Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    18 Бап — Америкалык Реформатор

    Уильям Миллер жөнөкөй жана ак-ниет фермер болгон; Ыйык Жазуулардын Кудайдан шыктандырылгандыгынан күмөн санап, бир кездерде, чындык жөнүндө кабар алууну чын ниетинен каалаган. Жана ал, Кудай аркылуу, Теңирдин Экинчи келишин насааттагандардын бири бoлyп калды. Башка көп сандаган реформаторлор сыяктуу эле, Уильям Миллер жаш чагында, жакырлык менен күрөшкөн, жана ушул жашоо үчүн күрөшүү, аны көп нерселерге үйрөттү - ал өзүн бардык нерселерден баш тартып коюга, өз күчүн туура колдонууга үйрөнгөн. Ал чыккан үй-бүлө, өзүнүн көз карандысыздыкка, эркиндикти сүйүүчүлүккө, чыдамдуулукка жана ата-мекенине болгон ысык сүйүү, менен айырмаланган - бир сөз менен айтканда, анын мүнөздөрүндө эмнелер болсо, ал ошол сапаттарга умтулат. Анын атасы, революциялык аскердин капитаны болгон, жана ошол оор күрөшүү мезгилдеринде, анын үй-бүлөсү көп кыйналган, Миллердин жаштыгындагы кыйналуулары, мына ушул шартка байланыштуу эле.УК 290.1

    Уильям Миллер дене жагынан дагы чымыр бoлyп, жана жаш кезинен эле, бoлyп көрбөгөндөй акыл жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон - бул сапаттар, бала чоңойгон сайын, көзгө көрүнө берди. Анда тирүү дээр, өсүүчү акыл болгондуктан, билим алууну өтө самаган. Бирок ага университеттик билим алууга , бактысында буйрулбагандыгы менен, билимге болгон сүйүү, бир нерсени толук айтып берүү, жана ар кандай кырдаалдарда сын көз менен ойлонуулары, терең oйлонгон адамдардын катарына, аны кошуп турган. Бул кемчиликсиз аброю таза, кадыры булганбаган, өз чынчылдыгы, унөмчүлдүгү жана жакшы иштерди каалагандыгы менен, бардыгынын урматына ээ болгон. Өзүнүн тырышчаактыгынын жана сергектигинин аркасында, ал өз апасына кичинесинен эле жүк болгусу келген эмес, бирок өз окуусун дагы калтырган жок. Мамлекеттик жана аскердик орундарда иштеп, ал чоң ийгиликтерге жетишкен, жана байлыкка жана даңкка карата салынган жол, анын алдында кенен, ачылып берилгендей сезилди.УК 290.2

    Анын апасы өтө таакыба адам эле, жана өз уулун динге карата ишенимиң каратып өстүрүүнү каалаган. Бир жолу жаш кезинде ал, деистердин (дүйнөнү Кудай жараткан, бирок Кудай адамдардын турмушуна кийлигишпейт, деген адамдардын тобу) тобуна кабылган, алар үлгүлү адамдар, терең oй жүгүртүүчү, боорукер болгондуктан, ага чоң таасирин тийгизишкен. Алар жашаган христиандардын чөйрөcү, алардын адеп-ахлагына жакшы таасир калтырган. Адамдардын сый-урматына ээ болгон, өздөрүнүн жакшы сапаттары менен, алар Мукаддаска карыздар болушкан, бирок жасаган жакшы иштери ушунчалык бузулгандыктан, бул адамдар айланасындагыларга, Ыйык Жазууларга карама-каршы таасир калтырышкан. Алар менен баарлашкандыктан, Миллер эрксизден алардын көз караштарын кабыл алган. Ал кездеги Ыйык Жазуулардын түшүндүрмөлөрү, көп деген кыйынчылыктарды туудургандыктан, ал нерселерди түшүнүү, ага мүмкүн эмес сыяктуу сезилген; ага кошулуп, анын Мукаддаска тиешеси жок жаңы ишеними, ага эч кандай жардам бербеди, жана ал бул окутууларга канагаттанган жок. Ошого карабастан, ал бул көз караштарда он эки жыл убакыт, карманып келди. Ыйык Рухтун жардамы менен, ал өзүнүн күнөөкөр экендигин сезгенде, 34 жашка чыккан эле. Анын дини ага, өлгөндөн кийин бактылуу өмүр убада кылган эмес. Келечек ал үчүн туңгуюк жана жашыруун болду. Кийинчирээк ал өзүнүн кайгылары жөнүндө эскерип мындай дейт:УК 291.1

    “Өлүм жөнүндөгү oй-санаа, менин денемди таманыман өйдө муздатып калтырак бастырган; коркунучтуу сот күнүндө, эч бир адам акталбастан, баары өлүмгө кабыла турган сыяктуу, мага сезилген. Асман мен үчүн жез, жана менин бyт алдымдагы жер, мага темир болду. Түбөлүк - бул өзү эмне? Өлүм - эмнеге керек? Мен канчалык oй жүгүртсөм, ошончолук жооптон алыстадым. Мен канчалык ойлонсом, ошончолук менин чыгарган тыянактарымдын, ирети болбоду. Мен бул нерселер жөнүндө ойлонбой эле коёюн, деп аракеттендим, бирок, буга менин күчүм жеткен жок. Мен аянычтуу абалда калдым, бирок мендеги бoлyп жаткан нерселердин себебин түшүнбөдүм. Мен зарландым, жана арыздандым, бирок кимге экендигин билгеним жок. Бул жерде бардыгы башкача экендигин билип турдум, кантип жана кайдан чындыкты табуу керектигин билбедим. Менин ындыным өчүп, үмүттөн кайттым”.УК 291.2

    Ушундай абалым, бир нече ай убакытка созулду. “Капысынан, - деп эскерет ал, - Куткаруучу чындыгында кандай болду экен, деген ойго келдим. Менин алдыма Бирөө тартылды - Ал өтө ырайымдуу, жана боорукер болуучу, Ал Өзүн биздин мыйзамсыздыгыбыз үчүн Курмандыкка берди, жана бизди күнөөнүн жазасынан куткарды. Мен Анын Жагымдуулугун түшүндүм, жана Анын Кучагына кирип, Анын ырайымына кантип ишенимдүү болсом, деген ойго кеттим. Бирок, бул жерде мага бир суроо туулду: Ушундай Күч бар экендигин кантип далилдесе болот? Жана Куткаруучунун бар экендигин, же түбөлүк өмүр жөнүндөгү түшүнүктү, Мукаддастан башка эч жерден таба албастыгымды билдим...УК 291.3

    Мукаддас мага, мен муктаж болгон Куткаруучуну ачып берди, жөнөкөй гана адамдар окуй тyрган Китеп, күнөөгө баткан дүйнөгө керектүү болгон эрежелерди, Өзүнө камтыгандыгына, мен айраң-таң болдум. Жана Ыйык Жазуу, Кудайдын аян ачылыштары экендигине, макул болууга аргасыз элем. Мукаддас мен үчүн кубаныч алып келди , ал эми Ыйсада болсо, мен өз Досумду таптым. Куткаруучу мен үчүн, “оң миң башка адамдардан артык” болду, жана башта мага түшүнүксүз болгон, менин ойлорума карамакаршы сыяктуу сезилген Ыйык Жазуулар, эми “менин бутума тийген шам чырак, жолума тийген жарык” бoлyп калды. Менин жан дүйнөм тынчтыкка ээ болгон. Эми гана мен канагаттануу алдым, анткени Теңир, менин өмүр океанымдын - Аскасы жана бекемдиги эле. Ошол мезгилден тартып Мукаддас, менин изилдөөмдүн эң маанилүү сабагы бoлyп калды, жана Аны изилдөө мен үчүн ырахат алып келген, деп айтсам, эч жаңылышпайм. Бул Китепте камтылган жакшылыктардын жартысын дагы, мен бүт өмүрүмдө уккан эмесмин. Мен башында, Анын сулуулугун, жана даңкын, эч качан элес албагандыгыма, жана Андан баш тарткандыгыма, абдан таңгалам. Менин жүрөгүмдү кыжаалатка салган, бардык жоопту, мен Ал жерден гана таптым; Жана менин жанымдын дартына керектүү даарылардын бардыгы, Ал жерде бар эле. Мен өзүмдүн башка китептерге болгон кызыгуумду жоготтум, жана Кудайдын даанышмандыгын алууга, жүрөгүмдү тапшырдым” 283Блисс. “Уильям Миллердин мсмуарлары”, 65-67-беттер..УК 292.1

    Миллер башында жек көрүп жүргөн динге, өзүнүн таандык экендигин, ачык айтып билдирди. Анын ишенбеген жолдоштору, ал башында Ыйык Жазуунун Кудайдан экендигине каршы чыгып талашып тартышкан далилдерин, ага эскертишкен эскертишкен. Ал кезде, алардын суроолоруна топ келише турган, мындай деп жооп берүүгө, ал даяр эмес болгон; эгерде Мукаддас Кудайдын ачылыштары боло турган болсо, анда Ал Өзүнө Өзү каршы чыкпайт; эгерде Ал адамдарды жакшы жолго салуу үчүн насаат китеп боло турган болсо, анда адамдарга жеткиликтүү болмок. Жана ал өз алдынча Жазууларды изилдеп, карама-каршыдай бoлyп сезилген нерселерди, бириктирсе болбойт бекен, деген чечимге келди.УК 292.2

    Бирөөдөн алынган ойлордон качуу максатында, ал эч кандай талкууларды колдонгон жок, бир гана, башка аяттарды билдирген белгилерди жана симфонияны гана колдонгон. Ал Мукаддасты ар-дайым изилдеди: ал Мусанын биринчи Китебинен баштаган, ал аят артынан аят окуп, түшүнүксүз жерлерге келгенде, ашыгып алдыга кетип калган эмес. Кыйын жерлерге келгенде, бул суроого тийиштүү болгон, башка аяттар менен аны салыштырган. Берилген аяттардын маанисин түшүнүү үчүн, ал ар бир сөздөрдүн маанисин билүү үчүн oй жугурткөн, эгерде анын түшүнүгү башка аяттар менен шайкеш келгенде гана, бул суроо кабыл алынган. Ал Ыйык Жазууларды тырышкандык менен изилдеди, жана Теңир аны агартсын, түшүнбөгөн жерлерин билүүгө түшүнүк берсин, деп сыйынган. Ал өзүнүн тажрыйбасында, Забурчунун сөздөрүнүн чындыгын түшүндү. “Сенин Сөздөрүндүн ачылышы карапайымдарга акыл берет, туюндурат” (Забур 118:130).УК 292.3

    Ал Даниилдин жана Аян Китептерин, өзгөчө кызыгуу менен изилденген, жана аларды изилдөөдө дагы башка Жазууларга колдонгон сыяктуу, ыкмаларды колдонуп, жана чоң кубанычка малынган, анткени, пай-гамбарлык символдорду, изилденүү менен чечүүгө мүмкүн эле. Пай-гамбарлык сөздөрдүн мааниси, ар бир создордун түшүндүргөндөрү боюнча аткарылып жаткандыгын ал көрдү, ар-кандай образдар, үлгүлүү ацгемелер, метафоралар (сөздөрдүн алмашуулары), бир бөлүктүн ичинде, же Ыйык Жазуунун башка жерлеринде, алардын ачкычтары бар экендигин билген. “Ушундайча мен мындай деген жыйынтыкка келдим, - дейт Миллер, - Мукаддас - бул ачык чындыктардын системасы, булар жөнөкөй жана түшүнүктүү бoлyп жазылгандыктан, акыл - эси төмөнкү адамдар дагы, Аны окуу менен адашпастан түшүнө алышат” 284Блисс, 70-бет.. Пайгамбарлыктардын улуу байланыштарын, ал, биринин артынан бирин биле баштады, жана анын аракеттери ийгиликке бөлөнгөн. Асман периштелери, анын аңсезимдери менен башкарып, жана ага Кудай Сөзүн ачып берди.УК 293.1

    Баштагы пайгамбарлыктар кантип аткарылгандыгына негизделип, келечектеги окуяларга байланыштуу пайгамбарлыктар дагы, ошондой эле бoлyп аткарылат, деген жыйынтыкка келди Миллер. Ушул нерселер, Машаяктын жер үстүндөгү миң жыл Падышалык кылат деген, ошол кездеги окутууларына каршы келип, бул туурасында Кудай Сөзү эч нерсе айтпагандыгын билет. Анткени ушул божомолдор боюнча, миң жылдык бейпилдик жана тычтык өкүм сүрүп, ал эми Кудайдын каардуу Күнү, алыcкы мезгилдерге калтырылган. Бирок, бул божомолдор канчалык сооротуучу болгондугу менен, ал өз тамырында, Машаяктын жана Анын элчилеринин, буудай менен отоо чөптөр, оруу мезгилине чейин, башкача айтканда дүйнөнүн акырына чейин бирдей өсө берсин, деген күбөлөндүрүүлөрүнө, карама-каршы келген (Мф. 13:30,38-41); “жаман адамдар жана алдамчылар, башкаларды азгырып жана өзүлөрү дагы азгырылып, улам жамандыкка бара жатышат” жана “акыркы күндөрдө оор мезгилдер келээрин билишиң керек” (2Тим. 3:13,1), ал эми караңгылыктын падышалыгы, Машаяктын Экинчи келишине чейин созулат, жана ал, Анын Оозунун деми менен, Анын Келиши менен кыйратылат (2Фес. 2:8).УК 293.2

    Элчилердин Жыйыны, баары кайрылышат жана Машаяк жер үстүндө миң жыл Падышалык кылат, деп окуткан эмес. Бул доктрина XVIII - кылымдын башталышына чейин, христиандар аркылуу, анчейин деле таанылган эмес. Бирок башка адаштыруучу окутуулар сыяктуу эле, анын акыры өлүмгө алып баруучу бoлyп калды. Ушул доктринанын чечимине байланыштуу, адамдар Машаяктын Келишин өтө алыскы мезгилдерге болжолдошуп, Анын Келишинин ал-дындагы бoлyп жаткан белгилерге, көңүл бурушкан жок. Бул, адамдар үчүн али коопсуздук жана тынчтык экендигин билдирип, көпчүлүгү Машаякты күтүү үчүн даярданууга маани беришкен эмес.УК 294.1

    Ыйык Жазуу, Машаяктын Келишин ачык көргөзгөндүгүн, Миллер билип калды. Элчи Павел мындай деп айткан: “Себеби, башкаруучу добушта, эң жогорку Периштенин добушунда жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү Асмандан Келет (І Фес. 4:16). Жана Куткаруучу мындай деп айтат: “Ошондо Адам Уулунун жышааны Асмандан көрүнөт... жана Адам Уулу Асман булуттарынын үстүндө, кубат жана улуу даңк менен келе жаткандыгын көрүшөт”. “Анткени, чагылган жарк-журк этип, чыгыштан батышка карай көрүнгөнүндөй, Адам Уулунун Келиши дагы ошондой болот” (Мф. 24: 30,27). Ал Асман периштелеринин коштоосу менен келет. “Адам Уулу Өзүнүн атагында, жана Аны менен бирге бүт ыйык периштерлер келет” (Мф. 25:31). “Ал Өзүнүн периштелерин добуштуу сурнайлар менен жиберет, алар жердин төрт тарабынан, Асмандын бир четинен экинчи четине чейин Анын тандалгандарын чогултат” (Мф. 24:31).УК 294.2

    Анын Келишинде өлгөн адилеттүүлөр тирилишет, ал эми тирүү калгандар - өзгөрүлүшөт. “Биз барыбыз өлбөйбүз, - дейт элчи Павел, - бирок барыбыз өзгөрүлөбүз, тез көз ачып жумганча, акыркы сурнайдын үнүндө өзгөрүлөбүз - себеби, сурнай үнү чыкканда, өлгөндөр кайра чирибей турган бoлyп тирилет, ал эми биз өзгөрүлөбүз; себеби, бул өтмө неме түбөлүк немеге жамынуу керек” (1 Кор. 15:51-53). Жана өзүнүн Фессалоникалыктарга жазган Катында, Машаяктын Келгенден кийинки окуясын мындай деп жазат: “Жана Машаякта өлгөндөр адегенде тирилишет; андан кийин биз, тирүү кал-гандар, Теңирди абада тосуп алууга алар мнен бирге алынып, булуттарда болобуз, анан Теңир менен дайыма болобуз (1 Фес. 4:16, 17).УК 294.3

    Кудай эли Машаяктын Келишинен кийин гана Падышалыкты кабыл алышат. Машаяк Өзү мындай дейт: “Адам Уулу Өзүнүн атагында жана Аны менен бирге бүт ыйык периштелер келишкенде, ошондо Өзүнүн атагынын тагына отуруп алат. Жана анын алдына бүт элдер жыйылат; анан койчу койлорду эчкилерден ажыраткандай, аларды ажыратат; Өзүнүн он жагына койлорду, сол жагына эчкилерди тургузат. Ошондо Анын оң жагында тургандарга Падыша мындай дейт; “келгиле, Менин Атам алкагандар, дүйнө жаратылгандан бери силерге даярдалган падышалык мураска ээ болгула”” (Мф. 25:3134). Ыйык Жазуунун башкы аяттарынан, Адам Уулунун Келишинде өлгөн адилеттүүлөр тирилишип, ал эми тирүүлөр өзгөрүлүшө тургандыгын көрдүк. Алардагы болгон улуу өзгөрүүлөр, аларга падышалыкты кабыл алууга жардам берет, анткени элчи Павел мындай дейт: “адамдын денеси жана каны Кудайдын Падышалыгына мураскор боло албайт, чирий турган нерсе да чирибей турганга мураскор боло албайт” (1 Кор. 15:50). Адам өзүнүн азыркы абалында өлүмгө татыктуу, өзгөрүлүүгө муктаж; бирок, Кудайдын Падышалыгы өтүп кетпей тyрган түбөлүктүү болот. Мына ошон-дуктан адамдар, өздөрүнүн азыркы абалында, Кудай Падышалыгына кире алышпайт. Бирок качан гана Ыйса Машаяк келгенде, Ал Өз элин өтүп кетпей турган денеге өзгөртөт, жана аларды, дүйнөнүн жаралышынан мурда эле дайындалган Падышалыкты, кабыл алууга чакырат.УК 294.4

    Башта белгиленген аяттар, жана Ыйык Жазуунун башка дагы аяттары, Ыйса Машаяктын Келишинин алдында элдер күткөн бейпилдик жана тынчтык, - чынында Машаяктын Экинчи келишинен кийин гана болору, Миллер үчүн далил бoлyп калды. Андан тышкаары, мезгилдеги бардык белгилер жана дүйнөнүн абалы, пайгамбарлыктардагы жазылган акыркы учурдун белгилерин көргөзгөн. Ыйык Жазууну изилденип отуруп, азыркы мезгилдеги жерге жиберилген убакыттар бүтүп бара жатат деген чечимге келет.УК 295.1

    “Мен үчүн дагы чоң таасирин тийгизген, - деп жазат ал, - Ыйык Жазуудагы окуялардын белгиленгендери... Мурдагы алдын ала айтылган окуялар, өз мезгилдеринде аткарылып турган. Топон сууга чейинки 120 жыл убакыт (1-Муса 6:3 кар.); топон суунун болушуна чейинки жети күн, жана кырк күн жааган жамгыр (1-Мус. 7:4); Ыбрайымдын тукумдарынын 400 жыл кыдырып жүрүшү (1 -Муса 15:13); нан таратуучу менен шарап куючуга берилген, үч күн (1-Муса 40:12-20); фараонгo берилген жети жылдык мөөнөт (1 -Муса 41:28-54); чөл үстүндөгү 40 жыл (4-Муса 14:34); үч жарым жылкы ачарчылыктын алдын ала айтылышы (З-Пад. 17:1); 70жылдык туткундук (Иер. 25:11); Навуходоносордун башына түшө турган жети мезгил (Дан. 4:13-16); иудейлер үчүн берилген, жети жума, 62 жума жана бир жума, баары биригип 70 жума (Дан. 9:24-27), - пайгамбарлар аркылуу айтылган ушул окуялар, өз учурунда так аткарылып турган” 285Блисс, 74.75-бет.. Ыйык Жазууларды изилденгенде ал, ар кандай, өз ою боюнча алыcкы Машаяктын Келишине чейин созулгандай болгон мезгилдерди, Кудай Өз кулдарына ачып берген, “ачык мезгилдер” катары караган. “Жашыруун сыры - дейт Муса, - Теңирге, биздин Кудайыбызга таандык, ачыгы түбөлүк бизге жана биздин балдарыбызга таандык” (5-Муса 29:29). Жана Теңир өз пайгамбары Амос аркылуу мындай дейт: “Ал Өз жашыруун сырларын Өз кулдары болгон пайгамбарларына айтпай, эч нерсе жасабайт” (Амос 3:7). Жана ошондуктан Кудай Сөзүн изилдеген адамдар, бул чындыктын булактарынан, адам тарыхындагы окуялардын далилдерин сузуп алышат.УК 295.2

    Мен качан толугу менен - дейт Миллер - бардык Ыйык Жазуулар Кудайдан шыктандырылган жана пайдалуу (2Тим. 3:16) экендигине, алар адамдардын эрки боюнча эмес, бирок Ыйык Рухтун аракети боюнча, ыйык адамдар аркылуу жазылгандыгын (2Петр. 1:21) билгенимде, жана алар “бизге насаат катары, биз чыдамдуулук менен, жана Жазуунун жубануусу аркылуу, үмүттү сакташыбыз үчүн” (Рим 15:4), жазылгандыгын түшүнгөнүмдө, Мукаддастын хронологиялык (окуянын белгиленген даталары) бөлүмдөрун, Ыйык Жазуунун башка бөлүгүндөй эле изилдөө керектигин, маанилүү деп таптым. Ошондуктан мен муну туюндум: Кудай Өз ырайымы менен, бизге эмнелерди ачып берүүнү кааласа, мен ошол пайгамбарлык мезгилдерди изилдебестен, өтүп кете албайм” 286Блисс. 75-бет..УК 296.1

    Даниилдин Китебинде (8:14)да камтылган пайгамбарлык, Миллерге Машаяктын Экинчи Келишин көргөзүп тургандай сезилген: “Эки миң үч жүз кеч жана таң өткөндө; касиеттүү жай тазаланат”.Ыйык Жазуунун өзүн өзү ачып тургандагын түшүнүп, Миллер Мукаддастагы пайгамбарлык мезгилиндеги бир күн, бир жылды билдирерин билген (4-Муса 14:34; Иез. 4:6). 2300 кундук пайгамбарлык мезгили, иудейлерге берилген ырайым мезгилинен алда канча алыска чейин кетерин, жана Байыркы Осуяттагы касиеттүү жайга тиешеси жоктугун түшүнгөн. Ошол кездеги түгөл христиандардын көз караштарында, касиеттүү жай, бул жер шаары бoлyп эсептелген, жана ошондуктан Миллер дагы, ушул көз карашты карманып, (Дан. 8:14)гы алдын ала айтылган касиеттүү жайдын тазалануусун, Теңирдин Экинчи Келишиндеги, жерди от менен тазалай тургандыгы жөнүндөгү пайгамбарлык, деп түшүнгөн. Эгерде, деп oй жүгүрткөн ал, 2300 күндүн баштапкы чекитинен санай турган болсок, анда Машаяктын Экинчи Келишинин убакытын дагы чыгарсак болот. Мына ушундайча, түгөл азыркы заман өз текебердиги, бийлиги, ашыра тоюнгандыгы, “анын өзүн барктагандыгы, адилетсиздиктери жана зомбулуктары менен бирre, өз акырына келет”, деген кыямат күндүн келиши маалим бoлyп калмак. Каргыш жер үcтүнөн алынып, “өлүм биротоло жок бoлyп, ал эми Кудайдын кyлy болгон пайгамбарлар жана ыйыктар, жана бардык Андан корккондор өз сыйлыгын алат, ал эми жерди кыйратуучулар - жер үстүнөн жок болот” 287Блисс. 76-бет..УК 296.2

    Миллер пайгамбарлыктарды, дагы ынтаалуулук жана олуттуулук менен изилдөөсүн улантты, бул чындыктарды изилдөөгө күн түи убакытын бөлдү, анткени алар, ага азыр айрыкча маанилүү жана кызыктуу көрүнгөн. Даниил Китебиндеги 8 - бапта жазылган 2300 күндүк пайгамбарлыкты эсептөө үчүн, баштапкы чекитин табуу керек эле; Жебирейил периштеге, бул аяндарды Даниилге түшүндүрүп берүү буйрулса дагы, бул түшүндүрүүлөр жарым жартылай бoлyп эсептелген. Качан пайгамбар, Жыйынды кубалай турган коркунучтуу куугунтуктоолорду көргөндө, анын алы кетип, алсыраган. Бул көрүнүштөр, ал үчүн чыдай алгыз болгондуктан, периште аны убактылуу калтырууга аргасыз болгон. Даниил “алдан тайып бир нече күн ооруп жатты”. “Мен бул аян көрүнүшкө таң калдым, жана аны түшүнө алганым жок”, - дейт пайгамбар өзү.УК 297.1

    Бирок Кудай Өзүнүн элчисине мындай деп буйрук берди: “Ага бул аянды түшүндүрүп бер!” Бул берилген тапшырма аткарылышы керек эле, бир нече мезгил өткөндөн кийин периште, Даниилге кайрылып келди: “Азыр мен сага акыл айтууга келдим”. Демек, сөзгө көңүл буруп, жана аянды баамда” (Дан. 8:27-, 16; 9:22,23,25-27). 8-баптагы аянда түшүндүрүлбөй калган маанилүү учуру бар болчу, бул, 2300 күн мезгили эле. Ошондуктан периште, өзүнүн экинчи жолку келишинде, өзгөчө анын көңүлүн, мезгилдер жөнүндөгү суроолорго бурду.УК 297.2

    “Сенин элиңе, жана касиеттүү шаарыңа жетимиш жума белгиленди... ошентип баамдап билип ал: Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу чыккандан баштап, Машаяк Эгем Келерине чейин жетимиш жума, жана алтымыш эки жума өтөт; жана ошондо калайык-калк кайтарылып, көчөлөр менен тосмо дубалдар ордуна тургузулат, бирок бул кыйын мезгилде болот. Жана алтымыш эки жума өткөндө, Машаяк өлүмгө кыйылат, жана Ал болбой калат... Жана бир жумада көпчүлүк үчүн осуят бекитилип, ал эми жарым жумада курмандыктар токтотулат”УК 297.3

    Периште Даниилге, 8-баптагы аяндардын түшүнбөй калган жерлерин түшүндүрүү үчүн, жиберилген, ал болсо мезгилдердин убактысын билдире турган аяндар болчу: “Эки миң кеч жана таң өткөндө, касиеттүү жай тазаланат”. Даниилге, “сөзгө көңүл буруп, жана аяндарды билип алууну” буйругандан кийин, периште шыр эле мындай деп айтты: “сенин элиңе жана касиеттүү шаарыңа, жетимиш жума белгиленди”. Бул жердеги “белгиленди” - деп которулган сөздүн түздөн - түз мааниси, “кесилди” дегенди билдирет. 70 жума, же 490 күн, периштенин айтуусу боюнча, иудейлер үчүн кесилген. Бирок ал, эмнеден кыркылып алынды? 2300 күн, 8-баптагы көргөзүлгөн жалгыз гана мезгилдеги убакыт болгондуктан, 70 жума 2300 күндөн кесилип алынган, жана ушул эки мезгилдин бөлүктөрү, бир мезгилде башталуусу керек эле. Периштенин түшүндүрүүсү боюнча, ушул 70 жума, Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу чыкканда башталмак. Эгерде ушул буйруктyн чыккан мөөнөтүн тактай турган болсо, анда 2300 күндүн башталган убакытын билүү кыйынчылык алып келмек эмес.УК 297.4

    Ездранын Китебинин 7 - бапында, ушул буйрук жөнүндө айтылган (Езд. 7:12-26). Бул буйрук акыркы бoлyп, Перстердин падышасы Артаксеркс аркылуу, Машаяктын Төрөлүшүнөн (М.Т.) мурда 457-жылы чыккан. Бирок Ездранын Китебинде (Езд. 6:14) мындай деп айтылат, Теңирдин Үйү “Израил Кудайынын эрки боюнча, жана Перс падышалары Кир, Дарий жана Артаксеркстин” буйругу боюнча, тургузулат. Үч падыша ушул буйрукту, жеткилең кылмайынча түзүшүп, бекемдешип жана толукташкан, анткени ал 2300 күндүн башталышын билдириши керек эле. Бул буйруктун акыркы чыгарылышынан Машаякка чейин 457 жыл эсептеп, жетимиш жума жөнүндөгү пайгамбарлыктын качан аткарылгандыгын билүү, кыйынчылык алып келген жок.УК 298.1

    “Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу чыккандан Машаяк Эгеме чейин, жети жума, жана алтымыш эки жума” — башкача айтканда 69 жума, же 483 жыл. Артак-серкстин буйругу, Машаякка чейиики 457-жылдын күзүндө күчүнө кирген. Ушул мезгилден 483 жылды эсептей турган болсок, биз Машаяк Төрөлгөндөн кийинки 27-жылдын күз мезгилине келебиз, - мына ушул пайгамбарлык ошондо аткарылган. “Машаяк” деген сөз, “Майланган” дегенди түшүндүрөт. 27-жылдын күзүндө, Машаяк, Иоанн аркылуу сууга чөмүлдүрүлүп, жана Ыйык Рух аркылуу майланган. Элчи Петр мындай деп күбөлөндүрөт: “Кудай Назареттик Ыйсаны Ыйык Рух жана Кудурет менен толтурган” (Ап.иш. 10:38). Жана Куткаруучу Өзү мындай деп айтат: “Теңир Руху Менде; анткени Ал Мени, жакырларга Жакшы Кабар айтуу үчүн майлаган” (Лк. 4:18). Сууга чөмүлгөндөн кийин Ал, “Галлилеяга келип, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратты, жана айтты, мезгил жетти” (Мк. 1:14,15).УК 298.2

    “Жана бир жума көпчүлүк үчүн осуятты бекемдейт”. Бул жердеги эскертилген жума, жетимиштин эң акыркысы бoлyп саналат; Бул иудейлер үчүн берилген акыркы жети жыл. Ушул - 27-жылдан 34-жылга чейинки мезгилдердин аралыгында, - алгачында Машаяк Өзү, - андан кийин шакирттери, бир гана иудейлер үчүн, насаат айтышкан. Өз шакирттерин үгүт айтууга жөнөтүп жатып Куткаруучу мындай деген: “Бутпарастарга алып баруучу жолдор менен жүрбөгүлө, жана Самария шаарына кирбегиле; бирок Израилдин үйүнөн жоголуп кеткен койлоруна (элине) баргыла” (Мф. 10:5,6).УК 298.3

    “Ал эми жарым жумалыкта, кур-мандык чалуулар токтотулат”. Өзүнүн сууга чөмүлгөнүнөн, үч жарым жыл өткөндөн кийин, 31жылы, Машаяк айкашкан жыгачка керилген. Голгофага ушул Улуу Курмандык алынып барылгандан кийин, төрт миң жыл убакыт, Кудайдын Курмандык Козусун сүрөттөгөн, курмандык чалуулар токтотулган. Айкашкан жыгачта, сүрөттөгөн курмандык менен Чыныгы Курмандык кездешкен, жана ушул жерде, ушул мезгилден баштап, бардык курмандык чалуулар, жана ага караштуу эрежелер токтотулмак.УК 299.1

    Иудейлер үчүн өзгөчөлөнүп бе-рилген жетимиш жума, же 490 жыл, биз көргөндөй Машаяктан кийинки 34-жылы аяктаган. Бул мезгилде иудейлердин синедриону (жогорку соту) аркылуу, Стефанды таш баранга алып өлтүрүп, жана Машаяктын жолдоочуларын куугунтукташып, калайык - калк өздөрүнүн, Жакшы Кабардан баш тарткандыктарын билдиришкен. Ушул окуядан кийин, куткаруу планы иудейлердин аймагынан чыгып, жана бардык дүйнөгө таратыла баштаган. Куугунтукталган шакирттер Иеру-салимди калтырышып, барган жерлеринде “сөз таратып жүрүштү”. “Ошондой эле Филипп дагы, Самария шаарларына келип, жана аларга Машаяк жөнүндөгү Кабарды таратып жүрдү”. Кудай аркылуу дайындалган Петр дагы, Кесариядагы жүз башчысына, Кудайдан корккон Корнилийге, куткаруу планын ачып берет; Ал эми Кудайга өтө берилген Павел, Ыйсага ишенип, бул Кабарды алыcкы “бутпарас элдерине” жарыялоо үчyн, жолдомо алган (Ап. иш. 8:4,5; 22:21).УК 299.2

    Бул пайгамбарлыктардын ар бири, так аткарылган, жана жетимиш жуманын башталышы, Машаякка чейин 457-жылы башталып, ал эми бул мезгилдин аягы, - Машаяктан кийинки 34-жылы аяктаган. Ушул жылдарды так коюу менен, 2300 күндүн качан аяктай тургандыгын дагы билүү кыйын эмес; 490 жылдан кийин өтө турган, дагы 1810 күн, анын артында турду. Ма-шаяктан кийинки 34-жылдан 1810 жылды эсептеп, биз 1844-жылга келебиз. Даниил Китебиндеги 8-баптагы айтылган 2300 күн, 1844жылы бүтмөк. Ушул улуу пайгамбарлыктын аякташы менен, Кудайдын жарчысынын күбөлөндүрүүсү боюнча, “Касиеттүү жайдын тазаланышы” керек болуучу. Бардыгы эсепгендей, Машаяктын Келишиндеги касиеттүү жайдын тазалануусу, кайсыл мезгилде боло тургандыгы, белгилүү бoлдy.УК 299.3

    Башталышында Миллер жана анын жактоочулары, 2300 жыл 1844-жылдын жазында аяктайт, деп эсептешкен, бирок пайгамбарлык, анын 1844-жылдын күзүндө деп көргөзгөн. Ыйык Жазуунун ушул жерин туура эмес түшүнгөндүк, Машаяктын Келиши жазында болот, деген адамдардын көңүл калуусуна алып келди. Бирок бул бoлyп жаткан нерселер, 2300 күндүн 1844жылы аякташына келген чындыгын буза алган жок. Бирок бул жылы улуу иш болмок, бул касиеттүү жайдын тазаланышы менен байланыштуу эле.УК 299.4

    Кудайдын аяндары деп билгендиктен Миллер, Ыйык Жазууларды изилденип жатып, өзү кандай чечимге келе тургандыгын дагы билген эмес. Ал өзүнүн изилденген жыйынтыктарына дагы, таң калуу менен, араңдан зорго ишенген, бирок Ыйык Жазуунун далилдери ушунчалык так жана салмактуу болгондуктан, аларга маани бербей коюу мүмкүн эмес болуучу.УК 300.1

    Ал эки жыл убакыт, Ыйык Жа-зууларды изилдөөгө арнаган, жана 1818-жылы мындай деген салтанаттуу тыянак чыгарат: Өз элин Куткарып алуу үчүн, 25 жылдан кийин Машаяк келет. “Мен келечектеги даңктуу Күн жөнүндө ойлонгондогу, менин жүрөгүмө толгон кубанычты, куткарылгандар менен бөлүшүүнү каалаган абалымды айтуунун кажети жок, - дейт Миллер. Эми мага Ыйык Жазуу кайрадан ачылып берилди. Бул чындыгында эле акыл-эстин кубанычы бoлyyчу; буга чейинки Андагы караңгы, табышмактуу жана түшүнүксүз болгон окутуулар, Анын Ыйык Барактарынан жаркырап жанган жарыктьт нурларынан тарап жоголду. Ооба, кандай гана жарык жана керемет бoлyп, мага чындык ачылып берилди! Башында менин көз алдымда көрүнүп турган, бардык карама-каршылыктар, жана түрдүүчө окутуулар, жана мага жетүүгө кыйын болгон көп жерлери, түшүнүктүү бoлдy, жана мага ушул Ыйык Жазуүнүн Барактарынан төгүлгөн жарык, менин капаланган акылымды тазалады, жана мен башта эч качан сезип көрбөгөн кубаныч жана шаттыка бөлөндүм” 288Блисс. 76,77-бет..УК 300.2

    “Ыйык Жазуудагы айтылган маанилүү окуялар жакында аткарыла тургандыгына, бекем ишенгендигимден, мен өзүмдүн, дүйнө ал-дындагы улуу милдетим жөнүндө, талыкпастан ойлонуп турдум” 289Блисс. 81-бет.. Ал өзүнүн түздөн-түз милдети - кабыл алган жарык менен бөлүшүү экендигин сезбей койгон жок. Ишенбеген адамдар тараптан аны каршылык күтүп тургандыгын ал билген, бирок бардык христиандар, өздөрү сүйгөн Куткаруучунун Келишине кубанышарына толук ишенген. Анын саксактаган бир нерсеси, - кээ бир адамдар, куткарылуунун жакындап келе жаткандыгына кубанышып, Кудай Сөзүн анын чындык экендигине карабастан эле кабыл алышат, деп ойлогон. (Дан. 9:25-27; Мф. 3:13-17). 70 аптанын бир аптасы (7 жылдык пай-гамбарлык) гана аткарылбай калды.УК 300.3

    М.К. 31 - жыл - Аптанын жарымында же 70-жуманын ортосунда “...Машаяк өлүмгө тапшырылып, жана болбой калат” (Дан. 9:26,27). М.К. 31 - жылы Ыйса Машаяк биз үчүн айкаш жыгачта керилген (Лк. 23:33,46; 1 Петр. 2:24).УК 302.1

    М.К. 34 - жыл - 70 пайгамбарлык аптанын бүтүшү. 2300 пайгамбарлык күндүн биринчи 490 жылы аяктайт. Дан. 9:24-27да айтылгандай, 490 жыл иудейлер үчүн белгиленген, алар өздөрүнүн тандалып алынган Кудайдын өзгөчө эли, экендигин билүүлөрү керек эле (Дан. 9:26,27). Бул берилген даражага алар татыктуу боло албагандыктан, Жакшы Кабарды насааттоо, бутпарас элдерине өткөрүлүп берилмек. М.К. 34 - жылы иудейлер, Машаяктын шакирттеринин бири Стефанды, алгачкы жолу таш бараңга алып, азаптуу өлүм менен өлтүрүшөт. Ушул окуянын аякташы менен, иудейлер үчүн белгиленген 70 пайгамбарлык апта аяктаган (Ап. Иш. 7:54-60). 2300 күндүн/жылдын аякташына, дагы 1810 жыл убакыт калат.УК 302.2

    М.К. 1844 - жыл - Даниил пайгамбар аркылуу 8:14да айтылган 2300 жылдык мөөнөт аягына чыгат. Асманда тергөө сот иштери жана куткарып алуунун акыркы иштеринин башталышы. М.Ч. толук 457 жыл, жана М.К. толук 1843 жыл кошулганда, 2300 жылды түзөт. Эгерде Артаксеркстин чыгарган буйругу М.Ч. 457 - жылдын БАШТАЛЫШЫНДА белгиленгенде, анда 2300 күн/жыл, 1843 жылдын акыркы күндөрүнө барып токтомок. Бирок чыгарылган буйрук М.Ч. 457 - жылдын KY3YHӨ чейин өз күчүнө кирген эмес; ошон-дуктан, ушул 2300 күндүк мөөнөт, 1844 жылдын күз мезгилинде аяк-ташы керек эле.УК 302.3

    Өзүнө толук ишенбегендиктен, башкаларды жаңылыштыкка кириптер кылып алам, деген кыяста, ал өз ачылыштарын ачык жарыялаганга батынган эмес. Ал өз ой - жүгүртүүлөрүн, кайрадан бир сыйра карап чыгууну, өзгөчө өзүнө кыйын сезилген жерлерине токтолууну, туура деп тапты. Жана Кудай Сөздөрүнүн жарыктарынын алдында, бардык каршылыктар, күн нурунан туман тарап жок болгон сыяктанып, тарай баштады. Акыры өзү чыгарган тыянактарынын тууралыгына бекем ишенип бекемделгенче, беш жыл убакыт өттү.УК 302.4

    Жана ошондон кийин гана ал жаңы. күч алып, Кудай Сөзү ушунчалык тактык менен күбөлөндүргөн ачылышты, башкалар менен бөлүшүү, өзүнүн милдети экендигин түшүнгөн. “Качан мен өз иштерим менен алек бoлyп жатканымда, - дейт ал, - менин кулагыма ар-дайым, “Баргын, бул дүйнөгө алар үчүн боло турган, коркунучтар жөнүндө айтып бер”, - деген сөздөр жаңырып туруп алды. Жана менин оюмдан Ыйык Жазуудагы бул сөздөр кеткен эмес: “Качан Мен мыйзамсызга: “мыйзамсыз! Сен ажалыңдан өлөсүң”, деп айтканымда, бирок мыйзамсызды эскертип, анын баскан жолу жөнүндө сен эч нерсе ага айтпасаң, анда бул мыйзамсыз киши өз күнөөсү үчүн өлөт, бирок анын канын сенин колундан төлөтөм. Эгерде сен мыйзамсызды абайлатып, ал өз жолунан бурулууга сен эскерткен болсоң, бирок ал өзүнүн жолунан бурулбаса, анда ал өз күнөөсү үчүн өлөт, ал эми сен өз жанынды сактап каласың” (Иез. 33:8,9). Эгерде мыйзамсыздарга эскертиле турган болсо, анда алардын көпчүлүгү тoбo келтире тургандыгын, бирок аларга эскертилбей турган болсо, анда алар-дын каны менден сураларын, мен сездим” 290Блисс. 92-бет..УК 302.5

    Жана ал мүмкүндүгү болушунча, жыйындардын кызматчылары, ага ачылып берилген нерселерге түшүнүү үчүн, өз көз караштары жөнүндө айта баштады, сыйынды, алар дагы адамдарга эскертүүсүн каалады. Бирок, ал өзү адамдарга эскертүүсү керек экендиги жөнүндөгү oй-санаа, аны калтырган жок. Анын кулагына мындай деген сөздөр ар-дайым жаңырып турду: “Баргын дагы, бул жөнүндө бүткүл дүйнөгө жарыяла; антпесең, Мен алардын канын сенин колундан сурап алам”. Ал тогуз жыл күттү, жана бул түйшүк аны ого бетер баса баштады, акыры 1831 - жылы, ал биринчи жолу ушул ачылышын жалпы элге жарыялаган.УК 303.1

    Элисей пайгамбарлыкка талаада иштеп жаткан жеринде чакырылган сыяктанып, Уильям Миллер дагы, бул дүйнөгө Кудай Падышалыгынын жашыруун сырларын ачуу үчүн, өз сокосун калтыруусу керек эле. Ал, бул кызматты калтырап коркуу менен кабыл алды, жана өзүнүн угуучуларынын алдында, Машаяктын Экинчи Келишине чейинки пайгам-барлык мезгилдердин сүрөтүн ачып берген. Жана анын сөздөрүн, адамдар канчалыктуу терең кызыгуулар менен угуп жаткандыгын көргөндө, анын кайраты жана күчү улам сайын, жогорулагандан жогорулаган.УК 303.2

    Жана өзүнүн ишенимдеги бир туугандарынын суранычы менен, Кудайдан уккан чакырыктарын, Миллер көпчүлүктүн алдында жарыялап айтууга батынган. Ошол мезгилдерде Миллер 50 жашта болуучу, жана буга чейин ал, көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөбөгөндүктөн, мындай ишке даярдыгы жоктугу аны тарткынчыктаткан. Ошого карабастан, анын адам-дарды куткаруу ишиндеги алгачкы күнү, чоң кубаныч менен аяктайт. Анын алгачкы айткан сөздөрү диний жанданууну туудургандыктан, эки кишиси кем он үч үй-бүлө, Кудайга кайрылышат. Жана аны башка жерлерде дагы Кудай Сөзүн айтуу үчүн чакырышкан, жана анын айткан насааттары, бардыгында ийгиликке жетип жатты. Күнөөкөрлөр Кудайга кайрылышты, ал эми ишенген адамдар Кудайды толугураак түшүнүүгө аракет кылышты, ал эми деистер менен атеистер Мукаддастын жана христиандардын ишениминин тууралыгын билип калышкан. Миллер эмгектенген чөйрөдөгү адамдар мындай деп күбөлөндүрүшкөн: “Башка Эч бир адам таасир калтыра албай турган адамдарды дагы, ал ишенимге кайрыган” 291Блисс. 138-бег.. Анын насааттары, коомчулуктун көңүлүн, диний улуу чындыктарга буруу үчүн арналган, жана ошол кездеги элдерге суңгуп кеткен, сезимдердин кумарларынан токтоткон.УК 303.3

    Ал насаат айткан ар бир шаарларда ондогон жана жүздөгөн адамдар, Кудайга кайрылып жатышты. Көп жерлерде, бардык протестант жыйындары өз меймандостугу менен, эшиктерин ачышкан, жана ал, бир канча ар тараптуу жыйындарда насаат айтууга мүмкүнчүлүк алган. Анын бузулгуз эрежеси бoлyп, чакырган жерлерде гана насаат айтуу бoлyп саналган, бирок көп убакыт өтпөстөн эле, анын, чакырган жерлерге дагы насаат айтууга убакыты жетпей калды.УК 304.1

    Көпчүлүк адамдар, анын Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү убакытты так койгондугун, туура көрүшпөсө дагы, ал күндүн жакын калгандыгына ишенишкен, ошондуктан даярдануу керектигинин зарылдыгын билишкен. Кээ бир чоң шаарларда, анын жасаган иштери коомчулукка, өзүнүн өтө чоң таасирин калтырган. Шарап саткандар өз дүкөндөрүн жабышып, жана алардын бөлмөлөрү, сыйына турган жайларга айланды; кумар үйлөрү жабылды; деистердин, универсалистердин, атеистердин жана өтө бузулган адам-дардын жашоосу өзгөрүлгөн, болбосо алардын көпчүлүктөрү, көп жылдар жыйындарга барышкан эмес. Көп сандаган диний агымдар саат сайын сыйынууларды өткөрүштү, кызматтагы адамдар сыйынып жана ыраазылык айтуу үчүн, чак түштө чогулушкан. Фанатизмдин эч кандай жышааны дагы калган жок, бирок бардык жерде салтанаттуулук жана олуттуулук байкалып турду. Миллер, байыркы реформаторлор сыяктуу, адамдардын акылына жана алардын абийирине жете тургандай насааттаган, жана алардын жөн гана кейип коюуларын каалаган эмес.УК 304.2

    1833 - жылы, Миллер өзү мүчө бoлyп катталган баптисттер жыйынында, насаат айтуу үчүн атайын уруксаат алган. Бул жыйындын көпчүлүк кызматчылары, анын ишин колдошкон, жана алардын колдоосу менен, ал өз ишин уланта берди. Ал Жаңы Англияда жана Түндүк Чыгыш штаттарында эмгектенгендиги менен, саякатчы катары, башка аймактарга дагы кыдырып турган. Көп деген жылдар аралыгында, ал өз каражаты менен өмүр сүргөн, андан кийинки жылдарында дагы, жол каражаттарын жаба турган, жарытылуу акча каражатын алган эмес. Коомчулуктун ийгилиги үчүн болгон эмгектеринин бардык түйшүгү, анын мойнунда эле, ошондуктан анын болгон каражаты, көз алдында түгөнө баштады. Ал бир чоң үй-бүпөнүн башчысы бoлyyчу, жана ошондуктан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн үнөөмчүлдүгүнөн жана эмгекти сүйгөндүктөрүнөн, фермадан тапкан каражаттары менен, жашоого мүмкүн эле.УК 304.3

    Миллер Машаяктын Келиши жакын калгандыгын, бардык элге далилдегенине эки жыл убакыт өткөндөн кийин, 1833 - жылы, Кут-каруучу айтып кеткен, дагы бир акыркы белги иш жүзунө ашып, аткарылды. Ыйса мындай деп айткан: “...Жана Асмандан жылдыздар кулайт” (Мф. 24:29). Жана Иоанн дагы, Кудайдын улуу Күнүн жарыялаган белгини көрүп, мындай деп айтат: “Жана Асмандагы жылдыздар, анжыр дарагы катуу шамалга силкилдеп, өзүнүн бышпаган мөмөлөрүн жерге түшүргөн сыяктуу, жерге түшүп жатты” (Аян. 6:13). Ушул пайгамбарлык так мөөнөтүндө атка-рылды, 1833 - жылы 13 - ноябрда, Асмандан улуу метеориттик жамгыр жааган. Мындай жылдыздардын кулашын, адамдар өз тарыхында эч качан көргөн эмес. Бир нече саат аралыгында “Кошмо Штаттардын үстүндө оттуу жарыктар жаркырап турду! Мындай Асман ажайыптары, бул мамлекетте эч качан болгон эмес, ошондуктан бул көрүнүш кээ бир адамдарды таң калдырса, башкалардын үрөйүн учурган”. “Бул көрүнүштүн улуулугу жана кооздугу, көпчүлүк адамдардын эстеринде азыркы мезгилдерге чейин сакталып келүүдө... Эң эле күчтүү, көз ачырбай куйган жамгырлар дагы, бул жааган метеориттердин агымына, күчү жана ылдамдыгы жагынан дагы тең келе алмак эмес. Асманды чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай сызыктар жаркыратып тургандыктан, бул көрүнүштөр таң калаарлык элес калтырган. Түгөл Асман кыймылдап турган сыяктанды... Бул ажайып, профессор Силлимандын журналында, түгөл Түндүк Америкада байкалып турду деп жазылган... Бир дагы булут каптабаган ачык асманда, түнкү саат экиден баштап таң агарып атканга чейин, түгөл асманда, көз жоосун алган, кароого мүмкүн болбогон, жаркыраган жылдыздар учуп жатты” 292Девенс, “Американып орношу, же улуу жүз жылдыктагы улуу окуялар , 28-бап. 1-5-пар..УК 305.1

    “Бул көрүнүштү, эч кандай сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес... ким бул ажайыпты өз көзү менен көрбөгөн болсо, ал адам анын бардык кереметин көз алдына элестете албайт. Түгөл Асмандагы жылдыздар бир гана чекитке чогулуп калгандай сезилди, жана ал жерден чагылгандай ылдамдык менен кулап келе жаткан жылдыздардын жарыгы айлананы жарык кылып, жебе сыяктуу учу-кыйры көрүнгөн жок: алар миңминдеп кубулуп, ушул керемет үчүн даярдалган сыяктанган” 293Рид. “Христиандмк журнал”, 1833жыл 13-декабрь.. “Чынында эле, катуу бороондо күбүлгөн, али быша элек анжыр дарагынын жемишинен жакшы, салыштыруу табуу кыйын болчу” 2941833-жылы 26-ноябрьдаІ1ортленд деги“Эски жердеш”, “Кечки жарнакта”..УК 305.2

    Ушул укмуштуудай көрүнүш жөнүндө, Нью-Йорктогу комерциялык журналында, 1833 — жылдын 14 ноябрында, абдан чоң статья басылып чыккан. Анын автору мындай деп белгилеген: “Кечеги күнкү бoлyп өткөн ажайыптай кубулуштар туурасында, менин оюмча бир дагы окумуштуу же философ жазбаса керек. Бул болгон окуяга, азыркы учурда биз так далил бере албайбыз, бирок мындан он сегиз кылым илгери, пайгамбар жылдыздардын кулашы жөнүндө айтып кеткен, жана ошол сөздөр орундалып жатат”.УК 305.3

    Ушундайча, Өзүнүн Келишинин алдында боло турган белги жөнүндө, Ыйса Өзүнүн шакирттерин мындайча насааттаган: “Качан силер, ушул нерселерди көргөнүнөрдө, ал эшиктин алдында, жакын тургандыгын билгиле” (Мф. 24:33). Ушул белгилерден кийин, Иоанн асман кагаз сыяктуу буралганын, жана улуу жер титирөө бoлyп, тоолор жана аралдар өз ордунан жылгандыгын, жана адилетсиз адамдар, үрөйү учуп, Тактыда Олтургандан өз жүздөрүн жашырууга аракеттенгендигин көргөн (Аян. 6:12-17).УК 306.1

    Өз көздөрү менен жылдыздардын кулагандыгын көргөн адамдар, бул окуя боло турган сотту билдирген, “коркунучтуу күндүн алдындагы, ырайымдуу белги” 295ошол эле жерде., деп эсептешкен. Мына ушундайча, адамдардын көңүлү, ушул пайгамбарлыктын аткарылышына бөлүнүп, жана көпчүлүк адамдар, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү сактандырган кабарга кулактарын төшөшкөн.УК 306.2

    1840 - жылы, көпчүлүктүн көңүлүн бурган, дагы бир пайгамбарлык аткарылган. Ушул окуяга эки жыл убакыт калганда, Иосия Литч аттуу, Машаяктын Экинчи Келишин насааттаган көрүнүктүү кызматчылардын бири, Аян Китебендеги 9-бапын талкуулап, Оттоман империясынын кулашын жарыялайт. Анын эсептегенине ылайыктуу, бул окуя 1840 - жылдын август айында ишке ашмак, жана бул пайгамбарлыктын аткарылышына бир нече күн калганда, ал мындай деп жазган: “Эгерде биринчи бөлүктүн аягын эске ала турган болсок, 150 жыл түрктөрдүн уруксаты менен Деакоз тактыга отургандыгы дал келет, 391 жыл жана 15 күн биринчи бөлүктүн аягында башталган, жана ал 1840 - жылдын 11 - августунда аяктамак, бул мезгилде Оттоман империясынын кулашын, Константинополдо күтүүгө болот” 296Иосия Литч “Мезгил жышаандары жана пайгамбарлыктарды талкулоо” журиалывда. 1840-жыл 1-август..УК 306.3

    Белгиленген убакытта Турция, өзүнүн элчилери аркылуу, Европа мамлекеттеринин колдоочулугун кабыл алган, жана христиан элдеринин текшерүүсүнө, аларга көз каранды болууга макул болгон. Бардыгы айтылган мезгилде иш жүзүнө ашырылды. Бул нерселер качан элге айкын болгондо, алар Миллердин жана анын бир пикирлеш адамдарынын, пайгамбарлык талкууларынын тууралыгына ишенип калышты. Жана ушулар адвентистердин (Ыйсанын Экинчи Келишин күтүүчүлөр) кыймылына жаңы дем берген. Окумуштуулар жана көрүнyктүү адамдар, Кудай Сөзүн насааттоодо, китептерди басып чыгарууда Миллерге кошулушту, жана 1840 - жылдан 1844 - жылга чейинки алардын иштери кеңири жайылууга мүнкүнчүлүк алган.УК 306.4

    Уильям Миллер, өзүнүн таалыкпаган oй-жүгүртүүлөрүнүн жана эмге-гинин аркасында, өтө чоң акылга ээ болгон, ал эми Даанышмандыктын Булагы менен бириккенде, ал асмандык дагы даанышмандыкты алды. Ал, урмат-сыйга татыктуу болгон, абдан ак ниет, адилеттүү, адеп-ахлагы жогору адам болучу. Анын чыныгы жүрөгүнөн чыккан боорукердиги, ишенимдеги момундук жана өзүнөзү кармана билүү сапаттары менен бириккен. Ал бардыгына сылык жана көңүл буруучу болгон, жана башкалардын оюн угуп, жана алардын айткандарын таразалаганды билген. Ар бир ачуулануучу сапаттардан, мурунтан жанылыш алган пикирлерден арылып, ал ар бир окутууну жана теорияларды Кудай Сөзү менен салыштырды, жана анын терең oй жүгүртүүлөрү, Ыйык Жазууларды жакшы билгендиги, анын ар кандай жалгандыктарды жана адаштырууларды, четке кагуусуна жол берген.УК 306.5

    Жана ага, каршыкма каршылыктарга каршы турууга туура келди. Өткөндөгү реформаторлор менен дагы ушундай болгон. Көрүнүктүү окумуштуулар, анын окутууларына кубанып кабыл алышкан эмес. Өз ойлорун Ыйык Жазуунун негизинде түшүндүрүп бере албагандыктан, алар адамдардын койгон окутууларына, oй-пикирлерине, жана чиркөөлөрдүн аталарынын жол-жобо эрежелерине таянышкан. Бирок адвентистик чындыктын насаатчылары, Кудай Сөзүнүн күбөлөндүрүүлөрүнө гана таянышкан. “Мукаддас жана бир гана Мукаддас!”бул сөздөр алардын ураандары болгон. Чындыктын душмандары, Ыйык Жазуунун далилдерин шылдыңга алышып жана аларга тил тийгизишкен. Убакыттар, акчалар, жөндөмдүүлүктөрдүн баары - өз Куткаруучусунун Келишин кубанычтуулук менен күткөн, жакшы таза жашоого умтулган, жана акыркы күнгө даярдануу үчүн, биринбири жубаткан адамдарга, каршы пайдаланган.УК 307.1

    Экинчи Келиштен адамдарды алагды кылуу үчүн, бардык чара колдонулган. Машаяктын Келиши, жана дүйнөнүн акыры жөнүндөгү пайгамбарлыктарды изилдөө күнөөкөрлүк жана уяттуу, деген пикирлерди адамдарга артууну каалашкан. Жалпы эл аркылуу кабыл алынган жыйындар, Кудай Сөзүнө болгон ишенимдерин жоготушту. Алардын окутуулары адамдарды Кудайсыздыкка үйрөттү, жана көпчүлүк адамдар өздөрүнүн кумарларынын артынан ээрчип кетишкен. Жана андан кийин, ушул бoлyп жаткан жамандыктар үчүн адвентистерди айьшташкан.УК 307.2

    Ошол кездеги өйлөргө толгон жык жыйма кишилер, Миллердин насааттарын угуу үчүн чогулушкан. Диний прессаларда анын ысымы кээде эле, шылдың катарында гана кездешчү. Женил ойлуу каапыр адамдар, диний жетекчилерди жолдон чыгаруу максатында, ар кандай кемсинтүүчү тамсилдерди жана мыскылдарды колдонушкан, анткени кандай гана ыкма колдонбосун алардын каалаганы, Миллерди жана анын иштерин жокко чыгаруу эле. Чачын ак аралаган, өзүнүн жакшынакай уй-жайын таштап, шаарларды жана кыштактарды кыдырган, жана андагы адамдарга, сот күнүнүн жакындагандыгын жарыялаган адам, бардыгынын алдында фанатик, алдамчы жана митаам бoлyп коргозулгон.УК 307.3

    Ага карата айтылган шылдындоолор, жалгандыктар, жада калса мамлекеттик басмаканалар тарабынан дагы, түшүнбөгөн каршылыктарды туудурду. “Ушунчалык олуттуу жана аягы жамандыкка алып баруучу суроолорго, жеңил ойлуулук жана маани бербестик көргөзүү, - деп жазат дүйнөдөгү адамдар, - бул, жөн гана адамдардын сезимдерин шылдындагандык эмес, бирок бул, Кудайдын сот күнүнө, жана Кудайдын Өзүнө шылдың көргөзүү, Анын калыстыгын барк албагандык” 297Блисс. 183-бег..УК 308.1

    Бардык жамандыктын бузуучусу, бир гана адвентистердин кабарынын таасирин жок кылууну каалабастан, бирок кабарчынын өзүн дагы жок кылууну каалаган. Миллер өз насааттарында, Мукаддастын чындыктары анын угуучуларынын өмүрүндө кандайча аткарыла тургандыгын көргөзгөн, алардын күнөөлөрүн жана өзүнө таянууларын айыптаган, жана анын күчтүү, түздөн-түз айтылган сөздөрү, адамдардын арасында көрө албастык туудурган. Бир жолу, ага карата каарданган Жыйын мүчөлөрү, атайын адам жалдашып, жана аны чогулуштан үйүнө бара жаткан жеринде, өлтүрүп салуусун өтүнүшкөн. Бирок ошол адамдардын арасында ыйык периштелер бoлyп, алардын бирөөсү адам кебинде, Кудайдын кызматчысын колунан алып, аны, ага каарданган адамдардан тышкаары, коопсуз жерге жетелеп барган. Анткени анын аткара турган иштери али аягына чыга элек болуучу, ошондуктан шайтандын жана анын жактоочуларынын ойлору, ордунан чыкпай калды.УК 308.2

    Бoлyп жаткан каршылыктарга карабастан, адвентистердин кыймылы уламдан-улам өсө берди. Эгерде башында, чогулушка келген адам-дардын саны ондоп жана жүздөп саналган болсо, ал эми азыр болсо, алардын саны миндеп санала баштаган. Ар бир жыйындарда келген адамдардын саны жогорулагандыгы билинип турду, бирок бул дагы, каршы тараптын нааразылыктарын туудурду, жана жыйындар, Миллердин оюн жактаган адамдарга карата, тартипке келтирүүчү чараларды колдоно башташкан. Бул жайдайлар, Миллердин бардык диний уюмдарга, ким аньш оюн жалган деп эсептей турган болсо, анда алар өз ойлорун Ыйык Жазуунун негизинде, далилдеп берүүсүн талап кылган, кат жазууга аргасыз кылды.УК 308.3

    “Эмне биз ишенген нерселер ушулбу, - деди ал, - силер эреже деп эсептеген нерселер, силердин ишениминерде жалгыз гана эреже дегендериңердин өзү дагы, Кудай Сөзүнө негизделбей жаткан жокпу? Газетанын барактарына жазылгандагыдай, жана кафедрадан айтылгандай айыптоолорго, биз кандайча татыктуу бoлдy экенбиз? Силер өз жыйындарыңарда бизди (адвентистерди), чийип таштаганга, эмне укук берди бoлдy экен? Эгерде биздики туура болбосо, - анда биздин жаңылышуубузду көргөзгүлө. Ыйык Жазуунун негизинде, бизге биздин катабызды кергөзгүлөчү. Биз мыскылданып бүттүк, бирок бул шылдыңдар бизге, биздин туура эместигибизди көргөзө албайт. Биздин көз карашыбызды, бир гана Ыйык Жазуу гана өзгөртөт. Бул жыйынтыкка биз, Ыйык Жазуудан алган жарыктын ченеми менен, ойлонуп жана сыйынуу аркылуу келдик” 298Блисс. 250,252-бет..УК 308.4

    Кудай өз кызматчылары аркылуу, көп деген кылымдар аралыгында жиберген эскертүүлөр, ар-дайым ушул сыяктуу күмөн саноолор жана ишенбестиктер менен, кабыл алынган. Качан байыркы дүйнөнүн адилетсиздиктери, адамдарды топон суу менен жок кылууга, Теңирди мажбурлаган болсо дагы, алардын оңолуусуна мүмкүнчүлүк бере тyрган оюн, Теңир алардан жашырган эмес. 120 жыл убакыт, аларды тoбo кылууга чакырган жана алар баш ийбей турган болсо, аларды өлтүрө турган эскертүүлөрүн айткан. Бирок, бул айтылган кабар алар үчүн, ойлоп тапкан нерсе сыяктуу сезилди, жана алар бул кабарга ишенишкен жок. Өз мыйзамсыздыктарына маc бoлyy менен, алар Кудайдын кабарчысын шылдыңдашкан, анын өтүнүчүп мыcкылдап күлүштү жана аны текебер деп айыпташты - кантип бир адам, бул дүйнөнүн бардыгын тебеленди кылат?дешкен. Эгерде Нух насааттаган кабар чындык болсо, анда эмне себептен бүт дүйно ага ишенишип, аны кабыл алышкан жок? Бир кишинин сөзү, миндеген даанышмандарга эмне бoлyп калыптыр?! Жок, алар буга ишене алышпайт, алар баш калка издеп кемеге барышпайт!УК 309.1

    Кудайды тааныбаган адамдар, жаратылышты көргөзүшкөн: биринин артынан бири келип жаткан жылдын мезгилдери; асманды көрсөтүштү, ал жактан али бир дагы тамчы жаан жааган жок; таңкы шүүдүрүм менен жайкалып сугарылып жаткан көкжашыл талааларды көргөзүшүп, - мындай дешкен: “Ал бизге жомок айтып жаткан жокпу?” Алар чындыктын жарчысын, акылдан адашып калган фанатик катары кабыл алышкан, жана баштагыдан дагы жаалдануу менен бузукулукка жана мыйзамсыздыкка берилишкен. Бирок, алардын ишенбестиги алдыда боло турган окуяны токтото алмак эмес. Кудай алардын адилетсиздиктерине көп деген убакыт чыдады, алардын тoбo келтирип өз өмүрлөрүн сактап калуусун каалады, бирок Анын белгилеп койгон мезгилинде, Анын ырайымын барк албаган адамдардын үстүнө, Анын соту келген.УК 309.2

    Машаяк дагы, Анын Экинчи Келишине адамдар ушундай эле ишенбестик көргөзөт, деп айткан. “Нух пайгамбардын күндөрүндө кандай болсо, - дейт биздин Куткаруучу, - Адам Уулунун Келишинде дагы, ошондой болот”. Жана топон суу келип, алардын барын жок кылып кеткенче, ойлонушкан эмес” (Мф. 24:37,39). Өздөрүн Кудайдын элибиз деп эсептеген адамдар, качан бул дүйнө менен аралашып кете турган болсо, жана алардын оюн-зоокторуна кошулуп, алардын жашоосу менен жашаганда; качан дүйнөлүк кооздуктар Жыйынга кирип кетсе, жана адамдар өз тапкандары жана жыргалчылыктары менен көп деген жылдар ырахаттана турган болгондо, ошондо чагылган жарк-журк эткен сыяктанып, алардын жыргалчылыктарынын жана алдоочу үмүттөрүнүн акыры келет.УК 309.3

    Качандыр бир мезгилдерде, Кудай жер үстүндө топон суу каптайт, деген эскертүү менен өз кyлyн бул дүйнөгө жиберген; ошол сыяктуу эле Ал Өз кабарчыларын, Кыямат Күн жакындады, деген кабар менен жиберди. Жана чындыктын жарчысы болгон Нухтун замандаштары, анын эскертүүчү кабарына күлүшкөн сыяктанып, Миллердин күнүндө дагы, көпчүлүк адамдар, жада калса Кудай элибиз дегендердин арасындагылар дагы, анын эскертүүлөрүнө күлүштү.УК 310.1

    Эмне себептен, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү кабар жана окутуу, жыйындар аркылуу жакшы кабыл алынган жок? Теңирдин Келиши мыйзамсыздар үчүн кайгы жана өлүм берсе, адилеттүүлөргө кубаныч жана үмүт тартуулайт. Ушул улуу чындыктар бардык кылымдарда, Кудайдын ишенимдүү уулдары үчүн, өтө чоң сооротуу бoлyп келсе, бирок эмне себептен ал, Машаяк сыяктуу, Анын эли үчүн “жазгыруучу таш жана азгыруучу аска”, бoлyп калды? Машаяк Өзү, Өзүнүн шакирттерине мындай деп, убада берген: “Жана барып, силерге жай даярдап бергенден кийин, кайта келем, жана Мен болгон жерде силер да бoлyy үчүн, силерди Өзумө алам” (Ин. 14:3). Кам Көрүүчү Машаяк, Өз шакирттеринин жалгыздыгын жана кайгысын жакшы түшүнгөн, жана ошондуктан Өз периштелерине, жерге барып, жана аларды Келе турган кабар айтып сооротуусун буйруган. Качан шакирттер, өз көз алдыларынан сүйгөн Устатын кетиргилери келишпегенде, алардын көңүлүн төмөндөгүдөй сөздөр бөлдү: “Галиллея эркектери! Эмнеге Асманга карап турасыңар? Силерден Асманга көтөрүлгөн бул Ыйса, Асманга кандай көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдөй, кайра келет, дешти” (Ап.Иш.1:11). Периштелердин сөздөрү аларга кай-радан үмүт берди. Шакирттер “аябагандай зор кубаныч менен Иерусалимге кайтышты, жана Кудайды даңктап жана алкап, дайыма ибадатканада болушту” (Лк. 24:52,53). Алар эми өздөрү жалгыз калып, кыйынчылыктар менен күрөшө тургандыгына кубанышкан жок, тескерисинче, Теңир келет деген, периштенин кабарына кубанышкан.УК 310.2

    Жана бүгүн дагы, Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабар бизди кубанычка салып турушу керек, бир кезде бул кабарды айтып периштелер, вифлеемдин малчыларын кубанычка салган. Кудай Сөзүнө негизделген ка-барды угуп, бир гана чын жүрөктөн ишенген Куткаруучуну сүйгөн адамдар, чыныгы кубанычка бата алышат, анткени алардын түбөлүктүү өмүрдөн үмүтү, бир гана Анда. Ант-кени Ал кайрадан баcырынып жана жек көрүнүү үчүн эмес, бирок Ал, Өз атак-даңкында жана күчүндө, Өз элин Куткаруу үчүн Келет. Бир гана Аны сүйбөгөн адамдар, Анын Келишин каалабайт; жана чыныгы Кудайдан, жыйындардын баш тарткандыктарынын себеби, аларга Асман аркылуу жиберилген кабарды, алардын кабыл албай койгондугунан.УК 310.3

    Адвентистердин окутууларын кабыл алган адамдар, Кудай алдында тoбo келтирип жана момун бoлyy зарыл экендигин билишти. Көпчүлүк адамдар, Кудай менен дүйнөнүн ортосунда солкулдап турушту, бирок, чечүүчү мезгил келгендигин, эми алар түшүнүштү. “Алардын көз алдында, түбөлүктүү нерселер, чыныгы экендиги билинди. Асман аларга жакындап, жана алар Кудай алдында айыптуу экендигин сезишкен” 299Блисс. 146-бет.. Ишенген адамдар, жаңы руханий жашоо үчүн ойгонушту. Алар, белгиленген мөөнөт жакындап келе жаткандыгын сезишип, жана өздөрү, өз жакындары үчүн жоопкерчиликтүү экендигин билишти. Бардык жерге таандык нерселер арткы орунга калтырылды; алардын алдында түбөлүктүү өмүр ачылгандай бoлyп, жана алар же түбөлүктүү өмүрдү, же түбөлүктүү каргышты тандап алуулары керек эле. Алардын үстүнө Кудайдын Руху конуп, алар чын жүрөктөн өз бир туугандарына, жана ошондой эле күнөөкөр адамдарга дагы, Кудайдын Келе турган Кыямат Күнүнө даярданууга чакыруусуна, күч берди. Алардын үндөбөгөн күндөлүктүү жашоодогу өмүрү, толук Кудайга кайрылбаган жыйын мүчөлөрүндөгү формализмди, айыптап турган. Акыркылары, алардын кумарларына, ашыра алууну каалагандыгына, дүйнөлүк атакдаңктарды издегендигине, кимдир бирөө жолтоо болгондугун каалашкан эмес. Жана акырында, адвентистердин ишенимине жана анын жарчыларына каршы, нааразычылык жана түздөн-түз душмандык кылгандар көбөйгөн.УК 311.1

    Пайгамбарлык мезгилдерге негизделген дилилдер, алардын ачууларын келтиргендиктен, чындыктын каршылаштары, аларга ишенген адамдарды болушунча, көңүл коштукка алып келүүгө аракеттеништи, жана пайгамбарлыктар жабык, аны түшүнүүгө болбойт деп, баса белгилешти. Ушундай кылуу менен, протестанттар папанын жолун жолдошкон. Эгерде папалык чиркөө адамдардан Мукаддасты жашырган болсо, протестанттардын жыйынцары, Ыйык Жазуунун эң маанилүү бөлүгү - биздин мезгилге байланыштуу чындыктарды камтыган - түшүнүгө кыйын аяттар.УК 311.2

    Кызматчылар жана элдер дагы, Даниил пайгамбардын жана Аян Китептери түшүнүүгө кыйын, биз билбеген жашыруун сырлар камтылган, дешкен. Бирок Машаяк, Өз окуучуларынын көңүлүн, Даниил пайгамбардын сөздөрүнө бурган, жана минтип айткан: “Ошондо окуган түшүнүп алсын” (Мф. 24:15). Аян Китеби - жашыруун деген окутуулар, Китептин атына карама-каршылык келтирет: “Ыйса Машаяктын, Кудай Ага берген аяны. Жакында эмне болорун Өз кулдарына көргөзүп турат... Ушул пайгамбарлык сөздөрдү угуп окуган, жана анда жазылганды сактаган бактылуу; анткени убакыт жакындап калды” (Аян. 1:1,3).УК 311.3

    “Окуган бактылуу”дейт пайгамбар, - көрсө окубаган адамдар дагы табылат экен, жана бул жердеги алкыштар, алар үчүн эмес. “Жана угуучулар”пайгамбарлыктарды уккулары келбегендер дагы табылышат, жана ак-бата андай адамдарга тийбейт. “Анда жазылгандарды сактагандар”көпчүлүк адамдар, Аян Китебинде камтылган эскертүүлөрдү кабыл алуудан баш тартышат, жана андай адамдар, бериле турган алкышка үмүттөнө алышпайт. Аян Китебинде салтанаттуу түрдө жазылып калтырылган, пайгамбарлык символдорду, ким шылдыңдай тyрган болсо, өз жашоо өмүрүн ким өзгөртүүдөн баш тартса, жана Адам Уулунун Келишине даярданбай тyрган болсо, бакыттан ажырашат.УК 312.1

    Ыйык Рухтан жанданган күбөлүктөргө ээ бoлyп туруп, Аян Китеби - бул биз биле албаган жашы-руун Китеп, дегенге, кантип адамдар батынышат? Бул ачылып берилген сыр - ачык Китеп. Аян Китебин изилденүү, адамдын акылын Даниил пайгамбардын пайгамбарлыктарына алып барат, жана бул эки Китепте тең, - Теңир адамдарга, жашоонун акырында кандай окуялар боло тyр-гандыгын ачып берүүчү, чындык камтылган.УК 312.2

    Иоанн пайгамбарга, Жыйынды кызыктыра турган жана толкундаткан окуялар ачылган. Ал Кудай элинин абалын, коркунучтарын, жамандык менен күрөшүүсүн жана акырындагы куткарылуусун көргөн. Жана кабар таратылып буткөндөн кийин, жер үстүндө орок маалы боло тyргандыгын көрдү, - буудайлар Асмандагы кампага, ал эми самандар, боло турган отко ыргытылган. Ага акыркы Жыйындын абалы, жана анын чындыкка кайрылуусу менен, алдында көп сандаган күрөшүүлөрдү өткөрө тургандыгы, жана коркунучтары, ачылып берилди. Келе турган окуяларды билбестен, эч бир адам карангыда калбашы керек.УК 312.3

    Кудай Сөзүнүн, ушул өтө маанилүү бөлүктөрүнө маани бербегендикти, кандай деп түшүндүрүүгө болот? Мукаддастын күбөлөндүрүүлөрүн билгенди каалабагандык, эмне себептен мынчалык бийлик жүргүзүүдө? Бул, караңгылыктын мырзасынын, өз абийирин ачып койбосун деп, адамдардан жашырууга жасаган аракетинин натыйжасы. Ушул себептен Машаяк - ушул Китептин Автору бoлyп, аны окууга аракеттенгендерге каршы боло тyрган күрөшүүлөрдү, алдын ала көрүп, бул Китепти окугандарды, уккандарды жана Бул пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандарды, ак -батасын берип, алкыштаган.УК 312.4

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents