана падыша, биротоло жана кылчактабастан, Рим тарапта болууну туура, деп чечти.УК 206.3

    Париждеги бардык протестанттарды камакка алуу үчүн, бардык чара тез аранын ичинде көрүлгөн. Папанын жактоочулары, реформаторлор тараптагы, аларды жашыруүн жыйындарга чакырып жүргөн, бир шордуу кол өнөрчүнү кармашып, папалык эмиссарга (жашыруүн иш үчүн дайындалган бийликтеги адам), ар бир протестанттардын үйлөрүн, жана чогула турган жерлерин көргөзүп берүүнү мажбурлап, өлүм жазасы менен коркутуп кыйнашкан. Башында бул байкуш адам, мындай жосунга барбай тургандыгын айтып, барынан баш тарткан. Акыры, өлүм алдындагы болгон коркунуч, анын өз бир туугандарына каршы, чыккынчы болуусуна шарт түздү. Аскерлердин, дин кызматчылардын жана монахтардын коштоосунда, падышанын тергөөчүсү, өз абийирине каршы чыккан бактысыз адам, шаар көчөлөрү менен, жай баракат жылып бара жатышты. Бул жүрүш, протестанттардын чиркөөгө каршы айткан басырынтуу сөздөрүнүн урматына каршы, уюштурулган болуучу. Бирок, бул “жалган жасалган көрүнүш”, анткорлук менен гана жасалып жаткан. Лютерандын үйүнө жакындаганда, чыккынчы колу менен белги берген, жана ошол замат жүрүш токтотулуп, аскерлер шыр эле үйгө качырып киришип, уй мүчөлөрүнүн баарын кармашкан, жана аларды кишендешип, коркунучтуу жүрүш, жаңы курмандык табуу үчүн, өз жолун андан наары улантып турган. Алар ” бир дагы уй калтырышкан жок. Кичинекей кепеден баштап, университеттин имараттарына киришти... Мориндин алдында, түгөл шаар титиреп турду... Бардык жерди коркунуч жана үрөй учуулар бoлyп жатты” 198ошол эле жерде..УК 206.4

    Камакка алынгандарды, катуу кыйнагандан кийин, өлүмгө тапшырышкан. Аларга өзгөчө буйрук боюнча, анча чоң эмес кылып, от жагууларын буйрук кылышты, анткени алардын көпкө чейин кыйналып, күйүп өлүүлөрүн каалашкан. Бирок азап чегүүчүлөр, бир кың дебестен жеңүүчүлөр катары, солкулдагыз бекемдикте, курман болушту. Алардын куугунтуктоочулары, бул каармандыктарды, ийүүгө жана солкулдатууга алсыз болгондуктан, өздөрүн жецилген адамдар катары сезишкен. “Париждин бардык көчөлөрүндө, адамдарды өрттөй турган жайлар тургузулган, жана ар күн сайын, жалгандыкты ээрчигендерди эмне күтүп тургандыгын көргөзүү үчүн, жана адамдардын жүрөгүнө коркунуч салуу максатында, бул жерлерде, жаңы адам-дарды өрттөп өлтүрүп жатышты. Бирок, акыры жеңиш, Жакшы Кабар тарапта болду. Жаңы окутуулар, кандай адамдарды өстүрүп чыгараарын, бардык адамдар көрүшкөн. Насаат айтуу үчүн эң эле жакшы кафедра, бул адам өрттөө үчүн байлап тургузулган, устундар бoлyп калды. Жаза чыгарыла турган жерге бара жаткан адамдардын кубанычы, алардын жүзүнөн нур тамызып тургандай сезилген; алоолонгон жалындын ортосундагы, аларды таштап кетпеген баатырдык, момундук менен баарын кечиримдүүлүк, бир канча жолу ачууну - ырайымга айландырып, ал эми көрө албастыкты, - сүйүүгө айландырган; ушул нерселердин баары, өз күчүнүн жардамы менен, Жакшы Кабардын ийгилиги үчүн, көркөмдуулук менен күбөлөндүргөн” 199Уайли, 13-китеп. 20-бап..УК 207.1

    Адамдардын протеcтанттарга карата болгон ачуусун, суутпаш үчүн, протестанттар жөнүндө, эң эле болуп көрбөгөндөй ушак таратышкан. Аларды, католиктерге каршы кан төгүүнү, жана бийликти алып ташташып, падышаны дагы өлтүрүүнү кааалашкан, деген айыптоолор менен айыпташкан. Бирок ушул айыптоолорду далилдеш үчүн, бир дагы тыянактуу далил коюша алган эмес. Ушул өтө жаман айыптоолор, башка жагдайда, башка мезгилде иш жүзүнө ашкан. Католиктердин, айыпсыз протеcтанттарга жасаган катаал мамилелери, өз баштарына келди. Бир нече кылым өткөндөн кийин Францияда, лар өздөрү алдын ала айткан эл толкуну болот. Бул толкундоодо падыша, жана анын кол алдындагы кызматчылары, мыйзамсыз адамдардын колунан катуу, жабыр тартышкан. Протестантизди таратпастан, аны түп ордунан жок кылуу, Францияны атеистик революция, үч кылымдан кийин жабыр тарттырган.УК 208.1

    Коомчулуктун баарын, ал кандай гана чөйрөдө болбосун, ишенбестик жана коркунуч, күмөн саноолор, курчап алды. Жалпы коомчулуктун тынчсыздануусунан кийин, лютерандардын окутуусу, адамдардын аң - сезимдеринен алда канча, түп тамырынан бери жок бoлyп калгандыгы байкалат. Бир кезде бул окутуу, алардын билим алууларында жана маданиятында, түркүк сыяктуу сезилип турган, жана мамлекетке өзүнүн жакшы таасирин, жана жакшы мүнөөздөрүн калтырган болуучу. Эң эле маанилүү жана жоопкерчиликтүү орундар, бир мезгилде бош калтырылып калды. Шаардан кол өнөрчүлөр, китеп бастыруучулар, окумуштуулар, жана университеттин профессорлору, жазуучулар жада калса, ак сарайда кызмат кылгандар, дагы жок болду. Жүздөгөн адамдар Парижди калтырышып, өз эрки менен өздөрүн кугунтукташкан, ошону менен алар, өздөрүнүн протестанттарды жактоочу экендигин көргөзүшкөн. Бoлyп жаткан кырдаалды, папанын жактоочулары таң калуу менен карап турушту, - алардын айланасында, ушунчалык көп билинбеген жалгандыкты таратуучулар бар экендигин, алар билишкен эмес... Жана аң сайын алар, өз бийлигинин алдындагы адамдарга, өз каарларын төгуп турушту. Түрмөлөр толуп калган, ал эми аба болсо, Жакшы Кабарды күбөлөндүрүшкөн адамдарды өлтүрүү үчүн, күйүп жаткан өрттөрдөн түтүнгө толду.УК 208.2

    Франциск I, XVIкылымдын башталышындагы салтанаттык менен белгиленген, илимдин өнүгүшүнүн башчысы бoлyп калгандыгына, өзүн - өзү көтөрүп барктанган. Ал дүйнөнyн бардык тарабынан окумуштууларды, өзүнө жанталашуу менен чакыра баштады. Анын Реформацияга болгон чыдамдуулугу бир жагынан, анын агартууга болгон сүйүүсүн, жана монахтардын жалган ырым - жырымдарына карата болгон жек көрүүчүлүгүн түшүндүрүп турган. Бирок, жалган окутууну жок кылууну эңсегендиктен, бул агартууну жактоочу, түгөл Франция жеринде, кагаз басып чыгарууга тыюу салган, жарлык чыгарган! Тарыхта көп деген адамдардын акылдуулук маданияты, динге карата жасаган терс аяктыгын билебиз, жана Франциск I дагы алардын тизмесиндегилердин бири.УК 208.3

    Протестантизмди биротоло жок кылуу максатын өзгөртпөстөн, Франция өз ишин, эл алдында жасалган эбегейсиз чоң жазасы менен далилдеген. Монахтар, уюмду Асман алдында кемсинтүү, кан менен жуулуш керек дешти, жана падыша элдердин атынан, бул үрөйдү учурган жазаны ишке ашыруусун, талап кылышты.УК 209.1

    Бул жырткычтык жөрөлгө, 1535жылы 21январда, иш жүзунө ашкан. Ал мезгилде протестанттарга каршы, ырым - жырым коркунучун, жана бардык элдин терс көз карашын буpуу үчүч, түгөл аракет жасалган. Париждин бардык көчөлөрү, адамдарга жык толгон эле. Эң чоң салтанаттуу жүрүш даярдалып жатты. “Жүрүш өтүп бара жаткан жердеги тамдардын дубалдарында кайгынын кездемелери тартылган, бардык жерлерде, кур-мандык өрттөөчу жайлар курулду”. Ар бир үйдүн эшиктерине, “ыйык жөрөлгөлөрдүн” урматына, шамана жагылып коюлду. Бул жүрүштүн катышуучулары, падыша сарайынын алдында, таң ата электе эле чогулушкан. “Биринчи катарларда, сүрөттөр тартылган чиркөө тууларын, жана ар кандай бoлyп кагылган сүрөттөрдү, көтөрүп бара жатышкан; андан кийин гана, шаар тургундары колдоруна күйгөн шамдал кармашып, эки - экиден кетип бара жатышты”. Алардын артынан, төрт монахтардын уюму өз кийген кийимдери менен, ээрчип жөнөштү. Алардын артында, өлгөн касиеттүү деп эсептелген адамдардын кургап калган денесин көтөрүп, алардын баарын, өздөрүнүн баалуу таштар менен жасалгаланган, кызгылтым кийимдери менен, менменсинген кардиналдар курчап, бириктирип турган.УК 209.2

    “Бул жүрүштү, Париждин епископу башкарган... жана төрт көрүнүктүү төрө, төрт бурчунан анын үстүн жаап турган, кымбат баалу чатырды көтөрүп бара жатышты... Бул жүрүштүн аягында падыша бара жатты... бул күнү, анын башында таажысы да, үстүндө жасалгалуу кийими дагы жок эле. Жылаң баш, жер карап, колуна шам жандырып кармаган Франциянын падышасы, тoбo кылып бара жаткан, күнөөкөр сыяктуу сезилет” 200ошол эле жерде, 21-бап.. Ар бир курмандык өрттөөчү жайдын алдында, ал тизелеп кечирим сурап жатты. Бул сураган кечирим, өзүнүн кылган жамандыгы үчүн, анын жаңы кыйналып жаткандан эмес, анын колун кызарткан, айыпсыздардын каны үчүн кейигендиктең дагы эмес, - жок, ал өз кол алдындагы адамдардын, чиркөөгө сөз тийгизгендиги үчүн, бул коркунучтуу күнөөлөрү үчүн, аларга өтүнүп сыйынып жаткан. Аны дагы, колдоруна шам жагып көтөрүшкөн падыша айым, жана ак - сарайдагы даражалуу адамдар, эки - экиден катар басышып, узатып бара жатышты.УК 209.3

    Ошол күнү падыша, жогорку төрөлөргө, епископтун имаратындагы чоң залда, сөs менен кайрылды. Ал төрөлөрдүн алдына өзүнүн кайгырган жүзү менен чыгып, Франция эли үчүн каргыш алып келген, “кылмыш, Кудайга сөз тийгизүү, шылдың, жана кайгы жөнүндө”, капаланып тургандыгын билдирген. Жана андан кийин ал, өз кол астындагыларды, франциянын тyргундарын өлүмгө алып келе турган таасирден сактап калуу үчүн, бардыгын биригүүгө, жана бул жалган окутууну түп тамырынан жок кылууга чакырды. “Ырайымдуу мырзалар, мен силердин падышаңар экендигим анык, - деди ал, - жана менин колумда, же бутумда, бул жугуштуу оору жабышып пайда боло турган болсо, - мен аны силерге, кесип ташта, деп айта тургандыгым дагы, чындык... Андан тышкаары, бул каргыш алып келе турган окутуу менен, менин балдарым дагы ооруп кала турган болсо, анда мен, аларды дагы аямак эмесмин... Анда мен аны, өзүм калыс соттун колуна тапшырып, Кудайга курмандык катары алып келмекмин”. Анын муундары калтырап, көзүнө жаш тегеренди, жана ал жерде тургандардын бары озондошуп, бир добуштан мындай деп айтышты: “Биз католик чиркөөсү үчүн, өз өмүрүбүздү берүүгө дагы даярбыз!” 201Д Обинье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы”, 4-китеп. 12-бап..УК 210.1

    Чындыктан баш тарткан адамдарды, кандай көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады! Францияга “куткаруучу ырайым” келип көрүнгөн; Адамдар, миңдеген адамдар Кудайга кайрылган, жана Кудайдын жеткилендигине жакындаткан анын күчүн, жана касиетин көрүшкөн; шаарларда болгондой эле айыл - кыштактарда дагы, анын жарыгы жаркырап турган. Чындыкты көрүшүп, - жана андан баш тартышты, жарыктын ордуна караңгылыкты кабыл алышты. Асман аркылуу сунушталган белекти, алардын кабыл алгылары келишкен жок. Алар өздөрүн, алдоонун курмандыгы кылганга чейин, жакшыны - жаман дешип, жаманды - жакшы дешкен. Алар, Кудайдын элин кубалап, жана ошону менен Кудайга кызмат кылып жатабыз, деп ойлошкон, бирок бул нерселер, алардын үстүндөгү айыпты алып таштаган жок. Алар, аны адашуудан жана кан төгүүдөн кармап, сактап кала турган жарыктан, жек көрүү менен, баш тартышты.УК 210.2

    Жалган окутууну түп тамырынан бери жок кылуу жөнүндөгү, салтанаттуу ант, 300 жыл убакыт өткөндөн кийин, тирүү Кудайды унутушуп, “өз акылдарын” кудай кылышкан, адамдар аркылуу, собордогу кафедрадан жаңырган. Бул бoлyп өткөн жүрүштөн кийин дагы, Париждин көчөлөрүндө, Францияны чагылдырган адамдардын жүрүшү башталып, ант берген иштерин аткарууга киришкен. “Протестанттарды өрттөө үчүн, бирине - бири жакын курулган, секичелер тургузулган. “Бул “Тирүү от жалындары”, падыша жакындаган мезгилде, жалбырттап жанууcу керек эле; жана, алардын кыйналгандыгын көрүү үчүн, жүрүп бара жаткан жүрүштүн катышуучулары, уламдан - улам токтоп турушту” 202Уайли, 13-китеп. 21-бап.. Бул Ыйса Машаяктын күбөлөрүнүн тарткан азаптарын, жүрөк зырылдатпай айтуу мүмкүн эмес, бир гана нерсе айта алабыз, алар өз өмүрлөрүн, кичине дагы күмөн саноосуз, жана солкулдабастан өлүмгө тапшырып беришкен. Качан бир протестантты, өз ишенимиңен баш тарт, деп аракеттенишкенде, ал минтип айткан: “Мен, бир гана пайгамбарлар жана элчилер насааттаган нерселерге ишенем, жана бардык касиеттүүлөр ушуга ишенип келишкен. Жана мен, тозоктун бардык күчүн жеңе ала турган, Теңирге гана ишенем” 203Д Обинье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы”, 4-китеп,12-баи..УК 210.3

    Кайра - кайра, бара жаткан жүрүш, кыйналган адамдардын жанына токтошуп турушту. Акыры падышанын ак - сарайына жакындаганда, адамдар өз үйлөрүнө тарашып, ал эми падыша жана прелаттар болсо, бул күнкү окуянын иштерине ыраазы болушуп, жалган окутууну жок кылуучу иштин, ушунчалык ийгиликтүү башталгандыгына кубанышып, бирин - бири куттукташты.УК 211.1

    Франция аркылуу четке кагылган тынчтыктын Жакшы Кабары, көп узабастан түп тамырынан, касылып алынып ташталды; бул иштердин акыры үрөйдү учураарлык болуучу. 1793жылы 21январда, Франция протестанттарды жок кылууга ант бергенден 258 жыл убакыт өткөндөн кийин, Париждин көчөлөрүндө, башка максат менен, бөлөк жүрүш кетип бара жатты. “Бул жүрүштүн эң жогоку адамы падыша өзү болгон, кайрадан кыйкырык - өкүрүктөр, кайрадан тополоң түшкөн эл, курмандык талап кылышкан, жана кайрадан адам өрттөй турган секичелерди орнотушуп, жана кайрадан күн, каардуу кыйноолор менен аяктаган. Өз баш кесерлерине моюн сунууга аргасыз болгон Людовик XVI- ны, күч менен жыгач сандыкчага жаткырышып, баш кесер анын башын кесип салганча, ошол жерде аны кармап турушкан” 204Уайли, 13-китеп, 21-бап.. Ал жерде бир гана падыша өлгөн эмес; дурбөлөңгө түшкөн элдин колунан, ошол күнү баш кесүү үчүн жасалган куралдын алдында, 2800 адам курман болушкан.УК 211.2

    Реформация бул дүйнөгө Мукаддасты сунуш кылган, жана ар бир адамдын абийирине киргизүү үчүн, Кудай Мыйзамынын талаптарын түшүндүргөн. Чексиз Сүйүү, адамдарга Асман талаптарын, жана көрсөтмөлөрүн ачып берген. Кудай минтип айтат: “Ошентип, аларды сактагыла дагы аткаргыла; анткени калайык калктар көзүнчө бул силердин даанышмандыгыңар жана акылмандыгыңар болот, анткени бул мыйзамдар менен бүтүмдөрдү уккан элдер: бул улуу эл гана - даанышман да, акылман да экен, - деп айтышат” (VМуса 4:6). Качан Франция, бул Асмандан жиберилген белекти кабыл алышпай койгондо, ал өзүнө рефолюция жана зомбулук алып келген, ээн баштыктын жана бүлгүндүктун үрөөндөрүн сееп алган.УК 211.3

    Уюмду айыпгаган плакаттардын, жана кугунтуктоолоpдун пайда болуусунан алда канча мурун, кайраттүү Фарель өз ата - мекенинен качып кетүүгө, туура келген. Ал Швейцарияга качып барып, ал жерде Цвинглиге жардам берип, Реформацияга коомчулуктун дитин бурууга үлгүргөн. Ал өмүрүнүн аягына чейин Швейцарияда калган болсо дагы, Франциядагы Реформацияга өз таасирин калтырууну улантып турган. Куугунтукталгандын алгачкы жылдарында, ал Жакшы Кабардын өз элине таратылуусу жөнүндө, камкордук көрдү. Ал, чек арадан анчалык алыc эмес жерлерде жашаган, өз боордошторуна Жакшы Кабар таратып, бoлyп жаткан күрөшкө назарын салган, жана аларга кубаттандыруучу сөз, жана кеңештери менен жардам берип турган. Башка бир куугунтукталган адамдар аркылуу, немец реформаторлорунун кол жазмалары, француз тилдерине которулду. Мукаддас менен бирдикте, ал кол жазмалар дагы француз тилинде, көп сандаган тираждар менен, басылып жатты. Бул китептер түгөл Францияга таратылып, - аларды, китеп тараткандарга төмөнкү баада беришип, алардан түшкөн каражаттарды, өз ишин улантуу үчүн, китеп бастыргандарга беришкен.УК 212.1

    Фарель Швейцариядагы өз ишин, мектеп мугалими бoлyп эмгектенүүдөн баштаган. Бир чиркөө уюмуна биригишип, өз өмүрүн жаш балдарды окутууга арнаган. Балдарды жөнөкөй мектеп окутууларынан тышкаары, Ыйык Жазуунун чындыктары менен кичинеден тааныштыра баштаган, жана алар аркылуу, алардын ата - знелерине дагы, чындыктарды жеткирүүнү каалаган. Алардын кээ бирлери ишенип калышты, бирок дин кызматчылар, анын жасап жаткан иштерине жолтоо бoлyшyп, кыштактын ырым - жырымдарга ишенген тургундарын, Фарельге каршы тукурган. “Бул, Ыйса Машаяктын Жакшы Кабары болушу мүмкүн эмeс, - дешип бекемдешти алар, - анткени анын айткан насааттары тынчтыктын ордуна, согуш алып келип жатат” 205Уайли, 14-китеп. 3-бап.. Машаяктын алгачкы шакирттери сыяктуу, Фарель дагы бир шаардан куугунтуктаса, экинчи шаарга барып тyрган. Жолоочулап, ал кыштактардан - кыштактарга, шаардан - шаарга, ачкалыкка кабылып, суука тоңуп, чарчап - чаалыгып, ар - дайым коркунучтун үстүндө жүргөн. Ал өз насааттарын, бирде базарларда айтса, бирде чиркөөлөрдө, ал эми кээ бир учурларда, чогулуш болгон жерлердеги кафедрада айтууга туура келген. Кээде ал насаат айткан жерлерде эч ким болбой калса, кээде анын айткан насааттары кыйкырык жана шылдың менен коштолгон, кээде аны жөн гана кафедрадан сүйрөп чыгарышкан. Көп жолу, ага каршы адамдарды шыкашып, аны өлөөрчө сабатышкан. Жана ошонун баарына карабаcтан, ал алдыга жылып олтурду. Көп жолу жеңилүүгө учураса дагы, ал кайрадан өзүнүн басып кирген ишин, тырышкандык менен уланта берген. Жана башта папанын коргонучу болгон айыл - кыштактар, көп убакыт өтпөстөн, өз эшиктерин Жакшы Кабарга ачып беришти. Өзү алгачкы ишин уланткан кичинекей чиркөөнүн уюму, реформаторлордун ишенимин кабыл алышкан. Морат жана Нойхатель сыяктуу шаарлар дагы, католиктердин эрежелеринен баш тартып, жана өз чиркөөлөрүнөн жасалма сүрөтөрдү, алып ыргытышты.УК 212.2

    Фарель Женевада, протестантизмдин желегин жогору көтөрүүнү, өз жүрөгүндө көпкө чейин сактап жүрдү. Эгерде, ушул шаарды багындыра турган болсо, анда ал, Франция, Швеция жана Италияны бириктирип турган Реформациянын борбору бoлyп калмак. Ушул oй - максатты алдыны койгондуктан, Женеваны курчап турган шаардар жана кыштактар, реформатордук ишенимди кабыл алганча, жан дили менен тырышып эмгектенди. Жана ошондон кийин гана, жанындагы бир коштогон досу менен ал Женевага кирген. Бирок ал жерде, ага эки гана насаат айтууга туура келди. Дин кызматчылар, мамлекеттик бийликтин жардамы менен аны кармаганга шылтоо табышпагандан кийин, өздөрү уюштурган, чиркөөнүн кеңешине Фарельди чакырышат. Аны өлтүрүп тынуу үчүн, ал жерге чепкенинин ичине курал алып киришкен. Имарат ачууланып каарданган, келтек жана кылычтар менен куралданган, көп сандаган адамдардын курчоосу алдында эле, - эгерде ал имараттан качып кете турган болсо, анда атайын дайындалган адамдардын колуна кабылмак. Аны бул жерден, шаар бийлигиндеги жана көп сандаган куралданган аскерлер, бошотуп кетишет. Кийинки күнү таң атаары менен Фарель, өз жолдошу менен, көлдүн наркы өйүзүнө, коопсуз жай издеп кетип калат. Жана анын, Же-невада болгон биринчи насааты, мына ушундайча аяктаган.УК 213.1

    Анын экинчи жолу болгон аракетине, ал көп билинбеген курал алды, - жүзүндө жагымдуулугу жок жаш жигитти, жада калса реформаторлор дагы, салкын гана тосуп алышты. Фарель өзү кабыл алынбай жеңилүүгө кабылган жерде, бул жаш улан эмне кыла алмак? Кандайча, ушул тартынчаак жана тажрыйбасы аз жаш адам, асканы шартылдатып уруп турган толкунга каршы тура алат, мындай толкундарга күчтүү жана кайраттуу эр адамдар туруштук бере албай, качууга туура келбеди беле? “Аскер менен да, күч менен дагы эмес, бирок Менин Рухум менен, деп билдирген Ааламдын Теңири” (Зах. 4:6). “Ошондуктан Кудайдын женилдиги адамдардан акылдуураак, жана Кудайдын алсыздыгы, адамдардан күчтүү”. Бирок, бул дүйнөнүн даанышмандыгын уят кылуу үчүн, дүйнөнүн алсыздарын тандап алган” (1 Кор. 1:25,27).УК 213.2

    Фромент өз ишин, мектеп окутуучусу катары баштады. Ал балдарды уйрөткөн чындыктарды, алар үйлөрүндө кайталашкан. Көп убакыт өтпөстөн, Мукаддастын талкууларын угуу үчүн, алардын атаэнелери келе баштады. Жана акырындык менен, мектептеги класстын ичи кунт коюп уккан угуучуларга толо баштады. Жаңы окутууну угуу үчүн, ким келүүгө батына албаган болсо, аларга үйдө окуу үчүн, Жаңы Осуят жана башка кол жазмалар сунушталган; бул китептер баарына жетээрлик эле. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, бул кызматчыга дагы качууга туура келди, бирок ал аркылуу таратылган чындыктар, адамдардын аң - сезимин бийлеп алганга үлгүргөн. Реформациянын үрөөндөрү топурактарга ташталды, жана алардын кыймыл - аракети бекемделип жана кенен жайылып тарай баштаган. Жакшы Кабардын жарчылары кайрадан кайтып келишкен, жана алардын кылган зор эмгегинин аркасында, Женевада протестанттардын кызматы акыры бекемделип өтө баштады.УК 214.1

    Көп жылдар жолоочулап жана келгиндеп жүрүп, бул жерге Кальвин келет, бул учурда Женева, Реформацияны ачык кабыл алып калышкан. Кальвин өз туулган жеринен Базельге кайтып бара жаткан, бирок, жолду Карл Ѵ-нин адамдары жаап алгандыктан, ага Женева аркылуу, айланып барууга туура келет.УК 214.2

    Кальвиндин келишинде Фарель, Кудайдын колдогон Колун көрдү. Женева реформаторлордун ишенимин кабыл алган болсо дагы, бул жерде, дагы чоң иштерди жасоо керек эле. Кудайга кайрылуу, толук коом менен гана чектелбестен, ар бир адам менен иштөө зарыл; жүрөк жана абийир соборлордун койгон көрсөтмөлөрүнөн тазарып жаңырбайт, бирок Кудай Руху менен жаңырат. Женева римдиктердин зөөкүрдүгүнөн баш тартса дагы, алардын башкарып тургандагы жаман жосундарынан, биротоло баш тартып жеңип чыгууга, али даяр эмес болуучу. Адамдарга, Кудай аларга татыктуу кылып берген орунда жүрүү үчүн, Жакшы Кабардын таза көрсөтмөлөрү менен жашоого үйрөтүү, - бул жеңил желпи иш эмес болуучу.УК 214.3

    Кальвин ошондой адамдардан экендигине, Фарель ишенген, - мындай иште ушундай адам менен биргелешип иштөө мүмкүн эле. Теңирдин Атынан, ал жаш адамдын бул жерде калып эмгектенүүсүн, Фарель өтүнөт. Бул сунуш Кальвинди чоочулатты. Ал өзү жаратылышында тынчтыкты сүйүүчү болгондуктан, Женеванын тез ачуулануучу, көз карандысыз жана тайманбаган адамдарынан качкалаңдаган. Ал өзүнүн ден — соолугунун начарланышына, жана илимий изилдөө иштерине жакын болгондугуна байланыштуу, анын обочолонуп жашоосуна түрткү бoлyп турган. Ал, өзүнүн жазган чыгармалары, Реформацияны жакшыраак колдойт деген, ошондуктан тынч жай таба турган болсо, өз калеми менен, жыйынды колдоп жана насааттамак. Бирок Фарельдин салмактуу түрдө суранган өтүнүчү, ага Асмандан айтылган үн сыяктуу угулган, жана ал бул өтүнүчтөн баш тарта алган жок. Ага “Кудай Асмандан Өз Колун сунуп, анын үстүнө койгондой сезилди, жана анын эч кандай каршылыгын укпастан, Кальвин кетүүнү каалаган жерге, аны кызматка койду” 206Д Обинье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы”, 9-китеп,17-бап..УК 214.4

    Ошол кездерде протестанттардын үстүнө кооптуу коркунуч туулуп турган. Женевага папанын Кудайдын каргышын жарыялоосу башталды, жана күчтүү мамлекет, аларды жок кылып сала тургандыгын айтып коркутту. Ушул анча чоң эмес шаар, кантип, падышалар жана императорлор баш ийип турган бийликке, каршы тура алсын? Улуу жеңиштерди алып келген аскердин алдында, ал кантип туруштук бере алат?УК 215.1

    Бардык христиан мамлекеттеринде, протестантизмди каардуу душмандар коркутуп турган. Реформация үчүн болгон биринчи жеңиштер өтүп кетти; Рим аларды талкалоо максатында, жаңы күч топтоду. Бул учурда иезуит (монахтык аракетчил уюм) уюму түзүлүп калган, - бул уюмга папалык эң эле каардуу, башка көз карашка кошулбаган, жана папанын көз караштарынын күчтүү күрөшүүчүлөрү, чогулушкан. Алар, жердеги бардык кызыктыруучу жана өзүнө тартуучу нерселерден алыc болушуп, адамдагы чыныгы сезимдерди, абийирдин жана аң - сезимдин айыптап турган үндөрүн өлтүрушүп, алар өздөрүнүн уюмунун кызматынан башка, эч кандай эреже, же болбосо милдет дегенди билишкен эмес, бир гана милдети, өз уюмдарын көбөйтүү, жана таасирлентуу бoлyп эсептелген. Машаяктын Жакшы Кабары, өз жактоочуларын, ар бир коркунучтарды татыктуу тосуп алууга, кыйынчылыктарды, ачкалыкты, суукту, ажыроону, муктаждыкты, чыдамдуулук менен баштарынан өткөрүүгө үйрөткөн, жана чындыктын туусун жогору көтөрүп, кыйноодон, зындандан жана отко өрттөөдөн дагы корпогонго, жардам берген. Мына ушундай улуу күчкө, иезуиттер өздөрүнүн карама - каршы болгон, жана ушундай сапаттардан алыc кылган, чындык менен күрөшүүчү фанатизмди каршы коюшкан, жана аларга каршы ар кандай чара колдонуудан жийиркенишкен эмес. Алар колдонуп көрбөгөн кылмыш болгон жок. Алар, өтө төмөн санаган алдоолор дагы жок эле; жана алар бара албаган, куулук дагы болгон эмес. Түбөлүктүү жакырлантып жана адамдарды төмөн басууга убада беришип, - өз уюмдарын байытып, жана протестантизмди түп тамырынан жок кылуу, папалык бийликти калыбына келтирүү, алардын башкы максаты болгон.УК 215.2

    Бул уюмдун мүчөлөрү, өздөрүн касиеттүүлүктүн кебине чулгашып, зындандарды, ооруканаларды кыдырышып, оорулууларга жана кедейлерге кызмат кылышып, аларга өздөрүнүн бул дүйнөдөгү кызыктыра турган нерселерден бөлүнгөндүгүн, жана Ыйса Машаяктын жолун жолдошуп, жер кыдырып, жакшылык кылып жаткандыктарын айтышкан. Бирок ушул жакшылыктын артында, эң эле кылмыштуу, жана зөөкүр, кытмыр ойлор бекитилип турган. Бул уюмдун эң башкы көз карашы: каражат максатты куткарат, болгон. Ушул максаттын негизинде, калп айтуу, уурулук, зөөкүрдүк, киши өлтүрүү жөн гана акталбастан, бирок алар, чиркөөнүн кызыкчылыгы үчүн болсо, баркталган. Өздөрүнүн чыныгы oй - максаттарын жашыруу менен иезуиттер, мамлекеттин жоопкерчиликтүү орундарына чыгышкан, падышанын кенешчилери дагы бoлyшyп, көп сандаган мамлекеттердин саясий иштерине өз таасирлерин тийгизишкен. Өз башчыларына тыңчылык кылуу үчүн, алар кызматчылык орундарда калышкан. Алар төрөлөрдүн тукумдары үчүн колледждерди, жөнөкөй адамдардын балдары үчүн мектептерди курушуп, протестанттардын үй-бүлөлөрүнүн балдарын өздөрүнө тарткан, жана папанын жол-жобо эрежелерин аткарууга үндөшкөн. Бул көргөзүлүп жаткан кооздуктардын баары, жана католик жыйынынын жасалмалуулугу, адамдардын көңүлүн кыялдануулукка буруу максатында эле. Ушул нерселердин жыйьштыгында, балдар, ата-энелери эрдик менен күрөшкөн жана өз кандарын төккөн, чындыктарды калтырышты. Бул уюм тез эле убакыттын ичинде, түгөл Европага тарап, бардык жерде папалык кыймылдын өсүп өнүгүшүнө түрткү болду. Бул уюмдун колуна көп сандаган бийликтерди каратуу үчүн, папанын атайын чыгарылган токтому боюнча, инквизиция (мыкаачылык менен кыйнаган сот полициясы) кайрадан калыбына келтирилди. Жалпы элдин жек көрүүсүнө карабаcтан, ушул үрөйдү учурган инквизиция, папалык башчылар аркылуу, жада калса, католик мамлекеттеринде дагы иштей баштаган. Анын жашыруун турмөлөрүндө, күндүзгү жарык чыдай алгыз, өтө коркунучтуу, мыкаачылык иштер жүргүзүлгөн. Көпчүлүк мамлекеттерден, элдин жарыгы болгон жүздөгөн адамдар өлтүрүлүп, жана качып кетип жатышты. Алардын арасында, таланттуу жана жогорку билимдүү, ак-ниет жана белгилүү, таакыба жана Кудайга берилген насаатчылар, эмгекти сүйүүчү жана өз мекенин сүйгөн атуулдар, эмгеги сиңген окумуштуулар, таланттуу сүрөтчүлөр, жана чебер кол өнөрчүлөр болгон.УК 216.1

    Реформациянын жарыгын өчүрүү үчүн, жана адамдарды Мукаддастан ажыратып, аларды орто кылымдагы караңгылыкка, ырым — жырымды сүйгөн түркөйлүккө алып келүү үчүн, Рим ушундай курал колдонгон. Бирок Кудайдын эрки боюнча, таакыба адамдардын эмгегинин аркасында, Ал Лютерди алмаштыра турган адамдарды чыгарып, про-тестантизм, таптакыр кыйратылып калган жок. Өзүнүн турмушка бекемделген күчү менен, бул окутуу, төрөлөрдүн жана алардын куралдарынын ырайымына милдеттүү эмес. Протестантизмдин бедели бoлyп, эң эле кичинекей мамлекеттер эсептелген, Мисалы, кичинекей Женева, анын душмандары аны курчап, кыйратып салууну каалаган; Голландия, түндүк дениздин кумдуу жээктеринде, ошол кездеги күчтүү мамлекеттердин бири болгон Испаниянын зуулумдугуна каршы, эр жүрөктүүлүк менен, каршы турган. Салкын Швеция, өзүнүн түшумгө бай болбогон жери менен, Реформацияны жеңишке жеткирген. Кальвин Женевада отуз жыл чамасында эмгектенди - башталышында, Мукаддастын адеп - ахлактуу таза окутуусун жолдогон Жыйын тургузуу үчүн, андан кийин - Реформацияны түгөл Европага таратуу үчүн кызмат кылды. Өзүнүн жалпы билим берүү иштеринде, ал ката кетирүүдөн алыc эмес болгон, ал эми анын теориялары өзүндө көп сандаган жаңылууларды камтыган. Бирок ал чындыкты таратууда, ошол кезге керектүү болгон, протестантизмди колдоо, жана папалык бийликтин таралып бара жаткан жалгандыгына каршы, негизги роль ойногон. Ал реформаторлордун жыйынын, чындык жолго жана таза жашоого чыгарууга жардам берип, папанын башкаруусундагы өркүндөп өскөн текебердикке жана бузулгандыкка, карама - каршы койгон.УК 216.2

    Женева, реформаторлордун окутууларын жана китептерин таратуу үчүн, окутуучуларды жөнөтүп тyрган. Ага, бардык мамлекеттерден запкы жеген адамдар, колдоо жана жолдоо күтүп, өз жүздөрүн бурушту. Кальвиндин шаары, Батыш Европадагы куугунтукталган реформаторлор үчүн, баш калкаланаар жай бoлyп эсептелди. Көп деген жүз жылдарга cозулган куугунтуктардан үрөйү учкан кордолуучулар, Женеванын дарбазаларына келишкен. Курсактары ачкан, кемсинтилген, үй-бүлөcүнөн жана атамекенинен ажыраган адамдар, бул жерден жүрөк жылытаарлык меймандостук көрушүп, жылуу маанайда кабыл алынган. Өздөрү экинчи мекенге ээ болгондуктан, аларды кабыл алган башка шаарларга алкыш алып ке-лишкен, аларга өз өнөрлөрүн, билимдерин жана таакыбалыктарын үйрөтүшкөн. Көпчүлүк адамдар бул жерден өз өмүрлөрүн сактап, кайрадан өз мекендерине кайтышканда, римдин зөөкүрдүгүнө каршы күрөшүү үчүн кайтышкан. Джон Нокс, кайраттуу шотландиялык реформатор; көп сандаган англиялык католиктерге каршы чыккан адамдар; голландиялык жана испаниялык протестанттар; франциялык протестанттар (гугеноттор) - булардын баары, өздөрүнүн ата - мекенин каптап калган караңгылыкты таратуу үчүн, Женевадан алар, чындыктын шаманасын алып чыгышкан.УК 217.1