Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    11Бап — Төрөлөрдүн Нааразылыгы

    Реформация ишин жактоодо, эң чоң күбөлүк катары эсептелип калганы, бул Германиядагы, Шпейерде 1529жылы өткөн мамлекеттик чогулуштагы, төрөлөрдүн нааразылыгы бoлyп калды. Бул Кудай тандаган адамдардын эр жүрөктүүлүгү, ишеними, жана чечкиндүүлүгү, келе жаткан муундарга, абийирдин, жана аң-сезимдин эркиндигин, жеңип берди. Ушул нааразычылыкты көргөзгөндөн кийин, реформация Жыйыны протестанттык Жыйын, деп аталып калган. Бул протестин негиздери “протестантизмдин терең маанисин” 150Д Обинье, 13-китеп, 6-бап. түшүндүрөт.УК 179.1

    Реформация үчүн, караңгы жана кайгылуу, күн түүлду. Лютерди мыйзамдан тышкары чыгарып, жана анын окутууларына тыюу салган Вормстагы чыгарылган бүтүмгө карабастан, мамлекетте диний маселелерге жол берүүчүлүк, көбүрөөк бекемделе берди. Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгү, чындык менен күрөшүп жаткан күчтү, кармап тyрду. Карл V бир канча жолу, Реформацияга талкалоочу сокку урууну каалаган, бирок көп жолу чегинүүтө туура келди. Кээ бир кездерде ким Римге каршы чыга турган болсо, алардын баарын өлүм күтyп тургандай сезилген, бирок эмнегедир, чыгыш чек ара жактардан түрктөрдүн аскерлери, жана француздардын падышасы, кээде императордун жогорулап бара жаткандыгына көрө албастык менен караган папанын өзү көтөрүлүп, пайда бoлyп турушкан, - жана согуш чыгып, бул бoлyп жаткан чаң - тополоңдүн аркасында, Реформация бекемделип таратылуусун уланта берген.УК 179.2

    Акыры папалык бийлик башындагылар, реформаторлор менен чогуу күрөшүү үчүн, бири - бири менен болгон душмандыктарын токтотушуп биригишти. 1526-жылы Шпейерде болгон мамлекеттик парламенттин чогулушу, бүткүл немец жергесинде, боло турган Бүт дүйнөлүк соборго чейин, дин маселеси боюнча эркиндик жарыя кылат. Бирок бул өтүнүчкө императорду көндүрүү, оңойго турган жок. Ал эми 1529-жылы император, экинчи жолку парламенттик чогулушту, жалган окутууларды таратуучу адамдарды, жок кылуу үчүн чакырган. Бул чогулушта, төрөлөр Реформацияны тынчтык жол менен басуу керектиги каралды, эгерде ушул иш оңунан чыкпай кала турган болсо, анда Карл кылыч колдонууга даяр эле.УК 179.3

    Папанын жактоочулары чыккан чечимге карата, кубанып турушту. Алар Шпейерге өздөрүнөн өтө көп өкүлдөрдү жибергенднктен, өздөрүнүн реформаторлорго, жана аларды коргочологондорго карата болгон душмандыктарын, жаап жашырышкан жок. Меланхтон мындай деп жазган: “Биз бул дүйнө үчүн жийиркенич жана таштанды бoлyп калдык, бирок Машаяк Өзүнүн элине ырайымын төгүп, жана аларды куткарат” 151ошол эле жерде, 5-бап.. Бул чогулушка келген протестант - төрөлөрүнө, алар конуп кетүү үчүн токтолгон үйлөрдө дагы, насаат айтууга тыюу салынды. Бирок Шпейердин тургундары, Кудай Сөзүн угуу үчүн өтө эңсеп каалашкандыктан, бул салынган тыюларга карабаcтан, Саксон башчысынын кичинекей чиркөөсүндө болгон кызматка, миндеген адамдар агылып келишкен.УК 180.1

    Бул, бурулуш мезгилинин болуусун тездетти. Император чогулушка кайрылып, диний эркиндик жөнүндөгү токтомду жокко чыгаруу керек экендигин талап кылды, анткени бул жарлык адамдарга, көп сандаган тартипсиздикти алып келип жатат, деген тыянак чыгарды. Бул кескин түрдө бoлyп жаткан өзгөрүүлөр, протестант-төрөлөрүн түшүнбөстүккө алып келген. Алардын бири, мындай деп белгилеген: “Машаяк кайрадан Каиафа менен Пилаттын колуна түштү”. Римдин диний кызматчылары, баштагысынан дагы, алда канча каардуу боло башташты. Бир фанатик папанын жактоочусу мындай деп айткан: “Түрктөр, протестанттарга караганда, алда канча жакшыраак, анткени алар орозо кармашат, ал эми протестанттар бул мыйзамды сакташпайт. Эгерде Кудай Сөзү менен чиркөөнүн эски жанылууларын салыштыра турган болсок, анда биз биринчисинен баш тартышыбыз керек”. Меланхтон мындай деп жазган: “Ар күнү Фабер, Жакшы Кабардын жарчылары болгон биз тарапка, жаңы таштарды ыргытып, уруп жатат” 152Д Обинье, 13-китеп, 5-бап..УК 180.2

    Диний ишеним сабырдуулугу, мыйзамдуу түрдө белгиленген болуучу, жана ошондуктан, протестант-төрөлөрү, өздөрүнүн укугун тебелеген, мындай кабыл алынган чечимге каршы күрөшүүнү, туура деп табышты. Лютер болсо, Вормстагы чыгарылган чечимге ылайыктуу, мамлекеттин каарынын ал-дында болгондуктан, Шпейердеги чогулушка катыша алган эмес, бирок анын ордуна, анын пикирлеш адамдары жана төрөлөр барышкан, аларды Өз ишин жактоо үчүн, Теңир алкыштап, сөз сүйлөгөнгө акыл берди. Лютерди мурда коргочолоп жүргөн Саксондук таакыба Фридрих дүйнөдөн кайткан, бирок, анын ордуна башчылыкка шайланган анын бир тууганы Иоганн да, Реформацияны жактап чыкты. Жана тынчтыка умтулгандыктан, тайманбаган каармандык көргөзүп, чыныгы ишенимдин кызыкчылыктарын жактаган.УК 180.3

    Папанын дин кызматчылары, Реформацияны кабыл алган төрөлөр, эч кыйшаюсуз, Римдин соттук иш-терине баш ийүүсүн, талап кылышты. Ал эми реформаторлор болсо, башта жарыяланып кабыл алынган, диний эркиндикти алууну каалашкан. Жер үстүндө, Кудай Сөзү ушунчалык жандануу менен кабыл алынгандыктан, бул эркиндиктин кайрадан Рим бийлигинин алдында бoлyп калуусуна, алар кошулгусу келген жок.УК 181.1

    Акыры, бирибирине жол берүү аркылуу мындай сунуш киргизилди: кайcыл жерде Реформация али күчүнө кире элек болсо, Вормста кабыл алынган бүтүм, ал жерлерде өз күчүн жоготпойт, ал эми “кайсыл жерлерде, Реформация күчүнө кирип, жана эл арасында жалпы көтөрүлүү бoлyп жаткан жерлерде, эч кандай реформа иштери кабыл алынбасын, жада калса, айтылып жаткан насааттарда дагы, талам - тартыш суроолор болбосун; чиркөөлөрдүн кылып жаткан кызматтарына эч кандай жолтоо болбосун, жана католиктерге ре-форматорлор тарапка өтүүгө жол берилбесин” 153ошол эле жерде.. Бул чыгарылган чечим, папанын дин кызматчылары жана прелаттары аркылуу, кубаныч менен кабыл алынып, бул сунуш чогулуштуп жактоосу менен бекемделген.УК 181.2

    Эгерде бул чыгарылган чечим , адам өмүрүндө колдонулган болсо, анда “Реформация эч качан таратылбайт болуучу... ал башталып калган жаңы жерлерде бекемделмек дагы эмес...” 154ошол эле жерде.. Сөз сүйлөө эркиндиги жок бoлyп, чыныгы ишенимге кайрылуу, мүнкүн болбой калмак. Бул чыгарылган талаптарга, жана чегерүүлөргө, Реформациянын жактоочуларынан, тез аранын ичинде баш ийүүсүн талап кылышкан. Бул дүйнөнүн жаңыдан жанданып келе жаткан үмүтү, кайрадан жоголуп кала тургандай сезилип турду. “Рим башчысынын чыгарган токтому... баштапкы кыянаттыгын кылууга алып келет”, жана албетте, “ордунан кыймылдап калган жаңы кыймылды, фанатизм жана бөлүп жаруучу”, деген шылтоо менен, толук жок кылууга ыңгайлуу шарт табылат 155ошол эле жерде..УК 181.3

    Чогулушта жоолугушуу үчүн келген протестанттык партиянын өкүлдөрү, бирин - бири чоочулоо жана таң калуу менен карашты. Ар биринин оозунда бир гана суроо, туулуп турду: “Эмне кылсак болот?” Бул суроого табыла турган жооп, бүткүл дүйнөгө өтө чоң маанисин тийгизмек. Жаңы чыгарылган токтомду, Реформация башчылары ка-был алууга, макул болушабы? Ушул чечүүчү саатта, реформаторлор туура эмес көз карашты жактап коюу коркунучу, албетте оцой болмок! Канча жакшы көрүнгөн шылтоолорду, жана адилеттүү далилдерди, өздөрүнүн чогулушка баш ийүүсү керектигин, айтып келтирүүгө болот эле! Лютерди жактаган төрөлөргө, ишеним эркиндигин дагы сактоо коргонучу убада кылынган бoлyyчу. Ушундай эле урматсый, ушул чыгарылган буйрукка чейин эле, Реформация тарапта болгондорго дагы сунуштала тургандыгы айтылган. Эмне ушунун баары аздык кылабы? Эгерде алар жаңы буйрукка баш ийише турган болушса, анда алар канча деген коркунучтан өздөрүн сактап калышмак! Ал эми, бул буйрукка моюн сунбагандык, алар үчүн канча деген, алар али көрө элек бороон - чапкын, жана кыйратуучу толкундарды алып келет эле! Балким качандыр бир мезгилдерде, бул иштерди улантуу үчүн, жакшы шарттар табылаар? Келгиле, Рим сунуш кылган, май берүүчү зайтун дарагын кабыл алалык, жана Германиянын жаракатын даарылайлы. Ушул сыяктуу oй жүгүртүү менен, реформаторлор чогулуш сунуш кылган, жана жакын аранын ичинде, алардын башталган кыймылын биротоло жок кыла турган чечимди кабыл алышса дагы болмок.УК 181.4

    “Биздин бактыбызга байланыштуу, алардын бардык кыймыл аракетин терең ишеним башкарып турган, жана алар, бул сунуштун түпкүрүндө жаткан негизине, өз назарларын салышты. Бул негиз эмне тыянакты билдирген? Бул, Римдин адам абийирин жана эркин oй жүгүртүүсүн, мажбурлаган укугу эле. Эмне, аларга жана аларга баш ийип турушкан — протестанттарга, ишенимдин эркиндиги сунушталган эмес беле? Ооба, бирок адам укугу катары эмес, сунушта өтүнүч катары сурап алган ырайым катары берилген. Келишимдин чегинен тышкаары калган нерселер жөнүндө болсо, ал жерде баштагыдай эле, бийликтин ырым - жырымдары сакталган, адам укуктары тебеленген, Рим болсо, баш ийип тура турган, жалгыз гана күнөөсүз сот бойдон кала берген. Сунуш кылынган чечимди кабыл алуу, бир гана Саксондук протестанттардын талаптары орундалып, ишенимде эркиндик болмок, ал эми башка христиан дүйнөлөрүндө, эркин oй жүгүртүүлөр жана Реформацияга кошулуулар, кылмыш катары эсептелип, жана аларды зындан жана от коркунучтары басып турмак. Диний эркиндик белгиленген жерлерде гана болуусуна, жана башка эч бир адам, протестанттардын катарына кошула албастыгына, алар макулдугун берише алабы? Римдин бийлиги жеткен жерлердин бардыгында, алардын таламдарын түбөлүктөөгө, жол берүүгө алар макулдугун беришеби? Ушул чыгарылган чечимдин негизинде, папанын бийлигинин алдындагы көп деген мамлекеттерде, күнөөсүз адамдардын кандары төгүлүп, жана күнөөсүз адамдардын отко жагылып кыйналып жаткандары үчүн реформаторлор, айыптуу болушпайт беле? Бул Жакшы Кабарды жана христиандардын эркиндигин, кыйын кырдаал мезгилинде, таштап кеткендик бoлyп калмак” 156Уайли, 9-китеп, 15-бап.. Ага Караганда алар, “өздөрүндө болгон нерселердин баарынан, ээлеген ордуларынан, жана өз өмүрлөрүнөн” баш тартышмак 157ДОбинье, 13-китеп, 5-бап..УК 182.1

    “Биз, бул чыгарылган буйрукту кабыл алуудан баш тартабыз, дешти төрөлөр. -Абийирге байланыштуу суроолорго токтоло тyрган болсок, бул жерде көпчүпүктүн колдоосу, эч кандай кучкө ээ боло албайт”. Депутаттар мындай дешти: “Империя ырахаттанып күбө болгон тынчтык, - 1526-жылы чы-гарылган декреттин жыйынтыгы. Эгерде бул чыгарылган буйрукту четке кага турган болсок, анда түгөл Германияны тынчсызданууга жана бөлүнүпжарылууга, алып келебиз. Ошондуктан, бул чогулуш, кайрадан собор чогулганча, алардын чыгарган бүтүмдөрүн өзгөртө албайт, бир гана собор чечкен диний эркиндикти колдоо керек” 158ошол эле жерде.. Адам эркиндигин колдоо - бул мамлекеттин милдети, бул жерде, алардын диний иштериндеги укугунун чеги өтүп жатат. Руханий жашоону башкарууну, же динди элдик мыйзам менен бириктирүүгө аракет кылган, ар бир башкаруучулук, протестант - христиандары талыкпай күрөшүп келген, негиздерди жокко чыгарат.УК 183.1

    Папанын жактоочулары, “орой каршыкмалар” деген, адамдардын пикирлерин басып салууну чечишти. Алар Реформациянын ортосунда, уруш - жаңжал чыгарууну каалашып, аларды кимдер али ачык колдой элек болсо, ошолорду коркyтyп салууга болгон аракеттерин салышкан. Акыры чогулуш, эркин шаарлардын өкүлдөрүн чакырышып, алардан ачык жооп талап кылышты: алар сунуш кылынган шарттар менен макулбу? Тигилер кичине убакыт берүүнү суранышты эле, бирок мунун баары, курулай убара болду. Качан аларды, жооп берүүгө мажбурлашканда, алардын жарты бөлүгү, реформаторлор тарапты жакташты. Адам эркиндигинен жана өз оюн эркин айтуу укугунан ажыратуу чечиминен баш тарткан адамдардын тобу, аларды айыптоолор, ашкерелөө жана кугунтуктоолор күтүп тургандыгын жакшы билишкен. Делегаттардын бири өз оюн мындайча айтып билдирген: “Биз, же Кудай Сөзүнөн баш тартышыбыз керек, же отто күйүп өлүшүбүз керек” 159ДОбинье, 13-китеп, 5-бап..УК 183.2

    Чогулуштагы императордун окулу падыша Фердинанд, бул чыгарылган буйрук, төрөлөрдү аны кабыл алууга жана аны колдоого, ишендирбей турган болсо, адамдарды экиге ажыратып сала тургандыгын түшүндү. Ошондуктан ал, өзүндө болгон жөндөмдүүлүгүнүн баарын пайдаланып, төрөлөрдү жоошутууга аркет кылды, анткени мажбурлоо, алардагы болгон чечкиндүүлүктү жандандырмак. Ал “төрөлөрдөн, ушул буйрукту кабыл ала турган болсоңор, бул императорду, чоң кубанычка салат” - деди. Бирок бул каарман ишенимдүү адамдар, жердеги падышалардан алда канча жогору болгон бийликке баш ийишкендиктен, жай гана минтип жооп кайтарышты: “Биз императорго, тынычтык тартуулай тyрган, жана Кудайды даңктай турган, нерселердин барына баш ийебиз” 160ошол эле жерде..УК 183.3

    Акыры бүткүл чогулуштун алдында, падыша Саксон башкаруучусуна, жана анын жактоочуларына мындай деп жарыялады: “жакында бул чыгарылган токтом, императордун буйругу катарында чыгарылат, жана силер бир гана көпчүлүккө баш ийишинер керек болот”. Ушул сөздөрдү айтаар менен ал, реформаторлорго жооп берүүгө, же oйлонууга мүнкүнчүлүк бербестен, чогулуштан шыр эле чыгып кетти. “Алардын, кайрылып келүүcүн өтүнүп падышага жиберген өкүлдөрүнүн, аракеттери бекер эле бойдон кала берди”. Алардын бардык өтүнүчүнө, ал мындай деп гана жооп берген: “Бул иш чечилген иш, бир гана бул чечимге силердин баш ийишиңер керек” 161ошол эле жерде..УК 184.1

    Императордун жактоочулары, христиан төрөлөрү баштагысындай эле, Ыйык Жазууларды адам окутууларынан жана талаптарынан жогору коё тургандыгын билишкен. Бул негиздерди карманган жерлерде, папалык окутуулар кыйроого учурап бара жаткандыктарын дагы, көрүп турушкан. Бирок, өздөрүнүн “көрүнгөн нерселерге гана карашкан” миңдеген замандаштары сыяктуу эле, папанын жана императордун жактоочулары, реформаторлордун жактоочуларына караганда алда канча күчтүүлүк кылат, жана алардын коргонучу дагы бекем, деген ойго алданышкан. Эгерде реформаторлор бир гана адам күчүнө таяна турган болушса, алардын душмандары ойлошкондой, алар абдан эле алсыз бoлyп калышмак. Бирок алар өздөрүнүн аз сандуулугуна, Римдин ырайымсыздыгына карабастан, күчтүү болушкан. Алар “чогулуштун чечиминен Кудай Сөзүнө, жана император Карлдан - падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы болгон, Ыйса Машаякка кайрылышкан” 162ошол эле жерде, 13-китеп, 6-бап..УК 184.2

    Фердинанд алардын абийиринин эркиндигин талап кылган бүтүмдү, уккусу келбесе дагы, анын чогулушта жок болгондугуна карабастан, төрөлөр өздөрүнүн протестин, мамлекеттик кеңештин карап чыгуусун талап кылышып, аларга сунушташты. Алар салтанаттуу декларация толтурушуп, жана ал декларацияны, чогулуштун кароосуна беришти:УК 184.3

    “Биз өз протестибизди, биздин Жалгыз гана Жаратуучубуз, Коргоочубуз, Актоочубуз, жана Куткаруучубуз болгон Кудайдьш алдында билдиребиз, анткени Ал, бир күнү баарыбызды соттойт, андан тышкаары, жер үстүндө жашап жаткан бардык адамдар алдында, салтанаттуу түрдө билдиребиз, Кудайга жана Анын Ыйык Сөздөрүнө, биздин абийирибизге, жана биздин өмүрүбүздүн куткарылуусуна каршы чыгарылган, буйруктун бүтүмдөрүнө биз, жана биздин калайык калк дагы, макул эмеспиз.УК 184.4

    Биз кантип бул буйрукту кабыл ала алабыз? Кудуреттүү Теңир, биздин ар бирибизди, Өзүн таанытуу үчүн аракет кылып жатса, адамды бул укуктан ажырата турган, бул чыгарылган буйрук менен, кантип кошула алалык? Бир гана Кудай Сөзү менен келише ала турган окутуу, чыныгы жана ишенимдүү окутуу, деп эсептелет. Ал эми башка окутууларды ээрчүүгө Теңир тыюу салат... Ыйык Жазуунун аяттары, башка бир ачык жазылган аяттар аркылуу түшүндүрүлүшү керек; Бул ишенген адамдарга түшүнүүгө зарыл болгон, жана караңгылыкты тарата турган, Ыйык Китеп. Кудайдын ырайымынын негизинде гана, биз Байыркы жана Жаңы Осуяттын Сөздөрүн, бир дагы адам окутууларын кошпостон, таза жана бузулбаган көрүнүшүндө гана тарата алабыз. Бул Сөз - жападан жалгыз Чындык, өмүрдүн ишенимдүү Жол Башчысы, жана ар кандай окутуулардын негизи, ал бизди эч качан алдап, эч качан ара жолдо калтырбайт. Ким ушул негиздин үстүндө турган болсо, тозоктун бардык күчүнө каршы турууга туура келет, бирок адамдык менменсинүү, Кудай Бешенесинин алдында, талкаланып жок болот.УК 184.5

    Ушул негиздердин аркасында, бизге жүктөлгөн түйшүктөрдөн баш тартып жатабыз... Ошол эле мезгилде, императордун улуу урматтуулугу, бизди чыныгы ишенүүчү, барынан дагы жогору Кудайды сүйүүчү катары баалап, мамиле кылат деген үмүттөбүз; биз ага жана ырайымдуу мырзалар силерге дагы, өз тарабыбыздан болгон сүйүүбүздү, жана ишенимдүүлүгүбүздү билдиребиз, анткени бул биздин мыйзамдуу, жана түздөн - түз милдетибиз болуп саналат” 163ошол эле жерде..УК 185.1

    Бул айтылган сөздөр, чогулуш кеңешиндегилерин катуу ойго салды. Ушундай протест жарыялаган адамдардын каармандыгы, көпчүлүк адамдарды таң калдырып, оңтойсуздандырды. Алардын көз алдыларында, коркунуч алып келе турган, жана келечектин түшүнүксүз сүрөттөмөсү тартылды. Кан төгүүлөр, зордук - зомбулук, душмандык келечектин үлүшү бoлyп кала тургандыгы билинип турду. Бирок реформаторлор, өз иштеринин адилеттүүлүгүнө ишенгендиктен, Кудуреттүүнүн Колуна таянуу менен, “эр жүрөктүүлүккө жана бекем ишенимдүүлүккө толушкан”.УК 185.2

    Ушул протесттерде жазыльш калтырылган негиздер, протестантизмдин негизги уңгүсүн түзөт. Бул протест, ишеним жөнүндөгү суроонун, эки кыянаттыгына каршы багытталган: мамлекеттик бийликти, диний адамдын жашоосу менен аралаштыруу, жана руханий адамдардын ээн баштыгы. Протестанаттар, адам абийири мамлекеттик бийликтен жогору, жана Кудай Сөзү Жыйындан жогору экендигин белгилешти. Диний иштерде дүйнөлүк мыйзамдарды кабыл алыша албаган протестанттар, элчилер менен бирге мындай деп айтышкан: “Биз адам-дарга Караганда, Кудайдын тилин көбүрөөк угушубуз керек”. Протестанттар Карл V таажысына караганда, Ыйса Машаяктын таажысын, жогору көтөрүштү. “Адам аркылуу жаратылган бардык окутуулар, Кудай чындыгына кызмат кылуу үчүн баш ийип турусу зарыл” 164ошол эле жерде.. Андан тышкаары протестанттар, диний көз караштарын ачык жарыялоо, алардын түздөн - түз милдети экендигин билдиришти. Алар бир гана ишенип, жана моюн сунуп коюуну каалап эле тим болушпастан, Кудай Сөздөрүнүн чындыктарын насааттап, бул иштерге дин кызматчылар жана бийликтеги адамдардын, кыпчылгандарын ашкере кылууну каалашты. Шпейерде жарыяланган протест, диний ыкка көнбөгөн адамдарга каршы салтанаттуу көтөрүлүп, ар бир адам, өз абийирине жараша, Кудайга кызмат кыла алат, деп бекемделген.УК 185.3

    Протест жалпыга жарыяланып кетти. Ал миндеген адамдардын эсинде калып, эч кимдин колу өчүрө албай турган Асман Китептеринин барактарында жазылып калтырылган. Бардык протестанттык Германия, бул протести, өз ишенимдеринин көрүнүшү катары кабыл алышты. Бул чыккан декларациядан, бардык жердеги адамдар, жаңы жана жарык доордун башталышын көрушкөн. Төрөлөрдүн бири, Шпейердеги протестанттарга мындай деп айткан: “Кудуреттүү Кудайдын көптөн - көп ырайымы аркылуу, эркин жана коркпостон жана жандануу менен өз ишенимиңер жөнүндө айтып жатасыңар, Жараткан силердин христиандык бекем солкулдабаган ишенимиңерди, түбөлүктүү күндөргө чейин сактасын” 165ошол эле жерде..УК 186.1

    Эгерде Реформация, белгилүү бир ийгиликке жетишүү менен, мезгилдин жана кырдаалдын шартына көнүшүп, токтоп кала турган болсо, жана дүйнөдөгү адамдарга ошентип жагынууну ойлосо, анда алар Кудайды алмаштырышмак, жана өз көз караштары менен, өздөрүнө өлүм табышмак. Бул таакыба реформаторлордун кылган эмгектери, калган келе турган муундардын баарына, ала турган өрнөк бoлyп калды. Шайтандын, Кудайга жана Анын Сөздөрүнө карата болгон күрөшүүсү, өзгөрүлгөн жок, XVIкылымдагыдай эле, ал, адамдар өз өмүрлөрүн, Ыйык Жазуулардын негиздери сыяктуу пайдалануусун каалайт. Биздин күндөрдө, Ыйык Жазуунун негиздеринен, жана парыздарынан алыстап кеткендик байкалууда, ошондуктан, биздин дагы, улуу протестанттардын күндөрүндөгүдөй негиздерге кайрылып, - Мукаддас, жана бир гана Мукаддас ишенимдин жана милдеттин таразасы боло алат, деп айта алабыз. Азгыруучу, диний эркиндикти бузуу үчүн, ар кандай ыкмаларды колдонуп, өз ишин улантууда. Шпейерде протестанттар аркылуу четке кагылган, Машаяктын душмандарынын бийлиги, азыр дагы жаңы күч топтоп, жоготкон бийлигин колуна алууга аракеттенип келет. Биздин күндөрдөгү протестанттарга карата болгон, жападан жалгыз үмүт, бул XVIкылымда кыйын кырдаал мезгилинде протестанттар көргөзгөн, Кудай Сөзүнө болгон ишенимдүүлүктү көргөзүү керек.УК 186.2

    Качан протестанттардын үстүнө коркунуч пааналап алганда, Кудурети Күчтүү Теңир, Өзүнүн ишенимдүү уулдарын коргочолоп калуу үчүн, Өз Колун сунган. Мына ушундай бир ачык үлгүлөрдүн бири бул: «Шпейердин көчөлөрү менен, Рейндин багытын көздөй Меланхтон, өз доcу Симон Гренаус менен бирге, шашылыш кетип бара жатты. Ал өзүнүн жолдошун, Рейндин наркы өйүзүнө тезирээк өтүп кетели, деп шаштырды. Беркил болсо, анын мынчалык шаштырып жатканына таңгалды. Меланхтон ага мындай деп түшүндүрдү: “мага бир бей тааныш, салабаттуу, ак сакал адам пайда болду, жана мындай деп айттыбир нече убакыт өткөндөн кийин, Фердинанд Гренаусту камаганга буйрук берет”.УК 187.1

    Күндүз папанын бир көрүнүктүү насаатчысы Фабер, Гренауска кол салгандыгы жөнүндө насаат айткан. Гренаус болсо, Фаберди, “жийиркеничтүү жалгандыкты” жактап жатасың, деп айыптаган. Фабер өз ачуусун жашырып, бирок көп убакыт өтпөстөн, жанды жадаткан Гейделбергдин профессорун камакка алуусун өтүнүп, Фердинандка жөнөйт. Кудай Өз периштесин, даярдалып жаткан өч алуу жөнүндө кабарлаганы жибергендигинен, Ме-ланхтон күмөн санаган эмес.УК 187.2

    Ал Рейндин жээгине келип, Рейндин суусу келе турган куугунтуктан Гренаусту сактап кала тургандыгын күтүп турду. “Мынакей, - деп жеңилдене кыйкырып жиберди Меланхтон, аны дарыянын наркы өйүзүнөн көрөрү менен. - Акыры ал, анын бей күнөө канына суусаган адамдардын, темир жаактарынан куткарылды”. Качан Меланхтон өз үйүнө кайтып келгенде, ага мындай деп кабарлашты: “офицерлер Гренаусту издешип, бүт үйдү көңтөрүп тинтип кетишти” 166Д Обипье, 13-китеп, 6-бап..УК 187.3

    Реформацияны, бул дүйнөнүн улуу деп эсептелген адамдарынын алдында, жогору көтөруу керек болгон. Фердинанд протестант төрөлөрүнүн сөздөрүн угуудан баш тартты, бирок, алар өз көз караштарын, императордун жана мамлекеттик, жана диний белгилүү адамдардын алдында, айтып калууга мүмкүнчүлүк алган. Бул империяны чуулганга салган, бoлyп жаткан чатакты биротоло токтотуу үчүн, Шпейердеги өткөн протестен бир жыл мөөнөт өткөндөн кийин, император Карл V Аугсбургта чогулуш уюштуруп, жана ал боло турган чогулушта, өзү башчылык кылууну каалагандыгын айтты. Ал жакка протестанттардын жетекчилери дагы чакырылган.УК 187.4

    Реформацияны олутту коркунуч коркутуп турду, бирок алардын келгиндери баштагысындай эле, Кудайдын эркине таянышып, Жакшы Кабарга ишенимдүү бойдон калууга убада беришти. Саксон башчысынын жакындары, анын чогулушка келбеши үчүн кам көрүшүп аракеттеништи. “Император,деп айтышты алар, - төрөлөрдү, кылтакка илгиси келип жатат. Мындай күчтүү душман менен, шаар дубалдарынын ичинде калуу, өтө опурталдуу иш”. Бирок башка жакшы адамдар, мындай деп айтышкан: “Эр жүрөктүүлүк төрөлөрдү эч убакта таштабасын, жана Кудайдын иши сакталып калат”. “Кудай бизди таштабайт”, - деп айткан Лютер 167ошол эле жерде, 14-китеп, 2-бап.. Саксон башкаруучусу өз жандоочуларын алып, Аугсбургту көздөй сапар алды. Аны каптап турган коркунучтар, бардыгына маалим эле, ошондуктан көпчүлүк адамдар аны, кайгыруу менен узатып жатышты. Бирок, башкаруучуну Кобурга чейин узатып барган Лютер, алардын алсызданып бара жаткан ишенимин жандандыруу үчүн, алар кетип кала турган болсо, деп жазган “Теңир - биздин калканычыбыз”, - деген ырын ырдады. Жана бул жандандыруучу ыр, оор санаалардан, жана жаман ойлордон женилдетип кубаттаган.УК 187.5

    Реформациянын жактоочу төрөлөрү, өз көз караштарын иреттештирүүнү ойлошту, жана алар өз ойлорун кагазга түшүрүшүп, аны Ыйык Жазуулардын далилдери менен бекемдешип, бул документти чогулушка салууну чечишти. Ал документтерди түзүп толуктоо Лютерге тапшырылды, жана ага жардамчы катары Меланхтонду бекитишти. Бул документ протестанттар аркылуу, алардын ишениминин символу катары кабыл алынып, жана ар бири өз колдорун коюу үчүн, жалпы чогулушту. Кандай жоопкерчиликтүү жана олуттуу учур! Реформаторлор саясий суроолордон бөлүнүп чыгууну каалашкан; Реформациянын эң негизги максаты - адамдарга Кудай Сөзүн жеткирүү экендигин, алар жакшы түшүнүшкөн. Качан реформаторлордун төрөлөрү, дайындалаган документтерге кол коюу үчүн даярданышканда, Меланхтон аларды токтотуу үчүн, мындай деп айтты: “Бул жерге жыйындын кызматчылары, жана Кудай Сөзүн талдоочулар кол коюшсун, ал эми бул дүйнөгө таанымал болгон төрөлөр үчүн, башка суроолорго кол коюга туура келет”. “Мени бул тизмеден чыгарып салууга, сага Теңир тыюу салсын! - деп барк этти, Саксондук Иоганн. - Мен адилеттик эмнени талап кылып жатса, ошонун баарын аткарууга даярмын, жана мени күтүп турган нерселерден эч кандай кам санабайм. Мен Теңирди, баарынын алдында, жактаганды каалайм. Мен үчүн, калыстык укука, жана башкаруучулук чапанга караганда, Ыйса Машаяктын айкашкан жыгачы алда канча артык”. Ушул сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин, ал өзүнүн колун даярдалган документке койду. Башка бир төрө, колуна калем алды дагы, минтип айтты: “Эгерде ушуну Машаяктын абийири талап кылып жаткан болсо, анда мен өз колумда барын, жана өмүрүмдү дагы берүүгө даярмын... Мен алгачында, бул документте жазылган негиздерге, кошула албаган окутууларды кабыл алганча, өз тапкандарымдын барынан баш тартып, жана колума бир гана аса таяк алып, өз ата - журтумду таштап кеткеним артык, - деди” 168ошол эле жерде, 6-бап.. Бул эч нерседен коркпогон, эр жүрөк адамдардын ишеними, мына ушундай болгон.УК 188.1

    Императордун алдында чыгып тура турган күн дагы, жетип келди. Башчылардын жана төрөлөрдүн курчоосунда, Карл V тактыга олтуруп, протестанттык реформаторлорду кабыл ала баштады. Жана алардын ишениминин символу болгон негиздер, көпчүлүк алдында окулду. Бул кадырлуу адамдардын алдында, Жакшы Кабардын чындыктары, жана папанын окутууларындагы жаңылыштуулуктар, ачык айкын айтылган. Бекеринен бул күн, “Реформациянын, христиандардын, жана адамзаат тарыхындагы, улуу жана укмуштуудай эң сонун күн” деп аталбайт 169ошол эле жерде, 14-китеп, 7-бап..УК 189.1

    Вормстагы улуттук кецештин алдында, виттенбергдик монах жалгыз турганынан, бир нече жыл гана убакыт өткөн. Эми болсо, анын ордунда, империянын эң эле таанымал, жана даражалуу төрөлөрү турду. Аугсбургка Лютердин келүүсүнө уруксаат берилген жок, бирок ал, ал жерде өзүнүн сөздөрү жана сыйынуулары менен катышып турду. “Мен, Машаяктын Ысымы, таанымал адамдардын, жана ушундай улуу чогулуштун алдында, күбөлөндүрулүп жаткандыгына, жана ушул убакыт саатты көргөнүмө, абдан кубанып турам, деп жазган ал” 170ошол эле жерде.. “Сенин аяндарың жөнүндө, падышалардын алдында жар салам” (Забур 118:46), - деген Ыйык Жазуунун сөздөрү, мына ушундайча ордунан чыкты.УК 189.2

    Элчи Павелдин күндөрүндө, Жакшы Кабар үчүн ал зынданда азап тартканда, ал күбөлүк катары, Ыйык Жазууну, Римдин падышасынын жана көрүнүктүү адамдарынын алдында даңазалап, насааттаган эле. Ошол кездеги тарых кайрадан кайталанды; кафедрадан насаат айтканга тыюу салынган нерсе, ак сарайдын ичинде насаатталды; көпчүлүк адамдар, бул нерселер, болбогон нерсе, жада калса, кулдарга дагы пайдасы тийбейт дешсе, бул Сөз азыр, таңданган төрөлөрдүн, жана империянын диний кызматкерлеринин башына, муш бoлyп тийди. Таажыдар жана ысымдалган өзгөчө адамдар угуучу, даражалуу төрөлөр - насаатчы, ал эми айтылып жаткан насааттын темасы - Кудайдын падышалык кылуучу чындыгы, бoлyп калды. “Элчилердин күндөрүнөн бери, - деп жазат жазуучу, - мындан улуу иштер аткарылган эмес, жана мындай улуу тoбo келтирүүлөр, мындан жогору көтөрүлгөн эмес” 171ошол эле жерде..УК 189.3

    “Лютерандык адамдардын айткан нерселеринин баары ыймандай чындык, биз бул нерселерди тана албайбыз”, - деп гана жооп кайтарды папалык епископ. “Силер далилденген нерселер менен, төрөлөрдүн тoбo келтирүүлөрүн четке кага аласыңарбы?” - деп сурады башка бирөө, доктор Эккенден. “Элчилердин жана пайгамбарлардын Жазуулары боюнча — жок, - деген жооп угулду, - бирок, чиркөөнүн аталарынын чыгармалары, жана соборлордун токтомдору боюнча, - ооба!” “Түшүнүктүү, - деди, суроо берген адам. -Сиздин айткан сөздөрүңүзгө байланыштуу, Лютердин жактоочу-лары, Ыйык Жазууларга карманышып, ал эми биз болсо, - Жазууга карманган жок экенбиз да” 172ошол эле жерде, 14-китеп, 8-бап..УК 189.4

    Кээ бир германиялык төрөлөр, реформаторлордун ишенимин кабыл алышты. Императордун өзү, протестанттардын ишеними, өзүнө таза чындыкты камтыйт экен, деп жарыялаган. Ушул ишенимдин символу болгон кол жазмаларды, көп тилдерге которушуп, түгөл Европа мамлекеттерине таратышты, жана миллион деген кийинки муундун адамдары, бул символдорду, өз ишенимдеринин негизи катары кабыл алышкан.УК 190.1

    Кудайдын ишенимдүү кызматчылары, жалгыздан эмгектенишкен жок. Качан “Асман астындагы, жаман рух, жана бийлик башчылары” алар менен күрөшүү үчүн, биргелешип чогулушканда, Теңир Өз элин унутта калтырган эмес. Эгерде алардын көздөрү, руханий дүйнөнү көрүү үчүн, ачылып кете турган болсо, анда алар байыркы пайгамбарлар сыяктуу, Кудайдын колдоп жаткандыгын, албетте көрүшмөк. Качан Елисей пайгамбардын кызматчысы, аларды курчап алган, душмандардын аскеринен коркуп турганда, жана жагдайдан чыгууга мүмкүн эместей сезилгенде, пайгамбар Кудайга минтип кайрылган: “Теңирим! Ал көрүп калышы үчүн анын көздөрүн ача кор” (4Пад. 6:17). Жана, пайгамбардын кызматчысы, Кудайдын адамын сактап калуу үчүн жиберилген, көп сандаган оттуу арабаларды, жана Асман аскерин көргөн. Реформаторлорду дагы, ошол сыяктуу эле, периштелер коргочолоп турушкан.УК 190.2

    Лютер, өзгөчө бекем кармануу үчүн талап кылган бир нерсе, бул Реформация иши үчүн эч кандай курал жарак колдонууга болбой тургандыгы, жана мамлекеттик бийликтен жардам сурабоо болгон. Ал, немец төрөлөрү Жакшы Кабарды кабыл алып жаткандыгына кубанган, бирок, качан алар коргонуу үчүн күч топтоо керек экендигин айтышканда, аларга мындай деп туюндурган: “Жакшы Кабардын окутуусун, бир гана Кудай коргочолой алат... бул ишке адамдар канчалык азыраак кийлигише турган болсо, ошончолук бул ишке, Кудайдын кийлигишүүсү көбүрөөк болот. Бардык сунуш кылынган нерселер, саясий маселелерди колдоо үчүн гана, ал эми Кудайдын көрөгөчтүгү боюнча, мындай ишти, коркоктукка жана ишенбестикке жаткырып койсо болот” 173ошол эле жерде, 10-китеп, 14-бап..УК 190.3

    Качан күчтүү душмандары чогулушуп, рефрматорлордун ишенимин жок кылууну каалашканда, жана миңдеген кылычтар, аларга каршы көтөрүлгөндөй сезилгенде, Лютер мындай деп жазган: “Шайтан өз каарын көргөзүп жатат; Кудайсыз епископтор бизге каршы жамандык ойлоп, бизди согуш менен коркутууну каалашат. Биздин душмандарыбыз, Кудайдын Руху аркылуу жеңилип, жана биз менен тынчтык келишим түзө тургандай кылып, Кудай Тактысынын алдында каарман күрөшүүчү бoлyy үчүн, адамдарды ишеним жана сыйынуу менен соороткула. Биздин эң башкы муктаждыгыбыз, жана эң башкы эмгегибиз - бул сыйынуу; адамдар өз каардануулары менен, шайтандын кылычынын мизинде басып жүргөндөрүн билишсин дагы, Кудай алдында сыйынышсын” 174ошол эле жерде..УК 190.4

    Акырында, коргонуу керек экендиги жөнүндө, төрөлөр аркылуу сунуш кылынган пикирди эстеп, Лютер минтип айткан: бул күрөштө бир гана куралдын колдонулуусу зарыл, - ал, “Рухтун кылычы”. Жана саксондуктардын башкаруучусуна дагы, мындай деп жазган: “Биз өз абийирибиз менен, бул кеңешти колдоп кубаттай албайбыз. Жакшы Кабар үчүн, бир тамчы кан төгүлгөнүн көргөнден көрө, биздин он жолу кайрадан - кайра өлгөнүбүз, жакшыраак болот. Биздин кабыл ала турганыбыз, - союлууга бара жаткан, койдой болуубуз. Машаяктын тарткан азаптарын, биз алып жүрүүбүз зарыл. Ошондуктан сиздин улуу урматтуулугуңуз, тынчсызданып, кабатыр болбосун. Биз өз сыйынуубуз менен, биздин душмандарыбыз мактанып жаткан иштерден, чоң иш жасай алабыз. Бирок бир гана силердин колуңар, силердин бир туугандарыңардын канына жуулбашы керек. Эгерде император, биз анын сотунун алдында туруубузду талап кыла турган болсо, анда биз ал соттун алдында турууга даярбыз. Силер биздин ишенген ишенимди сактап кала албайсыңар; ар ким өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен гана, ишенүүлөрү зарыл” 175ДОбинье, 14-китеп, 1-бап..УК 191.1

    Сыйынуулар жүрyп жаткан жашыруун жерлерден, Реформациянын улуу кыймылы аркылуу, бул дүйнөнү дүңгүрөткөн, күч чыгып турду. Касиетте курчанышып, Кудайдын кызматчылары, Анын убада кылган Аска Ташына таянышкан. Аугсбургдагы күрөшүү мезгилинде, Лютер “күнүнө үч саат убакыт сыйынууга бөлүп турду, жана бул мезгилдер, анын даярдануу үчүн болгон убакыттарынын, эң эле жакшысы, бoлyп саналган”. Өз бөлмөсүндө жалгыздап алып, “момундукка, коркунучка жана үмүткө толгон сөздөр менен, Кудай алдында, өз ыймандай сырын төккөн. Жана ал, Кудайга өз досуна кайрылгандай, ачык кайрылган” “Мен билем, Сен - биздин Атабыз жана Кудайыбызсың, - деди ал, - Сенин уулдарыцды кубалаган адамдарды, Өзүң чилдей тарата аласың, анткени Сен, ар - дайым биздин арабыздагы коркунучтарда барсыц. Бул иш, Сенин иштериң, жана бул иштерде Сенин гана эркиң болсун, анткени биз ушул иштерди аткарууга бел байладык. Бизди сактап кала көр, Атаке” 176ошол эле жерде, 6-бап..УК 191.2

    Түйшүктөн, тынчсыздануудан жана коркунучтан кыйналган Лютер, Меланхтонго кайрылып жатып минтип айткан: “Машаякта тынчтык жана ырайым болсун. Мен дүйнөдө, деп эмес, - “Машаякта” - деп айтам. Сенин, сени өлтүрүүчү, өтө эле тынчсызданууң, менин кыжырымды кайнатат. Эгерде бул иш туура эмес боло турган болсо, анда аны калтыралы, ал эми ал адилеттүү боло турган болсо, анда эмне үчүн биз, бизди коркпостон уктаганга Буйругандын, убадаларын жалган деп эсептешибиз керек?... Машаяк адилеттүү жана туура иштерди аткарууга жөндөмдүү. Ал тирүү, жана Өзүнүн тактысында Падышалык кылып жатат, биз эмнеден коркушубуз керек?” 177ошол эле жерде..УК 192.1

    Кудай Өз кулдарынын зарлаган үнүн укту. Ал, бул дүйнөнүн караңгы күчтөрунө каршы, чындыкты коргоп күрөшүү үчүн, төрөлөрдү жана кызматчыларды алкыштады, жана кайраттандырды. Теңир мындай дейт: “Мына Сиондо Мен тандалган, баалуу, бурчка коюла турган ташты коёмун; жана Ага ишенген уятка калбайт” (1 Петр 2:6). Протестанттык реформаторлор, Машаяктын үстүнө өз курулуштарын курган, жана тозоктун дарбазалары, аны жеңе алган жок.УК 192.2