Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    2 Бап —Биринчи Жуз Жылдыктагы Куугунтук

    Ыйса, Өзүнүн Экинчи Келишине тиешелүү болгон Иерусалимдин тагдырын, жана айрым окуяларды, Өзүнүн шакирттерине ачып айтып бергенде, Ал Өзүнүн көтөрүлгөндөн тарта, кайра жерге Келгенге чейинки убакытта, Кудай элинин башынан өткөрө турган, сыноосу жөнүндө дагы, алдын ала айткан. Елион тоосунун чокусунан Куткаруучу, расулдардын Диний Коомун алып кетүүчү чоң толкунга көз салды. Ал өткөн за-мандын түпкүрүнө көз чаптырып, келээрки караңгы, жана куугунтуктуу жүз жылдыктарда, Анын шакирттерине урап түшүүчү коркунучтуу, кыйратуучу бороонду көрдү. Кыскача, бирок нускалуу сөздөрүндө, бул дүйнөнүн кадырлуулары, Кудайдын Диний Коомуна, эмнени даярдап турганын айт-кан (Мф. 24:9, 21, 22 кар.). Ыйса, азап чегүүнүн, басынтуунун, жана жек көрүүчүлүктүн жолун басса, Анын шакирттери дагы, ошол эле жолду басып өтүүлөрү тийииш. Дүйнонүн Куткаруучусун кандай каршылыктар курчаса, Ага ишен-гендер дагы ошону баштарынан өткөрүшөт.УК 32.1

    Биринчи Апостолдук Диний Коомдун тарыхы, Куткаруучунун Сөзүнүн аткарылгандыгын күбөлөндүрөт. Жердегилер менен, тозоктун күчү биригишип, Ыйса-нын шакирттеринин жүзү менен, Ага каршы турушту. Эгерде жеңиш, Жакшы Кабар жакта болсо, бутка табынуучу жайлар, жана курмандык чалынуучу жерлер, жок кылынаарын сезген бутпарастар, өз катарларып толукташып, ишенгендерге каршы согуш жарыялашты. Куугунтуктоонун оту жалындады. Ишенгендерди жеке укугунан ажыратып, үйлөрүнөн кууп чыгышты. Алар “зор азап тартууну баштарынан өткөрдү”; “кордолуп таяк жешип, ошондой эле кишенделип, зынданга салынган” (Евр 10:32; 11:36 кар.). Көпчүлүктөр ишенимин, өздөрүнүн каны менен күбөлөндүрүшкөн. Момундарды жана кулдарды да, байын да кембагалын да, сабаттуусун да, сабатсызын да - баарын өлүмгө аёосуз кыйып жатышты.УК 32.2

    Бул куугунтук, Павелдин азаптуу өлүмүнөн кийин, Нерондун убагынан эле, аздыр-көптүр күч менен, узак жылдар бою уланып келген. Ишенгендерге эң оор кылмышкер катары жалган жалаа жаап, ачарчылык, оору, жер титирөө сыяктуу кырсыктардын күнөөкөрлөрү, деп эсептешкен. Алар текши баардыгы үчүн жек көрүмчү болушту, жана чагымчылар күнөөcүздөрдү, акча үчүн сатып жиберүүгө даяр турушту. Аларды, маммлекеттик козголоңчу,диндин душманы, жана коомдун зыянкечтери катары айыпташты. Көптөрү жырткыч айбандарга жем каатары ыргытылды; көпчүлүгүн амфитеатрларда тирүүлөй өрттөштү. Бирин жыгачка керcе, башкаларын айбанаттын терилерине ороп тигип, жырткычтар тыткылоо үчүн, аренага ыргытышты. Ишенүүчүлөрдүн өлүм жазасы, майрамдарда көңүл ачуунун негизи болуп калды. Бул өлүм алдындагы, жанталашуу, жана азап чегүү көрүнүшүн, күлкү жана кол чабуулар менен ыракаттана тоcкон, кызыгуучулардын саны коп болгон.УК 32.3

    Ыйсанын жолун жолдоочулар кайсы гана жерге жашынышпаасын, аларга жапайы айбандарга аңчылык кылгандай, изин кууп аңдышкан. Алар “муктаждыкта болушуп, кайгы жана катаалдык баштарынан өткөрүшүн, бүт дүйнө аларга татыктуу болбогон, алар чөлдөрдөн жана тоолордон, үңкүрлөрдөн жана тешиктерден”(Евр. 11:37, 38), өздөрүнө ээн талаадан, обочо жерлерден, баш калка издөөгө аргасыз болушту. Көп миңдеген ишенүүчүлөр үчүн катакомбалар (жердин астында үңүп касылган жайлар) баш калка болуп кызмат өтөдү. Римдин чет жакаларындагы дөңдөрдүн алдында, атайын жашынуу үчүн, амалдуу түрдө казылган, бир канча километр аралыкта өтүүчү жолдор, римдин дубалдарынан бир канча алыстыкта болгон. Ыйсанын жолун жолдоо-чулар, бул караңгы жердин астына, өздөрүнүн арасынан наабыт болгондордун сөөгүн коюшкан, ошондой эле алардан бир нерсени шектенишип, мыйзамсыз эле кубалаганда, бул жерлерди жашыруун жай катары пайдаланышкан. Кайраттуу ишенимдин ийгилигине жетишкендерди, Өмүр Берүүчү кайра тирилткенде, бул караңгы үңкүрлөрдөн, Ыйсанын Ысымы үчүн запкы жеп, азап тарткандардын көпчүлүгү, тирилип чыгышат.УК 33.1

    Ыйсанын күбөлөрү өтө каардуу куугунтуктоодо да, өз ишенимдерин таза кармашты. Кандайдыр бир ыңгайлуулуктан, жада калса, күн нурунан дагы куру калган адамдар, жер астында, караңгылыктан уй табышса дагы, бир дагы даттануу, наалуу унун чыгарышкан жок. Ишеним, сабырдуулук жана үмүт сөздөрү менен, жоготууларды, жана кырсыктарды, кайраттуу көтөрүүгө бири-бирине жардам беришти.Баардык жер жыргалчылыгынан айрылуу, Ыйсага болгон ишенимден баш тарттыра алган жок. Сыноо жана куугунтуктоо, алар үчүн каалаган, тынычтыкка жана сыйлыкка жакындоого шаты болду.УК 33.2

    Кудайдын байыркы учурдагы кулдарына окшоп, “бир топтору болсо,жакшыраак тирилүүнү алыш үчүн, бошонууну кабыл алышпай, өлөөрчө кыйналып жок болушкан” (Евр. 11:35). Алар Теңирдин: “Силерди кордогондо, кубалаганда, жана Мен үчүн ар кандай жаман айтып жамандаганда, силер бактылуусуңар. Сүйүнүп тургула, жана көңул көтөргүлө. Анткени Асманда силер үчүн эң чоң сыйлык даяр: Силерден мурунку пайгамбарларды дагы, ушинтип куугунтукка алышкан” (Мф. 5:11,12), деген Сөздөрүн эстеринен чыгарышкан эмес. Алар, чындык үчүн азап тартууга, ылайыктуу болгондоруна сүйүнүштү, жана аларды өрттөгөн өрттөн, кубануунун, даңктоонун ырлары угулуп турду. Алар ишеним менен Асманга ка-раганда, алардын кажыбас кайратына кошо катышып, колдоп карап турган Ыйсаны жана Анын периштелерин көрүштү. Кудайдын тактысынан келген: “Өмурүндүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага жашоонун таажысын беремин” (Аян. 2:10) деген, үнүн угуп турушту.УК 33.3

    Шайтандын. Кудайдын Үйүн зордоо жолу менен жок кылуучу аракети текке кетти. Ыйсанын шакириттери, баштарын тобокелге салып жаткан Улуу Күрөш, аларды жок кылып жатса дагы, токтолгон эмес. Алардын азыркы жеңилиши чындыгында эле жеңиш болуучу. Кудайдын жарчыларын өлтурүшсө дагы, Анын иши кыйшаюсуз алга жылып турду. Жакшы Кабарды таратуу улантылып, жана бул Кабарды кабыл алган адамдардын саны жогорулагандан жогорулады. Жакшы Кабар, жада калса римдиктердин бүркүтү дагы жете албай турган жерге чейин таратылды. Ыйсага ишенүүчүлөргө, кезектеги куугунтукту даярдап жаткан бүтпарастардын башчысына, бир ишенген адам мындай деди: “Си-лер, бизди өлтүрүп, кыйнап, наалат айтасыцар... Силердин ушул адилетсиздигиңер болсо, биздин тазалыгыбызды айкындайт! Си-лердин кылдаттык менен табалап жасаган катаалдыгыцар дагы, өзуңөргө жардам бербейт”. Ыйсага ишенгендердин тынымсыз куугунтукталуусу, адамдардын Ыйсаны кабыл алуусун ого бетер курчутту. “Силер бизди канчалык көп кырган сайын, биз ошончолук көбөйөбүз; ишенгендердин каны, бул себилген үрөөн” (Тертулиан, Апология *50).УК 34.1

    Миндеген Машаяк Жолун жолдоочулар, зынданга салынып, өмүрлөрүнөн айрылышса дагы, бирок алардын оордуна башкалары туруп жолун улантышкан. Ишенимдин урматына азаптуу өлүм менен апаат болгондор, өздөрүнүн Куткаруучусу менен ынаак болуп, Анын алдында жеңүүчү катары белгиленишти. Алар бекем кайраттары менен ишенишкен, жана Анын Келишинде, аларды даңктын таажысы күтүп турат. Ишенген адамдардын жапа чегүүсү, аларды дагы, Куткаруучусу менен тыкыз байланыштырды, жана Актоочусуна жакыныраак болушкан. Алардын турмуш жолдору, жана өлүм алдындагы сөздөрү, чындыктын кеңири жайылышына мүнкүнчүлүк берген. Караңгылыктын төрөсүнө табынгандар, анын каардуу падышалыгынан баш тартышып, Ыйсанын туусунун алдына келишип, Анын Диний Коомунун катарына келип кошулуп жатышты.УК 34.2

    Ошондо шайтан, Кудайдын башкаруусуна каршы туруу үчүн, өзүнүн туусун, чыныгы ишенүүчүлөрдүн уюмунун үстүнө коюуга чамынды. Эгерде анын, Машаяктын Жолун жолдоочуларды азгырып, жана аларды, Кудайдын алдында жакпаган иштерди жасашына түрткү берүүсү ишке ашса, анда алар күчкайратынан ажырап, анын жеңил олжосу болуп калышмак.УК 35.1

    Улуу жалганчы, мына ушундайча амалкөйлүк менен, жеңилген жеринде, кайра ийгиликке жетүүгө аракет кылган. Куугунтук токтолду, бирок анын ордуна жердеги жакшы жашоого, пенделик атак-даңкка кызыгып, азгырылуу пайда болду. Бутка табынуучулар, христиандык ишенимдин кээ бир жоболорун кабыл алып, ошол эле учурда маанилүү чындыктарды четке какты. Ыйсаны Кудайдын Уулу деп таанып, Анын курман болуп, кайра Тирилгенине ишенгендерин билдиргени менен, алар өздөрүнүн күнөөкөрлүгүн сезишпей, тобого келүүнү жана ички дүйнөсүнүн кайра жаралуусун, ылайык көрүшпөдү. Ишенген адамдарга кээ бир нерселерди жасоого жол берүү менен, алар христиандык динге ишенген болушуп, өздөрү жасаган иштерди, кайталоону сунуш кылышты.УК 35.2

    Мына эми Диний Коом коркунучтуу кырдаалда калды. Түрмө, кыйноо, от жана кылычбул сыноого Караганда, ак баталуу болуп эсептелген. Кээ бир Машаяк Жолун жолдоочулар, бул сунуштарга баш ийбестен, эч кандай сунуштарга көнбөстүгүн билдиришти. Башкалары болсо ишенимдин кээ бир жоболорун өзгөртүүгө жол берип, анча-мынча христиандыкты кабыл алгандарга, кошулууга даяр турушту. Мындай ишке жол берүүчүлүк, толук путпарастыкка айланып кетүүгө шылтоо болоору, анык эле. Машаякты жолдоочулардын эң кыйын азабы ушул учур болду. Ишенүүчүлөрдүн ишенимин каралап, алардын акылын чындык Сөздөн буруу үчүн, Диний Коомго шайтан, анткор христиан болуп кирип келди.УК 35.3

    Акырында ишенгендердин көпчүлүк бөлүгү коюлган шартка көнуп, өз тууларын төмөн түшүрүп, бутпарастарга кошулуп кетишти. Бутка табынуучулар өздөрүн христиандыкты кабыл алдык дегени менен, мурдагыдай эле бутпарастык үрп-адатын карманышкан. Болгон айырмасы, мурдагы табынган нерселерин Ыйсанын, Анын энесинин же кай-бир ыйыктардын кебетесине айландырды. Диний Коомго ушундай жол менен кирген бутпарастардын, жийиркеничтүү бузукулугу, өздөрүнүн ойрондоочу иштерин улантышып жатышты. Туура эмес окутуулар, диний ырым-жырымдар, христиандык ишенимдин био бөлүгү болуп калды. Ыйсанын жо-лун жолдоочулар, Диний Коомдун карамагына бутка табынуучуларды кабыл алганда, христиан дини булганып, Диний Коом дагы өз тазалыгын, жана күчүн жоготту. Бирок, өздөрүн адашуудан сактаган христиандар да болду. Алар чындыктын Авторуна ишенимдүү болуп, жана Бир ган а Кудайга табынууну улантышкан.УК 35.4

    Машаяктын Жолун жолдогондор ар-дайым, эки топко бөлүнгөн. Ишенгендердин бир бөлугу, Улуу Yлгугө ылыйакташып, Куткаруучунун турмушун тырышып изилдешсе, башкалары ачык, өздөрүнун айыбын ачкан турмуштук чындыктарды, байкамаксан болууга умтулушкан. Жада калса, диний коом да өзүнүн жакшы күндөрүндө, ак-ниет, таза, момун адамдардан турган эмес. Биздин Куткаруучу, билип туруп күнөө жасагандарды, диний коомго кабыл алууга болбойт деп үйрөткөн. Ошол эле мезгилде, Өзүнө эң жөнөкөй адамдарды жакындатып, аларга, Өз жүрүмтуруму менен катачылыктарын ондоого, мүнкүнчүлүк берген. Он эки расулунун ичинде чыккынчысы да болгон. Иуданын кемчиликтерине карабастан, шакирттеринин арасына кошкон. Ал шакиртгердин арасында, Машаяк менен байланышып, Анын окутуусу менен тааныш болуп, чыныгы христиандык мунөз кандай болоорун дагы жакшы билген. Ошондуктан, өз каталыгын көрүп, Кудайдын ырайымы менен “чындыкка баш ийип”, тообого келсе болмок. Бирок Иуда, ага карата ырайым менен төгүлгөн, “жарыкта жүрө албады”.УК 36.1

    Ал күнөөгө дит коюп, шайтандын азгыруу бийлигине, өз эрки менен кирип кеткен. Анын жаман сапаттары ага үстөмдүк кылды. Караңгылыктын күчү, анын жан дүйнөсүн ээлегенге жол берген; анын катасын айтып, айыбын ачканда, анын ачуусу келүүчү, жана акырында коркунучтуу кылмышка, Теңирине чыккынчылык кылганга чейин барды. Ким таакыбалыкка жамынып, өз күнөөсүн сылап-сыйпаса, ким мемиреп жаткан күнөөсүнүн тынчын алып, айыбын ачкандарды жаман көрсө, алардын баары ушундай эле абалга кириптер болот. Мындай адамдар, Иуда сыяктуу эле, ыңгайлуу учур келе калганда аларга жакшылык кылуу үчүн кемчилигин айтып айыптагандарга чыккынчылык жасайт.УК 36.2

    Расулдарга диний коомдон, такыбаалыкка жамынып алып, жүрөгүнө адилетсиздикти сактагандар менен жолугууга туура келген. Анания менен Сапфира, өздөрүнүн зыкымдыгынан акчасынын бир бөлүгүн катып коюп, барын Кудай жолуна бердик деп, алдагандан тартынган эмес. Рухтун адилеттиги расулдар-га, бул адамдардын чыныгы сапатын ачып көргөздү, жана Кудай Соту, Диний Коомду анын таза кийимин булгаган тактан тазалады. Машаяк Рухунун бул укмуштуу таасири, эки жүздүүлөргө жана адилетсиздерге коркунуч туудурду. Алар, Машаякты өз жашосунда татыктуу алып жургөндөрдүн арасында, көпкө боло алышпады, жана Аны жолдоочулардын башына сыноо менен куугунтук келгенде, чындык үчүн эч нерсе аябагандар гана, Ага болгон ишенимин сактап калды. Бүт куугунтук учурунда, диний коом, ушундай жол менен салыштырмалуу тазалыкты сактап келди. Бирок, куугунтук токтолгондо, диний коомго ак ниеттүүлүгү, же берилгендеги менен айырмаланбаган, жаңы адамдар кире баштаган, эми, шайтан ошолор аркылуу бузукулук ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды.УК 36.3

    Бирок, жарыктын Төрөсү менен, караңгынын төрөсүнүн ортосунда, биримдиктүү эч нерсе жок сыяктуу эле, алардын жолдоочуларынын ортосунда да биримдик болбойт. Христиандар, жарым кайрылган бутпарастар менен биригүүгө макулдугун бергенде, алар өздөрүн чындыктан улам алыстаткан жолго түштү. Ма-шаяктын ушунча жолдоочуларын адашууга түртүп салганын көрүп, шайтан күлүп турду. Акырындап шайтан, булардын үстүнөн дагы көбүрөөк бийлеп, Кудайга мурдагыдай эле ишенимде калгандарды куугунтуктай баштады. Анын хри-стиандык ишенимге каршы кандай күрөшүү керек экендигин, качандыр бир кезде анын коргоочусу болгондор баарынан жакшы билишкен, жана бул бөлүнгөн христиандар жарым кайрылган бутпарастар ме-нен биригип, Ыйса Машаяктын негизги окутууларына каршы согуш жүргүзүштү.УК 37.1

    Бул иш Кудайга ишенимин сак-тап, диний коомго ыйык кийим кийимиш болуп, алдоо жана өтө жаман нерселерди алып киргендерге берилбегендерди, аябаган каршылык көрсөтүүгө чакырды. Ыйык китеп өзүнүн ишеним ченеми катары маанисин жоготту. Диний эркиндик жөнүндө окутууну, динге каршы окутуу деп аташты; анын жактоочуларын жек көрүп, ар тараптан куугунтукка алышты.УК 37.2

    Көпкө созулган тайманбаган күрөштөн кийин аз сандагы ишенимдүү христиандар, бутка табынуудан жана катачылыктарынан баш тарткысы келбеген диний коом менен болгон байланышты үзүүнү чечишти. Кудайдын Сөзүн аткарып, Ага ишенимдүү болуп калууу үчүн бөлүнүү зарыл экендигин көрүштү.УК 37.3

    Бул зыяндуу окутуулар, алардын жанына коркунуч туудуруп, балдардын жана келечек муундун таза ишенимине да коркунуч алып келери менен, мындан ары келише албады. Тынчтыкты жана биримдикти сактап, калуу үчүн, алар Ку-дайга кызмат кылууда башкы негиздерге каршы келген нерселердин баарына көнүүгө даяр эле, анткени билишкен, эгер чындыктын негиздери менен садага чаап жиберүүгө туура келсе, анда тынчтыкты алуу абдан кымбаттка турмак. Чындык менен адилетүүлүктөн баш тартуу баасы менен биримдикти сактап калууга болсо, ага Караганда бөлүнүп же курөшкө чыгуу жакшы Кудайга ишенимдүү христиандардын тандаган жолу ушундай болгон.УК 37.4

    Ошондогу эрктүү адамдар жетегинде жүргөн ал негиздер, бүгүнкү Кудай балдарынын жүрөгүндө кай-ра жаралса диний коом үчүн да дүйнө үчүндө да абдан жакшы болмок. Христиандык ишенимге устун болгон окутууларга карата салкын мамиле, чындыгында тынчсыздандырбай койбойт. Акыр аягы, бул негиздер жашоодо маанисин жоготту, деген ой-пикирлер кенен жайылууда. Мындай тескери түшүнүк, шайтан кызматчыларына дагы, көбүрөөк күч-кубат берип жатат. Жыйынтыгында жалган окутуулар жана натыйжасы жаман адашууларга каршы, өткөн заманда, ишенген-дер өз жанын кыйган болсо, азыр Машаяктын Жолун жолдоочулар аркылуу, ак-ниеттүүлүк менен, ка-был алынып жатат.УК 38.1

    Биринчи христиандар чынында эле, өзгөчө эл болгон. Алардын кынтыксыз жүрүм-туруму, жана бекем ишеними, ар-дайым мыйзамсыздардын, зекигенине кабылып, алардын тынчын алып келген. Алар аз санда, жарды, ардактуу наамы болбосо да, адилетсиздерди, өздөрүнүн туура жашоосу жана улуу окутуусу менен, ылдый басып турушкан. Ушул үчүн кудайсыздар аларды, Каин, Авелди жек көргөндөй эле, жек көрүшкөн.УК 38.2

    Кудай Рухунун кармаган таасиринен бошонууга аракет кылгандар, Каин Авелди кандай себеп менен өлтүрсө, ошондой эле себеп менен Кудайдын элин өлүмгө кыйды. Ушул эле себеп менен, иудейлер Куткаруучуну четке кагып, жыгачка керген - анткени Анын тазалыгы, Ыйыктыгы алардын өзүмчүлдүгүнө жана бузукулугуна, ар-дайым тоскоолдук кылып турган. Куткаруучунун убагынан биздин күнгө чейин Ыйсанын ишенимдүү шакирттери, күнөөнү жактырып, анын жолунан чыга албагандардын кыжырын кайнатып келет.УК 38.3

    Ал эми мындай учурда, Инжил эмне үчүн, тынчтыктын кабарчысы деп аталат? Исаия Машаяктын төрөлүшү жөнүндө пайгабарчылык кылганда, Ага “дүйнөнүн Төрөсү”деген титул берген. Ал эми, периштелер койчуларга Куткаруучунун төрөлүшү жөнүндө кабарлаганда Вифлеем түздүгүнүн үстүнө мындай деп ырдашкан: Асмандагы Кудайга даңк, Ал сүйгөн жер бетиндеги адамдарга тынчтык болсун” (Лк. 2:14). Алдын ала, бул пайгамбарчылык сапаттар менен, Ыйсанын: “... дүйнөгө тынчтык эмес, кылыч алып келүү үчүн, Мен келдим”,деген сөзүнүн ортосунда, карамакаршылык бардай туюлат. Бирок, эгер терең ойлонсо, айтылган эки сөздүн тең эле, өз ара түшүнүгү бар. Инжил - бул тынчтыктын кабарчысы. Эгер христиандык негиздери кабыл алынып, турмушка сиңип кетсе, алар бүт жер жүзүнө тынчтык, биримдик жана бакыт алып келмек.УК 38.4

    Кукаруучунун Дини, анын окутусун кабыл алгандарды, бир туугандык байланыш менен бириктирет. Куткаруучунун миссиясы адамдарды, Кудай менен жана бири-бири менен, элдештирүү болуп саналат. Бирок бүтүндөй дүйнө, Куткаруучунун эң каардуу душманы болгон шай-тандын бийлигинин астында турат. Инжилден адамдар, өздөрүнүн көнүмүш адатына жана, каалоосуна каршы турган негиздерди таап, бул окутууга кыжыры кайнай баштайт. Алар өздөрүнүн күнөөсүн ачкан, айыптаган, Кудай Сөзүнүн тазалыгын жек көрүшөт, жана Сөздүн Ыйыктыгына, адилеттүү талап кылуусуна жол көрсөткөндөрдү куугунтукка алып, өлтүрүүгө барышат. Так ушул, Кудай Сөзүнүн чындыгын көкөлөтүүнү, жек көрүүчүлүктү жана келишпестикти жараткандыгы үчүн, Инжилди кылыч менен салыштырып жатат.УК 39.1

    Көпчүлүк ишенимде алсыздар үчүн, Кудуреттүүнүн, адилеттүүлөр арамзаалардын колунан азап чегүүсүнө, жол берип жаткан жашыруун сырлары, көпчүлүк учурда таң калууга, же оңтойсуздукка алып келген.Ал эми кээ бирлер, эң жаман адамдар жакшы жашап жат-кан учурда, адилет, асыл адамдар зулумдардан кордук көргөнүнө Кудайдын жол бергенин көрүп жүрүп, Ага болгон ишенимдей кайтууга даяр турушат Калыс жана ырайымдуу, чексиз кудуретке ээ болгон Кудай, кантип ушул адилетсиздикке, жана кысымга алуучулукка мүмкүнчүлүк берет?деп, алар суроо салышат. Мындай суроо бизди кызыктырбашы керек. Кудай бизге, Өз сүйүсү жөнүндө жетишеерлик далил берген, жана Анын Кудуретинин таасирине түшүнбөөчүлү менен эле,Анын айкөлдугунөн кумөн саноого болбойт. Куугунтук жана караңгы кундөрү күмөн саноонун басымдуулук кыларын алдын ала көргөн Куткаруучу айткан эмесбеле :“Мен силерге :кул өз ээсинен чоң эмес, деп айткан сөзүм эсиңерде болсун. Эгер Мени кубалашса, силерди да кубалашат...” (Ин. 15:20). Кудайсыздардын каарынан запкы көргөн, Анын кай бир жолдоочуларына Караганда, Ыйса, биз үчүн көптү көтөргөн. Башынан кыйноолорду жана азаптуу өлүмдөрдү өткөрүүгө умтулгандар гана, Кудай Уулунун издери менен баса алат.УК 39.2

    “Теңир убадасын аткаруусун эч качан создуктурбайт” ( 2 Пет. 3:9 ). Ал Өз балдарын эч качан унутпайт жана калтырбайт; бирок Ал, Анын эркин аткарган ар ким, алардын ниетине салыштырмалуу алданбоосу үчүн, эки жүздүүлөргө өздөрүнүн чыныгы мүнөзүн көрсөтүүгө мүнкүнчүлүк берет. Адилеттуулор, алардын ишенимине жана такыбаалыгына башкаларды ынандырууда, ошондой эле өздөрүнүн ирээттүү, чынчыл жашоосунда ишенбегендерди айыптоодо, өздөрүн тазалаш үчүн азаптын чордонуна кабылышат.УК 39.3

    Арамзалардын гүлдөп өнүгүсүүнө, жана алардын, Ага каршы душмандык кылуусуна Теңир жол берет, бирок алар мыйзамсыздыктын чегине жеткенде, алар то-лугу менен жок кылынганда, бар-дыгы Теңирдин акыйкаттыгын жана ырайымдуулугун көрүшөт. Анын Мыйзамын бузуп, жана Анын эли-не, кордук көргөзгөндөр, өз кылган иши үчүн, адилетүү жаза ала турган, Кудайдын өч алучу Күнү жакындап келе жатат; Кудайдын балдарына болгон ар бир каталдык жана акыйкатcыздык, Ыйсанын Өзүнө карата жасалгандай болуп, жазаланат.УК 39.4

    Биздин күндөрдөгү христиандык диний уюмдар, көңүл бура турган, маанилүү жана олуттуу суроо бар. Расул Павел айткан: “Ким Ыйса Машаякта такыбаа болуп жашагысы келсе, баары куугунтукка алынат” (2Тим.З:12). Эмне үчүн бул куугунтуктар тынчып калды? Бир гана себеп: диний коом бул дүйнөнүн шартына ушунчалык көнүп алгандыктан эч кандай тоскоолдуктарга дуушар боло элек. Ыйсанын жана анын расулдарынын убагындагы христиандык ишенимден айымаланып биздин күндөгү дин, өзүнүн тазалыгын жана ыйыктыгын жоготту. Азыркы учурда, христиандык ишеним, бул дүйнөдө мынчалык атакдаңкка ээ болуп жаткандыгынын бир гана себеби, Кудай Сөзүнүн улуу чындыгын четке кагуу, диний коомдо турмуштук накта такыбаалыктын аздыгы, күнөө менен бирибирине жол берүү руху үстөмдүк кылгандыгы. Эгер христиандык ди-ний коомдо мурдагы христиандардын ишеними, жана ошол кездеги күнү кайра жаралса, анда куугунтук руху кайрадан жанданмак; кысымга алуунун оту кайрадан жаңы күч менен тутанмак.УК 40.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents