Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    37 Бап — Ыйык Жазуу - Адашууга Каршы Кепилдик

    “Мыйзамдарга жана аяндарга кайрылгыла. Эгерде алар, бул сөз айткандай айтпай турган болсо, анда аларда чындык жок” (Ис. 8:20). Пайгамбар Кудай элин, жалган насаатчылардан жана жиндердин азгырыгынан алыc бoлyy үчүн, коргонуч үмүтү катары, Ыйык Жазууларга кайрылууга багыттайт. Адамдар Мукаддасты тааныбай калышы үчүн, шайтан бардык ыкмаларды колдонот, анткени бул Китептин ачык баяндамалары, анын жалгандыктарын ачып берет. Ар бир Кудайдын иштери жандана баштаган мезгилдерде, караңгылыктын мырзасынын аракети ошончолук күтүү боло баштайт; азыркы мезгилде, Машаякты жана Анын жактоочуларын жеңүү үчүн, ал болгон күчүн топтоодо. Жакында биз акыркы күчтүү жалгандык менен бетме-бет кезцешебиз. Антихрист (Машаяктын душманы) биздин көз алдыбызда өз кереметтерин көргөзө турган кез келет. Жасалма кереметтер, Кудайдын Күчүнүн көрүнүп жатканындай бoлyп көрүнөт, жана чындык менен жалгандыкты, бир гана Ыйык Жазуунун негизинде айырмалоогo болот. Ар бир ишендирүүлөрдү жана ажайыптарды, Мукаддастын күбөлөндүрүүлөрү менен айырмалоо мүмкүн.УК 532.1

    Кудайдын Мыйзамдарына баш ийген адамдар, каршылыктарды жана шылдыңдоолорду жолуктурат. Жана алар бир гана Кудайда бoлyy менен ушуларга каршы туруштук берише алышат. Келе тyрган сынактарды татыктуу баштан өткөрүү үчүн, Анын Сөздөрүндө ачылып берилген Кудайдын эркин билүүлөрү зарыл, - жана ошондо гана алар, Кудайдын сапаттарын, Анын максаттарынын негизин толук түшүнө алышат, жана ошого жараша аракеттенишет. Акыркы улуу күрөштө, өз акылдарын Мукаддаcтын чындыктары менен гана такшалткан адамдар, туруштук бере алышат. Мен адамдарга караганда Кудайга көбүрөөк тил алышым керекпи? - деген суроону ар бир адам чечүүсү зарыл. Сынактын акыркы чечүүчү сааты жакын калды. Биздин буттарыбыз, бузулгус Кудай Сөзүнө бекемделди беле? Биз, Кудайдын Мыйзамдарың сактап жана Ыйсага карата ишенимди сактоого даярбызбы?УК 532.2

    Качан керилээрдин алдында, Куткаруучу Өз шакирттерине, Өзү өлөөрүн жана кайра мүрзөдөн тирилээрин түшүндүргөн, жана Анын айткан Сөздөрүн элчилердин жүрөгүндө калтыруу максатында, периштелер болгон аракетин жасашкан. Бирок Машаяктын шакирттери, жердеги римдиктердин алдындагы баскынчылыктаң бошонобуз, деп түшүнүшкөн, жана алар Yмүттөнгөндүн Өзүнүн шылдыңдалып өлүшү, аларга көтөрө алгыз жүк бoлyп эсептелген. Алар өз жүрөктөрүндө кала турган сөздөрдү унутушкан, жана сынак аларга капысынан тийди. Ыйсанын өлүмү, алардын бардык үмүтүн талкалады, жана Ал аларга бул жөнүндө таптакыр эскертпегендей сезилген. Ошондой эле акыркы кездеги пайгамбарлык дагы бизге, Машаяктын шакирттерине ачы-лып берилген сыяктуу, ачык баяндалган. Сынак мезгилинин бүтөөр окуялары, жана кайгылуу күндөргө даяр бoлyy зарылдыгы, ачык жана белгилүү бoлyп жазылып берилген. Бирок көпчүлүк адамдар, бул маанилүү чындыктарды, Мукаддастын барактарында жазылбаган сыяктуу, таптакыр түшүнө алышпайт. Шайтан болсо сергектенип, жана кайгылуу күндөр адамдар үчүн кокусунан болуусуна өбөлгө түзүп, куткарылууга адамдардын акылы жетпешине таасир берет.УК 533.1

    Кудай адамдарга ушундай маанилүү эскертүүлөрдү жиберсе, жана аларды Асманда учуп келе жаткан периштелер таратып жаткан болсо, анда акылы бар ар бир адамдын бул эскертүүлөргө керектүү маани берүүсү, адамдардан талап кылат. Айбанга жана анын түрүнө табынгандарга карата коркунучтуу мындай деген өкүм айтылган: (Аян. 14:9-11), жана бул эскертүү адамдардын пайгамбарлыктарды кылдаттык менен окуусуна жардам бериши керек, анткени аларда айбандын түрү жөнүндөгү туура көз караш бoлyп, жана андан кантип кутулуу керектигин билүүлөрү зарыл. Бирок адамдар өз жүзүн чындыктан бурушуп, тамсилдерге кайрылышкан. Элчи Павел акыркы күндүн болоорун көрүп, минтип жазган: “Анткени жүйөлүү үйрөтүүнү кабыл албай турган убакыт келет” (2Тим. 4:3). Бул мезгил келип калды. Адамдар Ыйык Жазуунун чындыктарын кабыл алышпайт, анткени алар, күнөөгө толгон жүрөктүн каалоолору менен бириге албайт, жана шайтан аларды алдоочу кыял дар менен сооротуп турат.УК 533.2

    Бирок жер үстүндө Кудайдын эли бар, алар үчүн, бир гана Мукаддас жана Мукаддас - бардык окутуулар жана реформанын негизи бoлyп эсептелет. Эч кандай окумуштуулардын ойлору, илимдин тыянактары, ишенимдин символдору ,жана собордун чыгарган көп сандаган карама-каршы келген чечимдери, жана алардын жыйындары, көпчүлүктүн добушу - эч нерсе, чыныгы ишенимди талкалап жана далил боло албайт. Кандайдыр бир окутууну кабыл алуунун алдында, биз Кудай Сөзүндөгү: “Теңир мындай дейт”, деген ачык далилди талап кылышыбыз керек.УК 533.3

    Шайтан ар-дайым биздин көңүлүбүздү Кудайга эмес, адамдарга бургусу келет. Ал адамдардын өз милдетин аткаруу үчүн, Ыйык Жазууларды өз алдынча изилдөөсүнө жолтоо бoлyп, алардын көңүлүн епископторго, насаатчыларга, устаттарга, Кудай Сөзүн талкуулаган профессорлорго бурат. Мына ушундайча башкаруучулардын аң-сезимдери менен башкарып, жана алар аркылуу адамдарга өз каалаганындай таасир бере алат.УК 534.1

    Качан Машаяк Кудай Сөздөрүн айтып бергенде, аны жөнөкөй адамдар да, дин кызматчылар жана башкаруучулар да кубануу менен угушкан, жана Ага ишенишкен. Бирок улуу дин кызматчылар, мамлекет башчылары, Анын окутууларынан баш тартышып, Аны айыптоону чечишти. Аны айыптоо үчүн шыпаа издешкенде, алар таба алышпаса дагы, Анын Сөзүнөн чыгып турган Кудайдын Күчү менен, жана даанышмандыгын түшүнө албаса да, адашуу менен алек болушкан алар, Анын Миссиясындагы далилдерден, Анын шакирттери бoлyп калбаш үчүн гана баш тартышты. Машаяктын каршылашкан адамдары, кичинесинен адамдарды кадырлаганды үйрөнүшкөн, кыйшаюсуз эрежелерди аткарган адамдар эле. “Эмнеге, биздин башчыларыбыз, жана окумуштууларыбыз Ыйсага ишенишпейт? - деп алар өздөрүнө суроо беришкен. Эгерде Ал Машаяк болсо, ушул такыба адамдар Ага ишенишпейт беле?” Ушундай насаатчылардын таасири, Иудей элинин өз Куткаруучусун кабыл албай койгондугуна, себепкер болгон.УК 534.2

    Бул башкаруучулар жана дин кыз-матчылар аркылуу аракеттенген рух, азыркы күндө дагы, сыртынан такыба болгон адамдар аркылуу көрүнүп келет. Алар, бoлyп жаткан мезгилге керектүү болгон, Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүн окуyнy каалашпайт. Алар өздөрүнүн саны жагынан көптүгүнө, байлыгына жана таанымалдыгына мактанышат, жана жактагандары аз, өздөрү дагы аз санда болгон жупуну чындыктын жактоочуларына көңүл бурушпайт, анткени алар, башкалар менен бөлүшө турган ишенимди карманышат.УК 534.3

    Бийликти мыйзамсыз түрдө ээлеп алгандык, окумуштуулар менен фарисейлердин таратылып кетишинен эле бүтүп калбастыгын, Ыйса Машаяк алдын ала көргөн. Алдыда боло турган нерселерди, абийирдин үстүнөн бийлик кылып, жана бардык кылымдарда Жыйынга каргыш алып келе турган, адамдардын башкаруусуна, Ал Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү менен көз чаптырган. Жана Анын окумуштууларды, фарисейлерди айыптаганы, жана адамдарга, бул сокур үйрөтүүчүлөрдү ээрчигенге болбой тургандыгын айткандыгы, келечектеги муундарга насаат бoлyп калтырылган.УК 534.4

    Римдик-католик чиркөөсү, Ыйык Жазууларды талкуулаганга, бир гана дин кызматчылардын укугу бар дешет. Жана диний адамдар гана Кудай Сөзүн түшүндүрүүгө жөндөмдүү болгондуктан, ал жердеги чындыктар адамдар үчүн жашыруун бoлyп калууда. Реформация Мукаддасты ар бир адамдын колуна карматканы менен, Рим аркылуу коюлган негиз, протестант жыйындарында дагы, көпчүлүк адамдарга Ыйык Жазууну өз алдынча окууга жол бербей келет. Алар Мукаддасты, аларга жыйын кандай талкуулап берсе, ошондой кабыл алуулары керек; миңдеген адамдар, Ыйык Жазуунун ачык жазылган чындыктарын, эгерде алардын жыйындарынын окутууларына жана ишениминин негизине туура келбей турган болсо, аларды кабыл алууга батынышпайт.УК 535.1

    Мукаддас, жалган окутууларга каршы эскертүүлөрдү айтканцыгына карабаcтан, көп сандаган адамдар өз жанын диний агымдарга берүүгө даяр. Миңдеген азыркы мезгилдеги Машаяк жолун жолдогон адамдар, алардын насаатчылары ушундай, дегенден башка коргонуучу сөз айта алышпайт. Алар Куткаруучунун Сөздөрүнө көңүл дагы буруп коюшпайт, жана насаатчыларынын сөздөрүнө кыйшаюсуз ишенишет. Бирок, бул насаатчылар жаңылышпайбы? Ыйык Жазуу аларды жарык алып жүрүүчү дебеген болсо, биз кантип өз жаныбызды аларга ишенип тапшыра алабыз? Көпчүлүк салган жолдон чыгуу үчүн, адамдарцын каармандыгы талап кылынат. Чечкиндүүлүк жок боло турган болсо, окумуштуу адамдардын артынан жүрүүгө туура келет; жана Жазууну өз алдынча окугулары келбегендиктен, жалгандыктын чынжырларына бекем кишенделип калышат. Ыйык Жазуунун беттеринце, азыркы мезгилдеги чындыктар ачылып берилгендигин алар жакшы түшүнүшөт, жана аны жарыялаганда, Ыйык Рухтун күчүн сезип турушат, бирок ошого карабастан, аларга диний адамдар жарык берип туруусун каалашат. Алардын абийири жана акылы чындыктарцын бузулгус экендигин билдирип турса цагы, курулай сокур болгон адамдар өз оюнун бар экендигин кргөзгүсү келет, жана түбөлүктүү өмүрдүн кызыкчылыктары, ишенбестиктин, текебердиктин жана дин кызматчылардын пикирине, курмандык бoлyп калууда.УК 535.2

    Адамдарцы кыйноонун, шайтан ар-кандай түрүн билет. Машаяктын душмандарын жумшак сүйүүнүн боосу менен байлап, ал көп миңдеген адамдарды өзүнө багындырууда. Бул чырмалыш кандай гана болсун, туугандыкпы, жубайлыкпы, достукпу же жумуштукпу - барынын акыры бир эле: чындыктын каршылаштары абийирди басууга аракеттенишет, жана алардын бийлигине баш ийген адамдар, өз милцетин аткаруу үчүн, көз карандысыздыкка жана чечкиндүүлүккө ээ болбогон адамдар.УК 535.3

    Кудайдын даңкы менен чындыгы ажырагыс; Мукаддаска ишенгендиктен, биз жалган көз караштарды айтып, Кудайды даңктай албайбыз. Биздин эмнеге ишенгендигибиз эмес, биздин туура жашагандыгыбыз маанилүү, деп айтышат көпчүлүк адамдар. Бирок биздин ишенимибиз, биздин жашообузду куруп жатат. Качан жарык менен чындык бизге кызмат кылуу үчүн даяр турганда, биз аларды түшүнүүнү каалабай турган болсок, анда биз чындыктан баш тартып, жарыкка Караганда караңгылыкты кабыл алабыз.УК 536.1

    “Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, жана алардын акыры өлүмгө алып баруучу жолдор” (Yл. Аң. 16:25).Эгерде, Кудайды таанууга мүмкүнчүлүк боло турган болсо адашууну же күнөөнү билбестик кылдым деген менен актоого болбойт. Жолоочу айрылыш жолго келгенде, ал жерде жолдор ар тарапка кайрылат, жана көргөзүп турган белгилер, алардын ар бири кайда алып бара тургандыгын көргөзөт. Эгерде жолоочу ал белгилерге карабастан, өзүнө жакшы көрүнгөн жагын тандап ала турган болсо, анда тилекке каршы, ал туура эмес жолго түшүп алат.УК 536.2

    Кудай бизге, Аны менен таанышып, жана Анын талаптарын билүүбүз үчүн, Өзүнүн Сөздөрүн берген. Качан бир окумуштуу Ыйса Машаякка: “Түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн мен эмне кылышым керек?”деп сураганда, Куткаруучу анын көңүлүн Ыйык Жазууларга буруп, мындай деп айтат: “Мыйзамда эмне деп жазылды эле? Эмнени окуп жатасың?” Аны билбегендик жаш адамга да, карыяларга дагы кечирилгис нерсе, жана аларды, Кудайдын Мыйзамын бузгандыктан куткара албайт, анткени алардын колунда, бул Мыйзамдын күбөлөндүрүүлөрү жана талаптары бар. Жакшы oйлуу бoлyy жеткиликсиз, жана адам эмнени жакшы деп эсептесе, жана насаатчы айткан нерсени жасагандык дагы, жеткиликтүү болбойт. Өз куткарылуусу жөнүндөгү суроону адам өзү чечет, ошондуктан адам өз алдынча Ыйык Жазууну өзү изилденеиши зарыл. Анын ишеними канчалыктуу бекем болбосун, дин кызматчы Ыйык Жазууну жакшы билет, деп ойлобосун - ушунун бардыгы анын ишениминин негизи боло албайт, жана болбошу дагы керек. Анын колунда Асманга алып бара турган карта бар, жана ошондуктан ал, божомолдоо менен жүрүшү керек эмес.УК 536.3

    Ар бир, терең oй жүгүрткөн адамдын биринчи жана жогорку милдети бoлyп, Ыйык Жазууну изилдөө саналат. Чындыкка жетип, жана башкаларды өз жашооң менен кубаттап, анын жарыгын алып жүрүү, - мына, ушул биздин милдетибиз. Биз күн сайын, ар бир ойду таразалап жана аяттарды салыштырып, Ыйык Жазууну ынтаалуулук менен изилденишибиз зарыл. Кудайдын жардамы менен биз, өз оюбузду иштетүүбүз керек, анткени, ар бир адам Кудай алдында өзүнө жооп берет.УК 536.4

    Мукаддастагы ачык айтылган чындыктар, жогорку даанышмандыкка ээ болдук деген, жана адамдарды Жазуулар жашыруун, тyшүнүүгө кыйын руханий мааниге ээ, жөнөкөй адам Аны түшүнө албайт, деп окуткан, окумуштуулардын күмөн саноолоруна кабылып калган. Булар жалган окутуучулар. Ыйса Машаяктын бул Сөздөрү, ушундай адамдарга карата айтылган. “Кудайдын Кучун, жана Жазууларды билбей адашасыңар” (Мк. 12:24). Мукаддастагы Сөздөрдү, символдор менен каймана айтылган сөздөрдөн башкасын, өзүндөй гана түшүнүү керек. “Ким Анын эркин аткарууну каалай турган болсо, анда ал, бул окутуу жөнүндө билип алат” (Ин. 7:17)”, деп Машаяк убада берген. Эгерде адамдар Мукаддасты, ал кандай жазылса, ошондой кабыл ала турган болсо, эгерде, адамдардын акылын айран кыла турган жалган окутуучулар жок болгон болсо, анда Машаяктын үйүрүнө, азыр адашып жүрүшкөн миң-миңдеген адамдар кошулушуп, периштелерди кубанычка бөлөшмөк.УК 537.1

    Биздин акылыбыздын бардык күчүн, биз Ыйык Жазууларды окуганга жумшашыбыз керек, жана Кудайдын бизден каалаганын, өлө турган адамга канчалыктуу керек боло турган болсо, ошончолук анын терең маанисин билүүнү, алдыбызга милдет кылышыбыз зарыл, бирок ушунун бардыгында, окуунун чыныгы руху, - жаш балдардай ишенчээктик жана жөнөкөйлүк экендигин, унутпашыбыз керек. Жазуунун кыйын жерлерин, философиянын манызын түшүнүүдө колдоно тyрган ыкмаларды колдонуу менен, талкуулоого болбойт. Ким Ыйык Жазууну изилдөөгө кирише турган болсо, көп сандаган окумуштууларга таандык болгон, өзүнүн акылына медер кылуучулуктан арылуусу зарыл, жана өзүндө, сыйынууда боло турган Кудайга гана болгон көз карандылыкты, жана Анын эркин чын эле билүүнү самагандыкты билгизиши керек. Биз окуучулук рухунун жардамы менен, Кудайдан момундук менен билим алышыбыз керек. Антпей турган болсок, жаман периштелер биздин акылыбызды көр кылып, жүрөгүбүздү карайтат, жана чындык бизди ишендире албай калат.УК 537.2

    Жада калса окумуштуу адамдарга табышмактуу же, маанисиздей көрүнгөн, Ыйык Жазууда аяттар көп, бирок алар, Машаяктын алдында билим алган адамдар үчүн, көп сооротуучу жана насааттоочу сапаттарга ээ. Көптөгөн, Кудай Сөздөрүн талкуулаган адамдар, Кудай Сөздөрүн үстүртөдөн гана кабыл алышат, - алардын себеби бир гана, алар өздөрү кабыл алууну каалабаган чындыктарга көздөрүн жуум алышкан. Мукаддастын чындыктарын түшүнүүгө, бир гана акыл жөндөмдүүлүгү керек эмес, ага чындыкка болгон чын жүрөктөн умтулуу, жана бекем каалоо, болуусу зарыл.УК 537.3

    Мукаддасты сыйынуусуз изилдөөгө болбойт. Түшүнүүгө жеңил болгон, же тушунуугө оор болгон жерлерди туура эмес түшүнүп алуудан, Ыйык Рух жардам берип, ачып турат. Жүрөктөрдүн Кудай Сөзүн кабыл алуусуна, анын сулуулугу бизди таң калдыра тургандай кылып, анын эскертүүлөрү акыл берип, ал эми убадалары - кубаттап жана бекемдеп туруусуна, Асмандагы периштелер кам көрүшүп, адамдарды даярдашат. Забурдагы сыйынуу биздин сыйынуубуз болуусу зарыл: “Менин көзүмдү ача кор, жана Сенин Мыйзамдарыңдын кереметтерин көрөйүн” (Забур. 118:18). Кээде азгырыктар жеңе албай тургандай бoлyп сезилет, азгырылып жаткан адам, Ыйык Жазууну көп окубагандыктан жана көп сыйынбагандыктан, шайтандын Жазуyнy курал кылып келгенин көрүп, Кудайдын берген убадаларын шыр эстей албайт. Бирок, ким Кудайдын насааттарын ынтааланып кабыл ала турган болсо, аларды периш-телер курчап турушат, жана кайгы, кыйын кезеңдерде, ал көп муктаж болгон чындыктарды ага эскертишет. Ошондуктан, “эгерде душман дайра сыяктанып келе турган болсо, Теңирдин үйлөөсү менен аны сүрүп таштайт” (Ис. 59:19).УК 537.4

    Ыйса Машаяк Өзүнүн шакирттерине мындай деп убада берген: “Менин Ысымымдын урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, барын силерге үйрөтөт, жана Менин силерге айткандарымдын бардыгын, силердин эсиңерге салат” (Ин. 14:26). Бирок, Машаяктын окуткандары биринчи, коркунуч мезгилинде Кудайдын Руху бизге билдирип турушу үчүн, биздин аң-сезимибизде калыптанышы керек. “Сенин алдында күнөө кылбашым үчүн, Сенин Сөздөрүндү мен жүрөгүмдө сактап алдым” (Забур. 118:11),дейт Дөөт пайгамбар.УК 538.1

    Ким түбөлүктүү кызыкчылыктарды баалай турган болсо, скептисизимге каршы сакчылыкта туруусу зарыл. Чындыктын эң негизги белгилерине сокку берилет. Ошондуктаң шылдындан, ар-кандай жалган акылдуулуктан, айлакер жана өлтүрүүчү, азыркы окутуулардан, качып кетүү мүмкүн эмес. Биздин ар бирибиз үчүн шайтандын азгыруусу даяр. Билими аз адамдар үчүн адепсиз жана маанисиз тамашаларды сунуштаса; билимдүү адамдарга илим, философиялык теорияларды түртөт, бирок экөөсү тең Ыйык Жазууга ишенбестик туудура тyрган максаттар менен берилет. Христиандык негизги окутууга, жада калса тажрыйбасыз жаштар дагы, күмөн саноого укугу бар сыяктуудай өздөрүн сезишүүдө. Жаштардын бул ишенбестиги кандай гана аңкоолук бoлyп саналбасын, ал дагы көпчүлүккө өз таасирин тийгизбей койбойт. Көпчүлүгү ушундайча өз аталарынын ишенимдерин мыскылдашып, ырайымдын Рухун кемсинтишет (Евр. 10:29). Кудайды даңктап жана бул дүйнөгө алкыш алып келе турган көпчүлүк адамдардын өмүрү, кайырдиндиктин сасык жытына ууланып калган. Ким текебер адамдардын чыгарган тыянактарына ишенсе, жана Кудайдын жашыруун сырларын, Кудайдын даанышмандыгысыз эле таанып билүү мүмкүн, деп эсептей турган болсо, шайтандын жайган торуна кабылаары анык.УК 538.2

    Биз, бул дүйнөнүн эң эле жоопкерчиликтүү мегилинде өмүр сүрүп жатабыз. Жакында жер шаа-рынын ала турган энчиси чечилет. Биздин келечектеги жакшы өмүр cүрүшүбүз, жана жаныбыздын кут-карылуусу, биз кандай чечим кабыл ала тургандыгыбызга байланыштуу. Бизди чындыктын Руху гана жетектеши керек. Машаяктын ар бир жолдоочусу: “Теңир мага эмне кылууну буюрасың?”деп cуроосу зарыл. Биз өзүбүздү Теңир алдында жоошутуп, орозо кармап, сыйынуу менен, Анын Сөздөрү, өзгөчө сот туурасында айткандары жөнүндө oй жүгүртүүбүз керек. Кудайдын чындыктарынан терең жана тирүү тажрыйбаларга ээ бoлyп, бир дагы минуталык убакытыбызды жоготууга укугубуз жок. Айланабызды улуу окуялар бoлyп жатат; жана биз шайтан аркылуу жазгырылган дүйнөдө өмүр сүрүп келебиз. Кудайдын сакчылары! Уйкуңардан ойгонгула, анткени биздин душман, чарчап жана уйкусу келип мүгдүрөгөндөрдү олжо кылып алуу максатында, кайсыл мезгилде болсо кол салуу үчүн, аңдып жатат.УК 539.1

    Көпчүлүк адамдар, өздөрүнүн Кудай алдындагы чыныгы даражаларынан, алданып калышат. Алар, эч кандай жаман иш жасабагандыгына мактанышат, бирок, Кудай алардан талап кылган жакшы иштерди жасоону, калтырып коюшкан. Асман Китептеринде алар, жемиш бербеген дарак сыяктуу катталуу. Кудайдын багында дарак бoлyп туруу жетишиксиз, адамдар Кудайдын күткөн нерсесин актап, жемиш алып келиши керек. Алар жасашпай койгон, бирок Анын кубаттай турган ырайымы аркылуу, берилген жоопкерчиликтерди, алар аткарышы керек эле. Кудайдын ырайымына маани бербестен, андан баш тартып жаткан адамдарга, Теңир Өз чакырыгын токтоткон жок. “Уктап жаткан ойгонгун, өлүктөн тирилгин, жана Машаяк сени жарык кылат. Демек... акылдуулардай абайлап мамиле кылгыла, убакытты пайдаланып билгиле, себеби жаман убак келди” (Еф. 5:14-16).УК 539.2

    Качан сыналуу мезгили келгенде, Кудай Сөзүн өз өмүрүнүн эрежеси кылып алган адамдар билинишет. Жайында, ар-дайым жашыл бoлyп турган өсүмдүктөр менен, өзгөрө тургандардын айырмасы билинбейт, бирок качан суук жана кышкы ызгаар түшкөндө, дайыма жашыл бoлyп туруучулар өзгөрүлүшпөйт, ал эми башкалары өздөрүнүн жалбырактарынан айрылат. Азыр дагы чыныгы ишенүүчүлөр менен жалгандардын айырмалары билине элек. Бирок алардын билине турган мезгили келип калды. Качан күрөш жана фанатизм башталганда, диний көз карандысыздык өз күчүн кайрадан көргөзөт. Качан куугунтуктар баштала турган болсо, жарым-жартылай кайрылган, ишенимсиз адамдар күмөн санашып, өз ишенимдеринен кайтышат, бирок чыныгы ишенүүчү адам, аска таш сыяктуу бекемделип тура берет; анын ишеними бекемдеп, жакшы жашаган күндөрүнөн дагы, үмүтү жаркырагандан-жаркырайт.УК 539.3

    Забур Китебинде мындай деп жазылат: “Анткени Сенин аяндарың жөнүндө ойлоном” (Забур. 118:99).УК 540.1

    “Сенин буйруктарыңдан мага акыл кирген; ошондуктан калптын ар бир жолун жек көрөм” (Забур. 118:104).УК 540.2

    ” Акылмандыкка ээ болгон адам бактылуу”. “Анткени ал, суу боюнда тигилип, тамыры агымга малынып турган дарактай экен; ал күндүн ысыгы качан келээрин билбейт; анын жалбырактары көтөрүп турат, кургакчьшык болгондо дагы ал коркпойт, ал мөмөсүн токтотпой берип турат” (Иер. 17:8).УК 540.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents