Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents

Улуу Кyрөш

 - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    34 Бап — Өлгөндөр Биз Менен Сyйлөшө Алабы? (Спиритизм)

    Ыйык Жазуудагы айтылган, ыйык периштелердин кызмат кылуулары, Машаяктын ар бир жолдоочулары үчүн, сооротуучу жана баалуу чындык бoлyп эсептелет. Бирок Ыйык Жазуу эмнеге үйрөткөн болсо, белгилүү болгон теориялардын өтө куу желелери менен курчалып булганган. Жандын өлбөй тургандыгы жөнүндөгү элестетүү, бутпарастардын философиясынан алы-нып, христиандардын ишенимине, караңгылык каптап турган баш тартуу мезгилинде киргизилген, жана Ыйык Жазуунун барактарындагы түшүнүктүү бoлyп орногон: “өлгөндөр эч нерсе билишпейт”, деген чындыктын ордун ээлеген. Жана көпчүлүк адамдар, “куткарылууга ээ боло турган адамдар үчүн, жиберилген кызмат кылуучу рухтарды”, өлгөндөрдүн арбактары катары кабыл алышат. Мындай ишеним, Ыйык Жазуунун, биринчи адам баласы өлө электе эле, адамдардын тарыхында бoлyп келген, Асмандагы периштелердин бар экендиги жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөрүнө, карама -каршы турат.УК 494.1

    Өлгөндөн кийинки адамдын акылэстүү боло тургандгы жөнүндөгү окутуу, жана өлгөндөрдүн жаны, тирүү адамдарга кызмат кылуу үчүн кайрылып келе тургандыгы, азыркы кездеги арбактар менен сүйлөшүүлөргө (спиритизмге) өбөлгө түзүп берди. Эгерде өлгөн адамдар, ыйык периштелер сыяктуу Теңир менен сүйлөшүүгө жөндөмдүү боло турган болсо, жана башта өздөрү ээ болгон акылдан жогорку акылга ээ бoлyп калышса, анда эмне себептен алар, жердеги адамдарды насааттап жана жандандыруу үчүн кайрылып келишпейт? Көрүнүктүү Кудай Сөздөрүн талдаган адамдар, өлгөндөрдүн жаны, өз жолдоштору менен жер үстүндө айланып жүргөн болсо, эмнеге Теңир, бизди насааттап жана кайгырганда сооротуп туруу үчүн, алар менен сүйлөштүрүп турбайт? Көпчүлүккө касиеттүү бoлyп эсептелген жол менен, шайтан өз иштерин жүзөгө ашырып жатат. Анын буйруктарын аткарып жаткан каргышка калган периштелер, көрүнбөгөн дүйнөнүн жарчысы бoлyп көрүнүшөт. Адамдарды, өлгөндөр менен баарлашууга болот, деп ишендирип, караңгылыктын мырзаcы алардын аң-cезимдерине cыйкырлоочу жана көз боёчу, аракеттерин жаcайт.УК 494.2

    Каргышка калган периштелер, өлгөн адамдардын түрүндөй бoлyп көрүнө алышат. Алар туура ошол адамдын кебете-кешпириндей гана боло албастан, алардын көз караштарын жана сүйлөгөндөрүн дагы, өзүндөй кылышып аткара алышат. Жана көпчүлүк адамдар, өз жакындары Асманда бактылуу өмүр сүрүп жаткандыгы үчүн кубанышып, “алдамчы рухтардын жана жиндердин окутууларын” кабыл алып жаткандыктарын кабатырына алышпайт.УК 495.1

    Качан алар, өлгөн адамдар кайра кайрылып келе тургандыгына ишене башташканда, жана алар менен сүйлөшүүнү каалашканда, шайтан, даяр болбостон мүрзөгө кеткен адамдардын сөлөкөтүндөй бoлyп адамдарга көрүнөт. Жана аларга көрүнүү менен, алар өздөрүнүн Асманда бoлyп жаткан бактылуу өмүрү, жана ал жакта алар өздөрү ээлеген жогорку орундары жөнүндө айта башташат. Мына ушундайча, өлгөн адилетүүлөр менен адилетсиздердин ортосунда эч кандай айырмачылык жок экендиги жөнүндөгү жалгандык кеңири таратылып жатат. Арбактардын мекенинен келген курулай элестетүүчү өкүлдөр, кээде өз жакындарына боло турган бир нерселер жөнүндө эскертишет, жана аягында бул эскертүүлөр ордунан чыгып дагы калат. Ошону менен адамдардын ишенимине кирип алышкандан кийин, алар Ыйык Жазууга болгон ишенимди талкалай турган ойлорду, адамдарга жүктөшөт. Өздөрүнүн жер үстүндөгү боордошторуна кам көрүшүп жатышкандыгын көргөзүү менен, бул рухтар адамдарга зң жогорку деңгээлдеги адашууларды таратышат. Алардын боло турган нерселерди алдын ала айткандары, алардын ишенимине өбөлгө түзүп, кээде адамдар жалган окутууларды, бул Ыйык Жазуунун айткандары деген, ишеним менен кабыл алышат. Жана мына Кудайдын Мыйзамдары унутулуп, бул адамдардын алдында, ырайымдуулуктун руху кабыл алынбайт, жана келишимдин Каны, аларга ыйык бoлyп саналбай калат. Арбактар менен сүйлөшүүчүлөр Машаяктын Кудайдан экендигинен баш тартышып, жада калса Жаратуучуну дагы өздөрү менен бир деңгээлге коюдан баш тартышпайт. Мына ушундайча, жаңы кептин артына жашырынган улуу козголоңчу, өзүнүн Асманда баштаган, Кудайга каршы ишин, алты миң жыл аралыгында жер үстүндө улантууда.УК 495.2

    Көпчүлүгү , ар-кандай спиритикалык көрүнүштөрдү, алдамчылык же көзбоёчунунколжөндөмдүүлүгүнөн келип чыккан көрүнүштүн жыйынтыгы, деп эсептешет. Чындыгында, көпчүлүк көрүнүштөр укмуштарды көргөзгөндөрдүн жыйынтыгы, бирок бул иштерде, жогорку күчтөрдүн кошулуп жасап жаткандары дагы белгиленип кетет. Азыркы спиритизм өзүнүн пайда болушун - табышмактуу үндөрдөн баштаган, - булар көз боёчулардын кол жөндөмдүүлүктөpү эмес, бирок жаман жиндердин аралашуусу, жана ушундайча алар, адамдарды өлтүрө турган жалгандыктардын башын башташкан. Башталышында көп адамдар спиритизмге алдамчылык катары карашат, бирок, мындай көрүнүштөр менен бетме-бет кездеше келишкенде, жогорку күч катары көрүшүп, алар алдоого баш ийишип, Кудайдын улуу Күчү катары кабыл алышат.УК 495.3

    Мындай адамдар, Ыйык Жазуунун, шайтан жана анын шабырлары жөнүндөгү эскертүүлөрүн, көз алдыларынан кетиришет. Шайтандын кийлигишүүсүнүн аркасында, фараондун көзү ачык адамдары, Кудай иштерин окшоштуруп көргөзүүгө мүнкүндүк алышкан. Элчи Павел, Ыйсанын Экинчи Келишинин алдында дагы, ушундай кереметтер көргөзүлө тургандыгы жөнүндө айтып кеткен. Машаяктын Келиши, шайтандын ар-кандай кереметтерди жасоолору менен, “бардык күчү, белгилери жана жалган ажайыптары менен, жана бардык жок болуучуларды алдаган адилетсиз азгырыктары менен” (2Фес. 2:9,10), коштолуп турат. Акыркы күндөрдө көрүнө турган керемет иштер жөнүндө мындай деп айткан: “Жана улуу белгилерди дагы көргөзүп жатат, демек ал отту да асмандан, жерге элдин алдына түшүрө алат. Айбандын алдында ага берилген керекметтери менен, ал жерде жашагандарды адаштырат” (Аян. 13:13,14). Элчи бул көрүнүштөрдү жөнөкөй гана алдамчылык, деген эмес. Жиндер адамдарды жөн гана көрүнгөн кубулуштар менен эмес, бирок чыныгы кереметтер менен азгырып жатышат.УК 496.1

    Ушунча мезгил, адамдарды азгыpyy үчүн, өз тажрыйбасын курчутyп жалаңдаткан караңгылыктын мырзасы, ар-кандай даражадагы адамдарды, алар кандай гана орунду ээлебесин, аларды азгырганга күчү жеткен. Билимдүү жана маданияттуу адамдаргаал, спиритизмди кылдаттык менен өздөрү ишене тургандай кылып жеткирет, жана көпчүлүк адамдар ушул коюлган торго, кабылышат. Спиритизмдин даанышмандыктарын элчи Жакып, “жердик, денелик, жана жиндик” (Жакып. 3:15), деп атаган. Бирок бул окутуусун, улуу жалганчы абдан жашырган, ошону менен өз пландарын, жашыруун иш жүзунө ашырууну каалайт. Машаяк чөл үстүндө сыналып жаткан мезгилинде, жарыктын периштеси сыяктуу бoлyп келген шайтан, адамдарга дагы ошол сыяктуу, андан дагы көрктүү - жарыктын периштеси бoлyп көрүнө алат. Адамдар менен жогорку темаларда сүйлөшүп, алардын акылын туткундайт; аны алар-га бардык кооз көрүнүштө көргөзүү менен, сүйүү жана кең пейилдик менен, сезимдерге ойнойт. Ал адамдардын акылын кереметтүү дүйнөгө канат байлатып, өз акылдарына болгон ишенимин жоготууга, жана өз жүрөктөрүндө Түбөлүктүү Кудайдан баш тартууларына ишендирет. Керемет жасоочу жалганчы, дүйнөнүн Куткаруучусун, бийик тоого алып чыккан, жана ал жакта Ага, Кудайдын Күчүнө толбогон ар бир адамдын oй-жүгүртүүлөрүн тумандатуу максатында, жердеги падышалыктарды жана алардын бардык атак-даңкын көргөзгөн.УК 496.2

    Биздин күндөрүбүздө дагы, бир кeзде Бейиш багында Обо энебизди азгырган сыяктуу, адамдарды азгырууда, жана аларга дагы, жогору көтөрүлүүгө, жана алар үчүн белгисиз болгон билимдерге жетүүсүнө азгырат. Жана ушул эңсөөлөр анын өзүнүн кулашына себеп болгон, жана ошолор аркылуу, ал адамдарды кулатууну каалайт. “Силер, жамандык менен жакшылыкты ажырата билген, Кудай сыяктуу бoлyп каласыңар” (1 Муса. 3:5),деген ал. Спиритизм, мындай деп үйрөтөт: “адамдар өз жаратылышында, кереметтүү жаратылган, ошондуктан алардын максаты, түбөлүктүү өзүн жогорулатууга негизделген, ушундай жол менен алар, Кудай менен бирдей деңгээлде боло алышат”. Жана андан наары: “Ар бир адам өзүн гана соттосун, башкаларды эмес”. “Эгерде адам өзүн соттой турган болсо, анда мындай oй жүгүртүү, адилеттүү бoлyп саналат”. “Силер отура турган такты, силердин ичиңерде”. Спиритизмдин бир жактоочусу, анын ичинде “руханий ойлонуу” пайда болгондо, мындай деп айткан: “Менин боордошторум, адамдар күнөө кылбаган жарым кудай болушкан”. Ал эми башкасы мындай деп айтат: “Ар бир адилеттүү жана жеткилең жаратылыш, Машаяк бoлyп эсептелет”.УК 497.1

    Ушундай жол менен, Кудуреттүү Кудайдын адилеттигинин жана жеткилеңдигинин ордуна, бир гана Ал татыктуу болгон табынууга жана даңкка, жана адамдар үчүн тараза бoлyп эсептелген Анын Мыйзамдарынын адилеттигине, баш ийүүнүн ордуна, - шайтан күнөөкөр, бузулган адамга табынууга жол берет, жана аны алар үчүн бирдер бир үлгү кылып көргөзөт. Бул чынында эле, өйдөнү көздөй эмес төмөндү көздөй өсүү, бoлyп саналат.УК 497.2

    Акылдын жана руханий дүйнөнүн өсүшү үчүн берилген мыйзамдын негизи, мындай деп айтат: адам эмнеге карай турган болсо, ошого окшошо берет. Адам акырындык менен, өзү oй жүгүрткөн нерселерге ыкталыша берет, жана өзү сүйгөн, жакындашкандарга окшошот. Жана адам, кайрадан өзүнүн баштагы тазалыгына, такыбаалыгына, жана чындыгына кайрыла албай калат. Эгерде адамдагы эң жогорку карманган нерсеси, өзүндөгү “мен” деген текебердиги бoлyп санала турган болсо, анда адам, эч качан өзүндөгү алсыздыктардан жогору чыга албайт. Тескерисинче, ал акырындык менен, ылдыйлагандан - ылдыйлай берет. Адамды кайрадан жогору көтөрүүгө, бир гана Кудайдын ырайымы жөндөмдүү. Өзүбүзгө-өзүбүз таяна турган болсок, биз сөзсүз, ылдыйды көздөй тоголонобуз.УК 497.3

    Ар-кандай кумарларды, денелик нерселерди, жана сезимге берилгендикти жактырган адамдарга спиритизм, жеңил назиктик менен берилет; жана анын адепсиздигин алар, өздөрүнүн жагымдуу болгон нерселеринен табышат. Шайтан, адамдагы ар бир алсыздыкты билип турат; жана адамга жагымдуу болгон күнөөлөрдү белгилеп, жана ошол жаман иштерди жасай турган сезим, көпкө чейин күтүп жүрбөшү үчүн кам көрө баштайт. Жана адамдагы болгон талаптарды булгоо менен, алардын акылына жана ден-соолугуна, адеп -ахлагына залакасын тийгизүүгө мажбурлайт. Ал түмөндөгөн адамдардын өмүрүн талкалаган, жана дагы көп сандаган адамдардын өмүрүн, өз кумарларына берилүүсүнө үндөө менен, малдын кебин кийиндирип, талкалап жатат. Жана өзү жасап жаткан иштеринин аягына чыгаруу максатында, ал спиритизмге берилген адамдар аркылуу “чыныгы билим, адамды Мыйзамдардын үстүнөн жогору көтөрөт”, жана бардык “Кудай айыптабаган, бoлyп жаткан нерселер жакшылык үчүн”, жана “жасалып жаткан күнөөлөр айыпсыз”. Жана адамдар, алардын каалоосу, мыйзамдан дагы жогору болгондугуна ишенишип, эркиндик бул — каалаганынды аткаруу, адам бир гана өзү үчүн жоопкерчилик алып жүрөт, дешип ойлошот. Мына ошондон кийин, бардык жерде мыйзамсыздык жана бузукулук бoлyп жаткандыгына таң -калууга болобу? Көп сандаган адамдар, өздөрүнө эр-киндик алып келген, жана денелик кумарлардын талабын аткаруучу окутууларды, чоң кубануу менен кабыл алышат. Мына ушундайча, токтоолук денелик кумар үчүн курман бoлyп, жана адамдын акылынын, руханий дүйнөсүнүн күчү, божомолдорго кызмат кыла баштайт. Жана буга кумарланып кубанган шайтан, өз торуна миң-миңдеген Машаяктын жолдоочуларыбыз деп өздөрүн эсептеген адамдарды, курмандык кылып кармап жатат.УК 498.1

    Бирок спиритизмдин жалган алдоолоруна азгырылуунун кереги жок. Азгырыктын кылган иштерин билип калуусу үчүн адамдарга, Кудай жеткиликтүү жарык берген. Биз окуп билип кеткендей спиритизм, Ыйык Жазуунун ачык окутууларына карама-каршы келет. Өлгөндөр уктап жаткандыгы жана акыркы күнгө чейин, эч нерсе билишпегендиги жөнүндө, биз Ыйык Жазуудан окуй алабыз; жана күн алдында болуп жаткандар менен алардын эч кандай байланышы жок, жана жер үстүндө алар үчүн кымбат болгон адамдардын, кайгыруулары же кубанычтары жөнүндө, аларга маалым эмес.УК 498.2

    Андан тышкаары, Кудай ар кандай өлгөн адамдардын арбагы менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салган. Жана иудейлердин арасында дагы, биздин кездеги спиритизмди колдонгон адамдар сыяктуу эле адамдар болгон. Мындай рухтарды Ыйык Жазуу “жиндердин руху”, деп атайт (4Муса. 25:1-8; Забур. 105:28; 1Кор. 10:20; Аян. 16:14). Мындай рухтар менен сүйлөшүү, Кудай алдында жийиркеничтүү, жана өлүм жазасы менен тыюу салынган (З Муса. 19:31; 20:27). “Арбоочу”, деген сөздүн өзү, биздин күндөрдө жагымсыз бoлyп угулат. Жана адамдар жаман жиндер менен байланыш түзөт экен, деген ишенимдер, орто кылымдардагы oйлоп тапкан нерселер катары кабыл алынат. Бирок, миң-миңдеген жана миллиондогон келгиндерин санакка алган спиритизм, билимдүүлөрдүн, жыйындардын, мыйзам чыгаруучу органдардын, жана падышалык аксарайлардан орун алган - бул өтө чоң алдамчылык, байыркы мезгилдерде тыюу салынган жана айыпталган, жана жамынып жашырынган арбоочулук бoлyп саналат.УК 498.3

    Спиритизмдин чыныгы мүнөзүн далилдеген, башка эч кандай далил табылбай калган күндө дагы, Машаяк жолун жолдогон адамдар үчүн, спиритизди колдогон адамдар адилеттик менен күнөөнүн ортосунда, Машаяктын таза жана жакшылыкты самаган элчилери менен, шайтандын бузулган шабырларынын ортосунда, эч кандай айырмачылык кылып жатышпагандыктарын билүүлөрү жетишиктүү. Эң эле бузулган адамдар Асманга барышып жана ал жакта көрүнүктүү орундарды ээлешет деп, адамдарды ишендирүү менен шайтан, дүйнөгө мындай деп айтып жатат: “Силер канчалыктуу күнөөлү болосуңар айырмасы жок; Кудайга жана Анын Сөздөрүнө ишенесинерби же жокпу. Силер өз каалаганыңардай жашай бергиле, силердин үйүңөр Асманда”. Спиритизмдин ишенимдүү адамдары мындай дешет: “Теңирдин көз алдында, жамандык кылгандардын бардыгы, жакшы көрүнөт, Ал андайга жакшылык кылат, же болбосо, Калыс Кудай кай-да?” (Мал. 2:17). Бирок, Кудай Сөзү мындай дейт: “Жамандыкты жакшы дегендерге, жакшылыкты жаман дегендерге, караңгыны жарык деп, жарыкты караңгы деп, эсептегендерге, кайгы” (Ис. 5:20).УК 499.1

    Бул жалгандыктын рухтары, өздөрүн элчилерге салыштырып, Ыйык Рухтун таасири алдында жазган нерселердин бардыгына, карама-каршылык көргөзүшөт. Алар, Мукаддастагы Кудайдын Кудуретинен баш тартышат, мына ушун дайча, Машаяк жолун жолдогон адамдардын үмүтүнүн негизин талкалашып, Асманга баруучу жолго тийип турган жарыкты, жокко чыгарышат. Шайтан адамдарга, Мукаддас - бул адамдардын ойлоп тапкандары, адамзаат тарыхында, алардын жаш балдардай ыйлап калбашы үчүн гана колдонулган, ал эми ага азыр олуттуу кароонун зарылдыгы жок; жана аны эскирип калагандыктан тап-таза унутуп коюшубуз керек. Ал эми Кудай Сөзүнүн ордуна, ал ар-кандай спиритизмдин ыкмаларын сунуштайт. Бардыгы анын колунда болгон каналдар булар; анын жардамы менен, ал бул дүйнөнү эмнеге болсо дагы ишендире алат. Шайтанды жана анын периштелерин соотой турган Китепти, ал өзү көрүүнү каалаган, караңгылыкка түртүп койду. Дүйнонүн Куткаруучусун, ал жөнөкөй катардагы адамдай кылып көргөзөт. Жана Ыйсанын мүрзөсүн кайтарып турган римдиктердин сакчылары сыяктуу, аларга дин кызматчылар жана эл башчылары айткандай, жалгандыкты айтышып, Машаяк тирилген эмес деген сөздөрдү таратышкансып, спиритизмдин окутууларына ким ишене турган болсо, алар дагы, Машаяктын жашоосунда эч кандай керекметтер көгөзүлгөн эмес, дешет. Жана ушундайча Машаякты артка калтырышып, алардын айтуусу боюнча, Машаяктын жасагандарынан алда канча артыгыраак болгон, өздөрүнүн кереметтерине көңүлдөрүн бурушат.УК 499.2

    Азыркы күндөгү спиритизм өз жүзүн жашырып, адамдарда каршылык туула турган, өздөрүнүн кийлигишүүсүн жаап жашырышат, жана Машаяк жолун жолдогон адамдардын кийимине жамынышууда. Бирок алардын окутууларынын негиздери көп жылдардын аралыгында насаатталып, жана даңазаланып жаткандыктан, алар-дын чыныгы кийимин, эч нерсе жаап жашыра албайт. Бул окутууну жашыруу да, жокко чыгаруу дагы мүнкүн эмес.УК 500.1

    Бирок азыркы кебинде ал абдан коркунучтуу, анткени абдан айлакерликгин жана жамандыктын куралы менен курчанган, ошондуктан ал, жан кейигендик мамилесинне татыктуу эмес. Эгерде спиритизм, башында Машаякты жана Мукаддасты жокко чыгарган болсо, анда бүгүнкү күндө, ал Тигини дагы Муну дагы кабыл алып жаткандай түр көргөзүүдө. Бирок Мукаддас, жаңы кайрылган адамдарга жаккандай бoлyп талкууланып келет, жана Анын чыныгы мааниси жоготулуп жатат. Сүйүү - бул Кудайдын эң эле башкы сапаттарынын бири, бирок жакшы менен жаманды жакшы ажырата албаган, - бал тилге салган аянычтуу деңгээлге түшүрүлүп кетти. Теңирдин адилеттиги, күнөөдөн эскертип кармап турган, Анын Ыйык Мыйзамдарын сактоо, мунун бардыгы адамдардан жашырылган. Адамдарды Он Осуят бул жансыз тамгалар, деп окутушат. Жагымдуу, кызыктырган жомоктор аң-сезимди тузактап, жана адамдарды, өз ишениминин негизи катары Мукаддастан баш тарттырат. Машаяк баштагысындай эле кабыл алынбайт, шайтан адамдарды ушунчалык сокур кылып койгондуктан, алар алдоону эч кандай байкашпайт.УК 500.2

    Кээ бир гана адамдар, спиритизмдин айлакер күчү жана анын таасири жөнүндө, туура чечим кабыл алышат. Адатынча бул окутуулар менен адамдар, кызыккандыктан кокусунан таанышып калышат. Адамдар ага карата чын ниетинен деле ишенишпейт, жана спиритизмдин бийлигине баш ийүү жөнүндөгү ойлор, алардын төбе чачын тик тургузат. Бирок, тыюу салынган өлтүргүчтүн территориясына кирүүгө батынуу менен, алар анын бийлигинин алдында калышат, жана ал аларды, эркинен тышкаары эле өзүнө кызмат кылдырууга мажбурлайт. Өз акылдарын анын карамагына бир жолу тапшыруу менен, алар анын кyлy бoлyп калышат, жана өз күчтөрү менен, ал жазгыруучу күчтүн алдынан чыга алышпайт. Ишенимдин чын жүрөктөн чыккан сыйынуусуна жооп берген, Кудайдын күчүнөн башка эч нерсе, бул алданган адамдарды анын колунан куткара албайт.УК 500.3

    Ким өз күнөөлү мүнөзү менен күрөшпөй турган болсо, же өзүндө жашап жаткан күнөөнү, өз эрки менен алдейлесе, өздөрүнө өздөрү шайтандын азгырыктарын чакырышып, ага эшиктерин ачып берет. Алар өздөрү Кудайдан алысташып, Анын периштелеринин колдоосунан өздөрү чегинишет, жана качан азгыруучу аларга өз азгырыгы менен келгенде, алар анын жеңил олжосу бoлyп калышат. Ким өзүн шайтандын бийлигинин алдына тапшыра турган болсо, мунун бары эмне менен бүтөөрү жөнүндө, эч кандай элестете алышпайт. Аларды өзүнө баш ийдирүү менен, азгыруучу аларды, башка адамдарды адаштыруу үчүн колдонот.УК 501.1

    Исаия пайгамбар мындай дейт: “Жана силерге, арбактарды чакыргандарга, шыбырагандарга, күңкүлдөп сүйлөп билгендерге кайрылгыла десе, ошондо силер: эл өз Кудайына кайрылуусу тийиш эмеспи? - деп жооп бергиле. Заңмыйзам менен аяндарга кайрылгыла. Эгерде алар бул сөздөрдү сүйлөбөсө, анда аларда жарык жок” (Ис. 8:19,20). Эгерде адамдар, Ыйык Жазуунун барактарында, жаратылыш, адамдар жана өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү, ачык жазылып калтырылган чындыктарды кабыл алышкан болушса, анда алар, спиритизм шайтандын бардык тартуучу жалган ажайыптары менен, жалган кереметтерине толгон окутуу экендигин билип алышмак. Бирок, күнөөгө толгон жүрөккө жагымдуу, бардыгы уруксаат болгон нерселерден баш тарта алышпагандыктан, жана сүйүүктүү күнөөлөрүн калтыруу кыйын болгондуктан, көпчүлүк адамдар жарыктан жүз бурушуп, ага карата жайып койгон шайтандын торуна барып, чатышып чыга албай, анын жеми бoлyп калганча тетири бурулуп кете беришет. Жана “алар өз куткарылуусу үчүн, чындыктын сүйүүсүн кабыл албай койгондуктан... Кудай алар жалгандыкка ишенишсин деп, жалгандыктын рухун берет” (2Фес. 2:10,11).УК 501.2

    Ким, спиритизмдин күчтөрүнө каршы тура турган болушса, алар адамдар менен гана эмес, шайтан жана анын периштелери менен дагы күрөшүүгө чыгышат. Алар, “Асман алдындагы бийликтерге, башчыларга жана жаман рухтарга каршы” күрөш жүргүзүшөт. Эгерде Асмандагы жиберилген кабарчылардын күчү менен гана алыска ыргытылып ташталбаса, шайтан бир дагы кадам артка чегинбейт. Кудайдын эли аны, өз Куткаруучусу сыяктуу, “мындай деп жазылып турат”, дешип кабыл алышы керек. Шайтан азыр дагы, Машаяктын күндөрүндөгүдөй, Ыйык Жазууну, өз жалганчылыгын жаап жашыруу үчүн, бурмалап талкуулай алат. Мындай коркунучтуу мезгилдерде, бекем ишенимдүү турууну каалагандар, Ыйык Жазуүнүн күбөлөндүрүүлөрүн өзүндө, ачык айкындап алышы зарыл.УК 501.3

    Көпчүлүк адамдарга жалган рухтар, жакындары жана жолдошторунун арбагы бoлyп көрүнүшөт, жана аларга эң эле жийиркеничтүү адашууларды көргөзүүгө аракеттенишет. Алар биздин эң эле алсыз жерибизден кармап калууну каалайт, жана өзүнө тартууну күчөтүү үчүн, жалган кереметтерди көргөзүшөт. Жана биз аларды, өлгөндөр эч нерсе билбестен уктап жатышат, жана аларга окшоп көрүнүп жатышкандар, жаман жиндер, деген Мукаддастын чындыктары менен кабыл алууга даяр болушубуз керек.УК 502.1

    Бизди “жерде жашагандардын сыналышы үчүн, бүт дүйнөгө келе турган сыноо убактылары” (Аян. 3:10), күтүп турат. Кимдин ишеними Кудай Сөзүнүн бекем негиздерине тургузулбаган болсо, алар азгырылышып жана жеңилүүгө кабылышат. Жердеги адамдарды азгырып калуу максатында, шайтан “аркандай жалган азгыруулары менен” аракет кылат, жана анын азгыруу күчтөрү тынбастан жогорулагандан жогорулайт. Бирок ал, качан адамдар өз эрки менен, анын азгырыктарына кабылганда гана жеңишке жетише алат. Ким чындыкты чын ыкыласынан каалап, жана тил алчаактык менен өз жан дүйнөсүн тазалаганды каалай турган болсо, жана ошол үчүн, боло турган руханий күрөшкө өзүн даярдоого бардык күчүн жумшаса, Кудайдан жана чындыктан туруктуу Таяныч таба алышат. “Жана сен, чыдамкайлык жөнүндөгү Менин Сөздөрүмдү уккандыктан, Мен дагы сени сактап калам” (Аян. 3:10), дейт Куткаруучунун убадасы. Ал жакында Өз элин коргочолоп калуу үчүн, жана бир дагы Ага ишенген адамдын, шайтандын бийлигинде калып калбашы үчүн, Асман периштелерин жиберет.УК 502.2

    Исаия пайгамбар, Кудайдын соту болбойт деген адилетсиз адамдар, канчалыктуу алданып жатышкандыгы жөнүндө, мындай деп айткан: “Силер: биз ажал менен келишим түздүк, жана тозок менен макулдаштык: барын кыйраткыч камчы өтүп бара жатканда, ал бизге жетпейт; анткени биз калпты өзүбүзгө паана кылып, алдамчылыкка өзүбүз жамынып алабыз, дейсиңер” (Ис. 28:15). Бул жердеги жазылган адамдардын арасына, ким өз кылган күнөөлөрүнөн баш тартпастан, күнөөкөргө карата эч кандай жаза жок деп, өзүн курулай үмүткө алдыргандар киришет; бардык адамдар, алар кандай гана күнөө жасашпасын, Асманга алынышып, алар Кудайдын периштелерине окшоп калышат. Дагы тагыраак айтканда, алар Асман аркылуу адилеттүүлөргө бериле турган чын-дыктан баш тарткандар, өлүм жана тозок менен келишим түзүшүп, шайтан аркылуу сунушталган жалгандыкты, спиритизмдин алдоочу жамандыктарын кабыл алышат.УК 502.3

    Биздин мезгилдеги замандаштарыбыздын сокурлугу, чындыгында таң калаарлык. Миндеген адамдар, ишенүүгө мүмкүн болбогон сыяктуу, Кудай Сөзүнөн баш тартып жатышат, жана шайтандын жалгандыктарын сокурлук менен кабыл алышууда. Скептиктер жана мыскылдаган адамдар, ким пайгамбарлардын жана элчилердин ишеними үчүн, күрөшүп жатышкандарды, айыпташат, жана Ыйык Жазуунун Машаяк, куткаруу планы жана адилетсиз адамдардын жазаланышы жөнүндөгү баса айткандарын, күлкүтө алышат. Алардын ою боюнча, жалган ишенимге берилген, бир нерселерден чектелген, Кудайдын талаптарын кабыл алышып жана Анын Осуяттарын сактаган адамдарга карата болгон, жан ачыгандыгын токтотушпайт. Алар, чын эле өлүм жана тозок менен келишим түзүшүп, жана Кудайдын каарынан сактап кала турган чеп куруп койгон сыяктанышып, ишенимдүүлүк менен аракеттенип жатышат. Аларга эч нерсе коркунуч туудура албайт. Алар толугу менен азгыруучуга берилишип, жана аны менен тыкыс байланашып калышкандыктан, жана руху менен бирибирине кыналышкандыктан, анын торунан кутулуу үчүн аларда, күч да, каалоо дагы жок.УК 503.1

    Шайтан, өзүнүн бүткүл дүйнөнү алдоого болгон акыркы аракетине, көптөн бери камданып жатат. Анын ишинин башталышы Бейиште, Обо энеге: “Жок, өлбөйсүңөр; бирок ал дарактын жемишин жеген күндөн көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты тааныган Кудай сыяктуу болооруңарды билген экен Кудай” (1 Муса. 3:3,4). Жана ал, азгыруунун көркү бoлyп саналган — спиритизмге кайрылат. Ал, али өзүнүн пландарын толугу менен иш жүзунө ашыра элек болуучу, бирок бул дагы калган убакытында иш жүзүнө ашат. Пайгамбар мындай дейт: “Жана ажыдаардын оозунан, айбандын жана жалган пайгамбардын оозунан, курбакага окшогон үч таза эмес рух чыкканын мен көрдүм Булар - белгилер көргөзө турган шайтандын жиндери; Кудуреттүү Кудайдын Улуу Күнүндө урушууга аларды чогултуу үчүн, алар ааламдын бардык падышаларына барышат” (Аян. 16:13,14). Кудайдын Күчү жана Анын Сөзү Ага ишенгендерди гана коргойт, калган адамдардын бардыгы ушул жалгандыкка ишенишет. Алардын алпештегенине берилишип, адамдар сезимдерге алданышат, жана Кудайдын каарынын төгүлгөндүгү гана аларды oйгото алат.УК 503.2

    Теңир мындай дейт: “Укукту ченөлчөм кылып, чындыкты тараза кылып коём; жана добул каптатып, калптын сыйынтын жок кылат, ташкын суулар каптап, бекинген жайын сууга чөгөрөт. Жана ажал менен келишим бузулат, тозок менен макулдашканыцар туруштук бере албайт. Баарын кыйраткыч камчы өтүп бара жатканда, силер тебеленип каласыңар” (Ис.28:17,18).УК 504.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents