Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    14 Бап — Кийинки Мезгилдеги Англиялык Реформаторлор

    Лютер Германия мамлекетине, башта окууга мүмкүн болбогон Мукаддасты тапшырып бергенден кийин, Тиндаль Ыйык Рухтан шыктануу менoн, ошондой эле эмгекти, Кудайдын жардамы менен, Англияда ишке ашырат. Уиклифтин кoтoргoн Мукаддасы, латын тилинен которулгандыктан, анда каталар көп болгон. Ал Китеп эч качан басылып чыккан эмес, ал эми колго көчүрүлүп жазылган Китептин баасы өтө жогору болгондуктан, төрөлoр жана бай адамдар гана, сатып алууга мүкүн болуучу. Андан тышкаары, ал Китеп жыйын аркылуу тыюуу салынгандыктан, таратылууга анчалык чоң маани берилген эмес. 1516 — жылы Лютердин жазган тезистеринин пайда болоорунан бир жыл мурда, Эразм Жаңы Осуятты грек тилинде, алгачкы жолу кoтoргoн, жана андан көп убакыт өтпөстөн, Ал латын тилинде жарыкка чыгат. Эми биринчи жолу Кудай Сөзү, түп нускасына которулат. Жана бул чыгарылышта, башкы котормолордун көп сандаган каталары ондолуп, анын мааниси өзүнүн калыбына келтирилген. Бул болсо, көп сандаган билимдүү адам-дардын чындыкка жетүүсүнө өбөлгө түзгөн, жана Реформация иштерине түрткү дагы бoлyп калды. Бирок Кудай Сөзү, баштагысындай эле карапайым адамдарга жеткиликтүү болгон эмес. Тиндаль, Уиклиф аркылуу башталган ишти аягына чыгарып, жана Мукаддасты өз замандаштарына берүүсү керек эле.УК 226.1

    Чындыкты ынтаалуулук жана олуттуулук менен изилдөөчү ал, Эразм грек тилине кoтoргoн Жаңы Осуятты окуп, Жакшы кабарды кабыл алган. Жана ал өзү алган чындыкты коркпостон жарыялап, бардык окутуулар, Ыйык Жазуунун негизинде гана кабыл алынуусу зарыл деген. Ал эми папанын айткан, Мукаддасты чиркөө берген, жана Аны бир гана чиркөө чечмелей алат, деген арыздануусуна, Тиндаль минтип жооп берет: “Бүркүткө Ким өз тамагын таап жегенди үйрөткөнүн силер билесиңерби? Ошол эле Кудай, Өзүнүн ачка болгон балдарына, чындыктын Сөздөрүнөн, Атасын издеп табууну үйрөтөт. Бизге Ыйык Жазууну силер берген эмессиңер; тескерисинче, силер Аны бизден жашырып койгонсуңар; Аны ким жарыя кылган болсо, аларды силер отко жөнөтүп, жок кылгансыңар; жана силердин эркиңерде боло тyрган болсо, силер, Ыйык Жазууларды дагы өрттөп жок кылмаксыңар” 214Д Обинье, “Xvl-кылымдагы Реформация тарыхы”, 18-китеп. 4-бап..УК 226.2

    Тиндальдын айткан сөздөрү, көп адамдарга кызыгууну жаратып, жана көпчүлүк адамдар чындыкты кабыл алышкан. Бирок дин кызмтчылар алакан жайып отурушкан жок, эгерде ал өз ишин кичине эле токтото турган болсо, алар коркутуу жана жалгандыктар менен, ал мээнеттенген эмгекти талкалоого аракеттенишкен. Жана алар көп жолу ушундай кылышты. “Эмне кылууга болот болду экен? - деп толгонду Тиндаль. - Мен бир жерге үрөөн себе турган болсом, душман келип, мен калтырган талаамды талкалап кетет. Мен бардык жерде бирдей эле мезгилде боло албайм. О, эгерде ишенүүчү адамдар өз тилинде Ыйык Жазууга ээ боло тyрган болушса, анда алар бул акылдуусынган адамдар менен, күрөшө алышмак. Мукаддас болбосо, папалык окутууну чындыкка бекемдөө мүмкүн эмес” 215ошол эле жерде..УК 227.1

    Бул oй - санаалар, Тиндальга тын-чтык берген жок. “Өз эне тилинде, - деп oй жүгүрттү ал, - Израил эли, Кудайдын Үйүндө даңктоо ырларын ырдашкан, жана эмнеге, бизде өзүбүздүн агылчын тилибизде, Жакшы Кабар таралбашы керек?... Жыйын эмнеге, таңкыга Караганда, чак туштө азыраак жарык алышы керек?... Ар бир ишенүүчү адам, Жаңы Осуятты өз эне тилинде окуусу зарыл”. Чиркөөнун окутуучулары жана сөз талдоочулары, бири - бирине карама - каршы көз караштарды билдире беришкен. Бир гана Мукаддас аркылуу, адамдар чындыкты айырмалап билише алмак. “Бирөө бул окутуучуну укса, экинчиси - башкасын угат... Окумуштуулардын ар бири, башкаларына каршы көз карашта. Эми биз чындыкты, жалгандыктан кантип ажыратып биле алабыз?... Кантип?... Бир гана Кудай Сөзүнүн жардамы менен гана” 216ошол эле жерде..УК 227.2

    Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Тиндаль менен бир католик сөз талкуулоочу, талам-тартышка түшүшөт, жана католик мындай деп айткан: “Биз папанын мыйзамдарынан куру калганча, Кудайдын Мыйзамдарынан куру калганыбыз артык!” Тиндаль ага карата, минтип жооп кайтарган: ” Менин папа жана анын мыйзамдары менен ишим жок. Эгерде Кудай менин өмүрумдү, узартып коё турган болсо, анда бир нече жылдан кийин, соко кармап жер айдаган бала, силерге Караганда, Ыйык Жазууларды жакшы билип калышы үчүн, аракет кылам” 217Андерсен, “Англиядагы Мукаддастын Жазууларындагы окуялар”, 19-бет..УК 227.3

    Эми Тиндаль, өзүнүн жүрөгүндө көпкө чейин сактап жүргөн oй - максатынын, тууралыгына ишенди. Жана өз элине, өз эне тилинде Жаңы Осуятты тапшырыш үчүн, көп oйлонуп олтурбастан, ишке киришти. Өз үйүнөн куугунтукталгандыктан, ал Лондонго барат, ал жерде бир нече убакыт, эч кандай жолтоосуз иштей алмак. Бирок көп өтпөстөн папалык жактоочулардын каары, аны качууга аргасыз кылды. Түгөл Англия боюнча ага, баш калкалаар орун калбай калган сыяктуу сезилди, жана ал, Германияга барып жашынууну чечет. Жана ал Германияга келгенден кийин гана, Жаңы Осуятты агылчын тилинде бастырууга киришкен. Анын иши эки жолу токтотулуп калган, качан ага Китеп бастырууну бир шаарда тыюу сала турган болсо, ал экинчисине которулуп турду. Акыры ал, бир нече убакыт мурунураак Лютер Жакшы Кабарды, чогулуш алдында коргочологон Вормс шаарына келет. Бул байыркы шаарда, Реформациянын көп деген жактоочулары бар бoлyyчу, жана Тиндаль өз ишин эч кандай жолтоосуздан улантып жатты. Көп убакыт өтпөстөн, Жаңы Осуяттын үч миң даанасы басылып чыгып, жана ошол эле жылы, дагы бир жолу басылып чыгуу талап кылынган.УК 227.4

    Ал өз эмгегин ынтаалуулук жана көөшүргөндүк менен уланткан. Порттогу англиялык бийликтин сак болгондугуна, жана катуу текшерүү салгандыгына карабастан, Кудай Сөздөрү, жашыруун жолдор менен Лондонго жеткирилип турду, ал эми ал жактан түгөл мамлекетке таратылып турган. Папалык бийлик болгон күчү менен, чындыкты муунтуп салууну каалаган, бирок мунун баарынан эч кандай тыянак чыккан жок. Бир жолу Дархемдик епископ, Тиндальдын досу болгон, бир китеп сатуучу адамдан, андагы болгон Мукаддасты жок кылуу максатында баарын сатып алат, жана аны менен, реформаторлордун иштеринне чоң залака келтирем деп ойлогон. Бирок ушунун баары тескерисинен айланды: андан алынган акча каражатын, басылууга каражат табылбай тyрган, баштагыдан дагы сапаттуу Китептерди бастыруу үчүн, керектүү нерселерге жумшалган. Акыры Тиндаль камакка алынат, жана ага, басмаканага каражатты ким каржылаганын айта турган болсоң, биз сени абактан чыгарабыз деп, убада кылышкан. Ага Тиндаль мындай деп жооп берет, Дархемдин епископу, бул ишке, башкаларга Караганда өзүнүн чоң салымын кошту, анткени ал көп сандаган Мукаддасты сатып алып, бул иштин алдыга жылышына өбөлгө түзгөн.УК 228.1

    Тиндаль душмандарынын колуна тапшырылып, жана көп деген айлар, өз өмүрүн абакта өткөрдү. Жана кыйналуучу өлүм менен өз ишенимин күбөлөндүргөн, бирок ал аркылуу даярдалган Курал, башка жоокерлерге дагы көп жылдар, жада калса биздин күндөргө чейин, салгылашууга өз керегин тийгизип келген.УК 228.2

    Латимер болсо, кафедрада туруп, Мукаддас ар бир адамдын өз эне тилинде окулушу керек, деп айткан. “Ыйык Жазуунун Автору, - деп айтат ал, -Теңир Өзү, жана Ыйык Жазуулар - Жараткандын Өзү сыяктуу эле, Кудуреттүү жана Түбөлүктүү. Жана Анын Ыйык Сөздөрүнө баш ийүүгө милдеттүү болбогон, бир дагы падыша, император жана башкаруучу жок... Келгиле бурулуш жолдор менен жүрүүнү калтыралы, жана бизди, Кудай Сөзү башкарсын. Өз ата-бабаларыбыздын жолун таштайлы, - биз алардын кылгандарын эмес, бирок кыла албай калгандарын кылуубуз керек...” 218Хью Латимер, “Падыша Эдуард VIнын алдында айтылган биринчи насаат”..УК 228.3

    Тиндальдын ишенимдүү жолдоштору Барнс жана Фрайт дагы, чындыктын жактоочулары бoлyп калышкан. Жана алардын өрнөгүн жолдогон Ридли жана Крэнмер болушту. Англиядагы Реформациянын жетекчилери, билимдүү адамдардан болуучу, жана алардын көпчүлүгү, католиктердин чөйрөсүндө өзүнүн ынтаалуулугу жана таакыбалуулугу менен, урматка татыктуу болушкан. Жана алардын папага каршы тургандыгы, алардын “Ыйык Тактынын”, жалган окутуучулары менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн. Аралашуунун жашыруун сырын билгендик, алардын папага каршы күбөлүк кылуусуна, чоң күч берген.УК 229.1

    “Эми мага, силерге бир нече таң кала турган, суроолорду берүүгө уруксаат берсеңер, - деди, бир жолу Латимер өз насаатында. Түгөл Англия боюнча, таалыкпаган епископ жана прелат ким деп ойлойсуңар?... Силер, мен азыр анын ысымын атайт деп, күтүп турганьщарды көрүп турам... Мен силерге айтам: бул шайтан. Ал эч качан өз аймагын таштабайт; силер ага, кайсы гана мезгилде кайрылбагыла, аны өз үйүнөн табасыңар; ал ар дайым эмгектенип турат. Анын бекер жатканын силер эч качан көрбөйсүнөр, мен бул сөзүмө күбөлүккө өтөм. Шайтан кайсыл жерде орун алат... ал жерлерде китептерди жок кылып, шам жагып коёт; Ал жерде Мукаддас жок бoлyп, тесмелер пайда болот; ал жерде жарыктан Жакшы Кабар калкаланып тосулуп, чак түштө шам жагылат... Машаяктын айкаш жыгачынан баш тартылып, өлгөндөрдү бейишке баруу үчүн тазалайт... кембагалдарга, бактысыздарга жана алсыздарга жардам берүүнү токтотуп, жылаңачты кийиндирүүдөн баш тартат, бирок жансыз жасалма кудайларына сыйынуу үчүн, иконаларды жасалгалашат, адамдардын мыйзамдарын жана каада-салттарын бекемдешип, Кудайдан жана Анын Сөздөрүнөн, баш тартат... О, эгерде биздин прелаттар, ушунчалык тырышкандык менен жакшы үрөөн себишкен болсо, анда шайтан, отоо чөптөрдү кайсы менен сееп жатат!” 219Хыо Латимер, “Падыша Эдуард VIнын алдында айтылган биринчи насаат”, “Плугадагы насаат”. Ушул реформаторлор аркылуу коргочолонуп келген башкы негиз, - валдендер, Уиклиф, Ян Гус, Лютер, Цвингли жана алардын жактоочулары сактап келген нерселер, тактап айтканда: ишенимдин жана өмүрдүн эрежеси болгон, Ыйык Жазуунун талашсыз авторитети. Алар папанын, собордун, чиркөөнүн жана падышалардын укугун четке каккан, дин маселесинде, адам абийирин көтөргөн. Алар үчүн Мукаддас, жападан жалгыз авторитет бoлyп, жана Аны менен гана алар, башка окутууларды жана ой жүгүртүүлөрдү текшере алышкан. Бул адилет адамдарды, качан алар Жакшы Кабар үчүн өз өмүрлөрүн берип жатышканда, Кудайга жана Анын Сөздөрүнө болгон ишеним гана колдоп турган. “Ындының өчпөсүн, - деди Латимер, качан жалындаган жалын, алардын үнүн биротоло басып сала турган бoлyп, азап тартып жаткан өз жолдошуна кайрылып, - биз бүгүн түгөл Англия үчүн ушундай жарык жандырабыз, мен үмүттөнөм, Кудайдын ырайымы боюнча, ал жарык эч качан өчпөйт” 220“Хыо Латимердин иши”, 1-том, 13бет..УК 229.2

    Шотландияда, Колумб жана анын жактоочулары аркылуу себилген жарык, эч качан өчкөн эмес. Англиядагы жыйындар папанын башчылыгына баш ийгенден кийин, жүз жыл убакытка чейин, шотландиядагы жыйындар өз эркиндигин коргочолоп келген. Бирок, XIIкылымда, папалык бийлик бул жерде дагы өз тамырын коё берген. Жана башка бир дагы өлкөдө, бул жердегидей анын бийлиги чексиз болгон эмес. Бирок караңгылыктын бийлик кылып жаткан мезгилдеринде дагы, келе турган жарыктын нурун алып келүүчү, жарктын шоолалары кирип турду. Англиядан Мукаддасты, жана Уиклифтин окутууларын алып келген лоллардтар (китеп ташуучулар), Жакшы Кабардын жарыгын сактап калуу үчүн, көп нерселерди жасашкан, жана көптөгөн жүз жылдардын аралыгында, ар бир мезгилдин өз күбөлөрү жана азап тартуучулары болгон.УК 230.1

    Бул жерде, улуу Реформациянын башталышы менен, Лютердин кол жазмалары, жана Тиндаль аркылуу которулган Жаңы Осуят дагы пайда боло баштаган. Папалык бийликтерге билинбестен, бул кабарчылар үнсүз тоолорду жана өрөөндөрдү ашышып, Шотландияда жаңыдан гана чыгып келе жаткан, чындыктын жарыгы менен, бардыгын жарык кылып жана түздөп жүрүштү. Өз бийлигин бул жерге орнотконуна, төрт жүз жыл убакыт бoлyп калганына карабаcтан, римдин бардык жасаган аракеттери, бекерге кетти.УК 230.2

    Азап чегүүчүлөрдүн төккөн кандары, бул жаңыдан башталган кыймылга, өздөрүнүн эбегейсиз чоң, демин берип турду. Папалык бийлик, бoлyп жаткан кыймылдын коркунучун сезгендиктен, Шотландиянын кээ бир беделдүү жана белгилүү адамдарын, өрттөп өлтүрүү үчүн отко беришти. Бирок мындай кылуу менен, алар эл алдында, римдин кишендерин кыйратуу үчүн максат койгон адамдардын кафедрасын орнотушкан, жана ал жерден, өлүп жаткан адамдардын күбөлүк сөздөрү, түгөл. мамлекетке таратылып, адамдар алдында өлбөс максат калтырышты.УК 230.3

    Гамильтон жана Уисхарт дагы, өз мүнөздөрү жана теги боюнча, таакыба бoлyшyп, жана башка жөнөкөй шакирттер менен бирге, азап чеккен кыйноочу өлүмгө, дуушар болушкан. Уисхарт жалында өрттөнүп жатып, артында татыктуу ишин улантуучу калтырды, от дагы анын үнүн баса алмак эмес, жанаУК 230.4

    ал, Шотландиядагы папанын бийлигине, Кудайдын жардамы менен, өлтүрүүчү сокку урмак.УК 231.1

    Джон Нокс, Кудай Сөзүнүн чындыктары менен азыктануу үчүн, католик чиркөөсүнүн жол жобо эрежелеринен, жана жок нерселерге ишенүүчүлүктөрүнөн баш тарткан; Уисхарттын окутуулары, анын Рим менен болгон байланышын үзүү, жана куугунтукталган реформацияга кошулуу максатын, ого бетер бекемдеди.УК 231.2

    Анын достору ага, насаат айтуучу жоопкерчиликти кабыл алуусун сунушташкан, бирок ал бул улуу жоопкерчиликтен, батына албастан баш тарткан, бирок көп деген күндөр жашыруун Кудайга сыйынууда, жана ички дүйнөсүнүн күрөшүүсүндө, буга макул болот. Өзүнө мындай улуу жоопкерчилик алгандан кийин, ал эч бир таалыкпастан, жана ийилбеген кайраттуулук менен, өз өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. Бул чындыкка бекемделген реформатор, коркуу эмне экендигин билген эмес. Анын айланасындагы, азап чегүүчүлөр өлүп жаткан жанып жаткан оттор, ага ынтаалуулук гана туудурган. Жада калса, ага каршы көтөрүлгөн эзүүчүнүн кылычы дагы, анын көз карашын өзгөртө алган жок, жана ал жалгандыкка ишенгендерге каршы, кыйратуучу сокку урган.УК 231.3

    Шотландия падышасынын алдында бoлyy менен, Джон Нокс чындыкты коркпостон жарыялаган, ал эми анын алдында турууда, көп деген протестанттар калтырап турушкан. Аны же коркутуу, же алдоо менен сындыруу мүмкүн эмес болуучу. Падыша айым аны жалгандыкты таратуучу, деп айыптаган. Калайык-калкты, мамлекет аркылуу тыюу салынган окутууга чакыруу, мамлекеттик мыйзамга баш ийдирүүчү Кудай Мыйзамын бузат, деди ал. Буга Нокс, ишенимдүүлүк менен мындай деп жооп кайтарган: “Чыныгы дин өз күчүн, мамлекеттик бийликтен эмес, бирок Түбөлүктүү, жана Жалгыз гана Кудайдан алып жаткандыктан, ишеним иштеринде анын баш ийүүчүлөрү дагы, өз ишенимдерин төрөлөрдүн каалоосуна баш ийдирүүгө милдеттүү эмес. Көпчүлүк учурларда, чыныгы ишеним маселелеринде төрөлөр, көп нерселерге кабардар боло алышпайт... Эгерде Ыбрайымдын муундары, узак убакыттарга чейин, кол алдында бoлyп келген фараондун динин кабыл алыша тyрган болсо, анда мен сизден сураганга батынайын, урматтуу башкаруучу, анда биздин учурдагы адамдар, кимдин кудайына кызмат кылышат эле? Жана элчилердин күнүндө, бардыгы римдик кесардын (башчысынын) динин кабыл альпнкан болсо, анда азыр жер үстүндө, кимдин дини башчылык кылат эле?... Демек, мырза айым, сиз көрүп турасыз, кол алдыңыздагы адамдар, мамлекеттин бийлигине баш ийүүгө милдеттүү болсо дагы, өз башчыларынын динин кабыл ала албайт, буга алар милдеттүү эмес”.УК 231.4

    Бул сөздөрдү уккандан кийин Мария мындай деп сурады: “Сиз Ыйык Жазууну башкача түшүндүрүп жаткан болсоңуз, ал эми римдик католик чиркөөсү, - башкача талкуулап жатышат. Эми мен кимииңерге ишенишим керек, жана кимиңер муну түшүндүрө аласыңар?”УК 232.1

    “Сиз, Өз Сөзүндө баарын ачык жана айкын айтып калтырган, Теңирге ишенишиңиз керек, - деди реформатор, Сөз эмнени окутуп жатса ошого ишениңиз, ал Сөздү ар - кандай кылып талкуулап жаткан адамдарга эмес. Кудай Сөзү өзүнөнөзү түшyнyктүү, ал эми кээ бир жерлери түшүнүксүз бoлyп кала турган болсо, анда Өзүнө Өзү эч качан каршылык келтирбеген Кудайдын Руху, бул жерлерди башка бир аяттардын негизинде түшүндүрүп берүүгө, жардамдашат, ошондуктан, өз түркөйлүгүндө Кудай Сөзүнө каршы турган адамдардан башка адамдарга, Кудай Сөздөрү түшүнүктүү бoлyп кала тургандыгы күмөнсүз” 221Дэвид Лэинг, “Джон Ноксанын жазма-лар жыйнагы”, 2-ьом, 281-284-беттер..УК 232.2

    Падыша айымдын катышуусунда, эч нерседен коркпостон, өз өмүрүн тобокелдикке салып, реформатор чындык жөнүндө күбөлөндүргөн. Ушундай эле эр жүрөктүүлүгү менен, ал өз алдына койгон максатын көздөй, акыры Шотландия, биротоло папанын бийлигинен бошонуп чыкканга чейин, сыйынып жана Теңирдин иши үчүн күрөшүп, жүрүп олтурду.УК 232.3

    Англияда дагы протестантизмди, мамлекеттик дин катары кабыл алгандык, куугунтук толук токтоп калбаса дагы, бирок анын баштагы каарын, кескин түрдө басаңдатты. Баштагы көп сандаган диний теориялардан баш тартылган, бирок көп сандаган сырткы католиктик жолжоболор сакталып кала берди. Папанын башкы бийлигине көп деле маани берилбей калгандыгы менен, Жыйындын башында мамлекеттик башкааруучу турду. Жана өтүп жаткан жыйындагы кызматтар, чыныгы тазалык жана жөнөкөйлүктөн бөлүнүп турган. Дин эркиндигинин улуу негиздери, өзүндөй бoлyп кабыл алына элек эле. Рим жалган окутууларга каршы күрөшкөн сыяктуу, протестант башчылары кээде өздөрүнө, адамдар менен мамиле кылууда колдоно калышканы менен, адамдардын өз абийири боюнча Кудайга кызмат кылгандыгы, дагы таанылбай калып жатты. Бардыгы атайын кабыл алынган жыйындын милдеттерин түздөн-түз кабыл алышып, жана алардын койгон жол-жобо мыйзамдарын толугу менен аткарышмак. Ал эми андан тышкаары oй жүгүрткөн адамдар, жүз жылдардын аралыгында, аздыр - көптүр куугунтукка кабылышкан.УК 232.4

    XVII- кылымда миндеген дин кызматчылар жумуштан кыскартылган. Мамлекет аркылуу каралбаган башка жыйындарда кызмат өткөрүү, акча каражатын төлөө айыбына, камакка алынууга жана куугунтукка кабылуу коркунучун туудурган. Теңирге бүт жүрөгү менен берилген адамдар, өз кызматтарын, жана жалпы сыйынууларын караңгы далдаа жерлерде, жана үйдүн чатырларында, ал эми жылуукерчилик мезгилдерде, алардын жыйын өткөрө турган жайлары чытырман токойлор болгон. Жана ушул чытырман токойлордун арасында, Кудайдын Колу аркылуу тургузулган сыйынуу жайларында, чачырап таралган жана куугунтукталган Кудай уулдары чогулушуп, өз мундарын ыраазычылык сыйынууларында, өз Кудайына айтып кайрылышкан. Ушул сыяктуу коргочолонуулар ардайым эле аларды, сактап кала берген эмес. Зындандар толтурулган, үй-бүлөлөр талкаланган, көп деген адамдар өз ата-мекенинен куугунтукталган. Бирок Кудай Өз элин таштап койгон жок, жана каардуу куугунтуктар, анын үнүн баса албады. Көп сандаган адамдар, океандан наары өтүп, Америкада орун табышты, жана ал жакта дагы, мам-лекеттик жана диний эркиндиктин негизин тургузушкан, ошол нерселер акырында, бул өлкөнү бекемдеп жана даңкын чыгарган.УК 232.5

    Жана кайрадан элчилердин күндөрүндөгүдөй эле, бул учурлардагы бoлyп жаткан куугунтуктар, Жакшы Кабардын таратылышына себеп болду. Бузукулар жана кылмышкерлерге толуп калган коркунучтуу жер төлөлөрдүн ичинде, Джон Буниан Асмандын жылуулугун сезген; ал жерде олтуруп, ал өзүнүн образдар аркылуу көргөзүлгөн, пиллигримдердин (зыяраткылуучу адамдар), бош калганУК 233.1

    өлкөдөн, Асмандагы жарык Жайга карата сапар тартып кетип бара жаткандыгы жөнүндөгү чыгармасын жазган. Бедфорддогу абактын дубалдарында жаңырган ушул үн, 200 жылдан көбүрөөк убакыт, адамдардын жүрөгүнө өз күчү менен кайрылган. “Пиллигримдердин саякаты” жана “Улуу күнөөкөргө карата болгон артык ырайым”-деген, Буниандын чыгармалары, көптөгөн адамдардын, өз өмүр жолдорун тандап алуусуна жардам берген.УК 233.2

    Бакстер, Флавел, Аллен жана башка таланттуу, жана билимдүү эр адамдар, “касиетүүлөргө бир жолу берилген” чындыкты, кайраттуулук менен коргошуп, чоң руханий тажрыйбага ээ болушкан. Бул куугунтукталган, дүйнөлүк башкаруучулар аркылуу, мыйзамсыз деп аталышкан адамдар, эч качан өздөрүнүн маанилүүлүгүн жоготушпайт. Флавелдин жазган, “Өмүр башаты” жана “Ырайымдын таасири” аттуу чыгырмалары, көп сандаган адамдарды Ыйса Машаяктын жан аябастыгына, ээрчүүгө үйрөткөн. Бакстердин “Кайтаруучу бoлyп төрөлгөн” аттуу чыгармасы, Кудай ишине берилүүнү эңсеп самаган адамдар үчүн, ак-бата алып келген чыгарма бoлyп калды; анын башка “Касиеттүүлөрдүн түбөлүк тынчтыгы”деген китеби, - Кудай эли үчүн, али алдыда калып жаткан “тынчтыгына”, адамдарды кайруу үчүн, арналган.УК 233.3

    Жүз жылдай убакыт өткөндөн кийин, руханий караңгылыктын калың мезгилинде, адамдардын жолдорун Уэсли жана Уайтфильд, жарык кылды. Мамлекеттик жыйындын башчылык кылып турган мезгилдеринде, Англия өтө төмөн түшүп кеткендиктен, алар бyт парас элдеринен анча-мынча гана айырмаланып турган. Диний адамдар, табихий динди изилдөөгө киришип кеткендиктен, алардын изденүүлөрү, жана насааттары, бүт бойдон ушул суроонун негизинде түзүлгөн. Таакыбалык, жогорку даражадагы, өздөрүн фанатизмден чыктык дешкен, жана эркиндиктерине мактанган адамдар арасында, күлкүгө айланды. Ал эми коомчулуктун төмөнкү даражалуу адамдары, өздөрүн түркөйлүккө жана бузуккулукка чөгөрүшүп, жыйында, өлүп бара жаткан чындыктын иштерине жардам бере турган, адамдык кайраттуулук жана ишеним дагы калбады.УК 233.4

    Лютер аркылуу так иштетилип чыккан, ишеним аркылуу куткарылуу негиздери, унутта калды, жана алар үчүн католиктердин, өз ишиң аркылуу акталасың, деген негизи биринчи орунда турду. Уайтфильд жана Уэсли, ушул мамлекеттик жыйынга караштуу болушкан, жана аларды окуткандай, өз жасаган жакшы иштери, жана жыйындын жол-жобо эрежелерин, мыйзамдарын сактоо аркылуу, Кудайдын ырайымына ээ боло тургандыгына умтулушкан.УК 234.1

    Бир жолу Чарльз Уэсли катуу ооруп, төшөккө жатып калат, жана ал өлүмгө даярданып калганда, сенин ишенимиң эмнеге негизделген? - дешип андан сурашат. Жана ал минтип айткан: “Мен өзүмдүн бардык күчүм менен, Теңирге кызмат кылдым”. Анын бул суроону берген досу, анын бул берген жоопторуна канагаттанган жок, ал эми Уэсли мындай деп ойлонот: “Эмне менин жасаган эмгектерим, мага куткарылуум үчүн үмүттөнүүмө жардам бербейби? Мен жасаган иштеримен, кимдир бирөө мени ажырата алмак беле? Менин андан башка үмүт кыла турган эч нерсем жок” 222Джон Уайтхет, Кадырлуу Чарльз Уэслииин өмүрү”. 202-бет.. Жыйын мына ушундай терең караңгылыкка чулганып калган; ал өзүндө, Машаятын куткаруучу Курмандыгын жана Анын данкын жашырган; караңгылык адамдардын аң-сезимин каптап калган, жана аларды жападан жалгыз, куткарылуу үчүн үмүт болгон, - айкаш жыгачта керилген, Кукаруучунун Канынан, ажыратты.УК 234.2

    Уэсли жана анын пикирлештери, чыныгы динчилдик бул жүрөктө катылуу, ал эми Кудайдын Мыйзамы адамдын аң-сезимине, анын сөзүнө жана кылган ишине таасир бергендей эле таасир бере алат, деген чечимге келишкен. Чыныгы ишенүүчүгө жүрөктүн тазалыгы, жана таза өмүр сүрүү, алар үчүн зарыл болду, жана алар чын ниетинен, жаңы өмүр сүрүүгө чечим кабыл алышты. Сыйынуу жана өзүнүн болгон аракети менен, өз жаратылышынын көнүмүш адеттерин жеңүүгө аракет кылышты. Өзүн - өзү жаратпай коюу жана жакшы кылган иштер аркылуу, алар өздөрүн бардыгында мажбурлаган, жана бoлyп көрбөгөндөй ынтаалуулук менен, аларды, Кудайдын жакшылыгына алып келе турган касиеттүүлүккө баруу, алардын эңсеген максаты болгон. Бирок аларөздөрү умтулган нерселерге жетишкен жок. Өздөрүн күнөөнүн каргышынан арылтуу, жана анын өздөрүнө кылган бийлигин талкалап салууга, жасаган аракеттеринин баары, бекерге кетти. Лютер дагы Эрфурттагы монастырдагы бөлмөсүндө, ушундай эле күрөшүүнү башынан өткөргөн. Алардын баарын бир гана суроо кыйнаган: “Адам Кудай алдында кантип акталат?” (Аюб 9:2).УК 234.3

    Протестантизмдин шаманасында бүлбүлдөп өчүп бара жаткан, Кудай чындыгынын оту, богемиялык ишенүүчүлөр аркылуу берилген, байыркы шаманадан кайрадан, жаңы күч менен, тутанып жалындоосу керек эле. Реформациядан кийин, Богемиядагы протестантизм, римдиктердин, аскерлери аркылуу басылып калган. Чындыктан баш тартууга макул болбогон адамдардын баары, качууга туура келген. Кимдир бирөө, Саксонияда өзүнө баш калкалаар жай тапкандан кийин, ал жерде, байыркы ишенимди сактоосун улантат. Ушул ишенген адамдын кийинки муундарынан, Уэсли жана анын пикирлештери, чындыктын жарыгын кабыл алышкан.УК 235.1

    Джон жана Чарльз Уэсли кызматка кол коюлуп сыйынгандан кийин, аларды миссионердик иш боюнча, Америкага жөнөтүшөт. Кеменин ичинде, андан тышкаары моравтык бир туугандар дагы бар болуучу. Катуу толкун бoлyп, качан кемедеги адамдар өлүм менен тике карашканда, Джон Уэсли , өзүнүн али Кудай менен элдеше электигин сезет. Ал эми немец бир туугандар болсо, Джонго али тааныш болбогон, өздөрүнүн камырабагандыгы, жана Теңирге таянгандыгы менен, аны таң калтырат.УК 235.2

    “Мен алардын, өздөрүн башкача алып жүргөндүгүн, байкап турдум, - деп айтат ал. Алардын момундугу, алардын башка жүргүнчүлөргө жасаган кызмат кылууларын, башка англиялык адамдардын бири дагы жасаган эмес. Алар бул жасап жаткан иштери үчүн акы алышпады, жана аларга, аларды жакшы көргөн Теңир, мындан дагы көп нерселерди, алар үчүн жасап жаткандыгын, түшүндүрүшкөн. Аларга, эч нерсе өзүнөн чыгып кетүүсүнө, жана өздөрүн кармана албай калуусуна, кедерги боло алган жок. Качан аларды түртүшүп, урушуп, жана турган жеринен бир жакка ыргытып жиберишкенде, алар бир ооз дагы каяша жана арызданган сөз чыгарышпастан, чет жакка басып кетишчү. Алар ошону менен, коркунучтан эркин болушкан сыяктуу эле, текебердиктен, каардан жана ачуулуктан алыc экендиктерин көргөзүшкөн. Алардын сыйынуу кызматы башталып, Кудайга данктоо ырларын ырдан жатышканда, кеменин чоң парусун сындырып кете турган, жана кемени суунун түбүнө чөгөрүүчүдөй, чоң толкун келип кемеге урунганда, англиялык адамдар ачуу кыйкырык салышып, өкүрүп жиберишсе; немецтер камырабастан өз даңктоо ырларын улантышкан. Анан мен алардын бирөөсүнөн: “Силер корккон жокcуңарбы?”деп сурадым. “Кудайга ыраазымын, жок”деген жооп уктум. Мен кайрадан ал адамдан мындай деп сурадым: “Эмне силердин балдар кыздарыңар дагы коркушкан жокпу?” Ал суроомо, момундук менен, митип гана жооп берди: “Жок, биздин балдарыбыз жана кыздарыбыз, өлүмдөн коркушпайт” 223ошол эле жерде, 10-бет..УК 235.3

    Саваннага келишкенден кийин, Уэсли бир нече убакыт, моравтык бир туугандар менен чогуу жашашты, жана алардын ишенүүчүлүк сапаттарына, абдан тангалган. Англиянын жандануусуз жол-жобо эрежелүү жыйындарынан, алда канча айырмаланып турган, алардын бир чогулушун сүрөттөп, ал буларды байкаган: “Алардын Кудайга кызмат кылууларында, жогорку деңгээлдеги жөнөкөйлүк жана салтанаттуулук, мени он жети кылым мурдагы мезгилге алып барды, жана мен, эч кандай жасалма колдонулбаган, чогулуштардын биринде болгон сыяктуу, өзүмдү сезип турдум. Мындай Кудайга кызмат кылууларды, чатырларды жасоочу Павел, же болбосо, балык кармоочу Петр жетектеген; жана алардан, Кудай Рухунун таасири жана Кудайдын Күчү сезилип турду” 224ошол эле жерде, 11,12-бет..УК 236.1

    Уэсли Англияга кайрадан кайтып келгенден кийин, - моравдык бир насаатчынын жетектөөсү алдында, - Ыйык Жазуудагы ишенимдин чыныгы түшүнүктөрүн, ачыгыраак түшүнүп калды. Ал акырында, адам өз аракети менен, жана жасаган жакшы иштери менен дагы, куткарыла албастыгына, көзү жетти, жана бир гана “Бул дүйнөнүн күнөөсүн Өзүно алган,УК 236.2

    Кудайдын Курмандык Козусуна”, таянуу керек экендигин билди. Бир жолу Лондондогу моравдыктардын коомундагы өткөн чогулуштарда, Лютердин, Кудай Рухунун таасири алдында, адам жүрөгүндө боло турган өзгөрүү жөнүндө айтылган, чыгармасы окулат. Бул сөздөрдү уккандан кийин, Уэслинин жан дүйнөсү туталанып, ишенимдин жалыны жүрөгүндө жанды. “Мен өз жүрөгумдө, кандайдыр бир жылуулукту сездим - деп жазат ал, - жана куткарылуу ишинде, бир гана Ыйса Машаякка жана жалгыз гана Ага ,таянуу керек экендигин билдим. Жана Ал гана мени, менин күнөөлөрүмдөн арылтып, күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан мени куткарды” 225ошол эле жерде, 52-бет..УК 236.3

    Көп деген жылдар, керт башынын жыргалчылыгынан баш тартуу, жана өзүн момун кылуу үчүн болгон, жабыктыруучу жана тычсыздандыруучу күрөшүүдө, Уэсли өзүнүн башкы “Кудайды табуу” максатында, бекем турду. Жана ал, эми гана Кудайды тапты; ал ырайым табуу үчүн, өзүнүн тырышкандык менен, сыйынып, орозо кармап, жакшы иштерди жасап жана өзүн курман кылуулары, кайтарьшгыз жана бекер берилген, белек болуучу.УК 236.4

    Машаякка ишенимде бекемделгенден кийин, ал бардык жерге, кайтарылып берилгис Кудайдын ырайымы жөнүндөгү билимин таратууну каалады. “Мен бул дүйнөнү, өзүмдүн уюмум катары карагым келет, - жана мен кайсыл гана жерде болбоюн, уккусу келген адамдарга, куткарылуу жөнүндөгү кубанычтуу кабарды жарыя кылуу, кайсыл гана жерде болбосун, менин милдетим жана укугум, - деген ал” 226ошол эле жерде, 74-бет..УК 237.1

    Ал баштагысындай эле жалгыздап жашаганды, өз өмүрүн аябаган жашоо аракетин уланта берди, бирок, эми ушул нерселар ал үчүн негизгиси эмес, ишенимдин арты бoлyп эсептелди; ал тамыры эмес, касиеттүүлүктүн жемиштери эле. Ыйса Машаяктагы Кудайдын ырайымы, христиандык үмүттүн негизи бoлyп эсептелет, жана бул белек, тил алчаактыктан пайда болот. Машаяктын Куткаруучу Канына ишенүү аркылуу берилген Куткаруу; жүрөктөгү Ыйык Рухтун жаңыртуучу күчү, адамды өзгөртүп, аны Машаякка окшоштура алат, - ушул улуу чындыктарды насааттоого, Уэсли өзүнүн бүткүл өмүрүн арнаган.УК 237.2

    Уайтфильд жана Уэсли бир туугундар, алдыда боло турган узак жана кыйналуучу, өз акыбалын сезүүчү иштерге дайындалышты; Теңир аларды, университетте дагы, жана өз кызматтарын баштаган мез-гилде дагы, шылдың, кемсинтүү жана өзүнүн аянычтуу абалын сезүү секичесинен өткөрдү, анткени алар, алдыда боло турган сынактарда, Машаяктын жакшы жоокерлери катары, өздөрүн көргөзмөк. Ишенбеген алардын студент достору, аларды “методистер” - деп аташкан, жана бул ысым, азыркы мезгилде Англияда жана Америкада, эң чоң жана кадырлуу христиан жыйындарынын бири бoлyп саналат.УК 237.3

    Англиядагы жыйындын мүчөлөрү болгондуктан, алар анын кызматтарындагы эрежелерин, аткарууга умтулушкан, бирок Теңир аларга, Өз Сөзүнөн, жогорку жеткилең үлгү калтырды. Ыйык Рух аларга, айкаш жыгачта керилген Машаякты насааттаганга үндөгөн. Жана алардын иштерин, Эң Жогоркунун Күчү коштоп жүргөн. Алардын чындыкты айтып жаткандыктарына ишенишип, миңдеген адамдар чыныгы ишенимге кайрылышкан. Папалык кыймыл гана, жырткыч карышкырлардан коргонгонсуп, коргочолоого муктаж бoлyп калды. Уэслиде жаңы динди түзүү оюнда дагы болгон эмес, бирок Жакшы Кабарды кабыл алгандарды чогултуп, “методистик бир туугандар” деп атады.УК 237.4

    Мамлекеттик жыйын болсо, бул үгүтчүлөргө карата кыжырын кайнатып, түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон күрөш баштайт, бирок Теңир жагдайды өзгөртүп, реформа жыйындын ичинде башталган. Жаңылануу үгүтүн тараткан адамдар жыйындын мүчөлөрү болгондуктан, ал жерлерге кирууге мүмкүнчүлүк бoлyп, чындык үчүн эшиктер жабык боло турган жерлерге дагы, чындыктын нуру кирип жатты. Кээ бир диний адамдар, селейип катып калган каада-салттан чыгышып, өздөрүнүн жыйындарында, ынтаалуулук менен үгүт таратуучу бoлyп калышкан. Формализмге кабылып калган жыйындар, жаңы өмүргө карай ойгоно башташты.УК 237.5

    Жыйындын бардык кылымдардагы тарыхындагыдай эле, Уэслинин учурунда дагы, тигил же бул кызматтар, чоң жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон адамдар аркылуу аткарылган. Кээ бир доктриналардын айрым бөлүктөрүндө, алардын арасында келишпестиктер пайда болгон, бирок, Кудайдын Рухунун жетегинде болгондуктан, аларды эң башкысы бириктирип турган, - бул, Машаякка адамдарды алып келүү болуучу. Уайтфильд жана Уэсли бир туугандардын ортосундагы чыккан талам-тартыш, жыйындын бөлүнүп кетүүсүнө чейин барган. Бирок, Машаяктын мектебинде момундукка үйрөнүшкөндүктөн, алар, бирине-бири жол бергендиктен жана сүйүүгө ээ болушкандыктан, тил табышып элдешишти. Айланада жалгандык жана адилетсиздик падышалык кылып турганда, күнөөкөрлөр түз эле, даңгыр жол менен өлүмдү көздөй бара жаткан мезгилде, талашып-тартышып турганга, убакыт жок болуучу.УК 238.1

    Кудайдын кызматчылары, тикенектүү жолго түшүшкөн. Жана аларга каршы, көрүнүктүү жана билимдүү адамдар чыгышты. Көп убакыт өтпөстөн, алардын үстүнө диний адамдардын каары төгүлдү, жана мамлекеттик жыйындын эшиктери, таза ишенимге, жана аны насааттаган адамдардын алдында жабылган. Аларга кафедрадан насаат айтууга тыюу салган диний адамдардын саясаты, түркөйлүктүн жана адилетсиздиктин өсүп өнүгүүсүнө түрткү берген. Бир канча жолу Джон Уэсли, Кудайдын ырайымы менен гана өлүмдөн кутулуп калган. Бир жолу ал, каарданган атайын дайындалаган адамдардын арасында кал ганда, эч жакка кетүүгө мүмкүнчүлүк болбойт, бирок Кудайдын Периштеси адам түспөлүндө аны алардын колунан коргоп, адамдардын арасынан өтүп кетет, жана Машаяктын кызматчысы, ал коркунучтуу жерден эч кандай залакасыз куткарылган.УК 238.2

    Ушундай бир ажайып мезгилдерин эске салып, Уэсли мындай дейт: “Качан биз, бийик тоодогу тайгалак бир таман жол менен түшүп келе жатканыбызда, кээ бир адамдар мени чалып жиберүүгө аракеттенишкен, анткени мен бир жыгылсам, кайра тура албастан мерт болот, деп ойлошкон. Бирок мен, бир дагы жолу чалынган жокмун, жана менин душмандарымдан ийгиликтүү буйтап кеткем... бир жолу дагы, акча салынган чөнтөгүм жартысына чейин эле айрылып калат. Жана бир албеттүү жигит, мени келтек менен бир нече жолу кээрилип урган, анын бир эле урган келтеги башыма тийе турган болсо, мен үчүн жеткиликтүү болмок. Мен же оңго, же солго кайрылбасам дагы, эмнегедир ар бир ургандары, мага тийбестен өтүп жатты. Башкасы, калың элдин арасынан суурулуп чыгып, мени муштап жибергиси келди эле, эмнегедир көтөргөн колун түшүрүп калды; жана мага акырын гана сылоо менен, мындай деди: “Карасаңар анын чачы кандай жумшак!” Чындык жүрөктөрүн черткилеген алгачкы адамдар, ашынган тентектер болушкан, алардын бирөөсү, уруштардын баарына катышып чыккан”.УК 238.3

    “Кудай Өз эркин аткаруу үчүн, бизди акырындык жана жумшактык менен, даярдаган! Мындан эки жыл мурда, мени коздой ыргытылган кирпич, менин далымды гана акырын чийип кетти. Бир жылдан кийин бир таш мурунумдун кайкысына тийген. Өткөн айда муш жегем, ал эми бүгүн кечинде эки жолу таяк жедим: биринчисин - качан биз шаарга кирип бара жатканыбызда, экинчисин - качан бизди, ал шаардан кубалап чыгышканда, бирок мунун бардыгы болбогон нерселер болуучу. Кайсыл бир адам, мени болгон күчү менен төшкө уруп калды, ал эми экинчиси - оозго урду, жана ураары менен оозумдан кан атып кетти, бирок мен эч кандай ооруганды сезгеним жок, жана мага бир куурай гана тийип кеткен сыяктуу сезилди” 227Джон Уэсли, Чыгармалар, 3-том,297,298-беттср..УК 239.1

    Методистер өздөрүнүн алгачкы уюшкан жылдарында - ишенгендер дагы, жана насаатчылар дагы - мамлекеттик жыйын мүчөлөрү жана ар-кандай ушактарды таратышкан капыр адамдар аркылуу дагы, шылдыңга жана куугунтукка кабылышкан. Сот икерлеринин ара-сында, адилеттик, сейрээк учурай турган мейман болсо дагы, методистерди далай ирээт соттошкон. Ишенген адамдар көп жолу зомбулукка кабылышкан. Көчөдөгү бекерпоз адамдар дагы алардын турак жайларын, эмеректерин жана идиш-аяктарын талкалашып, эр адамдарын, аялдарын жана балдарын дагы шылдындашкан. Кээде, методистерди талкалоого келип катышкыла, деген жарлык таратышкан, жана кайсыл жерге, качан барып чогулуш керек экеендигин айтышкан. Кудайдын дагы, жана мамлекеттик дагы мыйзамдарды бузган, ушунчалык катуу, жана апачык ката кетирүүлөргө, эч кандай тоскоолдук көргөзүлгөн эмес. Бул адамдардын мындай жагдайга кабылгандыгынын, жана кайра-кайра куугунтукталгандыгынын себеби, алардын күнөөкөрлөрдүн бутун, өлүм жолунан, ыйыктыкка буруу үчүн жасаган аракеттери болуучу.УК 239.2

    Өзүнө жана өз жолдошторуна карата көргөзүлгон айыптоолорго, жооп берип жатып, Уэсли мындай деди: “Кээ бир адамдар минтип айтышат, алардын билимдүү адамдары, башта биз угуп-көрбөгөн жалганчылар, ката кетиришкен фанатиктер, ал эми аларга барган адамдар, - чардаган, папалык жактоочулар. Бирок буга карата эч кандай далилдер жок, англиялык жыйындын талдоосу боюнча, бул окутуулардын бардык нерселери, Ыйык Жазууга негизделген. Эгерде Жазуулар чындык боло турган болсо, анда бул окутуулар дагы жалган, жана жаңылыштык болуусу мүмкүн эмес. Башкалары болсо минтип айтышты: “Алардын окутуулары өтө эле катаал; алар Асманга бара тyрган жолду өтө эле кууш кылып жиберишти”. Бул айыптоо, ошол кездеги алар үчүн айтылган, жалгыз гана айыптоо бoлyп саналган, жана буга калган нерселер кошумчаланып тyрган. Эмне, алар бул жолду, Машаяк жана анын шакирттеринен дагы, тар кылып жатышабы? Көңүлүңөрдү алардын кээ бирине гана буруп көрсөңөр: “Өз Кудай Теңириңди, чын жүрөгүң менен, жана жан дилиң менен, жана болгон түшүнүтүң менен сүй”. “Адамдар ар бир айткан орунсуз сөздөрү үчүн, сот күнүндө жооп беришет”. “Ичесиңерби, же жейсиңерби, же башка бир нерсе кыласыңарбы, баарын Кудайдын даңкы үчүн кылгыла”.УК 239.3

    Эгерде алардын окутуулары, чын эле ушул нерселерге каршы келе турган болсо, анда алар чынында эле жемеге татыктуу, бирок ал мындай эмес экендигин, силер өз жүрөгүңөрдүн терецинде билесиңер. Бирок, кантип Кудай Сөзүн бузбастан туруп, бир секи-ге катаалдыгыңарды ылдый кыла аласыңар? Кудайдын сырларын сактоочу, ушул казынадан бир нерсе өзгөртө турган болсо, ишенимдүү бoлyп эсептелеби? Албетте, жок. Ал бир дагы чындыкты кичирейте, же жеңилдете албайт, бирок адамдарга минтип айтышы керек: “Мен Ыйык Жазууларды силердин каалоңорго жараша ылайыкташтыра албайм. Силер же Анын талаптарына ылайыктуу жашашыңар керек, же түбөлүктүү өлүшүңөр керек”. Мына эмне себептен адамдар минтип кыйкыра башташкан: “Аларда сүйүү жок!” Чын элеби? Эмне алар, курсагы ач адамдарды тамактандырып, жылаңачтарды кийиндирип жаткан жокпу? Жок, бул нерселер менен аларды айыптоого болбойт. Алар өз oй жүгүртүүлөрүндө, өтө ырайымсыз, алардын жолун ким ээрчибей турган болсо, эч ким куткарылбастыгына, алар бекем ишенишет” 228ошол эле жерде, 152,153-беттер..УК 240.1

    Уэслинин пайда болуусундагы, Англиядагы руханий караңгылык, карама-каршы пайдаланылган. Көпчүлүк адамдар, Машаяк ички сезимге тийиштүү Мыйзамдарды жок кылган, ошондуктан ишенген христиандарга, Мыйзамды аткааруунун кереги жок; ишенген адам, “жакшы иштерди жасоо” кулдугунан бошотулат. Башкалары Мыйзамдын бузулбастыгын билишсе дагы, мындай деп айтышкан, насаатчылардын Мыйзамдарды сактагыла, деп айткандарынын кереги деле жок, Кудай аркылуу, куткарылуу үчүн тандалган адамдар, “Кудайдын ырайымы боюнча, жакшы иштерди жасоого, жана таакыбалыкка өздөрү эле келишет”, ал эми түбөлүк өлүмгө кабыла турган адамдар, “Кудай Мыйзамынын талаптарын аткара алышпайт”.УК 240.2

    “Тандалган адамдар, Кудайдын ырайымынан жана жакшылыгынан ажыратылышпайт”, - деген чечимге келген адамдар, өтө коркунучтуу, мындай деген тыянакка келишкен, “эгерде, мындай адамдар аркылуу мыйзамсыз иштер жасала турган болсо, анда бул иштер, күнөө, же Кудайдын Мыйзамдарын бузуу бoлyп эсептелбейт, жана андай кылган иштери үчүн алар кечирим сурап, тoбo келтирүүгө муктаж эмес” 229Макклинток жана Стронг, “Энцикло-педия”, “Антиномияндыктар” бөлуму.. Ошон-дуктан, Кудайдын тандап алган адамдары аркылуу жасалган эң эле жийиркеничтүү күнөө болсо дагы, деп баса белгилешкен алар, “Кудайдын көз алдында күнөө бoлyп саналбайт, мына ушундай жасаган иштери, Кудай алдында, жана Кудайдын Мыйзамынын алдында, күнөө бoлyп эсептелбегендиги менен, алар башкалардан айырмаланышат”.УК 241.1

    Буга окшогон жийиркенээрлик далилдерди, кийинки учурларда дагы, көрүнүктүү окумуштуулар, жана Кудай Сөздөрүн талкуулаган адамдар дагы колдошкондугун көрө алабыз, алар, Кудай Мыйзамдары, чындыктын эрежелери бoлyп эсептелбейт дешкен, бирок адамдар ички дүйнө мыйзамдарын өздөрү чыгара алышат, ошондуктан алар, ар-дайым өзгөртүлүп турат, деп баса белгилешет. Ушул ойлордун баары, Кудай Мыйзамынын жамандыктан коргоп турган чектөөлөрүн, күнөөсүз Асман тургундарынын арасында бузгусу келгендин руху аркылуу, адамдарга жеткирилип жатат.УК 241.2

    Ар бир адамдын тагдырын Кудай өзү алдын ала белгилеп койгон, деген окутуулар, көпчүлүк адамдар үчүн, Кудай Мыйзамынан баш тартууга өбөлгө түзүүдө. Уэсли ушул карама-каршы окутууга каршы эр жүрөктүүлүк менен күрөшүп, бул Ыйык Жазууга каршы турат, деп далилдеген. “Анткени ар бир адамды куткара турган, Кудайдын ырайымы пайда болду”. “Анткени бул, ар бир адамдын куткарылуусун, жана чындыкты билүүсүн каалаган, биздин Куткаруучубузга жагымдуу. Анткени Кудай бирөө, жана Кудай менен адамдардын ортосундагы Элдештирүүчү дагы бирөө, - бардыгын куткаруу үчүн Өзүн берген, адам Ыйса Машаяк” (Тит. 2:11; 1 Тим. 2:3-6). Кудайдын Руху, бардыгына бекер берилет, жана бардык адамдарга куткарылуу белегин пайдаланууну сунуштайт. Машаяк, “Чыныгы Жарык”, “бул дүйнөгө келген ар бир адамды, жаркыратат” (Ин. 1:9). Өмүр белегинен, өз эрки менен баш тартышып, адамдар куткарылуудан куру калышат.УК 241.3

    Машаяктын өлүмү Он Осуятты жокко чыгарат, деген тыянактарга, Уэсли мындай деп жооп берген: Он Осуятта жазылган, пайгамбарлар аркылуу тастыкталган, ички дүйнөнүн Мыйзамдары, Машаяк аркылуу жокко чыгарылган эмес. Ал, бул жер үстүнө, Мыйзамдын кайсыл бир жерлерин жок кылуу үчүн келген эмес. Ички дүйнөнүн мыйзамы, эч качан өзгөртүлбөйт; ал, “Асмандагы Ишенимдүү Күбө сыяктуу” солкулдагыз бекем... Ал, бул дүйнө жаралганда эле болгон, бирок таштарга жазылбастан, Кудай аркылуу жаратылган адамдардын жүрөгүнө жазылган. Жана биздеги күнөөнүн айынан, Кудай аркылуу жазылган Мыйзамдар бузулуп жатса дагы, бизде жакшылык менен жамандык жашап жаткандыктан, бул Мыйзамдар, биротоло жок болбойт. Бул Мыйзамдын ар бир Осуяты, адамдар үчүн бардык кылымдарга бузулгус бoлyп калышы керек. Анткени бул Осуяттар, мезгилдерге, жана орун жайларга, жана дагы башка бир кырдаалдарга байланыштуу бoлyп өзгөрүлбөйт, бирок Кудай Жаратылышына жана адам жаратылышына негизделип, алардын ортосундагы бири-бирине болгон мамилесин өзгөртпөйт.УК 241.4

    “Мен Мыйзамды бузуу үчүн эмес, бирок Аны аткаруу үчүн келдим”... Машаяк бул жерде, эч шексиз төмөнкүлөрдү айткысы келет: “Адамдардын бурмалап талкуулагандыгына карабаcтан, Мен Мыйзамдарды, толугу менен калыбына келтирүү үчүн келдим; Мен, адамдарга башта толук түшүнүксүз болгондорду, толук түшүндүрүп берүү үчүн келгем; Мен ар бир Осуяттын чыныгы маанисин түшүндүрүп, анын туурасын жана узундугун, жана аракеттенүүчү айланасын, ачуу үчүн келгем; Анын бардык көрүнүшүндө, бийиктигин жана тереңдигин көргөзүүгө, жана Анын тазалыгын жана руханийлигин, ачууга келдим” 230Уэсли, 25-насаат..УК 242.1

    Уэсли, Жакшы Кабар менен Мыйзамдын, бузулгус ынтымагы жөнүндө минтип айткан: “Инжил менен Мыйзамдын ортосундагы байланыш, биз бир гана элестете ала тургандай өтө тыкыз. Бир жагынан, - Мыйзам Инжилди карай жол салып, бизге Аны көргөзүп турган болсо, экинчи жагынан - Инжил бизди, Мыйзамды тагыраак аткарууга, багыттайт. Мисалы, Мыйзам, биздин, Кудайды, жана биздин жакындарыбызды сүйүүбүздү, жана биз момун, ийкемдүү жана ыйык, болуубузду талап кылат. Бирок биз, мындай жашай албай тургандыгыбызды, сезип турабыз, анткени, мындай жошоо “адамга мүмкүн эмес. Бирок, бизге ушундай сүйүү берүүгө, бизди момун, ийкемдүү жана ыйык кылууга, Теңирдин берген убадаларын, биз эстеп турабыз. Жана биз бул Инжилди, бул Жакшы Кабарды кабыл алабыз; жана ишеним боюнча, бе-рилген убадаларга жетебиз, ошентип, “Мыйзам адилеттиги, биздин ичибизде” Ыйса Машаякка ишенүү менен, аткарылат...УК 242.2

    “Инжилдин башкы душмандары, - деп сөзүн улантат Уэсли, - булар, Мыйзамды ачык-айкын эле бузушуп, жана аны соттоп жатышкандар; булар, адамдарды Мыйзамды бузууга, жоюга, жана бир гана Осуятын эмес, алардын баарын, жокко чыгарып салууга үндөп жаткан адамдар... Баарынан дагы таң калтырганы, алар Мыйзамды четке кагышып, ошону менен бирге эле, Машаякты, жана Анын кызматын жогору көтөрүшөт! Бирок алардын Машаякты урматтаганы, Иудадан артык эмес, ал дагы, “Шаттан, Үйрөтүүчү” деп, жана Аны өөп койгон. Жана Машаяк ар биринен, “өбүү менен Адам Уулун тапшырасыңбы?” - деп сураганга, толук негизи бар болуучу. Эгерде алар, Анын төккөн Каны жөнүндө насаат айтыша турган болсо, жана ошол эле мезгилде Аны, Жакшы Кабардын ийгилиги болгон, Өз таажысынан ажыратышса, эмне, алар ошону менен Аны, өбүү менен тапшырып берип жатышкан жокпу? Бул айыптоолор чындыкты жарыялоо менен, түздөн-түз Кудай Мыйзамдарын бузуп жаткан адамдардан, алынып ташталбайт”.УК 242.3

    “Инжилди насааттоо, Мыйзамдын бардык талаптарын аткарат”, деп өз жактаганын бербеген адамдарга, Уэсли мындай деп жооп берген: “Биз толугу менен бул нерселерден баш тартабыз. Анткени, күнөөлөрдү, жана жардын кырында уктап жаткан адамдарды айыптай турган, Мыйзамдын эң жогорку белгилери, аткарылган жок. Элчи Павел мындай деп айтат: “Мыйзам аркылуу күнөө таанылат”; адам, өз күнөөкөр экендигин сезбей турган болсо, анда ал адам, куткарып алуучу Ыйса Машаяктын Канына муктаждыгын сезбейт... Машаяк Өзү мындай дейт: “Дарыгерге соолор эмес, бирок оорулуулар муктаж”. Ошондуктан, дени сактарга, же өздөрүн ошондой деп санагандарга, дарыгер сунуштоо, туура эмес. Силер алды менен, алар орукчан экендигин, билдиришиңер керек, - андай кылбай турган болсоңор, алар силердин камкордугуңарды, баалап билише албайт. Кимдин жүрөгү эч качан туталанып оорубаса, аларга Машаякты сунуш кылуу, акылсыздык бoлyп саналат” 231ошол эле жерде, 35-насаат..УК 243.1

    Ушинтип Уэсли, Кудайдын ырайымы болгон Жакшы Кабарды насааттап, өз Насаатчысы сыяктуу, “Мыйзамды жогору көтөрүп жана Аны даңазалаган”. Ал өзүнө тапшырылган ишти, ак-ниеттүүлүк менен аткарып, жана өз эмгегинин, сонун жемиштерине, суктанып караганга мүмкүнчүлүк алган. Ал 80 жаштан ашык убакыт өмүр сүрдү, - жана алардын жарым кылым убакытын, Жакшы Кабарды насааттоого арнаган, ал көп саякаттап, - анын жолдоочуларынын саны, жарым миллион адамга жетти. Жана качан гана, куткарылган бардык үй-бүлөлөр, Кудайдын Падышалыгында чогулганда гана, анын үзүрлүү эмгегинин аркасында, күнөөнүн түпкүрүнөн канча деген адамдар, таза жана жогорку өмүргө көтөрүлүп, жана анын окутууларынын аркасында, терең жана бай руханий тажрыйбаларга жетишкендигин, биле алабыз. Анын сүргөн өмүрү, ар бир ишенген адамдар үчүн, баалуу сабак бoлyп эсептелет. О, азыркы мезгилдеги жыйындарга, ушул Ыйса Машаяктын кызматчысынын, ишеними, момундугу, таалыкпаган аракети, керт башынын кызыкчылыгын ойлобогон, берилгендиги, кандай гана жетпей турат!УК 243.2