Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    19 Бап — Караңгылыктагы Жарык

    Теңир жер үстүндө аткарып келген бардык диний, же реформациялык кыймыл, бардык кылымдарда, бирине-бири окшош. Кудайдын адамдарга карата болгон мамилеси, ошол эле бойдон кала берет. Азыркы учурдагы маанилүү кыймыл, баштагылардын тажрыйбасы менен бекемделет, жана өткөн жүз жылдыктагы Жыйындын кайгылары, биздин мезгилдерге, өзүнүн баалуу сабактарын алып келет.УК 313.1

    Кудай кандайча Өз Руху менен, жер үстүндөгү адамдарды куткаруучу улуу ишинде, Өз кызматчыларын колдоп келээрин, Мукаддас ачык түрдө белгилеп айтып келүүдө. Теңир адамдарды, Өзүнүн ырайымдуу жакшы иштерин иш жүзүнө ашырууда, колдонуучу курал кылып пайдаланат. Ар бир адам өзүнө бөлүнгөн кызматты аткарышат; ар бир адамга, өзү муктаж болгон убакыт, жана Кудай аркылуу берилген милдетке жараша, белгиленген өлчөмдөгү жарык берилген. Бирок бир дагы адам, Асман аны канчалыктуу жогору баалабасын, Улуу куткаруу планын толук түшүнүүгө, же анын мезгилинде аткарылып жаткан, Кудайдын иштерин толук билген баралга жеткен эмес. Кудайдын максатын, адамдар толук түшүнө алышпайт, ошондуктан тигил, же бул иштерин толук ишенип тапшырышпай; алар, өздөрy Кудайдын даңкы үчүн насааттаган кабарын, бардык жагынан толук түшүнүүгө жөндөмдүү эмес.УК 313.2

    “Сен изилденүү менен, Кудайды таба аласыңбы? Кудуреттүүнү сен жеткилендикте биле аласыңбы?”. “Менин ойлорум - силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум - силердин жолдоруңар эмес, - дейт Теңир. Бирок, Асман жерден канчалыктуу бийик болгон болсо, Менин ойлорум дагы, силердин ойлоруңардан ошончолук жогору”. “Анткени Мен Теңирмин... жана Мен сыяктуу эч ким жок. Мен башталышында, аягында эмне боло тургандыгын жарыялайм, жана байыркы мезгилдерден бери, али боло элек нерселерди айтам” (Аюб. 11:7; Ис. 55:8,9; 46:9,10).УК 313.3

    Рух өзгөчө жарык кылган пайгамбарлар дагы, кылымдардан-кылымдарга, Кудай элинин алдында, ачылып бериле турган өздөрүнө берилген аяндардын бардык маанилүүлүгүн, жана аларда камтылган кеңештeрди, насааттарды, толук түшүнө алышкан эмес.УК 313.4

    Жакшы Кабардын жарыгы аркылуу берилген куткарылуу жөнүндө, Петр минтип жазган: “Ушул куткарылууга пайгамбарлардын иликтөөлөрү жана изилдөөлөрү тиешелүү болчу, силерге дайындалган ырайым жөнүндө, Машаяктын тарта турган азаптарын, жана алардын артында келе жаткан атак-даңкты, мунун качан жана кайсы убакта боло тургандыгын, алардагы Машаяктын Руху аркылуу изилденип, алар алдын-ала айтышкан. Асмандан жиберилген Ыйык Рух аркылуу, Жакшы Кабарды таратуучулардан, азыр силерге салтанат менен жарыяланганы, алардын өздөрүнө эмес, бирок бизге тиешелүү экендиги, аларга ачык көрсөтүлгөн болчу...” (1 Петр. 1:10-12).УК 314.1

    Пайгамбарлар өздөрүнө ачылган нерселерге толук түшүнө алышпаганы менен, алар Кудай аларга жиберген жарыкты толугу менен кабыл алууга, чын ыкыласынан умтулушкан. Алар “иликтешкен жана изилденишкен”, “качан жана кайсы убакта боло тургандыгын, алардагы Машаяктын Руху көргөзгөн”. Христиан тарыхында жашаган Кудай элине, бул пайгамбарлыктар жакшылык үчүн берилген! “Азыр силерге салтанат менен жарыяланганы, алардын өздөрүнө эмес, бирок бизге тиешелүү экендиги, аларга ачык көрсөтүлгөн болуучу” Ушул, келе турган муундар үчүн берилген аяндарды “иликтешкен жана изилденген” Кудайдын ыйык адамдары жөнүндө ойлонуп көргүлө. Ушул Асмандан берилген белектерге көргөзгөн, алардын касиеттүү умтулууларын, кийинки кылымдардагы христиандардын жоопкерчиликсиз жана маани бербеген абалы менен, салыштырып көргүлө. Пайгамбарлыктарды түшүнүүгө мүмкүн эмес дешип, жана ошол ойлоруна ырахаттанган адамдардын, маани бербестен жөн гана дүйнөлүк кумарларга алданып басып жүргөндүгүн, кандайча жемелесе болот!УК 314.2

    Кудуреттүү Кудайдын кеңешине кирүү, жана Анын пландарын аягына чейин билүү, адамдын чегерилген акылы үчүн мүмкүн эмес болсо дагы, бирок, Асмандан келген кабарларды үстүртөн түшүнүүнүн ичинде, көпчүлүк мезгилдерде жаңылыштыктар жана маани бербестиктер катылып турат. Көпчүлүк мезгилдерде адамдардын, жада калса Кудайдын кызматчыларынын оюнда, адамдардын каада-салттары, oй-жүгүртүүлөрү, жана жалган окутуулар уялаган, Кудай Сөзүндөгү ачылып берилген чындыктардын кээ бирин гана түшүнө алышкан. Машаяктын шакирттери дагы, качан Машаяк алардын жанында болгондо, ушундай абалда болушкан. Алардын акылы дагы көпчүлүк адамдар сыяктанып, Машаяк Өз Падышалыгын жерге орнотуп, Израилди бүт жерге ээлик кылат, деп ойлошкон, жана Ал, аларга алдын ала айткан, Өзүнүн өлүмү жана азап чегүүлөрү жөнүндөгү сөздөрүн, түшүнө алышкан эмес.УК 314.3

    Машаяк Өзү аларды, мындай кабар менен жиберген: “Мезгил орундалды жана Кудайдын Падышалыгы жакындады: тoбo келтирип, жана Жакшы Кабарга ишенгиле” (Мк. 1:15). Бул кабар, Даниил пайгамбардын Китебинин 9-бапына негизделген. Периште айткан алтымыш тогуз апта, “Машаяк Эгебизге” чейин созулуп келген, жана абдан кубанычтуу үмүт жана тилек менен, Ыйсанын шакирттери, Машаяк Өз Падышалыгын, бардык жерди башкаруу үчүн, Иерусалимге орнотот, деп ойлошконУК 315.1

    Өздөрү туура түшүнө албаганы менен, алар Машаяк аркылуу тапшырылган кабарды насаатташкан. Өз насааттарын алар, Даниил пайгамбардын Китебиндеги 9:25 на негиздешкен, бирок, анын кийинки эле аяты Машаяктын өлүмү туурасында айтылгандыгын, алар барк алган жок. Алар бала кезинен эле, жердеги падышалыктын жыргалчылыктарын эңсешкен, жана ушул түшүнүктөр, аларга, бул пайгамбарлыктардын дагы, Машаяктын Сөздөрүнүн дагы, өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жол берген эмес.УК 315.2

    Алар өз милдеттерин аткарышып, иудейлерге сунушталган ырайым жөнүндө насаатташкан, бирок алар, Өз Теңиринин Дөөт падышанын тактысында отурганын көрүшкөн, алар Машаякты жалганчы катары кармап, шылдындап, өкүм чыгарышканын жана андан кийин... Голгофада кагып өлтүргөнүнө, күбө болушту. Алардын Мырзасы тынчтанып мүрзөдө жатканда, шакирттер кандай гана капалыкты баштарынан өткөрүшкөн жок!УК 315.3

    Машаяк, пайгамбарлыкта көргөзүлгөндөй, ошол саатта, жана ошол калыбында келген. Ыйык Жа-зуунун күбөлөндүрүүлөрү, Анын жасаган кызматында, ар бир нерсесине чейин кынтыксыз орундалган. Ал куткаруу кабарын насааттады, жана “Анын айткан Сөздөрүндө бийлик бар болуучу”. Анын угуучуларынын айткандары боюнча, бул кабар Асмандан жиберилген. Кудай Сөзү жана Кудай Руху, Ыйса Машаяктын жасай турган иштери Кудуреттүү, экендигин белгилейт.УК 315.4

    Шакирттер болсо, баштагысындай эле өздөрүнүн сүйгөн Устатына ишенимдүү эле, бирок аларды баары бир түшүнбөстүктөр жана күмөн саноолор, кыйнап турду. Жүрөктөрү кайгыга чырмалып, алар, Өзүнүн азап тартуулары жана өлүмү туурасында айткан Машаяктын Сөздөрүн унутуп калышкан. Эгерде Назареттик Ыйса, чынында эле Куткаруучу Машаяк болсо, алар ушунчалык кайгыланып, азап тартышат беле? Качан Куткаруучу, ошол кубанычтан бөлүнгөн ишембиде, тирилеринин алдында мүрзөдө жатканда; алардын жан дүйнөлөрүн мына ушул нерселер, алып учуп турган.УК 315.5

    Аза күтүү түнү, Ыйсанын жактоочуларына кара туман түшүрүп тyрса дагы, алар кароосуз калтырылып калган эмес. Пайгамбар мындай деп айткан: “Мен караңгыда болсом дагы, бирок Теңир мен үчүн жарык... Ал мени жарыкка алып чыгарат, жана мен Анын чындыктарын көрөм”. “Бирок, караңгы дагы, мени Сенден калкалай албайт, жана түн дагы күн сыяктуу жарык: караңгы кандай болсо, жарык дагы ошончолук”. “Сокурларды өздөрү билбеген жолдор менен жетелейм, белгисиз жолдор менен алып барам аларды; алардын алдында, караңгы түндү жарык кылам, жана кыйшык жолдорду - түздөйм: Мына мен алар үчүн эмнелерди жасайм, жана аларды эч убакта калтырбайм” (Мих. 7:8,9; Забур 138:12; 111:4; Ис. 42:16).УК 315.6

    Теңирдин ысымынан, шакирттер аркылуу таратылган кабар, ар бир нерселерине чейин туура болгон, жана алар көргөзгөн окуялар, мына ошол учурда иш жүзунө ашкан. “Мезгилдер аткарылды, жана Кудайдын Падышалыгы жакындады”деп алар насаатташты. Даниил пайгамбардын Китебиндеги 9-баптагы эскертилген алтымыш тогуз аптанын “мезгилдери”, Машаяк Иордан дарыясында Иоанндан сууга чөмүлгөндөн кийин, Ыйык Рух менен “Майланган” учурга алып келген. Жана алар насааттаган “Кудайдын Падышалыгынын жакындашы”, Машаяктын өлүмү менен тургузулган. Аларды жаш кезинде окуткан сыяктуу, бул жердик падышалык эмес болуучу. Бул качан, Даниил пайгамбар аркылуу айтылган: “Өкүмдарлык менен бийлик, жана падышалыктын бүткүл Ааламдагы улуулугу, Кудай Тааланын касиеттүү калкына берилет, Анын Падышалыгы түбөлүк, бардык бийлөөчүлөр Ага сыйынып, кызмат кылып баш ийишет” (Дан. 7:27), деп айтылган, Ыйсанын Экинчи Келишиндеги өтүп кетпей турган Падышалык эмес эле. Ыйык Жазуудагы “Кудайдын Падышалыгы”, деген сөз, Ырайымдуулуктун Падышалыгы, Дацктын Падышалыгы, деген маанилерди түшүндүрөт. Элчи Павел, Ырайымдуулуктун Падышалыгы туурасында, Еврейлерге жиберген катында жазган, жана Машаякты Ырайымдуу Жактоочу катарында көргөзөт, “жана биздин алсыздыкта, бизге ортоктош боло алат”, дейт элчи: “Ошондуктан, кайрым алып, бизге жардам керек болгон убакта ырайым табыш үчүн, кайраттуулук менен, ырайымдын тактысына жакындап баралы” (Евр. 4:15,16). Ырайымдын тактысы, ырайымдын Падышалыгы дегенди билдирет, анткени такты падышалыкты түшүндүрөрү айгене. Өзүнүн көпчүлүк үлгүлүү аңгемелеринде Машаяк, “Асман Падышалыгы”, деген сөздөрдү колдонот, ошону менен, Кудайдын ырайымы адамдардын жүрөгүндө аракеттенип жаткандыгына, көңүлдөрүн бурган.УК 316.1

    Ошол сыяктуу эле даңктын Тактысы, даңктын Падышалыгы дегенди билдирет, жана Куткаруучунун Сөздөрүнөн биз, ушул Падышалыкка жолдомо көрө алабыз: “Качан Адам Уулу Өзүнүн атагында жана Аны менен бирге, бүт ыйык Периштелер келгенде, ошондо Өзүнүн атагынын Тактысына отурат, жана Анын алдына бүт элдер жыйналат” (Мф. 25:31,32). Бирок бул Падышалык келечектеги. Ал Падышалык, Ыйcанын Экинчи Келишине чейин орнотулбайт.УК 316.2

    Ырайымдын Падышалыгы, адам күнөөгө кабылгандан кийин эле, күнөөкөр адамды кантип куткаруу керектиги жөнүндөгү план курулганда, орнотулган. Ал ушул куткаруу планына байланыштуу иштеп келди, жана Кудайдын убадалары боюнча, жана адамдардын ишенимине байланыштуу, адамдар ушул Падышалыктын мүчөлөрү боло алышмак. Бирок ал өзүнүн бардык толуктугу менен, Машаяктын өлүмүнөн кийин гана орноду. Жада калса, Өзүнүн жердеги кызматын баштагандан кийин дагы, адамдардын ыраазылыкты билбегендигине жана баш бербеген тоң моюндугуна, кыйналган Машаяк, Голгофадагы Курмандыктан баш тартып койсо дагы болмок. Гефсиман багында, каар табак Анын Колунда титиреп турду. Жада калса ошол мезгилде дагы, Ал Өзүнүн Жүзүнөн кан аралашкан терин сүртүп, адамдарды өз мыйзамсыздыгыңарда өлгүлө, деп таштап кетсе дагы болмок. Жана эгерде Ал, ушундай кыла турган болсо, анда күнөөгө баткан адамдар үчүн, куткарылуу мүмкүнчүлүгү жок болмок. Бирок качан Машаяк Өз Өмүрүн адамдар үчүн бергенде, жана акыркы деми менен, айкашкан жыгачтан “Аткарылды”деп айтканда гана, куткаруу планы толук сакталган. Бейиш багында күнөө кетирген жубайларга, куткарып алуу жөнүндөгү берилген убада, аткарылды. Ушул мезгилге чейин, Кудайдын убадасы менен гана кармалып келген ырайымдын Падышалыгы, эми толугу менен орнотулган.УК 317.1

    Ушундайча, абдан көңүлдөрү калган шакирттер, Машаяктын өлүмүн, өздөрүнүн үмүтүнүн таптакыр талкалануусу катары кабыл алышты, ал эми чындыгында, бул алардын үмүтүн бекемдеп, жана алардын ишенимдеринин түүра экендигинин, абдан күчтүү дилили бoлyп саналган. Аларды коштогон көңyл калуу жана кайгыруу окуялары, ар бир Адамдын уулдарына жана кыздарына, үмүттүн эшиктерин ачып берди, бул Кудайдын ишенимдүү адамдары үчүн келечектеги өмүрдүн түбөлүктүү бактысы бoлyп, кылымдардан-кылымдарга кала берет.УК 317.2

    Кудайдын түбөлүктүү ырайымы, шакирттердин көңyл калууларына карабастан, жаркырап көрүндү. Алардын жүрөктөрүн Кудайдын ырайымы жана “эч качан, бул Адам сыяктуу, эч ким сүйлөгөн эмес”деп, адамдар айтышкандын Өзү аларды окутса дагы, алардын Ыйсага карата болгон сүйүүсүнүн таза алтындарына, дүйнөлүк текебердиктер жана атакты сүйүүчүлүк аралашып кеткен. Пасха майрамы болоорунун алдында, жогорку бөлмөдө, ошол өз Устатынын үстүнө Гефсиман кайгысынын көлөкөсү түшүп калганда дагы, алар “биздин кимибиз чоң болушубуз керек” (Лк. 22:24), дешип талашкан. Качан маскаралыктын cааты, бакчадагы ички дүйнөнүн туталанууcу, Пилаттын сот залындагы жан чыгара тургандай сабоо, жана Голгофадагы азап тартуу жакындап калганда, алар даража, такты жана даңк жөнүндө ойлонушкан. Текебердик жана дүйнөлүк атак-даңкты эңсегендик, аларды ошол кездеги жалган окутууларга карманууга, жана Өз чыныгы Падышалыгын көргөзүп турган азап чегүүлөр жана өлүмдү айткан, Куткаруучусунун Сөздөрүнө көңүл кош мамиле кылууга, алып келген. Ушул адашуулар алардын кайгыруусун күчөткөн, бирок ошону менен, алардын өзгөрүлүүсүнө дагы өбөлгө түзгөн. Машаяктын шакирттери өздөрү айткан кабардын маанисин так түшүнө алышпаса дагы, Кудай аркылуу берилген эскертүүчү кабарды насаат-ташкан, жана ушул себептен, Теңир алардын ишенимин жана тил алчаактыгын сыйлык менен курчады. Алар тирилген Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды, бардык элдерге таратуулары керек эле. Жана ушул ишке аларды даярдоо үчүн, аларга ушундай кайгылар жиберилген.УК 317.3

    Өзү тирилгенден кийин Ыйса, Еммаус тарапка бара жаткан, шакирттерине жоолугуп “Ал жөнүндө айтылган бардык Жазуудагы Сөздөрдү, Мусадан баштап башка пайгамбарлардын сөздөрүн, аларга түшүндүрүп берди” (Лк. 24:27). Шакирттердин жүрөктөрүнө жылуулук барды. Алардын ишенимдери ойгонду. Ыйса аларга ачылып бере электе эле алар “тирүү ишеним” УчУн кайрадан жаралган. Машаяк алардын аң-cезимин, жана алардын ишенимин “туура пайгамбарлык сөздөргө” бекемдегиси келди. Жана чындык алардын ичинде терең орноп калуусун Ал каалаган, ал Сөздөрдү Өзү айтып бергендиктен эмес, бирок анткени бул туурасында мыйзамдарда, жана Байыркы Осуяттагы пайгамбарлыктарда айтылып келген символдордун чыныгы күбөлөндүрүүлөрүндө экендигин билүү үчүн, Машаяктын жолдоочулары өздөрү эле чыныгы ишенимге ээ болбостон, бул Машаяк жөнүндөгү ишенимди түгөл дүйнөгө, жеткирүүлөрү керек эле. Ушул окутууну билүүнүн алгачкы кадамы катары, Ыйса Өзүнүн шакирттерин “Мусага жана пайгамбарларга” багыттаган. Ушундай кылуу менен, Куткаруучу байыркы мезгилдеги Жазуулардын баалуулугун жана маанилүүлүгүн көргөзгөн.УК 318.1

    Өздөрүнүн Устатынын жаркын элесин кайрадан көргөндө, шакирттердин жүрөгүндө кандай өзгөрүүлөр пайда бoлдy! (Лк. 24:32). Эми гана алар, толук жана жеткилең мааниде “Мусанын мыйзамдарында жана пайгамбарлар Китебинде жазылгандын Өзүн табышкан”. Күмөн саноолор, кайгыруулар, көңүл калуулар, көлөкөсүз ишенимге жана солкулдабаган бекемдикке, жол беришти. Машаяктын Асманга көтөрүлүп кеткенден кийинки убактыларында, алардын “ар дайым ибадатканаларда Кудайды даңктап жана ыраазычылыктарын айткандарында”, эч кандай таң калыш жок. Куткааруучунун мыскылдуу өлүмүн гана көргөн адамдар ,алардын жүздөрүнөн кайгы жана көңүл калууларды көрөбүз, деп ойлошкон, бирок, алар жеңиштин кубанычын көрүшкөндө абдан таң калышкан. Шакирттер боло турган иштерге, кандай гана таң калаарлык даярдык алышкан! Алар оор сынактардан өтүп келишти, бирок качан алар үчүн бары жоголгондой сезилгенде, Кудай Сөзү жеништүү аяктаган. Эми алардын ишенимин башка бир нерселер капалантып жана алардын сүйүүсүнүн жалынын өчүрө алат бoлдy бекен? Өтө кыйналуучу азаптардын саатында, алар “коопсуз жана бекем негиз”, “бекем сооронуу” жана үмүт алышкан (Евр. 6:18,19). Алар Кудай күчүнүн жана даанышмандыктын күбөлөрү болушту, эми аларды “өлүм да, өмүр да, Периштелер да, Башталышы да, Күчтөр да, азыркысы да, келечектегиси дагы, бийиктик да, терендик да, башка эч нерсе”, “Ыйса Машаяктагы Кудайдын сүйүүсүнөн” ажырата албайт. “Ушунун бардыгын, - дешкен алар, - бизди Сүйгөндүн күчү аркылуу женип чыга алабыз”. “Кудайдын Сөздөрү түбөлүк кала берет”. “Ким айыптай алат? Машаяк өлдү, кайра тирилди: Ал Өзү Кудайдын оң жагында, Ал биз үчүн өтүнөт” (Рим. 8:38,39,37; 1 Петр. 1:25; Рим. 8:34).УК 318.2

    Тенир мындай дейт: “Менин элим түбөлүк эле басырына бербейт” (Иоил. 2:26). “Кечинде ыйлап, ал эми таң атканда кубанат” (Забур. 29:6). Машаяк тирилгенде, шакирттер Куткаруучуну жоолуктуруп, алардын жүрөктөрү, Анын айткан сөздөрүнөн күйүп турган; качан алар Анын алар үчүн кагылган Колдорун жана Буттарын көрүшкөндө; Өзүнүн Аманга көтөрүлөрүнүн алдында аларды, Вифанияга алып келгенде, Алкыштоочу Колдорун көтөрүп аларга мындай деп буйрук берди: “Баргыла бүт дүйнөгө, Жакшы Кабарды айткыла”, жана Ал сөздөргө буларды кошумчалады: “Мен дүйнөнүн акырына чейин силер мененмин”, жана Ыйсанын тирилгенинен Элуу күн өткөндөн кийин, алардын үстүнө убада кылынган Сооротуучу жана Жогоркунун Күчү түшкөн, жана алардын арасында Асманга көтөрүлүп кеткен Машаяктын бар экендигин билишкенде, алардын өмүрүн дагы ушундай эле азаптар жана коркунучтар күтүп турган, Машаяктын Келишинде бериле турган “адилеттиктин таажысын”, алар башта өздөрү самап жүргөн жердеги тактыга жана атак-даңктарга, эми алмашат бoлдy бекен? “Биз сурагандан, же ойлогондон дагы көптү бере ала Тургандын Өзү”, аларга, Аны менен кошо кайгыга гана ортоктош болбостон, Анын кубанычын дагы тең бөлүшүү үчүн, “түбөлүктүү дантын кубанычын ченемсиз, берди”, бул нерселерди Павел мындайча салыштырат, “биздин убактылуу жеңил кайгыларыбыз”, эч нерсеге турбайт.УК 319.1

    “Падышалыктын Жакшы Кабарын”, Машаяктын Биринчи Келишинде насааттаган шакирттердин кайгылары жана тажрыйбалары, Машаяктын Экинчи Келишиндеги насаатчылардын дагы жашоосунда, кездешээри шексиз. Шакирттер чыгышып жана “Мезгил аткарылды жана Кудайдын Падышалыгы жакындады”, деп насаат айтышкан сыяктуу, Миллер дагы өзүн жактаган адамдар менен чыгып, Мукаддаста белгиленген эң эле узак мөөнөттү камтыган, мезгил аяктап бара жатат, Кудайдын Кыямат Күнү жакын, жакында түбөлүктүү Падышалык орнотулат, деп насааттап жүрдү. Ма-шаяктын шакирттеринин насааты, Даниил пайгамбардын Китебинде жазылган 9-баптагы жетимиш аптага таандык болгон. Миллердин жана анын оюн тең бөлүшкөндөрдүн насааттары, 2300 күндүн (Дан. 8:14), бүтүшүн айтып турган, жана 70 апта анын бөлүгү болуучу. Баштагылар сыяктуу, кийинкилер дагы, бир эле узак пайгамбарлыктын, ар башка бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө насаатташкан.УК 320.1

    Биринчи шакирттер сыяктуу эле Миллер жана алардын жактоочулары дагы, өздөрү насааттап жаткан кабардын толук маанисин түшүнүшкөн эмес. Жыйындагы бoлyп жаткан адашуулар, пайгамбарлыктын туура маанисин түшүнүүгө келүүгө жолтоо берип турган. Ошондуктан, алар өздөрүнө Кудай аркылуу тапшырылган кабарды жарыялашса дагы, туура эмес тушүнгөндүктүн айынан, алар катуу көңүл калууларды баштарынан өткөрүштү.УК 320.2

    “Эки миң үч жүз таң жана кеч киргенде; жана ошондо касиеттүү жай тазаланат” (Дан. 8:14), деген сөздөрдү түшүндүрүүдө, Миллер, башта айтып кеткенибиздей, ошол кездеги ишенимге байланыштуу, жер - бул касиеттүү жай деген чечимге келген, касиеттүү жайдын тазаланышы, бул жердин, Машаяктын Экинчи Келишинде от менен тазаланышы, деген чечимге келген. Качан ал, 2300 күндүн аяктоо мезгилин, туура эсептеп чыкканда, бул мезгил Машаяктын Экинчи Келишине келип такалат, деп ойлогон. Анын жанылыштыгы, ошол кездеги окутуулардын негизиндеги, касиеттүү жай - бул, биздин жер планетабыз, деген тыянакка келгендигинде болгон.УК 320.3

    Машаяктын Дин Кызматчылыгын сүрөттөгөн, Кудайга кызмат кылууларда, касиеттүү жайды тазалоо, бир жылдык кызматтын аягында аткарыла турган иш болгон. Бул Израил жааматын күнөөдөн тазалоонун, акыркы учуру бoлyп эсептелген. Бул, биздин Асмандагы Дин Кызматчыбыздын, Асмандагы Китептерге жазылган Өз элин күнөөлөрдөн тазалоо үчүн өтүп жаткан Кызматынын символу, болгон. Бул Кызматтын ичине тергөө иштери дагы кирет, жана бул Кызмат аяктаары менен, Машаяк Асмандан, булуттар үстүнөн Өз атакдаңкы менен Келет, анткени Анын Келишинин алдында эле, ар бир адамдын ала турган тиешеси, чечилип калат. Ыйса мындай дейт: “Ар бир адамга, өз иштерине жараша тиешесин берүү үчүн, Менин бере турган энчим Өзүмдө” (Аян. 22:12). Биринчи периштенин кабарындагы айтылган: “Кудайдан корккула жана Ага атак-даңты бергиле, анткени Кудайдын сотунун убактысы келди” (Аян. 14:7), деген кабар, ушул сотко таандык.УК 320.4

    Ушул эскертүүлөрдү жарыялаган жарлыктар, адамдарга өз мезгилиндеги күндөлүктүү кабарларды билдирген. Бирок, алгачкы шакирттер “Мезгил аткарылды, жана Кудайдын Падышалыгы жакындады”, деген сөздөрдү насаатташканда, Даниил пайгамбардын 9-баптарында Машаяктын өлүмү жөнүндө жазылгандыгын билишпегендей, Миллер дагы өз жактоочулары менен, Дан. 8:14 жана Аян 14:7на негизделген кабарды, жарыялап жатышып, 14-бапта Тенирдин Келишинин алдында жарыялана турган , башка кабар экендигин билген эмес. Жетимиш апта өткөндөн кийин кандай падышалык орнотула тургандыгын түшүнбөстөн, шакирттер адашкан сыяктанып, адвентистер дагы, 2300 күндөн кийинки боло турган окуя жөнyндө жаңылышкан. Баштагылардын дагы, жана кийинкилердин дагы жаңылыштыгы, алардын жалпы колдонгон oй пикирлерди кабыл алгандыгынан бoлyп, алардын акылдарын сокур кылды. Шакирттер сыяктуу эле Миллердин адамдары дагы, Кудай адамдарга берүүнү каалаган кабарды, жарыялашкан; башкылар да кийинкилер да, кабарды толук түшүнүшпөгөндүктөрүнөн, көңүл калууларды баштарынан өткөрүшкөн.УК 321.1

    Сот жөнүндөгү кабардын адамдарга таратылуусу менен, Кудай Өзүнүн жакшы максатына жетти. Улуу күн жакындап калган, Кудай Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү менен, адамдарга сынак катары, мезгилдердин аткарылышы туурасында насаат айттыруууга мүмкүнчүлүк берди, анткени алардын жүрөгүндө эмне бар экендигин, аларга ачып берүүнү каалаган. Миллердин айткан кабарлары, Жыйынды сынап жана тазалоо үчүн арналган. Адамдар өз жүрөктөрү кимге таандык экендигин көрүүлөрү керек эле, - ал дүйнөгөбү же Машаякка жана Асмангабы. Алар Кудайды сүйөбүз дешкен, эми болсо, өздөрүнүн сүйүүлөрүн далилдеши керек эле. Алар өз Теңирин кубаныч менен тосуп алуу үчүн, бул дүйнөдөгү үмүттөрүнөн жана пландарынан баш тарта алышабы? Бул кабар аларга, өздөрүнyн чыныгы руханий абалын көрүүгө жардам бермек; бул кабар аларга Ырайымдуу Кудай аркылуу, өз момундуктарында жана тoбo кылуулары менен Теңирди издөөлөрү үчүн, берилди.УК 321.2

    Алар баштарынан өткөргөн көңүл калуулар, өздөрүнүн толук түшүнө албастыгынан болгон, бирок ал алар үчүн жакшылыкка айланышы керек эле. Ал ,эскертүүлөрдү кабыл алдык деген адамдардын жүрөктөрүн сынаган. Алар катуу көңүл калуулар болгондо, туруштук берише алабы? Же Кудай Сөзүнө ишенгенин токтотушабы? Же болбоcо момундук жана сыйынуу менен, кайсы жерден жаңылдык дешип, кайгыга алып келген пайгамбарлыкты изилденишеби? Ким бул кабарды, минуталык кызыгуу менен, коркуп кабыл алды бoлдy экен? Ким күмөн саноолор жана ишенбестиктер менен тынчсызданып жатты бoлдy экен? Көпчүлүк адамдар Кудайды сүйөрүн жана Аны күтүп жатышкандыгын айтышкан. Качан аларды мыскылдашып жана жемелешкенде, алар сыналышат, жана аткарылбай калган иш үчүн, Күйөө кечигип кала турган болсо, алар өз ишенимдеринен кайтып кетишпейт бoлдy бекен? Кудайдын алар үчүн койгон максатын, убактылуу түшүнбөгөндүгү менен, Кудай Сөзү менен далилденген чындыктардан, артка кетишпес бекен?УК 321.3

    Бул сынак, ким Кудай Сөзүнүн окутууларын, жана Кудайдын Рухун чын ишеним менен кабыл алган болсо, ишенимдеринин бекемдигин ачып бермек. Бул кайгыны баштан өткөрүүлөр, Мукаддастын өзүнөзү талкуулоосуна жол бербестен, адамдардын талкууларын жана божомолдорун кабыл алуу, коркунучтуу экендигин үйрөтмөк. Бул алардын пайгамбарлык Сөздөрду терең изилденүсүнө түрткү бoлyп, жана алардын ишенимин дагы бир кылдаттык менен текшерип чыгуусуна мүмкүндүк берген. Христиандар дүйнөсүндө кенен таратылса дагы, Кудай Сөзүндөгү чындыктарга негизделбей турган болсо, аларды калтыруу керек.УК 322.1

    Бул ишенүүчулөргө дагы, биринчи шакирттер сыяктуу эле, сынак маалында түшүнө албаган нерселери, кийин гана түшүнүктүү болуп калат. Качан алар баары бүттү, деген тыянакка келишкенде, кайгыга берилип кетишкен жок. Алар, өздөрүн адашууга алып келген, баштарынан өткөргөн сынактарына карабастан, Кудайдын аларга карата болгон сүйүүсү токтоп калбагандыгын билишкен. Өздөрү баштарынан өткөргөн тажрыйбаларынын аркасында гана, “Кудай Кайрымдуу жана Ырайымдуу” экендигин билишкен. Жана Анын жолдору - “Анын Осуяттарын жана Анын аяндарын сактагандар үчүн, ырайым жана чындык”.УК 322.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents