Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    Адам Аркылуу Бузулган, Кудайдын Мыйзамы

    1 “Мен сенин, Кудай Теңириңмин. Менин алдымда сенин башка кудайларың болбосун”.УК 403.22

    (Экинчи Осуят алынып ташталган!)УК 403.23

    2 (чынында бул үчүнчү Осуят.)УК 403.24

    “Сенин Кудай Теңириндин атын, жөн атаба”УК 403.25

    3 (4) “Ыйык сакташ үчүн, ишемби күндү эсте”.УК 403.26

    (Ишемби тууралуу осуят таптакыр өзгөргөн.)УК 403.27

    4 (5) “Өз атанды жана өз эненди сыйла”.УК 404.1

    5 (6) “Өлтүрбө”.УК 404.2

    6 (7) “Бузукулук кылба”.УК 404.3

    7 (8) “Уурдаба”УК 404.4

    8 (9) “Өз жакыныңа карата, жалган күбөгө өтпө”.УК 404.5

    9 (Чындыгында онунчу Осуяттын биринчи бөлүгү) “Өз жакыныңдын аялын эңсебе”.УК 404.6

    10 (Чындыгында онунчу Осуяттын экинчи бөлүгү) “Өз жакыныңдын мүлкүн эңсебе”.УК 404.7

    Жалпы католиктердин катехизисиУК 404.8

    Төртүнчү Осуят мындай дейт: “Жетинчи күн - ишемби Геңирдики”. Жана Исаия пайгамбар аркылуу Теңир ишембини “Менин ыйык күнүм”, дейт (Ис. 58:13).УК 404.9

    Машаяк ишембини бузуп койгон деген түшүндүрүүлөр, Анын Өзүнүн айткан сөздөрү аркылуу, четке ка ылат. Машаяк тоодогу айткан насааттарында, мындай деген: “Мени Мыйзамды жана пайгамбарлардын айткандарын бузуу үчүн келди деп ойлобогула; Мен аларды бузуу үчүн эмес, бирок, аткаруу үчүн келдим. Анткени, чынын силерге айтып коёюн: асман менен жер өтүп кетмейинче, бардыгы аткарылмайынча, Мыйзамдын бир дагы ариби, же бир дагы сызыгы өтүп кетпейт. Демек, ким ушул кичине парыздардын бирин буза турган болсо, жана адамдарды ошондой окутса, ал Асман Падышалыгында кичине деген атак алат” (Мф. 5:17-19).УК 404.10

    Ыйык Жазуу, ишембинин бузулгандыгын айтпагандыгын, протестанттардын бардыгы, кабыл алышат. Бул, Американын белгилүү басмакана биримдигинде, жана Американын жекшембилик мектептеринин жалпы кеңешинде, так айтылган. Ушул статьялардын биринде мындай деп айтылган: “жекшемби күнүн ыйык сактоо жөнүндөгү суроого, Жаңы Осуят эч нерсе айта албайт” 338Джордж Элиот, “Ар-дайым болуучу ишемби”, 184-бет..УК 404.11

    Дагы мындай сөздөр айтылган: “Бул күн, Машаяктын өлүмүнө чейин эч кандай өзгөрүүсүз кала берген, жана Жаңы Осуяттын айтуусу боюнча, элчилер жетинчи күн - ишембинин өзгөрүүсү жөнүндө, жана анын ордуна аптанын биринчи күнүн майрамдоо туурасында эч кандай, көрсөтмө калтырышкан эмес” 339Уофл, “Теңирдин Күнү”. 186-188-бет..УК 404.12

    Римдик - католиктик чиркөөнүн жактоочулары, Теңирдин күнүн өзгөрткөн алардын чиркөөсү экендигин, танышкан эмес, ошону менен протестанттар бул күндү сактоо менен, алардын бийлигин кадырлап жаткандыгын бышыкташат. “Като-ликтик христиандык катехизисте”, “Биз төртүнчү Осуяттын айтуусу боюнча кайсыл күндү ыйык сакташыбыз керек?” - деген суроого, мындай деп жооп берилет: “Байыркы Осуяттын учурунда ишемби ыйык күн бoлyп эсептелген; бирок, Ыйса Машаяк насааттаган жана ыйык Рух жетектеген Жыйын, ишембини жекшемби күнгө алмаштырып койгон; ошондуктан, биз азыр жетинчи күндү эмес, биринчи күндү сактайбыз. Жекшемби күн азыр, Теңирдин күнү бoлyп эсептелет”.УК 404.13

    Католик чиркөөсүнүн авторитетке ээ болгондугу, “ишемби күндүн ордуна жекшемби күнүн өзгөрткөндүгү, жана аны протестанттар кабыл алгандыгы үчүн, далилденет. Ошондуктаң алар жекшембини сактоо менен, чиркөө майрамдарды коюп, жана аны сактап жүрүүгө мажбурлай ала тургандыгын, тастыкташат” 340Генри Тубервиль, “Кыскартылган хри-стиандык диний окутуу”, 58-бет.. Анда ишембини бузгандык, римдиктердин чиркөөсүнүн авторитетин кабыл алып - “шайтандын белгисин”, алгандык болбогондо, анан эмне болмок эле?УК 405.1

    Римдиктердин чиркөөсү өзүнүн жогорку бийликке умтулгандыгын, качан түгөл дүйнө жана протестанттар жыйындары, чыныгы Ыйык Жазуудагы ишембинин ордуна, алар койгон жекшембини кабыл алганда далилдешти. Болгон өзгөрүүлөрдү, чиркөө аталарынын урматы үчүн деп актанышы ыктымал, бирок, аларды кабыл алуу менен протестант жыйындары, өздөрүн римдиктерден ажыратып турган “Мукаддас, жана бир гана Мукаддас”, - деген негизинен, баш тартышып жатышат. Протестанттар далилденген чындыкка көздөрүн жумушуп, өздөрүн алдап жаткандыгын, папанын жактоочулары жакшы билишет. Жекшемби күнүн майрамдоо, өз күчүн күндөн күнгө илгерилетип жаткандыгын көрүшүп, алар кубанышууда - бул болсо, акыры түгөл протестант жыйындары анын туусунун алдында тура тургандыгына, ишенимдүүлүк туудурат.УК 405.2

    Папалык жактоочулар мындай дешет: “протестанттар, жекшемби күндү сактоо менен, каалабаса дагы, католик чиркөөсүнүн бийлигин кабыл алып жатышат” 341Сегур, “Азыркы протестантизм жөнүндөгү ачык сөз” 213-бет.. Жекшемби күнүн сактоо протестанттар үчүн, папалык бийликке, же айбандын белгисине табынуу, бoлyп саналат. Ким төртүнчү Осуяттын талаптарын кабыл алып, жана ошондой болсо дагы, чыныгы ишембинин ордуна жалганды кабыл ала турган болсо, ошону менен ким бул өзгөртүүнү киргизген болсо, ошонун бийлигин кабыл алгандыгын далилдеп жатат. Жана адамдарды диний майрамдарды сактоого, мамлекеттин жардамы менен аракеттенүү аркылуу, жыйындар өздөрү айбандын түрүн жасап жатышат; ушундан улам, АКШда адамдарды жекшемби күнүн сактоого мажбурлоо, “айбанга жана анын түрүнө табынууга” мажбурлоо, бoлyп эсептелет.УК 405.3

    Бирок мындан мурдагы ишенген адамдар, жекшемби күнүн сактоо менен, Ыйык Жазуудагы белгиленген күндү сактап жатабыз дешип толук ишенишкен. Бүгүн дагы, католик чиркөөсүн кошуп, бардык жыйындарда, жекшемби Кудай аркылуу тынычтануу үчүн белгиленген күн, деп ойлогон, чын жүрөктөн берилген ишенүүчү адамдар, албетте жок эмес. Жана бул суроого болгон, алардын чын ыкласын жана чыныгы кызматын, Кудай калтырбайт. Бирок жекшемби күнүн майрамдоо, бийлик аркылуу талап кылына баштаганда, ал эми дуйнөгѳ чыныгы ишемби жөнүндөгү кабар таратылганда, ошондо Кудайдын Осуятын билип туруп баш тарткан адамдар, Кудайдын ордуна папанын бийлигин жогору баалаган адамдар бoлyп саналат. Ал өзүнүн урматтоосун, римге жана анын көрсөтмөсүн аткарууга мажбурлаган бийликке көргөзөт. Ал “айбанга жана анын түрүнө табынат”. Кудайдын Улуу Бийлигинин мөөрү бoлyп эсептелген, Кудайдын көрсөтмөлөрүнөн баш тартуу, жана римдиктердин жогорку бийлигин кабыл алуу менен, адамдар римге же ‘’айбандын белгисине” ишeнимдүүлүктү көргөзүшөт. Бирок, качан бул суроо адамдарга түшүнүктүү бoлyп ачылганда, жана алар, эң акыркы ирээт Кудайдын Мыйзамдарын кабыл алуу, же адамдардын чыгарган мыйзамдарын кабыл алуу үчүн, чечүүчү кадам шилтешкенде, - ошондо гана каршыккан адамдар эз адилетсиздиктеринде, “айбандын белгисин” кабыл алышат.УК 405.4

    Yчүичү периштенин жарыялаган эскертүүчү кабары, өлүмгө татыктуу болгон адамзаат пендеcи үчүн ай-тылган, эң эле каардуу кабар бoлyп саналат. Бул жердеги бoлyп жаткан сөз, адам өзүнүн үстүнө, Кудайдын ырайымы коштолбогон, Кудайдын каары ала турган күнөө, жөнүндө бoлyп жатат. Жана ушунчалык маанилүү суроону, адамдар билбей калышы керек эмес. Бул күнөө жөнүндө адамдар, Кудай Өз Соту менен биздин жер шаарына Келээрдин алдында, эскертилип калышы зарыл. Жана бул соттор адамга эмне алып келе тургандыгын бардыгын бүлүү керек, анткени бардыгы куткарылууга мүмкүнчүлүк алышкан, келечек каардан куткарылууга ар киминде мүмкүндүк болгон. Пайгамбарчылыктын айтуусу боюнча, биринчи периште өз эскертүүчү кабары менен “ар урууларга,, муундарга, жана элдерге” кайрылган. Ошол эле эскертүүчү кабардын бөлүгү болуп саналган, үчүнчү периштенин кабары, андан төмөн эмес. Пайгамбарлыкта, бул кабар, Асмандын ортосунда учуп келе жаткан периште аркылуу катуу үн менен айтылды, жана бул бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду, деп айтылган.УК 406.1

    Күрөштүн акырында, бардык адамдар эки топко бөлүнүшөт - бири, Кудайдын Парыздарын сактап, Ыйсага болгон ишенимди кармангандар, жана экинчиси, айбанга жана анын түрүнө табынып, жана анын белгисин кабыл алгандар. Жыйын жана мамлекет өз күчтөрүн бириктирип, “улууларды жана кичинелерди, байларды жана жакырларды, эркин адамдарды жана кулдарды” (Аян. 13:16), айбандын түрүн кабыл алууга мажбурласа дагы, Кудайдын эли бул белгини кабыл алышпайт. Пайгамбар Патмос аралында эле, “айбанды жана анын түрүн, жана анын белгисин, анын белгисинин санын”, жеңген адамдарды көргөн. Алар “айнек деңиздин үстүндө турушуп..., Кудайдын аспаптарын кармашып”, Мусага жана Козуга ырдап жатышты (Аян. 15:2,3).УК 406.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents